Чыныгы адабияттын нарктарын түшүнө билген Каныбек Жунушев

Каныбек Жунушев – балдар поэзиясындагы эң эле кызыктуу акын. Анын балдар үчүн кыргыз, орус тилинде ондон ашык китеби чыкты, бул жаатта жарым кылымга жакын тажрыйба топтоду.

С.Михалков, Я.Аким, А.Барто, К.Чуковский сыяктуу орус тилинде жазган балдар поэзиясынын «бала болуп калган» жылдыздарынын ырларын кыргызча сүйлөткөн, бул анын өзү иштеп жаткан тармактын спецификасын тереңден үйрөнүүгө шарт түзгөн. Экинчи жагы ал агрономдук кесипти аркалып, топурактаануу боюнча адис болуп, «чымыны» бар Нарын облусунун жаштарына адабий таалимчилик кызматын аркалап, бешене-ыкыбалга ыр эмес, ырынок келген жылдары Кочкордо картөшкө айдап, мал багып, фермерлик менен шугурланып, көп убактысын эл ичинде, балдар чөйрөсүндө өткөрдү, мунун өзү айылдык балдардын турмушуна жакыныраактан карап, тереңирээктен үңүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Балдар акыны Каныбек Жунушев 1941-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө деген айылда туулуп, 1963-жылы Айыл чарба институтунун агрономдук факультетин бүтүргөн. Окуучулук жана студенттик жылдарда ырлары жарыялана баштап, 1964-жылы «Боёкчу» деген кичинекей китеби чыкты. Андан соң 1967-жылы «Кызылчанын баласы», 1968-жылы «Бадыраң кантип үшүгөн», 1972-жылы «Жашыл көпүрө», 1975-жылы «Жылдыздуу асман», 1979-жылы «Байчечекей», 1983-жылы «Зымырык» деген китептери балдар чөйрөсүнө жиберилди. Булардан кийин бир топ көлөмдүү жана акындык жүзүн ар тараптуу ачып берген «Айдың көл» деген ырлар жана поэмалар топтому 1987-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көрдү.

К.Жунушев жыйнактан жыйнакка өсүп, улам чыгармачылык жаңы табылгалар менен өзүн байытып отурган сүрөткер.

Ал – жорук-жоосундарды кылдат сүрөттөп берүүнүн, бала мүнөзүн ичкериден ачып берүүнүн чебери. «Айдың көл» жыйнагы менен таанышкан окурман «Келечекте ким болосуң» деген суроого «пенсионер» деп жооп берген Медер, щётканы көрүп, «жыгачка да сакал чыгабы» деп таң калган Кыдыбай, «8» ди ортосунан «2» ге бөлсө, «0» болот» деген Жанболот, «баарыңарга таанымал эле баалар да» деп күндөлүгүн катып көрсөтпөгөн Турдалы, жирафты көрүп, «ушундай мойнум болгондо эсептен «2» албайт элем, дайым көчүрүп» деген Эсенбай, «ташбакалар мага жетпей калышты» деп мактанган Жаныш, «жамгырга калып суу болупсуң» десе, «мен гана эмес, көл да шөмтүрөп суу болду» деген Элебес, «кышта аюу таманын соруп жатса, анда анын таманы момпосуйдан таттуу го» деген Баялы, «кирпиктерим узун болсо да аны неге көрө албайм», же «булутту кой жүнүндөй кырксам го», болбосо, «Жер Күндү айланса, анда мен да аны айланат турбаймынбы» деп ой жүгүрткөн балдар… кыскасы, ырдан ырга көчкөн сайын кызык да, демейкидей да жаш каармандар менен улам алмашып кездешип отурат. Бир карасаң конкреттүү Медер, Кыдыбай, Жанболот… да, кайра бир карасаң жалпы эле абстрактуу бала. Алардын биринин жоругуна мыйыгыңдан күлсөң, бирине кадимкидей каткырасың, кээ бирине кейийсиң, бооруң ооруйт, эң негизгиси булардын баарынан балалыкты, ошол балалыкка катылган баёолукту көрөсүң.

К.Жунушевдин поэзиясы – балалыктын поэзиясы, ал – балалыктын поэтикалык баянчысы, сезимдердин аруулугуна, наристедей пакизалыкка умтулган поэзия. Ал ырларынын ар бирине өзүн, өзүнүн личносттун аралаштырат. Бир далай акындардын бөбөктөргө арналган ыры узаргандан узарып, баш-аягы созулуп кетсе, Жунушев-акын окурманынын курагын, анын ойлоо, эске сактоо, кабыл алуу, чаалыгуу сезимдерин, ар нерсеге жөндөмдүүлүктөрүн көңүлгө алып, кыска жазат, ал поэтикалык миниатюрада ой жүгүртөт, 4-8 сапта бир шиңгил окуя-баянды алдыбызга таштап берет.

Балдар акыны катары К.Жунушевдин дагы бир өзгөчөлүгү – ырларынын көпчүлүгүндө жапайы жаныбарлардын, үй айбанаттарынын башкы каарман катары катышышы. Алар: үлүл, чычкан, кумурска, мамалак, суур, сөөлжан, жарганат, чакчыгай, күкүк, короз, сагызган, кулаалы, улак, момолой, топоз, торопой, эшек, кой, коңуз ж.б. Булардан биринчи болуп көзгө дароо көрүнгөн нерсе – акын ошол жан-жаныбарларга мүнөздүү белгилерди алат да, жаныбарды жаш окурманга жаныбар бойдон, торопойду – торопой, үлүлдү – үлүл, топозду – топоз бойдон көрсөтөт; экинчиси, эгер жаш окурман маанисине жетип, терең талдап, түшүнүп окуса, автордун айбанаттары адамдардын кейпин кийип тургансыйт, акын кичинекей окурмандары менен «эзоп тилинде» сүйлөшүп аткандай маани байкалат. Мунун өзү балдардын алдына проблемалык суроо койгонго тете көрүнүш: аларды ойлонууга, салыштырууга, окшоштук табууга мажбурлап коёт. Мына акындын жаныбар-каармандары:

Кирип келсе болобу
Таранчы биздин класска.
Ызы-чуу дароо басылып,
Тунжурай түштүк бир азга.
А көрсө, биздин чурулдак
Класстын ичин жарыптыр.
Өзүбүз деп таранчы
Байкабай кирип алыптыр. («Таранчы»)

– Чөп жегенден башка биз
Билбейм, не иш кылабыз? —
Десе, экинчи суур айтат:
– Жана дагы ышкырабыз… («Суур»)

Өзүлөрүнөн бөлөккө
Таң калышып күлүшөт:
– Билишпейби, басканды
Чуркап эле жүрүшөт… («Ташбака»)

Гүл терип жүрсөк кыраңда
Бизди көрүп чөндөлөй,
Молтолоңдоп кубанып,
Бой жашырды тулаңга:
— Биздей эле чөп терип
Жешет тура булар да… («Чөндөлөй»)

Мындай ырлар айбанаттардын жашоо-тиричилигин аңдап билүүдө, алардын мүнөз-аракетин түшүнүүдө балага жардам берүү менен бала – окурман өзүн тиги жаныбар менен салыштырып көрүүгө мүмкүндүк алат.

Адабияттын, анын ичинде балдар адабиятынын ар дайымкы жана түбөлүктүү вазийпасы анын дүйнөтаанытуучулугу, адамдын жана табияттын кандай болорлугун наристелерге, өспүрүмдөргө үйрөтүүчүлүгү. Ошон үчүн балдар адабиятынын өкүлдөрүн агартуучулар деп ардактап келишет. Мындай арка-жүктү мойнуна көтөргөн акын ырларына ушул милдетти ар дайым коюп жана аткарып жүрүүгө тийиш.

Балдардын таанып-билүүсү бөбөк кезде аябагандай тез темп менен өсүп, ар бир көргөн көрүнүш анын жадына компьютердин эстөөсүнө жазылгандай жазылып отурат. Кеп ошол мааламаттардын жана көрүнүштөрдүн кандайча кабыл алынып, баланын «компьютер мээсине» кандайча түшкөндүгү анын кийинки өмүрүнүн чоң шыбагасы болот. Бул кабыл алуу баланын түшүнүгү, анын турмушту көрө билүүсү менен тыгыз байланыштуу. Акындын лирикалык каарманы – баласы өз турмушундагы бир окуяны мындайча түшүнүп, мындайча кабылдайт:

Акен мени бегемот деп,
Айтса күлүп койчумун.
Чындыгында бегемотту
Эч көрөлек болчумун.
Зоопарк келип калаабызга
Барып калдым көргөнү.
Бегемотту тиктей берип,
Эми Акендин сөзүнө
Араң турдум өлгөнү… («Бегемот»)

Ыр менен кошо бизге балалык баёолуктун жыты келип, өзүбүздүн бала күндөргө башбага калабыз.

К.Жунушевдин ыр дүйнөсүнөн кана суу ичкен бөбөк өмүр бою вульгардык «массалык маданияттан» оолак жүрөрүнө ишенүүгө болот, анткени анын ырлары баланы адептик тазалыкка чакырып турган, пакиза, баёо кезинде жакшылыктын үрөнүн биринчилерден болуп сепкен рухий маданияттын баа жеткис кенчи болуп эсептелет. Болгону булардын мууну эми китептерин кеңири чыгарар кезде союз тарап, балдар адабияттары басылбай, чыгармачылык кризистин туманы Ала-Тоону басып калды.

“Заман Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.07.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий