Аялдар эмне үчүн кошок кошушат?

Кыргыз аялдары – коломтонун, тукумдун, каада-салттын, көркөм дөөлөттүн сактоочулары. Кыргыздар мусулманчылыкты аркалаган узак мезгилден бери шарияттын ыйык жол-жоболору, парздары менен кошо, кыргыздын өз ишенимдерин, түшүнүктөрүн, анын ичинде кошоктун ордун түп-тамырынан бери сактап келе жатышат. «Женщины умеют ждать своего часа как в семейной жизни, так и в истории», – деп жазат Н. В. Гончаренко (Гений в искусстве и науке. – М.: Искусство. 1991. Стр. 109). Анысы кандай? Анысы – аялдардын жаратмандыгынан өнүм алган нерселердин дагы сөзгө алынар күнү болот дегени.

«Кошок» сөзүнүн этимологиясы «кош», «ок» деген эки сөздөн курулат. «Кош» сөзү көп маанилүү, бир маанисинде «бирөө менен коштошуу учурунда айтылат» (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1984. 556-б.). «Ок» сөзү, «мылтыкка дүрмөттөлүүчү зат» түшүнүгүнөн тышкары, чочууну (айталы, «Ок, антип айтпа!») түшүндүрүп, ошондой эле, «нерсенин негизги бөлүгү, таянычы» деген маанини да билдирип турат. Мисалы, «жердин огу», «арабанын огу». Ушул түшүнүктөрдөн алганда, бир үйбүлөнүн эркегинин дүйнөдөн өтүшү, ошол үйдүн түркүгү, таянычы кулашы менен барабар, демек, үй ээсинин келгис сапарга узашын туюнтат. Тирүүлүктө калган жакындары дагы «кош» айтып, ошол тирөөчүнөн аргасыз ажыроого муктаж. Ошентип, «кошок» сөзү адабияттарда «каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак» деп мүнөздөлөт (Жогорку адабиятта, 556-б.).

Кошок айтуу кайсы доордо башталган? Анын жаралышын шарттоочу мотиви кайсы? Психикалыкпы, моралдыкпы, социалдыкпы, материалдыкпы – кайсы шарт кошоктун айтылышын шарттайт? Бул өңүттө өз мезгилинде кыйла кызык ой жүгүрткөн белгилүү адабиятчы Салижан Жигитов: «Жекече күйүттүн күчү эмес, социалдык-экономикалык мотивдердин психологияга түшүргөн салмагы адамды күйүткө салып, кошок коштурушу мүмкүн. Айталык, матриархат доорундагы аялдардын күйөөсү өлсө, алар күйүп-бышып ыйлашы күмөндөр нерсе. Биринчиден, матриархат учурунда аялдар турмуш-тиричиликте эркекти ашкере медер туткан эмес, коомдогу экономикалык бийликти өз колдорунда кармап турушкан; экинчиден, алардын күйөөлөрү жалгыз болбосо керек, ошон үчүн алар күйөөлөрүнүн бири өлсө эле кантип оокат кылам, кантип бала-чакамды багам деп мөгдөп калбаса керек, дүйнөдөгү артта калган айрым уруулардын киши өлгөндөгү кылган-эткени ушундай деген божомолдун негизи бардыгына далил боло алат…

Аялдардын өксөп ыйлап, какшанып кошок кошкону жеке үйбүлө келип чыккандан кийин, эркек үйбүлөдөгү оокатты кыймылдаткан күчкө айлангандан кийин, тапчыл коом кадыресе өнүккөндөн кийин салтка айланып кетсе керек. Албетте, бала-чакалуу аял, кокус анын күйөөсү өлсө, оокат кылдырган медеринен гана эмес, жыт сиңишкен кадыркеч адамынан да айрылганына күйүп-бышат, бирок, ал күйөөсүнүн өлгөнүнө караганда өзүнүн кейиштүү абалда калганына көбүрөөк кайгырат; «бала-чакамды кантип багам, кантип оокат кылам, эми түйшүктөн түйшөлүп жүдөйм» дегендей көмүскө сарсанаалар анын көңүлүн зилдетип, эзилтип ыйлатат», – дейт(Жигитов С. Ырлар жана жылдар. – Ф.: Кыргызстан. 1972. 31-б.). Салижан агай мисалга тарткан Патрокл өлгөндө туткун аял Брисеиданын кошкон кошогу жөнүндөгү Гомердин сүрөттөмөсү дагы: «Ага (Брисеидага) кошулуп катындар ыйлап жатты, сыртынан өлгөнгө ыйлагансыган менен, чынында ар кимиси өз кайгысын ыйлап жатты», – делип (Толстой И. И. Статьи о фольклоре. – М.-Л.: Наука. 1966. 200-б.), эркек-аял ымаласынын жамандыктагы көпчүлүккө көмүскө жактарын билдирет.

Биздин пикирибизде, кошок кошуу адамзат коомунда индивидуалдуу аң-сезим өнүккөн мезгилде адамдар бири-бирине баа бере баштаган учурдан тартып, жакшылык-жамандыкты ичине сактай албаган аялзаты тарабынан аткарыла баштаган болуу керек. Ырас, жакындары үчүн адамдын жакшы, жаманы болбойт. Бирок, балким, кошок алгач жакшы адамдарга гана кошулуп, ырда алардын жакшы иштери гана айтылса керек. Андан соң, «өлүм улук» делип, жалпы баарына жакын адамдары тарабынан кошула баштаса керек.

«Эри өлгөн аялдын кошогунун» дээрлик кебетеси төмөнкүдөй:

Алмалуу булак майданым,
Адамдан чыккан арстаным.
Жийде булак майданым,
Жигиттен чыккан арстаным…» (Кыргыз поэзиясынын антологиясы. – Б.: Сорос- Кыргызстан фонду. 150-151-бб.).:

  1. Күйөөсүн жоктоп кошкон аял аны арстанга, жолборско, алгыр бүркүткө, башкача айтканда, күчтүү жандыкка салыштырат. Күйөөсү мажүрөө жан болсо да, үйбүлөдөгү орду идеализацияланат. Күйөөсүнүн социалдык чөйрөдөгү ордун бийиктетип көргөзөт – кадырлуу, сыйлуу, урматтуу, кымбат адам болгондугун баса белгилейт.
  2. Салыштыруу аллитерация жолу аркылуу бир нече ирет кайталанат. Биринчиден, кошоктогу уйкаштыкты куугандык жана ырдын мазмунун, көркөмүн арттыруу, экинчиден, кошокко чагылган ойду, кайгыны, жоготууну, өксүктү тереңдетип көргөзүү, зоболосун арттыруу. Башка түшкөн жоготууну жаны кейип кабылдаган жапакеч аял экендигин туюнтуу үчүн да, аялдын кошогу узак, мазмундуу, көркөм, муңдуу болуш керек. Кыр башында күндөп, бозүйдө түндөп дастан айткан кыргыз үчүн, төрт сапты кураштыра салуу, жеген ашындай эле көндүм нерсе болгон. Эки сап кошо албаган сөзгө чоркок аял урматталбайт.
  3. Кыргызга каймана сүйлөө мүнөздүү. Сөздү алыстан баштап, бир нерсенин четин чыгарып, угуучуну психикалык жактан даярдап, андан соң гана ток этер сөзгө өтөт. Буга айтылуу Кетбука ырчынын Чыңгызханга уулунун өлүмүн угузганы – мыкты үлгү, таамай мисал. Сөздү кой, күү менен баштап келип, хандын «тил кесмей» каарынан кутулган ырчы өзүн да, элин да сактайт. Мында угуучунун да кыраакылыгын белгилеп койсо болот. Күү, каймана сөз аркылуу чындыкты кабылдап, табышмак суроолорго табышмак жооп айтып, бу жагынан кыргызды кудай генийликке жакындаткан.
  4. «Кармамалуу камчыңды, Кара ат басып сындырды» – кыргызды атсыз, камчысыз элестетүү мүмкүн эмес. «Ат – адамдын канаты», «Алдыңда атың болбосо, Минсе чатың толбосо, Айылга барып не пайда?» (128-б.), «Алыска сапар жол жүрсөң, Аземдүү жорго ат жакшы» (128-б.), «Эрге кезек келгенде – экиден күлүк ат байлайт» (129-б.), «Алыска сапар жол жүрсөң, Алчактаган ат жакшы» (143-б.) – делип, улуу эпосторунан, эң майда нуска, жаңылмач, макал-лакаптарына чейин бул эки нерсеге (ат, камчыга) байланышкан түшүнүктөр арбын. Булар кошок жанрында да колдонулат.
  5. Аял өзүнүн жеке турмушун айтууга да үлгүрөт; өлгөн эри менен гана бактылуу болгонун, ансыз жашоо кыйындыгын, башына түшкөн азапты айтып болбостугун, күйөөсүнө чейин жашоосу кандай болгондугун саймедиреп айтат.
  6. Күйөөсү артына калтырган материалдык байлыкты белгилейт. Аны табуудагы эмгеги бааланат.
  7. Артында калган уул-кызынын кайгысынан да кабар берет.
  8. Ошол жетимдердин айынан кайнисине баш кошуп, моралдык, социалдык жактан жабыркаганын байкатат.

Адабиятта «Ата-энеси өлгөн кыздын кошогу», «Атасы өлгөн кыздын кошогу», «Энеси өлгөн кыздын кошогу», «Иниси өлгөн аялдын кошогу», «Кайниси өлгөн жеңенин кошогу», «Баласы өлгөн эненин кошогу», «Киши колдуу өлгөнгө кошулган кошок», «Эжеси өлгөн кыздын кошогу», «Күлөсалдын кошогу» деген сыяктуу кошоктор бар. Аттарынан көрүнүп тургандай, алардын бардыгы аял адамы тарабынан кошулат. Ырас, ал белгилүү бир аялдын кошогу экен деп далилдеш мүмкүн эмес, ал – ошол кошок чагылткан доордогу кайсыл гана аялдын болбосун жаманчылыктагы ыры. Кат-сабатсыз, карапайым кыргыз аялдары тарыхка, адабиятка тымызын эмгек этип атышканын кылымдар бою аңдаган эмес. Өздөрүнүн жаратмандыгынын жемиши кийин бир көркөм дөөлөткө айланары тууралуу ой баштарына келген эмес. Көркөм дөөлөт демекчи, «Манастын» өзү Каныкейдин кошогунан улам башталган болуу керек деген дагы жоромолдор бар.

Дегеле кошокту аял адамынын кошуп калышына эмне себеп? Коомдук-социалдык жактан алганда, аялдын орду эркектикинен алда канча төмөн болуп келгени тарыхта маалым. Кайсыл гана маданиятты албайлы, аял ириде ашпоз, тикмечи, үй тазалагыч, күйөөсү менен балдарынын камын көрүүчү, көчмөн элдерде ал уй, бээ саагыч, азыктарды иштеткич, чыгыш хандыктарында гаремдин мүчөсү катары гана кызматтарды аткарып келишкен. Алардын айтчу сөзү аз болгон. Ырас, өзү түшүнбөгөн социалдык теңдикти издеп, бунт кылган аялдардын бирин-экин болгонун эч ким танбайт, бирок, алар доорду, көзкарашты, менталитетти өзгөрткөнгө алсыз эле. Ырас, кыргыздын кыз-келиндери алты бакан селкинчек тээп, жаштык дооронун сүргөнүндө шек жок, бирок, чыгармачылык жаратмандык үчүн аларга эки учурда: биринчиси – бешик термеп отурганда, экинчиси – кошок кошууда көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилген. Натыйжада аялдар бир кубанычта, бир кайгыда көкүрөгүндөгүнү төгүп алышкан.

Биологиялык жактан алганда, эркектерге караганда аялдардын жүүнү бош. Алар болгон сырткы таасирлерге тез реакция беришет. Көбүнесе алар ичимтап эмес, ичтен сызышпайт. Буркулдап, өпкөлөп ыйлап алса, эс алып калышат. Сөздү да ичке сактай алышпайт, айтып алмайын, жеңилдешпейт. Баарына кайыл болуп, кайгыга баткан учурда да өксүгүн төгүп албаса, ал жүрөгүнө жүк. Изилдөөлөргө караганда, аялдар эркектерден көбүрөөк сүйлөшөт. Кошок менен айтып чыгара албаган бугун ал аял коңшу аялга башка бир күнү баары бир божурап айтып бермек…

Аида Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты,
«Шоокум»,
01.04.2007

Соц тармактар:

Добавить комментарий