Нурбек Калыгулов: «Түшүнбөй окуган китеп, аш болбой калган тамак сыяктуу»

Түшүнбөй окуган китеп, ашказанда аш болбой калган тамак менен барабар. Эгер сиңбей калган тамак болсо, анын бизге эч кандай пайдасы жок. Китеп дагы ошондой. Китепти окуганда жеңилинен башташ керек. Алгач жомоктор, аңгемелер, повесттер, анан романдарды окуш керек. Айрым жаштарга жомок окугула десем, алар күлүшөт. Анын эч кандай уяты жок. Жомок сөз байлыкты арттырат, аң-сезимди, ой жүгүртүүнү кеңейтет, мээ булчуңдары чыңалат. Жомок, аңгеме окубагандар чоң чыгармаларды түшүнө албайт.

«Улут уюткусу» программасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз деп күйүп-бышып, кыргыз тилинин, адабияттын, маданияттын өнүгүшү үчүн куру кыйкырык, куру сөз менен эмес, өзүнүн салмактуу иштери менен салымын кошуп, тоодой эмгектерди жасап жаткан инсандардын бири «Сабат» кыргыз китеп борборунун жетекчиси Нурбек Калыгулов менен ийгиликке жетүүдөгү басып өткөн өйдө-төмөн жолдору, бүгүнкү күндө жасап жаткан иштери, келечек пландары тууралуу маек курдук.

— Көпчүлүк эс алууну самап күткөн жай айлары дагы көз ачып-жумганча өтүп кетти. Быйылкы жайкы эс алууну кандай өткөрдүңүз, кандай көз ирмемдер менен эсте калды? Же эмгекчил жаныңыз иш менен өткөрдүңүзбү?

— Быйыл кыздуу болгонбуз. Кызым кичинекей болгондуктан, жайкы мезгилде элчилеп көлгө же Суусамыр сыяктуу жерлерге чыга алган жокпуз. Ошол эле учурда мурдагы жылдардагыдай жарытып деле иштей алган жокмун. Болгону үй-бүлөмдүн жанында болдум.

— Сизди китепти сүйгөн, китепти бардык жетишкендиктердин башаты катары баалаган адам катары билебиз. Негизи эле китеп дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз? Бул ишке кадам таштоого эмне түрткү болду?

— Негизинен мени китеп сүйдүргөн менин агайларымдын бири Капалбаев Октябрь агай. Ал мен 7-класс кезимде биздин мектепке практикант катары келип, тарыхтан сабак өтүп калган. Сабакты ушунчалык кызыктуу өткөндүктөн, бардыгыбыздын тарыхка болгон кызыгуубузду арттырды. Ал эле эмес китеп дүйнөсүнө кызыгуубузду арттырган ошол адам десем жаңылышпайм. Андан кийин түрк лицейине тапшырганда мектепте окуучулардын эң алды болсом, мыктыларды тандаганда алардын эң акыркысы болуп калгам. Ошондо көпчүлүктүн артында болуп калганыма аябай намыстангам. Башка балдардын деңгээлине жетип, алардын катарына туруу максатында китеп менен достошком. Ошол алп жазуучулардан алган кеңештерим, алар менен китеп аркылуу сүйлөшкөнүм алдыңкы окуучулардын катарына кошуп, кээ бирлеринен алдыга озуп чыгууга өбөлгө түзгөн.

— «Сабат» кыргыз китеп борборунун түптөлүшү тууралуу кененирээк маалымат берип өтсөңүз.

— Алгач бул ишке келгенге чейин маркетолог болчумун. Негизинен Батышта же өнүккөн өлкөлөрдө өзүн өзү сыйлаган маркетолог рынокту изилдейт. Мен да алар сыяктуу рынокту изилдеп баштагам. Ошону изилдеп жүрүп, китеп дүйнөсүнө кезиккем. Ошол учурда Бишкекте 72 орусча китеп саткан дүкөн бар экен. Ал эми кыргызча китеп саткан жалгыз «Нускадан» башка китеп дүкөнүн тапкан жокмун. Бул мени аябай ойлондурду. Ошол тапта А.Македонский тууралуу бир китеп окуп аткам. Ошондо Македонскийдин өзүнүн Герасим деген кол башчысына: «Эй, Герасим уккун! Эгер сен бир улутту куралсыз багындыргың келсе, анда анын маданиятын тартып алып, өз маданиятыңды кийирип кой», — дейт. Ал эми тил — бул маданияттын өзөгү. Демек, биз өзүбүздүн тилибизди бирөөлөргө тарттырып жатыптырбыз деген ойдо болдум. Эки кыргыздын башы бириккен жерде орусча сүйлөгөндөрдү көрүп, намыстанып жүрдүм. Ошондо «Бийиктик» басмаканасына барып өз ишимди баштадым. Ошол күндөн баштап ушул иштемин.

— Алгач бул ишти баштоодо кыйынчылыктар болбой койбосо керек. Кандай жолдорду басып өттүңүз?

— Албетте. Эгерде баскан жолуң даңгыр жол болсо, ал жол эч кандай ийгиликке алып келбейт дейт. Ошондон улам мен өз жолумда кыйынчылыктар болоорун күткөм. Алгач ошол кыйынчылыктарга өзүмдү даярдаганга аракет кылгам. Эң алгач Ч.Айтматовдун акыркы «Тоолор кулаганда» деген чыгармасын «Дордойду» кыдырып сатып баштагам. Ошол күнү 20 китепти алып, ушуну сатып бүтмөйүнчө үйгө барбайм дегем. Биринчи «Ош» базарын кыдырдым. Китеп өтпөйт. Ошентип жүрүп 17 китепти түнкү саат 12ге чейин сатып бүтүрдүм. Анан Совет көчөсү менен ылдый-өйдө басып жүрүп, акыркы 2 китепти сатып үйгө келгем. Эртеси күнү бул нерсе колдон келет экен деп, 40 китепти 2 саатта сатып үйгө келдим. Ошол 60 китепти сатып бүткөнчө элдерден сурамжылоо жүргүздүм. Арасында 20 жылдан бери китеп окубагандар бар экен. Көрсө китеп окугусу келген адамдар бар, бирок, жеткирип бергендер жок экен. Бизде китеп чыгаруу жакшы өнүккөн. Ошол китептер элге жетпей, эл китепке жетпей, айтор, ортодо жол жок экен. Демек, ошол жолду курса болот экен деген максат менен аны түптөө үчүн китеп чөйрөсүндө иштеп калгам.

— Учурунда ушул китеп сатып кантип жан багууга болот деген дагы адамдар болсо керек?

— Албетте андай учурлар болбой койбойт. Мен «Дордойду» кыдырып жүргөндө айрым элдер: «Байкуш, китеп сатып калыптыр», — дешчү. Бирок мени алар анчалык намыстандырган эмес. Ошол жердеги соода кылган адамдардын китепке болгон суроо-талабы мага дем берип турчу.

— Азыркы учурда мындан 6-7 жыл мурдагыга караганда китеп окууга дилгирленип калган жаштардын саны арбып баратат. Бул пикирге кошулсаңыз керек?

— Негизинен бул иш өтө чоң эмгек деп айтсам жаңылышпайм. Мындан 5-6 жыл мурун улуу муундун жаштар китеп окубайт, илимге умтулбайт дегендей бир пикир бар эле. Ж.Руссонун жакшы сөзү бар: «Баланы тарбиялабай эле кой, аны тарбиялап эмне кыласың. Андан көрө өзүңдү тарбияла. Бала барыбир сага окшош болот», — деген. Ошондуктан жаштарды окутуу үчүн өзүбүз үлгү болушубуз керек. Үлгү боло турган адамдарыбызды ачыкка чыгарышыбыз керек.

— Кыргызча китептерди өлкөнүн аймактарына жеткирүү кандай жолго коюлган?

— Мындан үч жыл мурун республиканын аймактарын кыдырып китеп сатканбыз. Аймактарда адамдар менен иштешебиз. Азыр региондор менен иштөө анчалык деле оор эмес. Себеби ар бир айылга каттаган таксилер бар. Алар бизге акчасын салса, сураган китебин биз салып жиберебиз.

— Сиздер китептерди чыгарып, аны элге таратуудан сырткары дагы жасап жаткан иштериңиздер тууралуу айтып өтсөңүз.

— Биз ЖОЖдордо мастер-класстарды өтүп, турмуштук тажрыйбаман бөлүшүп келем. Кээ бир окуу жайлар, мектептер жаштарды китепке кызыктыруу максатында сабактарды өтүүнү суранышат. Алар менен жолугуп, адам өзүн өзү өнүктүрүү үчүн кандай китептерди окуш керек жана кантип окуш керектиги тууралуу пикир алышабыз. Китеп окуган дагы өзүнчө бир өнөр. Колго тийген китептин бардыгын эле окуй бербеш керек. Түшүнбөй окуган китеп, ашказанда аш болбой калган тамак менен барабар, — деп айтылат. Эгер сиңбей калган тамак болсо, анын бизге эч кандай пайдасы жок. Китеп дагы ошондой. Китепти окуганда жеңилинен башташ керек. Алгач жомоктор, аңгемелер, повесттер, анан романдарды окуш керек. Айрым жаштарга жомок окугула десем, алар күлүшөт. Анын эч кандай уяты жок. Жомок сөз байлыкты арттырат, аң-сезимди, ой жүгүртүүнү кеңейтет, мээ булчуңдары чыңалат. Жомок, аңгеме окубагандар чоң чыгармаларды түшүнө албайт.

— Учурда коомдо, өзгөчө жаштар арасында кандай китептерге суроо-талап жогору болуп жатат?

— Жаштар арасында ар кыл багытта. Айрымдары деңгээлине жараша, айрымдары чөйрөсүнө жараша алат. Бир багытта, бир өңүттө китеп жок. Табити тарткан китепти алып окушат. Учурда жаштар сөз байлыгын арттыруу үчүн улуу инсандардын айткан сөздөрүн жана макал-лакаптарды алышат. Андан сырткары эң жакшысы, азыркы жаш калемгерлердин чыгарган китептерине, поэзия жагына суроо-талап жакшы болуп жатат. Өкүнүчтүүсү кара сөз жааты бизде аксап турат.

— Бүгүнкү күндө бардыгыбыз эле окуу, иш менен алектенип, китеп окуганга келгенде «убактыбыз жок» деген шылтоону айтабыз. Убакыт акча сымал, эгер туура бөлүштүрсөң бардыгына жетет деп айтылат. Биз китеп окуганга убакытты кантип бөлүштүрсөк болот?

Эгер биз убактыбызды иреттүү толтура алсак, бардыгына убактыбыз жетет. Алгач бир тууган, ата-энелерибизге убакыт бөлүүдөн кийинки экинчи орунда өзүбүздү өзүбүз өнүктүрүү болуп саналат. Өзүбүздү өнүктүргөдөн кийин анан жашообузду башка майда-барат нерселер менен толтурсак болот экен. Жашообуз жык-жыйма толуп, убактыбыз эч нерсеге жетпей турган учурда дагы, майда-барат ырахаттарга өзүбүздүн убактыбыз толуп турат.

— Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!

Каныкей Бозгунова, “Марал ФМ”, 08.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий