Этиштин ыңгайлары

Сүйлөөчүнүн болутка (кыймыл –аракетке, окуяга, фактыга) карата мамилесин туюндуруу үчүн “ыңгай” түшүнүгү колдонулаары белгилүү. Башка тилдер сыяктуу эле кыргыз тилине да этиштин ыңгайлары мүнөздүү жана алар АЛТОО (!):

  1. Баяндагыч ыңгай : жаздым, жазам, жазат ж.б.
  2. Буйрук ыңгай: жаз(гын), жазгыла, жаз(гыла)чы…
  3. Шарттуу ыңгай : жазса, жаза алса, жазчу болсо…
  4. Тилек ыңгай: жазгай эле, жазайын…
  5. Ниет ыңгай: жазмак , жазмакчы, жазмак элем д.у.с.

жана ошондой эле

  1. ТҮКШҮМӨЛ ЫҢГАЙ.

Этиштин түкшүмөл ыңгайы кыргыз тилинде кыймыл-аракеттин түкшүмөлдүү мүнөзгө ээ экендигин туюндурат жана этиштин бардык чактарында катышат. Анын түзүлүш тартиби төмөнкүчө: келер чак менен өткөн чакта: ЭТИШ + БОЛУШ (БОЛСО) КЕРЕК; учур чакта: ЭТИШ + ЖАТКАН БОЛУШ (БОЛСО) КЕРЕК. Мында ЭТИШ чак боюнча өзгөрөт да , “БОЛУШ (БОЛСО)” сөзү сүйлөмдүн ээсин жак жана сан боюнча ээрчийт, ал эми “ЖАТКАН” жана “КЕРЕК” сөздөрү бардык учурларда өзгөрүүсүз кала берет ( “ЖАТКАН” сөзү сан боюнча өзгөргөн варианты да бар.) Мында “БОЛУШ” менен “БОЛСО” сөздөрүн колдонууда анча байкала бербеген айырмалуу боёк бар. (Мисалы, “БОЛСО” вариантында суроонун эпкини кошо камтылган). Ошентсе да негизинен алар бири-бирин толук алмаштыра алат жана “БОЛУШ” вариантын көбүрөөк колдонушат. Мисалы:

КЕЛЕР ЧАК: Мен жазат болушум керек. Сен жазат болушуң керек. Ал жазат болушу керек. Биз жазат болушубуз керек. Силер жазат болушуңар керек. Алар жазат болуулары керек. ( Мен жазат болсом керек. Сен жазат болсоң керек. Ал жазат болсо керек. Биз жазат болсок керек. Силер жазат болсоңор керек. Алар жазат болушса керек.)

ӨТКӨН ЧАК: Мен жазган болушум(болсом) керек. Сен жазган болушуң (болсоң) керек. Ал жазган болушу (болсо) керек. Биз жазган болушубуз (болсок) керек. Силер жазган болушуңар (болсоңор) керек. Алар жазган болуулары(болушса) керек.

УЧУР ЧАК: Мен жазып жаткан болушум (болсом) керек. Сен жазып жаткан болушуң (болсоң) керек. Ал жазып жаткан болушу (болсо) керек. Биз жазып жаткан болушубуз (болсок) керек. Силер жазып жаткан болушуңар (болсоңор) керек. Алар жазып жат(ыш)кан болуулары (болушса) керек

Бардык чактардын түкшүмөл ыңгайында этиштин сылык түрүн колдонсо болот: Сиз жазат болушуңуз (болсоңуз) керек. Сиздер жазган болушуңуздар (болсоңуздар) керек ж.б.у.с.

Бардык чактардын түкшүмөл ыңгайында этиштин түрдүү татаал формаларын колдонууга мүмкүн; Мисалдар: Сиз ошондой ырды жаза алат болушуңуз (болсоңуз) керек. Сен лекцияны жазууга үлгүрбөй калган болушуң (болсоң) керек. Ал өз каалоосу менен арызын жазууга аргасыз болот болушу керек. Корутундусун жазмакчы болуп жатышкан болуулары (болушса) керек. Ал Президенттин өзүнө жазмакчы болуп жаткан болсо керек… Сен диссертацияңды жазып бүткөн болсоң керек ж.б.у.с.

P.S. Этиштин түкшүмөл ыңгайын түндүк-түштүк дебестен атпай кыргыз журтчулугу колдонуп сүйлөйт (аны колдонбой коюуга мүмкүн эмес). Андыктан аны кыргыз тилинин грамматикасына кийирип, мектепте окутууга убакыт жетти…

ШААМЕРЧЕМ

Соц тармактар:

Добавить комментарий