Баланы бешикке салуу ырымы

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоӊ той менен коштолот.Ымыркай киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыӊгайлуу. Салт боюнча бешикти наристенин таенеси алып келет.

Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет. Илгертеден эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган уруктар, тааныштар чакырылган. Жентек делип сары май томурулуп, дасторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек-бечкектерин ала келген коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Баланы бешикке көптү көргөн, көп жашаган, көп төрөгөн дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо, бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо чүкө, камчы салынат. Оӊ-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан которуп «бар бол», «оӊ бол» деп эӊкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөнүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аластайт. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»,- деп алып барып баланы жаткырышат. «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» — деп таӊат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп, дөөлөттүү апа оозуна боорсок тиштеп алып, жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Энеси көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап батасын беришет. Энеси баласын терметип бешик ырын ырдайт.

«Бешик ыры»

Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!

Элин багып, сыйлаган
Эл менен бирге жыргаган,
Эмгекчил болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Калкын багып сыйлаган,
Калк менен бирге жыргаган,
Камкор болгун, бөбөгүм!

Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Өнөрүӊ менен өргө чап,
Эмгегиӊ менен элге жак.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Курулушту куп билген,
Куруу ишин төп билген,
Уста болгун бөбөгүм!

Бешик ыры кыргыздарда байыркы учурларда эле пайда болгон. Эненин чүрпөсүнө болгон мээрими бешик ырынан, назиктигинен, эркелеткен мүнөзүнөн байкалып турат.

Бешик ыры ар дайым эле бала сооротууда гана эмес, ал жакшы тилек билдирүү, эненин кубанычын, жакшы оюн айтуу менен баланы жаш кезден жакшы жүрүм-турумдарга тарбиялоо үчүн ырдалган.

Мыскал Асымбекова, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чырпыкты айылы,
Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы
орто билим
берүү мектеби, кыргыз тили жана адабияты мугалими.
“Кутбилим” гезитинин сайтынан алынды, 11.12.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий