Салижан Жигитов кыргыз ЖМКларында

Киришүү

Ар бир атактуу инсандын элине болгон эмгегин эскерип, ал калтырган эмгектерди изилдөө аны жыйноо кийинки муунга тиешелүү.

“Өлсөм классик болом”-деген С.Жигитовдун элине болгон тоодой кызматы жана күжүрмон эмгегинен жаралган ойлору бул күнгө чейин бир гана чыгармачылык чөйрөдөгү адамдардын жүрөгүндө эмес, балким өз тагдырын өзгөгө бербей өзүнүн улуттук мүдөөсүн коргогон бир кыргыздын жүрөгүндө сакталып келет. Мен дагы элибизге кандай кызмат кылуу керек экенин ойлонуп улуу инсандар куруп кеткен жолго бет алып өз доорунун ажарын ачкан, ачуу-таттуусун кошо айткан С.Жигитовдун калтырган эмгектеринин ичинен публицистика багытындагы ой-пикирлерин изилдөөдөн баштадым. Өз кезегинде агай менен кезигүүгө куштар болгон, атүгүл аны тегеренип кезек-кезек болуп асыл- ой, сын-пикирлерин жазып интервью алган журналисттер абдан көп болгон экен. Эмне үчүн агайдан башка интелигенттер турганда алардан интервью алуудан мурда С.Жигитовдон интервью алып анын ойлорун гезит беттерине жарыялап турган. Көрсө, С.Жигитов кыргыз эли үчүн адабият жаатына эле салым кошпостон, улут тагдырын, эне тил, тарых, элибиздин эртенки жашоосун, бийликтеги интеллигенциянын абалын, илим-билимдин денгээлин мыкты билген, акыйкатты коркпой айтып ал эми жалганды болсо катылган жеринен сууруп чыгып жүзүнө айткан инсан болуптур. Ошондуктан С.Жигитовдун аманат катары калтырган эмгегини кайдыгер карабастан аны элге таанытуу жана жазган макалаларын, сын пикирлерин, курч таамай так айтылган сөздөрүн жана ал өз кезинде козгогон орчундуу маселелердин бүгүнкү күндө канчалык даражада элге таасир берээрин көздөп өмүр чыгармачылыгын изилдөөгө жол ачылып жазып олтурабыз. Бирок убактыбыз кыска жана чектелүү болгондуктан колдо бар маалыматтар менен гана изилдеп чыктык.

  1. ИНТЕРВЬЮЛАР

1.1. 2004- жылы ноябрь айында »Замандаш» гезитине берген интервьюсунан

Журналист Талант Жороев гезиттин “Улут тагдыры” бетине агайдын оюн билүү максатында түрдүү суроолорду узаткан. Мисалы, “Кыргыз эли 15 жылдык эгемендүүлүктөн эмне утуп же жоготуп, деги эле улутубуздун мындан аркы жашоосу эмне болот” деген суроосуна агай “Саясий өз алдынчалыкка жеттик, бирок мурдагыдан чет-өлкөлөргө багынычтуулугубуз артты, мурда Москванын көзүн карап турса, азыр Америка, Европанын, кытайдын, атүгүл Казакстан менен Өзбекстандын көзүн кароого мажбур болдук. Капитализм жолуна түшүп алдык. Жалпысынан пайдасы тийди. Мурда элибиз Россиянын эсебинен бекер багылып, Голландия уйларындай беймарал жүрчү. Ал эми капитализм адамдарды кайберен болууга мажбур кылды. Башкача айтканда “Бизди бак” деп мамлекетке өлүгүн арткан эл, ырыскысын издеп, кара жанын карч уруп терип жей баштады. Тилекке каршы Кыргызстанда коррупция өтө күчөдү, көз каранды эмес сот бийлиги жок, шайлоолор таза эмес өтөт. Эгемендүүлүк сыяктуу бир катар утуштарга жеттик, кемтик өксүк десек болот.

Т.Жороевдин кезектеги “Кыргыз элинин 2200 жылдык мамлекеттик салтыбыз бар. Миллион сап ырдан турган “Манас” дастаныбыз бар деп эле дүүлдөп атабыз. Ушинтип жашай бергенибиз оңбу же азыркы абалыбызга сын көз менен карап келечекти ойлоп ага карата аракет кылып жашаган оңбу?. ”Бул суроого агай “Ар бир элдин мамлекет башкаруучулары улуттук интеллигенциянын ичинен чыгаарын айтып, кыргыздын улуттук интеллигенциясы билим, ахлактык, ишеним, ыйман, өз алдынча ойлонуу жөндөмү жагынан анча деле алдыга чыкпаганын айтат. Атүгүл алардын кийингени, баскан турганы, сүйлөгөнү европа кейпинде болгону менен аң-сезимдери патриархалдык-феодалдык түшүнүктөргө шыкталганын айтуу менен алардын мектеп, медресе, канал, жол салуу менен эмес, дүнгүрөтө аш-той жасоо, атагын чыгарып жүргөндөрүнө 15-жылдын жүзү болду деп айтат. Жалаң той кечелерде сый көрсөтөбүз деп, элибиз кыйналып тапкан –ташкан байлыгы калбай калды. Андан көрө той-тамашаларга жумшалган акчага өтө оор өнүмсүз кол эмгенинен куткаруучу машинелерди, механизмдерди, аппараттарды сатып алып эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатсак болбойт беле? Бул өнөкөтүбүз да бизди артта калтырууда. Дагы кыргыз элинин кедейликтен чыга албаганынын бир себеби жалкоолук, билимсиздик, обу жок ысырапкерчилигибиз, салт-санааларды бийик тутуу деп айтат. Мына ушундай кедейчиликтин кесепетинен эл жаш-кары дебей тышкары качып атат. Өндүү-түстүү кыргыз кыздары англисче, немисче, французча үйрөнүп, чет элдиктерге тийип кетип жатат. Атүгү л студенттердин көпчүлүгү анкета суроолоруна жооп бергенде, сыртка кетүүсүн (38%) айткан.

Журналисттин: “Кыргыздардын сыртка кетип иштеп акча тапканы экономикабызга жана келечегибизге чоң пайда дейт, буга кандай дейт элеңиз?” дегенде агай кыргыздардын жулунуп эле сыртка, айрыкча Россияга баруусу келечекте кыргыздын улут болуп калуусуна залакасы тиет. Себеби, бара-бара орусташып, ата-бабалары кыргыз экенин унутат. Ал эми Англияга, Америкага жана Туркияга окуганы же иштегени кеткендерден кайра келет деп үмүттөнбөй эле койсок болот. Өз элинин көбү сыртка кеткен өлкөнүн келечеги жарык, ооматтуу болоору күмөн.

Андан кийинки “Жакынкы 50 же 100 жылдарда кыргыздарды кандай тагдыр күтүш мүмкүн” деген суроосуна С.Жигитов: “Чет элдик демография боюнча уюм 2050-жылы кыргыздардын саны 6 миллионго, өзбектердики 50 миллионго, казактардыкы 20-25 миллионго жетээрин жазган. Казактар менен өзбектердин жетүүсү мүмкүн. Ал эми кыргыздардын 50 жылда 6 миллионго жетээри күмөн, себеби биринчиден айыл-апада 10-12 балалуу болуу салты үзүлдү, экинчиден эмиграциялап массалык түрдө элдин кетүүсү, эң кейиштүүсү кыргыз эли өзүнө күйгөн интеллигенция катмарын, эл башкаруучулар группасын чыгара албады. Билимдин да сапаты барган сайын төмөндөп баратат”- деп жооп берет.

Эң маанилүү суроолордун бири болуп агайдан Кыргыз тили БУУнун берген маалыматы боюнча 100 жылдын ичинде жоголуп кетчү тилдердин тизмесине кошулгандыгын айтканда С.Жигитов: “Бир элдин бүт баары жок болбойт. Башка тилди эне тили кылып алат. Кийинки жылдарда кыргыздардын көпчүлүгү орусча сүйлөшүүсү келечекте орусташып кетүүсү мүмкүн. Ал эми өлкөбүздөгү дунгандар да дини мусулман болгону менен алар пейили жагынан кытайларга окшош. Өлкөбүздө материалдык жактан жардам көрсөтөбүз, жол куруп беребиз деген максатта келгендердин көпчүлүгү акыры барып бул жерде жашап калат. Ал эми кытай тили азыркы англис тилиндей орчундуу болуп калат. Ошондо ар ким кытайча үйрөнүп жада калса лицей, курс, мектеп, университеттер пайда болот. Бирок буга кайдыгер кароого болбойт. Кыжырланбай ойлонушубуз керек. Эгер кыргыздар жалкоолугун таштап, азыркыдай той топур деп эле жүрө бербестен балдарга татыктуу билим берип, кумурскадай иштеп, саныбызды жок дегенде 10 миллионго жеткирсек, анда биз улут катары жашап кетебиз. Буга да расмий программалардын,билдирүүлөрдүн кереги жок, жөн гана саясий эрк ар бирибиздин жүрөгүбүздө “кыргыз түбөлүктүү” деген ой, ишеним жашаш керек.”

 

1.2. С.Жигитов 1999-жылдын 12-14-октябрында “Кыргыз Туусу” гезитине берген интервьюсундан

Салижан агай менен маектешкен Б.Маткеримованын мындай суроосу бар, ”Агай, публикага чыккан адам башка адамдын көзүнө белгилүү бир образ менен чыккысы келет. Сиз дагы интервью берип жатаканда образ түзсөм деп ойлойсузбу. ”Анда С.Жигитов: ”Мен эл кашына чыкканда кыйын көрүнөйүн же бир образга кирип алайын деп аракет кылбайм. Ар бир адам өз оюн айтууга тийиш. Бирок айткан учурда жалтанбай жана логикага салуу абдан кыйын. Элдин көбүндө көйрөңдүк бар, көйрөңдүк менде такыр жок, жана көбү элге жаккысы келет, артист сымал кол чабууларды самайт. Бул нерселерге да маани берүү керек.”

Кезектеги: “Интервью даярданып бүткөндөн кийин текстти карап, сөзсүз окуйсузбу же журналисттерге ишенесизби?” деген суроосуна агай интервью кагазга түшкөндөн кийин сөзсүз карап чыгаарын, себеби сүйлөгөндө сөздөр аралашып, кемтик болуп көрксүз чыгаарын жада калса жазуу түрүнө откоргондо журналист жанылып же башка нерселерди кошуп жибериши мүмкүн экенин эске алып, текшерип чыгаарын айтат. Кийинки кездерде кээ бир журналисттердин жоопкерсиздигин баса белгилеп мындай дейт: ”Эмне учун биздин кыргыз гезиттери жана журналдарында грамматикалык, логикалык, стилистикалык жана орфографиялык каталар көп”. Ал эми гезитти жакшыртууда жалпы интелигенттердин ролу абдан чоң алардын милдети. “Эшегине жараша тушагы” дегендей интеллигенттер начар болсо журналисттер да ошондон чыгат. Ар ким эне тилине жана гезиттерге өз салымын кошуу керек. Анткени келечек муун биздин балдарыбыз гезитке карап үтүр, чекит жана башкаларды окуп үйрөнөт. Кыргыз журналисттери тууралуу дагы сын айтып, азыркы журналисттердин кемчиликтери тууралуу ушул нерселерге токтолот, биринчиден ЖОЖдордо журналисттерди даярдоо сапаттуу эмес экендигин, экинчиден таланты жөндөмү өтө ашып-ташып турган журналисттердин жоктугун, үчүнчүдөн журналисттер интервью алып жатканда көпкө ойлонбой шырылдатып бат жазуу шыгы жоктугун, төртүнчүдөн журналисттер адистешпей жатканын жана алардын жазгандарын жөнөкөй дыйкан да, илимпоз да, президент да окуй турган проффесионал журналист жок дейт. Ушундай журналисттердин көпчүлүгү жөө чечендикке салып жазат жана примитивдуу оппозициялык сын айтабыз деп чылпагын алам деп көзүн чукуп алат. Азыр биз капитализм жолунда журналисттер жазуучуларга караганда 10-20 эсе жакшы жашайт жана сөздөрү өтүмдүү болот. Негизинде журналисттердин көбү жазуучулардан чыккан деп С.Жигитов көч бара-бара түзөлөт, жакшы жазып сөздүн барк насылын билген журналисттер да бар экенин айтып өтөт.

Сиз өтө “түрктөшүп” кеттиниз ал эми “1000 жыл мурун ата-журтубуздан Анадолуга көчүп кеткенбиз” деген түрк туугандардын сөзүн кыска чечмелеп жана ал сөз сизге кандай таасир калтырат деп сураганда, агай: “кыргыздар мурдагы совет адамдары ал эми совет адамдарында ксенофобия (чет элдиктерден чочулап корко берүү) бар” айрыкча кыргыздарда түрктөргө каршы маанай бар, мунун себеби да окуу китептеринде түрктөрдү эле жамандап жазганында. Кыргызстанда Пакистандыктар, Америкалыктар, Ирандыктар ж.б. улуттар көп, алардан коркпойт, 700 миң орус бар алардан эч ким коркпойт. 1000 турк, 30 кытай келип калса эле коркуп атабыз. Ал эми турктор жардам берсе мунун артында бирдемеси бар деп коркушат. Кыргызстан Түркия үчүн баалуу өлкө деле эмес, ала турган кен-байлыктары деле жок. Түркия Кыргызстанды басып алат деген чочулоо маанайын ксенофобиянын саркынтысы деп ойлойм.

Кыргыздар жалкоо уруучулдуктан алыс кете албайт, ушул кейпинде өнүгө албайт, деп супсундурган сөздөрдү көп айтасыз деп сураганда. С.Жигитов: “Дүйнөдөгү элдер биринчи өзүн тааныйт, дүйнөдө өз ордун билет, кемчилигин мойнуна алып оңололу дейт. Биз кичинекей элбиз бирок кыйынсына беребиз, билимдүүбүз дейбиз, анда эмне үчүн кедейбиз, жашаганга жардам бербеген илимдин кимге кереги бар. Баарыбыз жалкообуз, ойлонбойбуз, таамай так эсеп жок. Бүт жүгүбүздү өкмөткө артып отурабыз, бүт эле чоңдор күнөлүү дейт, а бирок өзүмдө күнөө барбы деген эч ким жок”.

“XXI кылымдан эмнени кутсок болот?” деп сураганда келечегибиз да, элдин түшүнүгү да өзгөргөндүгүн жана кыргыздардын көпчүлүгү соодага киргендигин айтып сыймыктанат. Эң негизгиси өкмөт көп милдеттерди мойнуна алып эзилип жатат. Андан көрө мамлекеттик аппараттарды кыскартып, элге байыганга уруксат берүү керек деп маегин аягына чыгарат.

 

1.3. С.Жигитовдун 1999-жылы март айында “Кыргыз Руху” гезитине берген интервьюсундан

Салижан агай менен Өмүрбек Тиллебаев маектешкен. Өлкөбүздө ар түрдүү диний секталар иштеп жатканы, көпчүлүк жаштар азгырылып мүчө болуп кетиши жүрүп олтуруп элибиздин биримдигине, өлкөнүн тынчтыгына чоң залакасы тийүүсү мүмкүн деген суроосуна С.Жигитов, Кыргызстандагы көп улуттуу улуттар бириге албай жатканын, элибиз дагы деле уруулук бөлүнүүсүн унутпаганын айтып, “улут болуу үчүн уруучулукту унутуш керек дейт. Себеби, бул көрүнүш бизди тарыхий өнүгүштөн да артта калтырды. Ислам дини кыргыздарга толук сиңген эмес, беш убак намаз окуган, арак ичпеген, бирөөнүн акысын жебеген, калп айтпаган киши аз. Мына ушундай учурдан пайдаланып чет өлкөдөн келип, акча берип атүгүл чет өлкөлөргө алып барып окутуп жатат. Азыр кыргыздар католик, адвентист, баптист, кришнаит жана христиан диндерине өтүп кеткен. Алар радио- телевидениелерди акчага сатып алып үгүт жүргүзгөндөрү аз келгенсип, жолдо шашып баратсаң токтото калып ар кандай китепчелерди бекер ала кет деп жалбарат. Бул нерселердин эсебин алып текшерген эч ким жок. Өкмөт мыйзам кабыл алып бул нерселерди тыйып койсо болбойбу деп сураганда демократиялык өлкө болгондуктан болбойт, дин тутуу эркиндиги бар. Эң негизгиси молдолордун үгүт насаат иштерин жүргүзбөй жатат, үлгү да боло албай жатат. Динди үй-бүлөдөн тартып мектептердин программаларына киргизүү керек. Кыргыздын корко турганы дин эмес, ал-арак. Кыргыздын өлүк коюусу да, той-тамашасы да араксыз өтпөй калган. Бул көрүнүштөр каапырчылыка да жатпайт деп жооп берет. С.Жигитов өзүн динге ишенесизби деген суроосуна атеист да эмесмин, динчил да эмесмин, диндар үй-бүлөдөн чыккамын, бирок тарбиялык мааниси чоң, Ислам дининин жакшы жери арак ичпегенге жана тазалыка үйрөтөт деп жооп берет.

Учурдагы кыргыз тилинин ал-абалы тууралуу суросуна жооп катары жазма тил толук жарала элек, буга тилчилердин, илимпоздордун башы жетпей турат. Кыргыздардын шаар маданияты жок. Бир дагы шаарда кыргыздар көпчүлүктү түзүп үстөмдүк кылбайт. Мисалы, түрктөрдө учурашуунун эле бир канча түрлөрү бар. Баары сылык-сыпаа, а кыргыздар болсо “Ээ кандай” деп эле эшиктен бакырып кирип келет. Ийкемдүүлүк, илбериңкилик жетишпейт. Ал эми эне тилибизди мыйзамдын күчү менен зордоп өнүктүрүү мүмкүн эмес. Статистикага таянсак 1926-жылы 600 миң, 1939-жылы 900 миңдей эле кыргыз болгон экен. Ошол жылдардагы гезиттерди барактап көрсөң тил өспөй жатат, тил өлдү деп эч ким кыйкырып чыкпаптыр. Ал эми азыр 3 миллион кыргыз бар. Эне тилин билбегендер 30-40 миңди түзөт. Ал эми 100 миңдеген алкоголиктер эч кимге пайдасы жок жүрөт. Радио-телевидениелерде да иштегендердин тилин кыргыз өзү түшүнбөйт.

Кыргыздардын азыркы жаңы типи пайда болду. Адамдардын бири-бирине болгон боордоштук, туугандык, жакшы ыкластык ниетин жокко чыгарып “ар кимиң өз казаныңда кайнай бер” деген бул принцип жакшы нерсеге алып келбейт деп суроого узатканда С.Жигитов:” Адам эч убакта адал жол менен байыбайт. Байлык арам жол менен келет” деп бийликтегилер, тактап айтканда, министрлер, губернатор, акимдер миллиондогон кредиттерди жеп байыганын жана эң өкүнүчтүүсү жегендерин бизнеске, өндүрүшкө салып иштете албай банкрот болуп кайра өкмөттүн көзүн карап калганын айтат.

Турмушта туу туткан принцибиңиз кайсы дегенде “Адабиятка аралашкан киши түз жүрүш керек” дейт.

 

1.4. С.Жигитовдун 1997-жылы 18-21-апрелде берген интервьюсунан

Салижан агай менен маектешкен Т.Насирдинов болгон. Ал убакта агай Улуттук университетте журналистика бөлүмүндө иштеп жаткан. Т.Насирдинов “Сиз кечинде да иштейсизби” деп суроо узатканда С.Жигитов “Мурун түндө көп иштечү элем, азыр тап жок. Эч нерсе кылбай жүрүп эле чарчап калам, арыдык, ошондой болсо да студенттер менен чогуу иштегендиктен аларга ылайыктуу лекция окуу үчүн справочниктерди, сөздүктөрдү ж.б. китептерди карап чыгып совет доорундагы окуу китептери жарабай калган, аны эч ким кайра жаза элек. Аларды да карап жатам. 1920-ж.ж. кыргыз адабияты жөнүндөгү китебим бар, ошону ЖОЖдорго ылайыктап кайра жазып атам. Кыргыздын келечегине пессимистин, оптимистин, реалисттин көзү менен карап, фрагментерди жазып жүрөм.

Ырыңызды сагындык, ыр жазбай калдыңыз дегенде ырдын эч кимге кереги жок, кедей коомго мындайлардын кереги жок. Жазуучулар, журналисттер, гуманитар интеллигенттер, аскерлер бай коомго керек. Пикирибиз асман тирейт, бирок экономиканы, өндүрүштү жакшырта албаган, ашка жүк, башка жүк немелербиз. Ушуну ойлосом чыгармачылыктын канатына чаап койгондой болом дегени бар.

Студенттериниздин окуусу кандай? Аракети бар, бардыгы эле окуйм дейт. Окуу кыйын болбогондо өтпөйт эле. Чындыгында окутуу начар, 350-400 миң дипломдуу кадр бар, колунан иш келбейт.

“Театрга барасызбы?” дегенде, 10 жыл болду бара элекмин. Азыр биздин ойной турган, концерт көрө турган жөнүбүз жок. Кийинки кездерде кимдердин китеби купулуңузга толду? Бизде адабий процесс токтогон, башыбызга марксизм-ленинизм сиңип калгандыктан жазуучулар эмне жазаарын билбей жүрүшөт.

 

1.5. С.Жигитовдун 2005-ж.15-июнунда “Эркин Тоо” гезитине берген интервьюсунан

Салижан агай менен Карбалас Бакиров маектешкен. С.Жигитов бир гана адабий сынчы катары эмес коомдук ишмер, элчи да болгондуктан коңшулаш өлкөлөр менен мамилени кандай түзүү керек деп сураганда өлкөбүздө болуп жаткан (ШОС) ШКУ катышуучулары Кыргызстанда болгон өзгөрүүлөрдүн бирөөсүн да жактырбаганын айтат. Бул жерде ал мамлекеттер аралык келишимдердеги каралган маселелердин иш жүзүнө ашпай келе жаткандыгын айтат.

 

1.6. С.Жигитовдун 2005-жылы 2- сентябрда “Эркин Тоо” гезитине берген интервьюсунан

С.Жигитов көп кырдуу инсан болгондуктан котормо жагын да мыкты өздөштүрүптүр. Журналистин: “Эмне үчүн Назым Хикметтин ырларын орус тилинен эмес, акын сүйлөгөн тилден котордуңуз” деп сураганда, С.Жигитов: “Орусчадан которуп көрдүм, кийин азербайжан тилине которулганын, кийинчерээк түркчөсүн таптым. Аны толук түшүнүгө аракет жасап сөздүктөр менен иштедим, ошентип түркчөнү да өздөштүрүп алдым. Карасам акындын ырлары оригиналында орусча которулгандан да мыкты экен. Мындан сырткары башкурт акыны Мустай Каримди да башкуртчадан кыргызчаладым.

С.Жигитов агайыбыз Өзбекстанда элчи катары иштегендиктен өзбек акындарынын ырларын которбогону жөнүндө сураганда С.Жигитов: “Түрк тилдүү элдердин акындары Мустай Каримдин жана татар акындарынын деңгээлине жетпейт”. деп өзбектердин да Чолпон, А.Арипов, М.Сали, Осмон Азиз сыяктуу көрүнүктүү акындарынын ырларын которууну максат кылып жүргөнүн айтат. Андан сырткары агай кыргыздардын котормо жаатындагы аракеттер абдан алсыз жана маанисиз экенин айтат. Купулуна толгон чыгарма бул- С.Эралиевдин “Василий Тёркин” жана А.Токтогулов “Менин Дагестаным”.

С.Жигитовдун аброюна карата ар кандай сөздөр айтылбай койбоптур. Журналист А.Акматов менен болгон маекте кээ бирөөлөр сизди “Жылма кошоматчы” деп айтат деп, анын буга карата жообунда ал мындай деп жооп берет”: “Мен бул жоругумду жарыя кылып ачык эле айтып жүрөм. Атүгүл И.Абдыразаковдун зыяпатында тамада болгом, мен тубаса да, майдачыл да кошоматчымын. Ошондуктан биринчи сөздү премьерминистр А.Жумагуловго бергемин. Мен эч пайда көздөбөй, мага кийин арка жөлөк болот деп үмүт кылбай чоңдорду көрсөм эле кошомат кыла берем”. деп жооп берет.

 

С.Жигитовдон учкул ойлор жана үзүндүлөр”.

“Биздин бийлик чындыктын тили менен сүйлөмөйүн абал оңолбойт!”

“Багы жок элдин баатыры көп!”

“Бактысыз экенин билбеген элден бактылуу эл жок!”

“Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт!”

“Кыргыз туулса да азап, катын алса да азап, өлсө да азап!”

“Кыргызчылык, той-аштарга барбаганымда дагы көп эмгек жасамак элем…”

“Кыргыз китеп жазса эле тарыхта калам деп ойлойт”

“Кыргыз микроб сыяктуу, кирген эле жерин чиритет”

“Биздин интеллигенциянын көзү желкесинде болуп атпайбы, көз деген маңдайда болуш керек”

“Колунан иш келбеген киши улутчул болот”

“Кыргыз кыздардан” Оруска тиесиңби? ” десең, ”Тийбе-йм!” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”

 

  1. Салижан Жигитовдун макалалары

2.1. Салижан Жигитовдун 1993-жылы 29-апрелде жазган макаласынан.

Ал бул макаласында кыргыз тилин «Мамлекеттик тил» катары кабыл алынуу учурларында жана арадагы уч жарым жыл ичинде тил маселесине болгон коомдогу иш-аракеттердин мандай-тескейин айтат.

Адегенде тил мыйзамын «Кыргызстандан орун –очок алган орус калкы суйбой кабыл алганын, анткени ССРдин кайсыл аймагында болбосун алар ээн-эркин оз уйундөй жүргөндөй, эл эми ар кандай иш-чараларда өз оюн айтуу үчүн кыргызча түшүндүрүүгө тийиш». Бирок «Тил мыйзамын» иш жүзүнө ашыруу боюнча республикалык өкмөт тарабынан иштелип чыккан токтом менен программанын негизинде көп шаарларда жана райондордо оной жасалчу жумуштар, маселен; көчө аттары, көрнөктөр (вывеска), дубал жазуулары жарым-жартылай сабатсыз кыргызчаланганын айтат. Алгач иш аракеттер ушундай башталганын айтып «Тил мыйзамынын» шарапаты менен Жогорку Кеңештин сессиялары, чоң-чоң чогулуштары менен эл көп катышкан массалык жыйындар өтө баштаганын, өкүнүчтүүсү кыргызча үйрөнүүгө үлгүрбөй калган жоон орус тилдүүлөрдүн тоодой айыбы бар сыяктуу түшүналбай отура бергенин айтат. Бир катар практикалык чаралар көрүлүп, орус мектептерде кыргыз тили окутулуп, алар үчүн сөздүктөр, окуткучтар чыгарылганын, атайын курстар ачылып атүгүл телевидениеден да кыргызча маалыматтар чыга баштаганын айтат. Бирок булардын баарына мамлекеттик казынадан миллиондогон акчалар сарпталса да (1990-жылы 3 млн. сом бөлүнгөн) натыйжада ал акчалардын миллиондон бир үлүшү жоктугун баса белгилейт. Орустардын кыска бир убакытта кыргыз тилин үйрөнүүсүн талап кылган интелигенттер анын ордуна кыргызча илимий популярдуу, маалыматчыл (справочный) тексттер, кыргызча сапаттуу сүйлөгөнгө жана жатык сүйлөгөнгө китептерге жумшаса болмок дейт. Орустардын баары кыргызча сайрап калгандан биздин экономикабыз, маданиятыбыз жогорулап кетпейт, эчтеме утпайбыз, кыйын эле болсо «улуу элди кыргызча сүйлөтүп салдык» деп мактанышыбыз мүмкүн. Ал эми ассимляция маселесине келсек, алгач 5-10 миң чамасындагы дунган арабызга келип, азыр миңдей дунган элин бир кылымдан бери арабызга сиңире албай койдук, ал эми 1 миллиондой орустарды кыргыздаштырып жибере албайбыз. Эгер ушундай көмүскө ниетибиз бар болсо анда аларга милдеттүү түрдө кыргызча үйрөтүүнүн кажети жоктугун айтат.

Мыйзам күчү менен тилибизди орутарга тануулап жатканыбыз, түпкүрүндө аларды бөтөнсүтүү, жүдөтүү, акыр аягы республикадан кетүүгө аргасыз кылуу, тагыраак айтканда «кыргызча үйрөнгүлө» дегенибиз аларга «эртерээк кетсенер болбойбу?» дегендей. Ансыз деле орус көчү күч алып жатат, андыктан биз эч жакка шашылбашыбыз керек деп С. Жигитов макаласынын аягында «Кишилер демейде баары шашыла беришет, тарых болсо өз ишин шашылбай жайбаракат жасайт. Бүтүндөй калк да, жеке адам да тарыхый сабыр менен каныкпаса 10 же 20 жылдан соң өзүнөн өзү чечилип кала турган маселени бүгүндөн калбай чечилишин талап кылуу, куру бекер өзгөлөрдүкү менен кошо өз нервин бошоткондон башка пайда таппайт», деп бардык маселени заманга таштайт.

 

2.2. С. Жигитовдун 1993- жылдын 26- майда «Кыргыз маданияты» гезитине берген макаласынан.

С.Жигитов бул макаласында төмөндөгү маселелерге көңүл бурган:

“Тил мыйзамы” турмушка ашыруу үчүн республиканын мурдагы Өкмөтү “Кыргыз ССРинин аймагына мамелекеттик колдонууну камсыз кылуу боюнча чаралар”деген программалык документ кабыл алынган. Анда мындай бир пункт бар эле: “Мамалекеттик иш кагаздарынын тили катары мамелекеттик бийлик мамелекеттик башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга, окуу жайларына, ишканаларына, мекемелерге жана уюмдарга этап этап менен киргизилсин”. Бу сүйлөмгө удаалаш тигил чаранын 1990 — 1998 жылдары жүзөгө ашырыла турганы, иш кагаздарын кыргызчалоо үчүн тиешелүү камылгалар көрүү керек экени айтылган.

Иш кагаздарын кыргызчага өткөрүү үчүн практикалык аракеттер жасалган же тиешелүү камылга көрүлгөн жок экендигин айтат.

Ар турдуу газеталардын, коомдук саясий журналдын материалдары, трибуналардан теле радиолордон окула турган тексстер публицистикалык стиль менен, көркөм адабиятка тиешелүү (прозалык, поэзиялык драматургиялык) чыгармалар көркөм адабий стиль менен жазылат. Илимий стиль кезегинде ич ара үчкө жиктелет: накта илимий стилче, илимий популярдуу стилче, илимий таалим (учебный )стилче. Илимий жана илимий популярдуу монографияларда, жыйнактарда, брошюраларда, макалаларда, ошондой эле орто жана жогорку мектептер үчүн ар кандай окуулуктарда берилчү маалыматтар ушул үч стильченин алкагында баян этилет. Бийлик кызматык стиль көбүнчө мамлекеттик башкаруу иштерине байланыштуу документтердин (иш кагаздарынын) “тилинде” тиешелүү болот. Бул стиль да ичинен экиге бөлүнөт: закондор стилчеси жана канцелияриялык стилче.

Арийне,улуттук жазма речтин өсүп өнүгүш тагдырын көбүнчө илимий публицистикалык көркөм стилдер аныктайт, анткени илимий популярдуу, окуулук текстер, газета журналдык материалдар, көркөм чыгармалар көп тиражда жарыяланат, калктын калың катмарлары тарабынан пайдаланылат. Жалпы эли журттун, өзгөчө жаш жеткинчектердин илим билимге, социалдык саясий информацияга, эстетикалык азыкка муктаждыктарын алым сындырат, Алардын интелектуалдык деңгээлин көтөрүүгө, дүйнөгө караш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө, сезим туюмун назиктендирүүгө кызмат кылат.

Дегинкиси коомдук духовный тиричилигинде абдан зор роль ойнойт.

 

ЖАЛПЫ АНАЛИЗ

Тарыхка көз чаптырып көрсөк ар бир уруунун, ар бир элдин, ар доордун жана ар бир мамлекеттин өзүнө жараша эл ичинден чыккан эр азаматтары, эл ишенген элпектери, атүгүл өз элинин ички жана сырткы жагдайларын мыкты билген атуулдар болгон.

Кыргыз элинин XXI кылымдын улуттук аң-сезими, эл тагдыры, тили жана адабияты багытында эң көрүнұктүү инсандардын бири С.Жигитов көзгө урунат. С.Жигитов кыргыз эли үчүн гана жаралган деп үзөңгүлөштөрү жөн-жай айтпаган чыгаар. Бирок, агайдын айткандарын этибарга албай, атүгүл аны “кыргыздын душманы“ деп анын иш-аракеттерине жолтоо болуп ар кандай сөздөрдү айткан экен. Бирок түрк туугандарыбыз айткандай: “Кимдин кайраттуулугу улуту үчүн болсо, ал жалгыз башы менен бир улут” дегендей С.Жигитов дагы өз улутунун жаркын келечеги үчүн, өзүнө карата терс мамиле жана бут тосууларга кылчайбастан, көңүлүнө албастан алдыга жүгүнгөн.

Албетте жакшы жана пайдалуу иштердин ар кандай тоскоолдуктары бар эмеспи. Ансыз болбой турганын тарых далилдеп келет. Бирок тоскоолдуктар сырттан жасалбай кээде “өздөн” чыгуусу да мүмкүн. Мындай учурларда кажыбас кайрат, өчпөс ыйман, сабырдуулук жана эрктүүлүк талап кылынат. Ал эми ушундай улуу сезимдердин баары С.Жигитовдо чагылган. Мына ошондуктан бул күнгө чейин анын ар бир сөзү ары салмактуу, ары таасирдүү жана чечкиндүү болгондуктан эл ичинде өчпөй сакталып келет.

Сабырбек Бөрүбай

Соц тармактар:

Добавить комментарий