Аалы Токомбаев балкадай тап душмандарын уруп турган

Абдыкерим МУРАТОВ
Ибрахим ТҮРКХАН

Аалы Токомбаев ким эле деп суроо бере турган болсок, кыскача айтканда ал ким болгон?

– Чынында Аалы Токомбаевсиз жыйырманчы кылымдагы кыргыз маданиятын элестетүү кыйын. Эне тилибиздеги биринчи газетага 1924-жылы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген ырынын басылышы, ал чыгарманын ошол кез үчүн аябагандай доор менен үндөштүгү жыйырма жашар Аалынын атын дароо эле Ала-Тоо койнуна таратып, адабияттын алдыңкы сабына – Касым Тыныстанов, Сыдык Карачевдердин катарына алып келген. 1934-жылы Аалы Токомбаевдин туулганынын 30 жылдыгы, чыгармачылыгынын башталышынын 10 жылдыгы өтө чоң салтанат менен белгиленип, акындын атын алыстарга таанытты, мамлекеттик сый-урмат көрсөтүлдү. Мындай даражага ага чейин да, андан кийин да кыргыздардын бирөөсү да жетишкен эмес. Айрым учурда түрмөдө отургандыгын эсепке албаганда Аалы Токомбаев ар дайым сый-ургалда жүрдү, жетекчилик кызматтарда иштеди, жазуучулардын уюмунда чечүүчү фигура болуп келди, китептери үзгүлтүксүз чыгып жатты. Анын чыгармалары – кыргыз маданиятынын тарыхында чоң орду бар чыгармалар. Мисалы, 1916-жылдагы элдик көтөрүлүш, анын себеп-натыйжаларын көрсөткөн «Кандуу жылдар» жана «Таң алдында» деген чыгармалары ыр менен жазылган романдын накта көрүнүшү болуу менен бул эки рухий мурас өз-өзүнчө турган чыгарма катары каралууга тийиш. Буга чейин алар бир чыгарманын эки варианты катары гана түшүндүрүлүп келет, менимче, экөөнүн сюжетинде, каармандарында окшоштуктар болгон менен экөө эки башка, өз-өзүнчө бүткөн чыгарма катары каралганы оң. Бул эки чыгарма менен Токомбаев алп акын, «Манасты» жараткан улуттун уңгулуу салтын улаган эбегейсиз эпикалык масштабдагы сүрөткер экендигин демонстрациялаган. Сөз жок, бул эки чыгарма XX кылым адабиятынын мактанычы. Мындай ыр менен жазылган, эл турмушунун кеңири полотносу тартылган залкар чыгармалардын эми кайра жаралышы кыйын!

Аалы акындын таланты тууралуу айтканда ал эпик жана ошол эле кезде жүрөктүн назик кылдарын козгогон лирик катары да тарыхта калганын айта кетүүгө тийишпиз. Ата журт, сүйүү, атуулдук, философиялык, пейзаждык темадагы лирикаларын ал өмүр аягына чейин жазып келди. Мына ошол ырларынан анын акындык бийиктиги да, назиктиги да, тазалыгы да даана көрүнөт, бүт сырын, дүйнөсүн ал калем сыясы аркылуу жүрөгүн аралатып өткөрө алган. Аалынын лирикасы кыргыз лирикалык поэзиясынын бийик чокуларынын бири. Чебер лирик, пейзаждык, махабат, атуулдук темадагы ырларды жазуунун классиги. Чыгармачыл адамдын көп кырдуулугу, ар кыл текте, түрдө, жанрда иштей бериши XX кылымдагы кыргыз адабиятынын бир артыкчылыгы болсо, мына ошол майданда Токомбаевдин үнү өзгөчө угулат. Ал – таланттуу прозаик, кыргыз адабиятындагы кара сөздүн калыптанышына салым кошкон сүрөткер болгон. «Күүнүн сыры», «Жараланган жүрөк», «Мезгил учат» деген кара сөз чыгармалары жазылган күнүнөн тартып, жарым кылымдан ашык мезгилден бери мектеп программаларынан түшпөй келе жатат. Бул чыгармалар аркылуу бир нече муундар элибиздин өткөн турмушун үйрөнүп, эне тил байлыктары менен таанышып келди. Канчалык эне тилдин байлыктарын биле алсак, сактай алсак, калк турмушунан канчалык кабардар болсок, биз ошолор үчүн Аалы Токомбаевге да карыздарбыз…

— Аалы Токомбаевдин Кыргыз адабиятындагы орду тууралуу не айтар элеңиз?

– Аалы Токомбаевдин улуттук адабияттагы орду аябай чоң. Ал өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып, СССР Жазуучулары союзунун, Кыргызстандын коммунисттик партиясынын жетекчилери менен ар дайым акылдашып, кеңешип, адабияттын багытын, келечегин, учурдагы абалын аныктап турган. Мисалы, 1933-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жалпы чогулушу болуп, А.Токомбаев «Адабият жат идеядан тазалансын» деген темада доклад жасайт, 1934-жылы 21-25-апрелде Кыргыз жазуучуларынын 1-съезди өтөт, А.Токомбаев «Жогорку көркөм жана чоң адабият үчүн» деген темада баяндама окуйт, бул болсо ал кишинин кыргыз жазуучусу кандай болушу керек, кимдер болушу керек деген идеялары эле. Ошондон кийин 6-майдан тарта Кыргызстанда СССР Жазуучулар Союзу деген уюмга мүчөлүккө кабыл алуу башталган. Ж.Бөкөнбаев, К.Жантөшев, К.Маликов, А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, К.Тыныстанов, Т.Үмөталиев, Я.Шиваза, М.Элебаев алгачкы мүчөлөрү болот. Алардын башчысы А.Токомбаев болгон. Ошол эле жылы 17-августтан 1-сентябрга чейин СССР Жазуучуларынын 1-съезди өтүп, анда А.М.Горький доклад жасап, союздун уставы кабыл алынат. Ал жыйынга А.Токомбаев башка жазуучуларды – Ж.Турусбековду, М.Элебаевди, К.Маликовду, Ж.Бөкөнбаевди, К.Баялиновду жетектеп барат. Демек, Аалы Токомбаев кыргыз жазуучуларынын туусун көтөрүп жүргөн, бул уюмдун «аба ырайын» аныктаган. 1944-жылы майда Кыргыз Жазуучулар союзунун пленуму өтүп, анда А.Токомбаев «Кыргыз адабияты согуш күндөрүндө» деген темада доклад окуйт да, ал жалпы согуш учурундагы кыргыз адабиятына баа берет, алдыдагы милдеттерди айтат. Бул киши элдик оозеки чыгармаларды, төкмө акындардын мурастарын жыйноого тапшырмаларды берип, өзү да ал ишке аралашкан. 50-жылдарда Токтогулдун чыгармаларын жарыялоодогу калпыстыктар, туура эмес учурлар жөнүндө күйүп-бышып макала жазган. Анын мына ушундай жазуучулардын алдындагы активдүүлүгү жана идеологдугу 70-80-жылдарга чейин уланган.

— Аалы Токомбаев Совет доорунда жашап, шартка жараша бийликти, идеологияны ар бир адам сымал жактаган. А эмнеге аны менен бөлөк адабиятчылардын ортосунда карама-каршылыктар болгон эле?

– Бул биринчи кезекте Касым Тыныстанов менен болгон мамилеси. 1932-жылдын башында кыргыз театрында К.Тыныстановдордун «Академия кечелери» аттуу пьесалар цикли боюнча оюн коюлат да, «Ленинчил жаштын» 16-февралындагы санына А.Токомбаевдин «Академия кечеси… тууралуу» деген макаласы басылат, «Кызыл Кыргызстан» гезитине төрт санга А.Токомбаевдин «Академия кечесинин» тыянагы» деген сын макаласы жарыяланат. Ошолордун натыйжасында партиянын Кыргыз обкомунун «Кыргыз совет адабияты тууралуу» деген токтому чыгат, ушуларга удаа ВКП (б) БКнын «Көркөм адабият уюмдарын кайра куруу жөнүндө» токтому туш келип калат. Ушулардын баарынын идеясы өткөндү даңазалабаш керек, феодалдык-уруулук коомду идеалдаштырып көрсөтпөш керек деген милдет койгон. Саясат ошондой болчу. А.Токомбаев Пролетардык жазуучулар биримдигинин идеясынан жана партиялык позициядан караган. Ошол үчүн бир эле жылда ал «Атака», «Туткун Марат», «Эмгек гүлү» деген социалисттик коомду көкөлөткөн ырлардан турган китептерин чыгарып турган. 1933-жылы «Правда» гезитинин 7-марттагы санында К.Тыныстановдун чыгармалары сындалат. 3-июнда Кыргыз АССР Эл комиссарлар Совети «Адабий көркөм чыгармалардын сапатын жакшыртуу жөнүндө» токтом кабыл алат. Демек, доор А.Токомбаев менен К.Тыныстанов талашында биринчи кишинин пайдасына чечип салат, муну К.Тыныстанов да түшүнүп, 7-июнда «Кызыл Кыргызстан» гезитине «Мен баскан жол, менин чыгармам, менин бетим» деген макаласын жазып, кемчилдигин мойнуна алат. 1934-жылы январда болгон Кыргызстан областтык партиялык конференцияда К.Тыныстановдун идеялык каталары көрсөтүлүп, «Академия кечелери» театрдын репертуарынан алынып ташталган. Бул эми ошол доордун кармашы, күрөшү, ким-кимди сүрүп чыгат деп кыл чайнашкан учур болгон. Болгону А.Токомбаев кимдин бирөөлөргө кылыч болуп калган.

— Кийин Т.Сыдыкбеков менен да бири-бирин сындашып жүрбөдүбү?

– Бул экөөнүн талашы Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романынан чыкты. Тагыраагы, от алды. Чыгармачылыкта талаш-тартыш, бир чыгарманы, же образды түшүнө албоо, эки түрдүү түшүнүү боло берет. Экөөнүкү адегенде ошондой болчу. Бара-бара бири-биринин инсандык сапаттарына асылып кетүү, бири макала жазса, экинчиси ага каршы макала жазып, дискуссиянын этикасын бузуп таштагандыгы, албетте, кыргыз адабиятынын өкүнүчтүү барактары. Бул талаштын аки-чүкүсүн сынчы Кеңешбек Асаналиев «Айкаш» деген эскерүү китебинде кенен ачып берген, ага токтолуунун кереги жок го деп ойлойм.

— «Балка» деген ылакап ат ага эмне үчүн берилген?

– Ал жаңыдан жаза баштаганда тап күрөшү деген болгон. Байларды кедейлер, эскини жаңылар сүрүп чыгыш керек эле. Аёо, жан тартуу болгон эмес, бир тууган бир тууганды да, атасын баласы аяган эмес. Массалык кулакка тартуу, сүргүн, репрессия күч алган. Ошондо байларды, кулактарды ыр менен балка ургандай уруш керек эле. А.Токомбаев ошол балкадай тап душмандарын уруп турган. Ошон үчүн «Балка» деген псевдоним (жашыруун ат) менен бир топ фельетондорун, сатиралык ырларын жарыяланган. Ал кезде өмүрү да кооптуу болгон.

— Аалы Токомбаев бөлөк адабиятчыларга окшоп эмнеге репрессияга учураган жок?

– А.Токомбаев да бардык эле кыргыз элинин каймактары – биринчи интеллигенттери көргөн оор күндөрдү да көргөн. 1927-1929-жылдары «Кызыл Кыргызстан» гезитинин, 1930-31-жылы Москвада Борбордук басмада кыргыз секторунун, 1931-жылдан Кыргызмамбастын, 1931-жылдан «Чабуул» журналынын редактору, 1934-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы, ошол эле кезде «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору сыяктуу жалаң саясый-идеологиялык жумуштарда иштесе да, анын ишмердүүлүктөрүнөн каталыктарды табышкан. 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган жана ага «улутчул», «туранчыл» деген айыптар тагылган. СССР Жазуучуларынын төрагасы А.Фадеевдин кийлигишүүсү менен гана акталып чыккан. Кийин 1952-жылы 19-февралда Кыргызстан КП БКнын бюросунун кеңешмесинде «Белегим» деген китеби идеялык каталары үчүн сынга алынган, түрмөдө жазган ырлары үчүн 1970-жылы чыккан «Момуя» жыйнагы да китепканалардан чогултулуп кеткен. «Кандуу жылдар» романы да катуу сындалып, кийин аны оңдоп 1957-жылы «Таң алдында» деген ат менен бастырган.

“Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.07.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий