Шаабай Азизов улуу манасчылардын урпагы беле?

2004-жылдын 13-декабрында 77 жаш курагында өз заманынын нагыз манасчысы Шаабай Азизов көз жумган эле. Ал кыргыз элинде уюткулуу манасчылардын бири катары белгилүү эле. Уюткулуу дегенибиздин жөнү бар: Шаабай – айтылуу чоң манасчы Чоюкенин иниси Азиздин уулу. Ал Чоюке, Азиз аталары айтып жүргөн “улуу сөздү” жадына сактап, өмүр бою үзбөй улап келди.

Мен Шаабай Азизов менен 1989-жылы январь айында алгач ирет көрүшүп, таанышып калдым. Мына ошол мезгилден тартып улуу манасчы менен тыгыз байланышта болуп жүрдүм. Менин тушоомду кесип, манасчылык жолумду ачып, мага устат болуп келген да Шаабай Азизов болду. Ошондо орноп калган устаттык-шакирттик мамилебиз жылдан-жылга бекемделип, ысыгыбыз тарабай, акыры барып анын жалган-жарык дүйнөдөн өтүшү менен үзүлдү. Ошол он беш жылдын ичинде анын мага карата болгон мамилеси канчалык экендигин билбейм, бирок, мен үчүн экөөбүздүн жакындыгыбыз ата-баладай болуп калганын даана байкап жүрдүм. Бири-бирибизге түтүп, бири-бирибизди тутуп келгенбиз. Көз жумарына эки ай калганда Шаабай атам мени бир нече ирет чакыртты. Ошондо көртириликтин айынан, өзүм ооруп жүргөндүгүмдөн улам, бир басып барбагандыгым үчүн терең өкүткө батам. Шаабай атамдын мага айтар насаатын, керээзин мен укпай калдым. Анын антип чакыртып алган учурлары мурда көп эле болчу. Мүмкүн, ошол көп чакыруунун бири деп кенебестикке салып койдум окшойт. Бирок, ошондо  ооруганыма карабай, Көлгө жөнөсөм эмне деп, өзүмдү эмдигиче жемелейм. Шаабай атамдын ошондогу мага айта турган сөзүнүн төркүнү эмне болду экен? Балким, жарыкка чыкпай жаткан «Манас» бөлүмүнүн колжазмасын мага табыштайын дедиби? Мүмкүн, Акмарчадагы чоң атасы Чоюкенин урап, жер менен жер болуп калган күмбөзүн кайрадан калыбына келтирип, тургузууга аракет көр дейин дедиби? Же менин колуман келе турган дагы бир башка иш тапшырайын дедиби? Эмнеси болсо да, ал сөз жеке экөөбүзгө гана тийиштүү сыр экенин мына эми гана түшүнүп отурам.

Шаабай Азизов Бугунун Арыкмырза уруусунун ичиндеги Байым уругунан. Андан бери сүрүштүрсөк, Кубат тукумуна кирет. Ал 1927-жылы Ысыккөл областынын Аксуу районундагы мурдагы Карабөлтөк, азыркы Октябрь айылында төрт ага-эжесинен кийин жарык дүйнөгө келген. Шаабайдын ата-бабалары укумдан-тукумга «Манас» баянын улап келгендиги тууралуу маалыматты биз Шаабай Азизовдун өзүнөн бир нече ирет эшиткенбиз. Ал өзгөчө чоң атасы Өмүрдүн чоң манасчы жана кошокчу болгондугу жөнүндө көп айтчу. Шаабай Азизов чоң атасын көргөн эмес, демек, ал жөнүндө Шаабай атасынан же элден уккан. Ал эми өз атасы Азиз тегеректеги оору-сыркоолорду кыйла илдеттен арылткан бакшылык жайы бар, касиеттүү адамдардын болсо, энеси Асылкан айылдагы мукам үндүү мыкты кошокчулардын бири экен.

Азиз бакшылык кылгандан сырткары, агасы Чоюкенин көзү өткөндөн кийин, андан уккан «Манас» дастанын жорго сөз түрүндө баяндап, айтуучулук өнөрдү аркалайт. Бүгүнкү күндө Азиз жомокчунун манасчылык өнөрү тууралуу таптакыр айтылбай келет. Болгону, Шаабай Азизовдун өмүрү менен чыгармачылыгына кайрылганыбызда гана манасчынын атасы жөнүндөгү учкай кабар менен таанышууга мүмкүндүк алабыз. Азиздин өз учурунда чоң бакшы жана манасчы катары элге кеңири таанымал болгондугу жөнүндө азыр айылдаштарынан кабар алса болот. Азиздин жомокчулук өнөрүнүн  калыптанбай, элге кеңири таанылбай калышынын себеби анын бакшылык өнөрүнүн күч алып, жомокчулугун сүрүп чыгарышына байланыштуу. Бирок, уулу Шаабайга аян берилгенде, Азиз жомокчу «менден күчтүү жомокчу ушул болот» деп, уулуна биротоло жол бошотуп бергендигин негизги себеп катары көрсөтүүгө болот. Муну Шаабай Азизов өзү да минтип баса белгилейт: “Алты жаштагы тестиер курагым. Адаттагыдай эле эртең менен атам Азиз боз байталга мени мингизип, канжыгага азык байлап берип, кой айдатып Карабөлтөк төшүнө жөнөтөт. Мен төштү өрдөп отуруп Жаманкарагайга жетем. Аттан түшүп, кыйшайып жата калам. Көзүм илинип кеткен экен, бир маалда дүңгүрөгөн добуш чыгып, түмөндөгөн калың кол каптап келип калат. Кайдан-жайдан чокчо сакалчан, узун бойлуу, арыкчырай келген, суп чепкен кийген Чоюке атам пайда болуп, мага кайрылып: “Буларды билесиңби?” – деп, артында турган баатырларды катары менен атынан атай баштайт. Ошентип, Чоюке атам Бакай, Манас, кырк чоро, Каныкей, Чыйырдыларды тааныштырып чыкты. “Бул кол Бээжинди көздөй аттанып баратат, Коңурбайдын колун тозбосо, бир балээни баштаганы турат. Айкөлдүн гүлазыгынан берейин, мына бу олуяларды оозуңан түшүрбөй, кандай көрсөң, ошондой айтып жүр!” – деп, оозума бир кочуш таруу салып, дагы бир кап таруу менен бир кап кумду бир керкашка бээге жүктөдү. Ошол замат сан кол чыгыш тарапка аттанып, дүркүрөп жөнөп калды. Бир заматтын ичинде эмне шумдук болуп кеткенин түшүнбөй, деңдароо туруп калдым. Уйкумдан чочуп турсам, жайылып жүргөн кой-эчким, оттоп турган атым жок, күн кечдигер болуп калган кез экен. Ошондо коюм да, байталым да өздөрү эбак үйгө түгөлү менен жеткен экен. Атам Азиз өзү келген малды көрүп, мени үч күн бою издейт. Үч күндөн кийин атам мени Карабөлтөктүн чоң коктусунан табат. Коркуп калган жаным атама эч нерсе деп айтпадым. Ошондон тартып эки көзүм көрбөй калды. Бир жылдай жетелетип жүрдүм. Түнкүсүн уйкумдан чочуп, кыйкырып-бакырып, жаткан жеримен туруп басып кетип, элирип жүрдүм. Менин бир кереметке дуушар болгонумду түшүнгөн атам алдап-соолоп чоо-жайымды сурады. Мен болгонун болгондой кылып айтып бердим. Атам дароо бир кара козуну союп, айылдагы көкүлдүүлөрдү чакырып, түшүмдү айтып, түлөө өткөрдү. Элден бата алгандан кийин, көп өтпөй көзүм жазылып, мурдагы элирмем да токтоп, ичимдеп кайрып, күңгүрөнүп «Манас» айтып жүрдүм. Ошентип, жети жашымдан баштап «Манас» айта баштадым. Атам айтканымды утуру угуп, утуру оңдоп, такшалтып отурду. Кийин жашым он алтыга чыкканда, эми ыйык жомокту уулум айтсын деп, атам «Манас» айтканын токтотту. Болбосо, ал киши да чоң жомокчу эле» (1992-жыл, февраль айы).

Ооба, жогоруда манасчы Шаабай Азизовдун мисалында келтирилген окуя биз билген нагыз манасчылардын дээрлик бардыгына таандык. Албетте, алардын негизинде жаралган ой-жоромолдор материалистик илимдин эч бир принциптерине туура келбеши мүмкүн, бирок, илимий көзкараш ар дайым эле оң жолго салып, маселени ар дайым эле оң жагына чечип келген деген пикирден да алыспыз. Бул – кыргыз элинде кылымдар бою өмүр сүрүп келген феномен, реалдуу факты. Аны биз жаап-жашырбастан, жокко чыгарбастан, факты катары караганыбыз оң. Эгерде мындай сырдуу кубулуштарды илим туура далилдей албаса, анда ал илимдин жетиле электиги жана алсыздыгы деп түшүнүшүбүз керек. Буга чейин адамзат археологиялык эстеликтердин негизинде гана өз тарыхын тактап келсе, эми байыркы тексттер, байыркы сөз аркылуу аныктоого, дүйнөдө өз ордун табууга да чоң мүмкүнчүлүк алышы мүмкүн. Анткени, бу дүйнөгө нелер гана келип-кетпейт дейсиң. Баары өтөт, баары өзгөрөт, сүзүлөт, бирок, сөз гана жана сөздү сактаган аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз (түш ж. б. жолдор аркылуу) эстутум гана түбөлүккө калат окшобойбу. Адам баласы, жаратылыштын мыйзам ченемине ылайык жана тиги же бу пендесине кудай тартуулаган белгилүү бир мезгил ченемине ылайык, өмүр сүрөт экен. Ошондо анын кылган ишине жараша, жаманбы-жакшыбы, артында сөз калат. Ал сөз ген (тукум куума белгилери) аркылуу эстутумунда сакталып, кийин аң-сезимдүү, айрым учурларда аң-сезимсиз түрдө да сыртка чыга берет…

Талантаалы Бакчиев, манасчы, филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум” журналы, 01.04.2007

Соц тармактар:

Добавить комментарий