Cүйүү баяны

(уламыш)

Кайсыл бир өткөн замандарда, жүзүнөн күндүн нуру төгүлгөн, асмандагы ай нурундай көрүнгөн Аруунай деген сулуу кыз жашап өткөн экен.

Аруунайдын сулуулугу бул ааламда айтса сөздүн күчү жетпеген, көрсө көздүн кумары канбаган, ажары ай-ааламды суктандырган керемет нурга бөлөнгөн адам кейпин кийип түшкөн асмандагы периштенин кызындай көрүнчү экен. Кыздын ата-энеси кадимки Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Жайлак деген жерде жашаган.

Колунан көрү төгүлгөн узчулугу Аруунай сулуунун атагын алыска, учугун узун элге жеткирет. Кыскасы, кыздын секелек курагынан тартып эле ата-энесинин үйүнөн жуучулар үзүлбөйт. Убакыт зымырап куштай учуп өтүп, Аруунайдын жашы он үчкө чыгып келет. Эмнегедир бой тартып чоңое баштагандан бери кыздын көңүлүнө эч нерсе жакпай, жалгыздыкты гана самай баштайт.

Айылдын чет жагында жердин алдынан оргуштап кайнап чыккан чоң булак бар эле. Ал жер ушунчалык сүрдүү жана сырдуу болгондуктан, адамдар көп каттачу эмес. Күндөрдүн бир күндөрүндө Аруунай эмнегедир ошол булакка баргысы келип, жан адамга шырп алдырбай, айылдын чет жакасы менен булакты көздөй жөнөйт. Көкүрөгү бир нерсени туйгандай, өзүнөн өзү бир жакка ашыккандай болуп бат-бат басып, “Кайнар булакка” тез эле жетип келет. Тегереги бийик тоолор менен курчалган жана булактын жанында тоолор менен кошо бой тирешкен чынар бактар, айланасы мемиреп жымжыртка батып, бир гана булактын шыңгыраган үнү угулат.

Өмүрүндө биринчи ирет ички жан дүйнөсү табият менен бирге жуурулушуп жатканын сезип, укмуштай кооз жер экен деп тамшана карап, “эмнеге адамдар бул жерге көп келишпейт, балким чындап эле бир чоң сыр бар чыгар” деп өзүнө суроо салып, тегерегин айлана карап, жан дүйнөсү ырахатка батып, ушундай жерди көргөнүнө ыраазы болуп, үнүн бийик чыгарып ырдап, ары-бери айланып бийлеп, тоонун таза абасын кере-кере жутуп, шамалдын ыргагына термелген теректерди кучагына бек кысып, табияттын койнунда эркелеп ойноп кирет. Бир нече убактан кийин булактын жанына акырын басып келип, жүзүн сууга чайып, суудан ичип, мелжиген мейкиндиктин койнунда бир азга олтуруп, таштын түбүнөн боркулдап кайнап чыккан сууну тиктеп олтуруп калат. Бир маалда артынан аттын дүбүртү угулат. Аруунай селт этип чочуп кетип арт жагын караса, боз жоргосун булкунтуп бир келишимдүү кер мурут жигит өтүп баратыптыр.

Минген аты өзүнө куп жарашып, күн нуруна жарк-журк этип чагылышкан ат үстүндөгү жабдуулары өзүнчө бир керемет. Жигит эч жакка көңүл бурбай боз жоргосу менен шамалдай шуулдап өтүп кетет. Аруунай дендароо болуп тиктеп калганын өзү байкабай, бир топ узап кеткенден кийин өзүнө келип, эмнегедир жигиттин байкабай өтө бергенине ызалана түшөт. Себеби, бир да жан кыздын жанынан кыя басып өтчү эмес, баардыгы сугун артып суктанып калаар эле.

Кыздын жан дүйнөсү башкача абалда болуп, үйүн көздөй кайтат. Ошол күндөн баштап Аруунай тез өзгөрүлүп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, жалгыздыкты гана самай баштайт. Ата-энеси кыздын бул өзгөрүүсүнө анчейин деле көңүл бурушпайт.

Ошентип, арадан ай-жылдар өтүп, беш көкүл бийкеч он бешке чыга келет. Бир күнү жүрөгү бир нерсени туйгандай болуп, түнү бою уктабай асмандагы жылдыздарды карап, алар менен сырдашкандай абалга бөлөнүп, уйку-соонун ортосунда жата берип, кантип таң атып кеткенин байкабай калат.

Ордунан акырын туруп тышка чыкса, жерге жаңыдан жарык кирип, ак карадан бөлүнө баштаптыр. Күн чыгыш жактан тоонун бети башкача көрүнүп, бери кел деп чакыргансып жылуу шамал койнун аралап кетет. Аруунай бир саамга өзүн башкача сезип, анан эмнегедир баягы “Кайнар булак” эсине түшөт. Бүткөн бою дүрүлдөп, күч-кубат толгонсуп заматта жетип барчудай сезилип, токтолбостон айылдын чети менен булакты көздөй жөнөйт.

Эртерээк жетсем экен деп дегдеп, бат-бат басып, чай кайнам убакытта булакка жакындап барат. Эч жакка көңүл бурбай түз эле булактын көзүнө келип, жүзүн сууга чайып, таштын түбүнөн оргуштап чыккан сууну тиктеп олтуруп калат. Бир нече убакыттан кийин баягы аттын дүбүртү кулагына угулат. Бул саам артын карагандан чочулап, дагы бир ирет шагым сынып калбасын деп булактан көзүн албай тиктеп олтура берет. Баягы аттын дүбүртү катуулап жакындап келип токтоп калат. Кыз эмне болгонун түшүнбөй акырын бурулуп арт жагын караса, баягы кер мурут жигит боз жоргосун чылбырынан бек кармап, Аруунайды жылмайып карап турган экен.

Жигиттин көз карашы кыздын жан дүйнөсүн аңтарып, алай-дүлөй түшүрүп, эмне кылаарын билбей апкаарып туруп калат. Жигит жакыныраак басып келип: “Сен кайдан келген периштесиң, эмне өз тобуңдан адаштыңбы же бул жерге конуп калдыңбы?” деп сураганда, Аруунай дагы апкаарый түшүп, бүткөн боюн калтырак басып, эмне кылаарын билбей башын ылдый салганга араң жарайт.

Жигит менин абалымды сездиби, айтор жооп кайтаралбасымды түшүнгөн окшойт, акырын басып келип булактын жээгине келип, жүзүн сууга чайып, көктү карай үңүлүп бир саамга олтуруп калды. А мен болсо турган ордуман жыла албай, моло таштай катып калдым. Бир убакытта баягы жигит ордунан туруп боз жоргосуна минип, шамалдай шуулдап күн чыгышты көздөй жөнөй берди. Менин таштай каткан денеме кайрадан жан киргендей болуп, өзүмдүн дем алганымды сезип, кыймылга келе баштадым. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй үйдү көздөй шашыла жөнөдүм. Жүрөгүмө кубаныч келип, жан дүйнөм албууттанып, кыялым алда кайда бир жакка закымдап алып-учуп, үйгө кантип жеткенимди билбейм.

Эшиктин алдында атам чепкенин желбегей жамынып, мен тарапты ачуулуу карап туруптур. Бирөө муздак суу чачып жибергендей дене боюм “дүр” дей түштү. Атам учуулуу көздөрү менен каргылданып, “Кыз абийири менен улук” дейт, апаң экөөбүздүн эл караган бетибиз жер карап эл-журтка шерменде болгончо, тирүүлөй өлгөнүбүз артык” деп ары карай басып кетти.

Жаңы эле албууттанып күйүп турган денем “жалп” деп өчүп, муздак шамал койнумду аралап кетти. Үйгө араңдан зорго басып кирип, эмне кылаарымды билбей шолоктоп ыйлай бердим. Апам да эч нерсе деп айтпады. Ошентип, булакка экинчи басып барбас болдум.

Убакыт закымдап, учкан куштай өтө берди. Мына, мен дагы бой жетип он алтыга чыга келдим. Күнүмдүк турмуш болсо өз жолун улап кайдадыр бир жакка арабасын илкий сүйрөп көңүлсүз кетип бара жаткан атка окшоп жүрө берет экен.

Күндөрдүн биринде биздин айылда Карынбай деген жылгага жылкысы, адырга коюу толгон, дүнүйөгө өтө бай агабыз көп жылдан бери перзеттин үнүн укпай жакын арада эркек балалуу болуп дүйнөнү дүңгүрөтүп той берет деп угуп калдык. Карынбай бизге жакын тууган болчу, ата-энем тойго камылга кылышып керели кечке отун-суусун алышып, ошол жакта жүрүштү. Той боло турган күн да келди, жумурай журттун баары чогулуп, Карынбайдын тою кадимки Каркыра жайлоосунда өттү. Кыргыз, казак, өзүбек, калмак, кытай – баардык элдин башы биригип Көкөтөйдүн ашындай болгон чоң той башталды.

Каркыра жайлоосунда кыдырата боз үйлөр тигилип, жылкылар союлуп, казандар асылып, бир жерде акындар тилин безеп ырдап жатса, кээ бир жерде ырчы, комузчу-кыякчылар, билектерин түрүнгөн балбандар, аттарын ары-бери жетелеп жүргөн саяпкерлер, айтор ар кимиси ар жерде тойдун шааниси менен жүрүшөт. Менин апам ошол күнү чачымды беш көкүл кылып өрүп, сандыгынан атайылап арнап жүргөн көйнөгүн алып чыгып, башыма кундуз тебетей кийгизип, күмүш билерик-сөйкөлөрүн тагып аземдеп ээрчитип алып чыккан. Улан-кыздардын кызуу оюну жүрүп жаткан кез. Ары жакта алты бакан тебишип, селкинчек ырын ырдашып, той кызыгына баткан учурда, жарчы ат үстүндө ары-бери чапкылап, “Эр сайыш”, “Эр сайыш”, “Эр сайыш” деп элди аралап ортого чакырып кирди. Өз-өзүнчө топ-топ болуп турган эл, баардыгы эр сайыш оюну болгон жерге чогула баштады.

Өмүрүмдө мындай оюнду көрбөгөн жаным аябай кызык болуп, эл менен кошо мен дагы чогулган жерге бардым. Элдин баары ортону карап, алды чөгө түшүп ылдый олтура баштады.

Бир учурда жарчы ат үстүнөн “Карынбай эр сайыш оюнуна алты төө, бир үйүр жылкы жана эки качырдын үстүнө артылган алтын дилде байге саят, кана, мен-менсинген баатырлар чыккыла, бул байгени уткула!” деп, элге карай кыйкырып жар салып жатты. Казак, кытай, калмак бир тарап, кыргыз, өзүбек бир тарап болуп чогулган эл экиге бөлүндү. Ар бири өз баатырларын камдай баштады. Бир убакытта кытай тараптан жүзүнөн чаары чыккан, жан алгычтай көрүнгөн, ула бою көкмөк темир курчалган, көзү күйүп турган чок сымал, айбаты күч, алдындагы минген чабдар аты ары-бери жулкунуп ортого бир баатыр чыкты. Кытайлар өздөрүнчө ырымын кылышып башына топурак чачып, бирдемелерди жасап чуу түшүп жатты. “Кана, кыргыз тараптан бул жигитке маңдайлашып беттешчүлөр барбы?” деп жарчы кыйкырып сүйлөп калды.

Кытай жигиттин сүрүнөнбү, айтор эч ким үндөбөдү, чай кайнатым убакытка чейин эч ким биз тараптан чыкпады. Аксакалдар элди карап, “ушундан көрө өлгөнүңөр артык, кытайдын бир жигитинен коркуп, баарыңар койчо чууруп жалдырап карайсыңар” деп айтып жатышты.

Дагы деле эчким чыкпады. Ары жактан бирөө «эркегиӊер жок болсо, ургаачыӊар деле чыга бергиле» деп чымчый сүйлөдү. Бул сөз кытайлардын чырагына май тамгандай кыраан-каткырык, күлкү болуп кетти. Бул сөздү укканда менин жан дүйнөм албууттанып күйүп, эмнегедир бир күч аркамдан түрткөндөй болуп токтоно албай, “Мен чыгам!” деп кыйкырып жибердим. Анан дагы бир ирет катуурак: “Мен чыгам, ак батаӊарды бергиле” деп, аксакалдар тарапка басып келдим. Ары жакта эл ичинде олтурган атам мени бир карап алып башын жерге салып калды. Апам болсо таӊ калгансып ачуулуу жүзү менен мени тиктеп турган экен.

Ошондо артыман аттын дүбүртү кулагыма дагы угулду, жүрөгүм “болк” дей түшүп арт жагыма бурулуп карасам, баягы кер мурут жигит боз жоргосун жулкунтуп ары жакта келе жатыптыр. Мени бир карады да, ортого бөлүнүп чыкты. Эл оомийин деп бата берип, Эр сайыш оюну башталды.

Мен турган ордумда селейип туруп калдым. Бир учурда өзүмө келип жан-жагымды карасам, мага көӊүл бурган эч ким жок, баардыгы эки баатырдын сайышын жарданып карап турушуптур. Бул, Эр сайыш оюну эмес эле, бирин-бири өлтүрүүгө камынып, карсылдашып сайышып, аябай катуу кармаш болуп жатыптыр. Ары-бери турушуп, айкырып найза сунушуп, карсылдашып урушуп, экөө көпкө чейин кармашты.

Бир учурда эл ичинен бир аксакал: «Бул экөө теӊ азамат экен, буларды бирине бирин эрегиштирбей, ушуну менен эр сайыш оюнун токтотуп, байгени теӊ экиге бөлүп берсек кандай болот» деп айтып калды. Кытай тараптан бир кары кишиси чыгып: «Жок, андай болбойт, илгертен калган салт, бири жеӊип, бири жеӊилмейин оюн токтотулбайт» деп кыйкырып жооп берди.

Ошол учурда күн күркүрөп, чагылган чартылдап, табият өзгөрүлүп, табият менен бирге баягы кер мурут жигит алдындагы минген аты менен кошо өзгөрүлүп, бир башкача күчкө толгонсуп, баягыдан башкача күүлөнүп келип, кытайдын баатырын тебетей сайган эмедей ат үстүнөн ыргыта сайып өттү. Элдин баары эмне болуп кеткенин түшүнбөй, жигиттин эрдигине тан берип жалдырап карап калышты.

Эр жигит боз жоргосун бастырып элди аралап четке чыга берерде, жарчы: “Ой жигит, уткан байгеӊди албайсыӊбы» дегенде, «Жок, албайм, эл ичинде бей-бечара, кары-картаңдарга бөлүп бергиле» деп андан ары бастырып көрүнбөй кетти.

Ошентип, Карынбайдын тою да аяктаар учур келди, элдин баары өз камылгасын көрүп, той таркай баштады. Эр сайыш оюнунда уткан жигиттин байгесин элдин баарына таратып беришти. Менин ата-энеме бир кочуш дилде тийген экен, тимеле сүйүнүшкөнүн айтпа, көктөн издегени жерден табылып, кубанычтары койнуларына батпай, жанагы менин “мен чыгам” деп жулунуп ортого чыккан жоругум унут калды. Ошол саамдан баштап менин жан дүйнөм, сезим туюмум кандайдыр бир капастан бошонгондой болду.

Биз үйгө келдик. Жигитке болгон менин арзуум ого бетер күчөп, жаным жай таппай, күндөн-күнгө кусалык басып, жан дүйнөм жанчылып, тынчый албайт. Убакыт өтө берди. Күндөрдүн биринде атам: «Тоого барабыз, камылгаӊарды көрө бергиле» деп калды. Апам экөөбүз түйүнчөктөрдү түйүп, оокат-ашыбызды камдап, бат эле даяр болдук. Атам болсо үчөөбүзгө үч ат камдап тышта жүрөт. Баары даяр болгондо жөнөй бердик. Тоо кыркалап бийик асканын арасын аралап кете бердик.

Кайда барабыз, эмнеге баратабыз деп мен да сураган жокмун, алар да эч нерсе айтпады. Бир убакытта аскасы асман тиреген аска-зоонун бооруна жете келдик. Биз турган асканын каптал жагынан бирдеме шыгырай түшүп, майда таштар кулагандай үн чыкты. Үчөөбүз теӊ “селт” этип чочугансып үн чыккан жакка бурулдук. Асканын боорунда бир кайберен биз тарапты үӊүлүп карап турган экен. Атам көрөр замат шапа-шупа аттан түшө калып, «Оо кагылайын кайберен эне» деп чөк түшүп, жер кучактап жүгүнүп калды. Атамдын артынан апам да түшө калып тизе бүгүп жүгүнүп, ичинен бирдемелерди эле сүйлөнүп жатты. Мен бир азга түшүнө албай дендароо болуп, андан кийин аттан түшүп ата-энемдин кылганын туурай бердим. Биз өйдө турганда, кайберен эне биздин учурашканыбызды кабыл алгансып бир саамга тиктеп туруп, анан үӊкүргө кирип кетти. Атам «Буйруса жолубуз болот, алдыбыздан кайберен эне жолукту» деди. Атамдын артынан апам сөзун улай, «касиетиңен айланайын табият ээлери» деп эки жакка карап жүгүнүп койду.

Биз турган тоонун берки каптал бетинде жайык жер бар экен. Көөлүктөрдү бир аз өргүтүп, өзүбүз түшкү тамактанып алууга аттан түштүк. Атам аттарды жайгаштырганча апам экөөбүз тасмал жайып, тамактарды ортого коюп, тоонун муздак суусуна колу-бетибизди чайып, тамактанууга кириштик.

Табияттын ушунчалык кооздугуна менин көзүм тойбой, тамак жегенге эч табитим тартпай, уламдан-улам эки жагымды элеӊдеп карап, биринен-бири өзгөчөлөнүп көрүнгөн табияттын сулуулугу менин жаш кыялымды алда кайда бир мейкиндикке алып учкандай сезилет. Тоо боорундагы арчанын жыпар жыты буркурап, буралып өскөн гүлдөр ар кандай түскө бөлүнүп, атайылап баба дыйкан сепкендей. Булактын шыӊгыраган үнү бир өзүнчө айтып бүткүс керемет. Ата-энем болсо эч нерсе менен иши жок бейкапар тамактанып жатат.

Бир маалда асмандан булут түрүлүп, капчыгайдын оозунан шуулдап шамал согуп, бороон-чапкын болуп күн күркүрөп, жамгыр төгүп кирди. Эмне кылаарыбызды билбей, баш калкалаарга жер таппай калдык. Биз турган жайыкта баш калкалап жашынаар жер жок болгон соӊ, атам «аттарга мингиле» деп, шыр эле биз көргөн кайберен эне кирип кеткен үӊкүргө бет алды, артынан биз да шашыла жөнөдүк. Үӊкүрдүн оозуна жакындап барганда атам бизди түшүрүп, аттарды бири-бирине каӊтарып, үӊкүргө шашыла кирдик. Үӊкүрдүн ичи абдан кенен жана жапжарык болуп жанып турат экен, ичинин жылуусун ай, үшүп турган жаным жылуу жерге киргенде тимеле жыргай түштүм. Атам тизе бүгүп жүгүнүп, «Ырайым эт кагылайын Кайберен эне» деп башын ийип таазим кылып баштады, артынан апам да ээрчий жыгылып ичинен бирдемелерди сүйлөнүп сый-урмат кылып кирди. Мен да ата-энемдин жасаганын туурап жасап койдум. Сый-урмат кылып бүткөн соӊ атам «мен эми аттарды жайгаштырып келейин» деп сыртка чыгып кетип, кайра бат эле тамак-аш салынган куржунду, алдыбызга салганга көрпөчөлөрдү жана чоӊ ичик алып кирди да, аптыга: «Мен силерди Кадырбай деген досумдун үйүнө алып барайын дегем, анын үйү мындан ары дагы жарым күндүк жол, Төр-Жайлоо деген жерде, тышта жамгыр күчөп келди, жакында басыла турган түрү жок, жол жүрсөк жамгырга калчудайбыз, андан көрө касиетинен айланайын Кайберен эне ырайым этсе ушул жерге түнөйлү» деди. Апам экөөбүз көрпөчөлөрдү жерге салып, куржундагы оокат-ашты тасмалдын үстүнө коюп, шыр эле тамактанууга кириштик. Менин тамакка болгон табитим дагы деле тартпай койду. Атам менен апам көпкө чейин тамак ичип сүйлөшүп олтурушту. Мен болсо алардын сөзүнө маани бербей, өзүмчө эле жан дүйнөм ырахатка батып жыргап жатам. Бир учурда апам ордунан туруп жатууга камылга көрө баштады. Эшикте күүгүм кирип, жамгыр нөшөрлөп төгүп жатат. Менин алдыма калыӊдап көрпөчө салып, үстүмө атамдын ичигин жаап, өздөрү болсо алдыларына эптеп бирдемеледи салып жатып калышты.

Бул үӊкүр чындап эле касиетүү окшойт, эмнегедир бир башкача абалда болуп, ички дүйнөм тынч албай, оюм бир ордуна токтобой, жүрөгүм бир нерсени сезгендей…

Уйкум келбей ордуман өйдө туруп, башымды ташка жөлөп олтура бердим. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. Кайсыл учур билбейм, күн күркүрөп, чагылган чартылдаганынанбы, айтор чочуп ойгондум. Бирөө колуман кармап силккендей болду. Эки жагым элеӊдеп карасам жымжырт, эмнегедир бирөө “тур” дегендей белги берди сезимиме. Жүрөгүм лакылдап, апкаарый түштүм…

Бир топко ордумдан козголо албадым. Эшикте жамгырдын басылганы сезилип, үӊкүрдүн оозунан жылуу шамал согуп, мени тышка чык дегендей койнумду аралап кетти.

Акырын басып сыртка чыктым. Жамгыр токтоп, асман чайыттай ачылып, айлана мемиреп жымжырт. Айдын толуп турган мезгили. Төбөдөн жылдыздар жымырап, айдын жарыгы төмөнтөн агып жаткан дарыяга чагылып, айлана жапжарык нурга бөлөнүп, тоо боорундагы жыпар жытту гүлдөрдун аңкыган жыты мени бир укмуштай кереметке бөлөдү. Табияттын сулуулугуна көзүм тойбой, ырахатка батып жаттым. Канча убакыт турдум билбейм, кайра кайрылып үӊкүргө кирейин десем, мандайымда апапак кийинген бир эне нурдуу жүзү менен жылмайып мени карап туруптур. Анын жүзүндөгү жылуу сезимден улам эч кандай чочулаганым жок. «Арыба, кызым» деп башын ийип, оозунан чыккан бул жылуу амандашуу тоонун тунук абасына аралашып кулагыма жай шыбырагандай угулуп, жүрөгүм ээрип кетти. «Арыбаңыз, эне» деп мен дагы башымды ийе эркелей назик амандаштым.

«Бул сен көрүп турган табияттын кооздугу, асмандагы жылдыздар, айдын жерге чачкан нуру – сенин жан дүйнөӊдүн чагылышы. Мындай кереметтин баары адамзаттын ичинде бар кызым. Буларды сен сезип жатканыӊ – жан дүйнөӊдүн тазалыгы» деп мени карап жылмайып койду. «Тээтиги бет маӊдайда күйүп турган жарык нурду көрдүӊбү?» Чындап эле биз турган жердин маңдай жагында жарык нур күйүп турган. “Ооба эне, көрдүм…”

Эне кайра сөзун улай, «жүрү, ошол жерге алып барып келейин, ата-энеӊ эртеӊ менен күн чыкканга чейин ойгонбойт, алар турганча кайра келип каласыӊ» деди. Мен дароо эле макул болдум. Эненин артынан ээрчип жөнөдүм. Эмне себептен билбейм, башым өйдө көтөрүп даап карай албай койдум, эненин буту жерге тийбей абада учуп бара жаткандай сезилди. Айтылган жерге келгенде асканын бети ачылып, үӊкүргө кирдик. Үӊкүрдүн ичи биз турган үӊкүрдөн алда канча сонун экен. Тасмал үстүндө жазылган даамдын түрлөрү, анан да күндүзгүдөй ичи жапжарык. «Олтур кызым» деп, мага сөөктөн жасалган идишке айран сыяктуу суюктук куюп берди. Мындайды ичип көрбөгөн жаным, умачтай көзүм ачылып, жыргай түштүм. Жакыныраак келип нурдуу жүзү менен жылмайып карап, «силер жана жолдо келе жатканда, тигил үӊкүрдө көрүнгөн кайберен энеӊ менмин, эми мен сага кайберендер кандайча жер бетине таралып, эмне себептен адам баласы “Кайберен эне” деп атап калганын айтып берейин» деп улуу баянын мындай деп баштады:

— Кайсыл бир мезгилдерде ушул жер бетинде ой дүйнөсү, жан дүйнөсү бийик, акылы кеӊ, бары-жокко теӊ – Аруу деген эл жашаган.

Ал элдин салты, наркы табият менен түз байланышта болуп, көктөгү күн сымал, тээтиги сен көрүп турган ай нурундай жаркырап тийип турган, тоонун мөлтүрөп аккан суусундай таптаза, Көкө Теӊир сүйүп жараткан, ааламдын улуу сүйүүсүнө ээ болгон эл экен. Ал элдин башчысы Аскар деген акылман күнүгө Алка тоосунун башына чыгып, аалам менен байланышып, элин Теӊирдин гана буйругу менен башкарчу.

Күндөрдүн бир күндөрүндө Аскар адатынча тоонун башына чыгып сүкүт чалып олтурганда, күндүн бетин кара туман каптап, төмөнтөн катуу шамал уруп, бир жамандык болорун билгизет. Аскар мындай белгини түшүнбөй, эмне кылаарын билбей, Теӊирге жалынып ыйлап олтура берет. Жети күн, жети түн өтөт. Жетинчи күнү Аскарга Кудай Тааламдан «элиӊди алып бул жактан Улуу тоону көздөй көч, силерди тукум курут кылуу үчүн душмандар келе жатат» деген кабар түшөт. Ордунан шашыла туруп төмөн карай түшүп, уруу башчыларын чогултуп жаман кабарды угузат. Элдин баары дүбүрт түшүп, көчүүгө кам көрө баштайт. Ошондо беш жашар Айкын деген кыз, эмнегедир бул жерден кеткиси келбей, кандайдыр бир күч аны коё бербей, эч жакка кетпей ушул жерде калуусун өтүнгөндөй сезип жатты. Ата-энеси көчтүн камын көрүп жатканда Айкын эч кимге көрүнбөй бир таштын түбүнө бекинип калат. Көчтүн алды жөнөй баштайт. Кыздын ата-энеси көчүн таӊып бүтүп Айкынды таппай ары-бери жүгүрүп издей баштайт. Энеси буркурап ыйлап, «Айкын! Кызым!» деп кыйкырып жатканын кызы угуп жатса да, ошол жердин табият күчү Айкынды кыйып таштап кетирбей койот. Ата-энеси ары чуркап, бери чуркап, акыры таппаган соӊ, көч узай электе калып калбайлы деп артынан ээрчип жөнөй берет. Байкуш эне артын улам кылчактап карап боздоп ыйлап баратты. Айкын олтурган ордунан жылбай олтура берет. Бир нече убакыттан кийин өӊдөрү бир башкача бир топ адам ызы-чуу болуп тоонун боорунан төмөн карай куюлуп түшө келди. Алар журттан эч кимди таппай калып, анан ары-бери секирип жерге жата калып оонап, бирин-бири чапкылап, колдорун оозуна салып ар кандай үн чыгарып, бийлей башташат.

Алардын түрүн көргөндө Айкын көргөн көзүнө таӊ болуп, жүрөгү түшүп, коркконунан «апа!» деп кыйкырып жиберет. Жан алгычтай болгон кишилер токтоп калып, үн чыккан жакты карап калат. Арасынан экөөсү Айкын турган ташка жүгүрүп келип, эч нерсе сүйлөбөй шыр эле эки колунан кармап так көтөрүп алып жөнөшөт. Беш жашар кыздын жүзүнөн нур чачырап, анын жан дүйнөсүнүн тазалыгынан, көзүнөн күн нурундай төгүлгөн мээриминен тегеректеп турган кишилер башкача абалга келе түшөт. Алар өздөрүнөн өздөрү чочулап, өздөрүнөн өздөрү иренжигендей болуп, кызды аёо сезим менен карап, аны чочутуп албайлы деп бири-бирине жай мамиле жасап, акырын сүйлөшө башташат. Бир маалда алардын башчысы: «Бул кыз бизге Теӊир берген белек, биз буга аздектеп мамиле жасап, өзүбүзгө улуу устат кылып алалы» деп сүйлөп калды. Айкын жанагылардын бир эле учурда башкача болуп өзгөргөнүн көрүп, ошол замат коркуу сезими жоголот. Ошол учурда Айкындын сезимине ааламдан “сен ушул элди улуу маданиятка үйрөт” деген кабар келет. Ошентип, кыз ошол эл менен чогуу жашап калат. Өзүнчө үй жасап, тегерегине кароолдорду тургузуп, аябай аздектеп мамиле жасашат. Кыздын олтурган-турганын жана ар бир жасаган мамилесин көрүп, баягы эл бири-бирине ошондой мамиле жасап үйрөнө баштайт. Эӊ биринчи, Айкын эртеӊ менен эрте туруп, чоӊ дөбөгө чыгып күн тосуп, күнгө сыйынууну үйрөтө баштайт. Тигилер Айкындын ар бир кыймыл-аракетин көрүп, артынан ээрчип жасай беришет. Жаӊыдан чыгып келе жаткан күндү карап, Айкын эки колун өйдө көтөрүп:

Арыба, Арыба,
Арыбагын Күн Ата!
Жер бетине нур толсун
Көкүрөккө нур консун
Аалам толо нур болсун!
– деп колдорун ары-бери айлантып, бийлеп, ырдай баштайт.

Айкындын кыймыл-аракети, ага кошулуп ырдаган ыры күн нуруна чагылып, табият кошо термелгенсип, айдарым жылуу шамал согуп, тигилердин жан дүйнөсү балкып, жүрөгүнө мээрим, сүйүү киргенин сезишип, ары-бери чайпалып колдорун көтөрүп кошо ырдап, бийлей башташат. Бул күн тосуу кыймыл-аракети күнүмдүк адат болуп, бири калбай таӊ атаар мезгилде дөбөгө чыгып, чогуу ырдап-бийлей башташат. Жеген тамагынан баштап баарын үйрөтөт.

Арадан мезгил өтөт. Бир күнү Айкын эртеӊ менен эрте таӊ жарыла сыртка чыгып, ата-энесин сагынган сезими кусалыкка жетелеп, Алка тоосуна чыккысы келет. Эч кимге байкатпай тоону көздөй жүрүп кетет. Баягы эл ордуларынан туруп, адатынча күн тосууга дөбөгө чогулат. Эмнегедир кыз келбейт, көпкө чейин күтүп турушуп, анан арасынан бирөөнү карап келүүгө жиберишет. Жигит ары-бери карап таппай, кыздын кетип калганын угузат. Ошондо баягы эл жашоодо бир кымбат нерсесин жоготкондой ичтери ачышып, эмне кылаарын билбей бирин-бири карашып, ошондо биринчи ирет көздөрүнө жаш алып ыйлай башташат. Жаӊыдан чыгып келе жаткан күндү карап, колдорун өйдө көтөрүп:

Арыба, Арыба,
Арыбагын Күн Ата!
Жер бетине нур толсун
Көкүрөккө нур консун
Аалам толо нур болсун!
– деп ыр менен кошо чурулдап ыйлашат. Күндү карай тизе бүгүп, жер кучактап жүгүнүп, өздөрүнчө ичтеринен кобурап, “Ээ кагылайын Күн Ата! Бизге да ушул кыздыкындай аруулук, сулуулук, мээрим, сүйүү берчи!” деп ыйлап сурана башташат.

Айкын тоону беттеп кете берип, күн чыгаар маалда тоонун башына жетет. «Ата-энемди издесем кайдан табам, же бул элди кыйып таштап кете албайм» деп күндү карап ойго батып олтура берет. Бир маалда кулагына аттын дүбүртү угулат. Кыз элеӊдеп эки жагын караса, күн чыгыш жактан боз жорго минген келишимдүү бир кер мурут жигит келе жатыптыр…

Кайберен эне баяндын ушул жерине келгенде, «мен көргөн боз жорго минген келишимдүү кер мурут жигит эмеспи” деп башымды өйдө көтөрүп энени тиктеп калдым. Менин оюмду түшүнгөнсүп, акырын жылмайып күлүп коюп, сөзүн улады.

…Боз жоргосун булкунтуп, шамалдай шуулдап, шыр эле Айкын турган жерге келет. Аттан түшүп, жакыныраак келип жылмайып карап, «Арыба, Аалам периштеси!» дейт жигит көзүн кыздан тарталбай. «Бар бол, улуу мырза! Жол болсун!» деп кыз да тайманбай тике жооп берет. «Мен күн чыгыш тараптан келе жатам, ушул тоонун этегинде аруу эл деген бар, сен ошол элден эмессиңби?» Кыз чочулап апкаарый түшүп, «ооба, бирок ал эл азыр жок, улуу тоону көздөй көчүп кеткен». «А сенчи?» дегенсип жигит Айкынды тиктеп калат. «Мен ушул жерди таштап кете албай, ата-энемден бөлүнүп калып калгам. Ал жерде азыр башка адамдар жашайт, алар мени аябай сыйлап-урматташат» деп кыз жалооруй тиктеп калат. Жигит: «Жүрү, анда мени ошол элге алып барчы» деп атына учкаштырып, төмөн карай жөнөшөт. Алар жакындай бергенде, баягы эл чочун адамды көрө, ар кайсы жерден чуулдаган үн чыгарып, курал-жарактарын көтөрүп жигитти көздөй жабыла чуркашат. Кыз аттан жерге түшө калып, «токтогула, тийбегиле, бул жакшы адам, бизге жакшылык алып келди» деп колун өйдө көтөргөндө, жигитти өлтүрүүгө камынып ызы-чуу боло түшкөн эл курал-жарактарын таштап, тизе бүгүп кызга таазим кылып, тынчып калышат.

Ошентип, кер мурут жигит менен кыз бир үйдө жашап, жигитти болсо өздөрүнө башчы кылып шайлашып, үйлөнүү, эркек-аял, жана алардын бири- бирине болгон мамилеси, сүйүүсү, сый-урматы тигилердин жашоосуна аралап, жаӊы жашоо башталат. Убакыт өтүп, кыз менен жигит бир уул, бир кыздуу болот.

Уулунун атын Адыл, кыздын атын Айшан коюшат. Күндөр, жылдар өтүп, уулун ошол элдин Айха деген кызына үйлөнтүп, кызын турмушка беришет. Ошентип, улуу маданият, улуу салт түптөлүп, кан алмашуу башталат. Элдин атын усун деп коет.

Бир күнү Кер мурут жигит менен Айкын элин чогултуп коштошуп, Алка тоосуна чыгып, күнгө кайып болуп кетишет. Ордуна уулу Адыл башчы болуп калат. Жашоо өз нугу менен кете берет. Бир күнү кар калыӊ түшүп, бороон-чапкын болуп, катуу суук түшөт. Эл чекесинен кырыла баштайт. Адыл эмне кылаарын билбей Алка тоосуна чыгып, Теңирден жардам сурап олтура берет. Суук уламдан-улам күчөп, элдин баары суукка тоӊуп өлүп, Адыл жалгыз калат. Анан ал эч айла таппай, күн чыгышты көздөй бет алып кете берет. Күн жүрөт, түн жүрөт, акыры бир үӊкүргө келип жеткенде эстен танып жыгылат. Ортодон канча убакыт өткөнүн билбей эс-учун жыйып ордунан турат да, тышка чыгат. Чыкса күн төбөдөн жаркырап тийип, мээримин төгүп турган кез экен. Адыл жер кучактап күнгө таазим кылып, «Оо кагылайын Күн ата, кайра кайтып бизге келдиӊби, мээримиӊ чачып сүйүүӊө бөлөп бизди» деп мунканып ыйлайт. Олтурган ордунан козголбой күн нуруна табынып ичинен күнгө жалынып-жалбарып, ички муӊун айтып олтура берет. Качан гана күн батып жерге күүгүм кире баштаганда ордунан туруп эки жагын караса, маӊдай жагындагы тоонун бетинен күйүп турган шам көрүнөт. Адыл болгон күчүнүн баарын жыйнап, ошол тоону көздөй бет алат. Тоонун бетиндеги күйүп турган шам үӊкүрдүн ичинде экен. Адыл токтолбой дароо эле кирип барат. Ичинде олтурган ак сакалдуу кары адамдын жүзүнөн мээрими төгүлүп, атайылап күтүп тургандай ордунан козголуп өйдө туруп, колундагы мүйүздөн жасалган идишти «кел балам, келе кой» деп Адылга сунат. Колдорун калтырак басып, Адыл идишти араӊдан зорго көтөрүп ичип жиберет. Айранга окшогон бул азык жигитке күч-кубат берип, бир саамдай унчукпай олтуруп, уктап калат. Таӊга маал көзүн ачып ойгонсо, жанындагы карыя көрүнбөйт. Шашыла сыртка чыкса, тоонун башындагы карыянын жанында кайберендер көкүрөгүн күнгө тосуп, моюндарын ары-бери чайпашып, күн чыгышты карап күн тосуп жатышкан экен. Жигит шашыла жүгүрүп барып аксакалдын жанына келип, кубанганынан ыйлап, эки колун көтөрүп күндү карай:

Арыба, арыба, арыбагын Күн ата
Жер бетине нур толсун
Көкүрөккө нур консун
Аалам толо нур болсун,
– деп, эсине келген ырын ырдайт. Аксакал жана кайберендер жигитти карап ыраазы болгондой ишаарат кылышат. Аксакал акырын жигитти карап, “Уулум, сен кимсиң, кандай элдин кулунусуң?” деп сурайт. Жигит эмне айтаарын билбей мукактанып, эсине бир гана күн тосуу келет. “Биз күн, күн…” деп күндү колу менен көргөзүп, башка эч нерсе айталбай ыйлай берет. Аксакал “Аа уулум, сен Күн баласы Күн-эл турбайсыңбы” деп Адылдын маӊдайынан сылап, аны көкүрөгүнө кысат. Ошентип, Адылдын аты Күн-эл болуп, кайберендер менен чогуу жашап калат. Күндөр өтүп, бир күнү кайберендердин ичинен бирөөсүнүн боюна күн нурунан бүтүп, келишимдүү бир кыз төрөйт. Баардыгы бул белгиге таӊ кала баш ийип, бул аманат кызды аман-эсен чоӊойтушат. Кыз бойго жетилип, башкача сулуу, акылдуу болуп чоӊоёт. Күн-эл менен кыз баш кошуп, тукум улап, ошентип жер бетинде эзелки Күн эли жаралган экен” деп эне мени карап жылмайып, “ушундай кызым, бул жан-жаныбарлардын ичинен абдан тазасы жана аруусу кайберендер, биз да күндөн жаралганбыз, күнгө сыйынабыз. Ошондон улам Күн балдарынын тукуму бизди Кайберен эне деп урматтап келишет” деп сөзүн токтотту.

Менин көкүрөгүмдө “жанагы Адылга жолуккан аксакал кайдан келди экен, ал ким болду экен” деген сыяктуу көп суроолор турду. Эшикте таң атканы билинип, жарык кире баштады. «Жүрү кызым, убакыт болуп калды, эми сени ордуӊа алып барайын» деп, эне ордунан турду. Биз тышка чыктык. Таӊ жаӊыдан атып, жерге жарык кире баштаптыр. Эх чиркин, табияттын кооздугу-ай, тоонун башына жүгүрүп чыгып, “эне, кел, биз да аруу элдин ырын ырдап күн тосолу” деп айткым келди. Бирок эне шашылгансып бат-бат басып, түз эле биз турган үӊкүргө бет алды. Үӊкүрдүн оозуна келгенде мени карап, «кайыр кош, кызым” деп жылмайып, артка кетенчиктеди. Ата-энем ойгонду бекен деп артымды карап кайра бурулсам, кашымда турган эне көздөн кайым болуптур. Бурулуп үӊкүргө кирдим. Атам менен апам уктап жатыптыр. Акырын басып келип ордума жаттым. Көпкө чейин ойлонуп, мен көргөн, боз жорго минген кер мурут жигит ким болду экен, чындап аруу эл, күн элден келип жүрбөсүн, мен Кайберен эне менен кайра жолугамбы же жокпу деген суроолорго басылып, энеден эч нерсени даап сурай албай калганыма бушайман болуп жата бердим.

Бир учурда атам ары-бери кыймылдап ойгоно баштады. Өйдө туруп эки жагын карап, колун өйдө көтөрүп кериле: «Оо кагылайын Кайберен эне, касиетиңен айланайын, аябай сонун эс алыпмын. Мындай ырахат алып уктап көрө элек элем көптөн бери» деп ордунан тура баштады. Аркасынан апам да ойгонуп, “ай-иий укмуш…. тим эле эч нерсе билбей уктапмын го…” деп мен жакты карап кубана сүйлөп, “кызым, сен кандай эс алдыӊ” деди. Ушунчалык кубаныч сезимдеримди билгизе “аябай жакшы, апа” деп эркелей жооп бердим. Чындап эле түнү менен уктабасам да аябай сергип, эс алып турганымды сезип жаткам. Атам аттарды камдаганга жөнөдү, биз болсо оокат-ашыбызды жыйнап тышка чыгып, өз-өз аттарыбызга минип, андан ары жөнөй бердик. Тышта күн чайыттай ачылып, кечеги төккөн жамгырдан жер эне суусун кана жуткандай болуп, табият кайра жаӊы төрөлгөн баладай чалкып жатат. Менин дагы деле табиятка көзүм тойбой, өзүмчө жыргап кетип бара жатам. Күн батаар маалда атамдын досу Кадырбайдын жайлоосуна жакындап келдик. Биздин алдыбыздан кичинекей тай минген 13-14 жаш курактагы бала амандашып тосуп чыкты. Атам да аны менен амандашып, “сен кимдин баласысың” деп сураганда, “Кадырбайдын” деп бакырайган көздөрү менен атамды бир карап, мени бар карап, атам “Мен атаӊдын досу Ишенбай деген болом…” деп сөзүнүн аягына чыга электе тайдын оозун буруп, чымын-куюн болуп үйүн көздөй чапкылап кетти. Артынан биз да утурлай жөнөдүк.

Алдыбыздан атамдын досу, аяш апам жана алардын балдары тосуп чыгышты. Кучакташып көрүшүп, ал-жай сурашып үйгө кирдик. Кадырбайдын туугандары келип амандашып, анан өз-өзүнчө камылга көрө башташты. Мен бир аз тамактанып алып тышка чыктым. Жайлоонун күн чыгыш жагынан бир кичинекей дөӊчө көрүндү. Ал жакты бир караганда эле менин бүткөн боюм дүрүлдөй түштү. Мындай карасам, жанагы бизди тосуп чыккан тай минген бала жанымда туруптур. Аны көргөндө апкаарый түшүп, денемдин дүрүлдөгөнүн билгизбегенге аракет кылып, акырын жылмая күлүп “атыӊ ким сенин” дедим. “Аскар” деп менден көзүн албай тиктеп туруп калды ал. “Тээтиги бозоргон дөӊчө эмне дөӊчө, билбейсиңби?” деп сурасам, “Ал “Боз жоргонун арманы” деген тоо башында борулдап аккан чоӊ булак бар. Илгери бир өткөн заманда кер мурут жигит боз жоргосу менен келе жатып ушул жерге жеткенде аты ооруга чалдыгып өлгөн дешет. Кер мурут жигит атын кучактап, арманын айтып үч күн ыйлаган экен. Ошондон улам “Боз жоргонун арманы” деп аталса керек” деп мени караганда, көзүмө баягы кермурут жигит өзүнүн минген аты менен тартыла түштү. Дароо эле шашыла “мени ошол жерге алып барчы” дедим. Аскар “макул, бирок бүгүн кеч болуп кетти, эртеӊ менен таӊ азан ушул жерден жолугалы” деп басып кетти. Мен бир азга тоону карап туруп, анан үйгө кирдим. Ата-энем аяш ата, аяш энелерим менен өздөрүнчө сагынычтарын таркатып, сүйлөшүшүп жатышыптыр. Көӊүлүм суз, жүрөгүм лакылдап согуп жаткандай. Аяш апам “Аруунай жолдон чарчап келсе керек, уктап эс алсын” деп эс алуу үйүнө киргизип орундук салып берди. Жолдон чындап эле чарчаган окшойм, тез эле эч нерсе билбей уктап калыптырмын. Ойгонсом таӊ атаар мезгил болуп калыптыр, ордуман шаша туруп, кийинип тышка чыктым. Аскар мени күтүп туруптур. Экөөбүз бат-бат басып тоону көздөй бет алдык. Жакыныраак келгенде менин бүткөн боюм калтырап, көл-шал болуп тердеп, андан ары басалбай ордумда туруп калдым. Бир убакта кулагыма аттын кишенеп, адамча сүйлөп ыйлап айтып турганы угулду.

Алдыгы жерге туратур
Айта турган кебим бар
Аңдап азыр уга тур
Булуңду жерге тура тур
Болжогон сага кебим бар
Мунумду айтам уга тур
Аргымак элем булкунган
Айчылык жерге жулкунган
Ай айланып, жыл өтүп
Аргымак эмес мен шордуу
Арманда болдум унутулган
Боз жорго менмин булкунган
Болжоосуз жерге жулкунган
Боз жорго атым айтылбай
Боздогон жанмын унутулган
Абада сызып кетчү элем
Алты айчалык жол болсо
Алты эле күндө жетчү элем
Жел менен кошо желчү элем
Жети айчалык жол болсо
Жети эле күндө келчү элем,
— деген үн бир топко чейин жаңырып барып, анан кулагымдан алыстап барып токтоду.

Мен дагы боз жоргого кошулуп ыйлай берипмин. Өзүмө келсем, маңдайымда Аскар буга эмне болду дегенсип таӊ калып карап туруптур. Көзүмдүн жашын колум менен аарчып, андан ары өйдө чыгып барып булактын жанына келдим. Жүзүмдү сууга чайып, көпкө чейин булактан көзүм албай олтура бердим. Бир учурда Аскар мени түшүнбөгөн көздөрү менен жалооруп карап, “сага эмне болду, баары жакшы элеби?” деди. Мен унчукпай олтуруп, бир аздан кийин “сен бул боз жоргонун ээси эмне болгонун билбейсиӊби?” дедим. Аскар таӊ калгансып карап, анан мындай деди: “Боз жорго өлгөндөн кийин ээси ээр токумун алып, тээ көрүнүп турган асканы көрдүӊбү, ошол жерде чоӊ үӊкүр бар, ошол жакка кетип түшпөй коюптур, кийин айылдагылар барып үӊкүрдөн таппай коюшкан дешет, кайда кеткенин эч ким билбейт”. Мен ал асканы карап дагы тереӊ ойго баттым. Эх, чиркин ай, ошол үӊкүргө заматта жетип барсам кана! Бирок баралбасымды жонтерим менен сезгенимде, кайра үйдү көздөй кайттык. Ата-энем жаӊыдан ойгонуп туруп баштаса керек, биз эч нерсе билигизбей жай-жайыбызга тарап кеттик. Мен эмнегедир үйгө эртерээк кайткым келди. Жолдо бара жатып Кайберен энеге жолугуп, сөзсүз кер мурут жигит жөнүндө сурайм деп өзүмчө бушайман болуп жаттым. Атамдар эч капар албай, алардын жүздөрүндө азыр кете койгудай ой жок. Бир убакта апам мени өзүнчө бөлүп алып, жылмайып карап, мындай деп сөз баштады: “Кызым, айланайын, акыры кыздын барар жери белгилүү. Атаӊ экөөбүздүн эртеби-кечпи сени менен коштошор мезгилибиз келет. Биздин көзүбүз барда жашоодон өз ордуӊду таап алсаң…” деп ыйлап жиберди. Апам мындай сөздү биринчи ирет айтканына ичим ысып, күйүп чыкты. Эч нерсе дебедим. Апам бир аз токтоп, кайра сөзүн улады. “Атаӊ экөөбүзгө бул жерден аяш атаӊдын тууганы Сырдыбай деген адам жуучу түшүп, сенин колуӊду сурап жатат. Жакшы кишилер экен, атаӊдын көӊүлүнө жаккан окшойт” дегенде, апамды кучактап ыйлап жибердим. “Апа, мени жайыма койгулчы, суранам, экинчи мага минтип айтпаңызчы” деп токтоно албай ыйлай бердим. Билбейм, эмнегедир апам да мага кошулуп ыйлап жатты. Мындай жоопту күткөн эмес окшойт, ошону менен ал жерден бул тууралуу сөзгө кайрылышкан жок. Кайтууга убакыт келип жеткенде атам кетүү камылгасын көрө баштады. Аттарыбызга минип, аяш атамдар менен коштошуп, жолго чыктык. Менин оюмдун баары жолдогу үңкүргө барып, кайрадан Кайберен энеге жолугуу. Ушуну ойлогондо эки көзүм төрт болду.

Ойлогондой эле, жол жүрүп олтуруп, биз баягы тамактанган жерибизге жеткенде атам “келгиле, ушул жерден тамактанып алалы” деди. Сүйүнгөнүмдөн аттан ыргып жерге түшө калып, дароо апамдын артында артылган куржунду кантип алып жерге койгонумду байкабай калыпмын. Экөө менин мындай кыймылыма таӊ калгансып карап, анан аттарынан түшүп тамактанууга кириштик. Мен болсо үңкүрдө конуп калсак экен деп ичимден бушайманданып, оюмдун баары качан аркырап шамал жүрүп, булут түрүлүп, жамгыр жаайт деп капчыгайдын оозун бир карап, асманды үӊүлүп бир карап, ичимден жамгыр жаачы деп Кудайдан тиленип жаттым.

Уландысы бар

Кутман БОРОНЧУ, «Көк асаба», 24.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий