“Тоо философиясынын” маӊызы

К. Сариеванын 2014-жылы жарык көргөн “Тоо философиясы” (Тоо феноменининин геофилософиялык маӊызы жана логикалык эволюциясы) аттуу эмгеги кыргыз философиясында, анын ичинде эпистемология тарыхында алгач ирет тоону гносеологиялык проблема катары окуп-үйрөнүүгө арналган.

Эмгекте «жалпы адамзаттык баалуулуктарды толуктап, сактоо, байытуу менен кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бир элдин маанилүү вазийпасы» экендиги, б. а. уланмалуулук принцибинин сакталуу зарылдыгы белгиленет.

Автор өз эмгегинде демейки аӊ-сезимде философиялык–категориалдык аппараттын ордуна колдонулуп келген түшүнүктөр тууралуу мындайча жазат: «Кезинде күндөлүк практикалык жашоодогу предметтер, кубулуштар, жаратылыш объектилери: асман, жер, тоо, суу, от, аба (шамал) жөнүндө түшүнүктөр, философиялык–категориалдык аппарат ордуна колдонулуп, өтмө мааниде теориялык категорияларды туюнткан. Мындай жол байыркы чыгыш элдерине мүнөздүү болуп, металл, от, суу, жыгач, жер же инь-янь сыяктуу түшүнүктөр аркылуу дүйнө түзүлүш сыпатын (картинасын) жараткан».

Жогоруда белгиленгендей, автор чыгыш элдеринде, анын ичинде кыргыздарда асман, жер, суу, от, аба (шамал) Байыркы Греция философиясындагы төрт стихия сыяктуу эле, «философиялык–категориалдык аппарат катары колдонулуп, өтмө мааниде категорияларды туюнткандыгын белгилейт. Автор бул ойду айтуу менен, «өтмө маани» деген түшүнүккө алдын-ала көмүскө ой жүктөйт.

Б. з. ч. мезгилдерде эле философиясы жазма жүзүндөөнүккөн Индия, Кытай философиясы тууралуу ой калчаганда, «өтмө маани» өз күчүн жоготсо да, байыртадан бери анда-санда гана жазууга ээ болуп, кайра аны жоготуп, философиясы көбүнчө турмуштук философия катары оозеки түрдөөнүгүп келген, кыргыз философиясы тууралуу ой калчаганда, бул түшүнүк алда канча тереӊдей түшөт. Анткени кыргыз эли дүйнөнү көбүнчө так, илимий категориалдык түшүнүктөрдүн жардамы менен эмес, образдуу ой жүгүртүү аркылуу, аны бөлүп-жарбай, текши, бир кылка кабылдап келгени белгилүү жана алардын ой жүгүртүүлөрүнө мүнөздүү мындай синкретизмди көпчүлүк окумуштуулар белгилеп көрсөтүшөт.

Азыр да «Асман, тоо, суу, от өӊдүү түшүнүктөр философиялык-категориалдык аппарат ордуна колдонулган» деген ой менен макул эместер четтен чыгат. «Кыргыздардын өз жазуусу болбосо, аларда кайдан философиялык категориалдык аппарат болмок эле» деген пикирди кээ бир окумуштуулар айта калып жүрүшөт. Автор ушундай шекшиме көз караштардын алдын-алуу максатында, «өтмө маани» деген түшүнүктүн подтекстиндеги маани менен зор чеберчиликте өз оюн коргой алган. Ал эми Байыркы Кытай философиясы тууралуу айтсак, аларда да Байыркы Грециядагыдай эле төрт стихия болсо, ал эми Байыркы Индияда бул төрт субстанцияга жыгач жана металл деген дагы эки түпкүтек кошулат. Автор өз эмгегинде кыргыз элинин илимге чейинки философиясында, башка чыгыш элдери сыяктуу эле аталган алты категория жашаарын, бирок алардан айырмаланып, жетинчи түпкүтек катары тоо эсептелерин белгилейт.

Монографиялык изилдөөдө тоо башаты жердин субстанциясына салыштырмалуу андан мааниси куушураак, бирок кыргыз эли үчүн мазмуну өтө тереӊ, философиялык түшүнүк катары сыпатталат. Бул тууралуу автор мындайча жазат: «Тоо жаратылыш тутумундагы маанилүү объектти түшүндүргөн сөз, же жердин көтөрүӊкү бүктөмүн түшүндүргөн географиялык термин гана эмес, дүйнө таанымда, ойломдо байыртадан ар кайсы элдерде кеӊири орун алган объект… Кыргыз элинде объективдүү дүйнөдөгү түп туткан турагы жана анын субъективдүү чагылышында эӊ көп колдонулган түшүнүк».

Жогоруда белгиленгендей, тоо феномени ушуга дейре же айрым бир илимий багыттарда пайдаланылган термин катары гана колдонулуп келсе, автор өз эмгегинде бул түшүнүккө маӊыздык сапат, чагылдыруучулук функция жүктөп, тоону дүйнөнүн «универсалдуу байланыштарынын конкреттүү учурун» чагылдыра алган түшүнүк экендигин ынанымдуу далилдей алган. Аталган эмгектин жаӊычылдыгы мына ушунда турат.

Чындыгында тоо феномени география, биология, экология өӊдүү жалпы илимдердин гана объекти болуп, адабият жана искусстводо, анын образы көркөм сөз жана искусство таануу илимдеринин каражаттарынын жардамы менен сүрөттөлүп келген. К.Сариева ушуга дейре өлкөбүздө бир да философиялык иликтөөнүн объектине айлана элек, тоо феноменинин географиялык маӊызын, логикалык эволюциясын алгач ирет иштеп чыккан.

Бул маселе мурда философиялык иликтөөлөрдүн предметине айлана албай чанда боло калса, көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келген, ушул проблеманы иликтөөгө белсенип киришкени, автор өзү жазгандай, “тоону жакшы көрүп, аны сүйгөнүн” эле туюнтпастан, аталган маселенин философиялык маӊызын башкалардан мурда түшүнө алгандыгынан да кабар берип турат. Тоо маселесинин дагы бир өӊүтү «тоо» проблематикасын азыркы шартта философиялык-методологиялык, социомаданий жана экологиялык аспектиден туруктуу өнүгүү парадигмасынын контекстинде бүтүндөй анализдөө» менен байланышкан.

Автордун «тоо кыргыздын болмушу» деген оюна толук кошулабыз. Анткени кыргыз кыргыз болуп жаралган күндөн тартып, анын жашоосу тоо менен байланыштуу болгондуктан, байыртадан баштап бүгүнкү кезге дейре жашап өткөн жана учурда жашап жаткан ар бир кыргыздын оюна, аӊ-сезимине да, кааласа-каалабаса да алардын болмушу, жашоо жолу катары сиӊип калган тоо түшүнүгүн кыргыз жана кыргыз өӊдүү тоолук элдердин аӊ-сезиминен сүрүп чыгаруу такыр мүмкүн эмес.

Автор ушуга дейре философиялык изилдөө объектисине коошпой, обочолонуп турган тоо маселесин универсалдык илимдин проблемасына айлантууда, өзүнүн илимий чеберчилигин көрсөтүп, анын ар кыл ык-жолдорун таап, жатык тилде түшүнүктүү формада жазган.

Бул эмгекти жазганга дейре автор тарабынан жазылган «Модель жана тааным» аттуу эмгегинин ички логикасына жана структуралык түзүлүшүнө жасалган анализ – окумуштуунун бул эмгекти жазганга чейинки теориялык даярдыгы – тоо феноменин иликтөөсүндө маселенин ичине сүӊгүп кирүүсүнө да мүмкүндүк берген.

Жыйынтыктап айтканда, философия илимдеринин доктору К. Сариеванын бул эмгеги кыргыз элинин жүрөгүнө жакын тоо феноменин алгачкылардан болуп, философиялык изилдөө объекти катары аныктап, аны философиялык рефлексиянын деӊгээлинде жалпылап чыккан баалуу эмгектерден экендигине шек жок.

Козубай Аблазов, философия илимдеринин кандидаты,
“Кутбилим”, 22.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий