Кыргыз «Алиппелеринин» мазмундук-тематикалык эволюциясы тууралуу

И.Арабаевдин «Алиппе жаки төтө окуу китеби» аттуу китебинин
жарыкка чыгышынын 105 жылдыгына карата

Мектептин милдети баланын сабатын ачып билим берүү менен гана чектелбейт, чөйрөнү, дүйнөнү таанытып, тарбия берүү сыяктуу кенен максаттуу, келечектүү иш-аракеттерди өзүнө камтып турганы, ал милдеттер окуу китептер аркылуу жүзөгө ашары белгилүү. Андай окуу китептердин төл башында албетте, «Алиппе» китеби турмакчы. Мисал катары, сөзүбүз кургак болбосун үчүн, 1924-жылы жарык көргөн И.Арабаевдин алгачкы «Кыргыз Алиппесинен» тартып чыгып келген бардык «Алиппе» окуу китептеринин мазмунуна, тематикасына тарбия-таалим берүү философиясына, анын өнүгүү, калыптануу эволюциясына сереп салалы .

И.Арабаевдин 1924-жылы Ташкент шаарынан чыккан «Кыргыз алиппеси», өзүнөн кийинки алиппелердин улутту таанытуучу мазмуну, материалдарынын бай тематикасы менен өзгөчө айырмаланат (бул тууралуу 1-макалада кеңири сөз болуп өттү).

Ал эми И.Арабаевдин, Х. Карасаев менен бирдикте 1927-жылы чыгарылган «Жаңылык» аттуу алиппе китеби алгачкы «Алиппеден» түзүлүшү жана мазмуну боюнча анчалык айырмаланбайт. Болгон айрымасы – бул китептин алгач ирет латын ариби менен гана чыккандыгы болгон.

1929-жылы С.Курманов, С.Наматов жана И.Арабаевдердин аты менен «Биздин мектеп» аттуу жаңы «Алиппе» китеби жарык көргөн. Бул китеп И.Арабаевдин «улутчул, динчил» деп куугунтуктала баштаган жылдары чыкканы белгилүү. Ошондуктан, бул китепте И.Арабаевдин аты-жөнү гана кошулуп жазылганы болбосо, ал түзгөн принцип түп-тамырынан тарта өзгөрөт да, орус мектептеринин «Букварь» тибиндеги китептин түзүлүш принциби кармалып жазылган, т.а. сөздөргө муундук-тыбыштык анализ берүү ыкмасы бекем кармалган дагы, окуу материалдары учур талабына, өлкөнүн социалдык шартына, т.а. кулактар менен күрөшүүгө, сабатсыздыкты жоюуга, мектеп балдарын социалисттик коомдун талаптарына ылайык турмуш-тиричилик жактан жана эмгекке тарбиялоо багыты эске алынат. Муну андагы материалдардын тематикасы айтып турат.

Мисалы: Атам арык орду, эжем буудай кууруду, мектебибиз жылуу, тегирмен, келгин куштар жөнүндө, Өмүр мектепке киргенде бутун сүртөт деген… ж.б. сөздөр жана сүйлөмдөр кыргыз турмушунда болуп бараткан жаңы өзгөрүштөрдү баяндап отурат.

Тактап айтканда, мындан элибиздин дыйканчылык турмушунун эпизоддору, эмгек маданияты, эмгек шарты кандай экендигин аталар орокту кол менен оро турганы, кырманды темин менен басары, комбайндын кыргыз элине келе электиги, тегирменге ун тартып нан жасап жешери, т.а. тоолуктардын жашоо-тиричилигин тааныштырган мисалдар менен арбын.

Баланын өз боюн тыкан, таза алып жүрүүгө ылайык күндөлүк режим да берилген. Мындан баланы режимге карата калыптандыруу аракети көрүлгөнү кызыгууну туудурат. Мисалы анда: «Өмүр 4 саат окуйт, 6 саат оокат кылат, ойнойт, 4 саат тамак ичкенге кетет, 10 саат уктайт» деген режим менен бир баланын үлгүсүндө башка балдарга тарбия берүүгө аракет көрүлгөн.

Аталган «Биздин мектеп» аттуу «Алиппе» китеби өзгөрүп эки жылдан соң, 1931-жылы С.Наматовдун авторлугу менен «Кичинекей колхозчу» аттуу аталыш менен жаңы «Алиппе» китеби басылып чыккан.

Бул китептин материалдары мурункудан төмөндөгү багыттары менен кескин айрымалангандыгын байкоо кыйынга турбайт.

1) Китепте учурдун саясий-коомдук турмушундагы өзгөрүүлөр: буга жараша тентек балдарга саясий тарбия берүүнүн кириши. Мисалы: Кызыл бурч, Лениндин жолун улантуучу-Сталин, Лениндин осуяты, Пионердик галстук, барабан уруу, сурнай тартуу. Орок-балка …ж.б.

Ушул китептен улам «Алиппе» китебинин саясий тарбиянын куралына айланганы, кийинки бардык «Алиппе» китептеринде ал негизги багыт катары карманганын байкоого болот.

2) Айыл-чарбадагы өзгөрүүлөр: алгач ирет айыл, шаар жерлерине техниканын келиши, бирикме чарбалардын уюштурулушу жана башкаларга байланыштуу, балдардын айыл чарбабыздын учурдагы абалы менен кабардар кылууга көңүл бөүнгөн.

Мисалы: Беш жылдык план, автомобилге түштүк, бирикме чарба жана жекече чарбалар, алардын айрымачылыктары, кызыл кампа, жумушчу кооперативдер… аттуу темалардагы материалдар сөзсүз түрдө өлкөдөгү ири саясий-чарбалык өзгөрүүлөрдөн кабар берет.

3) Ошентсе да, кыргыздардын учурдагы күндөлүк турмуш-тиричилигин чагылдырган «Төө менен чөл» сыяктуу темадагы материалдар бар. Мунун өзу айыл жерлерине алиге техниканын келе элек кезиндеги кыргыздардын эмгек маданиятын чагылтат.

Кийинки, 1934-жылы чыгып, 1939-жылга чейин колдонулуп келген Б. Жунушалиевдин (т.а. Б.М. Юнисалиевдин) «Алиппе» китеби кыргыз турмушундагы кийинки бир катар өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды чагылдырып турат.

Атап айтканда:

1) Эл турмушунда санитардык тазалык айрыкча маани берилип, элдин маданиятын көтөрүү, ден соолукка кам көрүү идеяларын балдардын тарбия-таалимине тыкыс киргизилиши таасир этет.

Мисалы, буга: Самандын пайдасы, самындап жуунуунун зарылдыгы, чымындын зыяндуулугу, окуу куралдарды сумкага таза сактоо ж.б. материалдар далил.

2) Элдин социалдык турмушундагы көтөрүлүүлөрдү, шаарлардын, айылдардын инфраструктураларынын өсүшүнүн чагылдырылуусу, жаңы турмушту даңазалоонун күчтүүлүгү. Жаңы терминдер, анын мааниси, түптүз түшкөн көчөлөр, айыл-шаарларды бак тигип көрктөндүрүү, колхоздун туулушу, айылга сүт машиналардын келиши, эл турмушунун оңолуп келатканын пропагандалоо, пахтаны таза терүү… сыяктуу темадагы материалдар буга мисал болот.

3) Мындан сырткары, балдардын окуу жазуу ишмердигин чагылдырган жазуу, баарыдан да бат жазуу–сыяктуу педагогикалык категориялардын кириши ошол кездеги мектептерде баланы окутуу жана жазуу ишмердүүлүгүнө көңүл жакшы эле бурула баштаганын билгизип турат. Буга басым коюп айтып отургандыгыбыз – баланын жазууга үйрөнүүсү гана эмес, бат жазуу ишмердүүлүгүн көтөрүү идеясы бүгүнкү күндө да анча маани берилбей келатканы көңүлдү орутат.

4) Ошондой эле балдардын саясий-патриоттук тарбиясын көтөрөр – «Ленин деп жазабыз, Сталин – деп жазабыз» тибиндеги темалар да өз учурундагы өзгөчө актуалдуулугун билгизип турганы менен күчтүү. Дагы бир көңүл сала турган нерсе, Б. Жунушалиевдин ушул китебинен кийинки бардык «Алиппе» тибиндеги китептер «Алиппе» аталышын бекем сактаган.

Ал эми 1939-жылы чыккан С.Каримов менен Актановдун «Алиппе» китеби мурункудан да мазмундук жактан кыйла өркүндөтүлгөн. Атап айтканда, бул китепте балдардын билим алуусун өркүндөтүүсүн стимулдоо максатындагы отличник жана ударник окучу, жалкоолуктун зыяны; техниканын адам турмушуна жана эмгегине активдүү аралаша баштаганын чагылдырган, жерди трактор менен айдоо паравоздун келиши, завод, фабрикалардын курулушу, дирижавль, аэроплан–деген түшүнүктөрдүн лексикага кириши; жаңы, бийик кабаттуу үйлөрдүн жана мектептердин салынышы; балдарды мал чарбачылыгы туурасындагы түшүнүктөрүн жана ага жардам берүүсүн арттыруу максатындагы: кулун багуу, уй, кой багуунун, төөлөрдү өстүрүүнүн пайдасы туурасында материалдар негизги орунду элейт.

Эскерте кетчү нерсе: ушул «Алиппе» менен китептерибиздин латын графикасында чыгышы токтогон. Анткени кийинки жылдан тартып, т.а. 1940-жылдан 1-сентябрынан тартып орус графикасына өтүү башталат да, Н.Абрамовдун «Жаңы алиппе» китеби жарык көрүп, мектептерге окууга киргизилген.

Мына ошол Н.Абрамовдун «Жаңы алиппеси» жөнүндө эки ооз сөз айталы. Ошол кезде өлкөбүздө социализмдин курулушун тереңдетүү, элди анын курулушуна кенен тартуу, аялдардын эркин эмгегине басым жасап, өндүрүштүн баардык тармактарында Стахановчулук кыймылдын күчтүү таасири, суу чарбасын өнүктүрүү, мектепке балдарды калтырбай тартуу, өлкөнү аскердик жактан коргоону өркүндөтүү маселелери күчүү болгону байкалат. Мына ушунун баары бул «Жаңы алиппеде» дээрлик чагылдырылган десек жаңылышпайбыз. Бул айтылгандар: «Жумушту нормадан ашыра… түшүмү да жакшы болду, ударниктер үчүн да үй салынды, Стахановчулардын түшүмү жакшы болду, жаңы мектепке окуучулар бүт тартылды, Артелдин мүчөлөрү, Аялдар социалисттик курулушка катышып жатат, дыйкандар кашык сууга зар эле, азыр чоң канал салынды, тоолор аскер ишине да пайдаланылат – деген окуу тексттерде көрүнүп турат.

Ушул идеялар бир аз өркүндөтүлүп, китептин автордук составына Т. Актанов кирүү менен, аталган китеп «Алиппе» аталышында 1941-жылы кайра чыгып, 1954-жылга чейин, дээрлик 14 жыл бою окулуп келген. Ал 1954-жылы И. Жаңыбаев менен Н.Кангелдиевдин «Алиппеси» менен алмашкан. Мында да доордун өктөм талаптары, учурдун ураандары камтылган: «Москва биздин родинабыздын борбору. Биздин родинабыз СССР, Ленин, Сталин, Комсомолдун съезди, саясий майрамдар, пионерлер чарбага жардам беришет» сыяктуу саясий тарбия идеялары; «жаңы үлгүдөгү автомобилдер, дан–өлкөгө, станоктордо кыргыздардын иштеши туурасындагы» окуу текстери; «тоодогу жаңы мектеп, таза класс» дегендей айыл жерлериндеги маданий өнүгүүлөр жөнүндөгү материалдар камтылган. Мындан, буга чейинки «Алиппелердеги» окуу текстерине караганда СССР деген зор мамлекетти, анын курамындагы Кыргызстандын коомдук, социалдык, маданий өнүгүшүнүн жана саясий абалынын деңгээлин баамдап билсек болот.

Ошентсе дагы ошол «Алиппе» китептеринде улуттук тилди, улуттук маданияттын айырмачылыгын таанытаар. Мисалы: Манас, Ала-Тоо ак калпак, элечек, шөкүлө… ж.б. сыяктуу бир дагы сөздүн, сүйлөмдүн жоктугу, элдик майрамдарды, салт-санааны билдирер материалдар, элдик жомоктор, эпостордон үзүндүлөр берилбегендиги, элдик тарбия идеялары чагылдырылбагандыгы таң калтырбай койбойт. Демек, баары Москванын үлгүсүндө жазылып, улуу империянын идеяларын улуттун элдерге, анын ичинде, кыргыздарга жеткирүүнүн эң алгачкы үлгүсү–дал ушул «Алиппе» китептери болгонун билдирет.

1961-жылдан 1970-жылдарга чейин чыгып келген С.Турусбеков менен Б. Рысбековалар түзгөн «Алиппе» өз учурунда зор өзгөрүүлөрдү: СССРдеги илимий-техникалык жаңылыктарды, зор империянын ураандарын, партиянын съездери туурасындагы маалыматтарды камтыйт. Алар, албетте, космоско Ю.Гагариндин учушу, СССР – тынчтыктын тиреги, Цирк, Ракета, самолёт, Ысык-Көдөгү биринчи пороход, айылдагы биринчи клубдар, балдардын мектептеги өзү-өзү тарбиялоосу, коомдук уюмдар, канаттуулар чарбасы ж. б. тематикадагы материалдар менен камтылган.

Мына ушул тематикалар 1971-жылдан 1993-жылы чыккан Б. Рысбекова менен К.Сартбаевдин «Алиппе» китебинин да негизги өзөгүн түзөт, т.а. «Алиппенин» негизги тематикасы бекемделип, анын негизги үлгүсү катары калыптанып, дээрлик 22 жыл бою окулуп келгенине күбө болобуз.

Андан соң, т.а. 1992- жылдагы Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүн алышы окуу китептерди, анын ичинде «Алиппе» окуу китептерин түзүүдөгү улуттук идеяларды киргизүү жергиликтүү материалдар менен байытуу демилгелери көрүлө баштады. Мунун бул мисалы катары 1996-жылы жарык көргөн З. Маразыкова, А. Абдыразаковалардын түзгөн «Алиппе» китебиндеги алгачкы аракеттерди айтсак болот.

С.Рысбаев, КББАнын
Мамлекеттик тил лабораториясынын башчысы,
п.и.д., профессор

Соц тармактар:

Добавить комментарий