Темир комуз

«Темир комуз» деген музыкалык аспабыбыз тээ байыркы доорлордо эле пайда болгон. Албетте, темир комуздун алгачкы түрү жыгачтан жасалгандыгы талашсыз. Анын далили катары «жыгач ооз комуз» деген музыкалык аспабыбыз бүгүн да сахналарда ойнолуп, Кыргыз радиосунун «Алтын корунда» Шакин Жоробекованын аткаруусундагы көптөгөн салттуу күүлөр сакталып турат.

Темир комузду жыгач ооз комуздун өркүндөтүлгөн түрү катары карасак болот. Себеби жыгач ооз комуздун алкагы жана тили болгон сыяктуу, темир комуз деле алкак жана тил бөлүкчөсүнөн турат. Экөө тең ооз көңдөйүнүн жана тилдин жардамы менен музыкалык обондуулукту ишке ашырат. Бир гана айырмасы — жыгач ооз комуз жалаң гана серпилгич жыгачтан жасалып, тилине бекитилген жипти тарткылап ойносо, темир комуздун тилинин учу алкагынан 3 сантиметрден ашык жасалган бөлүгү сөөмөй манжа менен илип тартып ойногонго ылайык кайрылып коюлат. Жыгач ооз комузду эриндерге кыстарып алып ойносо, темир комуздун алкагынын уч жагы астынкы жана үстүнкү тиштерге такап ойнолот. Экөөнүн тең диапазону негизинен бир октавага чак келет.

Темир комузда сакталган музыкалык чыгарманын алгачкысы «Карача торгой» деп аталат. Себеби б. з. 453-жылы тарыхтагы Европанын императору Аттила кайтыш болордо өзүнүн тууганы жана баш вазири Төлөк баатырды чакырып алып: «өсөр элдин башчысы бир, баатыры миң болот. Эгер эки башчы чыкса, эл бузулат. Муну унутпа!» — деген керээз сөзүн айткан экен. Аттиланын керээзи боюнча Париждин жанындагы Ош шаарынан элди кайра көчүрүп жөнөгөн Төлөк баатыр Балкан тоолоруна келгенде жолдон адашат. Жол таппай калганына сар-санаа болгон апаларыбыз темир комузга: «Карача торгой эл кайда, Эдил кайда, суу кайда?» — деген эки сап ыры менен коштолгон күү чыгарышат. Ал күү азыр да сахналарда ойнолуп, 1950-жылдардагы Карачинова, Саргөбөнова деген апаларыбыздын аткаруусунда Кыргыз радиосунун «Алтын корунда» сакталып турат. Себеби, тарых даректери билдиргендей, ал заманда кыргыздардын (гундардын) турактуу отуругу Аз (Азов) деңизинин түндүк тарабы, Эдил (азыркы Волга) жана Дон (бизче — «Тун») дарыяларынын төмөнкү алабы (жээги) чендерде болгон экен.

Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан Токтогуловдун аткаруусунда атасы Токтогулдун вариантындагы Кыргыз радиосунун «Алтын коруна» тапшырылган дал эле ошол күү: «Каракаш торгой эл кайда, Эдил кайда, суу кайда, Элге жетер күн кайда?» -деген ыр саптары менен коштолгон. Демек, байыркы «Карача торгой» деген аталыш кийинки заманда «Каракаш торгой» деген калыбына келген.

Эл оозунда сакталып калган ошол ыр саптарын жалганга чыгаруу маңкурттун гана колунан келер. Себеби тарых даректеринде сакталган маалыматтар боюнча б. з. 150-жылдарында Орто Азияда башталган Улуу Кургакчылыктан качып, Батышка барган гундар (алар менен кошо кыргыздар) 468-жылы Батыш калктарынын бирдиктүү чапкынынан сүрүлүп, Азияга кайтканга чейин, 300 жыл чамасы ошол тарапта турган. Демек, «Карача торгой» деген күү ошол заманда жаралган.

Ошондой миңдеген жылдар мурда жаралган үчүн темир комуз аспабы бүт дүйнө элдерине таралганын көптөгөн дүйнөлүк фестивалдарга катышып жүрүп көрдүм. Анын дагы бир далили 1990-жылдарда темир комуз аспабы боюнча Якутияда өткөрүлгөн дүйнөлүк конкурста көптөгөн элдердин темир комузчуларынын өкүлдөрү катышканын айтсак болот. Ал конкурста баш байгени Кыргызстандан барган темир комузчу Шакин Жоробекова жеңип алган экен. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу тарабынан: «Темир комуз аспабынын анык ээси кыргыздар экен. Себеби салттуу чыгармалар жана обондуулук кыргыз темир комузунда гана сакталыптыр», — деген жыйынтыгын жарыя кылуусу бекеринен эмес экендигин түшүнсөк болот.

Арийне, бөлөк элдердин темир комузда ойнолгон салттуу күүлөрү жок экен. Алардын темир комузу музыкалык бир ойду чагылдырган чыгарманы камтыбастан, жөн эле ыргактар менен же кандайдыр музыкалык чыгармага шөкөт катары үн чыгарып коюу менен чектелет экен.

Ал эми бизде болсо ондогон салттуу күүлөрүбүз менен катар көптөгөн жаңы чыгармалар жаралды. Темир комуз өнөрчүлүгүн аркалаган Адамкалый Байбатыров, Токтосун Тыныбеков сыяктуу улуу инсандарыбыздын мурастары сакталуу турат. Бирок өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, окуу жайларында тийиштүү деңгээлде окутулбай, темир комуз аспабына кызыгуучулардын деми сууй баштады. Бүгүнкү күндө Карачинова апабыздын же Токтосун Тыныбековдун таңдай аркылуу ышкырык менен коштолгон темир комуз күүлөрүн дал өзүндөй машына келтирип ойногон эч ким жок. Темир комуз өнөрчүлүгүн өмүр бою аркалаган Сүйдүм Төлөковага быйыл 85 жашка чыкканда араң «Эмгек сиңирген артист» наамы берилди. Дүйнөлүк биринчиликти утуп келген Шакин Жоробековага 10 жыл бою көңүл бурулбай, акыры өзү 2008-жылы өткөрүлгөн маданият ишмерлеринин майрамында «Эл артисти» наамын сурагандыгы үчүн мамлекеттик катчы баштаган Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү шылдыңдап каткырганын телеберүүдөн бүт кыргыз эли көрдү. Спорт боюнча дүйнөнүн бир байгесин утуп келген чемпионго квартира жана акчалай сыйлык берип жаткан биздин башчыларыбыздын рух дүйнөсүнүн биринчилигин утуп келген адамга берген сыйы ушул болду.

Эгер эл башчыларынын рух дүйнөсү бай болсо, жогорудагы баа жеткис чеберлерге атайын айлык чегерип, алардын тиши түшүп, темир комузду ойной албай калганга чейин, ал ыйык өнөрдү кийинки муунга өткөргүдөй шарт түзүп коюшу керек эле. Демек, бийлик башына рух дүйнөсү бай адамдар келмейинче, жогорудагыдай чеберлерибиздин көзү өтүп, кыргыз калкынын рух дүйнөсү мокоп жана жакырланып, акыры кара күчкө жана байлык-бийликке сыйынган жандыкка айланарыбыз бышык.

Нурак Абдырахман уулу,
Кыргыз Республикасынын Эл артисти,
“Шоокум”, 01.05.2011

Соц тармактар:

Добавить комментарий