Мекенчил болсоң шылдыңдайбы?

Акыркы кезде кыргыз коомунда патриоттук аң-сезимдин, мекенди сүйүүнүн, урматтоонун салттуу дөөлөттөрү улам бошоңдоп, коом мүчөлөрүнүн көз караштарында, жаштарда, өзгөчө мектеп курагындагы балдар арасында, жүрүм-турумунда кайдыгерлик, эгоизм, индивидуализм илдеттери күч алып, мамлекетке жана анын социалдык институттарына карата сый-ызаатсыз мамиле тамыр жая баштаганы адистер тарабынан байма-бай айтылууда.

Педагогдордун бардык аракеттерине карабастан мекенчилдик түшүнүгү жаш жеткинчектердин жүрөгүнөн түнөк таппай келет. Ал турсун мектепте мекенчил балдарды патриот болгондугу үчүн шылдыңдап, алардын мекенди сүйүүгө багытталган ыйык сезимдерин тепселөө учурлары да кездешет. Коомдо аскердик, мамлекеттик кызматтардын кадыр-баркынын төмөндөшү туруктуу көрүнүшкө айланды.

Деги эле мекенчилдик тууралуу түшүнүктөрүбүз туурабы? Мектептерде мекенчилдикке, ата-мекенди сүйүүгө тарбиялоо ишин активдештирүүнү эң оболу эмнден баштоо керек? Канткенде өсүп келе жаткан муундун аң сезиминде, жүрөк түпкүрүндө мекенге болгон ыйык сезимдер ойгонот деген суроолор жаралбай койбойт.

Өлкөдөн качкан өөн деле эмес

Социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча азыр жаштардын 50 пайыздан ашууну, айрыкча Орусия, Түркия, АКШ баш болгон башка өнүккөн өлкөлөрдөн орун-очок алууга ынтызар болсо, кыйласы өз мекенинин чегинен чыгып кетүүгө, башка өлкөнүн жараны болууга даяр. Бул фактылардын көбөйүшүн көбүнесе экономикалык абал менен чечмелеп, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо ишинин бүгүнкү тарыхый-социалдык реалдуулукта педагогторго, билим берүү мекемелерине таштап коюуу туурабы?

Белгилүү болгондой өсүп келе жаткан муундун арасында, мектеп рекечилиги, улут аралык бөлүнүүчүлүк, окуучулар арасында эле бири-бирин финансылык абалына жараша бөлүп жаруу, ал тургай үрөй учурган кылмыштарга, уруп-сабоо менен зала келтирүү, өз жанын өзү кыйуу сыяктуу терс иштердин жасалып жатканы коомдун чоң койгойүнө айланып барат.

Мындай шартта жаш муунда мекенчилдик ыйык сезимдердин ойгонуусун бала-бакчадан, башталгыч мектептерден баштоо керек дешет педогодор. Мектеп, бала-бакча, деги эле билим берүү мекемелеринде мекенчилдикке тарбиялоо ишин активдештирүү менен, эң оболу ошол түшүнүктүн маани-маңызын туура түшүнүүдөн башталышы абзел. Ата журтту, туулган жерди, өзүнүн маданий чөйрөсүн жакшы көрүү, ал жөнүндө кам көрүү баладарда алгач тамга тааныгандан башаталат.

Балдар китеп эмес, кинону тандайт

Балага патриоттук таалим-тарбияны ата-энеси да, мектеп да, коомчулук да берет. Адамдын адам болуп калыптанышы анын айлана-чөйрөсүнө, көргөн-өскөнүнө түздөн-түз байланыштуу. Ата Мекендин чыныгы уул-кыздары болгондой кылып тарбиялоо заманбап жалпы билим берүүчү мекемелеринин гана башкы милдети эмес, коом тарабынан да жарандык таалим-тарбия берүү боюнча максаттуу иш жүргүзүү зарыл.

Ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо улуттук адабияттын, маданияттын орду чоң. Бирок, азыркы кезде балдар адабиятынын абалы начар, окуу куралдары, китептер, балдарды мекенчилдикке тарбиялаган чыгармалар аз. Балдар батыштын, чыгыштын, ар кандай эч кандай тарбиялык мааниси жок, тасма, мультфилмдерин көрүп, эч кандай сындык тордон өтпөгөн чыгармалар менен көрөңгөсүн толтуруп жатат.

Андан сырткары “улутчулдук жана мекенчилдик деген түшүнүктөрдү кандайча айырмалоого болот” деген суроо жаралат. Ар бир улут, же ар бир адам өз мекенин, жерин жана улутун жакшы көрсө бул – мекенчилдик. Улутчулдар да айырмаланат жана улутчул деген мекенди сүйүү деген түшүнүктү берет. Мекенчил инсан өз улутун көбүрөөк сүйүш керек. Бирок эгерде сен өзүңдүн этносуңду башка этностордон жогору койсоң, башка этносторду кордосоң, ушул нерсе – улутчулдуктун кескин формасы.

Жыйынтыктап айтканда, ар бир баланын аң сезимине мекенди сүйүүнү, патриоттулук сезимдерди ойготуу менен гана улуттун келечеги тууралуу сөз кылууга болот. Өсүп келе жаткан муунга чыныгы улуттун руханий баалуулуктарын, тарых, улуттук адабият, маданият аркылуу сугаруу жолу менен гана туура тарбия берилгенде улутун, мекенин, тилин, дилин жана ата-бабасы тутунган динин саткан жарандардан коомду сактай алабыз дейт адистер. “Мамлекет мен үчүн эмне кылды дебестен, мен мамлекет үчүн эмне кылдым” деген суроо менен ар бир жаран Мамлекетти түптөөгө салым кошуусу мезгил талабы!!!

Сүймөнкул Идирисов 2016-жыл, февраль

Соц тармактар:

Добавить комментарий