Мургабдык кыргыздардын элечеги

Кыргыз аялдарына таандык баш кийимдер бир нече түргө бөлүнүп турчу. Кыз-келиндердин баш кийимине карап, анын социалдык абалын, кайсыл даражадагы байбиче, келин, жесир же турмушка чыкпагандыгын айгинелешкен. Ал тургай секелек кыздардын кийими да адеми болгон. Башка улуттардан айырмаланып, кыргыз баш кийимин белекке берген эмес. Кыргыздын уздары баш кийимди философиялык, астрономиялык жактан баа берип жасаган. Баш кийимдин кайсы бир бөлүгү асмандагы жылдыздар менен байланышып турушу керек деген пикирде болушкан. Кыргыз кайсыл жерди мекендебесин кыргызга таандык маданиятын сактап келет. Андыктан мургабдык кыргыз келиндин келегин кеп кылсак.

Мургабдык кыргыздарда келектин (элечек) оролушу бир кыйла айырмаланып турат. Кыргызстандын аймагында кийилген элечек оролуп даярдалса, Мургабда чалуу ыкмасы таралган. Учурда 19-20-кылымдардагы келекти кыз узатууда колдонушат. Мургап районунун жергиликтүү тургуну Казакбаева Мейиз байбичеде чач кеп, бет жапкыч, дурия жоолук сакталган.

elechek1

elechek2

 

Чач кеп 19 кылымга таандык
Чач кеп 19 кылымга таандык

 

Чач кептин шурусундагы шакектер
Чач кептин шурусундагы шакектер

 

Дурия жоолук 19 кылымга таандык
Дурия жоолук 19 кылымга таандык

Чач кеп, дурия жоолук келек менен бирге кийилет. Чач кептин шуруларына шакектерди өткөрүшкөн. Шакектер кыздары турмушка чыкканда белекке берилген. Мейиз байбичеге апасынан калган элечек муундан-муунга берилип келген. Аны ушул мезгилде да кызды узатып жатканда кийгизишет. Кыз барган жерине келин болгондон кийин, чач кепти апасына кайтарат. Анткени, кийинки кыздары да кийишкен. Келектин оролушуна байланышкан ырым-жырымдары кызыктырат. Негизинен элечек башты жылуу кармап, ошол эле маалда сулуулаган жана келин деген даражаны билдирген. Келек Мургаб аймагынын жаратылыш шартына ылайык келген. Кыз турмушка узаганда энеси келек ороп берген. Аны көп балалуу, күйөөсү менен өмүр бою жашаган байбичеге оротушкан. Бул ырым ушул мезгилде да сакталып келет. Анткени, ата-энелер кызына барган жеринен бакыт айтып, бактылуу жашашын каалайт. Ошондуктан, баш кийимди ар кимге эле орото берген эмес. Атасы кызын узатканда жоолук менен белин бекем бууп, тандырда бышкан эки тоголок нанды ошол жоолукка байлап берген. Биринчиден, барган жеринде ток, берекелүү болсун деген. Экинчиден, кыздын ата-энеси бардар адамдардан деген маанини билдирген. Келекти кыздар кийген эмес. Башка үй-бүлөгө бүлө болгондо кийишкен. Келек бир тартипте ак түстөгү кездемеден даярдалган. Аза күтүүдө келекке кара жоолук жаап, каралуу аял деген. Бул ырымды аш бергенге чейин колдонуп, кийин карасын алып, ак кездемеден келек орошкон. Анын алдынан салынган жоолуктун ээгин бош таштаганы башы бош дегенди билдирген. Жолдошу барлары жоолуктун ээгин дайыма байлап жүрүшкөн.

Мургабдык кыргыздар аймактын катаал шартына карабастан ата-бабаларыбыз мекендеген жер деп ыйык көрүп жашап келишет. Жашоо-тиричиликке зарыл болгон кол өнөрчүлүк мыкты сакталган. Анын ичинде салттуу баш кийим келектин маанисин жоготпой муундан-муунга өткөрүштүн өзү баалуу мурас.

Мургабдык Мейиз байбиче небереси менен
Мургабдык Мейиз байбиче небереси менен

Этнограф Назира Момунбаеванын талаа эмгектеринен колдонулду

Асел БАРЫКТАБАСОВА, «Эркин тоо», 17.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий