Орхон-енисей жазууларынын осуяты

Биздин замандын VIII кылымында Монголиянын Кошо-Цайдам өрөөнүндөгү Орхон дарыясынын жээгине түрк баатыры Күл-Тегинге арналып таш эстелик тургузулганы тарыхта белгилүү. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен ошол белгилүү таш эстеликтин бетине чегилген рун жазууларындагы бир орчундуу, маанилүү, тарыхый сабакка-осуятка көӊүл бурууну быйылкы тарых жана маданият жылында милдетибиз деп эсептедик.

Биздин байкашыбызча, буга чейин Орхондогу Күл-Тегиндин таш эстеликтин кичи жана чоӊ жазууларынын тилдик, адабий, тарыхый, философиялык, маданий жагын изилдеген окумуштуулар ташка чегилген бул баяндагы эӊ башкы нерсени көз жаздымында калтырып келишкендей. Аталган таш эстеликтердеги жазуулар жөн гана жазылып коюлган байыркы тарыхый, адабий, маданий маалымат эмес. Белгилей турган эӊ башкы нерсе, бүгүнкү тил менен айтканда, бул жерде түрк элин, түрк улутун, түрк мамлекеттүүлүгүн сактоонун өзүнчө бир концепциясы берилген жана мамлекеттен айрылуунун, улуттукту жоготуунун жана алардын кайра жаралуусунун ачуу сабагы тартууланган. Ал эми бүгүнкү күндө ар бир калк үчүн өзүнүн улуттугун, мамлекеттүүлүгүн сактоодон ашкан ыйык маселе болбосо керек. Демек, байыркы дегенибиз менен, Орхондогу таш эстеликке чегилген жазуулардагы улутту, мамлекетти сактоонун философиясы, концепциясы жана практикасы өзүнүн маанисин жоготпогон, айрыкча, бүгүнкү глобалдашуунун шартында өтө актуалдуу, түбү түптүү, өлбөс сабак демекмин.

Адегенде, мамлекеттен айрылуунун ачуу сабагына келели. Таш эстелик ыйлап тургандай сезилет. Ыза-кордукка муунган, ичи арманга толгон түрк патриоту Күл-Тегиндин эстелигинде өзүнүн кыйрап жок болгон мамлекетин моминтип жоктоп турат: «Элдүү (мамлекеттүү) журт элем, эми элим кана? Каны бар эл элем, каганым кана?» (Күл-Тегиндин эстелигинен).

«Табгачка баш ийди… Түрк эли өлдү, азайды, жок болду. Түрк журтунун жеринде мамлекеттик түзүлүш калбады» (ошол эле VIII кылымдагы Тонукуктун эстелигинен. Тонукук Күл-Тегин баатыр менен бирге жүргөн түрк билерманы). “Жарактуулар кайдан келип, сени кайда чачты? Каныӊ суудай акты, сөөгүӊ тоодой жатты” (Күл-Тегиндин эстелигинен). (Мисалдар 1982-жылы Фрунзеде жарыкка чыккан “Орхон-Енисей тексттери” аттуу китепке жайгашкан Күл-Тегиндин жана Тонукуктун эстеликтериндеги тексттерден алынып жатат).

Ошол түрк элинин өзүнчө бүтүн журт болуудан калгандыгынын, мамлекеттүүлүгүнөн айрылгандыгынын себептери Күл-Тегиндин эстелик ташына мындайча чегилип жазылган: «…Андан кийин иниси агасындай болбоду, уулдары канындай (атасындай) болбоду, билимсиз каган отурган эле, акылсыз (жаман) каган отурган эле, буйругу да (насааты да) акылсыз, жаман болгон эле.

 Бектери, эли (түз эместиги) үчүн, табгач элинин бузукулугунан (кайраштырганыүчүн), азгырганы үчүн, ага инини кайраштырган үчүн, түрк калкынын элдүүлүгүнүн (мамлекетинин) биримдиги учуп кетти (бузулуп калды).

Кандык жүргүзгөн канын житирип (жок кылып), табгач элине (Кытай империясына – С.Б.) уулдарыӊ кул болду, сулуу кыздарыӊ (кыз-уулуӊ) күӊ болду.

Алтын, күмүш, ичимдикти кыйналбай-кысталбай мынча көп берип жүргөн табгач элинин сөзү таттуу, оозу (сөзү) жумшак эди (эле); таттуу сөзү менен, жумшак асылы менен азгырып ыраакы калкты өзүнө мынча (ушунча) жакын кылды. Жакын конгондон кийин азгырма билим (бузукулукту) үйрөнүштү. Билими жок (билбес) киши ал сөзгө алынып (ишенип) жакын барып, көп киши өлдү.

…Жер кесип тирүү-өлүүнүн ичинде тентиген элеӊ».

Мына ушинтип, түрк эли чоӊ трагедияга учураган.

Эми турмушта болгон тарыхтын өзүн эске түшүрөлү. VI кылымдын орто ченинде Бумынжана Истеми кагандар башчылык кылган биринчи чыгыш түрк каганаты курулгандыгы белгилүү. Бул каганат-империя Монголиядан Каспий деӊизине чейинки аралыкты кучагына алган. Ушул биринчи Чыгыш Түрк каганаты бир нече ондогон жылдар салтанат куруп жашап туруп, бирок кийинчерээк ооматы кетип, начарлап, ич жагынан ыдырап, анан акыры кытай империясы тарабынан 630-жылы талкаланып, мамлекет, каганат катары жок болуп кеткени тарыхта тастыкталган факт. Ушундан тарта түрк эли Тан династиясынын карамагына өтүп, толугу менен табгачтарга (кытайларга) көз каранды болуп калат. Күл-Тегиндин эстелигинде дал ушул тарых баяндалып отурат. Айтмакчы, ошол күнкорлук, кулчулук абалда калган заманда түрк элинин улуттук аӊ сезиминин, тарыхый эстутумунун жоголо баштагандыгы жөнүндө Күл-Тегиндин эстелигинде мындайча кабарланган: “Иниси агасын билбес эле, уулу атасын билбес (тааныбас) эле… Табгач элине (кытайга — С.Б.) уулдарыӊ кул болду, кыздарыӊ күӊ болду. Түрк бектери түрк атын житирди (жоготту, өчүрдү), Табгач бектеринин, табгач атын тутуу менен табгач канына багынды…” Мына ушинтип, түрк уул-кыздарынын, бектеринин тарыхый тамырдан айрылып, ата-тегин эстен чыгарып, аттары кытайлашып, иниси агасын билбей, уулу атасын билбей маӊкурттук ооруга чалдыккандыгы Күл-Тегиндин эстелигиндеги саптардын арасынан өкүнүч менен жаӊырып турат. «Тарыхты танганыӊ – тамырсыз калганыӊ» дегендей, Күл-Тегиндин эстелигиндеги жазууда тарыхый эстутумдан ажыроочулукка, кыргызча айтканда, «жети атаны» унутуучулукка каршы олуттуу ой баш багып турат. Чыӊгыз Айтматов лексиконубузга киргизген түшүнүк менен айтканда, маӊкуртчулукка каршы идея астыртан насыятталып жаткандыгын байкабай коюшка мүмкүн эмес.

Эмесе, түрк мамлекетинин, каганатынын кыйрап жок болушунун негизги себептерин териштирип көрүүгөөтсөк. Күл-Тегиндин эстелигинин өзүнүн фактыларына жана ал фактылар каӊкуулап турган подтексттерге таянып сүйлөйлү.

Мына ушинтип, көрүнүп тургандай, түрк мамлекетинин кулап жок болушунун башкы себептеринин бири — түрк журтунун башына көзүөткөн мурдагы даӊктуу падышалардын ордуна буйругу да, насааты да акылсыз, билимсиз, жаман кагандын, жармач жетекчинин отуруп калышы болгон. Чындыгында, калк тагдыры кагандын көсөмдүгүнө, акылмандыгына көп жагынан байланышары ырас го. «Акылдуудан башчыӊ болсо — адашпайсыӊ» дейт кыргыз накылы. «Улугу адил болбосо, калкы убара тартаар», «Бу дүйнөдө не карып, башчысы жок эл карып» дейт дагы кыргыз акылмандыгы. Илгери Санчы сынчынын тушунда Кудаян деген жетесиз каны болуп, кыргыз журту калмакка алдырып, чабылып-чачылган. Алысты көрбөгөн арымы кыска адам такка отурса, бүтүндөй журт азап чегээри 2010-жылкы биздин революциядан улам да белгилүү болбодубу. Орхон-Енисей жазуулары да, андан берки тарых да катардагы кимдир бирөөнүн, кандайдыр бир популист Эшмат-Ташматтын кокусунан мамлекеттин башына келиши улут тагдыры үчүн опурталдуу экенин күбөлөйт. Күнүмдүктү гана ойлогон башчы элдин миӊ жылдык келечегине зыян кылып коюшу мүмкүн.

Түрк мамлекетинин кыйрашынын экинчи себебине келсек, ошондой өлкөнүн туткасын бекем кармоого жөндөмсүз ажонун айынан мамлекет ичинде башаламандык келип чыгып, журттун ички ынтымагы ыдырап, түрк эли өз ара чабыштардын, бөлүнүп-жарылып (“түрк эли бөлүнүп”… – Күл-Тегиндин эстелигинен), бири-бири менен жоолашуунун кучагында калган.

Үчүнчү себеп.Өз ара ит арка болуп, ичи бузулуп турган элдин чыр-чатактуу абалынан пайдаланып, Табгачтын (кытай империясынын) бузуку күчтөрү тутана албай турган отко май чачкандай, түрк бектерин, урууларын бири-бирине ого бетер кайраштырып (жогорудагы келтирилген мисалды кайра эстейли: “табгач элинин бузукулугунан (кайраштырганы үчүн), азгырганы үчүн, ага (жана) инини кайраштырган үчүн, түрк калкынын элдүүлүгүнүн (мамлекетинин) биримдиги учуп кетти (бузулуп калды”), ички жаӊжалдарды ырбатып, кырдаалды курчуткан.

Төртүнчүдөн, түрк бектери жана ич жагынан ынтымагы ыдыраган эл-журт тышкы империялык душман күчтөрдүн амалданган таттуу сөздөрүнө алданып, алтын-күмүшүнө азгырылып, акырындап жоонун торуна түшүп берип жатышкандыгын байкабай калышкан.

Бир муштумга биригип, каршылык көрсөтүүгө жөндөмсүз болуп калган түрк журтун Тан империясы басып алып, мамлекеттүүлүгүн катаалдык менен жок кылган. «Ырыс алды – ынтымак, ынтымагыӊ жок болсо, алдыӊдан таяр алтын так» деген кыргыз даанышмандыгы калетсиз белем. Дагы айталы, Күл-Тегиндин эстелиги баяндаган бул трагедия граждандык тарыхта VII кылымдын биринчи жарымында кыйраган түрк каганатынын азап-тозогу болуп эсептелет.

Бир сөз менен айтканда, VII кылымдагы түрк элинин мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, кытайларга-табгачтарга кул болуп калган ачуу чындыгы, кайгылуу тагдыры кимге сабак эмес? Тереӊ ойлонсок, Күл-Тегиндин эстелигине чегилген бул окуя бүгүнкү глобалдашуунун кучагындагы түрк мамлекеттери үчүн өзүнчө бир эскертүү-символ катары кабыл алынууга тийиш. Күл-Тегиндин эстелигиндеги бул ачуу сабакты айрыкча бүгүнкү Кыргызстандын эске түйгөнү оӊ. Себеп дегенде, коррупциянын, трайбализмдин, жер-жерлерге, региондорго, урууларга бөлүнүүчүлүктүн, тышкы карыздардын сазына тыгылган, сырткы геосаясий күчтөрдүн, коӊшу империялардын кызыкчылыктарынын объектисине айланган, диндик экстремизмдин коркунучуна кабылган, жүз миӊдеген жарандары чет өлкөлөргө тентиген, чыгыш жак дарбазасынан келгиндер чубуруп кирип жаткан Кыргызстандын азыркы абалынан Күл-Тегиндин эстелик жазуусундагы кулап, жоюлууга кериптер болгон түрк мамлекетинин тагдырынын айрым симптомдору байкалып турат.

Эми эстелик ташта чагылдырылган жанагы түрк элин, түрк улутун, түрк мамлекетин сактоонун патриоттук философиясы, концепциясы дегенге келели. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Күл-Тегиндин эстелигиндеги жазууларда баяндалгандай, кыйрап жоюлуп кеткен түрк мамлекетинин устуну бир күнү кайрадан тургузулган, табгачтарга кул болуп тарыхый эстутумунан айрыла баштаган түрк эли кайрадан улут болуп, мамлекет болуп тирилип, кайрадан түрк мыйзамдарын орнотуп, өз ордуна келип, каганат катары жашап калган. (Күл-Тегиндин эстелигинде жазылган бул окуя чыныгы турмушта 682-жылдан баштап кайрадан түзүлгөн экинчи Түрк каганатынын тарыхы менен дал келээрин тарыхчылар тастыкташкан).

Мындай күтүүсүз метаморфоза кандайча болуп өттү. Күл-Тегиндин ташындагы жазууга үӊүлсөк, мындай бурулуштун, төӊкөрүштүн, өзгөрүштүн төмөнкүдөй факторлордун натыйжасында болуп өткөндүгүн көрөбүз.

Биринчи фактор. Калайык-журттун ичинде өз мамлекеттүүлүгүнүн жок болушун өзүнүн жарандык өлүмү катары, улутунун өлүмү катары кабыл алган, көз каранды жашоону, ата-тегин унутуп жашаган макулуктун тирүү-өлүк тагдырын түк көтөрө албаган, атуулдук ар-намыстын туусун бийик кармаган мекенчил патриот атуулдардын тобунун болгондугу. Ушул жерден баса белгилей турган нерсе, элдин кулчулук абалын, түрк мыйзамдары унутулуп, түрк ысымдары өчүрүлүп, тарыхый эстутум жоголуп жаткан жанагындай трагедиялык абалды өз учурунда түрк жакшылары-патриоттор тобу өз улутунун өлүмү катары баалашып, “Түрк эли өзүбүздүөзүбүз мындан көрөөлтүрөлү, уруксуз бололу”(Күл-Тегиндин эстелигинен) деген жыйынтыкка келишкен экен. Ошентип, улуттук аӊ-сезими тирүү эл ичиндеги ар-намыстуу мекенчилдер бирөөлөргө көз каранды күнкор болуп, маӊкурт болуп жашоодон улуттун өзүн-өзүөлтүрүп, уруксуз болушун артык көрүшкөн. Мындай патриоттук аӊ-сезим акыры үстөмчүл империяга каршы козголоӊго, улуу көтөрүлүшкө алып келген. (“Элтерис каган атам он жети эр менен тышка кетип кол топтоду” — Күл-Тегиндин эстелигинен).

Экинчи фактор. Ошол патриоттук авангарддын өз улутуна, мекенине болгон сүйүүсүнүн көөдөндө жалындап от болуп күйүп тургандыгы (Күл-Тегиндин эстелигиндеги «Түрк эли жок болбосун деп, эл болсун деп»… «Түрк элдин аты, даӊкы өчпөсүн деп» деген жүрөктөн атып чыккан сөздөр буга күбө).

Үчүнчү фактор. Ошол патриоттук сүйүүнүн мекенге карата кургак абстракттуу романтикалык сезимдин деӊгээлинде калбай, реалдуу, активдүү, күжүрмөн иш-аракеттер, эл-жер үчүн карууну казык, башты токмок кылган мээнет менен бекемделгендигинде (Бир эле Күл-Тегин баатырдын кызматташы Тонукуктун алиги «Түн уктабай, күндүз отурбай, кызыл каным төгүп, кара терим чыгарып, күч-кубатымды (ишти, күчтү) бердим мен. Элтерис каган курбаган болсо, (чыӊдабаса), андан кийин мен өзүм курбаган болсом (чыӊдабасам), мамлекет дагы, эл дагы жок болот эле, эл курган үчүн, өзүм курганым үчүн мамлекет кайра мамлекет болду, журт кайра журт болду»(Тонукуктун эстелигинен) деген жалындуу монологун эске түшүрөлү.

Төртүнчү фактор. Эӊ негизгиси, түрк элинин бактысына керектүү, зарыл кырдаалда улуттук лидер жаралып, тарыхый сахнага чыгып келгендигинде. Кыргыздын «Манасында» айтылгандай, «караӊгы түндө көз тапкан, капилеттен сөз тапкан»,калкынын чачылганын жыйноого, үзүлгөнүн улоого, жоголгон жогун табууга жөндөмдүү, журт ичиндеги жанагы патриоттук авангардды уюштуруп, элди артынан ээрчитип, көтөрүлүшкө көтөрүлүп, жеӊишке жетишкен (“Элтерис каганды теӊирим колдоп зоболосун жогору көтөргөн экен. Жети жүз эр болуп, элсиреген (элсиз), кансыраган (кансыз) элди, күӊ кул болгон элди, түрк мыйзамынан ажыраган элди ата-баба мекенине кайра жаратты”) таланттуу, кайратман жетекчи, эр жүрөк баатыр Элтеристин акылман жол башчылыгы себеп болгон. Анын Тонукуктай даанышман идеологду жана айбаттуу баатырды увазир кылып алышы утушту камсыз кылган.

Башка себептерди айтпаган күндө да, дал ушундай эӊ негизги руханий-патриоттук факторлордун, шарттардын шарапаты менен түрк мамлекети кайрадан «тирилип», түрк эли кайрадан эгемендүү улут, каганат катары жаралыптыр.

Мына ошентип, патриотизм, мекенге болгон жалындаган сүйүү, жарандык биригүү, эл үчүн «түнү уктабаган, күндүзү отурбаган, кызыл канын төгүп, кара терин чыгарган» атуулдук чаалыкпаган ишмердик (Бүгүнкү биздеги куру ураанга жамынып, кургак чечендик кылган, иш жүзүндөөзүнүн гана кызыкчылыгын көздөгөн “ишмерлерди” көрүп уяласыӊ, жаныӊ күйөт), арканды узун таштап ойлонгон стратегиялык акыл-эс, көсөм-көрөгөч башчылык (Элтерис, Тонукук) түрк мамлекетин, түрк улутун кайра жаратып, жок болуудан сактап калган жана кайра тирилген каганаттын андан аркы триумфун (Күл-Тегин, Билге каган) камсыз кылган.

Оо көрсө, ушул тарыхый окуянын өзөктүү маанилүүлүгүн жана келечек үчүн өрнөктүүлүгүн эске алып, түрк жакшылары түбөлүк турсун деп, жол тоомуна бул сабакты ташка чектирип жаздырып, «түрк бектери, эли бул сөзүмдү эшит, тереӊ тыӊда, мындан ары жаӊылбагыла» деп бекеринен насыяттабаптыр. Мына ушинтип, жогоруда айтылгандай, «жазуулардын» бул сабагынан улутту, мамлекеттүүлүктү, эгемендүүлүктү, көз карандысыз өз алдынчалыкты сактоонун өзүнчө бир философиясы, концепциясы окулуп жатат. Мындай философия бүгүнкү глобалдашуунун ассимиляциялап жиберүүчү чабуулдарынын шартында ар бир түрк мамлекети үчүн актуалдуу.

Акыры корутундулаганда не демекпиз? Күл-Тегиндин эстелигинен жана ага мазмундаш Тонукуктун эстелигинен төмөнкүдөй насыят чыгып турганын аӊдабай коюшка мүмкүн эмес. Дагы дааналайлы. Улутуӊ, мамлекетиӊ канткенде сакталат жана алдыга кетет?

Биринчи шарт. Көлөкөлүү чынардай журтуна саябан бак боло билген акылман башчыӊ болгондо («Элтерис каган түрк элин көкөлөтүп, зоболосун жогору көтөрүп отурат»— Тонукуктун эстелигинен).

Экинчи шарт. Ошол башчынын жетегинде, тарбиясында жарандарыӊ, жалпы калкыӊ патриоттуулуктун, мекенине кан-жаны менен берилгендиктин, атуулдук ар намыстуулуктун туусун желбиретип бийик кармаганда.

Үчүнчү шарт. Ички ынтымак-ыркыӊ бузулбай, эли-журтуӊ «бир тамырдын каны, бир дененин жаны, бир сабактын даны болуп» (Э.Ибраев), биримдигин чыӊдап турганда («ичкени үзүү оӊой, ичкелер, жукалар топтолуп жоон болсо, жоонду эч ким үзө албайт» — деген ойду Тонукуктун эстелиги сүйлөп турат).

Төртүнчү шарт. Ата журт үчүн атуулдардын арыбас мээнети арыш кергенде («Түрк элиүчүн түн уктабадым, күн отурбадым. Өлүп житип бара жаткан элди тирилтип, ирденттим» — Күл-Тегиндин эстелигинен).

Бешинчи шарт. Бектериӊ, букараларыӊ тарыхый эстутумун жоготпой, чет өлкөлүк алдамчы күчтөрдүн алтынына сатылбай, жалтырак-жултурактарына азгырылбай («Эстүү билги кишини, эстүү алп кишини буза албас» — Күл-Тегиндин эстелигинен), өз өлкөсүнө таандык болгону менен сыймыктанып, чек арасын кайтарып, күн-түн сак турганда.

Дагы айталы, бул өз өлкөсүн сактоонун өзүнчө бир концепциясы эмей эмне?

Күл-Тегиндин эстелигинин автору таш бетине тандалып чегилген сөздөрдү, ойлорду, жазылган тарыхты түрк элдери үчүн, дегеле жамы адамзаада үчүн өтө керектүү, түбөлүктүү мааниге эгедер, кылымдар карыта албас, өлбөс-өчпөс дөөлөт, таалим, сабак деген ишенимде болгон. Эстеликти чеккен автор жазуусунун баш жагына «Не бир болгон сөздөрүмдү түбөлүк ташка чектим. Бул жер тогуз жолдун тоому болгондуктан, мындай жерге түбөлүк таш (эстелик) тургуздум, жаздырдым, аны көрүп билгиле» (Күл-Тегиндин эстелигинен). Чындыгында эле, эстеликтин автору тегин жазбаптыр. Көөнөрбөс түбөлүк турчу үлкөн идея, орчундуу осуят бүгүнкү күн үчүн маанилүү сабак Күл-Тегиндин эстелигинде бар болуп чыкты. Ал идея, ал осуят, ал улуу сабак мекенди, улутту, мамлекетти сактоонун жана өнүктүрүүнүн патриоттук философиясы. Жалпы Түрк элдеринин орток мурасы болуп эсептелген Орхон-Енисей жазууларынын өлбөс-өчпөс маӊызы дал ушунда деп ойлойбуз.

Демек, байыркы ташка чегилген жазууларыбыз туюнтуп турган осуяттан чыгып, бүгүнкү глобалдашуунун шартында ар бир Түрк мамлекети өлкөм, ата-журтум, улутум, мамлекетим ич жактан бекем, келечеги кеӊ болсун десе, өсүп жаткан муундарды акчага, алтын-күмүшкө, мансапка, байлык-бийликке, күнүмдүккө болгон кумарга, «махабатка» эмес, чет өлкөлүк идолдорго сыйынууга эмес, индивидуалисттик өзүмчүл прагматикага эмес, мекенге агынан жарылган ак жаркын патриоттук сүйүүгө жана эл-жерине кан-жанын берген жарандык улуулукка («Түн уктабай, күндүз отурбай, кызыл каным төгүп, кара терим чыгарып, күч-кубатымды (ишти, күчтү) бердим мен… бүткүл түрк калкына” — Тонукуктун эстелигинен) улуттук баш кошкондукка, бийик граждандык ар-намыстуулукка тарбиялашы абзел. Акырында дагы айталы, Орхон-Енисей жазууларынан (Күл-Тегиндин, Тонукуктун эстеликтери) ушундай эскирбес педагогикалык осуят ишараланып турат. Ушул осуятты үйрөнүү, жан дүйнөгө сиӊирүү жана жүрөктө сактоо азыркы «устаранын мизинде оодарылган» (Арстанбек) заманда ар бир Түрк мамлекетинин ички бекемдигинин кепилдиги демекпиз.

Советбек Байгазиев, «Кутбилим», 22.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий