Боогачынын 150 жылдыгына карата

Белгисиз жолоочу

Күз айлары эле. Элди аралап бир жолоочу келе жатты. Айыл аралап келе жатып, “Кийинки айылга жеткирип коюшар бекен” деген үмүттө ат сурап кайрылса, “Тээтиги чоң үйгө барыңыз, таң-тамаша ошондо…” деген куру жооп укту.

Барса, үй толо киши. Кымыз ичишип, комуз черттиришип, Боогачынын “Үкөйүн” ырдатып дуулдап олтурушкан экен. Жолоочу салам айтып кирип, бирок тыңгылыктуу алик ала албаган соң улагадан орун алды. Тигил ырдап жаткан адамга көңүлүн бурду да, анан алдындагы кымызынан жутуп, демин басып туруп мындай деди: “Ырдын обону саал бузулуп жатат…”

Ырдап жаткан неме ызаланып кетип, жолоочунун какты:

— Бараар жагыңызга барыңыз абышка! Бул Боогачынын обону деген болот, алдыңыздагы кымызды тартып жибериңиз да, жөнөр жагыңызыга жөнөңүз.

— Капа болбогула, Бокеңдин обонуна анча-мынча окшогону болбосо…

Анан ал отургандардан ат сурагысы келбей, үйдөн чыгып, бараткан багытына жөө жөнөдү. Ал кеткенден бир саам убакыттан соң үй ичинде олтургандардын улуусу:

— Бери карагылачы, жанагы адам жөнөкөй киши эмес… Узап кете элек болсо чакыргылачы, ким экенин билели. Бул өрөөндүн кишисине окшобойт. Бараар жери алыс болсо, ат менен жеткирип койгула! – деди.

Эстүү-баштуу бирөөсүнө кошулуп ырчы жигит да чыкты, карашса, кетип бараткан адамдын карааны өтө узай элек экен. Экөө аттана чабып жолоочуга жетишип, ким экендигин, кайдан келаткандыгын сурашты. Ким экенин билгенден кийин ырдаган жигит жалбарып жиберди:

— Айланайын акебай, кагылайын акебай, биз ит болдук, кечириңиз, жүрүңүз үй жакка, сизге бизди аксакалдар жиберди, кечириңиз…

Жолоочуну атка мингизип үйгө алып келгенден кийин алдына кара көлдөлөң төшөшүп, төргө олтургузушту. Жанагы “обончу” жигит болсо сырттан кызыл күрпөң жетелеп кирип, дагы да кечирим сурап, анан бата сурады.

— Андан чоңду да кечиргем, балам! – деди жолоочу.

Ал күнү аны үйгө кондурушуп, эс алдырып, эртеси чапан жаап, жакшы атка мингизип, барар жерине жеткирип келүү үчүн киши кошуп жиберишти.

Бул жолоочу ким дебейсизби? Бул – жалпы журтка тарап кеткен “Үкөйдүн” сөзүнүн да, обонунун да ээси – Боогачы атабыз болчу. Көрсө, ал Оренбургда, андан соң Олуя-Атада сүргүндө жүргөн жеринен туулган айылына сагыныч менен кайтып келаткан кези экен.

 

Таяк жеген балалык

Боогачы Жакыпбек уулу Ат-Башы аймагынын Ак-Муз айылында (эскиче аталышы: Шаркыратма болуштугунда) 1866-жылы, кыш чилдеде туулуптур. Анын ысымын элге алымдуу адам Карача деген аксакал койгон экен. Боогачынын атасы Жакыпбек ошол кездеги сарбагыштын Кайдуу аттуу тың чыкмасында жигит болуп жүрүп, өзгөчө эмгеги үчүн моңолдор туугандарын чогултууга, Шаркыратма болуштугун түзүүгө мүмкүнчүлүк алыптыр.

Боогачы атасы тууралуу минтип ырдаган:

Өз атам жайын сурасаң
Абадандын Жакыпбек
Алты дубан кыргыз эл
Угуучу экен акыл кеп
Моңолдорду чогултуп
Эл кылыптыр Жакыпбек
Байлыгын элдин ашырып
Сел кылыптыр Жакыпбек
Сегизбектин тукумун
Бел кылыптыр Жакыпбек
Сексен түрлүү адамдан
Эл кылыптыр Жакыпбек…

Боогачы жаш чагынан эле куйма кулак болуп, ыр чыгарып, балдардан өзгөчөлөнүп турган. Энеси Таштанбүбү көз жумганда Боогачы тогуз жашар экен. Эки-үч жыл өткөндөн кийин атасы Жакыпбек Өзгөн тарапка узакка жолоочулап кетип, кайра келгенде уулунан сураптыр: “ Каралдым, мен жокто сени эч ким кордогон жокпу?” деп. Ошондо Боогачы атасына:

Алтындан топчу бүчүмдө,
Апамдан калдым кичимде.
Айкана таздан таяк жеп,
Азабы менин ичимде.
Күмүштөн топчу бүчүмдө,
Күкүктөй калдым кичимде.
Күлканадан таяк жеп,
Күйүтү турат ичимде,
– деп, Айкана, Күлкана өгөй энелерин ырга кошуп жооп бериптир.

 

Келечегинин айтылышы

Жакыпбек чериктин мыкты чыкмасы Матай менен жакшы санаалаш болгон. Бир күнү Матайдын уулу Базаркул менен Боогачы чогуу ойноп жатканда аларды карап, Матайга суроо салат:

— Олуялыгыңыз бар эле, балдардын келечегин айта аласызбы? – деп. Матай бир топко чейин балдарга көз салып туруп:

— Менин уулум он алтысында эл билет, аттиң, кырктан ашып кетсе кыйырды билет беле… Сенин уулуң болсо кыркында барып таанылат, – деген жообун узатат.

Матайдын айтканы келип, 1916-жылкы шайлоодо, туура кырк жашка чыкканда, Боогачы болуш болуп шайланат.

 

Эл адамы

Болуш болгондон көп өтпөй эле, замана кымгуут болуп, эл бүлүнүп, Үркүндө журтчулуктун кыйласы Кытай тарапка ооп кетет. 1917-жылы Орусияда төңкөрүш болуп падышанын кулаганын укканда, Кытайга качкан элдин аман калганы, мүмкүнчүлүгү болгондору өз жерине кайтып башташат. Узак жолдоо жөө-жалаңдаган элди ошол учурда кара тумоо, чечек оорулары каптап, андан кыйласы ажал табат. Жерине жеткен калгандары арып-ачып, очогу жок үй-жайсыз калгандары да болот. Мындай абалды көргөндө Боогачы кеңеш салып, миңден ашык кой, үч жүздөй бодо жыйнаттырып, алсыздыкта калган элге берет.

Боогачы өз мезгилинде алга умтулган жаңычыл, терең ойлуу, эл агартуу ишине өзгөчө маани берген, кат тааныган, ариб тамгасы менен жазган адам да болгон. Ал элге кат таанытуу үчүн колунан келген аракетин, жардамын жасаган. 1914-1915-жылдары айылда алгачкылардан болуп салдырган там үйүндө “Усулу-жадид” (“Жаңы ыкма”) мектебин ачып, атайын мугалим алдырып, айыл ичиндеги балдарга арифметика, география өңдүү мурда белгисиз болгон сабактарын окуттуруп, балдардын кат жазып үйрөнүшүнө өтө көңүл бурган.

Боогачы таланттуу лирик акын, обончу да болуп, жер-сууну көркүнө чыгара ырдаганы, жүрөгүнөн жалындап чыккан ынактык, ашыктык, сырдаштык ырларын жазганы менен элге таанылат. Анын лирикалык ырларынын эки жыйнагы кыргыз адабиятынын эң алгачкы басылып чыккан китептеринен болгон. Биринчиси, Э.Арабай уулу түзүп баш сөз жазган “Секетбай” 1925-жылы Москвадан басылып чыкса, экинчиси, Сыдык Карач уулу түзгөн “Күйгөн” китеби 1927-жылы Фрунзе шаарында чыккан.

 

Сүргүнгө айдалышы

Боогачы 1929-жылы “Болуш болгон, эски бийликтин кишиси” деген жалаа менен сүргүнгө, Оренбургга айдалган. Улгайган чагында көргөн жалгыз уулу Ийгиликти колуна алып мындай деген:

Айланам жалгыз чырагым,
Амал жок турган убагым.
Аман бол элдин ичинде,
Амандык тилеп турамын!
Алдыман чуркап чыгаарым,
Артыман ээрчип тураарым.
Айланып кайра келгиче,
Амалым канча, чыдаармын.
Азамат болсо курагың,
Айтпайт элем чырагым.
Арамдык кылган астыртан,
Адамга жетсин убалың.
…………………………..
Ат-Башы ылдый жел болоор,
Ар суусу сайын эл конор.
Акылым табар тууган жок,
Азапка туулган куу тумшук
Менин аргам не болор.
Кең Нарын ылдый жел болоор,
Кечүүсү сайын эл коноор.
Кеңешим табаар тууган жок
Кейишке туулган куу тумшук,
Менин аргам не болоор.
Бороондуу ичке сай калды,
Ботокан жалгыз бай калды.
Боздотуп ырдап мал тапкан,
Боогачы элден айдалды.
Ат-Башы, Нарын жер калды,
Атактуу моңол эл калды.
Бөксөдө кыштоо жер калды,
Биздин бөгөнөк, кыйра эл калды.

Боогачынын коштошуу ыры бир далайга чейин ырдалып, чогулган элдин ыйлабаганы калбаптыр.

Боогачы эл-жерине 1932-жылы кайтат. 1935-жылы, 69 жаш курагында көз жумганда туугандары аны ариеттеп узатышат.

 

Ашыгы – Үкөй сулуу

Боогачынын тагдыры бир ысым менен өтө тыкыс байланышта. Ал – Үкөй сулуу. Үкөй – Боогачынын шору да, бактысы да дешет. “Шору – сүйгөнүнө баш кошпогону, ырга кошуп боздогону. Бактысы – ырга айланган ак сүйүүсүнүн ысымы эл аралап, обон менен бирге оболоп, кылымдарга калып жатканы” дейт журналист Дүйшөн Керим.

Үкөй ким? Үкөйдүн азандап чакырган ысымы – Уулкан. Аны кичинесинен Укей деп эркелетишип, кийин айтууга ыңгайлашып Үкөй болуп кеткен. Карасурдун сулуусу бала кыйра Түмөнбай дегендин кызы болгон. Тагдыры аны Оторбай деген байга баш коштурган. Боогачы экөөнүн жолу эки ача болуп калганда акын ага арнап бир нече ырларды жаратып,

Алалуу жылкы элде бар,
Ашыктык илдет сенде бар.
Армандуу болдум жете албай,
Үкөйүм, ал милдетиң менде бар.
Кулалуу жылкы элде бар,
Курдаштык илдет сенде бар.
Кусадар болдум жете албай,
Үкөйүм, куп милдетиң менде бар,
– деп боздогон.

 

Арбагына таазим

2016-жылы Боогачы атабыздын туулганына 150 жыл толот. “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” дегендей, эл үчүн кызмат кылган Боогачы атабыздын арбагына таазим этип, ак эмгегин эскерип, анын маарекесин туугандары, жердештери, өкмөт кызматтары биргелешип татыктуу белгилеп, буга чейинки жана дагы башка булактардан чогултулуп жаткан жаңы маалыматтарды камтуу менен ал тууралуу эскерүүлөрдү, ага арналган жазууларды жана Боогачы атабыздын чыгармаларын басып, өмүр жолун, ата-тегин ачып берген бир чоң көлөмдүү китеп чыгарсак деген тилектемин.

Өмүрбек АСАН уулу, санжыра иликтөөч
(маалыматтар негизинен “Боогачы” аттуу китептен алынды),
“Көк асаба”, 05.11.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий