Макелек Өмүрбай уулу Кармыштегин. “Кыргыздын ырымы жана тыйымы”

Кыргыз элинин кылымдардан келе жаткан руху дөөлөттөрүнүн эң эле түпкүсү ? тыйымдар жана ырымдар болуп эсептелет. Мазмун жагынан тыйым алдыда туруусу керек болсо да, биз көндүм адат боюнча, «ырым-тыйымдар» деген оозго эпкейленгени боюнча атоону туура көрдүк.

Ал мындан мурдагы кээ бир эмгектерде «ырым-жырымдар» болуп кош сөз түрүндө айтылып келген экен. Мында айтып коёрлуусу, «жырым» сөзүнүн кыргыз адабий тилиндеги мааниси «жалпак өрүлгөн, ичке кайыш кур» деп көрсөтүлгөн ? (караңыз, «Кыргыз тили сөздүгү», «Бишкек» басмасынын 631-бетине). Ошого «жырым» сөзү «тыйым» сөзүнүн ордун толтура албайт. Кадыресе, тыйым маданиятин «жырым» деп атоо чоң маданиятты түшүнбөөгө алып барат. Ошол себептен, «ырым-жырым» деп айтуу туура эмес деп айта алабыз. Ал тургай, «ырым-жырым» деген кош сөздү түзүүсү да туура эмес. Ошого биз бул макалада «ырым жана тыйымдар» деген эки бөлүктүн маанисин толук чыгарып айтууну сунуштап жатабыз. Себеби, кыргыздын тыйымы өзүнчө бир өрүштө кайкалап жаткан маданияты деп каралса, ал ырымы да тиги өрүштө өзүнчө көрүнгөн маданияты болуп, экөө эки башка, арийне, тыгыз байланышта турган чоң руху дөөлөтүбүз экенин алдын ала эскерткибиз келди. Төмөндө, канча кылымдан бери чаң басып жаткан кыргыздын тыйымы менен ырымы жөнүндө сөз кылып, тыйым менен ырымды эл ичинде колдонуп, аны өз турмуш тартибине, ал тургай ахылагына, адам болуу жолуна, илдетсиз жашоо аракетине урунуп жүрсө да, кайсы бир түшүнүктүн чулгоосу менен, бул экөөнө эчак бузулган ойду оңго бурууну көздөдү.

Биринчи бөлүм, тыйым

Тыйымдын эл аралык атоосу «TABOO», айтылат. Ал тынч океандын чыгышындагы топ аралдарда жашоочу ырымчыл улут Полинезиялардын сөзү болуп, эки маани: Ⅰ «ыйык, оорактуу» деген мааниде; ‖ «кооп, кырсык, мээнет» маанисин берет экен (караңыз, «Тотем жана тыйым» автору Зигмунд Фрейддин [Sigmund Freud] 2010- жылы «борбордук котормо басмасы» жагынан кытайча басылган китептин 22- бетине). Ал кытайчада «禁忌» «тыйым» деген мааниде айтылат. Кыргыз тилинде, бул түшүнүк айкын түрдө «тыйым» болуп айтылып, «жаман болот» деген сөз айкашы менен эл ичинде жашап келген. «тыйым» маданияты инсандардын рухий табылгасы катары, жер жүзүндөгү бардык эле улуттун турумушунда урунулуп, адамдардын жашоо тартибине азыркы мыйзамдардын түпкү турбаты сыяктуу кызмат кылып келгени белгилүү. Бирок, жер бетиндеги улуттардын бардыгында бирдей эмес, кээсинде көп, кээсинде аз сакталып, колдонулуп калганы айтылат.

Кыргыздарда «тыйым» жайлоо маданиятынын бир курамы болуп, ал адамдардын жашоо тартибин сактоо, адамдардын илдетсиз жүрүүсү, жамандыкка чалдыкпай, турмушу байсалдуу өтүүсүнө кепелеттик кылуу ажаты менен колдонулуп келген. Чыныгы кыргыз турмушун билген кишиге айкын көрүнгөнү, кыргыздагы «тыйым» жашоосундагы «жамандыкты болтурбоо, жамандыктан оолак болуу» максатында колдонгонун жеңил түшүнөт.

«Жамандык» кыргыздын түшүнүгүндө, «өлүм, илдет, азап» сыяктуу адамдын өмүрүнө кырсык келтире турган, «ырыскысын, бактын» тосо турган нерселерди көрсөтөт. Ал кыргыздын тыйымдары как ошолорду, атап айтканда, жамандыткы өзүнө жолотпоо, оолак болуу, алардан коркуусунан улам, алардан өзүн «тыюу» үчүн колдонулган мыйзамы болгон. Жамандыктан коркуу кыргыз акылмандуулугунун эң башкысы, жашоосуна кылдат мамиле кылуусу болуп, «жакшылык төргө баштайт, жамандык көргө баштайт», «жамандыктын жолу — жеңил (тез), жакшылыктын жолу — оор (секин)» деген ата сөздөрү аркылуу жамандыктан өзүн тыюуну катаң карманган. Жамандык адамдын ырыскысын кыюу, бактына олтурууга алып барарын турмуш тажрыйбасынан: «дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот», «дөөлөт басса эт басат, мээнет басса бит басат» деген корутундуну чыгарып «мээнет» аттуу жамандыктан өзүн оолак алып жүрүү чеберчилигин «тыйымдар» менен бекемдеген. Кыргыз ойломунда, мындай абалдар адамга жамандык алып келет деп түшүнүлүп, аларга тийешелүү тыйымдар колдонгон.

  1. Коркуу тыйымдары

Тыйымдын эң башы коркуудан болуп, өлүм алып келе турган, ырыскысын кыя турган, оорууга чалдыктыра турган күчтөрдөн коркуу, ага сыйынуу, ыраазы кылуу аркылуу сактануу, андан өзүн тыюу, оолак болуу менен аман калат болуп түшүнүлгөнжана ошондой ишенилген. Бул азыркынын законуна кайчылык кылуудан коркуу, андан сактануу, болбосо, жазаланат дегенге элестетип түшүнүүгө болот. Кыргыз турмушунда төмөнкү күчтөрдөн коркуу менен, ага жараша тыйымдар чыккан.

1) Табияттан коркуу

Кыргыздар табияттын койнунда жайдак жашаган, ооба, жайык жайлоо маданияты менен жашагандыктан табиятты таануусу эрте жетилген. Табияттын күчүн эбегейсиз баалаган. Табиятка болгон тыйымды, анын ар бир мүчөсүнө сыйынуу, коркуу аракеттери менен көрсөткөн. Табияттын уруусу түрдүү апаттарынан көрүлөт дегенге ишенген. Табият дегенде, эң алды менен, асман менен жерди өтө күчтүү санаган. Кыргыз антында («Манас»та): «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун!» болуп айтылышынын өзүнөн бул экөөнүн уруусу согуусу абдан чоң болуп, алардан коркуу аркылуу асман жерге байланыштуу тыйымдарды тутунушкан. Асмандагы күн, ай кыргыздардын өтө чоң сыйынуусу болгон. Алардагы жарыктык күч теңдешсиз экенин эрте баамдашып, андан коркушкан. Асманды тыкыр байкап: куу булут көрүнсө, «асманды бузган куу булут, элди бузган куу чубут» корккон; үркөр чыкса, үркөр жерге кирсе, «үркөрдү эки көрбөгөн эгин мол түшүм бербейт» деп үркөрдү жандуу элестеткен. Тамыз, чилде, токсон мезгилдери боюнча чоң уламыштарды чыгарып, аларды турмушунун айрылбас бир бөлүгү катары карап, алардын аркетин айылдаш жашагандай билишкен; асмандан болгон жамандык- жакшылык белгилерин жылдыздардын аракетинен тыкыр баамдап, жылдыз учса, кырк аяк жылдыз көрүнсө, куйруктуу жылдыз көрүнсө, кысталаң жылдыз көрүнсө, күздүн күнү күн күркүрөсө, боз түшсө, күн короолосо, куюн чыкса, үрөйлөрү учкан, аларга болгон жылдыздарды санабоо, сөөмөйү менен жылдызды кезебөө, асманды карай түкүрбөө сыяктуу түрдүү тыйымдарды чыгарып, жамандык алып келбөөсүнөн сактануу, жакшылыкка буруу ырымдарды жасашкан. КҮН. Күндүн жарыгы түшкөн жерде күнөө өткөрбөө: ар кандай шартта, (күпа күндүз) бой кошпоо; ууру кылбоо; кадыресе, күн тийгенде бетин жуубай күндү карабоо; күндү сөкпөө сыяктуу чоң тыйымдарды чыгарышкан. Күн өзгөрсө, кургакчылык, жаан- чачын, чагылган түшүү апаты болот деп күнгө карата «кудайы кылуу» (күнгө тооп кылуу), жаан тилөө ырым аземдерин өткөрүшкөн. АЙ. Айды кыргыздар актыктын, сулуулуктун көрнөгү кылышкан. Айдын күндүк түрпүн билип, ага сыйынуусун ар бир ай жаңырган күнү айга жүгүнүп, болуп да бойкат аялдар айга үзбөй жүгүнүп, тилек айтуу менен, айга болгон коркунучун билдирип, ай жөнүндө тыйымдарды чыгарышып, айлуу түндө күнөө өткөрбөө тыйымын тутунган. ЖЕР. Жердин «Мана» күчү зор болуп, жерден жандуулар ырыскы күтүшкөн, жашоо күтүшкөн, жерди капа кылуу адамдын тукум курут болуусуна алып барарын эрте билишип, абдан коркушкан. Өзү басып жүргөн жерди теппөө, жерди бычак менен тилбөө, жердин чөбүн жулбоо, кара жерге жата калып бой кошпоо, конуштанган жерди таза кармоо сыяктуу тыйымдарды чыгарып, жерди аздектешкен. Киндик кан төккөн жерди, кайсы бир касиеттүү жерлерди, ата конушун ыйык тутунган, алыска кеткенде, туулган жердин топурагын түйүп алып, аны өзүн колдоочу тумар кылып жүргөн. Топуракка бетин, тумшугун тийгизип шүйкүм кылып сыйынуу аркылуу жердин каар- казабынан оолак болуу аракетин жасашкан. Жердеги тоо, суу, шамал, өсүмдүктөрдүн жашоого келтире турган жакшылык- жамандыктарын айкын билип, алардан коркуу мүнөзүндөгү сыйынууларын иштешип, өздөрүн аларга каршы аракет жасоодон тыйышкан. «кыргыздын тоо — атасы, суу — энеси» деген улуу сөзүн чыгарып, тоо менен сууну ата- энедей сыйлап, алардын каарына калуудан тыйылып жүргөн. Суунун башатын булгобоо, сууга сийбөө, сууга түкүрбөө, сууну сабоолобоо, агын сууга кир бастырбоо, жуунду төкпөө, булактын көзүн бүтөбөө сыяктуу тыйымдарын чыгарышкан. Жалгыз өсүмдүктү кыйбоо, өсүмдүктү тукум курут кылып кыйратпоо, арча, табылгы, долоно, кайың, четин сыяктуу өсүмдүктөрдү ыйык өсүмдүк катарында айрып чыгып, аларды кыйбоо, аларга даарат кылбоо, аларды ысырык жасап, тумар кылып тагынып өсүмдүк аркылуу өзүн мээнет, илдеттен коргоо аракеттерин жасашкан. Ысырык кылынган арча, табылгы сыяктуулардын жыты, долононун жыты ылаңдын алдын ала турганын бүгүнкү илим да тастыктайт. Кыргыз андай өсүмдүктөрдүн жөндөмүн эрте туйган, аздектеп-асыраган, аларга тийишүүдөн өздөрүн тыйган. Андай өзү бек, ылаңга каршы тура турган жыгачтарды камчы сап кылып, өзүнүн колдоочусу катары урунушкан. Шамалга ышкырбоо, шамалды сөкпөө сыяктуу тыйымдарды тутунуп, шамалдын каардануусунан сак жүрүшкөн. Эң эртеде, табияттын бардыгын жандуу элестетип, алардын бардыгынын ээси, пири болот деп аңыздык көркөм элестетип, жандуу- жансыздардын ээлеринен коркуу мүнөздүү сыйынуу, алар менен тотемдик байланыш түзүү, аларга тийишпөө, каарына калбоо сыяктуу тыйымдарды чыгарып, мамилесин жылуу алып жүрүү аркылуу алардан жамандыктарды келтирбөө аракеттерин жасашкан.

2) Тотемден коркуу

«тотем» эң байыркы табият менен адам ортосундагы мамилени байлоочу түшүнүк болуп, кыргызча «тукум» деген сөзгө бетттешет да, табият менен туугандык байланыш орнотулган түшүнүктү берет. Тотем эң алгачкы жолу, айбандар менен адамдардын «туугандык» байланышын, алып айтсак, айбандар менен адамдар ортосунда перзентүү болуу («Кожожашта» кайберендин ээси менен кудалашуудай), айбандар адам баласын эмчегин эмизип чоңойтуу, багуу сыяктуу байланыштар менен тотемдик жакындык түзүлгөн. Кийин, ыйык жана оорактуу адамдардын арбактары табияттын жандуу- жансыздарына көчүү аркылуу, ал арбак башка бир затка айланып, ал адамдар жагынан тотем болуп ыйыкталган абалдар болгон. Тотем мейли айбандар болсун, же өсүмдүктөр болсун, ал адамдардын колдоочусу болгон. Адамдар тотемдерди атасындай, энесиндей ыйык көргөн. Андан корккон, тотемге сыйынган. Тотем айбандарынын сүрөтүн денесине чегип алуу (байыркы Эне-Сайдагы кыргыздарда ургаачылары мойнуна, эркектери билегине чегип алары жазма маалыматтарда айтылат), туусуна, асабасына өз уруусунун тотеминин сүрөтүн түшүрүп алуу, уруулар өз тотемин ураан кылып колдонуу аркылуу тотемди колдоочу болот дегенге ишенген. Тотемдин каарына калса, тукумуна, бактына жаман болот деп, тотем айбандарды өлтүрбөгөн. Тотемдик байланышы бар айбандардын этин жеш бир тукумдагылар өздөрүнүн этин өздөрү жегендей кылмыш болот деп тыйылган (арстан, илбирс, бөрүлөр канча ачка болсо да өз ара бирин- бири жебеген сыңары). Тотемдик тыюунун эң чоңун тотемдик (уруктук) байланышы барлар өз ара бой кошуудан сактанууга караткан. Атап айтканда, бир урук адамдар өз ара никеде болуу, бой кошууну чечкин тыйган. Бир тотемдеги (тукумдагы) адамдар бой кошуп төрөлгөн балдардын түрпү, ой жетилүүсү бечел калаарын адамдар эрте байкаган (азыр ал байкоо күңүрттөшүп кеткендиктен, бир тотемдеги кишилер никелеше берүү айынан, адамдардын дене бычымы кичирип кеткенинен айкын көрүнүп турат). Ушуга кылымдан бери көөн бурган кыргыздар тукум кууш, уруулук санжырасын айтып жүрүү салтын карманып (кийин бошоңдоду), аны өзүнүн тукумун, канын алыстатып, таза тукум жетилдирүүнүн аракетине коюшкан бир мазмуну бар экенин өзгөчө айтса болот. Тотем (тукум) жекенин тотеми, уруунун тотеми, улуттун тотеми деп бөлүнгөн. Кыргыздарда тотемдин түрлөрүнүн бардыгы сакталган.

Жекенин тотеми. Жекенин тотеми табияттын кайсы бир мүчөсү менен жекенин байланыш жасоосу аркылуу жеке же үй- бүлөлүк тотем болуу абалы кыргыздарда да бар. Жекелер өз тотемин өз жакыны катары караган. «Семетей»деги айчүрөктү аркар эмизгени аркар Айчүрөккө жеке тотем катары каралат. Ал же анын тукуму аркардын этин жесе болбойт; аркарды тотем тутунуу кыргыз элдик чыгармаларда бир кыйла арбын. Кыяс жанын аркардын ичине салып коюп, аны менен жекелик тотем байланыш түзгөнү айтылган. Андан бөлөк кээ бир жекелер өзүнүн атына «жан шерик», колдоочусу катары багуу-багылуу менен тетемдик жакындык байланыш жасаганы «Манас», «Эр Төштүк» жомоктору баштаган элдик чыгармаларда ырааттуу айтылган. Ал аты өлгөндө, анын этин жебей, тотемдик ыйык жаныбар катары адам сыяктуу көмүү, тоонун башына коюу сыяктуу тотемдик сыйынуу аракеттерди жасашкан. Кээ бир жекелер кумайык, тайган сыяктуулар менен ырыскысын кошуу, багуу-багылуу байланышы аркылуу тотемдик мамиле жасап, соңунда, ал ити, тайганы өлгөндө, адам сыңары көмүү, оозуна май салып коюу сыяктуу тотемдик сыйынуусун билдирген. Жекелердин тотемдик байланышында, канаттуулар менен жакындык мамиледе болуу кыргыз турмушунда көп кезиккен. Бүркүт, куштарды таптоо, багуу, аны менен ырыскы табуу бир кыйла жалпылашкан. Ошого, көбүнчө, бүркүттү, кушту белгилүү бир мерчемге барганда табияттын өзүнө коё берүү, ал тургай, кадыресе «коё берүү» аземин тигил эле достор бөлүнүшкөндөй «ажыраш аяк» сыяктуу каада менен, азем өткөрүп коё берүү аркылуу тотемдик сыйынуусун билдирген. Кээ бир жекелер чымчык сыяктуу жаныбарларды, канаттуулардын балапандарын оозуна түкүрүү аркылуу тотемдик мамиле жасап, «дос оозанып» коё берүү, кийин ал канаттуусу да ошол үйгө кайра бир келүү, ал үйгө жакшы жышана тартуулоо сыяктуу жакындык байланышта өтүшүүгө жетишкен. Бүлөлөрдүн малынын ичиндеги төл башы малды, же кандайдыр ошол үй- бүлөгө ырыскы- дөөлөт тартуулаган баш малды тотем катары аяп, сойбой, сатпай, кээде кыркпай малынын ичинде алып жүрүүсүн да айтсак болот. Жекелик тотемде, кээ бир жекелик тотемди да ошол уруу жана улут моюндап, ыйык катары санай турган, аларды өлтүрбөө, каарына калбоо тыйымдарын чыгарышып, табият менен ымыланы жибите алышкан. Жеке тотем дегенде, кыргыздардын эки бөлөк уруудан болгону менен кайсы бир кыз- уул экөө бир эненин эмчегин ээмп, эмчектеш болуу тотеми (жакынчылыгы) түзүлсө да, алар никеленүүгө, бой кошууга болбойт деген катаң тыйым чыккан. Ошого кыргыздар бирөөнүн баласына жеңилдик менен эмчек салбайт. Жеке тотем дегенде, Манас бабанын колдоочулары анын өзүндүк кандайдыр бир байланыштар менен түзүлгөн тотемдери деп айтууга болот. Болуп да, төөсү, тайганы сыяктуулар Манастан кийин Семетейге келип кошулган баян айтылат. Бул Манас бабанын жеке тотемдери деп айтууга болот.

Уруу тотеми. Уруулук тотем кыргызда аябай өнүкккөн. Ал жеке тотемден улам уруулукка арбыган. Кыргызда бир тотемдеги адамдар бир уруу болгону өтө айкын. Алардын урааны, тотемдик белгиси, ал тургай уруусунун аты ошол тотемдик айбандын аты менен аталган. Жалдуу каба (бөрү эмизген) уруусу жана бугу (мүйүздүү бугу эне) уруусу сыяктуулардын уламышы бизге жеткен. Ушул күндүн өзүндө, багыш (жети багыш), кыпчак (терек тотеми), бөрү, баргы, жагалмай сыяктуу уруулардын аты түз эле тотемдик айбандардын аттары менен аталып жеткенин көрөбүз. Андан бөлөк, уруулардын өзүндүк эн- тамгаларындагы кебетелер да байыркы тотемдеринин кебетелерининен экенин жорууга болот. Уруу тотеминин эң чоң тыйымы, бир уруудагылардын (тукумдагылардын) күйөөлөрү, келиндери бүт ошол уруудагы өзүнөн улуулардын атын тергөө менен «ат тергөө» маданиятына жетишкен. Куда болгон соң, күйөө, келин болучуулар ошол уруудагыларга өзүн көрсөтпөй «кайындан качуу» сыяктуулар тотемдик ыйык көз караштан, тотемден коркуу мүнөздөгү сыйлоодон калыптанган тыюу болуп, мындай тыюу адамдарды ыйбалуулукка алып баруу менен катар, дагы бир мазмуну качуу, атын да айтпоо аркылуу өзүн бир тотем (тукум) байланышы барлардан оолактатып, жыныстык байланыштын кокустугунан чечкин сактануу тыйымын тутунганы болгон. Ошентип, кыргыздын ата журт, тага журт, кайын журт деген, бир кишинин үч ыйык журтун, таза кармануу аракетин инсанаттын тотем маданиятына кошкон салымы катары караса болот. Дүйнөдөгү кээ бир байыркы улуттарда, кайындан качуунун катаң түрү сакталган болуп, кайын энесинен качуу гана эмес, кадыресе кайын энеси басып кеткен изди да баспоо, кайын эне күйөөгө түз тамак сунбоо сыяктуу тыюуларды карманган (караңыз, «Тотем жана тыйым» автору Зигмунд Фрейддин (Sigmund Freud) 2010- жылы «Борбордук котормо басмасы» жагынан ханзуча басылган китептин 14-бетине). Мындай кайындан качуунун катаң түрү кыргыздарда да сакталган болуп, күйөөгө кайнене тамакты жеңелери аркылуу суна турган, ал келинге кайната мүлдө өз колу менен тамак сыяктуу нерселерди сунбоо, жүзүнө түз карабоо тыйымы тутунулуп келген. Мындай болуу колдору тийишип кетүүдөн, көзү түшүп кетүүдөн оолак болуу тыйымы эле. Кыргыздарда тууган кыз-уулдар ортосунда да жүрүм- турум тыйымдары калыптанган. Кыз-уул туугандардан уул баланын колу адалданып, кызга кырк тал чач өрүлгөндөн кийин, алар бир төшөктө жатууга, кыз бала атасынын койнуна жатууга, уул бала энесинин койнуна жатууга болбой турган тыйым калыптанган. Уул баланын колу адалдангандан кийин айрым жатууга көнгөн. Уул балдар кыздарды туурап ойноого, кыз бала уулча ойноого тыйым салынган. Кыргыздардагы уруулук тотемдин катаң тыйымы жашоодо тукумун таза алып жүрүүгө алып барган берекетин айкын көрсөткөндүктөн, «курама темир курч болот» деген тамсилди, кыргыздын бир уруусу (тотеми) менен дагы бир уруусунан (тотеминен) туулган «курама» балдардын жетилүү чындыгына ишенип айтканы эле. Тотем изилдөөчүлөрдүн баамында, тукум (тотем) ичинде өз ара жакындары менен жыныстык байланыш жасабоо байыркы салтын сактаган улуттардыкына азыркы маданий деген улуттар жетише албаганына таң калган.

Улут тотеми. Кыргыздар эң эртеде бөрү тотемин (башка түркү тилдеш элдер менен) бирдиктүү тутунганы тарыхта ачык жазылган. Бөрүнү ыйык билүү, анын чүкөсүн ооматты оодурат дегенге ишенип тагынуусу, шыйрактарын керегенин түбүнө байлап, анын тырмагынан жин- шайтан, илээшкен коркуп кире албайт деп коргоочу катары санаганга караганда, бөрү тотеми кыргыздардын байыркы жөрөлгөлүү тотеми болгон деп айтууга болот. Бирок, кыргыз улуту 40 уруудан куралган эл болгондуктан, тотемдик нерселеринин саны көп болуп жүргөнү байкалат да, ушул күнгө чейин, жалпы улутка орток тотемди паланы деп бир- экини көрсөтүү чындыкка туура келбейт. Кыргыздар уруулук тотемдерди, кадыресе жекелик тотемдерди улуттук деңгээлде толук кабылдаган өзгөчөлүкккө ээ. Ошого, айбандардан, өсүмдүктөрдөн, тоо- таш, булак- суулардан ыйык тутунган нерселери көп, ага жараша, ал ыйыктыктарды бузбоочу тыйымдары да көп болуу жагдайы калыпташып, ал тыйымдарды да бүт улутка жалпылаштырууга жетишкен. Ушул күндүн өзүндө, бүркүттү, үкүнү, жыланды, мышыкты ыйык жаныбар катарында санап, аларды өлтүрбөө, карлабоо тыйымдарын иштейт. Үкүнүн саңоорун жин, мээнет жолотпоочу ыйык нерсе катары балдарга, болуп да кыздарга тагып коёт. Бүркүттүн тырмагын, тумшугун баланын бешигине тагат. Ал эми бугу, ак кийиктерди ыйык жаныбар, актыкты колдоочу тотемдик жаныбар катары карайт. Кийинки мезгилдеги турмуштун айынан, аң уулап алардын этин жегенди көрсөткөндө да, ушул күнгө чейин, кыргыздар кийиктин башын талаага таштабайт, кайберендин баш- шыйрагын куйкалабайт. Төлдөө, куут маалдарында аңчылык кылбайт. Мындан кайберендер да улуттук тотемдин бирөө экенин көрүүгө болот. Улуттук тотемди жыйынтыктап айтканда, кыргыздардын улуттук тотеминин саны көп, тыйымы да көп болуп, бул табият менен болгон мамилесин кең карманганын, ошого жараша, аларды асыроо, ыйык билүү натыйжасы өтө озот болуп чыкканын өзгөчө бөлүп айтса болот.

3) Жинден коркуу

Кыргыздын аңыздык көркөм элестетүүсүндө, табияттан сырткаркы күчтөрдүн бирөө, жин- шайтандар болгон. Алар суунун бойлорунда, басырык жерде, күл төккөн жерлерде, булуң- бурчтарда, балит жерлерге жайгашат экен да, адамдар ошол жерлерди басса, алар жабышып, илээшип алып, илдет, мээнет, оору, жамандык алып келет деген түшүнүк болгон. Ошого басырыкта олтурбоо, күлдү тепсебөө, кабакта уктобоо сыяктуу тыйымдарды чыгарган. Кыргыздарда тотемдик ыйык нерселер адамдарды алардан коргойт, адамдарга жолотпойт (мисали, бөрү, бүркүт, үкү, арча, долоно ж.б.) деген түшүнүк боюнча, ал ыйык нерселердин тырмагын, саңоорун, чырпык- бутагын тагынып алышкан. Андан бөлөк, адамдар ичинен кам, бакшы, куугунчу, домчу деген атактагы кишилер атайын сакчы катары алардан коруп, адамдар менен жиндердин ортосуна арачы кирип, адамдарга жабышкан, илээшкен жиндердин атын таап, таанып кууп чыгат деп ишенген. Жин өзгөчө ургаачылар менен жаш балдарга оңой илээшет экен да, болуп да, ургаачылар этек кир кезинде илээшкен оңой жабышат деп, аялдардын ошол өзгөчө мезгилинде, тамак жасашы, болуп да актык иштерге катышуусуна тыйым салынган. Аялдар бойкат кезинде суунун боюна конууга болбойт (толгоодо өпкөсүн ала качып сууга салып жиберет имиш), ургаачылар түндөсү суу алууга барууга болбойт дегендердин бардыгы ургаачылардын жин- шайтандан оолак жүрүүсүнө салынган тыйымдар болгон. Баланын атын оболу купуя өзүнүн кулагына айтуу, атын түндөсү чакырбоо, бешикти жалгыз үйдө калтырбоо сыяктуу тыйымдардын бардыгы жиндин жабышуусуна коркуу тыйымдары болгон. Адамдар сапар тартканда, көп жерди кыдырганда, көп менен жолукканда, илээшкени бар адамдардыкы жугуп кетет деп ишенип, үйгө кайтып барганда, үйгө киргизбей туруп башынан суу тегеретип тазартуу, малды (сары улакты) садага чабуу аркылуу жинге малдын канын, өпкөсүн берип (ыргытып) кетирүү ырымдарын иштеп (ырымдар бөлүгүндө көбүрөөк токтолонулат), жинден оолактатып, адамдарды жеңил сезиндирген. Дегинкиси, жинден коркуу тыйымдары өтө көп болуп, тамак- ашты ачык таштабоо, тамак жеп жатканда сүйлөбөө, жылаңбаш тамак ичпөө сыяктуулар. Жинден коркуу тыйымдары адамдарды тазалыктуу жашоого үйрөтүп, тазалыктан берекет көрүүсү менен, жинден коркуу тыйымдарын калыпташтыра алган.

4) Өлүктөн коркуу

Жамандык иштин эң оору өлүм болгон. Өлүмгө чалдыкпоонун, андан оолак жүрүүнүн көптөгөн тыйымдары тутунулганын айткандан бөлөк, адам өлгөндөн кийин аны кандай бир жаңсыл кылуунун дагы көптөгөн тыйымдары чыгарылган. Кыргызда, өлүктөн коркуу эки чоң мазмунда болгон: биринчиси, өлүктүн тирүүлөргө жугуштуу оорусун калтыруусунан коркуу; экинчиси, жерлигине койгондон кийинки арбагынан коркуу болгон; ушул эки коркуудан улам, көптөгөн тыйымдар чыккан. Эң эртеде өлүктөн коркуу андагы жугуштуу оорудан коркуудан башталып, өлүктү тыйымдар аркылуу адамдардан оолак коюунун иш- чаралары иштелген. Кыргыздар өлүм болгондо, дароо боз үй тигип, өлүктү (сөөктү) эр болсо эр жакка, ургаачы болсо, эпчи жакка көшөгө тартып коюу аркылуу адамдардан өлүктү дароо бөлүү, өлүктү чектүү гана адамдар кармап- сермөө, айрыкча, балдарды, ургаачыларды өлүккө жолотпоо (алыстан жүзүн бир көрсөтүүнү айтпаганда), өтө ылдамдык менен, «маарам суу» аталган алгачкы өлүк жуушту аткаруу, өлүк сактаганда, баш-аягына шам жарытып коюу, агын суу менен «сөөккө кирүүчүлөр» үч бөлүп алып 2-жолу жууш, жууганда да эрежеге келтирип таза жууш талабы коюлуу, кепинге ороо, сөөк жууган жерди тепсөөрүн кылбай, бир канча күнгөчө үстүнө шак, таш сыяктуу нерселерди коюп коюу сыяктуулардын бардыгы өлүктөгү жугуштуу нерселерден адамдарды тыюу максатындагы аракеттер болгон. Сөөктү койгон боз үйгө от жакпоо, тамак жасабоо, асадарлардан (өлүктү кармап-сермегендерден) башка адамдар сөөк бар үйдөн тамак ичпөө, өлүүчүнүн кийимдерин күнгө айкарасынан жайып коюу сыяктуу тыйымдар өлүктөгү жугуштуу илдеттерден сактануу үчүн чыккан. Кыргыздар эң эртеде, өлүктү тоодогу үңкүрлөргө серелеп коюп, эти менен сөөгү ажыраганда, сөөгүн аруу жууп жерлөө адатын колдонуусу да, жугуштуу ооруларды чекене жерге бөлүп жугушсуз турпатка жеткен мезгилден кийин, адамдар кармап- сермөөгө болот деген тыйымдан улам болгон. Ал кийинки кездерде, дале өлүктү «сөөк» атаганы, этин алып, тазартып, сөөгүн ыйык жерге берүүдөн калган. Асадарлардын кара кийип, элден өзгөчө туруусу, болуп да аялдардын карасын жыл ашында алып, аны кемегедеги отко ырымдарын жасап өрттөшү, асадарлардын бетин өзү жуушу, асадарлар «жүз көрсөтө элек» сыяктуу тыйымдардын бардыгы өлүмгө катышы барлар бөлөк адамдардан оолак туруу, чектелүү максатындагы тыйымдардан улам болгон.

Өлүктөн коркуу түшүнүгүнүн экинчиси, арбактан коркуу болгон. Тотем жана тыйым изилдөөчүлөр арбак ишеними тээ эртеден башталганын ырасташат. Арбак өлүүчүнүн жаны болуп, өлүк көмүлгөндн кийин да, анын арбагы өз чөлкөмүндө, жакындарынын жанында жүрө берет деген ишеним болгон, кыргызда. Эми кыргыздын бул түшүнүгүн ушул замандагы беделдүү журналдарда ырастап жатканы кызык. Ал үчүн, Американин таанылуу «сикенке» (Science) журналында, андан кийин Лондондон чыккан «те гуардиян» (The Guardian) журналында жарыяланган «Жан өлбөйт» макаланы, профессор Осмонакун Ибираимов 2013-жылы бирдин айынын 17-күнү Кыргызстан «Азаттык» сайтына тааныштырып жарыялаган экен, ошол маалыматтан ушул жерде кертип айтсак, жан жана арбактын эмне экенин, анын түбөлүктүүлүгүн, кадыресе, кыргыздардын арбак жөнүндөгү караштарын эмики илимдин тили менен жеткирген болобуз деп ойлодук. Ал макалада: «демек, жаныбыз денебиз менен чогуу жашайт, денебиз өлсө, жаныбыз аны менен кошо жок болот деп ойлойбуз. Дене деген нерсе чынында да бир мезгилде өз жашоосун токтотот, өлөт. Бирок жаңы илимий назарыя боюнча дененин физикалык жана биологиялык жактан жашоосун токтоткону, эч качан адамдын жаны да ошо менен кошо жок болуп кетээрин түшүндүрбөйт экен» деп, макаланын өзүнөн накыл алып айткан О. Ибираимов андан ары ал макалага кайрылып: «мээбизде, 20 гана ватт энергия бар болуп, ал энергия эч качан өз жашоосун токтотпойт, эч качан сөөгүбүз менен кошо жок болуп кетпейт. Анткени физиканин эң негизги жана айныксыз закондорунун бири — энергиянин сакталуу закону»,- деп тике бөтөн сөз катары көрсөтүп болгондон кийин, өз сөзүн айтып: «айтор, аталган гезиттеги адам жаны, жана анын болгону 20 ваттык физикалык энергия түрүндөгү руху эч качан жок болуп кетпей турганы, аалам койнунда түбөлүк жүрө бере турганы тууралуу беделдүү макала азыр илимий чөйрөдө кызуу талаштарды туудуруп, ар түрдүү божомолдорду жаратып жаткан кези»- дейт. Азыркы илимпоздордун физикалык илимдин кубатына салып аныктайын деп жаткан маселесине кыргыздын ата-бабалары тээ байыркы доордо эле ишенип, арбактын ар түрдүү кейипте шек берүүсүнө бөркүндөй ишенип, арбактан коркуп, арбакка сыйынып, арбактын каарына калбоо боюнча көптөгөн тыйымдарды чыгарышып, өздөрүн арбактардан тыйып, арбактарды ыраазы кылуу боюнча мындай аракеттерин жасашкан.

Ыйлоо. Арбакты ыраазы кылуунун эң чоң аракети анын күйгөнү болуу. күйгөнүн Ыйы менен белгилөө болгон. Ый каадалуу болбосо, өлүүчүнүн күйүүчүсү жок экен деп каралат. Мында, эркектердин өлүмдө ыйлаганын «өкүрүү» деп атайт. Ургаачылардын ыйын «кошок» деп атайт. Өлүмгө ыйлаганда, аялдар жүктү карап отуруп, бөйрөктү таянып кошок кошот. Эркектер үйдүн сыртында, сөөк койгон капшытта, катар өрө туруп, жакындары таяк таянып туруп өкүрүп ыйлайт. Өлүмдөгү ыйда, арбак ыйды угат деген түшүнүк болгон (ал тургай, бир бай өлүмүш болуп, ким мага күйөт экен деп күйөрмөндөрүнүн кошогун уккан экен деген уламыш бар). Арбактын ыраазы болушу чыныгы ый, каадалуу ый менен белгиленген. Ыйда малдаш курунуп, бутту сунуп олтуруп алууга болбойт. Дагы бири, аяк- буякты каранып, күлүп, башка аракетти жасап олтуруу чындап ыйлабагандыкка жатат. Өтө күйгөнү аялы менен кыз- келиндин ыйлоосуна каралган: аялы кара чоң чапан, көк көйнөк кийип, кара жоолук салынып, ичинен тасма кайышты кырча курчанып, сыңар тизелөөсүнөн жазбай олтуруп, бетин тытып, күйүттүү кошогун кошуп ыйлаган; кыздары «атакелеп» боздоп- какшап муңдуу кошогун кошуп күйүтүн туюнткан; алар өздөрү гана ыйлоо эмес, уккандарды да ыйлатуу деңгээлине жеткирип ыйлашканынан, «күйгөн катын кошокчу» болгонунан эл жана арбак ыраазы болгон. Өлүмдүү болгон үйдөн жыл маалы болгуча кошок, өкүрүк үзүлбөгөн. Мындайча айтканда, өлүмдөгү ый арбактын зыйнатын бүтөө, кошок сөздөрү аркылуу аны ыраазы кылуу максатында чыккан эң байыркы арбактан коркуу, анын бала- бакырасына зыян салбастыгынан сактануусу, тыйынуусу болгон.

Аш берүү. Инсанат тарыхында, өлүүчүгө аш берүү каадасынын тарыхы абдан узун болуп, адамзаттын биринчи күнөөсү, энелик коомдо атасын тааныбай, «энесинен кызгануу» аркылуу «атасын өлтүрүп алуу», ал күнөөсүн кийин тааныган соң, кечирим суроо, өзүн актоо максатында аш берүүнү аталык доордо чыгарышкан экен. Ошогодур, кыргызда, аяп «атаңа аш бересиңби?» деген сөз айкашы келе жатат. Этнографтардын айтуусунда, аш берүү эң эртеде «атасына аш берүү» дөн башталган экен. Кийин өлүүчүнүн бардыгынын арбагына атап аш берүүгө кеңейген түрү бар. Аш берүү «Манас» жомогунда да байыркы түрү менен айтылган. Азыр, өлүүчүнүн үч ашын берүү: кара ашын берүү; кыркын берүү; жыл ашын берүү болгон. Кара аш берүүнүн кыргызда эки зарылчылыгы болгон, эң биринчиси арбакка атоо, аны ыраазы кылуу болсо, экинчиси, кыргыз өлүм кабарын укканда, «топурак салуу»ну ыйык милдети катары көрүп, ар кайсы жылга-колоттордон түшүп келет. Алар өлүүчүнү жерлөөнүн түрдүү жосундарына бүт катышуу үчүн бир күндүк убактын сарптайт. Албетте, аларды ачка коюуга болбой турган зарылдык туулат. Бул эки зарылдыкты ар бир адам ичинде билип, арбакты, элди ыраазы кылуу максатында аш берүүнү салт кылышып кеткен. Ал эми, кыркын берүү, негизинен урпактарынын өз үйлөрүнө тароосу, куда-сөөгү чай ичирүүсүн максат кылган. Өлүүчүгө «жыл ашын берүү»нү чоң ашы деп атайт. Аны кадимки эле кыргыздын улуттук маарекесинде өткөрүлүүчү байге баштаган жарыш түрлөрү менен өткөрүшкөн. Анда, аялынын карасы түшүрүлөт. Эр кишилер «төшөк жаңыртууга» жолдуу болот. Аял жаш болсо, келин болсо, анын өз турмушун таап алуусуна жол берилет. Жыл ашынан кийин ар кандай асалоо токтойт.

Арбакты ыраазы кылуу аракетине, кыргыздар ислам динине киргенден кийин (10-кылымдан кийин), мусулман кишинин намазын түшүрүү, бейитине куран окуу, түшүнө кирип калса, арбагына атап куран окуу, өлүм болгон асадарга куран окуу, өлүүчүгө «куран оодартуу» деген маанилер кошулуп, арбакты тирүүлөрдүн сыйлашына дагы да көптөгөн улуу аракеттер коштолуп байытылган.

Тул салуу. «тул» деген өлгөн кишинин тирүү кезиндеги сөлөкөтү. Аны жыгачтан денесинин көкүрөктөн өөдөгү кебетесине окшотуп сомдоп жасайт. Ага тирүү кезиндеги кийимдерин кийгизип, жыйылган жүктүн бурчуна отургузуп коёт. Ургаачылардын жүккө карап үн тартып кошок кошкону ошол тулга карап олтурганы болот. Кара кийинип, чачынын учун жазып, кошок кошуп олтурган аялы «тул катын» аталат. Ал тирүүсүндө минген атынын жал- куйругун кыркып, ээр токуп каңтарып коёт. Аны «тул ат» деп атайт. Тул атты көчкөндө эч ким минбей жетелеп жүрөт. Жыл ашы берилгенден кийин койгон тул алынат, ат да коё берилет. Катыны тул аталбай жесир аталат. Жесирдин күйөөгө тийүү жолу ачылат. Тул салуу кыргыздын байыркы салты болуп, жакынкы замандардан бери бул салт иштелбей калган. Бирок «Манас» эпосунда тул салуу боюнча баяндар айтылат.

Жыт буратуу. Арбакты ыраазы кылуунун дагы бир аракети орозо айтта жыт буратуу болуп, жыт арбакка жетет, ошол күнү тирүүлөрүнөн үмүт кылат деген түшүнүк боюнча, арбакка жыт буратуу аракети касалган. Жыт буратуу ай башы күнү, бешимден кийин, кебекке май куюп, жалпак таштын бетине канча кишиге арнаса, ошончо бөлөк жыт буратат. Жыт буратканда: «атама- энемдин рухуна арнадым, паландын рухуна атадым» деп бата кылат. Бир өлүүчүгө жыт буратуу 10 жылдай болот. Андан өткөндө, «арбак карыды» деп, жаңы арбакка жыт буратат.

Кыргыз тыйымында, арбактан коркуу, ага сыйынуу салт катары келе жатат. Болуп да ата- бабанын арбагына сыйынуу, ага аш берүү, түлөө өткөрүү, бейитин бекитүү, бейитине куран окуу (кийинки ислам кезинен кийин) сыяктуу ырымдарды жасап, арбактын уруусунан сактанып, тыйылып келген. Бул «Манас» жомогунда «Манастын күмбөзүнө» кийинки Семетей баштаган урпактарынын тайыганы, чигитейдин жарасын «Манас»тын күмбөзүнө алып кирип эмдеп- домдогону, Манас урпактары кыйын кезеңге кабылганда, арбагы менен колдоого алганы сыяктуу баяндарда арбакка сыйынуу өтө ырааттуу айтылган.

Өлүмдөн, арбактан коркуу тыйымдарына, дагы: сөөктү жерлигине койгон күнү ургаачылар жай башына барбайт; бейитти тепсебейт; сөөктү демейде суу ылдый ташыбайт; бейиттин топурагын жаңылабайт, асадарлар келген адамдардын алдынан тосо чыкпайт, өлүмдүү жерде, болуп да асадарлар кызыл кийбейт (кызыл ? кубанычтын белгиси), ак жоолук салынбайт (ак ? актыктын, тилектин белгиси) деген сыяктуу көптөгөн тыйымдар колдонулган.

5) Жараткандан коркуу

Кыргыздардын эң түпкү ишенүүчү ээсинин аты жараткан болгон. Андан кийинки доорлордо, көк теңир, ал ислам дини доорунда кудай болуп аталган. Бирок түшүнүгүндө, алар ааламдагы бардык нерсени жараткан, ааламдагы бардык нерсенин ээси деген ишеним болуп, жараткан теңдешсиз, ал өлүмдү жана ырыскыны белгилейт деген түшүнүк менен, жаратканга (ээге) жалынуу, сыйынуу болгон. Кыргыздардын батасында, каргышында, антында жараткандан тилөө айкын көрүнгөн. Дүйнөлүк «тыйым» изилдөөчүлөрдүн айтуусунда, ар кандай бир нерседе «мана» (mana 玛那) аттуу сырлуу күч болот экен да, «мана» күчү күчтүүлөрдөн күчү андан ажыздар коркот экен (караңыз, жогоруда айтылган «тотем жана тыйым» китептин 24-бетине). Ал кыргыз түшүнүгүндө, жараткандын күчү (манасы) эң күчтүү болуп, ага бардык нерселер баш ийген, баш ийбегендер «жамандык»ка чалдыккан. Жамандыкка чалдыкпоо үчүн, ага жараша тыйымдарды чыгарып, жамандыктан оолак жүрүүнүн аракеттерин жасашкан. Кыргыз тыйымдарында жаратканды (теңирди, кудайды) ыйыктын ыйыгы катары санап, ал бардык көрүнөө менен көмөнү билет, жамандык иш жасап күнөкөр болсо, каарына калып, апат, кырсык менен жазасын тартат деп жаратканга тыйым жосундарын жасаган. Кадыресе сыйынуу, дайыма эсине алуу, жалынуу, тообо- топук айтуу, жүрүм- турумун оңдоо, жакшы иш жасоо аркылуу аны ыраазы кылуу аракеттери менен сактанып жүргөн. Жаратканга тил тийгизбөө, анын бергенине шүгүр кылуу тыйымдарын тутунушкан. Жакшылык маанай менен жүрүү анын каарынан, жазасынан сактануу деп билген. Кыргыздар илгертен тартып бир гана «ээ»ден коркуп, айбыгып келген. Ал «өлүм кайып, ырыскы кайып, нике кайып» сыяктуу теңдешсиз кайыптарды келтире алат, аларды түз тастыктоосу менен тагдырды чечет дегенге ишенген. Ошого жараткан (теңир, кудай) жөнүндөгү тыйым мүлдө аткарылуучу тыйым болуп, ага кайчы болгондордун өмүрү кыска, ырыскысы кем болот. Ага тил тийгизсе оозу кыйшайып калат, шек санаса, жамандыкка кабылат деген тыйымдарды тутунушкан.

6) Шүйкүм, кесирден коркуу

Шүйкүм жана кесирден коркуу кыргыздардын өз аракет, кыялын, мүнөзүн кынапка салып, аман- эсен, дөөлөттүү, ырыскылуу жашоосуна кандайдыр кесир (кээси) тийип кетүүдөн сак жүрүү, андан тыйылуу аракеттерин жасашкан. Шүйкүм жана кесирден коркууга айрым токтолуу, ал экөөнү ачып берүүгө өбөлгө түзөт.

Шүйкүм бузуудан коркуу. Шүйкүм адамдын ырайы жана кейпи болуп, аларды бузганды «шүйкүмүн бузуу» деп атайт да, жамандыкты күсөйт, жамандыкты туурайт деген мааниде, жамандыкты тууратпас, ага окшотпос үчүн тыйымдар жасалып, жүрүм- турумун оңдоп, жайбаракат жүрүү максаты көздөлгөн. Шүйкүмүн бузуунун чоң бир көрүнүшү өлүмдүн кээ бир аркеттерин тууроо: өзүнүн мойнуна өзү жип салуу; кокосуна бычак ыйкоо; сулайып жатуу, күүгүмдө жатып алуу; таяккка өбөктөө (асадар сыяктуу); тетири карап олтуруу; эки бөйрөгүн таянуу; ургаачылар чачын бош таштоо; ургаачылар, демейде, кара жоолук, кара чапан, кара көйнөк кийип алуу; үйгө чаап келип түшүү; үшкүрүнүү; ак кийиз жамынып жатуу; жөнчүлүктө үн салып ыйлоо сыяктуу шүйкүмдөр өлүмдү аңсаган бузук шүйкүмдөр катары тыйым салынган. Шүйкүм бузуу аракети катары жабыр тартуу, кордолуу, жалгыз- жетим калуучулардын кейпин тууроого тыйым салынган: өзүнүн буту-колун байлоо (кылмыштуунун кейпи); күүгүмдө уңкуюп жалгыз олтуруу (кароосуз калгандын кейпи); мойнуна курун салуу (багынуунун кейпи); эки колу менен мууна жакасын кармануу (анттан актануу кейпи); кыз балага тери тон-шым кийгизүү (жакыр болуп калуунун кейпи); ийнин кысуу (жетимдиктин кейпи); сокурду, төкөрдү, жиндини туроолорго тыйым салып, шүйкүмүн оңдоп турган. Болуп да «баланын ? ойношунан, казандын ? кайнашынан» дегенге өзгөчө көөн бурулуп, баланын ойноо шүйкүмү оңдолуп турган. Шүйкүмүн оңдоо адамчылыктын муратын оңдоо, мураттуу, көөндүү жүрүүнү жетилдирүүгө алып барган.

Кесир болуудан коркуу. Кыргыз жүрүмүндө, куру чирен, чычаюу, чиренүү, бой көтөрүү сыяктууларр жек көрүндү жүрүм- турум катары сындалат. Андай жүрүмдөр кесирликти алып келет, ал кесирлик баалууну баалабоо, барды карлоо аркылуу ырыскыдан, дөөлөттөн, бакыттан куру калтырат деп корккон. Кесирди кыргыз ата сөзүнө алдырып: «кесирдүү баш келген бакытты кетирет», «кесирлүүдөн сай бою кач, жалакордон жаа бою кач», «кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат» деген тастыктоолорду алган. «кесир» сөзүнүн башкача айтылышы «кээ» болуп, «кээ болот, кээси тийет» деген сөз айкаштары менен сүйлөй берет. Кыргыздын ойломунда, кесир үч аракеттен болот деп баамдаган жана кесирлүү ал аракеттерге тыйым салган.

1. Барды карлоо кесири. Кыргыз мүнөзүндө, алды менен, барына «шүгүр кылуу» болгон. Ал дегени, барды баалай бил дегени болуп, барын карласаң, жогуна да жетпей жатып, андан да куру кала турганынан корккон. «мүйүз сурайым деп барып, кулагынан айрылып калуу» тамсили ушул акылдан чыгып, бул тамсил кесирден коркуунун чечмеси болуп урунулган. Барды карлабоо тыйымдарынан: баланы теппөө, кийимин тепсебөө; бышкан даамды жыттабайт; нанды тепсебейт; нанды бир кол менен сындырбайт; тамакты өрө туруп жебейт; жатып алып тамак жебейт; чөмүч менен итке аш куйбайт сыяктуу ырыскыны баалай билүү, ага ыкластуу мамиле кылуучу тыйымдарды чыгарышкан.

2. Бой көтөрүү кесири. Колун аркасына албайт; эки колун башына жазданып жатпайт; эки бутун айкалыштырып турбайт; кыз бала бирөөнүн көзүнчө керилбейт; кишиге аркасын салып олтурбайт; малды теппейт; үй буюмдарын бут менен шилтебейт, тепппейт; малга тетири минбейт; атты башка чаппайт; чокоюн төргө илбейт сыяктуу текебирлик жоруктарга тыйым салынган. Эгер андай текебирлик жорукту иштесе адамдын мүчөлөрүнө закымы тийип, майып болуп калат дегенге чейин коркутуп, адамдардын жүрүм- турум адатын калыпка салганга жетишкен.

3. Сөз кесири. Кесир сөз дегени, жараткандан өзүн ашык койгон таризде сүйлөөнү көрсөткөн. Сүйлөөдөгү, сөздөгү ашыкча сүйлөгөн сөздөрдү «кесир сүйлөбө» деп чечкин тыйган. «мен мындай кылам», «андай иштөө кыйын беле», «аны антип жиберем, муну минтип жиберем» деп, жараткандан, тагдырдан ашык сүйлөөнү кесир сүйлөө катары көрүп, катуу тыйым салынган. Сөз сүйлөп, кылар ишин айтканда, «буюрса» деген сөздү кошуп айтуу, текебирчилик эмес, кесирлик эмес болот деп караган. Кесир сүйлөө жаратканды капа кылып, анын каарына калуу менен, ойлобогон кырсык, жамандыктарга кабылтат, «буюрбай калат» деп корккон. Ошондон улам, кесир сүйлөбөөгө мындай тыйымдар чыккан: «барам» деп чорт сүйлөбөйт; «бүтүрөм» деп чорт айтпайт; даамды «сөзсүз жейм» деп чорт айтпайт;»аш- тамакты жештен тажадым» деп айтпайт; баланы «көп» деп айтпайт; үйдөгү буюм- тайымды, малды «түгөндү» деп айтпайт, «байыды» деп жоруйт ж. б. у. сыяктуулар болгон.

7) Бийликтен коркуу

Өкүмдардын, бийлик укугунун «Мана» күчү күчтүүлөр катарына кирген. Ал адамдардын башын алуу, жазасын тарттыруу, ырыскысын кыюу укугуна ээ болот экен. Кыргыздар «хандын казабынан сакта!» деген тилекти айтышканы да, бийликтин өкүмүн аткарууну «макул» менен иштөөгө, анын укугунан жабыр тартуудан сактанууга карата көптөгөн тыйымдарды чыгарган. Бийликтин «жолу улуу» деп урматтаган, болуп да, кыргыздар мансаптууларды «улуктар» атап, алардын атын түз айтпай, мансап аталышы боюнча, урмат аты менен атоо аркылуу андан сыйлоо мүнөзүндөгү коркуусун туюнтуп келген. Кыргыз тарыхындагы хандарынын өз атын айтпай: «ишбара ажоо», «кутлук билге хаган» сыяктуу урмат атактарын гана атаганын, аттарын тергеп айтпаганын көрсөтсөк болот. Бийликтин законун аткаруу да андан коркуунун башкы мисалы боло алат. Кыргыздар эң эртедеги тарыхында, бийлик закону катаң болгонун тарых барактарынан окудук. Алсак, уурулукка өлүм буйрулган, кадыресе, анын жазасы уулу ууру кылгандардын атасынын мойнуна ошол уулунун баш сөөгүн мойнуна асып жүрүү өкүмүн аткарткан (караңыз, «Жаңы таңнаама» кыргыздар баянына). Байыркы кыргыз ажоосунун алдына жашы кыркка чыга электер кирбөө тыйымы тарыхта жазылуу турат. Ушулардан улам, кыргыздар тарыхындагы бийликке болгон коркуусунан, андан өзүн сак алып жүрүүсүнөн абдан көп болбосо да бир топ тыйымдарды чыгарган. Бирок, кыргыздар бийликке катуу баш уруп кетүүчү адамдардан эмес экенин, алардын «ордо атуу» оюнундагы эки жаат бирдей эле «хан» атып ойногонунан көрсөтсө жетиштүү болот.

  1. Адамдык кааданы сактоо тыйымдары

Кыргыз элинде «адам», «киши», «инсан» деген сөздөргө, өзүнчө, айрым- айрым маани менен караган. Адам дегенде, анын айбандан болгон айырмасын сактоо жагына көп көөн бурган. Кудум Барпы акын айткандай: «адамдан чыгат айбан, айбандан чыкпайт адам» дегенге бек ишенишип, адамдан айбан чыгып калбоо жагына ар кандай кезде сак болгон. Адамдын айбандан чечкин айырмалануусу анын каада билгени, каада карманганы экенин кыргыз ойчулдугунда эртеде эле аныктама берип койгон. Адамдык каада анын наркы экенин тыянактаган. Адамдык каадасы калбагандарды «айбан, ит, эшек» деген сөздөр менен атаган. Адамдык каада кең мааниден жалпы эле инсанаттын адамдык каадасы (айбан жана башка заттардан айырмаланган) жана жеке адамдардын адамдык каадасы болуп келет. Жеке адамдардын каадасы дегенде, эл башы кишинин каадасы, ата- энелик каада, уул балалык каада, кыз балалык каада сыяктууларды өз ичине алат. Ошолор каадасынан айрылса, өз наркын жоготкон болот. Ошого адамдын каадасын сактоо үчүн күлдү аракеттер жасалып, адамдын каадасын коргоо, аны кадырлоо боюнча көптөгөн тыйымдар чыккан.

Адамдын «алтын баш» каадасы. Кыргыздар адамдын каадасын көтөрүүдө адамдын башын сыйлоо менен белгиленген. Ар кандай адамдын (кор адам болсо да) башын аттабоо (балбан күрөштө жыгылгандын башын аттап кетсе, жаңжал чыккан), баш кийимин тепсебөө, баш кийимин бирөөгө бербөө, баланы төбөгө муштабоо, башынан тегереткен нерсени кайра урунбоо, болуп да пендеге баш урбоо, кишинин аласынан башын өткөрүп (аласынан өтүп) кечирим суробоо, дамбал, ыштан сыяктууларды башка чулгобоо, жакшылыктуу иштеринде «башын куттуктоо» сыяктуу аракеттер жасалып, адамдык кааданы баштан көрсөтүүгө умтулган.

Адамдын тамак-аш каадасы. Адам эч качан чийки тамак жебейт, болуп да этти чийки жебейт; адамга айбан тамак жеген идишке тамак салып бербейт, болуп да иттин ит аягы сыяктуу кор айбандардын идишине адамга тамак салып бербейт; адамдар ит сыяктуу үй айбандары менен табакташ болуп тамак жебейт. Ит, мышык сыяктуу айбандардын оозуна оозун тийгизбейт сыяктуу тыйымдар адамдык кааданы тамак жагынан көтөрүп жүрүүгө алып барган. Кыргыздарда өзгөчө каада катары, кайырчылык кылып жан сактоого болбойт деген тыйым тутунулган.

Адамдын уяттуулук каадасы. Адамдар уят болбоо жана уят кылбоо каадасын карманган. Уяттуулук адамдын айбандардан айырмалануучу өзүндүк өзгөчөлүгү болуп, адамдык кааданы төкпөө, кааданы кетирбөө үчүн уятка калбоо чоң тыйымы менен өзүн чектей алган. Адамдардын уяттуу жерлерин жашыруусу, уяттуу сөздөрдү сүйлөбөөсү, жаман атты болуу ___ зина, уурулук, чыккындык, кастык, безерлик (ата-энесин, баласын), осурак, сийгектик ж. б. Уят болуучу аракеттерди жасоодон сак болуу боюнча көптөгөн тыйымдар чыккан. Кыргызда: «уят өлүмдөн катуу» деген адамдык каада катаң сакталып калган.

Адамдын өздүк каадасы. Ар бир адамдын өзүндүк каадасы болуп, ал каадасы бузулса, анын ооматы, кадыры, касиети, куту качат деп каралып, ар кимдин өзүндүк каадасын сактоочу тыйымдар чыккан. Эрлерге ургаачылардын дамбалын жуугузбоо, эркек кишиге эмчек эмген баласынын оозундагысын жегизип эмчектеш кылбоо, эмчектүү аялды умсунтпоо, кызды улагага олтургузбоо, кызды сөкпөө, аксакал кишини (байбичени) улага жакка олтургузбоо, атчан бара жаткан улук, кадырман адамды атчан жөн адамдарга аттан түшүрүп салам кылдырбоо, адамды маскарапоз оюндарды ойнотуп карлабоо, адамды тепсеп туруп унаага минбөө, аксакал адамды кичүүлөргө колуна суу куйгузбоо . ж. ж. Ар адамдын өзүнүн каадасын сактоочу тыйымдар чыккан.

  1. Адеп, ыйбаа тыйымдары

Адамдын адамдык оорагынын эң чоңу ? адеп, ыйбаасы. Бирок, бул инсандин оорагы жалпы бирдиктүү болгону менен, ар кайсы улутта ар кандай деңгээлде тутунганы менен айырмаланып келген экен. Кыргыздар адеп-ыйбааны адамдык дыгына доо кетирип алуудан, адамгерчилигин жоготуп алуудан, уят болуудан сактануу үчүн, адеп, ыйбаанын тыйымдарын тутунуп, адам болуунун мыйзамына көтөрүп урунуп жүргөн. Адеп адам акылагын түзүүчү каражаты болуп, акылагы анын адебинен таразаланып көрүнгөн. Ал ыйбаа болсо, тартынуу, адамгерчилигин көрсөтүүчү чен болгон. Бир адамдын киши болуусу анын адеби менен, ыйбаасынан байкалган. Адептүүлүк үй- бүлөнү, коомду маданийликке алып баруунун каражаты болсо, ыйбаалуулук адам менен адамдын мамилесин жылыта турган «адамдын күнгөйү» болгон. Ыйбаалуу киши көзгө ысык, көөнгө жакын болгон. Кыргыздар коомго жана адамдар ортосундагы мамилеге жооптуу болуу максатында, адеп, ыйбааны сактоо боюнча көптөген тыйымдарды чыгарып, ошол тыйымдары аркылуу өздөрүн кынапка салууга жетишкен. Ал тыйымдардан мисалдар көрсөтсөк, адеп сактоо боюнча: ата- эненин назарына кетүүгө болбойт; уурулук кылууга болбойт; калп айтууга болбойт; тилемчилик кылууга болбойт; эки беткейлик кылууга болбойт; ушакчылык кылууга болбойт; эриш бузууга болбойт; ойнош ойноого болбойт; киши бар жерде осурууга, түкүрүүгө, бышкырууга, кишинин карап саара кылууга болбойт; жаман атты болууга болбойт (шойку, алдамчы, чуут, митаам, куу, чыккын, опаасыз ж. б. сыяктуулар жаманаттыга калуу катарына кирет). Ал эми ыйбаа сактоо боюнча тыйымдардан мисалдар келтирсек: улууну урмат кылуу (атынан айтпоо; алдынан кыя өтпөө, тике карабоо, салам берүү, жүгүнүү, осол сөз айтпоо, шакабалабоо, мурда сүйлөбөө ж. б.); Уят сөз айтпоо; үйдөн адамга аркасын салып чыкпоо; обу жок күлбөө; кишинин көзүнчө махабаттык өбүшпөө; мейманчылыкта коногу бийлейт болуп албоо ж. б. у. сыяктуулар.

Адеп, ыйбаа тыйымдарына кайчылык кылынса, бийликтин тыюусуна тушугуп, анда абакта жатуу, күнөкөр болуу жазаларын тартышкан. Ал ыйбаалуу болбосо, улуулардын каргышына калуу, назарга кетүү тыйымына кабылган. Кыргызда «каргыш тийет», «назар урат» деген түшүнүк боюнча каргышка калбоо, назарга кетпөөдөн корккон көптөгөн тыйымдар чыккан. Ошол тыйымдардан улам адамдар коомдо, улуу- кичүүнүн алдында адептүү, ыйбаалуу катары көрүнө алган.

Тыйымга майнап: кыргыздын тыйымы эки чоң топко, атап айтканда, коркуу (жети тема боюнча) жана өзүн жөнгө салуу (адеп, ыйбаага салуу) тобуна бөлүп баяндалды. Бул тек изилдөөнүн баштабында тыйымдарды түрлөргө бөлүү гана болуп эсептелүүсү керек. Ал дагы калып калган тыйымдын түрлөрү бар экенине ишенебиз. Жогорку тыйымдар, бир ойлонгон кишиге көптөй, дагы бир ойлонгон кишиге аздай туюлуп турат экен. Калем ээсинин баамында, тыйым адамдарды маданийликке (маданияттуулукка) шыкап бара турган, адамдык касиетин ашыра турган чоң тизгин экенине ынанат. Ал «коркуу» дегенди адам өзүнө сак болуу, жамандыкка жолобоо, жамандыктан коркуу, мээнет жабыштырып албоо деген маанисинде түшүнүлсө, тыйымдын адамзатка аябай кереги бар экени, тыйымдын канча көп болуусу адамдардын сак, ден соолугу соо жетилүүсүнө, рухий жашоосу күчтүү жүрөрүнө ишенип калат. Өзгөчө бөлүп айта турганыбыз, бир адам жараткандан, жанынан, бийликтен коркпосо, ал адамдын бул дүйнөдө жасар жумушу жамандык гана болоруна бөркүңдөй ишенсең болот. Ушул мааниден ойлонгондо, тыйым деген адамды эркинен ажырата турган чырмоок болбостон, адамды «куландай соо» алып жүрө турган мыйзам экен деп билүүгө жетишет.

 

Экинчи бөлүм, ырым

«Ырым» деген сөз кыргыз ичине жалпылашкан сөз болгону менен, анын маанисине болгон түшүнүк, кадыресе анын кишиге болгон кызматы, жашоодогу маңызына болгон көз караш ушул күндө кирдеп турган кези. Бирок ырымдар эл ичинде колдонулуп, ал тургай, улуттук деңгээлде өтүп жатканын (мисалы, иш баштаарда кызыл тасма кыюу) көрсөк да, анын эмне үчүн ошондой иштелип жаткан сырын билбей келдик. Анткени, адамдардын ырым кылуу жоругун өз маңызы боюнча түшүндүрүүнүн мүчүп келгенин көрсөткөнү эле. Биз төмөндө, ырымдын бетин аарчып, окурманыбызга апакай көрсөтүүнү максат кылдык.

Ырым жакшылыкты, иштин оң тартуусун каалоо аракети болуп, тыйымдын жандырмагы катары кызмат кылган. Тыйым кылган нерселерге адамдар «пенделик» мүнөзүн карматып, каршы келүүчү жоруктарды жасап, каарга калып, жабыр чеккенде, аны ырым кылуу аркылуу жакшылыкка жоруп, жакшылыкка буруп алууга умтулган. Мисалы, кайберендин башын талаага таштаба, туут кезинде атпа деген тыйымды жасабай, кайчылык кылганда, анын аң жолу «кырсыгат» (буулат) деп түшүнүлгөн. Ал кырсыкты жандыруу үчүн (аң жолун ачуу үчүн), кырсыккан мылтыкты тебөөрүнгө таштап адамдарды аттатат. Алдырашман менен ысырыктайт, жыт буратып ысырыктап ырымын кылат. Мына бул белгилүү даражада өзүн- өзү жазалоо, тазартуу аркылуу тартипке, жакшылыкка кайтуунун аракетин жасагандык, адам өз жасаган ишине сынчыл кайрылгандык болгон. Ушул сыңары, кыргыздын ырымдары өндүрүшүн, жумушун байсалдуу, ийгиликтүү алып жүрүү, оюн оңоп жүрүү аркылуу рухий тазалыгын сактоо максатында «ырым кылуу» аракеттерин жасашкан. Кыргыз тарыхында, 3- кылымда арабдын жер кезери Абудулафтын айтканына карасак, кыргыздар чыракты өзү өчмөйүнчө үйлөп өчүрбөө ырымын тутунушкан . бул кыргыздын ырымынын биринчи жолу тарыхта жазылышы болуп эсептелет. Ошого кыргыз ырымдарынын тарыхы узак деп айтууга болот. Ал кыргыз ырымдарын төмөнкү топторго бөлүп тааныштырууга болот..

  1. Эмгек-өндүрүшүндөгү ырымдар

Байыркы кыргыздар өндүрүшүн, көбүнчө, табиятка сөөнүп, анын колдоосу, жоомарттык кылуусу аркылуу түшүмгө, берекетке жетүүгө болот дегенге ишенген. Ошого өндүрүштүн ар бир алкагы ырымдар менен коштолуп, өндүрүш жолдоруна болгон тоскоолдор тазаланып, табияттын күчтөрү менен ырымдар аркылуу мамиле жасап, алардын кеңчилдигин колго келтирип, ишин оң салдыруу үчүн ырымдар иштелген. Ал тургай, эмгек ырымдары өндүрүш баштоонун, түшүм чогултуунун салттык аземдерине айланып олтурганы көрүнөт.

1) аңчылык эмгегиндеги ырымдар. Аңчылык кыргыздардын өндүрүшүнүн эң эртедеги түрү болуп, бул эмгектин кылда учуна жеткенин, бул эмгектин мергенчи, адис мергенчи, капканчы, мүлүшкөрдеген чоң кеспий адистик атактардын чыгышынан, атайын кесиптик өндүрүш деңгээлине жеткенин көрүп алууга болот. Аңчылык эмгек шаймандарын, алып айтсак, жаалар, мылтык-ок дары, капкан тузак, бүркүт, куш кармоо шаймандары сыяктуулардын бардыгын өздөрү жасаган. Тайган, бүркүт, куштарды өзү таптап, аны аң алдырууга сала алышы чоң өнөр болгон. Мына ушул аңчылыктын кесиптик адамдарын жетиштирүү, жабдуу шаймандарын жасоо, аң алдыра турган айбандарды үйрөтүү өндүрүшүнүн бардыгында ырымдар колдонулуп, ушул өндүрүштүн берекетин самашкан. Аңчылык эмгегинде, аңга аттанууда (жөнөөдө) жолунун ачык (олжолуу) болуусун ырымдык белгилерден баамдаган. Алсак: ууга жөнөгөндө жолунан бойкат аял, түлкү чыгып калса, мүлдө аңга чыкпай үйүнө кайткан; жаңы мылтыкты биринчи жолу сагызган атып кандайт, ал тунгуч алган олжосунун каны, майы менен майлап ырымдайт. Ал кыргызда майды берекеттин баштоогу катары көргөнүнүн болгон. Аңчылык эмгегиндеги олжо ошол айыл адамдарынын орток ырыскысы катары каралат. Мерген алган олжосунун этинен, ортокчу, санчы дегендерге өз каадасы боюнча бөлүштүрүп берүү, жолуккан кишилерге шыралга берүүнү ырым катары иштейт, бербесе, аң жолу кырсыгат. Аңды чендүү санда албаса, оңко туруу аркылуу кайберен белги берет деген ырым болуп, мергенчилер кайсы бир мерчемде, ал белгини өздөрүнүн аң уулобоого берилген эскертүү деп тааныйт. Мергендин шакирти устасынын бармагын тиштөө ырымын жасап, андан өнөр кабылдоого өтөт сыяктуу ырымдар аталган өндүрүштүн салтына айланып бизге жеткен.

2) малчылык эмгегиндеги ырымдар. Кыргыз өндүрүш маданиятынын эң олжолуусу, берекеттүүсү малчылык эмгеги болгон. Мал өстүрүүнүн түрдүү ыңгайларын өздөштүрүп, коомдук турмушун малчылык кесиби аркылуу өнүктүргөн. Малчылыкта, эт-сүтү азык, тамак болгондон бөлөк, тери, жүнү кийим жана турмуш буюмдары болуп, жалгыз малчылык өндүрүшү гана эмес, тамак-аш, кийим-буюм жасоочу өнөр жай өндүрүшүн кошо алып жүргөн, малчылык кыргыз тиричилигин бүт үстүнө алган өндүрүшү болгон. Ошого жараша, бул өндүрүштүн ийгиликтерине, берекетине кара күч салуу менен кошо, рухий жагынан ишин оң тарттыруу, эмгекти жеңилдетүү максатында ырымдарды чыгарышкан: «баланын ? аягынан, койчунун ? таягынан» деп, мал баккан таякты эң чоң ырым кылышып, аны менен балит, арам нерселерди чаппаган, таякты дамамат тик коюу ырымын иштеген; мал өстүрүүдө төлдү асыроону башкы милдет кылып, төл маалында төлдү санабоо, төл башыны өзгөчө орунга коюу сыяктуу ырымдарды жасаган. Тайлак, жакшы кулунду балача, адам көзүнөн далда багуу ырымдарын колдонгон. Мал тууганда, кээ бир малдын чөбүн анын сүтү менен байланыштырып, булактын көзүнө салуу ырымын иштеп, малдын сүттүү болуусуна жетүү ырымын жасашкан; мал жерисе, аны адамчалап ырымдап, эки төөгө эки кызды мингизип, эки жакты каратып, «төө жериди!»- деп кыйкырткан ырымды иштеген; малдын сүтүн өтө аздектеген, малдын желинин асыроону тыкыр байкаган. Желини ооруп калган малдын желинин эмдеп- домдоо ырымын иштейт; тунгуч ууз сүткө ырым жасалган, акты үйлөбөй, жерге төгүлүп кеткенин сөөмөйгө сүртүп мүрүгө сыйпап коюу ырымы аркылуу сүттү баалоо, аёону катаң карманган. Мал байлаган желе, көгөндү аттатпоо, аны аяр кароо, жаш малды нокто менен чаппоо сыяктуу ырымдар чыккан. Мал биттөөдө, мал кыркымында, аны таза кыркуу, эркек ургаачысын айырмалуу кыркуу, чок (жыттоор) коюп кыркуу сыяктуу кыркым ырымдары чыккан. Жүн сабоо, кийиз бакылоо, кийиз басуу, кийиз бычуу, шырдак жасоо, сыяктуу жүнгө иш кошуунун ырымдары; жип ийрүү, таар куруу, таар кесүү (согуп бүтүүдөгү кесүү) ырымдары; аркан-жип эшүү жана аны чыйратуу эмгегинин ырымдары; ата малды жетиштирүү, ат таптоо, малды баштооктукка үйрөтүү, мал союу эмгектери да ырымдар менен коштолуп, ал эмегектерди кадырлоо шааниси көтөрүлгөн.

3) дыйканчылык эмгегиндеги ырымдар. Кыргыздардын дыйканчылык эмгеги менен машкулданган тарыхынын моюну узун. Ал Эне- Сай кыргыздарынын тарыхында, кыргыздын дыйканчылык жагдайы жазмаларда баяндалган. Дыйканчылык эмгеги дегенде, жер шартына жараша, арпа, буудай, жүгөрү сыяктуу дан эгиндери негиз болгон. Дыйканчылык түйшүгүндө, жумуш баштар алдында ырымдар иштелүү адаты боюнча, арык чабуу, үрөн себүү, сугат иштери, болуп да орум- жыйымдын, кырман алуу, кызыл сузуу (чечкор) сыяктуу ырымдары иштелип, дыйканчылыктан мол түшүм түшүү, ушул жумуштун апат, илдетке чалдыкпай жакшы өсүүсүн каалаган ырымдар иштелген. Мисалы, үрөн сепкенде, эмгек кылуучу жактын гана ырыскысы үчүн эмес:

«мына септим уучтап,
жылуу жерден конуш тап.
Бул — жетим-жесирге,
муну — кары-мискинге.
Бу — ач-арыкка,
мунусу — алсыз карыпка,
булар — курт- кумурскага,
мунусу — сурамчыга.
а Бул — тилемчиге,
булары — саламчыга,
калгандары — сизге, бизге, мага!»

— деп ырымдап, даркан пейил менен, себилген үрөндөн мол түшүм түшүүсүнө бурган аракет жасалып турганы көрүнөт.

4) көч, сапар ырымдары. Кыргыз жайлоо маданиятынын мүнөзү ? көчүп жүрүп мал багуу. Көчүп жүрүүнү «туруксуздук», «оторчулдук» деген түшүнүк менен түшүнбөй, кыргыздар чөйрө коргоо үчүн, төрт мезгилдин табият кубулуштарына шайкеш, күндүн аракетине багынган чоң жүйө менен, өз айылында, өз чөлкөмүндө көчүп малчылык эмгегин өнүктүргөн. Бир жерде олтуруп алып, ал жерди басырык кылбай, конуш которуу, жайыт которуу аркылуу жер сергитип, өсүмдүккө өсүү мүмкүнчүлүгүн берип, өсүмдүктүн өсүү мыйзамына кайчылык иштебөөчү, чөйрө бузбоочу, атап айтканда, табият мийзамын каадасы боюнча карманган эл экенин мактануу менен айтууга болот. Ушул көчүү, сапар тартуу түйшүгүнүн байсалдуу жүрүшүн жакшылыктуу тилек, оңго буруу ырымдары менен коштоп, көчтү, сапарды илдетсиз алып жүрүүнүн аракетин жасашкан. Сапарды ак жолтойлук, кара жолтойлук боюнча айрып, кара жолтойлукту ырымдар менен акка бурууга умтулган. Жолго чыкканда, жолунан ургаачылар чыкса, мышык чыкса жолго жакшы эмес деп, кайра кайтуу аркылуу кара жолтойлуктун мойнун бурган. Жолдо бутка бутташкан таш сыяктуу жолтоолукту тазалап жүрүү, улоолуу киши жөө суу кечкели жаткан адамды суудан өткөрүү (тааныбаса да), сапардан илээшкен, жабышкандарды тазартуу үчүн, башынан суу тегеретүү, садага чабуу аркылуу өзүн жеңилдете алган. Ал эми көчүү эмгегинде, күн тандоо, жылдыз оңоо, көчтө биринчи төөнү коборуу (жүк тартуу), жүк жетелөөчүнү ырымдап тандоо, жүк ообостун ырымдары иштелген. Журтун тазалап, коломтосуна май салып көмүү, журтунда кагылуу казык калтырбоо сыяктуу чөйрө оңторуу ырымдарын жасаган. Жаңы конушка түшкөндө, коломтого май салып жыт буратуу сыяктуу ырымдар менен жаңылыкты тосуу шүйкүмүн оңдогон.

  1. Салттык ырымдар

Салт ? улуттук мүнөз. Салты ошол улуттун тарыхында жетилген маданияттарынын уясы болуп берет. Салттуу улутту маданий улут катарына киргизүүгө болот. Салт бар дегенде улуттун ар бир жумушу калпташкан, өлчөмдөшкөн, эрежелешкен деген манини бериши керек. Салт улутту оорактуу (жеңил- желпи эмес) көрсөтөт. Кыргыздар толук салттуу жана салтын сактаган эл катары таанылган. Ал эми кыргыздын ар бир салты ырым аземдери менен коштолуп, сырдуу, сүрдүү болуп келген. Салтындагы ырымдары негизинен төмөнкүдөй салттарында сакталган.

1) Той салтындагы ырымдар

Тойдун дагы бир көркөм аталмасы ? жакшылык. Кыргыз эли жакшылыкты көп эңсеген, турмушун жакшылык иштер менен жабдыган улут болгондуктан, анын тою көп болгон. Кадыресе тойдун ар бир иши ырымдар менен жакшылыкка, акка мойну бурулуп турган. Тойду бир адамдын бөбөк кезинен элестетсек, анын курсакка бүткөнүнөн тартып жерге кирген аралыгынын бардыгы мерчемдүү кезеңдеги тойлор менен жабдылганын баамдайбыз. Эринбей санактап жиберсек, бойго бүткөнү эне- атасына кубаныч, андан кийинкиси журт менен кошо бөлүшө турган кубаныч ?той. Жентек той, бешик той, кыркын чыгаруу аземи, тушамыш кыюу, тайга мингизүү, кулак көзөө, чач өрүү аземи, сүннөт той, куда болуу, үйлөнүү тойлору. Жаңы өргө тою сыяктуулар бир кишинин башындагы өткөрбөсө болбой турган салттык тойлору болгон. Андан башка ар бир жекенин мүчөл, туулган күнү, күмүш той маалы, алтын той маалы ж.б. толгон тойлор менен өмүрүн жабдып келе берет. Биздин мындай санактап айтуубуздун көздөгөнү ? жакшылык ыроологон, жакшылык эңсеген эл экенибизге мактануу. Биз той салты дегенде, үйлөнүү тоюндагы (анын алды-аркасындагы) жасалган ырымдарды гана көздөдүк, ал бала өстүрүүдөгү ырымдарды той салтынан өзүнчө болуп баяндоого туура келди.

Кыргыз тоюнун ар бир алкагы ырым менен коштолуп, олтурган да, ал ырымдар, эки жаштын ынтымак болуусу, агарып- көгөрүүсүнө жоруу максатын, мазмунун чыгарган ырымдар болгон. Тойдун биринчи арымы жуучулукка эки жак олуттуу караган, биринчи жуучуну ырымдап, кыз жак мүмкүнчүлүктүн барынча карманып калуу жагын басым жасаган. Кыргызда кудалашууну «сөөк алуу, сөөк берүү», «баш алуу, баш чыгаруу» деген өтө сүрдүү, оорактуу сөз айкаштары менен айтып, ошого жараша, адамдын башына, сөөгүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасашканы билинет. Ал үчүн, бир жерге куда болууда, ошол жактын сөөгүнө, тегине (тотемине) жетик көөн бурган. Алып айтсак, бел куда болуу, көбүнчө, кыргыздын тукум тандоо түшүнүгүнөн улам болгон. Жакшы тукумдагы кыздарды тандап, уулуна алып берүү максатында, анын ата тегине карап эле, андай тектен кандай адам чыгарын туура өкүм кылуусуна ишенип, жакшы текти бөлөк бирөө ээлеп кетүүдөн сактануу максатында, «бел куда» болуп энчиркеп алуу максаттуу ырымын жасашкан. Манас менен Акун кандын бел куда болгон мисалын көрсөтсөк, кебибиз чоно болбойт. Ушул сыңары, «энчиркөө, жип байлоо, эгиз куда, кайчы куда» сыяктуулар да, сөөк, тек тандоодон болгон кудалык ырымдары болгон. Куда болууда, кызга атайын сөйкө салуу ырымы «жакшылыгынан тандалды» деген ынануу жышанын билдирген. Тойдогу чоң ырым чачыла алып баруу болгон. Чачыла бүт эле жаштардын кийинки байкерчилигин эңсөө болуп, атайын «чачыла боорсок» аттуу демейдеги чай боорсоктордон өзгөчөлөнтүп, чоң кылып жасоо, болуп да ал боорсок ичине төрт түлүк малдын сөлөкөтүн чыгарган боорсок бышырганынан жакшылыкты эңсөө ырымы жасалганын билүүгө жетишебиз. Андан бөлөк, тойго арнаган малдын башына ак байлоо, ак чачышуу сыяктуулардын бардыгы ак ниеттикти көрсөтүү ырымдарына кирет. Болуп да тойго чийки эт алып барбоо, ал «сууктук» алып келет деген түшүнүк боюнча, атайлап «куйкалак» аталган куйкалаган койдун этин бүтүн боюнча алып барганы, ал тургай, анын төрт шыйрагынан экөөн өрөлөй кесип калып, «кудалар курчалышып» өтөлү, «өрөөлөшүп» басалы, бир шыйрак сизде, бирөө бизде, мындан айрылсак жылуу кыйын деген ырымдык туюнтмаларды эт менен кошо жөнөтүшкөн.

Кулдук уруу ырымында, уулдун атасы, кыздын атасын карап, эки колун бооруна алып: «кудам, кулдугум бар, кулугумду кабыл алыңыз, бүгүн кызыңызды бүлө кылып алууга уруксат бериңиз, атаганымды аз көрбөй, жүрөгүңүздөн чыккан, асырап чоңойткон перизентиңизди балама бериңиз»,- деп үч жолу жүгүнөт. Кыздын атасы: «кулдугуңузду кабыл алдым. Кызды түбөлүккө балаңызга бердим»,- деп жооп берет жана ордунан туруп, куданын жүгүнүүсүн ийилип кабылдайт. Отургандар кошо: «кудайым кулдугуңарды кут кылсын! эки жаш эптүү болсун» дешип алкап алакан жайышат. Мындай астейдилдик, эки жаштын турмушун тоосу катары жөлөп туруусуна ишенүүгө болот.

Той ырымдарында: түндүк көтөрүү; таңуу; нике байлоо; төшөк салуу; бут тепсештирүү; күзгү көрүштүрүү сыяктуу аземдер өткөрүлүп, алар ырымдар менен коштолуп, ким мурда бутун тепсесе, ким мурда күзгү көрсө, эки жактын бирөө өктөм болот деп ырымдашып, нике суусун да мурда ооз тийгизүү сыяктуу оюн- чыны аралаш ырымдар жасалган. Болуп дагы келин көчүрүүдөгү ырымдар өтө тилектүү жана оорактуу : кыздын чачын өрүүдө кабырга-жилик менен сылоо; кыз кыңшылатууда бир кыздын жоолугун жамынып туруп кошок айтуу; кызды үйүнөн узатып чыгарда, эки колуна кебез карматып коюу, аны босогону аттаары менен, босого башка кыстарып чыгуу (ырыскы, ак иштерди кошо кармап кетпөө); аттанаар алдында бетин бир тууган инисинин этегине жуудуруу; кызга кешиктик нан, ырыскы чөйчөк берүү; кыз күйөөгө кашаң атка минип жөнөө (тез кайра келбөө үчүн); атасы бар кызды сөзсүз атасы обочо жетелеп барып аттандыруу; үзөңгүгө бут салаарда, ит аяктын үстүнө чыгып туруп аттануу; эне эшиктин алдында карап туруу (аттанып жаткан кыздын жанына барбоо); кыз аттанарда оң жагынан энеге үч кылчаюу сыяктуу кыз ырыскыны кошо алып кетпегидей, тыяктан да ырыскылуу болуу тилеги үчүн чыккан ырымдар иштелген. Ал кыз кайын журтуна көчүрүлүп баргандан кийин, жаңы келин аталып, андан чоң ырымдар ошондо иштелген: минип барган атын чабуу; келин оозантуу; колуна иш карматуу; чөмүч булгатуу; энчилөө; этегин бастыруу; отко киргизүү сыяктуу ырымдар иштелген. Бирди алып көрсөтсөк, жаңы келген келинди көчүрүп келгендер (эжеси, жеңеси, кудагый- кудачадан болуп, үч- төрт аял гана көчүрүп келет. Мында, кыз көчүрүүгө эркек кишилер катышуу чоң айыңды жаратат) кетээрде, жаңы келин көшөгөнүн ичинде, этегине балта- чот бастырылып коюлган болуп, козголбой олтурган олутун сактоо ырымы иштелет. «отурган жериң омоктуу болсун, отурган жериңден агарып- көгөр!» деген баталар ошол кыздын барган жеринен бакыт таап калуусун каалаганы болгон. Мындай мураттуу, ак тилектүү, адамдын псхологиясына таасир этме ырымдар адам турмушуна керектүү экени өзүнөн көрүнүп калган.

2) Өлүм узатуудагы ырымдар

Өлүм узатуу ? кыргыз турмушунда өтө оор жана катуу салт. Ушул макаланын тыйым бөлүгүндө айтып кеткенибиздей, өлүүчүнүн соңу жакшы болуусу үчүн, өлүктөгү жугуштуу нерселердин башкаларга жугуусунун алдын алуу, андан соң, арбакты ыраазы кылуунун өтө сылык- сыпайы чарасын өлүм узатуу салтынын ырымдары менен аткарган. Өлүм узатуу салтында, «өлүктү жүзү ? нары, тирүүнүн жүзү ? бери» болтурбоо максатында, өлүм зыйнатын жакшы өткөрүүгө далалат жасаган. Сөөк чыгаруунун ар бир иш баскычы «жамандыкты жакшыртуу, артын кайырлуу кылуу» ырымдары менен коштолгон. Киши жан үзөрдө, жакындары: «сапарың маарек болсун!» дешип, басаң үн чыгарып, жан берүүчүнүн кыйнабай узатуу ырасмысын карманган. Сөөктү ырым боюнча, ак боз үйгө алып коюу (эрлер эр капшытта, ургаачылар эпчи капшытта) коюу, баш- аягына шам жагуу, сөөк жерленгенден кийин да, сөөк койгон боз үйгө, сөөк койгон капшытка шам жагуу (сары май менен билик жагылат) ырымы жасалган. Сөөктү кепиндөөдө, кепин бычуу, кепин ороо (бир ором кепин бир тон аталып, эрлер 4 тон, ургаачылар 5 тон менен оролот) сыяктуу көптөгөн ырымдар кылдат иштелип, быяк да таза калуу, тыякка да таза кетирүүнүн кызматтары ырым жолу менен тартиптүү жасалган. Мисалга алсак: сөөк жууганга алып келинген суу агын суудан, таза эки челекке алып келинет; челекти сууга салбай, түбүн жерге тийгизбей суу алынат. Бакандап көтөргөн сууну жерге койбой үйгө жеткирүү талап кылынат. Суу таза жуулган казанга ысытылып (жылымык кылынып) аны жаңы чөөгүнгө куюп жуучуларга берилет. Ал жаңы чөөгүндү суу куйган киши алып кетет. Мына ушундай иштөө аркылуу өлүктү таза жууш менен кошо, өлүкккө жакындаган нерселер да аз болуусу, «сөөккө жаш тамса болбойт» деген ырым менен ургаачыларды жана балдарды өлүккө жакындатпоо, жай башына баргызбоо сыяктуулар сактыкты ашырган. Сөөктү жууганда иштетилген чөгүн, айпооч, мээлей сыяктуу буюм- кийимдерди өз убагында бир жаңсыл кылууга жетишилген. Мындай кызматтардын түбү өлүм узатууда тазалык жумушун тынгылыктуу иштөөнү максат кылган.

Өлүм узатуунун эң алгылыктуу алкагы ? сөөктү жерге берүү. Мында, сөөктү аруу жууп, ак кепиндөө менен кошо, өлүүчүнүн рухун агартуу жагында, намазын түшүрүү, дооран көтөрүү аркылуу тирүүсүндө карыз- коогасы тилге алынып, адамдык жагына тыкан корутунду чыгарылып, «ыраматылык жакшы киши эле» деген жамааттык ынануу менен, эл ыраазылыгы аркылуу жерге берүү акылдуу иштелген. Жай тандоо, жай казуу үчүн биринчи кетменди ким кармоо, жайдын орду, сөөктүн баштануусу, сөөктүн жүзү кайсыл багытты кароосу өтө туруктуу белгиленген. Сөөктү жерге берүү жумушунун ыйык ырымы «топурак салуу» болуп, адамдын тирүү кезинде өлүмдү эске алуусу, андагы тилеги да «топурак буюрсун» (перзенттеринен, күйөрүнөн) дегени болуп, жайга коюуда эки нерсе, бирөө, топурак салуу, жана бирөө, көмүү иштелген. Ал топурак салуу дегени, күйөрү, перзенти (перзентинен бирөө) жай башындагыларга этек тосуп (кийин, күрөк тосуп), оболу сөөк ээлеринен, андан соң жамааттан «бир чымчым» топурак алып, ал топону казынакка өзү алып кирип, аны сөөктүн жүзүнө төкпөй, баштын эки капталына, моюндун эки капталына салып коёт. Ошол топо менен жөлөө аркылуу катып калган башты кыбыла жакка кыйшайтып каратат. Ошону менен бала-бакырасынан «чымчым топурак» буюрган ыйык милдети аткарылат. Мында, перзентинин, күйөрүнүн ичиндеги бир өкүл эң соңгу сөөктүн коюлуу жайын (сөөктү башка киши коёт) өз көзү менен көрүп чыгуусуна мүмкүндүк жаралган. Арийне өз колу менен сөөккө топурак салган болуп эсептелген. Атап айтканда, топурак салуу ыраматылыктын сөөгүнүн астына топо салууну көрсөткөн. Ал эми көмүү дегени, казынак бекитилип, куран окулуп, болгон соң, жайдын чарасынын ичин көмүү болуп, жай башындагы топо менен көөмп, бейит үйүү жумушун көрсөткөн. Көмүүдө, биринчи кетмен топону кайра эле баягы жердин бетин биринчи ачкан киши баштайт, андан калган жай башындагылар колмо- кол кетмен- күрөк менен көмүү милдетин бүтөрөт. Өлүм узатуу ырымында, өлүм болгон жерге баргандар, башка оорулууну көрүүгө барбоо, өлүм болгон жерге барган идишти куру берүү сыяктуу көптөгөн сактык ырымдар жана тыйымдар чыгарылган.

3) Майрам салтындагы ырымдар

Кылымдан келе жаткан кыргыздар майрам-шөөкөт менен турмушун байытып турган. Майрамы негизинен өндүрүшүнө байланыштуу болуп, төрт мезгилдеги өндүрүш түшүмү майрамдык алып келген. Мында, жаз — нооруз жана түлөктөр майрамы (түймөч бузуу), жай — үлүш, шерне майрамы, күз — салбуурун, чечкор майрамы, кыш — карылык, жоро бозо майрамы, ал дин салтына жараша, курман айт, орозо айт майрамдары өтө шаңдуу өткөн. Ушул майрамдардын жүрүшү ырымдар менен коштолуп, жакшылык, молчулук каалоо, ырымдар аркылуу түрдүү көрүлмөк болгон жамандыктарды тазартуу жумуштары жасалган.

Жаз майрамы. Кыргыздар эртеде, нооруз майрамын «жыл ажыратуу» майрамы деп атаган. Жылды «жер айрылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан» көктөмдө, атап айтканда, жалган курандын 10-күнүнөн чын курандын 10-күнүнө чейин бир ай майрамдап ажыл ажыраткан. Бул табият майрамын көптөгөн ырымдар: ысырыктоо, аластоо, өпкө чабуу, жети даам менен көжө жасоо, жети үйгө айттоо, жаңы кийим кийүү сыяктуу ырымдарды жасашып, жаңы жылга таза кирүү, жаңы жылдан береке- дөөлөт күтүү нээттерин туюнтушкан. Түлөктө майрамы деп кышкы байланган күлүктөрүн алып чыгып, түймөчтөрүн бузуп, карындагы сары майын жарып молчулдук эңсөө, молчулдукка буруу маанайларын көрсөтүшкөн.

Жай майрамы. Үлүш жана шерине экөө тең ак түшүмдөрүнүн майрамы болуп, «ак төөнүн карды жарылган мезгил» экендигин ырастап, үлүштүн тогуз аяк кымызын ичип, бейпилдик, токчулдук, акка молчулдук каалаган ырымдарды жасашкан.

Күз майрам . Күздүн семизчилик кезинда, тайган, бүркүт, адис мерген менен коштолгон жоон топ алыска күндөп- түндөп жүрүп келе турган салбуурунга аттанышып, аңчылык эмгегин шаңга бөлөп, аң түшүмдөрү менен айылды майрамдатышкан. Бүркүт, тайган, мерген сыноо, тандоо чоң маарекеси болгон.

Кыш майрам. Жаңы карды тосуп алуу, аны шардана кылуу максатында, айылдан айылга «карылык» аттуу оюн мелдешин баштап, жаштарды кылдаттык, кыраакылыкка машыктыра турган кыш майрамын өткөрүшүп, кыштын кыраан чилдесинде тууштуу жашоонун ырымдык жышанасын оюн менен өткөргөн. Бозо ачытуу кыргыз тамак- аш маданиятындагы чоң табылгасы болуп, кышкы бакубаттыкты, бейпилчиликти «жоро бозо» аттуу майрам менен өткөрүшкөн. Кышкы жоро бозо өткөрүү, жайкы үлүштүн өткөрүлүү, башкарылуу тартиптери кыргыз коомчулугунун башкарылуу түзүмдөрүн элестеткенин айрыкча атап айтса болот. Ал эми, кыргыздын майрам салтындагы ырымдарын тыянактаганда, өндүрүш түшүмдөрүнүн мол болуусун эңсеген, молчулукка бурган ырымдары болгон.

4) Бала өстүрүү салтындагы ырымдар

Кыргыздар тукум улоого өзгөчө маани берген. Урпак өстүрүүнүн түрдүү көкшүндүктөрүн чогултуп гана калбай, перзент көрүү, аны соо катарга кошуу, жарамдуу адам кылып чыгуу эңсөөсүнө жетүүнүн ырымдарын иштеп, бала өстүрүүнүн рухий камылгасын көргөнү, бала өстүрүүдөгү түрдүү ырымдарынан даана билинет. Кыргыздын элдик түшүнүгүндө, ургаачылар менен балдарга илдет, мээнет тез жабышат делип, көбүнчө ырым жана тыйымдар ушуларды коргоо, сактоого арналган. Төрөбөс аялдарды журтка таштоо, сунган аякты аттатып кетүү, этегин жыртуу, бирөөнүн баласын көрсөтпөө сыяктуу ардантуу ырымдарын жасаган. Баласы турбагандарды үй кыдырып ун суроо, курак чапан кийгизүү, баласын «сатып алуу сыяктуу ырымдарды жасап, перзентинин катарга кошулуусун эңсеген. Баланын кандай болуусун кыргыздар эненин курсагындагы кезинен оңго оңторуп басууну көкөйүндө бек карманган. Эненин эмнеге талгак болуусу, «жай талгак, ит талгак, эрке талгак, бүт талгак» түрлөрүнүн кайсынысы болсо да, талгакты кандыруу баланын болочогуна, мүнөзүнө таасирин тийгизет деп ишенилген. Эне күчтүү нерселерди күсөп, ага талгак болсо (айбандардын сырттандарынын белгилүү мүчөлөрүнө) бала ошолордун мүнөзүн тартат деп карап, кандай жерден болсо да андай талгакты кандыруунун аракетин жасашкан. Эне да болочоктогу баланын мүнөзүнө көөн буруп, жумшак, бошоң (маш быштакка окшош), ачуу (калемпир сыяктуу) нерселерге талгак болуп калбоо ниетин бекемдеген. Бала курсакта биринчи кыймылдаганда, эне дароо күндүзү болсо күндү, тоону караган. Түндөсү болсо айды караган. Андай шарт болбосо, көркөм, сулуу нерселерди карап, баласынын улуу инсан, сулуу киши болуусунун ырымын жасаган. Баланын болочогуна көңүл буруу ырымдарынын эң мазмундуусу бала кимди тартат дегенди оңторуу болгон: ымыркайды жерден алуучу; киндик кесүүчү; бешикке бөлөөчү; карын чачын алуучу; кыздын биринчи чачын өрүүчү аялдарды тандап, эл ынанган ургаачынын узу, каадалуусун ымыркайды кармап-сермегенге ырымдап сунуш кылуусу да баланын ошолордун кыял- жүрүмүн тартуусуна бурганы болгон. «Ай толгоо, күн толгоо, соңгу толгоо» аталган толгоо түрлөрүнүн бардыгында, «көзү бозоруу» болот деген түшүнүк боюнча, куугунчу, мылтык сыяктуу жин- шайтан жолотпос ырымдары иштеген. Толгоодо, илээшкени жок ургаачылар гана төрөгөн үйгө кирүү, башка аялдар кокус кирип калса, толгоосун алып кетет деп бирдемесин алып калуу сыяктуу ырымдар жасалган. Оозантуу ырымдары күчтүү болуп, негизгиси май менен оозантуу адамдын жакшылыктуу, ырыс- кешиктүү болуусуна бурганы катары каралат. Ат коюуда, ат тандоо, кээ бир аттарды буруп, кыздан уулга, токтобогондон токтоп калууга буруп, Бурулкан, Токтобек ж. б. койгон. Перзенттин кыркын чыгарууда тогуз чөмүч сууга кырк коргол, кырк кашык туз салып киринтүү, кырк курак чапан кийгизүү ырымдары, ууз тишин ырымдоо, тырмагын ырымдоо сыяктуулардын бардыгы баланын өсүүсүнүн шыдыр, кемтиксиз болуусун ырым менен камтамасыз кылганы болгон. Баланы бешикке салуу ырымы өтө шаңдуу иштелип: бешиктин үстүнө ? көрпөчө, ороочторуна кант, набат, кемпут (конфет), боорсок, өрүк өңдүү түрдүү таттуулардан чачыла чачат. Бешикке салынуучу уул бала болсо, чачылоонун ичине оң-сол, боёлгон-боёлбогон чүкөлөрдү, кыз болсо, шуру-мончок аралашытрып коёт. Үч басымдан ашуун чүкө, чот, бычакты жасалган бешиктин бала жатчуу ичине коюп, анан бешикти силкилдетип «оң-оң оңбу?» десе, калган аялдар «оң-оң!» дешип чурулдашып, чүкөлөрдү күлтүккө же бешиктин аягынан жерге түшүрүшөт. Ал кыймылды үч жолу удаа иштейт. Арча менен бешикти ысырыктоо ырымы иштелет. Андан соң, бешикке салуучунун оозуна май, нанды бурдата салып коюп, ал сүйлөбөй туруп баланы бешикке салууну ырымдайт. Сүйлөсө, бала ыйлаак болуп калат деген ырым колдонулган. Бешикке тогуз катар жабуу жабат, жабуусу оор болсо, ошончо уйку берсин деген ырымы. Баланын энеси бешиктин оң жагына туруп, бешикти кармап, төрдөн эшикти көздөй, эшиктен төрдү көздөй үч жолу жүгүнөт. Баланы бешикке салып жатканда, үйдөн адам сыртка чыгып кетсе, ал бешикке салынып жаткан баланын уйкусун кошо алып чыгып кетет деп ырымдап, талаага адам чыкпай туруп бөлөө жумушун бүтөргөн. Бешикке салуу ырымы жана бешикти ээн таштабоо, бешикти куру терметпөө сыяктуу ырымдардын иштелүүсү баланын таза жана илдетсиз чоңоюусуна жасалган ыкыластуу аракеттери болгон. Ала жиптен тушамышын кыюу, күлүк балдарга тушамышын кыйдыруу сыяктуу ырымдар баланын чыйрак болуусуна бурган аракеттер болгон. Баланын колун адалдатуу ырымдары, тайга мингизүү аземи сыяктууларды өткөрүү, баланын өз алдынча жашоосуна баштаган жөрөлгө ырымдары болгон. Баланы туулган жерине оонатуу, киндигин кескендеги каны тамган топуракты түйүп алып жүрүү балдарды башынан мекен-жерин сүйүүгө баштаганы болгон. Кыз баланын чачын өрүү, кулагын көзөө салтындагы ырымдар, кыз бала биринчи этек кирин көргөндө, керегени кучактатуу ырымы эненин кыз тарбиялоодогу ыкыластуу жөрөлгөсүн көрсөткөн. Айтмак, кыргыздын ырымынын көбү бала өстүрүүгө арналган. Ушул мааниден караганда, ырымдардын калк ичиндеги ордун жөн карагалы болбойт.

  1. Тамак- аш ырымдары

Кыргыздардын ойломунда, тамак- ашты ырыскы деп түшүнүлгөн. Ырыскысын издөө, ырыскы табуу, ырыскыдан айрылбоо дегендердин бардыгы, ичер суу, же тамакты көрсөткөн. Адамдын ырыскылуу болуусун ырымдар аркылуу оңдоп, түздөп алууга болот деген элдик ишеним болгон. Анын үстүнө, ырыскылуу киши бактылуу болот деп, ырыскы- бакытты туташ ойлогон. Ырыскыдан калбоону «ооз тийүү» аркылуу жетишүүгө болот дегенге ишенилген. Ошого алдына келген даамдан ооз тийбей өтө албаган. Алдына келген ырыскыдан ооз тийбөөнү кесирлик деп корккон. Тамак- аш ырымдарынан төмөнкү нече түрү менен таанышалы.

1) Тамак ырымдары

Кыргыздар тамак жасаганда, анын насип болуусун, аш болуусун ырымдар менен коштоп, тамактын сырлуу, оорактуу болуусун ашырган: казанга нан жапканда, көмөргөн казандын аркасынан шым кийбеген баланы өткөрбөө, ак сураганга арчанын көмүрүнөн салып ырымдап коюу; тунгуч айран уютканда, күмүш шакек жана башка нерселери ырымдап салып коюу; тамак ырымынын эң олуттуусу ооз тийүү: бышкан тамактан сунулса, сөзсүз ооз тийүү; эрте мененки даамды сөзсүз ооз тийүү; арнаган тамактан сөзсүз ооз тийүү; тойдон сөзсүз ооз тийүү; чачкан чачыладан сөзсүз ооз тийүү сыяктуу ооз тийүү ырымдары көп чыккан. Ал эми ооз тийүү ырым экен деп, талаадан келген конок, жаңы уюткан айранды, жаңы ачыткан кымызды, казандагы ашты, тойго арнаган тамакты үй ээсинен, арнаган адамдан мурда ооз тийүүгө болбойт. Бул адептик каадага кирип кеткен салт эсептелет.

2) Устукан ырымдары

Кыргыздар мейман болууда, мейман тосууда болбосун, союш союуну каада билет. «кыргыз тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат» деген макал ошондон калган. Бирок мал сойгон соң анын устуканын (мүчөсүн) тартуу эң башкы маселе катарында, тыкыр байкоодо болот. Ошону менен катар, ар бир устукандын ырымдары болот. Бир нечесин алып көрөлү.

Баш. Баш алуунун (келин алуунун) жакшылык жышаны катары кудага баш тартат, ал баштын устуканын бербей алып кетет. Ар кандай меймандарчылыкта, башты ургаачыларга тартпайт жана ургаачылар башты жебейт. Баштын мүчөсү сөзсүз үй ээсине берилиши керек. Баштын кайсы жерлерин жеш, кайсы жерлерин калтыруу эрежелери ырымдалган. Башты куу баш кылып мүлжүп салса, жамандык күсөгөн ырым болот.

Жамбаш. Жамбаштын көзөнөк башын устукан берүүгө калтырыла турган ырым бар.

Кары жилик. Кыргызда көп ырымдалган жилик ушул болуп, эт салууда, кары жиликти ырымдап мурда салат; жолго чыгар кишиге кары жиликти алып берет; кары жиликтин сөөгүн жыйнап коёт. Себеби ал жолдун колдоочусу катары каралат. Кыз балага кары жилик берсе болбойт. Кары жиликти чакпайт. Кары жиликтин сагадагын ажыратпайт ж. б. дагы.

Далыны төлгө ырымына колдонот. Атайын далы көрүүчүдөн бөлөк, далыны мүлжүп болгондон кийин дасторконго өкчөп, ал тик туруп калса, оомат келет деп ырымдайт.

Жаак. Жаакты баштан бөлүп бышырбайт. Жаакты кайнене- келин, эки абысын жебейт.

Тил. Тилди кыз бала жебейт, тилдин учун уул балага сүйлөөк болсун, тилдүү-тиштүү болсун деп ырымдайт.

Кулак. Бир баштын эки кулагы тең кесилбейт, кулакты балага тил алчаак болуусуна ырымдайт.

Моюн. Анын үлүгүнөн жыгач өткөрүп катырып койсо, ымыркай баланын мойну жакшы катат деген ырым бар.

Омуртка. Омуртканын ар бир турумун ар нерсеге ат коюп ырымдап коёт.

Арка. Жетим арканы атасы бар балага бербейт.

Шыйбылчак. Шыйбылчактын чучугун чагып жесе, мээнеткеч болуп калат деп шыйбылчакты чакпайт.

Төш. Төштүн күн тийбесин кесип алып, эшиктин башына чаптап жүрсө, үйүнөн күлүк ат чыгат деп ырымдайт. Төштү келинге арноо ырымы болгон.

Сөөк. Аял киши сөөк ыргытпайт, итке да сөөк салбайт. Сөөктү таза жерге төгүү керек. Сөөктү тепсөөгө болбойт. Сөөккө даарат кылууга болбойт.

Чүкөнүн эти. «Тойсоң да томукту таштаба, ачсаң да ашык этин жебе» деген ырым бар.

Томук. Томукту таза мүлжүп жесе, баласы сулуу болот деп ырымдалат.

Көк боор. Кыз балага көк боор бербейт. Көк боор жесе, көк болуп калат деген ырым бар.

Чучук. Жиликтин чучугун балага бербейт. Чучук жеген бала ата-энеге чучуктан өткөзө сөз айтып калат деп ырымдайт.

Таңдай. Койдун башынын таңдайын бүт алып, аны кыздын алаканына чаап- чаап туруп жегизип жиберсе, кыз уз, иштүү болот деп ырымдаган.

Кызыл өңгөч. Кыз бала кызыл өңгөч жебейт. Кызыл өңгөчтү жесе, күйөөгө жылаңач кетет деп ырымдайт. Бир соорунда, бир үй-бүлөгө окшош эки жилик тартылса, анын сөөгүн чакпай сактап алуу ырымы болгон.

Уча. Уча — кадырмандыктын белгиси катары ырымдалат. Учага ургаачылар олтурса жаман болот. Жети атасын билбегенди учага олтургузбайт. Учаны бөлүп таратуу айылында кадырманы, баалуу аксакалдары калбагандыктын шүйкүмү болот. Уча уруулар биримдигинин символу катары ар кайсы айылдардын кадырмандарынын башын учага кошуу максатын көздөгөн.

3) Идиш- аяк ырымдары

Идиш- аяктык ырымдары негизинен үй ичи буюмдарынын ырымы болуп, анда тазалыкты көздөгөн, ырыскыны талаага чыгаруудан сактануу ырымдарын негиз кылган: ашкана. Ашкананын үстүнөн артылтып бирөөгө эч нерсе бербейт. Ашканага эркек балдар кирбейт. Ашкананын ичин көзү бар кишилерге көргөзбөйт.

Казан. Казанды эшик жакка кыңыр аспайт. Казанды талаага капкаксыз таштабайт. Мал барда казанды короодо көтөрүп баспайт. Көтөрүп басса, желиндүү малдын желини ооруйт деген ырым бар.

Туз. Туздукту аттабайт. Туз аттаса, сокур болот деп ырымдап коркот.

Чөгүн. Чөгүндү эр жак капшытка койбойт.

Туткуч. Туткучу тепсебейт. Туткучту бийик жерге илип коюлат. Бир үйдүн туткучун бөлөк бирөө кармап казан асканда: «туткучтун ээси айылга кетти»,- деп ырымын айтып кармайт. Болбосо, туткуч «ээм өлүптүр»,- деп үмүтсүз болуп калат имиш.

Түпкүч. Түпкүчтү теппейт. Түпкүч тепсе кулагы ооруйт деп ырымдайт.

Супура. Супураны тепсебейт. Супурага бала олтургузбайт. Супураны ким жайса, ошол жыят. Башка бирөө жыйса, супура: «мени жыйган киши өлүп калыптыр», — деп ойлойт. Ээсин жоктойт. Эгер супураны башка киши жыйса: «ээси айылга кетти»,- деп ырымын айтып жыят.

Дасторкон. Дасторконду оң салат. Тетири салса, бата тетири кетет имиш. Дасторконду аттабайт. Дасторконду тепсебейт. Аттаган кишинин буту- колуна закмыт жетет деп ырымдайт. Дасторконго кол аарчыбайт. Дасторконго колу май болгондо, суу колун аарчуу каадасыздык болот. Дасторконду жыйбай туруп бата алынат. Бата дасторкон аркылуу тийет имиш. Саба. Сабаны сураган элге бербейт. Сабаны берсе, ошол үйдүн көрөңгөсү какшыган болуп калат деген ырым бар.

Аш такта – нуургуч (үбөлүк). Аш тактаны нургучунан бөлөк койбойт. Тактаны нургуч менен какпайт деген ырым чыккан.

Ит аяк. Ит аякты тепсе, кесир болот деген ырым бар.

Тери. Мал союучу союп болгон малдын терисин текши жайып, бычак менен бир сыйра кырып тазалап койсо, бели оорукчан болбойт деп ырымдайт.

  1. Төлгө-белги ырымдар

Жашоодо адам жана табияттагы башка заттардын кээ бир аракет, жоруктары иштин жаман- жакшы болуусуна карата белги болот, же ошол көрүлгөн аракет, белгилерди жакшылыкка жоруу жумуштары иштелген. Болуп да, бир нерсени алдын билүү, жакшылык жагын көрсөтөбү, жамандык жагын көрсөтөбү? дегенди билүү максатында төлгө салынат. Ошол төлгө белгилерин оңго буруу аракеттери боюнча ырымдар иштелген. Алардын кээ бир түрлөрү менен таанышалы.

1) Төлгө ырымдары

Кыргыздар кандайдыр санаа, сарсана тартканда, кадиктенгенде төлгө салып өзүн жоокаган. Ал төлгө кылган нерселери көп, аларды ырымдар менен оңго мойнун бурган. Төлгө кылган нерселери негизине: баланын оң бутун көтөр деп, жакшылыкка төлгө кылып ырымдайт. Көмөч төлгө, камыр төлгө, таш төлгө, чий төлгө, бычак төлгө, буудай төлгө, ыйлаак төлгө, туз төлгө, карышкырдын тарамышы, эл көчөр коңуз, далы көрүү, чүкө карчоо, куубу-суубу? деген сыяктуу төлгөлөрдү урунуп, алар оң чыкса, оң ырымдарды, төлгө төп чыкпаса, аны оңторуу ырымдарын жасашып өздөрүнүн санаасын жеңилдеткен.

2) Белги ырымдар

Белги дегенде адам- айбандардын кээ бир аракет жана мүчөлөрүнүн аракет белгилерин көрсөтөт.

(1) Адам белги ырымдары:

бала белгилери. Бала чүчкүрсө, «ак чүч! кам санаба!»- деп оңго бурап ырымдайт. Бала аласынан аркасын караса, алыстагы кишиси келет дегенге ырымдайт. Мүчө белгилеринен: баланын көзү чоң болсо, коркок чыгат; баланын кулагы чоң болсо, баатыр, ырыскылуу болот; кежигеси чуңкур бала кежир, кыйык болот; бөбөк тилин чыгарып көргөзсө, атасына байлык тилеп жатат деп ырымдайт; кыздын маңдайы кең, ачык болсо, алыска күйөгө кетет деген; бала дайыма көмкөрөсүнөн түшүп уктаса, бай, дөөлөттүү болот; колун жуумп алып уктаса, өзүнө тың, элге бакыл болот; колун ачып уктаса, март болот; көзүн ачып уктаса, алган жары сулуу болот дегендерге ырымдаган.

Мүчөл. Мүчөлүндө кандайдыр опуртал болот деп карап, алыс сапар тартпайт; кызылдуу кийим кийип, кызылдуу буюм урунуп, кызылдан жип- шуу, мончокторду асып, байлап алат; кызылды көргөндө, мүчөлү болгон адам алдакачан кызыл- тазыл болуп канга боёлуп, кырсыкта учургандай көрүнөт экен да, илээшкен- угушкан ташып келүүчүлөр тигил мүчөлдөгү кырсыкка кабылып болуптур деп жаздым карап, кайталап балаа- казалуу окуяга кабылтпайлы деп кетет имиш.

Түш. Жакшы түш «эр эшек түшөбөйт, катын пахта түшөбөйт», түшөсө жакшылык болот. Жаман түш көрсө: «түшүң түлкүнүн богу, өзүң иттин богу бол!»- деп жоруп коёт.

Сөз. Суук сөз айтса: «жаман сөзүң оозуңан чыгып, жакаңа жармашып калсын! түф, түф!» деп сөзүн жандыра ырымдап айтат.

Көз. Көз тартса: «жакшылыкка тартсаң тарта бер, жүрөк сүйүнүп кош болсун. Жамандыкка тартсаң тартпай кал, каткан чөптөй катып кал, куураган чөптөй куурап кал!»-деп күбүрөп айтып, кичине куу чөптүн пырын шилемейлеп тарткан жерге жабыштырып ырымдайт.

Мүрү. Мүрү тартса: «жаңы кийим кийет экенсиң, жакалуудан тон, жарашыктуу кийим кийет экенсиң»,- деп жоруп коёт.

Мурун. Мурду кычышса, эт жештин белгиси катары ырымдалат. Алакан. Алаканы кычышса, киреше кирет деген белгиге жоруйт.

Таман. Тапаны кычышканда, узун сапарга чыгуунун, жол жүрүүнүн белгиси деп жорулат.

Кулак. Оң кулак ысыса, туугандары кебин кылып жаткандын белгиси. Сол кулагы ысыса, душмандары ушагын сүйлөп жаткандардын белгиси катары ырымдап: «жакшылыктан кеп кылсаң тоюңа барам, жамандыктан кеп кылсаң өлүмүңө барам. Мени жамандсаң, кара жер тамандап кал, кара өгүздү минип, кара чаар жылан камчыланып, өлүгүңө өкүрүп барайын» деген сөздү күбүрөнүп ичтен айтып коёт. Кулагы чыңырса: «айда бир терек бар имиш, ошондо кишинин атынын баары жазылат имиш. Суук кабар жаман санаганга, кара санатайга кет!»- деп ырымдайт.

Ооз. Оозу тартса, жаңы даам, жаңы ырыскыга ооз тийет, жакын туугандары менен сүйлөшөт деп ырымдайт. Чакап кетсе: «майга — сүткө, жаңы этке чака» деп ырымдап коёт. Тилин тиштеп алса, жакын адамдарынан ачка калган окшойт деп жоруйт.

(2) Айбан белги ырымдары:

Ат байлалуу турган жерден куйругун чачып берсе, узун жол басат; ат кошкурганда: «түшө, түшө» деп, колго камчы менен чаап коёт; жылкы мурдун тартса, жамандыктын белгиси деп, жаман жышаана көрөт да «шиш мурдуңа»- деп ырымын кылып коёт;

Төө бышкырынса, жаан же кар жааштын белгиси катары көрөт;

Кой беймаал үрксө, короону ысырыктап коёт; кой түйнөк болсо, сойгондой төрт бутунан жиремиш болуп ырымдап: «чык түйнөк, чык түйнөк!»- деп жеңил нерсе менен ургулап айдактап коёт.

Түлкү ийнин карап отуруп үрсө котур болот;

Ит беймаал улуса: «ниетиң башыңа көрүнсүн, кет!»- деп итти таяк менен уруп ырымдайт; ит мурдун тартса: «мурдуңа шиш!»- деп бек айтып ырымдап, тап берип алыска кууп жиберет. Ит чөп жесе, «илгери басардын ити чөп жейт. Кедээри кетердин келини ууру кылат»,- деп жакшылыкка ырымдайт;

Корозбеймаал чакырса, короз түндө чакырса: «жамандык сага көрүнсүн!»- деп мойнун үзүп таштайт;

Шум куш — эчки маарек, баюулу, бабырган дегендер үн салса, ошол доош чыккан жакка чычала ыргытып, кыйкырык салып: «караңгы түн менен кет; кара суу менен кет. Чаңдаган көл менен кет, чаңырган үн менен кет!»- деп ырымдап коёт;

Сагызган сайраса: «ак сүйлөсөң оозуңа майлуу бок, кара сүйлөсөң оозуңа темир ок!»,- деп угуза айтып ырымдап коёт;

Үйгө жылан кирсе : «ак жалгасын, жакшылык болсун!» деп ак чачылып, секин үркүтүп, шилеп талаага айдап жиберилет.

(3) Үй ичи белги ырымдары.

Үйдүн туш тараптары жана үй эмиректердеги белгилерге караткан ырымдарды көрсөтөт.

Төр. Үйдүн эң оорактуу, аяр мамиле жасалар тарабы. Төргө күйөө- келин , жаштар олтурбайт, түндөсү төргө орун салып жатпайт. Азадар ургаачылар төрдөгү жүктү карап (тетири карап) кошок кошот. Демейде, төрдү карап олтурууну шүйкүмү бузуктук катары ырымдайт.

Улага. Үйдүн оорагы пас, «басырык» тарабы. Улагага улууларды, кыздарды олтургузбайт. Улагага казан- аяк жана тамак- аш коюп албайт. Улагада олтуруп тамак ичпейт.

Эр жак. Үйдөгү эр бүлөлөрдүн орду болуп, эр жакка мейман ургаачылар олтурбайт. Эр киши өлсө, сөөгү көшөгөлөнүп эр жакка коюлат. Эр жакка казан- аяк, чөгүн коюлбайт.

Эпчи жак. Үйдөгү ургаачы бүлөлөрдүн орду, казан-аяк жак болуп, эркек кишилер эпчи жакка өтпөйт, эпчи жакка олтурбайт. Ургаачылардын сөөгү эпчи жакка көшөгөлөнүп коюлуп узатылат. Эпчи жакка ээр- токум сыяктуу ат жабдыктары коюлбайт.

Коломто. Үйдүн как чордону, коломто адамзат сыйынган оттун орду. Үйдүн ырыскы-шыбагасы чогулган жер, кут үйдүн коломтосуна түшөт имиш. Коломтого балит нерселерди таштабайт, күлдү басырыкка төкпөйт. Көчкөндө, коломтону тазалап, коломтого май тамызып көчөт. «коломтону булгагандын аягы сай таппайт, күлү дөдө болбойт» деген акылыя сөз чыккан. Коломтонун бою таза кармалгандыктан, тамак көтөрүү эм-домун иштегенде, коломтонун боюндагы жерге колдун учун үч жолу тийгизип, тамакты көтөрүп домдоп коёт. Коломтодогу отко суу куюп өчүрбөйт. Коломтодо отту өчүрүүгө туура келсе, өзүнүн чычалалары менен чабыштырып өчүрөт. Коломтону аттабайт.

Түндүк. Коломтонун как үстү, үйдү көтөрүп турган ыйык жер. Түндүктү көтөргөндө, эр жак капшыттан алып көтөрүү, түндүктү аларда да эр жактан керегенин башына баканды тийгизбей алуу ырымдары болот. Эгер керегенин башына бакан тийип калса, жолдо жүк оома болуп калат деп ырым кылынат. Түндүк жабуу күндүзү чүмкөлгөн бойдон калса, үйдө сак адам калбаптыр дегендин шүйкүмү болот.

Чай. Чаманын чоңу чыныдагы чай ичинде тик туруп калкыса, үйгө же ошол чай ичкен кишиге мейман келет экен дегендин белгиси катары ырымдалат.

Бычак. Бычак мизи чалкалап түшсө, короодогу малдан чыгаша болот экен, беймаал мал союлат деген белгиге жоруп, дароо оңдоп ырымдап коёт.

Камыр. Жууруп жаткан камыр табактан ыргыса, үйгө мейман келет деген белги болот.

Нан. Нанды табакка салганда, дасторконго койгондо, аркасы менен коюлса болбойт. Нанды ыргытпоо, тепсебөө керек. Нан жерге түшүп кетсе, дароо эңкейип алып, аны үч үйлөп, тазалап ооз тийүү ырымы болот.

Көлөш. Көлөш чечилген жерде, оозу жерге, таманы үстүнө көмкөрүлүп калса, дароо оңторуп коюлат.

Ич кийим. Тетир кийилип калса, ошол бойдон үч күн кийип, анан оң кийүү ырымы болгон.

Жууркан. Төшөк жыйылбай калса, төшөктө жаткан оорулуунун шүйкүмү көрүнөт. Жыйылган жүк куласа, оомат келет деп ырымдайт.

  1. Убакыт тандоо ырымдары

Бир күн, бир жума, бир ай, бир жылдын ар биринин өзүнчө аталышы жана өзүнүн мүнөздөрү болгон. Ошолорго жараша, ырымдар чыгып, убакыттан пайдалануу, сактануу түшүнүгү менен жашаган. Алардан алып көрсөк:

1) Убак ырымдары

Бир күндүн ар бир убактынын (саатынын) да белгилери бар. Ошого убак тандоонун өзүнчө ырымдары калпташкан. Кыргыз бир күнү- түндү 34 убакка бөлгөн. Ошонун ичинде бир нече убакты ырымдаган. «сааты чыкканда, саат болду», «беймаал убак» деген түшүнүктөр калпташкан.

Саар. Сааркы ырысыкыны улук билүү ырымы бар. Эрте менен күн чыкканга чейин төшөктө жатпоо, себеби, күн чыгардан мурда ойгоо кишилерди тирүүлөр эсебине, жаткандарды өлүүлөр эсебине саналып кетет имиш деген ырым бар. Эрте менен күн кызарса: «элиңди жоо чапкандай күйүн»,- деп ырымдайт.

Түш. Чак түштө бир иш баштабайт жана жолго чыкпайт. Чак түштү сааты тошкон маал, анда ак жол болбойт деп ырым кылат. Чак түштө өлгөн адамдын намазын түшүрбөй, түш оодуруп намаз түшүрөт. Ооруну түш оогондон кийин сурабайт. Түш оогон маал эртесинин маалы катары саналып кетет.

Кеч. Кечкурун күн кызарса: «келиниң эркек туугандай сүйүн»,- деп күүгүмдө жатпайт. Күүгүмдө колуна иш албайт. Күүгүм талашта садага чабуу ылайыктуу. Үч зобал убактында баланы каргабайт, шүйкүмү бузук сөз айтпайт.

Түн. Караңгы түндө, демейде, бирөөнүн үйүнө кирбейт. Жамандык кабар алып киргендин ырымы болот.

2) Күн тандоо ырымдары

Бир жуманын ар бир күнүнүн белгилери бар. Ал белгилер ырымдар болуп, күндү ырым кылгандар анда бекем турат. Бирок жакшы эмес белгилери бар күндөрдү түш оодуруп өткөрүп жиберилди деп эсептейт. Күн тандап ырым кылуучулар түш оогандан кийинкисин эртеңки күнгө карай жоруп эсептейт. «Айдын тогузунда токум салба!» деген тыйым ырымы колдонулуп, ар кандай айдын тогуз жаңысында, сапар тартуу, көчүүгө болбойт деген күн тандоо ырымы болгон.

Дүйшембү. Үй салуу сыяктуу ак ниет иштерди ушул күнгө тандайт.

Шейшемби. Той-төркүн шейшембиде өтөт. Шейшемби жалгыздын күнү деп, жалгыздар тилек тилешет.

Шаршемби. Эм-дом күнү, эмчи- домчулар ушул күнү эм- дом иштерин алып барат. Мал биттөө иши да шаршембиде болот. Шаршемби күнү узун жолго чыкса жакшы болот. Шаршемби күнү той жасабайт.

Бейшемби. Бейшемби күнү суу өйдө көчпөйт. Өлүктөрдүн күнү деп, назыр- чырак, жыт буратуу күнү кылат.

Жума. Жума күнү суу өйдө көчсө болбойт. Жума күнү ылдый карап көчсө, казаны сынат, же катыны өлүп калат деп айтылат. Жума күнү той жасабайт.

Ишемби. «иштин башы — ишемби» болуп ак тилек иштер башталат. Бирок ишемби күнү чач албайт. «ишемби күнү доңуз да кылын жерге түшүрбөйт» деген ырым бар. «жума жааса, ишемби ачылат, ишемби жааса, качан ачылат?» деген жаандын белги ырымы бар.

Жекшемби. Той-төркүн, жакшылыктуу иш баштоо, оюн-зоокторду өткөрүүгө ылайык келе берет.

3) Жыл тандоо ырымдары

Жылдын белгилерине карай, нарктуу жыл жана нарксыз жыл деп атаган. Малчылык, дыйканчылык иштериндеги түшүмдүү, мал чыгашасыз болуу жагы жылдын наркын чендеген. Кыргыз 12 айды атаган айбандардын мүнөзүнө карай, мындай жоромол кылып, ошол жылдын мүнөзүн эскертип:

Чычкан жылы. Нарктуу жыл келет, эгин түшүмдүү чыгат, мал семиз болот, эл ток болот;

Уй жылы. Уйдун өзүнө жакшылыктуу болбойт, уйга багуу жукпайт, уйга кырсык көбүрөөк келет;

Барс жылы. Согуш көп болот;

Коён жылы. Жыл жеңил келип, тумоо-бучкак аз, нарктуу жыл болот;

Улуу (балык) жылы. Жаанчыл келип, шамал аз чыгат; жылан жылы. Ышкырыктуу жыл болуп, шамал көп чыгат. Кырсыктуу, согуштуу жыл болот.

Жылкы жылы. Шамалкөй жыл болуп, жут жыл келет.

Кой жылы. Нарктуу жыл болуп, элде токчулук, заманы мамыр болот;

Мечин (маймыл) жылы. Жеңил, нарктуу жыл болот;

Тоок жылы. Жут көбүрөөк болуп, ачарчылык болот.

Ит жылы. Бир кыйла нарктуу келип, токчулуктун жылы болот. Урушчаак жыл болот.

Доңуз жылы. Өтө нарктуу жыл болуп, мал семиз, эл ток, заман тынч өтөт.

  1. Түс тандоо ырымдары

Кыргыз ырымдарынын ичинде түс тандоо, түстү жашоосуна, болуп да жакшылык, жамандыкка карата жоруп, ырымдап колдонуусу өтө күчтүү болгон. Түс тандоо кыргыздын улуттук мүнөзүн айкын көрсөтүп бере алган. Анда, түстөр жөнүндөгү ырымдар менен таанышалы.

1) ак түс. Адалдыктын, тазалыктын, жакшылыктын, калыстыктын түсү деп ырым кылат. Ар кандай жакшылыкка ак байлайт: жаңы тигилген өргөнүн чамгарагына; насилге койгон ата малдын көкүлүнө; тойго арнаган малдын мойнуна ак кебез байлайт. Жакшылык күндөрү ак жоолук салынат, ак элечек кийет, ак калпак кийет; жакшылыкка ак чачылат. «ак иш, ак нээт, ак сүйлөө, ак көңүл, ак жүрөк» деген сөз айкаштары колдонулат.

2) кара түс. Жамандыктын, караңгылыктын, азаптын, азаанын, жоонун (кара жоо), кастыктын белгиси катары карайт: күйөсү өлгөн аял кара кийет, «эр намыс үчүн жоого тийет, катын намыс үчүн кара кийет»; «караң күн башка түштү, карандай какшады» деген сөз айкаштарындагы «кара» эң жаман күндү элестетет. «кара санаа, кара көңүл, кара жүрөк, кара нээт, кара өзгөй» деген сөз айкаштары «бузуку, жаман, мээрсиз» деген өтмө мааниге өткөн.

3) кызыл түс. Боорукерликтин, кайрымдуулуктун, жаштыктын, кыздардын символу катары карайт. «кызыл» уяңдыктын, уялчаактыктын түсү болуп: «бети кызаруу, бетинин кызылы бар» деген сөз айкаштары менен туюнтулат. «кызыл» ургаачыларга өкүлдүк кыла турган түс болуп: «кызылды көрсө кыя өтпөйт», «агынан уул, кызылынан кызы бар» деген учкул сөздөн көрүнөт. Аштыктын түшүмүн кызыл атайт. Үйдүн ичин кызылы көп жасап «кызыл- тазыл үй» мээрлүү көрүнөт.

4) көк түс. Сыйынуунун, эм-домдун түсү, бийиктикти, тажаалдыкты туюнткан түс, катары каралат. Асманды «көк» атап, көккө, көк теңирине сыйынылган. Көк бээни «ак боз» атап, түлөөгө, антташууга чалган. Көк чыбык кыйып антташкан. Көк ташка олтуруп каргаса, каргыш катуу тийет деген түшүнүк болгон. «көгөрүү, көк бет, көк» сөздөрүндө «өжөр» мааниси көрүнөт. Көк бышкандыктын, көкшүндүктүн түсү болуп, жашангандар (улгайгандар) тебетейинин төбөсүн, калпагынын кизегин көк түстүү кездеме менен жасаткан. Жашанган киши кайтыш болгондо, анын үйүнүн чамгарагына көк желек сайган.

5) жашыл түс. Көркөмдүктү, жаңылыкты, жаштыкты туюнткан түс. Жашыл көбүнчө жайкы көрүнүшкө, өсүмдүктүн молдугуна өкүлдүк кылат. Жаштар калпактын ичине жашыл, кызыл топу кийинет.

6) сары түс. Эскиргендиктин, санаанын, оорулуунун түсү болуп, сары түс кыргызга жагымдуу түс эсептелбейт. «сары журт, сары короо» дегендер эски журтту туюнтса, «сары санаа» убайымды туюнтат. Сары түстүү малды садагага арнайт. Жакшылыкка сары түстүү нерсени бербейт. Түшүндө сары түстүү нерсени көрсө ооруйт. Сарыдан кийимди сейрек кийет.

7) боз түс. Кошунду түс болуп, ак эмес, кара эмес түстү боз түс дейт. Ал толбогондукту, чонукпагандыкты, көрүмсүздүктү белгилейт. «боз бала, боз катын» деген сөз айкаштары башынан иш өтпөгөн, бышпаган деген маанилерде келет. «боз талаа» дегени да чөбү жок, купкуу талааны көрсөтөт. «өңү боз, кызыл өңү бозорду» деген сөз айкаштары бетинин кызылы качты, кызылы кетип, өңү жок болду деген маанилерде колдонулат. Боз түстү кыргыздар коошабас түс катары ырымдайт. «бозала болуу, бозоруу» болуп айтылат.

8) куу түс. Кошунду түс болуп, кыргыздын ойломунда, кубулмалуу, өңүнөн айныма, көзгө суук көрүнгөн түс эсептелет. Күндө калып, өңүн оңдурган нерселерди куу түскө жоруйт. «куу сөөк, куу жыгач» деген сөз айкаштарында, өңү- түсүнөн ажырап какшаал болгон сөөк менен жыгачты элестетет. «куу» кишиге карата айтылганда, «качан болсо өзгөрүп алма, өңүнөн айныма» деген мааниге иштеткен. «жерди суу бузат, элди куу бузат» ал «ак түстөгү» арам айбандарды «куу» деп атаганы да «актан айныган» деген маанини менен атаганы болгон. Алсак, «куу эшек, куу ит» ж.б. «куу» түсүн «ечтеңкеси жок» деген мааниге иштетип, «куу этек» (бала төрөбөгөн), «куу баш» (баласыз) сыяктууларга колдонгон. Куу түсү жагымсыз түстөргө белги кылынган.

  1. Сан тандоо ырымдары

Сан санагын кыргыздар тээ Эне-Cай доорунан колдонгону андагы ташка тамга баскан жазууларында турат. Кыргыздар жуп санды туюк сан катарында караган да, так сандарды калыстык сандары, алсак, жуптар биригип алса, так калганы ортодо калыс болот. Так сандар төлгөнүн сандары, ырымдардын сандары катары колдонулган. Так сандар өсүүнүн, көбөйүүнүн сандары болуп, «бир жуптан ? ургаачы- эркектен, бирөө чыгат», көбөйөт деген түшүнүк боюнча так сандар ыйык каралган. Табиятты байкаганда, ай санагында, так сандардан «тогуз, жети, беш, үч, бир»лерди айдын аттарын атоого тандап алган. Дегинкиси, так сандарды ыйык сандар деп ырымдаган.

1) Бир

Так сан, сандын башталышы, жалгыз деген маниде. Жаратканды теңөөсү жок ? жалгыз, күн жалгыз, ай жалгыз, жер жалгыз, адамда бир эле баш, бир ата, бир эне, «туулмак ? бир, өлмөк бир» бир ыйык сан болгон. Кыргыздар жалгыз баланы аздектеп, анын көөнүн көтөрүү, кимдин баласы болсо да «жалгыз туяк» деп аёо мамиледе болгон. Жалгыз кызга эм-дом иштерин жасаткан. Жалгыз даракты кыйбайт, жалгыз кайберенди атпайт.

2) Үч

Так сан. Үч саны үч бурчтук менен белгиленген. Үч бурчтук кебете жүрөктүн элеси катары касиетке өткөн. Корккондорго жүрөк кошуу максатында, үч бурч тумар жасаган, үч бурчту дайыма «тумарча» кыргыздын ыйык белгиси болгон. Кыздын кулагынан алгач көзөп, сөйкө салганда үч бурчтуу күмүш сөйкө салган, туштуктун жүрөкчөсү, аяк каптын, баштыктын жапкылары жүрөкчө, үч бурч болгон. Шырдактын оюулары, ак карасы, сайманын түрлөрү үч бурчтуктар менен болгон. Болуп да, «үч журт» өтө кадырланат ? ата журт, аны «илиги» деп атайт; тага журт, аны «жилиги» атаган; кайын журт, аны «моюну» деген. Ар кандай адамдын ушул үч журту «илик, жилик, чатыш» болуп, качан да болсо, ошол адамга түз байланат.

3) Беш

Так сан. Колдун салаасы беш болгонуна, адам «беш пай пир» тутунганына беш саны ыйык болгон.

Адамдын беш пай пири:

  1. Жери киндик кан төккөн жери, ата мекени, учкан уясы болуп, адам эмес, «түлкү уясын карап үрсө, котур болот» делип, пир тутунган;
  2. Атасы — ата, чоң ата, таята, кайната, аяш ата, киндик ата, өкүл ата болуп айтылып, аталардын алдынан кыя өтпөй пир тутунган;
  3. Тайы — бүт эле энесинин уругундагылар болуп, «эр тайын тартат, ит атасын тартат» деп, адамдарды тайына карай сапатын белгилесе, ар кандай адам тайын пир тутунган;
  4. Эли аталаштар, уругу, уруусу, улуту, тектеш улуту, бир адамзат дегендерди эл атаган. «эл деген мазар, элден чыккан азар» деп, элге тил тийгизбес ыйык көргөн;
  5. Устазы «а нын» сыныгын үйрөткөндөн тартып, билим берген мугалими, усталыкка, уздукка үйрөткөн устасы, саяпкерлик, мүлүшкөрлүккө үйрөткөн, мергенчилик, малчылык, дыйканчылык өнөрлөрүн үйрөткөн устаттары, комузчулукту, ырчылыкты, жомокчулукту үйрөткөн тарбиячылары устаз аталган.

4). Жети

Так сан. Кыргыздар ыйык сандардын ичинде өтө эле ыйык, көп колдонулганы ушул жети саны болуп эсептелет. Кыргыздын ойломунда, бир ай жети күнгө бөлүнүп, ар бир күндүн өзүнчө касиети кайталангандыктан, атап айтсак, дүйшөмбү өз касиети, ишемби касиети менен жети күндө бирден көрүнгөндүктөн жети саны ыйык сан болуп колдонулган түрү бар. Кыргызда жети атасынын атын билүү, ал жети атасын: «ата, чоң ата, баба, кубаары, медери, жотосу, жетеси» деп атаганы, кыргызда жети саны ата- жотосунун саны катары өтө ыйык сан болгону көрүнөт. Кыргыз ырымында: тилек тилеп жети күн мойнуна бото байлануу; жети чыбык сындырып антташуу; төө тууганда, жети күнгө чейин үйдөн от чыгарбоо; өлгөн кишиге жети кетмен топо салуу; нооруз көжөгө жети даам салуу; айтта «жети кадам басып, жети үйгө айттоо»ну парыз көрүү; ырымдап турбаган баласын бирөөдөн сатып аларда, ал кишиге жети күн бактыруу, сатып аларда жети нерсенин атын айтып сатып алымыш болуу; бертикке, ырымга ун сураганда, жети үйгө баш багып суроо; тушамыш кыйдырганда, жети бала чуркоо; жаңы келин кайнатасына жети күн жүгүнүп көрүшүү; жаңы келин жети күн эрте менен жети үйдүн түндүгүн тартуу сыяктуулар бүт жети менен белгиленген. Жети мүчөл жаш (85) өтө ыйык мүчөл болуп, андан кийин жашын, мүчөлүн санабай, «жети мүчөл жашаган адамда эмне сын бар…» деп ырымдаган.

5). Тогуз

Так сан. Ыйык санынын бирөө. Тогуз саны кыргыз ойломунда, көптүктүн, көбөйүп арбуунун сандык ойлому болуп, тогуз ай, тогуз күн, тогуз саат курсак көтөрүү, толгоосун да «тогуз толгоо» деп атаганы, ошол тогуздардан улам баланын төрөлүшү, көбөйүшү болгондуктан, тогуз ыйык сан болсо керек. Дагы бир өзгөчөлүк, «тогуздап» деген туунду уңгу менен «көптөгөн» деген маанини туюнткан. Тогуз өтө ыйык болгондуктан, «айдын тогузунда токум салба!» деген тыйым ырымы колдонулуп, ар кандай айдын тогуз жаңысында, сапар тартуу, көчүүгө болбойт деген күн тандоо ырымы болгон. Кыргыз ырымында, баланын кыркын чыгарганда, тогуз чөмүч суу куюп, тогуз ууртап жуунткан. Баланы жаңыдан бешикке салганда, бешикти тогуз катар нерсе менен жаап, терметкен.

6) Кырк

Жуп сан. Кыргыздар жуп сандардын ичинде ушул кырк санын ыйык сан катары караган. Анын ыйык сан болуп калышы, эң негизкиси, кыргыз тутуму кырк уруудан куралышы менен тыкыс байланыштуу болушу мүмкүн. Кыргыздын ооз эки чыгармачылыгында, окуялар 40 күн, бир нерсенин мөөнөтү 40 күндүк болуп айтылышы 40 санын аздектегени эле. Кыргыз ырымында: баланын 40 күндө кыркын чыгаруу, анда 40 кашык туз куюп жуунтуу, кырк курак чапан кийгизүү, кыркына чейин жуунтпоо, атын атап чакырбоо сыяктуу ырымдар иштелген; өлүүчүнү жайына койгондон кырк күндөн кийин ичи жарылат деп эсептеп, кыркын өткөзүп, рухуна бата кылдырган, азадарлар сакалын алган, жакындары чай ичирип барган; кыргыз эсепчилигинде, кыш чилде 40 күн, жай чилде 40 күн, үркөрдүн жерге кириши 40 күн болуп саналган. Кыздын чачын 40 чач атап, «кыздын кырк чачы улуу» деген нуска болуп айтылган. Кыздын кырк чачы: жаак чачтары үчтөн алты тал; төбөсүнө экиден төрт тал, арка (кежиге) чачын тегерек отуз тал майда өргөн; кыздын кырк тал чачын ак (пахта) менен учтап, мончок өткөрүп бекиткен.

  1. Жак ырымдары

Кыргыздар өзүнүн бет жагын «алды жак», бет жагынын тетири жагын «арка жак», оң кол жагын «оң жак», сол кол жагын «сол жак» деп белгилейт. Бул адамдын жактары өзүнүн жашоосунда көптөгөн ырым- тыйымдарды калпташтырган.

1) Алды жак. Адамдын бет маңдайы, басар жолу бар жагы, күрөш кылуу, ар кандай нерсеге бет келүү жагы, жетер максаты катары карап, келечекке өкүл кылат. Алды жакты ырыскы, дөөлөт катары ырым кылат. Ошого, «алдыңды мал бассын, аркаңды бала бассын!» деген батада, алдында айдаган малы болсун, аркасында ээрчиген баласы болсун деген маанини туюнтканы болгон.

2). Арка жак. Көмүскө жагы болуп, арка жак, көбүнчө, тарыхка, салымга өкүлдүк кылат. «аркаңда эмнелер калды?», «аркаңда ээрчиткениң барбы?», «изин басуу» деген сыяктуу сөз айкаштарында, арка жак тарыхка ырым кылынат.

3) Оң жак. Кыргыздар ырымында, оң жакты ийгиликтин башталуу жагы эсептейт. Кийимди оң жак жеңинен мурда кол салат. Эшиктен кирерде оң жак бутту мурда босогодон аттайт. Тамакты оң колу менен жеп, оң колу менен сунат. Көрүшкөндө оң колун берет. Эр киши аялынын оң жагында жатат. Унаага минерде, оң бут унаага мурда артылат (унаанын сол жагынан өзөңгүнү сол бут менен тээп, оң бутту ээрге мурда чыгарат). «оң жак» дегендин дагы бир мааниси «эптүү жак» дегенди түшүндүрөт. Мисалы, унаанын «оң жагынан мин», малды «оң жагынан саа» дегени эптүү жагынан мин, эптүү жагынан саа дегени болуп, ал унаанын, малдын сол жагын көрсөтөт. «ишти оң кыл», баланы бешикке салып бөлөп: «оң! оң!»- деп терметкени бүт эле «жакшылыкка бурул» деген маанини берген. Адамдын оң жак мүрүсүндө периштеси жүрөт экен да, сол жагында шайтан жүрөт экен. Кыргыз ойломунда «оң жак» жакшылык жак деген түшүнүктү берет.

4) Сол жак. Тетири жак. Тамакты сол колу менен жеген, ишти сол колу менен иштеген адамдарды «сологой» атап, айыңдаган. Баланы кичинесинен сологой болбоого үйрөткөн. Тамакты сол жагынан сунбайт. Унаанын оң жагынан мингенди тетири жагынан минди деп айыңдайт. Адамдын сол жак мүрүсүндө шайтан жүрөт экен да, ал дайыма азгырып турат экен. Кыргыз ойломунда, «сол жак» тетири жак деп каралып, сол жактан башталган иштер тетири келет деген түшүнүк болгон. «сол кол көтөн аарчыга жарабайт».

  1. Тумар ырымдары

Кыргыздар үч бурч кебетени тумар катары карайт. Ак жоолукту үч бурчтап башына салынат. Кыздарга кулагы көзөлгөндө, үстү чоң үч бурч, асты кичи үч бурч келген сөйкө тагат. Тумар кылынган капттардын бардыгы үч бурч болот. Шырдактын кыюулары үч бурчтук болуп оюлат. Туштуктун, аяк каптын жапкычтары үч бурч болот. Саймаларынын өрнөктөрү, кийимге, кол жоолукка сайганда бурчтарына үч бурч сайма түшүрөт.

Бой тумар, көз мончок, түлкүнүн тумшугу, чөөнүн териси, жети кара таш, долононун бутагы, жыландын мүйүзү, бөрүнүн чүкөсү, бөрүнүн тырмагы, үкүнүн саңоору, бөрүнүн шыйрагы сыяктууларды коргоочу, сактоочу катары тумарлыкка урунган (ырымдары кыскартылды).

  1. Эм- дом ырымдары

Кыргыздарда кандайдыр бир оору- сыркоо болсо, аны эмдеп-домдоо аркылуу арылтууга болот деп ырымдаган. Илээшкен, мээнет-балакеттерди домдоо ырымы менен айыктырып алгалы болот деп караган. Алардын атын гана атоого туура келди:көз үйлөө, тиш үндөө, илдетти көчүрүү, илме, кыйма, тилме, тирсек, чыйкан, темир өткү, моюн ооруса, тамак ооруса, шор пакта, быжы, эмгегин катыруу, итийи болгонду, сук киргенди, тил тийүү, көз тийүү, учунуу, кара басуу, чочуу, жүрөк мончок куюу, апаптоо, ык тутуу, тилине тибиртки чыгуу, түтөгүү, садага чабуу, суу тегеретүү, ысырыктоо, арбашуу, кара курт чакканда, чечек чыкканда, сөөл чыкканда, бөрү жатыш чыкканда, талымага, бертик суроо, көк жөтөлгө ж. б. у. сыяктуу оору- сыркоолордун ырымдары иштелип (ырымдары кыскартылды), аны ар кандай аракеттер менен эмдеп-домдоо жумушун иштеп, ооруну жеңил сезиндирүү максатын көздөгөн. Андан бөлөк, ашык сүйлөсө, суук сөздөрдү оозуна алса, «түф! түф! түф!»- деп үч жолу жерге түкүрүмүш болуп коюу сыяктуу ырымдар колдонулган.

 

Ырымга майнап

Эл ичинен чогулткан ырымды жогорудагы 10 чоң түргө бөлүп тааныштыруу далалатын жасадык. Ушул түрлөрдөн караганда, эл ичинде колдонулган ырымдар жекелик ырымдар, уруулардын ырымдары жана жалпы улутка орток болгон ырымдар болуп бөлүнөт экен. Бирок бул жолу биз тааныштырып олтурган бул ырымдар улутка орток болгон ырымдар негизги орунду ээледи деп айтса болот. Себеби, калем ээси, бир канча жылдан бери, Кыргызстандын кээ бир райондорун (мисалы, Чоң Алай, Ысы-Көл) айланасындагы кыргыздардын кепкорлору жана жуңго кыргыздары отурукташкан, Актоо, Улуучат, Акчий, Артыш сыяктуу оодан, шаарларда атайын сурамжалдоо аркылуу ушул ырымдардын ортоктук жактарын ырастоого жетишти. Ал эми, майнап сөздө өзгөчө белгилей турган бир жайыт, ырымдардын көбү эчак эле салтка айланып, кээ бир ырымдар атайын аземдерде колдонула турган олутка жетишкен. Ал кээ бир ырымдар элдин эсинен көтөрүлүп, өчүңкү сүрөттү тааный албай бүшүркөгөндөйабалга тушуккан. Ал кээ бир ырымдар бурмаланууга соктуккан. Ушундай абалдардын ажатынан улам, бул макала жазылып, журнал аркылуу дагы бир жолу пикир алуу максатында жарыяланып олтурат, буюрса, бул жолку пикир алуудан соң, «кыргыздын ырым жана тыйымдары» аттуу китеп басмага сунулмак. Дегинкиси, бул макала узун болуп кеткендиги көрүнүп эле турат, бул айласыздык, тыйым жана ырым экөө тыгыз байланыштуу болгондуктан, бөлүп жарыялоо окурмандын түшүнүгүнө будооболот дегенден болуп калды. Чын эле тилдин учуна келгенде, айтарым, кыргызда «ырысы жоктун ырымы көп» деген макалына кээ бирөөлөр жаздым түшүнүп, жалпы эле ырымга көөн суута турган абалдар да жок эмес. Ырымга карата бул макалдын чыгышына, кээ бир жеке ырымчылдардын жоругу себепчи болгону бар. Алып айтсак, өзүнө арналбаган тамакты ооз тийүү (сук кишилер), күнүмдүк айыл болуу турмушунда, жөн эле алды- бердидеги ырымды көбөйтүп, мамиле буза турган, ал тургай, балит жердеги даамды оозуна сала турган, болуп да, бирөөгө жамандык ырымдарды шилтеп, жамандык ырымды бирөөгө иштете турган жоруктар болуп келген. Атап айтканда, «ырысы жок кишилер» ырымды арбытып, адамдарга үкүс кыла турган абалдар да жок эмес. Ал эми «ырыстуу кишилер» ырымды адамга, анын рухуна пайдалуу жагын тутунуп, өзүн ырымдар аркылуу тазартып, кынапка салып, бала- бакырасына, элине жакшылыктарды каалай тургандар болуп эсептелет. Ошого, ырымды колдонгондо, «ырысы жоктор» катарында, обу жок ырымчыл болуп албай, «ырымга да асылып албай, ырымсыз да жүрбөй» ырымга ата- бабанын каадалары катары мамиле карманган оң деген сунуш менен сөздү байытайын.

 

Тыйым жана ырымдарды эл ичинен сураган кишилер:

Кыргызстан Чоң-Алай районунан: Париз Кудайбергенова, Курсанбай Жапаров, Насирдин Туйгунов, Мейилкан Миталипова; Ысык- Көл жээгинен: Алтынбек Нургазиев, Дүйшеке Орозбаев.

КНР Актоо ооданынан: Нижат Айтмамет уулу, Айтбай Турду уулу, Ташполот Токтобек уулу, Бакир Мамет уулу сыяктуулар. Акчий ооданынан: Маша Токтосун уулу, Сейтакун Жумакун уулу, Абдыкерим Асан уулу, Асан Ысмайыл уулу, Мамбетокто Жунус уулу, Жасын Мамбет уулу сыяктуулар. Улуучат ооданынан: Тойдалы Базарбай уулу, Маметасан Маметжусуп уулу, Жамшыт Маметибирайим уулу, Жумабай Маметназар уулу, Тору Абдыкадыр уулу, Маметысак Жөргөлөк уулу, Эмин Көчкөнбай уулу, Жумабай Ыраңгазы уулу, Марпат Куту кызы, Турдубай Өмүрбай уулу, Дүйшө Казы уулу, Турсун Маметжума уулу, Мамбет Мамбетали уулу, Пазылат Абдыкадыр кызы, Мамбет Макеш уулу, Үсүп Токсува уулу сыяктуулар.

 

Пайдаланган эмгектер:

  1. Анвар Семед Корган түзгөн «Уйгурларда перхизлер» деген китеп, «шинжаң эл басмасы»нан 2007- жылкы басылышы
  2. Гулнар Токен кызы түзгөн «Казактын миң бир ырымы» аттуу китеп, «иле халк баспасы», 2009- жылдык басылышы.
  3. Зигмунд Фрейд жазган, Лияң Венхуа ханзучага которгон «Тотем жана тыйым» аттуу китеп, «борбордук түзүү- которуу басмасы» 2010- жылдык басылышы
  4. Айтбай тегин Кален Асанакун уулу, Мамбетасан Мамыт уулу «Кыз атоосу жана кыз тарбиялоо» макаласы, «Тил жана Котормо» 2007- жылдык 1- сан

Айтбай тегин Кален Асанакун уулу «Ак үй жана анын жасалгаларынын аталмалары» макаласы, «Тил жана Котормо» 2007- жылдык 2- сан

  1. Мамбетасан Мамыт уулу «Кыргыз салты ыйык сандар менен ыроолонот» макаласы, «Тил жана Котормо» 2008- жылдык 1- сан
  2. Тору Абдыкадыр уулу «Ак үйдөн сөздөр» макаласы, «Тил жана Котормо» 2010- жылдык 2- сан
  3. Маметтурган Абдыраман уулунун «Кыргыздардын тыйым- ырымдары» аттуу макаласы, «Тил жана Котормо» 2010- жылдык сандар жана 2011- жылдык 1- санда жарыялангандары

Аягы.

Макелек Өмүрбай уулу Кармыштегин,
КНР «Тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору
филология илимдеринин доктору

“Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.06.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий