Лаура Хамильтон: Кыргыз адабиятын жогору баалайм

Шотландиялык адабиятчы, редактор Лаура Хамильтон кыргыз тилинен англис тилине которулган төрт китепке редакторлук кылган. Ал эгер котормо мыкты болсо, анда кыргыз адабиятына Европадагы окурмандар арасында кызыгуу чоң болмок деп эсептейт.

Би-Би-Си кабарчысы Ибраим Нуракун уулу Хамильтон менен маектешип, Кыргыз адабияты менен Батыш адабияты ортосунда кандай айырмачылыктар же окшоштуктарды байкай алдыңыз? – деп сурады.

Лаура Хамильтон: Биринчи жолу айырмачылык абдан чоң деп ойлогомун. Кыргыз адабияты бул өлкөнүн адат-салттарына, жерлерине бекем байланган. Дээрлик бардык чыгармаларда ошондой жергиликтүү үрп-адаттар, Ата-Журт темасы бар. Британ жазууларынын чыгармаларында болсо андай туулган жерге кайрылуу азыраак жолугат. Бирок, ошого карабастан, окшоштуктар көп. Айрыкча Шотландия адабияты менен Кыргызстан адабияты абдан окшош. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын редакторлогонумда тоо, суу, дайра темасы ар дайым көңүл борборунда болоорун байкадым. Жакында эле Шотландия жазуучусунун бир китебин окуп калдым. Тоо-таш, турмуш-тиличилик, малчылык – баары бирдей экени көзгө урунду. Адамдардын жаратылышка болгон мамилеси, жылкы менен адамдын ортосундагы байланыш – мунун бардыгы Кыргызстан, Шотландия, Ирландиянын адабиятындагы орток баалуулуктардан кабар берет.

Би-Би-Си: Кыргыз адабияты менен Британ адабиятынын ортосунда тил айырмачылыгы жок деп элестетип көрсөк. Мисалы, бул эки эл тең бир эле тилде сүйлөй алат деп коелу. Мына ошондой шартта кыргыз жазуучуларынын чыгармалары аглис тилдүү окурмандарга кызыктуу болор беле?

Лаура Хамильтон: Ооба. Сөз жок. Эгер котормо мыкты болсо, кыргыз тилиндеги чыгармаларга кызыгуу чоң болмок. Котормонун сапаты абдан маанилүү. Анткени кыргыз адабияты укмуштуудай кооз. Ар бир улутта болгондой эле кыргыздарда дагы чыныгы устаттар жана жаңыдан чыгып келе жаткан жазуучулар бар. Кишилерди жана алардын салт-санааларын, турмушун башка планетадагы адамдардыкындай кылып көрсөткөн котормолор жарабайт. Англис тилдүү окурмандар дагы чыгарманы окуганда кыргыз тилининин даамын татып, сөздүн күчүнө арбалгандай болушу керек. Андыктан, же сапаттуу котор же тап-такыр которбо.

Би-Би-Си: Бирок, жергиликтүү жазуучулардын арасында кыргыз адабияты кризисте деген пикирлер дагы бар. Сиз үч-төрт кыргыз китебин англис тилинде редакциялоого катышыпсыз. Кыргыз адабиятынын азыркы абалы кандай деп ойлойсуз?

Лаура Хамильтон: Мен балким эң мыкты чыгармаларга туш келип калсам керек. Буга чейин Кыргызстандын эл жазуучусунун төрт китебин редакцияладым. Ал кара сөздүн чыныгы устаты деп айтаар элем. Менин баам абдан жогору. Жаш жазуучулардын дагы чыгармаларын карап көрдүм. Айрымдарынын аракеттери жакшы. Бирок, китептин баарын эле басууга болбойт. Бул адабият үчүн опурталдуу. Себеби, сапаты төмөн чыгармалар рынокту ээлеп алса, анда мыкты чыгармалардын суурулуп чыгышына тоскоол болот. Адабияттагы кризис бул дүйнөлүк проблема болуп турат. Жаш адамдар китеп окубайт. Алар интернетке олтура калып эле, көз ачып жумганча эле билимдүү жана маданияттуу болуп калгылары келет. Алар китепти барактап, китепканаларда өмүрүн өткөрүүнү каалабайт. Демек, улуулар компьютер тиктегиси келбесе, жаштар китепти ачкысы келбесе, анда кризистен чыгуунун жолу катары эки тарапка тең ыңгайлуу бир нерсе табыш керек. Келгиле андай болсо, китепти алардын компьютерине, планшеттерине өткөрүп берели!

Би-Би-Си: Сиз кызык ойду айттыңыз. Көптөр заманбап технологияны, айрыкча интернетти китептин душманындай көрүшөт.

Лаура Хамильтон: Ооба. Заманбап технология адабиятка тоскоолдук кылбайт, ага курал катары кызмат кылышы керек. Адамдар ар дайым өзүнүн башынан өткөн окуяларын айтып берүүгө муктаж. Поп музыканы алсак, анда ыр саптары бар эмеспи. Телекөрсөтүү, кино – мунун бардыгында адамдын башынан өткөн окуялар баяндалат. Андыктан, жаш адамдарды кызыктыра турган жооп таап, китепти окутуу керек. Биз мындан башка айла жок экенин мойнубузга алышыбыз керек. Аларга каршы күрөшүүнүн ордуна, аларды адабиятка шыктандыруунун жолдорун издейли. Алар дагы жазсын, окусун. Китепти эски ыкма менен басып чыгарып, 18 жаштагы баланы оку деп кыйнагандын кажети жок.

“ВВС” Кыргыз кызматы, 16.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий