Беш жүз жыл жашаган абышка

(уламыш)

Бул уламышты Кум-Дөбө айылынын жашоочусу Жумалиев Жакшылыктын айтканы боюнча жазгам. Ал киши болсо Мамырбаев Усубакундан уккан экен.

Кочкор районундагы азыркы Кум-Дөбө айылында Төлөк саяк уруусунун балдары жашайт. Илгери, 1900-жылдары ошол уруунун Сейит жана Мамырбай деген адамдары (азыр айылда балдары бар) Кашгарга соода кылып барышат. Соодасы жакшы жүрүп, кайра кайтып келатканда бир коктуда тигилип турган 5-6 боз үйдү көрүшүп, ушул жерге түнөп кетели деп бирине киришет.

Боз үйгө киришсе, төрдөгү төшөктүн үстүндө муштумдай болгон абышка олтурат дейт.

“Ии, келгиле балдар, – деп, – ай, балдарга төшөк салгыла, отурушсун” – дейт. Жолоочулар отуруп тамак ичишет. “Ийе балдар, кеп салгыла кай жактан келе жатасыңар, кай жерден болосуңар дейт абышка.

Сейит менен Мамырбай болсо чейин абышканын кичинекейлигине жана өңүнүн жаштай көрүнгөнүнө, аны тейлеп кызмат кылган адамдар андан бир топ кары көрүнгөнүнө таң калышат.

Мамырбай абышкага жооп берип, Кашкардагы соодалары бүткөнүн, кайра Кочкорго кетип баратышканын айтат.

— Ии, Кочкордо Төрт-Күл деген жер барбы? – дейт абышка. Беркилер “бар” дешет. – Андагы жердин астында эки атчан киши кенен жүргүдөй, беш-алты кез тереңдикте Шамшынын белин көздөй кеткен 5-6 чакырым өткөөл бар эле, ал кароолканадан чыкчу эле, ал кароолкана тегерек там болчу, жана Көч-Чыкчууда кан салык деген бар эле дейт абышка.

Мамырбайлар “Кароолкана-Тегерек там деген бар экенин билебиз. Жердин астындагы жол өткөөлдү жана кан салыкты билбейбиз” дешет.

— Андай болсо, бир окуяны айтып берейин, мен ошол Төрт-Күл чоң шаар болуп турган кезде ошол шаарда жашадым. Бир күнү жердин астындагы жол менен Шамшы жагына чыгып, мергенчилик кылганга чыктым. Бир топ кыр-коктуларды ашып, абдан суусадым, ичейин десем суу жок, жанымдагы тайганым, кушум жана атым да суусады. Суу издеп жүрсөм, бир жерде чөйчөктөй болгон суу булактан агып туруптур. Анан ал суудан өзүм да, атым да, тайганым да, кушум да ичти. Ошондон бери беш жүз жетимиш жыл болду.

Кудайдын буйругу экен, балдар, көрсө, биз ошондо мүрөктүн суусун ичиптирбиз, ошондон бери өлбөй жашап келатабыз. Кийин шаарды кытайлар чапканда бир топ кишилер менен Кашкар тарапка келдик. Ошо күндөн ушу күнгө чейин өзүм торгойдой, атым ыргайдай, кушум муштумдай, итим жаңы тууган күчүктөй болуп жашап келатабыз.

Балдарым мага караганда менден картаң көрүнөт. Бул абышка канчанчы кыбырамдын баласы экенин адашып калдым, 85ке чыкты. Канча баламдан, канча кызымдан, неберелеримден ажырадым. Канча жамандык көрдүм, ошондо деле өлбөй жашап келатам, – деп, абышка сөзүн бүтүрдү. Анан: – Балдар жатып эс алсын, эртең жол тартышат, төшөнчүлөрүн салып бергиле, – деди.

“Баарыбыз жатып калдык. Бирок биз кичинекей кушка, мамыда байланып турган кичинекей атка жана кире бериште жаткан муштумдай итке жана абышкага таң калып, оозубуздан сөзүбүз түшүп, бир топто барып анан уктадык. Эртеси коштошуп, Кочкорду көздөй жөнөдүк, келгенден кийин кароолканага бардык. Көч-Чыкчууга барсак, кан салыгы да табылды. Бирок жердин астындагы өткөөлүн тапкан жокпуз”, – дептир элге Сейит менен Мамырбай.

Бул уламышта айтылгандардын чындыгы бар. Убагында бизге айтып берген адамды видеокамерага тартып алганбыз.

Кайырбек КОҢУРБАЕВ,
«Ыйык Мурас» тарыхый-маданий мурастарды
коргоо жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти,

«Көк асаба», 05.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий