Кыл тамырчылык – кыргыз медицинасынын башкы өзгөчөлүгү

Ушул мезгилге чейин эмнегедир кыргыз медицинасы өз алдынча кеп болуп изилденбей келет. Анын байыркы башаттары жөнүндө сөз болгондо, айрым булактарын Тибет медицинасына, ал эми кээ бир жактарын Кытай медицинасына, ошондой эле, айрым багыттарын байыркы индиялык медицинанын элементтери катары карап келатышат. Эми ушул жерден объективдүү суроо туулат. Эгерде кыргыздар биздин доорго чейинки IV-II кылымдардан бери жашап, өз алдынча улут катары өз тиричилигин өткөрүп келген болсо, анын ичинде башка маданий-социалдык булактар менен катар, өздөрүнүн денсоолугу үчүн күрөшкөн медицинасы да болгондугу, бул өнөрдү алар өз алдынча өнүктүргөндүгү анык да, туурабы? Болбосо, ооруп калса, сакайып кетиш үчүн Тибетке же Кытайга барбагандыгы, күнүмдүк тиричиликте кездешип жаткан ар бир жаратты же жаракатты өз алдынча дарылап келгендиги сырттан караган адамга деле маалым болуп турбайбы…

Кыргыз медицинасы, байыркы медициналардын бир бутагы катары, алар менен белгилүү бир жерлерде тогошуп, ошондой эле, элдин өзүнүн жашоо шартына жараша өзгөчөлүккө ээ болуу менен өз алдынча өнүгүп жана жашап келгендигин жокко чыгара албайбыз. Анын бар экендигин далилдеген айрым бир өнөрлөр – табыпчылык, тамырчылык, куучулук ж. б. азыр да эл арасында кадимки адам дарылаган кесиптер катары жашап келет. Булардын сыры – өздөрүнө таандык кесиптик өзгөчө касиеттери эмнегедир ушул мезгилге чейин кепке алынбай келет. Эгерде эл арасында бул өнөрлөр өз кызматын аткара албаган болсо, анда турмуштук практикалык ордун жоготуп, эчак эле жок болуп кетмек. Кызык жери – дүйнөлүк цивилизациянын ири жетишкендигине ээ болуп жаткан кыргыз жарандары кийинки мезгилдерде практикалык медицинага эмес, дал ушул эл арасындагы өнөрлөргө – дарылоочу кесиптин ээлерине кайрылып жана дарыланып келишет. Мунун өзү мындай кесиптердин дагы коомчулукта орду бар экендигин, аларды унутка калтырбай, изилдеп жакшы жактарын алууга болорун, ал эми жаман жактарын көзгө сайып көрсөтүп жоготуу зарылдыгын коомчулуктун алдында милдет катары коюуда. Бул маселе чечилиши керек.

Практикалык медицина менен улуттук салттуу эмес медицинаны айкалыштыруу, алардан мамлекетке мүнөздүү медициналык-дарылоочу улуттук жолду табуу аракети дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө кайрадан жанданууда. Маселен, Кытайда практикалык медицина менен катар элдик медицина өз жашоосун кечирип, ар бир жаранды дарылоого кызмат кылып келет. Мындай көрүнүш Индияда да бар. Ал эми филиппиндиктердин байыркы мезгилден бери колдонулуп келе жаткан хилера– операция жасоо өнөрү азыр дагы мамлекеттик деңгээлдеги дарылоо кесиби катары өз өлкөсүнөкызмат кылып келет. Мындай көрүнүштөр учурда ар бир улут өздөрүнүн салттуу медицинасын элдик медицина менен айкалыштырууда жаңы багытка ээ болуп жаткандыгын айкындайт.

Кыргызстан дагы медициналык дарылоонун жаңы жолуна мына ушундай практикалык медицина менен элдик дарылоо өнөрүн айкалыштыруу аркылуу, бирин экинчисине карама-каршы койбой, бириктирүү, жарандарга жалпы кызмат кылуу максатында өтүшү керек. Ан үчүн кыргыз элинин өзүнө гана таандык элдик медицинасынын байыркы багыттарын кайрадан изилдеп чыгуу зарыл. Ошондой эле, алардын ар бирине өз атын берип, “табыпчылык деген эмне?”, “бакшычылык деген эмне?”, “тамырчылык деген эмне?” деген сыяктуу ар бир адамдын алдында турган суроолорго жооп бериш керек.

Кыргыз элинин элдик медицинасын жокко чыгарууга багыт алган совет мезгили өз жашоосун жыйынтыктаганы менен, азыркы учурда бул багытта иш жүргүзүп жаткан айрым бийликтегилерге али жете элек. Ошондон улам болсо керек, элдик медицинага дагы эле кыртышын салып же анын бар экендигин эсепке албай, аталган багытты жетектеп келаткан мамлекеттик чиновниктер жок эмес. Балким, аларга бул өнөрдүн кыргыздарда гана жашай тургандыгын түшүндүргөн илимий изилдөөлөр жетишсиз болуп жаткандыр. Мына ушул сыяктуу коомчулуктун алдында турган көйгөйлөр бул макаланын жазылышына шарт түзүп берип отурат. Ырас, бир макаланын көлөмүндө кыргыздын кылымдап калыптанган элдик медицинасы тууралуу кеңири сөз кылууга мүмкүн эмес. Ошол себептен, биз бүгүн анын бир тарабы болгон кыл тамырчылыкка гана көңүл буралы.

Кыл тамырчылык кыргыздарда дартты аныктоонун жана дарылоонун бир түрү катары жашап келет. Кыл тамырчы ооруну адамдын тамырын кармап аныктагандыгына байланыштуу ушундай аталып калган сыяктанат. Эң кызык жери – кыл тамырчы азыркы практикалык медицинадагы врачтардай ооруну сыркоонун өзүнөн сурап, анан аны жалпылаштырып дартын аныктабастан,тамырды кармап, анын согушуна жараша, андагы ыргактын аракетин аныктоо аркылуу өзүнүн аныктамасын же диагнозун берет. Биринчи эле кыл тамырчы жалпысынан ооруну экиге бөлүп ысык-суук деп караганын көрөбүз. Бул боюнча ушул мезгилге чейин тамашалуу сөз жашап келет, башкача айтканда, кыргыздар ооруну “ысык” же “суук” деп дарылаган деген пикир бар. Биз кыл тамырчылык тууралуу мындан ашык эч нерсе билбейбиз.

Чынында, ал кандын согушун, ыргактык аракетин толук өздөштүргөнүнөн улам, ага керектүү нерселерди аныктап, ошого жараша ысык же суук экендигин билип, анан тамак-ашты ага ылайык мүнөздөп бергендигин көрөбүз. Мындай көрүнүш практикалык медицинада деле кездешет. Аны биз эми гана баамдап отурабыз. Бир мисал келтирсек, аз кандуулукка калориялуу, күчтүү тамактар талап кылынса, кан басымдын жогорулугуна жалаң аш болумдуу жеңил тамактар керектелерин азыр ким болбосун айттырбай билет. Бул кыл тамырчынын айтканынын белгилүү бир чындыгы бар экендигин ырастайт.

Кыл тамырчынын өз сөзүнө караганда, адамдын денесиндеги ар бир орган кандын басымына өз үнүн берип турат экен. Тамырчы ошол үндү бирин экинчисинен ажыратып, кандын басымында белгилүү бир органдын үнүнүн жетишсиздигинен улам, ал орган ооруп жаткандыгын аныктай аларын билдирет. Түшүндүрө келсек, эгерде ашказан ооруп жаткан болсо кан басымдагы үндөрдүн катышында ашказандын бере турган басымдык ыргагы жетишсиз болот экен дагы, тамырчы аны ошол үндүн жетишсиздигинен аныктайт тура. Мындай пикирге анчалык ишеним артпайлы десек, тамырчынын бейтапка койгон диагнозу туура чыгып отурат. Экинчи жагынан, ал ошол ооруну эмне менен дарылай тургандыгын анык айтып бере алат. Анын айтканын толук аткарган киши оорудан тез эле сакайып жаткандыгын көрөбүз. Демек, бул өнөр дал ушундай элге кызмат кылып жаткан өзгөчө касиетин калайык-калкка ачып берүүгө тийиш. Биз бул жерде бул өнөргө таандык бир гана эпизодду алдык. Ал эми кыл тамырчылык өнөр адамдын табият менен болгон байланышын, адамдын эмнени жеш керек экендигин, адам экологиясынын тазалыгын аныктап бере турган кыргыздарга таандык өзгөчө илим болуп саналат.

Бул өнөргө мурдагыдай эскиден калган алдамчылыкка жамынган жаман касиеттердин бири катары карабай, жаңыча көз менен кыргыз медицинасынын башкы булактарынын бири катары караганда гана, ал өнөр бизге ушул мезгилге чейин белгисиз болуп келаткан сырын ачат деп эсептейм.

Болотбек Акматов,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум”

Соц тармактар:

Добавить комментарий