Кыргыздардын кудалашуу салты

Адам баласы XXI кылымда жашап, акылы ай чапчып турган учур болсо да, анын аң-сезиминин түпкүрүндө байыркы адамга таандык ишенимдер жашап, андан келип чыккан ырым-жырымдар күндөлүк турмушунан орун алгандыгы талашсыз. Ырымдар адамдарды төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейин коштойт, ошол себептүү алар атайын үйрөтүлбөй, бала кезден байкоо жүргүзүү аркылуу эле кабыл алынат. Элдин айлана-чөйрөгө, турмушка карата көз караштарын өзүндө камтып, чагылдырып тургандыктан, ырым-жырымдар элдик оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрүнө тарап, каада-салтка, элдик этикетке айланып кеткендиги анык. Этнография илиминде «үй-бүлөлүк ырым-жырымдар» деп аталган өзүнчө топ бар да, ага үйлөнүү тоюнда аткарылган, баланын төрөлүшүнө, өсүшүнө байланышкан жана сөөк коюуга тиешелүү ырым-жырымдар кирет. Бул макалада биз үйлөнүү тоюнун башталышы болгон кудалашуу салты жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

үйлөнүү өмүрдөгү эң маанилүү кадамдардан болгондуктан, ага абдан маани берилген. Ырас, кыргыздардагы кудалашуунун бел куда жана бешик куда сыяктуу түрлөрүндө үйлөнө турган эки жаштын каалоолору эске алынбаганын айта кетүү керек. Себеби бел кудалык балдар али төрөлө элек мезгилде аткарылса, бешик куда болуу, аты айтып тургандай, балдар бешикте жатканда бүткөн. Адатта, кудалашуунун мындай көөнө түрлөрүнө бири-бирин көптөн бери билген, көңүлү жакын, мамилелеш адамдар барышкан. Балдарынын эркинен тыш макулдашуу аркылуу алар өздөрүнүн ортосундагы ынтымакты дагы бекемдөөнү көздөп, ошол эле учурда уул-кыздарынын болочокто начар чыкпасына, ата-энелеринин сөзүн ташташпасына ишеним артышкан. Албетте, мындай чара эки тарап үчүн тең ыңгайлуу болгонун да унутпоо керек: уулдун атасы келини үчүн берчү калыңын бир топ жылдын ичинде бөлүп берип, ири чыгымдан байкалбай кутулса, кыз тарабы тиешелүү септи даярдоо үчүн (ал тургай, кыздын өз колу менен) кенен убакыт алган. Мындай убадалашкандар уул-кыздары чоңоюп, тою өткөнгө чейин эле кадимки кудалардай катташып, жакшылык-жамандыкта бирге болушкан. Балдардын биринин атасы же энеси өтүп кеткен күндө да, кудалык убада бузулбай кала берген. Эгер жаштар бойго жеткенден кийин бири-бирин жактырбаса, мүмкүн болушунча аларды көндүрүүгө аракеттенишкен, таптакыр арга жок болсо гана эркине коюшкан. Эгер кыз көнбөсө, анда алдын ала берилип келген калың кайтарылган, жигит кызды жактырбаган учурда калың кайткан эмес. Негизи кыргыз салттары эч качан адамдын көңүлүнө, эркине, укугуна каршы чыкпаганын белгилей кеткибиз келет.

Жигит эр жетип, үйлөнөр маалы келген чакта кимдир бирөө менен сөз байлашпаган болсо, ата-энеси кыз караштыра баштаган. өткөн мезгилдерде кыргыздар балдарын мүмкүн болушунча эрте үйлөгөнгө аракеттенген, муну эрте балалуу болуп, балдары атасы менен катар эле чоңоюп, кол арага жарап, жумушун эрте колунан алышы менен байланыштырышкан. Эр жеткен жигиттин колоктоп бойдок жүрүшүн өөн көрүп, «Буканы малым дебе, бойдокту балам дебе» деп шылдыңдап, кызды «кара далы» атап арданткан. өзүнүн көп кылымдык тажрыйбасында кыргыздар жакын туугандардан, же болбосо бир эле уруктан, уруудан түзүлгөн үй-бүлөлөрдөн алсыз, оорукчан, ал түгүл, тубаса майып, акыл-эси кем балдардын төрөлөрүн байкашкан. Андыктан баласын үйлөгөндө башка айыл, башка уруудан кыз алып берүүгө аракеттенген. «өз айылынан аял алгандын тукуму — күйпүл күчүк, кыр ашырып алгандын тукуму — карышкыр, ашуу ашырып алгандыкы — арстан» деген сөз мына ошондон калган. Ар бир кыргыз уулунун жети атасына чейин билүүсү, санжыра сүрүштүрүүнүн негизги максаттарынын бири дал ошол — жакын туугандардын каны аралашып кетүүсүнөн сактоо болгон. Кадыр-барктуу, белгилүү адамдар уулун үйлөгөн учурда же өзү тандап кыз алып берген, же баласына тажрыйбалуу, кыраакы, сынчы кишини кошуп берип, өзүнө эл ичинен издеткен. Бул жөнүндө кыргыз элинин жомокторунда, уламыштарында, санжыра сүрүүсүндө айтылат. Эл арасында али турмушка чыга элек кыздын аз же көп төрөшүн, анын төрөгөн балдарынын кандай чыгарын алдын ала билген адамдар болгон экен. Муну бабаларыбыздын улуу өнөрү катары карасак болот. Бай Жакыптын Манаска өзү тандап Каныкейди алып бергени, Жээренче чечендин уулуна кыз издеп, Акылкарачачты сынына толтурганы, же Санчы сынчынын чачылган элди жыйнаган Болотко аял тандап бергени эл оозунда кылымдар бою айтылып келген. Кызды тандаган учурда сынчыл адамдар анын өңү-түсүн, басып-турушун, кеп-сөзүн, чай сунуп, тамак жасашын, жүк жыйышын… — баарын, баарын көз кырынан өткөрүшкөн. Албетте, «Катын албай, кайын ал» деген принциптен улам болочок колуктунун ата-энесинин теги, эл ичиндеги аброю да унутулган эмес. Чыгыш икаяларынын биринде баласына ылайыктуу колукту издеген атанын кыздуу үйгө жуучу түшүп барганы айтылат. Жуучулук салт бардык элдерде бирдей эле болот эмеспи. Аркы-беркиден сөз козгоп, ата-энесин, короо-жайын, кыздын өзүн көз кырынан өткөрүп, сынына толтуруп болуп, анан гана «эми-и сизде кыз бар экен, бизде уул бар…» деп сөз баштамакчы болуп калганда кокусунан кудаламакчы болгон кыздын сиңдисинин кандайдыр бир тамашалуу сөзүнө токтоно албай бүт тиштерин көрсөтө каткырып күлүп жибергенин байкап калат. Ошол замат келген себебин айтпай, башка бир шылтоону айтып, шашып чыга жөнөптүр. Демек, баарыдан мурда кыздын өзүнүн жеке сапаттары эске алынган.

Көңүлгө туура келген ылайыктуу кыз табылган учурда анын атасынын үйүнө атайын жуучулар жөнөтүлгөн. Макулдугун бербей койбосун үчүн жуучулукка атайын жашы улуу аксакалдар менен эл ичиндеги кадырлуу кишилерди, же болбосо чукугандай сөз тапкан, чечен адамдарды тандашкан. Алар, адатта, барар замат максатын айтып кирбей чайлашып, кыздын ата-энесин мактап көңүлүн алып, анан «Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер», «Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет», «Жакшыга жуучу келет, жаманга куучу келет» деп бал тилин безеп макалдата сүйлөп, келген максатын билдиришкен. «Кызы бардын назы бар» дегендей, нары кызынан кутула албай эле жүргөн экен деген сыяктуу сөздөрдөн сактанып, ата-энеси дароо эле макулдугун бере салбай, түрдүү шылтоолорду айтып көрөт. Жуучулар да түңүлүп калбай, бир топко дейре көшөрүшөт. Кыздын ата-энеси макул болбогон учурда да, жуучуларды кабыл алып, сыйлап узатуу салты бар. Элде «Элчиге өлүм жок, жуучуга кордук жок» деген эреже кылымдар бою жашап келет, демек, жуучуларды элдик дипломатиянын өкүлдөрү катары карап, алардын статусу элчилердики менен бирдей каралган десек жаңылышпайбыз. Анткени элчилер эки элдин же мамлекеттин ортосунда байланышты түзүшсө, жуучулар мамлекеттин кичинекей үлгүсү болгон үй-бүлөлөрдүн арасында данакерлик кызмат аткарышат эмеспи.

Эгер куда түшүп келген тарап кыздын атасына жакса, маалкатып жатып макулдугун берет. Куда түшүп келген адам андай учурда колун бооруна алып: «Кулдугум бар, куда», — деп кулдук урат. Бул салттуу сөздөн атанын баласынын бактысы, келечеги үчүн кул болууга да даяр экендигин билдирген мамилени, өзүн да аябаган аталык мээримди байкоого мүмкүн. Макулдук алынгандан кийин эки куда төш тийиштире кучакташып, таттуу мамиледеги кудалардан болуу үчүн ырымдап дасторкондогу бал, өрүктүн кагы же шоколад сыяктуу шириндиктерден чогуу ооз тийишет. Мындан кийин берилчү калың, кийит кийгизүү, той берүү сыяктуу маселелер ачык-айкын сүйлөшүлөт. Кыздын башы байланып калгандыгынын белгиси катары ага сөйкө салып коюшкан. Бүгүн алтын сыргаларды колдонуп калышкан менен, кыргыздарда мурун күмүш сөйкө бааланганын айта кеткибиз келет. Анын кадырланышына күмүштүн түсү, тагыраак айтканда, ак түс себеп болгондугу шектендирбейт. Ак түс тазалыктын, күнөөсүздүктүн, ак ниеттик менен жакшылыктын, амандыктын, асылдыктын түсү катары каралган. Изилдөөчүлөр муну көчмөндөрдө сүттүн ыйык саналышы менен байланыштуу деп түшүндүрүшөт. Тескерисинче, алтындын сары түсү кайгынын, азаптын, оорунун белгиси деп кабыл алынган.

Калыңды төлөөдө кээде баланын атасы көбүрөөк чыгым тартып калса да, «Мен баш алып жатпаймынбы, үйүмө бүлө кирип жатат», — деп өзүн жубатып, сураган калыңды берген. Калыңды чогултуу үчүн жигиттин ата-энеси тууган-уругун чакырып, «кошумча той» өткөргөн. Көчмөн кыргыздар калыңды, адатта, мал менен берген, анын саны кудалардын чарк-чамасына жараша чечилген. Кудага алып баруучу жылкынын көкүлүнө кебез байлап койгон, мындай ырымда кебездин ак түсү мааниге ээ болгондугу шек туудурбайт. Эл оозунда айтылган уламыш сөзгө караганда, илгери аялы кайтыш болгон бир бай адам жаш кызга көзү түшүп, ага жуучуларын жөнөтүптүр. Калыңына кызыгып, бирок күйөө бала болчунун жашы өтүп калганына кыңырылган кыздын атасы келгендерге жөнүн айтып жөнөтөт. Муну уккан бай дароо бир айгырдын көкүлүнө кебез байлатып, жетелетип жибериптир. Аны көргөн кыздын атасы эч нерсе айтылбаса да, дароо түшүнүп, батасын берип, кызын узатыптыр. Анткени кыргыздар айгырды үйүргө жаңы кошкондо да анын көкүлүнө кебез байлап агытышат…

Калыңдын аз же көп берилгенине карабай, кыздын тоюн өткөрүү сөзсүз аткарылчу милдеттерден. «Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» деген макал дал ошол шарттан улам келип чыккан, бул кыздын көңүлү, кадыры үчүн аткарылган. Чогулган эл шаан-шөкөт менен өткөн тойду гана көзүнөн кечирип, эскерип сөз кылып калса, калыңга байланышкан алыш-беришти кудалар өздөрү эле билишкен. Кудалашуу бүткөндөн кийинки мамилени «Куда болгуча кимдигиңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш» деген эреже аныктаган. «Дос жүз жылдык, куда миң жылдык», «Кудай кошкон куда болот» деген макалдар кыргыздардын кудалашууга карата болгон көз карашын камтып, муну кудайдын иши катары карап, баалаганын айгинелеп турат.

Абдымиталип Мурзакметов,
тарых илимдеринин кандидаты, этнограф,
«Шоокум», 01.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий