Төлөмүш Океев: “Адамга эң кыйыны өзүн – өзү жеңе билүү…”

Баш сөз ордуна

Бул интервьюну алганымдан бери 28 жыл өтүптүр. Мезгил куш деген чындык белем. Кечөө эле улуу маэстро менен бетме-бет олтуруп, азил кебин, куйкум сөзүн эшитип отургандай сезилет мага. Бу дүйнөгө бир жаралган керемет адамдын кыял-жоругу, бийик адамгерчилиги, тамашакөйлүгү, сөздүн да, ойдун да кадырын бийик баалаган өзгөчө касиети азыр бизге жетишпей турган өңдөнөт… Төлөмүш Океев улуттук маданияттын корифейи, легендасы, улуттук маданияттын өзгөчө бир доору. Доордун каарманы адам. Төлөмүш Океев – доордун уюткусундай болгон бийик инсан. Мезгил өктөмүн карачы, кече эле арабызда жүргөн көөнө таланттарды арабыздан алып кетти… Салижан Жигитов, Ашым Жакыпбеков, Мурза Гапаров, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Таштан Эрматов, Болот Миңжилкиев… бу тизме улана берет…ушу тизменин туу башы Чынгыз Айтматов да жакында эле арабыздан жүрүп берди… Кандай аты улук инсандар эле. Алардын артынан эс тутум калды. Аларды канчалык сөз кылсак бу адамдардын руху ошончо көпкө жашайт. Эски архивдеримди карап жатып… Төлөмүш Океев менен болгон маегимди тап алдым….арадан 28 жыл өтсө да анын сөздөрү өзүнүн касиетин жоготпоптур… Улуу адамдын улуу сөзүн дагы бир жолу окурманга тартуулагым келет…анан калса Төкөмдүн мааракесин белгилеп жатабыз. Бу макала да ошо маарекеге данакер болоор деген ниетте сунуш эттим…

Султан РАЕВ

 

* * *

— Төлөмүш Океевич, өзүңүз жөнүндө минтип айтканыңыз бар: эл ортону элүүгө келип 600 ай, 18000 күн, 432000 саат жашаптырмын деп. Бул сөздү мындан эки жыл оболу айткансыз. Өткөн күнүн, баскан жолун саат-мүнөтүнө дейре эсептеп, ага тыкыр мамиле жасап жүргөн адамга ар бир күнү, жаде калса мүнөтү да эсептелүү турбайбы? Деги эле өткөн күнгө, артта калган өмүргө кандай карайсыз? .. Алгачкы сөздүн алгы башы ушу собол болсун. Баскан өмүрдүн жогорудагы так саны сиздин убакытка болгон “сараңдыгыңызбы” же ойдо жок жерден айтылып кеткен сөзбү?

— Адамдын дилинен чыккан ар бир сөздүн данеги болот. Сөз жандан жаралып, жандан чыгат. Элдин акылына, анын даанышмандыгына өмүр бою таң берсе болот. “Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” – деген асылнарк сөз бар элибизде. Ошонун сыңары, артта калган өмүрүмдүн изи, баскан жолу куру бекер өтпөптүр. Адам өзү карыган сайын убакытты таразалап, өзүнө-өзү суроо салып, түмөн-түйшүк соболго байланат экен. Кай адам эле, өткөн жолуна саресеп салып, “талааны бекер басып өткөн эмес экенбиз” деп өзүнө-өзү жоошутсун. Пенде дегендин бир кызыгы ушу турбайбы; өткөн күндөргө сүйүнүп да, күйүнүп да алат экенсиң го. Көбүнесе, “аттиң” дедирип тамшанткан кезиң барган сайын адамга тынчтык бербей, жанды кыйнайт тура… Көркөм сөз атасы Толстой да өзүнүн дүйнөлүк даанышмандыгына карабай, өткөн күндөрүн чот ташындай кагып, небир сонун чыгармаларды жаратса да өмүрүнүн акырында өзүнө-өзү ыраазы болгон эмес экен. Чыныгы чыгармачыл адамдын табияты ушундай болот окшойт, “Өткөн күндү эстесем пессимистмин, келечекти эстесем оптимистмин”, — деп белгилүү советтик акындардын бири айткандай, мезгилдин эки алкагына менин дале мамилем ушундай сыягы. Дегинкиси, турмушта кокусунан чыга калган эч нерсе жок, анын баары турмушту сыналат…

— Турмуштагы кокустукчу? Ага ишенесизби?

— Кокустукка ишенем. Тагдыр жазганга, тагдыр буйруганга каршы чыгуу Жартканга каршы чыгуу менен барабар…дүйнөнүн өзү кокустук… анда мыйзам ченемдүүлүк жашайт… Маселен Ван Гогду ойдо жок жерден, же болбосо кокусунан гана сүрөтчү болду дегенибиз менен, бирок анын чыныгы сүрөтчүлүк тагдыры бар эле. Адамга берилген талант ал кокустук эмес, ал кандан бүткөн адам мыйзамы. Өнөр да тагдыр, өнөрдү өз тагдырындай жашаган адам гана чыныгы сүрөткер боло алат…

— Төлөмүш Океевич, сиз дүйнөнүн түгөл бурчун айланып чыккан адамсыз. Бөтөн жерде жүргөндө өз туулган жеринин кадырын сезет эмеспи киши…

— Чын-чынына келгенде дүйнөнүн төрт бурчунда болдум, бирок, кыргыз жериндей табийгаты кооз, ажайып жерди көргөнүм жок. Бул ашыра чапкандык эмес. Ак сөзүм. Биздин колдо алтыныбыз да, сыймыгыбыз да ушу кыргыз деми согуп турган кымбат жерибиз. “Мени туулган жерим магиниттей тартып турат” деп калышат го. Ал магиниттей тарткан күчтүн сыры эмнеде? Себеби, ушул жерде киндик каның төгүлдү, ушу жерде качандыр бир убакта түбөлүк сапарга кетесиң. Кучагыңа ата-журттун топурагын жазданып…

Эми, жерибиз менен сыймыктанып калбастан ага болгон сүйүүбүздү боор тартуубузду, аеобузду, адамдык тамырыбызды сыздатып мамиле жасашыбыз керек. Алыска барбай эле Ысык-Көлдү алалы эле алалычы?.. Анын абалы бүгүн кандай тагдырга туш болуп олтурат?.. Кылымдан бери, жер-жер болуп жаралгандан бери бешенебизге бүткөн Ысык-Көлдү тар ведомостволук көз караштан улам кай бурчка такап салдык. Көлдүн суусун соргон жок, эл соргон жок, баягы эле мурдун балта кеспеген көңүл коштук, чарбасыздык, кууш кызыкчылык соруп түгөмөк болду. Кыргыздын көз жашынан бүткөн, канына баткан, жанына баткан касиеттүү көлдү сактап калуу ар бир кыргыз уулунун атуулдук парзы…

— Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндө “кыргыз” десе, сиз, ошол сөздөн эмнени түшүнөсүз?..

— Бир боор кыргызымды, жеримди, “Манасымды”, Ысык-Көлүмдү…

— Айтмакчы, акыркы кезде тил жөнүндө, “Манас” жөнүндө талаш-тартыш жүрүп жапайбы? Андан кабарыңыз бар чыгар?..

— Тил жанан “Манас”. Бул эки сөз ар бир кыргызмын деген адамдын эки канаты. Эгиз сөз. Бир атадан тараган. Кыргыз жүрөгү согуп турганда, жер үстүндө улут болуп жашап турганда кыргыз тили да, байыртан келген келген улуу сөз “Манас” да да жашай берет. “Тил” деген кылымдан-кылымга куралган кенч, ал каныбыз да, жаныбыз да, дилибиз да. Ошол тил аркылуу кыргыз “Манасты” жаратты. Манас кыргызды жаратты… Тил жана “Манас”…бу экөө тең – эч качан талашып-тартышар нерсе эмес. Элибиздин ыйыгы, сыймыгы – булар! Өз элин ыйык туткан, сыймык туткан көрөңгөсүнө тил кайрууга эч кимдин моралдык да, адамдык да укугу жок. Эгерде, андай адам болсо, ал кыргыз намысына тийип жатканын билип койсун!..

— Океев дээринен тамашакөй адам деп көп укканбыз. Өзүңүз бир сапар айтпадыңызбы, “Мен Америкада эң популярдуу экемин, Самолетттун трабынан түшкөндө эле баары мени таанып, “Окей!” дешти, кетер-кеткиче…” деп… Демек, адамдын табиятында болгон касиет чыгармачылыгына да жугушу керек да. Ал эми режиссер Океевдин кинолорун көрүп жатып, анын мүнөзүндөгү табигылыкка ишенбей кетебиз. А, кинодо болсо сиз бир топ эле олуттуусуз. Өзүңүзгө жакшы маалым кезегинде замандаштары атактуу Антон Павловичти да сүйлөшө келсең адамды күлгүзөр бир да сөзү жок, ал эми анын жазгандарын окуй келсең күлө берип, боор тырмап жатып каласың дешет. Муну кандай түшүнсөк болот?

— “Жигит бир кырлуу, миң сырлуу” – дейт го…биз да ошондойбуз да. Дегинкиси, турмуштун комедиясынан да, драмасы көп. Турмуш өзү кайнаган – драма. Ал эми чыгармачыл адам турмушту ар түрдүү кырынан көрөт.Бул багытта мен дээрлик бардык картиналарда драмага ык койгом. Драманы турмушка философиялык ой-жүгүртүүнүн формасы катары баалайм. Ал эми ар кимибиздин мүнөзүбүз, табиятыбыз ар кыл, бирок жараткан нерсебиздин баары эле өзүбүзгө окшоп турса, Гоголь айтмакчы “мурдубуздун учундагы гана көрүп”, калганын көрбөй калмакпыз. Антон Павловичтин бардык чыгармалары окуган адамды күлдүрө берип, боорду тырматып жаткызып коеруна анчейин ишене бербейм. Анын “Ионычын” алып көрөлүчу. Мында кайдагы күлкүнү айтасыз? Тескерисинче, ый чакырган, боор толготкон, жанды куйкалаган сатира бар. Сөз адамда эмес, же анын мүнөзүндө эмес, эң башкысы ал жараткан тигил же бул чыгарма искусствонун, болбосо адабияттын чыныгы таланттуу чыгармасыбы? Эстетикалык бермет боло алдыбы? Кеп ошондо…

— “Көзгө айтылган сөздү көмө чаппа” дегендей. Ушул жерден сизди бир аз таарынтып алсакпы деп турабыз. Эсиңизде чыгаар, мындан көп жыл мурда кадимки эле Толстойдун “Кажы-Муратын” тартсамбы деп өз максатыңызды атактуу Роммго айткан элеңиз. Бирок, ал оюңуз сөз бойдон калды. Же?..

— Ромм, “Дүйнөлүк классикадан эмнени тартат элең?” дегенде мен “Кажы-Муратты” тартам дегемин. Тилекке каршы, “Кажы-Муратка” кайрылбай калдым. Анын деле актанарлык себеби жок. Канткен менен менин “Көк серегимде”, “Кожожашымда” ошол “Кажы-Мураттын” мотивдери бар. Чындыкты айтыш керек…

— Сөзүңүзгө аралжы, чындыкты айткан адамды жактырасызбы?

— Жактырам. Эгерде ал адамдын чындыкты айтууга моралдык укугу болсо…

— Муну кандай түшүнсөк болот?

— Мисал менен түшүндүрөйүн. Даракты алалы. Анын тамыры канчалык күчтүү болсо, ал ошончолук катуу шамалга турштук берет. А,эгер тамыры бош болсочу? Анда күнү бүттү дей бер. Ошонун сыңарындай эл чындыкты айткан адамдын чындыкты айтуу үчүн тамыры бош болсо анын чындыгы шамалга туруштук бере албайт. Бекем тамырды – чындыкты айтуунун укугу деп билем. Ал эми кай бирөөлөр кайра куруу мезгилинде өздөрүн “Кайра курушуп” чындык десе таңдайын такылдатышып калышты. Ошол чындыкты айтууга өздөрүнүн адамдык да, атуулдук да, моралдык да укугу барбы?.. Чындык – бу адамдын ички абийри. Аны менен түк иши жок. Деги эле куру чечендик мода болуп баратат. Тилдин да убалы бар, тилинден көрөсүң деген сөз өтө тузу оор сөз…

— Ар бир адам өзүнчө инсан. Ошол инсан экендиги биринчи кезекте турмушка болгон жеке көз карашынан байкалат да. Бул багытта адамдык жашоодогу аздек сезимдерге да ар кимдин өзүнө таандык көз карашы бар эмеспи. Биздин билгибиз келет, режиссер Океев эң назик болгон сүйүүгө кандай карайт экен? Деги эле сиздин оюңузча сүйүү деген эмне? Ал кайсы куракка таандык?

— Сүйүү – бул адамдын жаралуу жери. Адам колу жок, буту жок, көзү жок болушу мүмкүн – бирок эч качан сүйүүсүз боло албайт. Сүйүүнүн бүткүл куракка таандык болгону ал – жерди, элди, турмушту сүйүүсү. Бу турмушта сүйүүсуз жашап өткөн адамдын адаммын деп айтууга акысы жок…Дүйнө өзү сүйүүдөн куралган. Адам – жараткан сүйүүсүнөн жаралган. Адам улам жашы өткөн сайын сүйүүнү кадырын, баркын мурдагыдан да башкачараак түшүнө баштайт экен. Балалыгыңан, жаштыгыңан айрылсаң да сүйүүдөн айрылгың келбейт экен такыр… Анткени, андан ажыраганың, бу актык жашоодон ажыраганың. Жаранын картын сыйрыгындай өткөндүн арманы сыздатып келет, ошо арманды жаштарга осуят катары айта жүрүш керек окшойт… Кээде өзүн-өзү сүйүү – бу намыс. Адамдык намыс, жигиттик намыс. Өзүн сүйө билген адам, башканы да сүйө билет…

— Эл ортону элүүдөн ашканда сүйүүгө кайрылдыңыз (“Махабат закымдары”) кандай жоромолдосок болот?

— Сен, Суке, менин бирдемеми билгендей эле сүйүүнүн айланасында эле суроо берип калдың да?.. Кандай жоромолдомок элеңер?.. Айтпадымбы, адам улам жашы өткөн сайын сүйүүнүн кадырын, баркын түшүнө баштайт экенсиң деп. Сүйүү бу – он сегиздеги эле уланга эле махабатка элирсин деп берилген эмес, бардык куракка текши берилген ыйык сезим.

— Сиздин сөзүнүздү да, жазган макалаңызды да көп окудум. Сиздеги эң активдүү лексикон “кинонун кухнясы” деген сөз экен. Ал эми үй турмуштагы “кухняга” жакындыгыңыз жокпу?

— Жок…

— Бирок, бизде далил бар. Сиз менен эки жылдык кинонун Жогорку курсунда окуган Константин Ершов минтип жазат; “Океевдин демдеген палоосу каңылжаарды жарып, даамы буркурап турганын айтпа!”. Бу эмне далил эмеспи?.. Таланттуу режиссер Сергей Герасимов деле чүчбара жасоонун чоң устаты эмес беле. А кишини ашпозчулар мелдешине калыс катары чакырганын билебиз… Сизди чакырыша элекпи?..

— Чакыра элек. Чакырса бармакмын. Таттуу даам татуудан ким качмак эле… Туура “Искусство кино” журналына курсташыбыз Константин Ершов биздин курста окугандар жөнүндө жазган. Анын макаласында сиз мисалга туткан сөз бар. А, чын-чынына келгенде ал тамакты мен жасаган эмесмин, аны мени менен бир бөлмөдө жашаган өзбек досубуз Файзулла Ходжаев жасаар эле. “Анда бол, мында бол, аш бышканда пайда бол! дегендей, аш бышкандан кийин өзүм жалпы жетекчиликти колго алаар элем. Жалпы жетекчиликте курсташтарымын көзүнө көбүрөөк түшүп калганмынбы, айтор баары эле Файзулланын эмгегин мага таандык кылып коюшуптур… Дегинкиси, тамак жасоо жагына жокмун. Анын да өз тарыхы, тагдыры бар. Биздин балалык согуш жылдарына туура келди. Ал жылдары тамак жасаш эмес, ошо тамак жасай турган азыктар жок эле… Ал эми кыргыз киночуларынан ким тамакты жакшы жасайт дей турган болсоң айтып беришим мүкүн. Бул жагынан Кадыржан Кыдыралиев эч кимди алдына салбайт. Тамак жасоонун зор чебери…

— Сиздин “Кино – диеталык ашкана эмес” – деген сөздү кантип түшүнсөк болот?

— Жөпжөнөкөй. Кино – диетте турган адамдын тамагы эмес. Ал – искусство. Ал эми искусствонун адамга руханий азык берүүсү түрдүү. Такай эле детективди көрсөтүү менен адамды ар тараптуу өнүктүрө албайбыз. Ал үчүн түрдүү жанрдагы чыныгы таланттуу чыгармалар зарыл.

— Турмуш күтүүсүз окуяга бай эмеспи. А,эгреде сиз Робинзондой болуп белгисиз аралга туш келип калсаңыз, анда өзүңүз менен кошо кайсы жазуучунун китебин, режиссердун киносун, художниктин сүрөтүн ала кетмек элеңиз? Ал эми ошо аралда кайсы композитордун музыкасын укмакчысыз?..

— Чын эле ошондой болсо, анда мен өзүм менен кошо жазуучулардан Толстойдун, Айтматовдун, Осмоновдун, Хикметтин китептерин, кинорежиссерлордон Феллининин, Эйзенштейндин, Куросаванын кинолорун, Чокморовдун, Сарьяндын, Рерихтин сүрөттөрүн, композиторлордон Бетховендин, Чайковскийдин, Малдыбаевдин, Шералиевдин музыкасын алып кетет элем… Обончулардан да алса, болобу?..

— Болот. Кимди алмакчысыз?..

— Жеңишбек Шамшиевди.

— Искусстводо ар күнү жеңүү керек. Анда түбөлүктүү жеңиш жок” деп жүрүшпөйбү. Буга кандай карайсыз?..

— Искусстводо ар күнү жеңүү үчүн күрөшү керек. Ошол күрөштүн майданы өзүңсүң, өзүң-өзүңдү жеңгенде гана жеңишке жетээриң бышык. Искусстводогу күрөш — адам адам болгондон берки уланып келаткан түбөлүктүү күрөш…

Аңгемелешкен Султан РАЕВ, “Кыргызстан маданияты” гезити, 1987-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий