«Манастын» Чоң казат бөлүмү туурасындагы кызыктуу жети факты

«Манасты» Чоң казатсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал ар бир вариантында сөзсүз кездеше турган окуя, ансыз ал эпос болбой калат. Мындай пикирди манасчылар, окумуштуулар журту айтып, деп келет. Бул сапар эпостун ушул бөлүгү туурасында жети фактыны окурмандарга тартуулоону максат кылдык.

Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, манас таануучу Аскар Медетов жана манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев жардамчы болду.

Чоң казат — эпостогу негизги өзөктүү окуялардын бири. Бул кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод эпостогу кульминациялык чек болуп саналат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат» делет. Бул бөлүм «Көкөтөйдүн ашынан» чоңдук кылат.

Негизги каармандар — Манас, Алмамбет, Бакай жана Чубак менен Сыргак баш болгон кырк чоро. Аялдардан акылдуу зайыптар — Каныкей, Арууке, терс каармандар — Коңурбай, Жолой, Нескара.

Окуя Жети хандын чатагынан башталат. Ал бир нече окуялардан турат — Жети кандын чатагы, Бээжинге аттанууга даярдык, Колдун аттанганы, Каныкейдин сарамжалы, Алмамбеттин колго кан шайланышы, Жол азабы, Уркундан кечип өтүү, Колдун эсебин алуу, Чубактын чыры, Макел дөө, Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге киргени, Жылкы тийүү, Куугун, Сыргактын кошуунга кабар бергени, Көл-Кечүүдөгү кармаш, Чоң согуш, Кытайлар жеңилип, эки эл жарашканы, Кичи казат, Семетейдин төрөлүшү деген бөлүмдөрдөн турат.

Тарыхый доор менен байланышы. «Чоң казаттагы» Бээжинге болгон жүрүш IX кылымдагы кыргыздардын уйгур каганатынын жеңгенин эске салат. Окумуштуулар Бернштам, Абрамзондор Манастагы согуштук учурларды тарыхый окуяларга салыштырып изилдешкен. Ал эмгектерден кийин жогорудагыдай жыйынтык чыккан.

«Улук кишим сен болсоң, Унуткан кишиң мен болсом». Элди чогултуп, Алмамбет колдун эсебин сураса кошуун түгөл чыгып, Манастын өз кошуунундагы он башы Тазбаймат тогуз адамын алдына салып, өзү онунчу болуп чубатуудан өттү. Онунчу кишиң кайда?— десе, Баймат Кадоонун боюндагы элди эсептегенде ушул тогузу колума тийген, ошондон бери өзүм менен он экенмин деп келе жатам, башканы билбейм — дейт. Алмамбет кол башчылык кылып чыгарган эрежесине таянып, Байматтын башын алганга буйрук берди. Анда кырк чоронун бири Серек ордунан тура калып, «токтой тургулачы, Манастын он башчысы ким экен, тизмени карап көргүлөчү» дейт. Текшерип көрүшсө, Тазбаймат жоготуп таппай жаткан анын онунчу кишиси Манас экен.

Анда Манас кеп айтат:

Уруп кеткен Тазбаймат,
Улук кишим сен болсоң,
Унуткан кишиң мен болсом,
Ушу жорук саа чала.

Он башы ойрон сен болсоң,
Оюңда жогуң мен болсом.

…Баатыр Манас болкулдап,
Башкача күлдү солкулдап.

Ал жерде турган бүт баары бул окуяга боору калбай каткырат. Ошондон бери бул сөз ылакапка айланып, азыр «Бая, манасты унуткандай» деп колдонулуп келет.

Кичи казат — өзгөчө трагедиялуу окуя. Бул эпостун корутунду бөлүмү. Бөлүм Манастын жакын жолдоштору ажал таап, өзү жарадар болуп элине келип, өлгөнүн баяндаган окуяларды камтыйт. Бөлүм белгилүү манасчылардын көпчүлүгүндө «Кичи казат» делет, элде да ушундай ат менен белгилүү. Айрым манасчылардын варианттарында «Кичи чабуул», «Кан казат» деп аталат.

20-30 миң сап. Чоң Казаттын Саякбай Каралаевдин вариантында кеңири баяндалган. Болжол менен алганда бул окуялардын көлөмү 30 миң сапка чукулдап барат. Чоң казат Шота Руствелинин «Жолборс терсин жамынган баатыр» поэмасынан болжол менен төрт эсе чоңдук кылат.

Чоң Казат Манастын жарадар болушу менен аяктайт. Баткактуу кара суунун боюна токтоп, колдун эсебин алып, өргүү болушуп, эртеси эртең менен Манас тайынып жатканда аңдып келген Коңурбай найза менен кыр аркага сайып, жарадар кылат. Кароолдо туруп уктап калган Ажыбай Коңурбайды качканда көрүп, артынан жетип, найза сайып жарадар кылат, бирок аты күлүк Коңурбай жеткирбей кутулуп кетет. Манаска сайылган найзаны Ажыбай түз тарта албай, болоттун учу сынып, аркада калып калат. Сыргакты баш кылып өлгөн баатырлардын сөөгүн Көк-Булуңга коюп, Алмамбеттин сөөгүн кытайлардан тартып алып, элге жеткирсин деп Саралага жүктөп коё берет. Оорусу катуулап атка жүрө албай калган Манасты арча табытка салып атка жүктөп, катуу жүрүп элге жетишет. Ошентип, Чоң казат Манастын таянар тоосу болгон Алмамбеттин, чоролорунун көбүнүн курман болушу менен аяктайт.

Sputnik Кыргызстан, 30.11.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий