Биз, кыргыздар эмне деген элбиз…

Биз, кыргыздар эмне деген элбиз, абалыбыз эмне деген абал, тарыхый кыргыз, азыркы кыргыз эл деп айырмалап нелерди айтууга болот, өзөгүбүздөн тайып, келечекке түздөнө албай айталаада адашып калган жокпузбу? Жок, андай эмес дейлик десек, неге ымга келе албай ыркырашкан, каршылашкан абалдын, миңдеген нааразлык митингтердин сазына батып баратабыз? Бул деген – демократия дешет. Жок, бул – батыштыкы. Биз алардын көчүрмөсү болууга акыбыз жок. Тарыхыбыздан, тегибизден тайып, үзүлүүгө акыбыз жок. Кыргыз турмушунда кылымдар бою калыптанып өнүккөн, муундан муунга мурасталып келген нарктуулуктарды баалай албай, туя албай арабызда, айрыкча бийлик чөйрөсүндө батышчылдар көбөйүп баратканы кандай? Муну териштиргендер, ойлонгондор барбы, эл тагдырына жооп берчүлөрдүн арасында? Кыргыз коомчулугундагы азыркы нарксыздыктар, ыймансыздыктар, ууру-кески ушакчылык, паракорчулуктар кантип, кандайча башталып, кандайча күчөдү? Себепсиз эч нерсе болбойт. Бардыгынын себеби бар. Баарын айтсак ал – узун сабак сөз. Үчөөнө гана токтолсом. Ошенткеним оң болгон туру.

Республикабыздын алгачкы президентинин колуна кыргыз элинин , кыргыз мамлекетинин табигий негизде өнүгүүсүнө өзөк салууга тарыхий мүмкүндүк тийген эле. Тилекке каршы ал киши журт бузарлык жаңылыштыктарга жол берди. Менчиктин түрүнөн баштап, коомдук мамилелер өзөгүнөн өзгөрүлүп аткан шартта элибиздин элдигин сактоо – эң башкы маселе катары ар дайым эске алынып, иш жүргүзүлүшү – тарыхий зарылчылык эле. Муну ойлогон жан болбоду. Батыш тарап каалаганындай үстөмдүк кылды. Мурдагы заман шартында жаралган байлыктар башаламан таламайга алынды. Ирет, тартип таптакыр болгон жок. Ошол кездеги мамлекет башчы: “Чак-челекей будуң-чаң аркылуу сапаттык жаңы абал түзүлөт” (“Через хаос образуется новое качественное состояние”) деп абалды жымсалдап, коомдук аң-сезимди ага ыкташтырды. Элге ал өзүнчө бир идеология сыяктуу өзүнүн зыяндуу таасирин тийгизбей койгон жок. Терең тамыр жайды. Кыргыз элинин табигий табиятына өтө кесепеттүү болду.

“Шайлоо учурунда талапкерлер акча таратса ала бергиле, добушту кимисине бересиңер, аны өзүңөр билгиле”. Ушул мамлекет башчынын айтар сөзүбү? Бул деген – эл бузарлык, дил бузарлык кесепет. Добуштарды сатуу, сатып алуу эч бир эрен – төрөнү жок абалга айланды. Парламенттик, президенттик шайлоолордун бардыгында добуштар сатылды, сатып алынды. Кендирди кескен эң башкы зыяндуулук ушул болду.

Кылымдар бою кыргызды кыргыз кылып сактап жана өнүктүрүп келген күч бул – эне тилибиз. Эне кандай ыйык болсо, тил да ошондой. Энени кордогон бала жакшылык көрбөстүгү сыяктуу эле, эне тилибиз кордолсо, элибизде эгерим жакшылык болбойт. Кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынган алгачкы жылдары маселе оңуна келе баштаган. Мамлекет башчы, кашайып, Жогорку Кеңештегилерди мажбурлап атып, орус тилин расмий тил деп мыйзамдаштырып, анын кайрадан үстөмдүк абалга чыгышына кеңири жол ачты. Ошентип элибиздин эне тил кызыкчылыгы этибарга алынбаган абал күчөгөндөн күчөп, кыргыздар кыргызча сүйлөй албай, орус кыргыз сөздөрү эл оозунда тең жарыша айтылып, дүйнөнүн бир да элинде жок “кошмок” тил коомду, коомчулукту тебелеп атат.

Сөз тыянагы: “чак-челекей будуң-чаң аркылуу сапаттык жаңы абал түзүлбөй тургандыгын” жон терибиз менен сездик, түшүндүк, билдик; “Шайлоо учурунда тапапкерлер таратканды ала бергиле, добуш берүүгө келгенде өзүңөр билгиле”. Бул деген – эл башчынын оозунан чыккан журт бузарлык азгырык экендигин тануу мүмкүн эмес; Россиянын мамлекеттик тилин, Бириккен Улуттар Уюмдагы алты тилдин бирин алып келип, Кыргыз Республикасында кыргыз тилине тирештирилип коюлганы – кыргыздарга эне тил жагынан эгерим сабаттуулук болбосун, эл өз тилинде таза сүйлөй албай калсын, оюндагысын ирети менен шыдыр айта албай онтолосун, кыйналып жүрө беришсин, дегендик. Тил ар элдин жан дүйнөсү болсо, кыргыздарда ал жабыркап атса, чара көрүүгө милдеткерлерде абалга жаны ачыгандык сезим жок болсо, анда келечек жок.

“Кыргыз элинин эне тили, нарк дөөлөттөрү: абал жана келечек” деп Улуу Курултай жыйын өткөрүлүп, жалпы кыргыз элинин атынан чечимдер кабыл алынышы керек…

30.07.2012-жылы терилген экен.
Бирок бул макала андан мурда жазылган шекилдүү.
«ЖАНАЗЫК», 19.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий