Кыргыз эли — кыргыз сөзү – абал жана келечек

Эл, коом, мамлекет турмушунда сөз сабаттуулук, сөз таасирдүүлүк адамзат тарыхында эч убакта маанисин  жоготпой  турган түбөлүк маселе. Кыргыз эли бүгүнкү күндө ушул жагынан эмне деген абалда ?

“Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат, сак болгун”
(XIII кылым.  Кет Бука)

“Базар кызыды” дештин ордуна “Базар кыймылга толуп чыкты”; “Эт арзандабады” дегендин ордуна “Эт болсо мурунку баасын кармап турат”; “Чечим артка кайтарылды” дебей “Чечимди чакырып алды”; “Пара алуу  кылмышы” же “Пара алып мыйзамды бузуу” деп айтуу туура экендигине карабай “Мыйзамсыз пара алуу” делип айтылууда; “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү” эмес, “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү”; “Анын ийгилигинин артында эмгек жана аракет жатат” эмес, “Анын ийгилиги — эмгектин жана аракеттин үзүрү” десе сөз сөөлөтүнөн  ажырабайт эле да; “Мен ойлойм” эмес, “менимче”. Эки сөздүн бири орусча айтылып, анысы аз келгенсип сүйлөм түзүлүштөр да орусчага ооп бараткандыгы элибиздин эне тилинин табиятына, сөз таасирдүүлүккө өтө зыяндуу.

Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызча так, таза, сабаттуу сүйлөөнүн зарылчылыгы барбы же бул кээ бирөөлөр атайылап этибарга албай жүргүдөй анчейин маселеби? Сөз байлыгыбыз муундан муунга кемип, эне тилин жеригендер көбөйүп бараткандыгы эмне деген кесепет? Ушул кесепеттүүлүк жок кылыныш керекпи же, көнүмүш көрүнүш боло берсинби? Эне тилибиздин табиятын, байлыгын, сөздөрүндөгү элестүүлүктү сактай албасак, оюбуздагыны ойдогудай айта албай кыйналсак, мамлекеттик кызмат адамдарына, кыргыздарга кыргыз тилинде кыргызча сабаттуу, таза сүйлөө талабы коюлбаса, бул деген улуттун улут келечегине түздөн-түз тийешелүү маселе экендигин алар түшүнбөсө, түшүнгүсү келбесе акыры эмне деген эл болобуз?

XX кылымдын башталышында адамзат турмушунда 10 миң тил болгон экен. Азыр 6 миң. Анын далайы алды жактагы 20 жыл аралыгында жок болуу абалында, эгерде тийешелүү чара көрүлбөсө. 1917-жылы Россияда өздөрүнчө өз тилдүү 196 эл жашаган. 1979-жылдагы Бүткүл Союздук эл каттоо маалыматы боюнча алганда 196 тилдин, демек элдин 100гө жакыны гана калган. Тили жоюлуп калса, ал элдин жок болгону ошол да. Болгону 62 жылда 96 тил жок болгон. Бириккен улуттар уюму тарабынан дүйнөдөгү элдердин ар биринин өз тилдеринин сакталышына кам көрүлүп, 21-февраль Элдик тилдердин күнү делип жарыяланган.

XXIкылым маалыматтык технологиянын заманы. Дуйнөөлөшүү агымы ээ-жаа бербей селдей каптап турган заман. Жаңы сөздөр, жаңы түшүнүктөр  нөшөрлөгөн заман. Агылып келип аткан ал атоолорду ылайык келгендерин эне тилибизге оодарып, ылайык келбегендерин ошол бойдон эл оозуна  алдыруу, турмуштун баардык жактарында колдонуу зарылчылыгы – өтө курч маселелердин бири, кыргыз тили да  илимдин, билимдин тили болуп, биз дагы бул жагынан түркиядагы түрк кандаштарыбыздан кем калбай тең болушубуздун бирден бир жолу.

Түгөнбөгөн түбөлүк суроо: эмне кылуу керек?

Теле-радио, жалпыга маалымдоо каражат мүмкүндүктөрүн пайдаланып, уйкудан ойгонуп, кайра уйкуга киргенге чейинки аралыктын баарында адамдын адамдыгы бул – Сөз экендигине коомчулуктун, кыргыз элинин көңүлүн буруубуз керек.

Үй-бүлөдө ата-энелер балдарынын кыргыз келечеги кыргыз тилинде, кыргыз сөзүндө экендигин түшүнүп, маселеге маани бергидей болушуна жетишүүбүз керек.

Мектеп мугалимдеринин, окуу жайларынын окутуучуларынын, кызматтагы, илим чөйрөсүндөгү, жетекчилик иштердеги кыргыздардын эне тилинде сөз сабаттуулук маселеси бул – кыргыз эли алдындагы алардын ар бирине тийешелүү жоопкерчилик экендигин сезгидей абал түзүүбүз керек.

Кет Бука бабабыздын мындан сегиз кылым мурда  айткан эскертүүсүн эске алуу – кыя өтө алгыз зарылчылык.

30.07.2012-жылы терилген

Кенжалы Сармымсаков, ЖАНАЗЫК

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий