Тоту кыз менен кучкач бала

(уламыш)

Кучкач бала менен Тоту кыз кичинекей кезинен баштап бирге өсүп, бирге чоңоюшуптур. Бир-бири менен абдан ынтымактуу экен. Көчөдө да, үйдө да, эгиз козудай ээрчишип жүрүшчү дейт. Жылдар жылып, ал экөө тең чоңоюшуптур. Тоту кыз суйсалган сулуу кыз болуп, Кучкач бала да эр жетип калыптыр. Эми алар баш кошуу, бирго өмүр сүрүү жөнүндө кыялдана башташыптыр.

Бирок экөө тең колунда жок кедейлердин балдары болгондуктан, өз мүдөөсүн ишке ашырууга такыр шарты, мүмкүнчүлүктөрү келбей, арманда жүрө беришиптир. Ушу кезде айыл башкарган Балбак бай деген адам Тоту кызга көзү түшүп, аны аялдыкка алмай болуп калат. Тоту кыз менен Кучкач бала башка эл, башка журтка качып кетүүгө аракет кылышат. Кыз экөө шерттешип, Улуу Тоодон түнкүсүн эмес, күндүзү эле, чак түш ченде жолукмак болушат.

Тоту кыз менен Кучкач баланын качарын күн мурунтан билип калган Балбак бай жигиттерин чогултуп келип, экөөнү ороп калат. Айла түгөнөт. Too кушундай эркин жашоону самаган жаштар кутулуп кетүүнүн айла-амалын издешет. Тоту кыз көктү карап жалынып-жалбарып жиберет:

— Оо, кудуреттуу Күн! Ай-ааламды кучагына алган Асман! Бизди ушу азаптан сактагын! Куткарып калгын!

Кучкач бала да чөгөлөй калып, Күнгө карай таазим этет:

— Сенден башка аргабыз калбады! Жардам бер бизге! Өз каалашыбызча ээн-эркин жашагыбыз келет! Ал аңгыча Балбак байдын жигиттери жакындап калат. Колдорунда күн нуруна жалтылдаган өткүр кылыч, жаа, найзалары бар. Аяп коёр түрү жок, кармаса соо коюшпайт булар! Тоту кыз менен Кучкач бала кучакташып, зоокадан боюн таштамай болушат. Эң акыркы ирет көздөрүнөн жаш кылгыртып муну айтышат:

— Э-э, айланайын Асман! Куттуу Күн! Бизди куткарып калгын! Эмесе экөөбүз тең зоокадан кулап өлөбүз!

Мына ошондо Күн булардын муң-зарын угуп, жардам бергиси келет. Чагылган чартылдайт, айлана алай-дүлөй болот. Аба аябай үп болуп, демди кысып, ысый баштайт. Суулар шарактап кайнайт, таштар чок болуп кызарат, жер бети алоолонуп күйөт. Балбак бай да, анын жигиттери да заматта күйүп, күл болуп калат. Тирүү жандан бир гана Тоту кыз менен Кучкач бала калат. Кантип? Таң калчу окуя! Көрсө иш мындай болуптур. Тоту кыз үйдөн чыгарында:

— Жол жүрөбүз, жол жүргөндө да мол жүрөбүз, кереги тийип калар, — деп колтугуна катып чыккан нанды так төбөсүнө коюп отура бериптир. Нанга күндүн ысыгы, жалындаган аптабы өтпөптүр. Ал эми Кучкачтын колундагы кетмени көлөкө болуп сактап калыптыр! Мына ошондо Тоту кыз да, Кучкач бала да кетмен менен нанды алаканга салып, көздөрүнө сүртүптүр, эрдине тийгизип туруп, шолоктоп ыйлап жиберишиптир. Күндүн аптабы дароо кайтыптыр. Жер бети кайрадан кадимкидей калыбына келиптир.

— Оо, кудуретиңден кагылайын нан жаныбар! — дептир Тоту кыз, — биздин өмүр азыгыбыз сен болдуң! Өлүмдөн сактап калдың!

— Оо, кереметтүү кетменим! — дептир Кучкач бала, — Нандын, кетмендин касиети ушунчалык күчтүү, ушунчалык улуу экенин эми билип отурам! Сенин кадыр-баркың укумдан-тукумга түбөлүктүү турмуш катары унутулбай кала берсин!

Соц тармактар:

Добавить комментарий