Улуттук «Алиппе» китеби – улуттук маанилүү символ

И.Арабаевдин «Алиппе жаки төтө окуу китеби» аттуу китебинин
жарыкка чыгышынын 105 жылдыгына карата

alippe_arabaev

Албетте, ар бир улуттун Туусу, Герби, Гимни сыяктуу ыйык символдору бар экендиги белгилүү. Ошону менен бирге, дүйнөнү улуттук аң сезим менен таанып билүүнүн жана да өзүн дүйнөгө таанытуунун улуу китеби болгон улуттук Энцклопедиясы анын улут болуусунун дагы бир символу болору талашсыз. Ал эми мектеп босогосун биринчи ирет аттаганда колуна алган, «көзүн ачып көргөн, оозун ачып окуган» биринчи китеби да башка элдин көзөмөлү менен эмес, улуттук таалим-тарбия үлгүлөрүнө, аталардын насаттарына, улуттун ыйык түшүнүктөрүнө таянып, улут жандуу баланы көксөп жазылган улуттук «Алиппе» да алардан кем калышпас маанилүү китеп экенин моюнга алалы. Андай болсо, улуттук мазмундагы «Алиппе» китеби да улуттук маанилүү бир символ болууга татыктуу орду бар экендигин айтсак аша чапкандык болбос.

Чындыгында, «Алиппе» – баланын сабатын ачуунун биринчи китеби. Ошону менен бирге, ал дүйнөнү, айлана-чөйрөнү, Ата Мекенди эне тилинде таанып–билүүнүн, алар аркылуу баланын рухий маданиятын калыптандыруунун да алгачкы куралы.

Евроазиядагы «Алиппе» тибиндеги эң биринчи «китеп» –тээ орто кылымда жаралгандыгы белгилүү. Мына ошол китеп учурда Италиянын Милан шаардык китепканасында улуу окумуштуу жана сүрөтчү Леонардо да Винчи оюп тамга салып кооздогон жыгач «китеп» экендиги бүгүн биздин кызыгуубузду жаратпай койбойт.

А биздин улуттук китеп чыгаруу өнөрүбүз жарала электеги таштагы жазууларыбыз сакталып калса да, «Алиппе» тибиндеги жазууларыбыздын болгон-болбогонун билбейбиз. Ошентсе да, ал таштагы жазууларыбыз байыркы кыргыз таануубуздун «алиппеси» болуп калаарына шек жок.

«Алиппе» китеби – чындыгында, эне тилибиздин лингвистикалык табияты менен педагогиканын, анын ичинде, этнопедагогикалык идеялардын жандуу ширелишинен жаралган симбиозу. Ал улуттук мектептерибизде билим менен тарбиянын да символу болууга татыктуу орду бар китеп.

Латын тилиндеги «Алиппе» китебинин автору, окумуштуу-педагог, дүйнөнүн 170 өлкөсүнүн 330 тилде жана диалектисинде жазылган Алиппелердин коллекциясын жыйнаган Юлус Кубульстун мындай деп образдуу айтканы бар: «Букварда суунун кош тамчысындай болуп доордун талабы менен анын деңгээли сезилип турат. Ал элдин башынын кандай иштешин да жана ал өз балдарынын келечеги тууралуу кам көрүп ой жүгүрткөнүн да көрсөтмөлүү түрдө билдирип турат».

Мына ушул айтылган ойду жазма сабаты аз калкыбыздан чыккан алгачкы агартуучубуз, ревалюцияга чейин эле өсүп жетилип калктан туңгуч интеллектерибиздин бири Ишеналы Арабаев атабыздын 1924 – жылы чыккан нукуралуу «Кыргыз Алиппеси» кынтыксыз далилдеп тургансыйт. Аны бир эле ирет колуна кармап көргөн адам, бүгүнкү күндө тээ, 90-жыл илгери үлбүрөк, жука кагаздан мукабасы жасалып, сыртына кыргыздын Ала Тоосу, боз үйлөрү, мал жайган жайыты, тоолук калктын тиричилиги чагылдырылган, түрдүү элдик оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн, көзгө сүйкүмдүү китепке өзүнөн-өзү эле жан тартып, көңүлү-ниети тартылбай койбойт.

Ошо 90-жыл мурда биздин чоң аталарыбыз суктанып, таңкалып, адегенде «китеп» деген немени көрүп-билбеген тоолук кыргыз сүрдөп кармап көрүп, алгач өз эне тилинде окуган, кыргыздын кыргыз болгонун эң биринчи даректүү басылма китеби бизди ошол күндөргө кайрадан тартып, байланыштырып, Ишеналы атабыздын биз үчүн калтырган тарыхый улуу таберигин бооруңа басып, сүйгүң келет. Китепти ачып барактай келгенде, төмөндөгү нерселер, т.а. окуу баланын сабатын ачуудагы китептин илимий методикалык табияты, андагы эл турмушун, доордун деңгээлин чагылдырылган этнографиялык мүнөзү; дүйнөнү, айлана-чөйрөнү, бала жашап жаткан социалдык шарттарды аңдап түшүнүүдөгү философиялык мүнөзү, улуттун, анын менталитетин, элдик билимдерин, тарбия-таалим үлгүлөрүн таанытуудагы этнопедагогикалык жагдайлары атайын изилдеп сөз кылуу зарылдыгын ойго салат. Анткени, ушул эле жерден баса айткым келет, И.Арабаевдин «Алиппе» китебинен кийинки бардык «Алиппелерде» башкача көз караш, биринчи планда улуттук менталитет, элдик билимдер, эмес учурдун социалдык шартын чагылдыруу, элге жаңы замандын артыкчылыгын түшүндүрүү, социалистик жаңы чарба, жалпы советтик турмушту пропагандалоо, саясий–коомдук уюмдарга балдарды тартуу сыяктуу үгүт-насыят айтуу маселеси замандын маанилүү проблемасы катары алдыга чыга келген, т.а. баланы Ата Мекени – Кыргызстан, кереметтүү Ала- Тоосу («Эркин Тоо» Керме Тоо), кыргыздын боз үйү, улуу Манас, элдин тарбия уюткусу болгон жомоктор, үлгү болор бабалардын сөздөрү эске алынбайт. «СССР – биздин Ата Мекенибиз» деген улуу чакырык өкүм сүрүп, кичинекей баланы коомдук саясий уюмдар аркылуу тарбиялоого шартталган «Москва» букварынын үлгүсүндө түзүүгө өткөн.

Мунун баарын С. Намат уулунун «Кичинекей колхозчу» (Ф;1931), Б.Жунушалиевдин «Алиппе», (Ф; 1939), А. Каримов, Т.Актанов жана А. Кошоевдердин «Алиппе» (Ф; 1939) Н,М, Абрамовдун « Жаны Алиппе» (Ф;1940) Н.М. Абрамов менен Т. Актановдун «Алиппе» (Ф; 1941) М.Жаңыбаев менен Н.Кангелдиевдин «Алиппе»(Ф;1954) С Турусбеков менен Б.Рысбекованын (Ф; 1961) Б. Рысбекова жана К.Сартбаевдин «Алиппе» (Ф; 1981) китептеринен даана байкоого болот. Мындан улам мурдагы союз кезинде «Алиппе» үлгүсүндөгү бардык китептер бирдиктүү бир калыпка салынып калганын түшүнөбүз.

И.Арабаевдин «Алиппеси», бул тарабынан алганда, эч кандай «саясий педагогиканын» боёгу түшө элек, улуттук педагогиканын башат булагынын мөлтүр көзү сыяктанып, улуттук «Алиппе» ушундай гана болсо, эми андан ары тереңдетип улантылса, балдарыбыз мектеп партасында отуруп, элдик билимдерди ушинтип таанып-билип улантса–деген жакшы тилектин да башталышы сыяктанат.

Мисалы, буга далил катары, китепте кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө жараша гана тамга–тыбыштардын колдонулганы, т. а. анда: е, ф, п, тамгаларын орус тилинен кирген гана сөздөрдө колдонулаары айтылып, кыргыз алфавитинин катарына кошулбагандыгы да, И.Арабаевдин «Алиппесинде» улуттук алфавитти тактап түзүүгө да алгачкы жасалган аракеттер катары бааланбай койбойт.

«Алиппеде», айрыкча, балдарды курчап турган чөрөнү эне тилинде таанытуу мүнөздүү экендигин баса айтуубуз керек. Балдарга, мына ошого ылайык, китептин «Алиппе» мезгилинде эл малчарбачылыгына байланыштуу жана тамак–аштардын, бак–дарактардын, өсүмдүктөрдүн, чөптөрдүн түрлөрүн, курал- жабдыктардын, жапайы жана үй-айбандарын аттарын окутуп, айттырып, жаздырып үйрөтүүгө жасалган аракеттер балдардын сөз байлыгын арттырары, кебин өстүрөрү шексиз.

Андай аракеттер «Алиппе» мезгилинен кийин андан ары ыраттуу улашылат; т. а. бул мезгилде да күндөлүк кийип жүргөн кийим-кечелердин, тамак–аштардын, идиш –аяктардын, үй-айбандарынын, канаттуулардын аттары, адамдын дене мүчөлөрүнүн аталыштары, жер аттары, географиялык энчилүү аталыштар берилген.

Ошол мезгилдеги илим менен техниканын кыргыз турмушунда анча өнүгө элек кезинде, балдарга таанытуучу түрдүү объектилер жок болгондуктан, тоолук элдин турмуш – тиричилигине жакын малдын түрлөрүн таанытууга, окуп жазып үйрөнүүгө айрыкча маани берилген. Малдын түрлөрүнүн ар биринин, т.а. майда жандык малдын, бодо малдын ар бир түрүнүн, жаш курагынын аталыштары унутулуп калтырылбайт. Өзгөчө көңүл бурарлык нерсе – азыркы учурда анча маани берилбей калган, төөнүн ар бир жаш-курагына, эркек ургачысына чейин (мисалы, бото, тайлак, каймал, буура, атан, лок, нар, инген, бурулжун) берилген.

Тарбия берүүнүн негизи – таанытуу экендигин бүгүнкү күндө этнопедагогдор туура белгилешет. Анткени, ар кандай нерсенин эмне же кандай экендигин таанып билүү, ага карата туура мамиле кылуунун ачкычын таап берет.

Ушуга ылайык дагы бир айта кетер нерсе: тоолук кыргыздардын өткөндөгү да, бүгүнкү да турмушунан болуп кароого болбой турган жаныбар – бул куштар экендиги талашсыз. И.Арабаев китебинде балдар таанып-билсин деп, канаттуу-куштардын бүркүт баш болгон, кулаалы коштогон, кыргый, шумкар уланткан, безгилдек тоодак улар көркүн чыгарган, карабоор, кылкуйрук, күкүк жана зейнеп жыйынтыктаган алтымыштай тизмеси сунуш кылынган. Бүгүн булардын атын кез-кезде эле окуп калбаса, кыргыз балдары бабырган, каракаш, безбелдек деген атын билбей, унутуп калган зоология китебинен да таппаган, көбүн эске албай калган шартта, биз сөз кылып жаткан китептин таанытуучулук мүмкүнчүлүгү өтө кеңири экендигин айтуубу керек.

Биз бүгүн билим менен тарбиянын табихыйлуулугунан алда канча алыстан, табият энебизди да тааныбай, ага ок атып, кыйратып, бүлдүрүп, ага акаарат келтирип, андан кайра жабыркап бараткан кезде–жер үстүндөгү ар бир тал чөп, ал тургай патриот уул-кызга туулган жердин карагат, тикенегине чейин асыл көрүнөр бүгүнкү кыргыз шартындагы балдар И.Арабаевдин «Алиппесинде» орун алган атын укмак тургай, алиге өзүн көрө чөптөрдүн, жер-жемиштердин, бак-дарактардын алтымыш-жетимишке жакын түрүнүн берилишинин эмне кереги бар эле–деп да ойлошу ыктымал. Жашап жаткан Ата Мекенде кандай чөп-чар өсөөрүн билбесе, кандай канаттуу жаныбар жашаарын таңазар албаса, ал тургай, кандай суу, кандай дарыя , кайсы тоо кандай аталаарын билбесе, жеп-ичер тамагынан, кийер кийиминен башканын кереги жок болсо, анда ал анык манкурт эмей эмне. Ансыз деле бүгүнкү күндө жергиликтүү материалдар жетишерлик берилбеген окуу китептерибиз көп нерсени балдарыбызга үйрөтө алышпайт. Биздин окуучуларыбыз Нарын дарыябыздын боюндагы дыйканчылык зоналарынан көрөкчө, алыстагы Нил дарыясынын жээгиндеги байыркы дыйкандардын тиричилигин жакшы билишет. Өзүбүздүн эле Аксай, Арпа жайлоолорубузга кандай чөптөр өсөрүнөн көрөкчө, жер планетасынан түндүк жарым шарында кандай эңилчектер, мохтор өсөрүн дурус билишет. Ошондуктан, балдарга ата мекенибиздин биологиялык, зоологиялык жаратылышынын кенен-кесири тааныштырууну көздөгөн «Алиппенин» таанытуучулук ушундай маани-маңызы арбын. Профессор А.Осмонкулов белгилеп жазгандай: «Ушул темалар боюнча берилген сөздөрдү окуу менен окуучулар ар кандай ботаникалык, зоологиялык, географиялык, медициналык, айыл чарбалык темадагы көптөгөн маалыматтарга жана тарыхый түшүнүктөргө ээ болушат.

И.Арабаевдин дүйнөгө болгон, аны таанып-билүүгө болгон көз карашы–дал ушул китебинен даана билинет. Ал өзү билген бу дүйнөдөгү бардык нерсени кыргыз балдары таанып-билсе дейт. Эң жөнөкөй суу, дарыя, көл, деңиз, океан деген нерселердин тоодо гана жашап, алиге сабатсыз, китеп, окуу, жазуу деги эмне экенин биле элек, малдан башка көрөр, багары жок кыргыз баласынын көз караш горизонту кеңейтсе деген, тоодон ары да кең дарыя чексиз кыйыр бар экенин билсе деген, ошол жерлерди көрсө–деген, ааламды алаканына салып караса–деген. Буга географиялык аттар боюнча берилген көптөгөн сөздөрдүн топтому мисал болот. И.Арабаевдин «Алиппесин» мына ушундай таанытуучу мүнөзү ошол кездеги туземдик жана диний мектептерге караганда алгачкы кыргыз мектептеринде балдарга билим берүүдөгү реформа катары өтө колдоо менен жогору баага татыгандыгын да белгилөөбүз керек.

Андагы тарбия берүүчүлүк мазмуну да талаптын деңгээлинде болгон – десек жанылышпайбыз. «Алиппедеги» көптөгөн аңгеме, макал-лакаптар, тамсилдер, калптар, табышмактар балдарга адеп-ыймандык, тарбияга, эмгекчилдикке, билимдүү болууга, биримдикке, ынтымактуу болууга үндөп, сергектикке көнүктүрүү аракетин көздөгөн.

Бул айтылгандарга далил катары, «Мен кантип окууга бардым» деген аңгемеде окуу менен билимдин, аңгеме, жомок, макал-лакаптардын маанисин айткысы келсе, «Талаш» деген тамсилде эки чычкан ынтымакка келе албай жатса аларды күйгөнүн келип илип кеткенин айтып, адамдарды ынтымакка чакырат. «Мукаш» деген аңгемеде эмгекчилдикке, окууга-билимге үндөп, бекерпоздуктун пайдасыздыгын айтса, «Акылдуу сокур» деген аңгемеде соо адамдардын майыптарга карата жылуу мамиледе болуусун эскертет.

Мындан сырткары, «Окуу-билим ачкычы, билим- ырыс казыгы», «Акыл жаштан чыгат, асыл таштан чыгат», «Эмгекчил эл кем болбос, эринчээк эр оңбос» деген макалдарды айтса болот.

«Эмгектеп эки жашта коён чаптым,
От жагып, күл үстүнө казан астым.
Калганда казан кайнап, күл өрттөнүп,
Коёнду бышкан кезде идишке салдым.

деп, балдардын тапкычтыгын, сөз таап, калпты чындай айтып кепке чебер, тапкыч болууга үндөйт.

Ошондой эле «Алиппеде» күн аттары жана ай аттары орус тилинен кирген варианты менен салыштырылып берилгени да ошол кездеги жалпы эле кыргыз калкы үчүн чоң жаңылык болгонун айта кетсек болот. Анткени, орус сөзү али кыргыз тилинен анча аралаша элек кезде, коомдук шарт талап кылган деңгээлде эки тилдеги вариантын, мисалы: бирдин айы–январь, үчтүн айы–февраль, аяк оона – август деп балдарга үйрөтүү чын эле жаңылык болгону талашсыз. А бүгүнкү күндө биз адегенде көнүп, жашоо-тиричилигибизге сиңип калган варианты – орус тилинен кирген биринчи аталашын айтып, андан соң гана эсибизди жыйып, эне тилибизде айта баштагандыгыбыз, албетте биз эне тилибизден, элдик билимдерибизден, рухий салттарыбыздан кыйла эле алыстап калгандыгыбыздын далили экендиги талашсыз.

Мына ушундай илимий-методикалык табияты жана билим-тарбия берүүчүлүк мазмуну менен И. Арабаевдин тунгуч «Алиппеси» учурдагы улуттук педагогика жана методика илими тарабынан татыктуу баа берилүүсү керек.

С.Рысбаев, КББАнын
Мамлекеттик тил лабораториясынын башчысы,
п.и.д., профессор

Соц тармактар:

Добавить комментарий