Аалы Туткучев: кыргыздарды кордоп ырдаган казак акын катардан чыгып калды

Көкүрөктөгү нерсени күнүгө изденип толуктап, аарыдай мээнеттенип чогулткан нерсеңди бал кылып элге берип турбасаң, өзүнөн-өзү жок болуп кетет, дейт Аалы акын.

Айткан-дегени караламан калкка дем болуп келген инсандын жашоо, акыйкат, билим, жаштар, акындык өнөр тууралуу оюна ортоктош болуп турган чагыбыз. Учурда көзгө басар акындардын бири айтылуу Аалы Туткучев менен Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы Канышай Бешбаева баарлашты.

— Кезинде төрт акын менен кыргыздын төкмөлүгү токтойт деген сөздүн чындыгы бардай сезилди эле. Азыр биринен сала бири бой тиреген ак таңдайларды көрүп, шүгүрчүлүк келтиресиң. Сиздер, кийинки жаш муун кыргыздын акындык өнөрүнө эмне жаңылык киргизе алдыңыздар?

— Ар замандын өзүнүн керектүү инсандары болот экен. Эгер мурдагы акындар өздөрү жашаган доордун залкары болуп, телевидение, радио, интернет жок кезде агартуучулардын милдетин аткарса, кийинки Ашыралы, Эстебес, Тууганбай аталарыбыз, Замирбек агабыз совет мезгилинин кысымына туш болушкан. Кенен-кесири төгө албай, чектелип, «Анда Током» дегендин айланасында калып калышкан. Бүгүнкү акындар эркин учкан кушка окшош, ой-чабыты кенен, бирок улуулардын эскерүү айтыштарын аларчалык деңгээлде аткара алышпайт. Себеби заман такыр башка болуп калды. Эркин ырдап калышты. Ырдаганда да булар ар кимиси көкүрөктөгү өзүнүн таанып билген акыйкатын ырдады. Жөнөкөй мисал: быйыл шайлоо болду. Көп акындар шайлоого чыгып ырдаган жок. Кийин бара-бара жүрүп отуруп кайсы бир акын шайлоого чыгып иштеп же кимдир бирөөнүн камчысын чаба турган болсо, эл ошого таарынып, капа боло тургандай абалга жетебиз. Эмне үчүн маданият кызматкерлери саясатчылардын куралы болуш керек? Бул маданияттагы, коомдогу чоң бурулуш.

— Эл алдына чыгып, көкүрөктөгү болгон нерсени айтуу чоң жоопкерчилик. Келиңиз, бүгүнкү жаш акындардын интеллектуалдык деңгээли тууралуу сөз кылалы.

— Учурда жаш акындардын татыктуу толкуну келе жатат деп айта алам. Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган Калмурат Рыскуловдун «Суктандырат көчөдөгү жаштардын, сеникинен өмүрү көп экени» деген ыры бар эле. Бул жаштардын мени суктандырганы — мага караганда булардын акын болууга мүмкүнчүлүгүнүн көп экени. Анткени биз мурункулардан алган таалим-тарбияга өзүбүздүн тажрыйбабызды кошуп кеңейтип буларга өткөрүп берип жатабыз. Интернет маалымат топтоо жагынан аябагандай чоң шарт түзүп берип жатат. Баралына келгенде булар эркин доордун эркин булбулдары болот, буюрса. Албетте, баары эркке, эмгекке жараша болору да бышык. Булардын арасында деле жалкоо, ыкшоолору бар.

— Анан сүрөөнү, колдоосу жарашса телчигип кетет деңиз…

— Негизи чыгармачыл адам адеп жаңы чыкканда «дүң» эле дей түшөт. Бирок, бир аз убакыттан кийин пастап калат. Көрсө, 20 жаш курагында чыгармачылыгын баштаган ал адам 20 жыл бою уккан-көргөнүн, көкүрөгүнө топтогон маалыматты элге чачат экен. Аны балким, 10 жыл ырдаар, беш жыл жазаар. Бирок, бир күнү анын баары түгөнөт экен. Билген нерсеңди күнүгө изденип толуктап, аарыдай мээнеттенип чогулткан нерсеңди бал кылып элге берип турбасаң, өзүнөн-өзү жок болуп кетет экен.

— Акыйкат деп калдыңыз? Каякта ал, чеги кайда?

— Акыйкат менен чындык оңой менен жүзү табылбаган нерсе экен. Билимдүү адам дайым акыйкатты таап алат. Себеби ал көптү көрө билет. Чыккан тооң бийик болсо, көрөрүң алыс болот деген кеп бар го. Болбосо кудуктун ичиндеги бака кудуктан башка ааламды көрбөгөн сыяктуу билими жок адам тумшугунан ары турган нерсени ала албай экен. Билим алыш керек. Алганда да жөн эле светтик билим ала бербей анын жанында ыйманы кошо болуш керек экен. Билими бар туруп ыйманы жок адам бир буту сынган тулпардай, ал эми ыйманы туруп билим жок адам канаты сынган шумкардай болуп калат экен. Себеби билим — акылдын нуру болсо, ыйман — жүрөктүн нуру. Билим менен ыйманы айкалышкан адам гана толук кандуу заманбап инсан боло алат. Ошондо гана ал өзүнүн акыйкатын, өзүнүн чындыгын табат.

— Сиз таптыңыз беле?

— Мен өз чындыгымды билем.

Бир жарым миллиард кытайдан,
Бир дагы төкмө чыга элек,
Төбөлдөр чыккан орустун,
Төкмөсүн эч ким уга элек.
Кыргыздыкындай төкмөнү
Дүйнөдө эч ким туба элек, — деген өзүмдүн саптарым бар.

Демек, ошончо элдин ичинен акындыкты Кудай бизге насип кылыптыр, бул буюрган нерсени биз кайра эл-жерибизге берип кызмат кылышыбыз керек. Ушул жолдо келе жатам.

— Акындык деген эмне? Өнөрбү, касиетпи? Эмне үчүн кыргыз-казактан башка эл төгө албай калган?

— Менин жеке баамымда элдин көбү сөздөн ишке өтүп, ишти оозу менен эмес, колу менен бүтүрүүгө кетти окшойт. Кыргыздар жаралгандан сөз кадырлап, сөздүн баркын билген эл болуп, колубуздан ширеңке чыгарыш да келбейт, бирок баарын сөз менен чечип, сөз менен жайгарып келгенибиз үчүн сөз өнөрү бизде гана калып калды окшойт деп ойлоп кетем (күлүп).

Чынында, акындык өнөр элдин көбүндө боло келген, керек болсо ошол эле арабдар да куюлуштуруп сүйлөгөнгө чебер болушкан. Ошончо элден жоюлуп отуруп кыргыз менен казакта калды. Дүйнө кичирейип, интернет менен колуңду созсоң ааламдын аркы бурчуна жетип калган заманда дагы деле акындык өнөрдүн бааланышы чоң нерсе. Чыңгыз Айтматовдун «Ааламдашуу каалайбызбы, каалабайбызбы, баарыбыздын босогобуздан баш багып төрүбүзгө чейин өтөт. Ошондо биз андан кантип сактанабыз деп эмес, ошол ааламдашууда биздин ордубуз каерде болот дегендин тегерегинде ойлонушубуз керек» деген сөзү бар. Учурда ааламдашуу баарыбызды каптап, дүйнө биригип баратат. Ошондо биз улуттук баалуулуктарыбыз, сөз баккан касиетибиз менен гана элдүүлүгүбүздү, өзгөчөлүгүбүздү сактап кала алабыз. Азыр уюткулуу мурасты унутпай сактап туруу чок кармап туруу менен барабар заманда жашап жатабыз.

— Бүгүнкү күндө кыргыз-казак акындарынын ортосундагы мамиле кандай? Ар кандай сөздөрдү угуп калабыз…

— Казак өзү калкынын саны көп эле, демек, акындары да көп. Ошон үчүн алар бизге муктаж эмес. Тескерисинче, биз аларга муктаж сыяктуудай сезилебиз. Анткени, биз «Айтыш» өткөрсөк, баягы эле беш акын чыга берет. Алардан эл деле тажайт. Анан биз кызыктуу болсун деп айтыштарга казак акындарды чакырууга аргасызбыз. Ал аз келгенсип, кош байге деп акчабыздын жарымын берип, таарынбасын деп сыйлап, аттап-тондоп кетиребиз. Жеке мен өзүм өзгөчө улуу мууну менен байланышып турам, алар бизди жакшы көрөт. Ал эми түкүрүгү жерге түшпөй турган жаштары көкүрөк кагып турушат.

— Казак акындарына берген айтылуу жообуңуз бир топ кызыгуу жаратты эле. Кандай реакция болду?

— Анда убактылуу өкмөттүн мезгили болчу. Өз ара айтыштарынын биринде казактар кыргыз элин аябай кордоп ырдашат.

Саясаты сагат сайыт кубулатын,
Ак үйүнүн торуна жулунатын.
Кыргыз болгум келмейди, кыргыз болгум,
Бир аелдин этегине тыгылатын, — деген саптар кетет.

Кыргыздар биздин душманыбыз, Кененсарынын башын кескен дешет. Эгер биз ошол жерде болсок жооп берет элек, өздөрүнчө анте бергени албетте туура эмес эле. Муну «Хабардан» беришет, биздикилер жок дегенде ошол жерин кесип коймок. Уюштуруучулар, калыстар отурат, эч ким кой деген жок. Анан мен ошонун баарын көргөндөн кийин «Казак акындарына жооп» деп ырдап, өздөрүнүн сайтына салып ийгем. Андан кийин «Айтыш» фондусуна Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган айтышка Амантай, Элмирбек жана Жеңишбек акындарга чакыруу салышат. Бир жумадан кийин «Аалы акын да сөзсүз келсин» деген телеграмма келет. Айтчумду айтып салгандан кийин барбай коймок белем деп намыстанып, Жеңишбек акын, Рысбай манасчы болуп үчөөбүз жөнөп кеттик.

Негизи эл сахнанын берки бетин гана көрөт да. Ал эми сахнанын аркы бетинде өзүнчө жашоо бар. Көп сөз болду. «Казактын килейген чөлүнүн үстүнө Астана деген шаар курдук, ошону айтып ырдайсыңар, ата-бабалар ала албай келген эгемендикти Назарбаев алып берди, муну ырдайсыңар, кемчилигибизди айта турган болсоңор, ошол жерден токтотобуз» дешти. Бирок, биз алар жөнүндө ооз ачпай, алар биз жөнүндө айта берсе болот экен, биринчи айтыш ошондой болуп калды. Мени Ринат Заитов менен чыгарды. Менде деле көп нерсе бар болчу, далай сөз тилимдин учунан кайра кетти. Мунун баары саясат, сахна артындагы тизгинделген окуя болду. Ал айтышта мен аябай буулуктум, айта турган нерсемди айта албай бук болуп калдым, кысылдым. Бизден кийин чыккан Жеңишбек байке өздөрүнө жараша

Ооба, биз Манастан калган уулбуз,
Мамлекетти булгаса,
Маңкаларды кууйбуз.
Айкөлдөн калган уулбуз,
Ала-Тоону булгаса.
Акмактарды кууйбуз, — деп айткандан кийин эле аларды токтотуп коюшту.

Ошондо Рысбай байке үчөөбүз отуруп алып айтыштын уюштуруучуларына кат жаздык. Финалда биз дагы казак акындардын өздөрүнө жараша жооп кыла турганыбызды, акыйкаттыкты талап кыларыбызды айттык эле, эртеси айтыштын уюштуруучусу Жүрсүн Ерман сахнага чыгып, «биздин кээ бир акындар кыргыз акындарына туура эмес ырдап алганы үчүн кыргыздардан кечирим сурайбыз» деп сүйлөдү. Бирок бул нерсенин бири дагы эфирге кеткен жок.

Кытайлык казак кыз бар экени Жабига деген. Финалда Ринат ага каршы чыкпай койду. Ошондо өздөрүнүн эле акындары «ой, тигинин ыры түгөнүп калды го, ал сага гана даярданган го» деп шылдыңдаганын уккам. Көрсө, Ринат Кытайда 12 күн жүрүп Жабиганы жеңе албаптыр, бул айтышка атайы менин жообума ыр даярдап келген экен. Кийин аны таптакыр эле акын катары тизмеден чийип салышты.

— Акындар курчтугунан жабыр тартышабы?

— Жеке мага курчтугум абдан көп кедергисин тийгизет. Көп жабыркайм. Айтканыма өкүнгөн учурларым болот. Бирок ар нерсенин себеби, кырдаалдын абалы болот экен. Ошол маалда учурга жараша айтып аткандай болосуң, бирок качан эмоция ылдый түшүп акыл менен баа бере баштаганда сабырсыздыгың, курчтугуң басымдуулук кылып кеткенин байкап каласың.

Sputnik Кыргызстан, 12.12.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий