Айтматовду Кытайда кандай окушат?

Кытайда мектептерде ар жылы Айтматовдун туулган күнү атайын маанилүү иш-чаралар менен белгиленет. Алгачкы жылдары Кызылсууда, андан кийин Үрүмчүдө студенттердин чогулушу башталган, азыр бүт мамлекетке жайылтылды. Ар жылкы иш-чаранын арналуу темасы бар. Ар жылы 12-декабрь күнү Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн календарлар чыгарылат, залкардын сүрөттөрү белекке берилет.

20-кылымдын 60-жылдарында совет социалисттик адабиятынын атактуу чыгармалары орус тилинен кытай тилине которулуп жарык көрө баштаган. 1961-жылы Ли Гаӊ аттуу кытай котормочусу «Жамийланы» которуп, «Дүйнө адабияты» журналынын 10-санында жарыялаган. Бирок каргашалуу «маданий төӊкөрүш» жана кытай-совет байланышынын начарлап кетүүсү аралыкта 12 жыл Айтматовдун чыгармаларын кытай тилине которуп жарыялоодо үзүлүш болгон. 1973-жылы Сав Янжоӊ которгон «Ак кеме» совет коомундагы караӊгылыктарды ачып берүүчү «тескери окуулук» катары айрым китеп болуп ички жактан таратылган. Азырга чейин Чыӊгыз Айтматовдун бардык чыгармалары кытай тилине которулуп, 29 башка китеп болуп чыккан.

Ал эми Кытайдагы аз сандуу улуттардан алгачкылардан болуп уйгурлар 1981-жылы «Ак кемени» кытай тилинен которуп, Пекин улуттар басмасынан китепче кылып окурмандарга сунган. 1984-жылы «Жамийла», «Кызыл жоолук делбирим», «Биринчи мугалим», «Жер энени» «Айтматов повесттеринен тандалма» аттуу китеп кылып чыгарган. Ошондон баштап уйгур коомчулугунда Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуу оожалган. Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары уйгур тилине которулуп бүттү. 2011-жылы Айтматов чыгармаларынын уйгур тилиндеги сегиз томдугу басмадан чыгып, 2014-жылы Англияда өткөн эл аралык китеп фестивалында баш байгени жеӊип алган. Уйгур тилинде чыккан китебинин түрү 18ге жетет.

Кытай моӊгулдары 1983-жылы Айтматовдун чыгармаларынын I томун, 1985-жылы II томун чыгарышкан. Жогорку окуу жайларда окутууга, жалпы эле монгул тилдүү окурмандарга жайылтууга көп күч жумшап келишет.

1985-жылы «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн» менен «Гүлсаратты» Кызылсуу кыргыз басмасы чыгарганга чейин кыргыз окурмандар кытай тилиндеги, көпчүлүгү уйгур тилиндеги басылышын издеп окуп келишкен. Айтматовду кытай кыргыздарына кеӊири тааныштырууга окумуштуу Макелек Өмүрбай данакер болгон, 1988-жылы кытай сынчыларынын Айтматов чыгармаларына берген бааларын жыйып, кыргыз тилине которуп, «Алп изинен» аттуу китеп чыгарып, түшүнүүнү ого бетер тереӊдеткен.

Кытай тилиндеги изилдөөлөр Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүк өзгөчөлүгүн жана идеяларын иликтешет, кытай жазуучуларынын чыгармаларын салыштыра изилдешет, б.а. Айтматовдун кытай жазуучуларына көрсөткөн таасирин ачып көрсөтүшөт.

Окумуштуу агабыз Макелек Өмүрбайдын «Манас жана Чыӊгыз» деген илимий эмгеги Кыргызстанда жарык көрдү. Андан башка жаш изилдөөчү Мамбетжүсүп Амантур уулунун «Адамзаттын Айтматову, кыргыздын Чыӊгызы» деген илимий эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү.

 

Рухий ак кеме

Айтматов чыгармаларын элге жайылтуу, жаш муундарга сиӊирүү жана анын рухуна мураскердик кылуунун дагы бир аргасы – мектептерде окутуу. Бул иш 1989-жылы толук ортонун кыргызча адабият окуулуктарына киргизүүдөн башталган. Он жылга жуук «Атадан калган туяк» деген бир гана аӊгемеси окутулуп келген. 1998-жылы кыргызча окуулуктарды кайрадан түзгөндө толуксуздун окуулуктарына «Атадан калган туяк», «Манас атанын ак кар көк музу», «Ак кеме» деген үч чыгармасы, толук ортонун окуулугуна «Кылым карытаар бир күн» романынан үзүндү («Дөнөн куштун аӊгемеси» деген ат менен) киргизилген.

Жогору окуу жайларында, 1980-жылдардын ортолорунан тарта эле филология адистигинин чет эл адабияты окуулуктарына Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылык ийгиликтери, чыгармаларындагы көркөм бийиктик жана башкалар кенен иликтөөгө алынган маалыматтар киргизилүү менен бирге «Кылым карытаар бир күн», «Ак кеме», «Жамийла», «Гүлсарат», «Кыямат», «Биринчи мугалим», «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөр» көп тилдерде студенттерге окутула баштаган.

 

Окуулук беттеринде

Баштоочтун кыргызча «эне тил» окуулуктарында: «Чыӊгыздын балалык кези» (Райкан Шүкүрбековдун макаласы боюнча), «Туӊгуч калем акым» (Айтматовдун «Чоӊ энем жана тунгуч калем акым» аттуу эргимесинин негизинде).

Толуксуз орто мектептердин кыргызча «тил-адабият» окуулуктарында «Атадан калган туяк», «Жаныбарым Гүлсары», «Турмуш жана эстемелер» (адабияттын ролу жөнүндө сүйлөгөн сөзү), «Адабияттын жаш атуулдарына»; «Кылым карытаар бир күн» (романдан үзүндү — «Дөнөн куштун аӊгемеси»), доктор Лайли Үкүбаеванын «Кыргыз элдик фольклору жана Чыӊгыз Айтматов» деген макаласы.

Толук ортонун кыргызча тил, адабият окуулуктарында «Залкарлардын маеги» («Аскада калган аӊчынын ыйынан» үзүндү), «Токой төш планетасына сапар» («Кылым карытаар бир күн» романынан үзүндү), «Ак кеме» (сабактан тышкары окуу), тандалмалуу окуулук «Ал океан сындуу «Манастын» миллион сабын жат билген»; (2) Макелек Өмүрбай. «Чыӊгыз Айтматовду тогуз жолу зыярат»; Жу Ёки. «Манас» мен үчүн орошон мааниге ээ» (автордун Чыӊгыз Айтматов менен маегинен).

Уйгурлардын толуксуз 9-жылдык 1-бөлүк «тил-адабият» окуулугунда «Уулу менен кездешүү» деген аӊгемеси, толук ортонун милдеттүү окуулук — IVде «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повестинен үзүндү окутулат.

Казактардын толуксуз 8 жылдык 2 бөлүк «тил, адабият» окуулугунда «Ауэзов тууралуу сөз» деген макаласы; толук ортодо «Алгы сөз» (М.Ауэзовдун «Кыйла заман» аттуу китебине жазган баш сөзү) окутулат.

 

Адабий алптар сабында

Кытайда жогорку окуу жай филология кесибинин чет эл адабияты окуулуктары ар кайсы материктерге карай түрлөргө бөлүп түзүлөт. Анын ичинде евро-америка бөлүгүндө 20-кылымдын кийинки мезгилдик реализм адабиятынын көрүнүктүүөкүлү катары Нобель сыйлыгынын ээлери Э.Хемингуэй, Б.Пастернак, канадалык жазуучу Совл Болу менен катар совет-орусия реализм адабиятынын эӊ көрүнүктүүөкүлү, кыргыз жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгы бүтүн күндүзгү окуу түзүмүндө окутулат. Атайын түзүлгөн окуулуктун толукталып, оӊдолгон 7-чыгарылышы 2015-жылы жарык көрдү. Анда Айтматовдун өмүр жолунан маалымат берилип, чыгармачылыгын мындай үч баскычка бөлүп изилдеген.

Биринчиси – изденүүдөн бышылып жетилүүгө чейин (20-к. 50-60-ж). Мында «Жамийланы» Айтматов чыгармачылыгындагы доор бөлгүч кубулуш деп карап, ошол жөнүндө көбүрөөк токтолгон. Ал эми «Гүлсаратты» Айтматов чыгармачылыгы бышкандыгынын белгиси катары санап, андагы улуттук маданият, Гүлсары жана Танабай образын жаратуудагы жетишкендиктер жөнүндө кеӊири токтолгон. Албетте, ушул 20 жыл ичинде жазган повесттеринин ар бирине токтолбой өтпөгөн.

Экинчиси – көркөм чыгармачылыктын жаӊы бет алышы (20-к. 70-жылдары). «Ак кемени» белги кылган бул доорду Айтматов чыгармачылыгындагы жаӊы бет алыш деп карап, «Ак кеме» тууралуу өтө кеӊири ары ичкерилей изилдөө жүргүзүлгөн, асыресе, чыгармачылыгына элдик аӊыз-уламыштарды жуурулуштуруп жеӊишке жетүүдөй чеберчилигин турактандырып, ошол доордо совет адабиятында эӊ алгачкылардан болуп «Ак кеме» менен сынчыл реализмге жол салган баштоок жазуучу деп баалаган. Андан башка «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», «Кайрылып куштар келгенче» деген чыгармалар жөнүндө талдоолор жүргүзүлгөн. Үчүнчү мезгил – сюжет, линия жана туюнтуу ыкмалары көп түрдүүлөшкөн универсал өнүгүү доору (20-к.80-ж.-90-ж).

21-кылымда жаӊыдан түзүлгөн чет эл адабияты (евро-америка бөлүгү) окуулуктарында Хемингуэй, Пастернак, Айтматов, Совл Болувдан турган төрт эле жазуучу аталган тизмеге кирген. Мындан эки түрдүүөзгөчөлүктү байкоо кыйын эмес, бири, мурдагы окуулуктардагы сегиз «алптан” тек Айтматов менен Хемингуэй гана өз ордун сактап калган.

Кытайдагы жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринин баарында Айтматовдун чыгармачылыгы окуп-үйрөнүлөт.

2011-жылдан баштап мамлекеттик агартуу министрлигинин макулдугу менен Шинжаӊ педагогикалык университети филология факультетинде кыргыз адабияты боюнча толук курска ар жылы бирден класс окуучу кабылданып келет. 2015-жылы октябрдын аяк ченинде «Айтматов таануу» аттуу окуулук түзүлүп басмадан чыкты. 2016-жылы сентябрдан баштап расмий окутула баштайт. Бул кытай мамлекетинде жогору окуу жайларында айтматов таанууга багытталган эӊ алгачкы арналуу окуулук.

Шы Жиншию, кытай улутунан, аял, профессор 2007-жылы «Айтматов Кытайда» аттуу илимий изилдөөсү менен Тыянжын университетинин докторлук атагына ээ болгон. Китеби (275 бет) 2007-жылы Хибей эл басмасы жагынан жарык көргөн. Азыр Хибей педагогикалык университетинде чет эл адабияты, анын ичинде батыш элдер адабияты боюнча доктор тарбиялайт. Негизги изилдөө багыты салыштырма адабият жана совет-орусия адабияты, батыш Азия адабияты.

Ли Шө, кытай улутунан, профессор, 2012-жылы «айтматов жана азыркы заман кытай адабияты» (220 бет) аттуу илимий эмгеги менен Вухан университетинин докторлук атагына ээ болгон.

Лию Хуйхуй, кытай улутунан, профессор, 2013-жылы «Айтматовдон Пелевинге чейин» (115 бет) аттуу илимий эмгеги менен Шаӊхай чет эл тили университетинин докторлук атагына ээ болгон.

Хан Жийежин, аял, кытай улутунан, профессор, Хайнан педагогикалык университети филология институтун жетектейт, ары магистр, доктор тарбиялайт, негизги изилдөө багыты салыштырма адабият жана орус адабияты. Жогору окуу жайларда окутулуучу «Чет эл адабият тарыхын» жазып чыккан, 2004-жылы «20-кылым дүйнө адабиятынын кеменгери Айтматов» (273 бет) аттуу илимий эмгеги Сычуан эл басмасы жагынан жарык көргөн, андан бери көп жолу кайра басылды. Кытайдагы арналуу Айтматов изилдеген окумуштуулардын бири.

Вын Зуйин, кытай улутунан, профессор, Фужыян педагогикалык университети чет эл адабияты факультетин жетектеген, магистр, доктор тарбиялаган, азыр ардактуу эс алууда. Дүйнө адабиятын, анын ичинде евро-америка адабиятын, азиядан кытай жана жапон адабиятын негиздүү изилдейт. 1992-жылы Фужыян агартуу басмасы жагынан «Горькийден Айтматовго» деген 422 беттүү илимий эмгеги жарык көргөн. Кытайда Айтматов изилдөөгө эӊ мурда ат салган алгы муун окумуштуу.

 

Балдар адабиятында

Дүйнө балдар адабияты желелеш китептери аттуу 50 чыгаан чыгарманын ичинде «Эрте келген турналар» (эл басмасы, 1999-жыл, кытайча) деген балдар окуулугу бар, бул жыйнакка айтматовдун «Эрте келген турналар», «Ак кеме» деген эки повести киргизилген. Андан башка алтын башак өспүрүмдөр эл аралык сыйлыгына ээ болгон желелеш китептердин ичинде «Ак кеме» (Анхуй өспүрүм-балдар басмасы, 2013-жыл) деген балдар, өспүрүмдөр окуулугу бар, мында Айтматовдун «Ак кемесин» Су Нан, Мей Зыхан аттуу эки жазуучу балдарга эӊ жакын, эӊ жөнөкөй тил менен, ого бетер кызыктуу сюжеттер менен «Баланын эки жомогу», «Ак кеме», «Момун таята», «Мүйүздүү бугу эненин жомогу», «Бугу келди», «Кар-борошолуу токой», «Арыба, ак кеме, мен келдим» деген беш балдар аӊгемесине өзгөртүп жазып чыккан. Балдар узун чыгарманы чыдап окуй албай калат, бир повесттин тартымдуулугун ашыруу үчүн бир нече майда темаларга бөлүп, тилин жөнөкөйлөштүрүп, сүрөттөр менен коштоп, сюжетин балдардын кабылдоосуна ылайыкташтырып койсо абдан сонун болот экен.

Ал эми кытайдагы кыргыздар «Ак кеменин» негизинде 2006-жылы «Мүйүздүү бугу эне» деген балдар жомок китебин чыгарышкан. «Мүйүздүү бугу эне» уламышы негизинде өзгөртүп жазылып, кыстырма сүрөттөр сызылган.

2011-жылдан бери Шинжаӊ педагогикалык университети филология факультети менен «Манас» изилдөө борбору атынан профессор Мамбеттурду Мамбетакун мырза Айтматовдун туулган күнүнө карата атайын күн тартип тургузуп, байланыштуу кишилерди лекцияга чакырып, Үрүмчүдөгү кыргыз студенттер жана кыргызстандыктар менен чогуу өткөрүүгө шарт түзүп берип келатат. 2013-жылы университеттин дарбазасына Айтматовдун чоӊойтулган сүрөтүн коюп, атайын плакат жазып, зал толгон киши чакырып Айтматовду эскерди, ал эми 2014-жылы андан да чоӊ зал толгон жаштар, студенттер, окумуштуулар менен чогуу өткөрүүгө данакер болду. Ал турмай 10-июнду да Шинжаӊ педагогикалык университети «Манас» изилдөө борбору атынан китеп окуу күнү кылып жайылтууну демилге көтөрүп жатат.

Айтматовдун чыгармалары башка улуттар үчүн асемдик ырахат алуунун, дилин тазартуунун, адамдык жашоонун жолуна түшүүнүн, адамгерчиликтин рухий азыгы болор, ал эми кыргыздар үчүн андан да зарылы, улуу рухтун соолбос булагы, өчпөс коломтосу, бүтпөс кенчи.

(макала кыскартылып жарыяланды)

Мамбеттурган Курман,
Кытай СУАР теле станциясынын журналист изилдөөчүсү,
“Кутбилим”, 22.11.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий