Нурбек Маамытбаев: «Адабий сынчыларга кам көрө албай, адабиятыбыз аксап турат»

Биздеги эң олуттуу көйгөй жеке эле “Нурборбордо” эмес, жалпы эле жазуучулар тармагындагы, Жазуучулар союзундагы көйгөйлүү маселе адабий сынчылардын жоктугу болуп атат. Сынчынын жоктугунан китептер ар кимдин каалоосу боюнча эле чыгып жатат. Ошол сынчыларга кам көрүп, чыгармаларыбызды алардын сынынан өткөрүүгө биздин дараметибиз жетпей жатат.

Улутту улут кылып сактап, башкалардан айырмалап турган эң негизги баалулуктары – анын тили, маданияты, адабияты болуп эсептелет. Дүйнөнү багынткан “Манас” эпосу баштаган океандай оозеки чыгармачылыгыбызды айтпаганда, андан берки залкарлар түптөп кеткен, Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө тааныткан жазма адабиятыбыздын, ошол залкарлардын башын бириктирип турган Улуттук жазуучулар бирикмесинин абалы кандай? Мамлекеттин, деги эле коомчулуктун алардан кабары барбы? Бүгүнкү күндө жарыкка чыккан китептерди кимдер окуп жатат? Бул өзүнчө бир чоң маселе, чоң суроо. Эгемендүүлүк алган жылдарда солгундап калган ошол улуттук адабиятыбыздын бир бурчун алдыга тартып, кайрадан жандантып, чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүп келе жаткан Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана анын алдында түзүлгөн “Жаңы толкун”адабий клубу тууралуу «Улут уюткусу» программасында Эл аралык “Нурборбор”чыгармачылык академиясынын президенти Нурбек Маамытбаев менен маек курдук.

Нурбек мырза сөзүбүздүн башында улуттук адабият, маданият, тил тууралуу айтып калдык. Бул жааттагы көйгөй, маселелерди айтпаса дагы сиз жон териңиз менен сезип келе жаткан инсандардын бирисиз. Бүгүнкү күндө улуттук маданиятыбыздын, адабиятыбыздын жана кыргыз тилинин абалын кандай деп айтууга болот? Кандай багытта, кайсы жол менен кетип бара жатабыз?

— Азыркы күндү алсак, уучубуз куру эмес, “кудайга шүгүр!” дешибиз керек. Албетте көйгөйлөр жок эмес, абдан көп. Өзүмдүн тармагым боюнча айта турган болсом, биз көбүнчө акындар, жазуучулар менен кызматташып, жаш калемгерлерди тарбиялап келатабыз. Бул багытта дагы тил маселесине келгенде көөнөргүс, нукура кыргыз сөздөрү адабиятта колдонулбай калды. Көбүнчө чыгармалар жөнөкөй, күнүмдүк турмуштун деңгээлинде жазылып жатат. Акын, жазуучулар өзүбүздүн эски, унутта калган сөздөрүбүздү өзүлөрүнүн чыгармаларында колдонуп, коомчулукка жеткирип, жашообузда колдонсок жакшы болмок.

— Буга эмне себеп болуп жатат? Акын-жазуучуларыбыз буга маани бербей жатабы, же элдин талабы ошондойбу?

— Учурда бардык нерсе интернет менен байланыштуу болуп калгандыктан, коомчулук жеңил-желпи нерселерди талап кылып калгандай. Дагы бир нерсени айта кетишибиз керек, мурда чыгармачыл адамдарга гонарарын төлөп, аларга атайын тапшырмалар берилип, ошонун артында алар терең изденип, анан мыкты чыгармалар жазылган. Азыр андай нерсе жок. Ал кечке ыр жазып отура берсе, мамлекттен ага гонарар төлөмөк тургай, ахывалын сурап койбосо, алар да жан багыш керек да. Ошон үчүн тиричилик менен алышып жүрүп эле жашоо турмушунда көргөн нерсесин ырга же бир аңгемеге кошуп жазып, анан жеңил-желпи чыгармалар жаралып атат.

Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык борборунун жана “Жаңы толкун” адабий клубунун тарыхына кененирээк токтолсоңуз. Качан, кимдер тарабынан, кандай максатта уюшулган?

— “Нурборбор” чыгармачылык академиясы мурда Республикалык жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмеси болгон. Бул жазуучулар союзунун жаш муундарынын арасынан бөлүнүп чыккан жаш топ 1997-1998-жылдары “Топ жылдыз” деп өзүнчө уюшулган. Улуулар менен ортодо ажырым болуп калгандыктан, алар өзүнчө чыгармачылык кечелерди уюштуруп, өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп, бири-биринин чыгармачылыгын сындап, өздөрүн камсыздап келишкен. Андан кийин 2001-жылы Республикалык жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмеси деп юридикалык каттоодон өтүшүп, коомдук бирикме болуп түзүлгөн. 2010-жылы эл аралык академия болуп кайрадан каттоодон өткөн. Ал эми “Жаңы толкун” адабий клубу “Нурборбор” жаңыдан академия болуп түзүлүп жатканда 2010-жылы март айларында уюшулган. Бул жерде дагы “Нурборбордун” алгачкы түптөөчүлөрү менен жаңы келген жаштардын ортосунда кандайдыр бир ажырым пайда болуп калган. Ошондон улам академиянын алдында “Жаңы толкун” адабий клубу түзүлгөн. Андан бери бул клуб дагы республикалык деңгээлге чейин чыга алды десек болот. Учурда бир топ элге төбөсү көрүнүп калган жаш калемгерлер тарбияланып, өсүп чыкты.

— Ошол кезде жаштардын жазуучулар союзунан өзүнчө бөлүнүп, борбор түзүүгө эмне муктаждык болгон?

— Жаштар тез бир ийгиликке жетүү үчүн энергиясы ашып-ташып турат. Чыгармачылык кечелерди уюштуруп, бир нерселерди уюштуруп, демдүү болушат. Ал эми улуу муундагы жазуучулар андай эмес. Ошол себептүү жаштар өзүнчө бөлүнүп кетишкен. Экинчиден, 90-жылдарда жазуучулар союзунда бир аз ынтымак ыдырап, 2-3 топко бөлүнүп кеткен экен. Анын натыйжасында жаштарга такыр эле көңүл бурулбай, камкордук көрүлбөй калган. Ошондо Нурлан Калыбеков баштаган агаларыбыз жаштардын башын бириктирип, чыгармачылык борборду түптөшкөн.

— Учурда жазуучулар союзу менен алакаңыздар кандай? Улуу муун менен кичүү муундун ортосунда ажырым жокпу?

— Бүгүнкү күндө жазуучулар союзу менен “Нурборбордун” алакасы, байланышы абдан жакшы деңгээлде. Мындан мурдараак Нурлан Калыбеков жазуучулар союзунда төраганын орун басары болуп турган кезде улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы ынтымакты бир топ бекемдеди десек болот. Алар менен бирге чыгармачылык кечелерди уюштуруп, мастер-класстарды өткөрүп, бири-биринин чыгармачылыгы менен таанышканга шарттар түзүлүп, жакшы алакада болуп калдык.

— Жумасына бир жолу жолугуп, бири-бирибиздин чыгармаларыбызды сындап, кеңештерибизди айтабыз деп калдыңыз. Мындан сырткары дагы жаш калемгерлерди такшалтып, өнүктүрүүгө атайын программалар барбы?

— Бул чыгармаларыбызга болгон бири-бирибиздин сыныбыз бир багыты. Мисалга, арабызда ырына сын айткан учурда аны көтөрө албай чычалаган учурлар болот. Ошодуктан сынды туура кабыл алып, түшүнгөнгө чейин ич ара өзүбүз сындайбыз. Андан кийин улуу акындарды чакырып, алардын сынына коебуз. Алардан сабак алып, такшалтып, өстүрүп турабыз. Андан сырткары шаардагы ЖОЖдорго, алардын жатаканаларына, жакынкы айылдарга, былтыртан бери аймактарга дагы чыгып, чыгармачылык кечелерди уюштуруп келебиз. Элди аралаганыбыз дагы, элдин батасы жаштарга дем-күч болот.

— Азыркы базар экономикасында жашап жаткан учурда кыбыр эткен нерсенин бардыгы финансы менен байланыштуу болуп калбадыбы? Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөргө бул жагынан кимдер колдоо көрсөтүп келет?

— Финансы жагынан каржылап, бзге демөөрчүлүк кылып жаткан деле эч ким жок. Биздин 100дөн ашык мүчөлөрүбүз бар. Эгер бир чакан кече уюштура турган болсок, өзүбүз эле акча-тыйын чогулта коюп, өзүбүздү өзүбүз каржылап келе жатабыз. Жогоруда айткан “Жаңы толкун” адабий клубу жаңыдан түзүлгөн учурда бул маселелер чечиле тургандай абалга жеткен. Биринчиден, жаштарды чыгармачылык жагынан өстүрүүнү бир тараптуу “Нурборбор” чыгармачылык академиясы колго алган. Ал эми экинчи тарабын КРнын Улуттук жазуучулар союзу колго алган. Алар бизди имарат менен камсыздап бермек. Андан сырткары үчүнчү тарап финансы жагынан колдоо көрсөтө турган “Алтай-Манас-Талас” коомдук фонду болгон. Мына ушул үч тараптуу келишимдин негизинде “Жаңы толкун” адабий клубу түзүлгөн. Буга чейин каржы жагынан жардам сурап эч кимге деле кайрылган эмеспиз. Быйыл 5 жылдык мааракебизди өткөргөнү турабыз. Ошого “Алтай-Манас- Талас” коомдук фонду каржылык жагынан колдоо көрсөтөт деп ойлойбуз.

— Быйыл “Жаңы толкун” адабий клубунун 5 жылдыгын белгилегени жаткан экенсиздер. Буга кандай пландар бар, даярдыктар көрүлүп жатат?

— Биз өзүбүз шарттуу түрдө эле чоң деңгээлде болбосо дагы, чакан бир отчеттук чыгармачылык кечебизди өткөрөлү деп пландап жатабыз. Анда китеби чыгып, элге төбөсү көрүнүп калган 15тей тапталып калган акындар бар. Андан сырткары дагы китеби бүгүн-эртең чыгат деп турган жаштар бар.

— Мына ушул борборго жаш калемгерлер көбүнчө кандай жолдор менен келип калышат? Же атайылап бир сынактарды өткөрүп тандап аласыздарбы?

— Андай сынак менен тандалбайт. Бардык каалоочулар үчүн эшигибиз ачык. ЖОЖдордо атайын адабий ийримдер, студенттик кеңештер бар, ар бир университеттин филология, журналистика факультеттеринин студенттери менен тыгыз кызматташтабыз. Биздин катарыбыз көбүнчө ошол студенттер менен толукталып турат.

— Учурда канча мүчөсү бар борбордун?

— Биздин мүчөлөрүбүз абдан эле көп. Эгерде жалпы “Нурборбор” чыгармачылык академиясы түптөлгөндөн беркисин айта турган болсок, алды 50-60 жашка чыгып калды. Атайын күбөлүк тапшырып кабыл алгандар 100дөн ашык.

— “Нурборбордо”, “Жаңы толкунда” көбүнчө поэзияга басым жасалат. Жаштар көбүнчө поэзияга кызыгышабы?

— Чыгармачылыкта ыр жазган дагы, кара сөз жазган деле өзүнчө түйшүк. Бирок салыштырмалуу ыр жазуу жеңилирээк. Бир роман жазуу үчүн 400-500 беттен турган чоң китеп болушу керек. Ага бир топ убакыт сарпталат. Андыктан жаштар көбүнчө поэзияга ыктап жатышат. Ошондутан, проза тармагы учурда аксап турат. Чыгармачылык бир эле поэзия же проза менен чектелбейт. Драматургия, балдар адабиятына кайрылгандар жокко эсе. Бул жеке эле бизде эмес, жалпы Кыргызстанда жазуучулар тармагында аксап турат. Драма жазган, балдар адабиятына кайрылгандарды, прозаиктерди деле колдун манжасы менен санасак болот. Жалаң эле поэзия боюнча сынактарды, кечелерди уюштура бербей, проза жагына дагы көңүл буруп, өнүктүрүшүбүз керек. Муну биз дагы колго алалы деп турабыз. Жаш акындардын арасында кара сөз түрүндө жазууга белсенгендер дагы бар. Ошондуктан проза секциясын өзүнчө бөлүп, жекече иш алып баралы деп жатабыз.

— Учурда жаш калемгерлердин, сиздердин  чечилбей жаткан кандай маселе, көйгөйлөрүңүздөр бар?

— Биздеги эң олуттуу көйгөй жеке эле “Нурборбордо” эмес, жалпы эле жазуучулар тармагындагы, Жазуучулар союзундагы көйгөйлүү маселе адабий сынчылардын жоктугу болуп атат. Сынчынын жоктугунан китептер ар кимдин каалоосу боюнча эле чыгып жатат. Эгер жазылган чыгармалар адабий сындан өтө турган болсо, балким, мындан да жакшы чыгармалар жазылып, мыкты китептер жарыкка чыкмак. Балким мыкты чыгармалар, китептер жазылып, көмүскөдө жаткандыр. Балким ошол чыгып жаткан китептердин бардыгы жараксыздыр. Ошол сынчыларга кам көрүп, чыгармаларыбызды алардын сынынан өткөрүүгө биздин дараметибиз жетпей жатат.

— Салыштырмалуу кыргыз поэзиясынын бүгүнкү деңгээлин кандай бааласак болот? Сиздерден тарбияланып чыгып жаткан жаштар кыргыз поэзиясына жаңычылдык киргизе алды деп айтсак болобу?

— Жаштар жаңычылдык киргизе алды деп айта албайм. Аны бир сынчынын көз карашы менен айтсак туура болоор. Биздин жазып аткандарыбыз ошол эле Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев сыяктуу агаларыбыздын эле таасири менен, ошолордун стилинде жазып келе жатабыз деп ойлойм. Бизде эксперимент кылып, башкача ойду берип, же болбосо, салттуу уйкаштыктан чыгып, өзгөчөлөнтүп жазган темаларыбыз көп жок болуп атат. Бизге бул нерсе билинбейттир. Бирок сырттан караган адамга биздин жазган ырларыбыздын бары окшош көрүнүшү мүмкүн.

Каныкей Бозгунова, “Марал ФМ”, 26.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий