Канткенде балдарды сабаттуу жазууга үйрөтөбүз?

Ар бир окуучу жазуу тапшырмаларын катасыз жаркыратып жазса деген ой-тилек ар бир мугалимдин кыялында болсо керек.

Бүгүнкү күндө коомдун өзгөрүлүшү менен мурунку жана кийинки жылдары мектеп босогосун жаӊыдан аттанган жаш муундардын ортосундагы айрымачылыктар барган сайын байкалат. Бул бир жагынан кубандырат. Ушуну менен катар эле ар бир баланын ой-кыял чабытына, дараметине тереӊ байкоо жүргүзүп, ага аздек мамиле кылуунун өзү деле мугалимден чоӊ чыгармачылыкты талап кылат.

Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучуларга тереӊ билим жана тарбия берүүнүн башкы милдеттери, ар бир мугалимдин күндөлүк өткөргөн сабактары аркылуу ишке ашат эмеспи. Ал эми 1-класска уулун, кызын жетелеп келген ата-эненин талабы, максаты баарыбызга белгилүү. Канткенде башталгыч класстын окуучусун сабаттуу жазууга үйрөтө алабыз? Бул суроого жооп издээрден мурун мугалим жана ата-энелер эмнени билүүгө тийиш? Мында биз күнүмдүк педагогикалык турмуштагы көйгөйлөрдөн алыстап, сабатсыздыкка түрткү берген факторлорго кайрылышыбыз керек.

Даниялык жомокчу Ганс Христиан Андерсендин атын кимдер билбейт. Анын жомокт ору менен канча муун чоӊойгон. Ал эми анын «тубаса сабатсыз» же болбосо өмүр бою ката жазгандыгын балким баары биле бербесе керек. Андерсен өзүнүн чыгармаларын басмаканага алып барганда, басмакананын кызматкерлери анын артынан шылдыӊдап күлүшчү экен. Анткени анын кол жазмаларында грамматикалык каталар көп болгон. Бирок ушул кемчилигине карабай элдин эсинде Андерсен улуу жомокчу, улуу жазуучу бойдон калгандыгын ким танат. Жада калса Альберт Эйнштейн, Леонардо Да Винчи, Агата Кристи да өмүр бою ката жазышкан.

Бүгүнкү күнү окумуштуулар кээ бир адамдардагы бул өзгөчөлүктү изилдешип, өмүр бою ката жазуунун өнүгүшүнө түрткү болгон гендердин группасын табышкан. Демек, окумуштуулар бул өзгөчөлүк адамга укумдан-тукумга берилип, тукум куучулук касиетке ээ деген жыйынтыкка токтолушкан. Бул маселени Кыргызстандын деӊгээлинде алып караганда ар бир мектепте, айрым класстарда бир сөздөн эки же үч ката кетирген окуучу жөн эле табылат. Натыйжада биз мындай окуучуну психолог адистерге жөнөтөбүз. Бирок кээ бир адамдарга жаратылыштан берилген бул өзгөчөлүк өмүр бою сакталып калат.

Ошондой болсо да тубаса сабатсыз жазуунун белгилери түп тамырынан бери жоголбосо дагы бала чоӊойгон сайын азаят. Анткени коом, курчап турган чөйрө балага зор таасирин тийгизет. Мындай өзгөчөлүккө ээ балдар социалдык өнүгүүнүн салттуу тепкичтеринен өткөндөн кийин, өздөрүндөгү кемчиликке көп деле маани бербей калышат. Баарынан кызыктуусу, мындай балдар 20-30 жаш курагында деле жат жазуу жазышса, алардын алган баасы «2» ден жогору болбогондугунда. Бизге жеткен маалымат булактарында айтылгандай, мисалы, ошол эле өнүккөн өлкө Россияда башталгыч класстарда окуган балдардын 29% тубаса сабатсыз жазуунун белгилери байкалган. Ал эми Улуу Британияда ийгиликке жетишкен ишкерлердин 40% өмүр бою ката жазган адамдар.

Демек муну менен эмнени айткым келет. Бүгүн мектеп партасында отурган, жазууда токсон тогуз жолу ката кетирген окуучудан деле эртеӊки күнү улуу инсан чыгаарына ишенүүбүз керек. Албетте, ар бир мугалимдин иш-аракети өсүп келе жаткан жаш муундардагы кандайдыр бир кемчиликти жоюуга жана анын себептерин тереӊ талдап, кунт коюп көӊүл бурууга багытталат эмеспи. Ал эми ушул багыт алган ишибизден жакшы жыйынтык алуу бул чоӊ жетишкендик деп ойлойм.

Мисалы, ошол эле ката жазган бала текстти шар окуп, түшүнүгүн мыкты деӊгээлде айтып бериши мүмкүн. Ал эми шар окуудан аксаган, ката жазган, түшүнүгүн да айтып бере албаган балдар менен иштөөдө, албетте, мугалимдерге психолог адистердин жардамы керек. Айрыкча ката жазган, бирок ой-жүгүртүүсү жакшы окуучу менен иштөөдө тамга-тыбыштык талдоо, сөздүн түзүлүшүн талдоого көӊүл бурсак болот. Мисалы: үндүү жана үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү, сөздү уӊгу жана мүчөгө ажырата билүү, мүчөнүн түрлөрүн, мүчө уланганда сөздүн өзгөргөнүн ар бир сабак сайын кайталап туруу жакшы натыйжа берет.

Гүлзат Токторова, Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими

 

Жазуу сабагы — сабаттуулуктун башаты

Билим чөйрөсүндө адамдын сабаттуулугу – билимдүүлүгүнө эшик ачкан алгачкы кадам болот эмеспи.

Баланы сабаттуу жазууга үйрөтүү бул мугалимдин талаптуу аракеттеринин натыйжасында гана ачылат. Башкача айтканда сабак берүүнүн түрдүү формадагы чеберчилиги менен байланыштуу. Сабаттуу жазуу сабагына коюлган максат – ар бир сабактын аналитикалык (талдоо) жана синтетикалык (жыйноо) көнүгүүлөр балдар тарабынан күнүгө эӊ жакшы өздөштүрүлүп турушу зарыл.

Балдарды сабаттуу жазууга үйрөтүүдө жазуу иштерин анын эӊ жөнөкөй элементтерине таянып иш жүргүзүү талапка ылайык. Эне тилин окутууда жазуу иши өзгөчө орунду ээлейт. Мен, мисалы, азыркы коомдун талабына ылайык, азыркы муунга жаӊы ыкмалардын элементтерин алуу менен өзүмдүн чыгармачыл кошумча ыкмаларымды пайдаланам. Жазуу сабагында (кыргыз тили) өздөштүрүүчү фонетика, сөз жасоо, лексика жана фразеология, морфология, синтаксис, орфография жана сөз өстүрүүдө ар кандай формадагы ыкмаларды колдонуу зарыл.

Мисалы: сөздүк иштерин оюн түрүндө көрүп жазуу иштериндеги – виртуалдык элестөө ыкмасы, чыгармачыл иштерде – жаӊы темага байланыштыруу, жөндөмө мүчөлөр ыкмасындагы оюндар, толуктоо, талдоо иштерин, чыгармачыл ишке ашыруу менен пландуу иш алып баруу керек.

Жанат Бейшенкулова,
Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими, эл агартуунун отличниги

 

Баланы кубаттап туруш керек

Балдарды сабаттуу жазууга үйрөтүш үчүн эӊ биринчиден көп окутуш керек. Көрүү, эске тутуусу калыптанат. Андан кийин жаӊылмачтарды айтууга машыктыруу зарыл. Милдеттүү түрдө риторика сабактарынын элементтерин колдонуу. Реклама, кулактандыруу, банердеги жазууларды окуусу зарыл.

Ошондой эле автоунаалардын номерлерин, тамгаларын үн чыгарып айтып, сандардын орундарын алмаштырып кошуп, кемитип, көбөйтүп машыгыш керек. Көчөлөрдүн, проспект, театрлардын аталышын дагы окуу зарыл.

Сөзсүз ырларды жаттоого, көркөм айтууга туура басым жасап, ырлардын саптарынын ичинен эӊ негизги сөздү айырмалай билүүсүн калыптандырыш – баалуу маселе.

Менин иш тажрыйбамда балдарды, окуучуларды сабак башталарда сөзсүз үн байланыштарын ойготуш керек. Төмөнкүдөй машыгууларды өткөрүү зарыл:

Ба-ба-ба-бааа

Ле-ле-ле-ле-лэээ

Рю-рю-рю-рю

Мя-мя-мя-мя-мя

Ушундай машыгуулардын кыскасы жана узун (сөзүн) айтылуулары керек. Милдеттүү түрдө сөздү талдоо жүргүзүү, маанисин так билүү да өбөк болот. Көпчүлүк учурда кичинекей сүрөттөрдү кагазга чаптап, төмөнкүдөй суроолорду жазып коюш керек.

— Бул эмне? – Бул ким?

— Кайда өсөт? – Эмне кылып жатат?

— Мөмөсүн жедиӊ беле? – Кандай кийинген?

Сүйлөмдөрдү түзөөрдө окуучуга багыт берүү керек: — Сүйлөмдү кыска түз. Ээ, баяндоочусу болсун. Айкындооч мүчөлөрдөн бир, ашып кетсе эки сөз кош деген сыяктуу.

Мисалы: – Бул алма багы. Алма багын кайда эксе өсө берет. Алма көптөгөн витаминдерге ээ. Бул бала. Ал менин досум. Дайыма чогуу ойнойбуз. Бул иш-чараларга кошумча аӊгеме, жомокту айтып берүүдө суроолор так коюлуш керек. Ошондой эле окуучуну так жооп берүүгөүйрөтүш керек. (Окуучу окулган тексттин мазмунун айтып жатканда, кошумча суроо берип, оӊдоп оюн бузбоо зарыл. Кунт коюп угуп, анан гана талдоо жүргүзүп, кошумча–алымча, оӊдоо иштерин аткаруу керек. Эгерде сөз таппай кыйналса – жардамдашуу зарыл.

Мактоо, кубаттоо, айтуучунун өзгөчөлүгүн белгилөөөтө зарыл. Сабактын башталышында таза жазуу ыкмаларын өткөрүүөтө баалуу. Мисалы: Таза жазууда пайдаланган тамгалар менен сүйлөм түзүү, талдоо жүргүзүү. Сережка шахматисттер конкурсуна барат. Боорсок майга бышат.

Сабаттуу жазууга үйрөтүүдө кошумча жыйнактарды пайдалануу өтө баалуу. Жыйнактарда тапшырмалар тема боюнча берилет. Карандаш менен иштөө — натыйжа берет. Өзгөчө баяндама, дилбаян жазуу көп жумушту талап кылат.

Бир сабак мурун берилген тема боюнча талдоо жүргүзүӊүз. Андан кийин бир текст боюнча сөз түркүмдөрүнө ажыратууну үйрөтүӊүз.

Жат жазуу ишин аткарууда дагы балдардын деӊгээлин, жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып түзүү чоӊ ролду ээлейт. Темасы пайдалуу кеӊеш сыяктуу же болбосо билгичтигин, билгендерин бекемдөөгө багытталышы керек. Окуучу көп пайдаланган, күнүгө угуп жүргөн сөздөрдү гана пайдаланбай, улам алга жылып, өзүнүн сөздүк «папкасын» байытышка умтулуш керек. Бири-бири менен пикирлешүүөтө зарыл. Бул суроону чечиш үчүн балдардын кругозорун байытуу керек. Тамга менен тыбыштын айырмасын так билүү – катасыз жазууга чоӊ жардам.

Сүйлөмдүн тизмеги, ошондой эле деформацияланган сүйлөмдөр менен иштөө туура, так жазууга үйрөтөт.

Фатима Байрамкулова,
Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинин мугалими, Эл агартуунун отличниги.

Макал-лакаптар окуучулардын дүйнө таанымын өстүрөт

Түрк тилдүүэлдердин, анын ичинен кыргыз эли башка улуттардан өзгөчөлөнүп, кыргыз элиненебиркеремет, көз тайгылткан каада салт, үрп адаттарды, көөнөргүс маданий мурастарды жаратып, тартуулаган эӊ байыркы элдердин бири. Бул көөнөргүс маданий мурастар кыргыз элинин турмуштук тажрыйбаларынан, эмгегинен жаралып, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын, анын ичинен тил өнөрүнүнөнүгүп-өсүшүнө зор таяныч болуп жаткандыгы ачыктан айкын. Кыргыз эли басып өткөнжолундагытажрыйбаларынан алынган байкоолорун, асыл ойлорун, пайдалуу накылкептерин байказынабызга батырып, макал-лакаптардыкалтырышты.

Эл өзү жаратып, укумдан-тукумгатаратып, жаш муундарды тарбиялоодо, акыл-эсин, дүйнө таанымын өстүрүүдө, көркөмэстетикалык табитин калыптандырууда колдонулуп келген байыркы мурастарынын, башкача айтканда эӊ көөнөргүс ыкмаларынын бири макал-лакаптар. Эл макал-лакаптарды жалаӊ гана көӊүлдөгүойду элестетипайтууга же сөздүкооздо үчүн колдонушпайт, алар өз оюнун тууралыгын далилдөө үчүн «калыс акылман» катары баалашат.

Макал-лакаптар биздин ой-пикирибизге, кулк-мүнөзүбүзгө, көз карашыбызга түздөн-түз таасирлерин тийгизип, туюмдарыбызды ойготот, маданий көрөӊгөбүздү байытат. Аларда турмушту таануутучу, жалпылоочу, акыл насаат, таалим-тарбия берүүчү күч, тереӊ мазмун жана идеясы бар болгондугу үчүн, оозеки чыгармачылыктын ичинде өзгөчө орунда туруп, угуучулар, окуучулар тарабынан өтө жогору бааланат. Макал-лакаптар да талаш-тартышуу, олку-солку же бүдөмүк ой-пикирлер айтылбастан, такталган, кесик бүтүмдүү, ачык түрдөгү корутунду, жыйынтыктарды бергендиги менен да баалуу.

Макал-лакаптар адамды ойлонтууга, ойготууга, дүйнөнү кенен көрүп, кенен түшүнүүгө үйрөтөт, ошондой эле достукка, жеӊишке, таалайга, түбөлүк прогресске үндөп турат. Анткени ал чыгармалар миӊдеген жылдар бою эл акылынын торко элегинен өткөн кунсуз мүлк. А.Акматалиевайткандай «элдин тилин ушул арсактайт».

Макал-лакаптар башка жанрлардыничинен мазмунунунтереӊдигижанакыскалыгы, элестүүлүгү, таамай айтылгандыгы менен айырмаланып турат.

Макал-лакаптардын негизги максаты жаш муундарга таалим-тарбия берүү болгондуктан, кыргыз тили жана адабият сабактарында «Денсоолук чоӊ байлык», «Биринчи байлык – денсоолук» деген сыяктуу макалдардыураан кылып, ден соолук технологияларын пайдаланып, макал-лакаптардыколдонуу менен окуучулардын дүйнө таанымын өстүрүүдө билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк багытындагы ыкмалардын үстүндө иштеп жатам. Ошондой эле бул багытта жүздөгөн кыргыз макалдарын топтоп, алардын айрымдарын тандап, окуучуларга этюд жаздырып, талаптардын маанисин бышыктаса да болот. Мунуарбирмугалимөзсабагындаколдонуусунсунуштайтэлем.

Жыйынтыктап айтканда, окуучулар биринчи «билим берүүчүлүк» этабында макалдар менен таанышып, алардын маанисин сүрөт аркылуу чечмелегенге үйрөнүшөт. Бул этапта окуучулардын эске тутуусу жакшырат. Экинчи «өнүктүрүүчүлүк этабында» окуучулар сүрөткө карап, макалды толукташат. Бул этапта балдардын акыл чабуулу өнүгөт. Үчүнчү «тарбия берүүчүлүк» этабында окуучуларөз алдынча иштеп, макалдардын маанисин тереӊ аӊдап, ден соолугун чыӊдоого, улууларды урматтоого, тартиптүүболууга, бири-бирин сыйлоого ж.б. үйрөнүшөт.

Ушул ишимди аяктап жатып, аталарыбыздын мурасы, энелерибиздин керээзи болгон макал-лакаптардын үстүндө дагыда талыкпайизденип, окуучуларыма билимимди арнай бермекчимин.

Дилбар Алымбекова,
Бишкек шаарындагы №66 «Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби»
гимназия-окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

“Кутбилим”, 19.02.2016

Соц тармактар:

Добавить комментарий