Дүйшеке Дөкөнбаев. “Жаза”

(повесть)

Иттин ээси болсо бөрүнүн Теңири бар.
(Ылакап)

Тэ, мөңгү баскан аскалуу чокулардан төмөндөп кыяктын бүктөмдөрүндөй салаа-салаа болуп өз өзүнчө бөлүнүп кеткен эсепсиз кырлардын бири төө мойнундай созулуп отуруп түзөңдөгү таш короого келип такалат. Жар. Жондун үстү төө куйрукка басылып жатканы менен апай төш капталын чий аралашкан караган чер ээлеп мал кирип кетсе оңой менен көзгө урунбай жыш. Карагай, кайың тал сейрек, канча кылган менен сырт өрөөнү эмеспи. Корум таштарды айланып жыбылжыган майда булактар агат, төмөн карай. Ар кайсы колот-коктулардан агып түшкөн майда суулардын аяк учтары кошулуп отуруп акырында мындан анча алыс эмес тумшукту айланып барып терең капчыгайдагы чоң сууга барып куят. Маалы келгенде тай агызган атайы эле ири өзөн. Жакага кеткен жол да тиги эле Орто-Белге чейин ушул өзөндү бойлоп отурат, бирде жар боорлоп бийиктеп, кайра таманга түшүп ийрелеңдеп.

Бул таш короону да ылайыгына жараша жер тандап салышса керек, учурунда. Бир тарабын бийик жар тосуп, кышкы шамал-добулдан далдоо, мал кармаганга да ыңгайлуу, туш-туш жагы аңырайбай. Жарым тегерек таш дубалдын оозуна кашаа кармап бекитип койсо болду, ичке камалган мал эзели чыгалбайт, ит куш да оңой олтоң кирип келалбайт. Бекем короо баарынан да мал ээсине табылбаган жай эмеспи. Мындан ары түзөң, чыгыштан батыш тарапка суналып жаткан кенен өрөөн. Илгери союз учурунда чарбалардын жер жайнаган малы келип, жайы кышы дебей ушул аймакты баштан аяк ээлеп жатчу. Буга окшогон таш короолор ар кайсы кокту колоттордо азыр деле бар. Чарба чарба, чабан чабан болуп бөлүнүп турган а кезде жайыттардын да, мынабу окшогон короо жайлардын да ээлеген кожоюну ошо колхоз совхоздо иштешкен малчылар болуша турган. Төрт түлүк мал күн түн дебей дүпүрөп, аларга баш көз болгон адамдар жайкысын кымызга, кышкысын күчтүү ачыган бозого карк тоюп алып күжүлдөп жер сууга батпай жүрүшчү эле, эми анын баары жакшы көргөн түштөй эсте гана калбадыбы. Заман өзгөрүп, чарбалар тарап алардын карамагындагы жер да, ага окшогон ортодогу кыймылсыз мүлк да үлүш-үлүш болуп бөлүнүп эми жеке менчикке өткөн. Мурда эске алынып, түшкө кирбеген базар эконмикасы деп аталган жаңы түшүнүк пайда болуп, учурунда чоң кичинеси дебей баарысы жек көргөн капиталистик системанын элементери айыл апага андагы ар бир үйгө жылып кирип, «коомдуку», «ортонуку» деген сөздөр унутулуп эми «меники!» «биздики!» дегенге айлаган. Бул коомдун дагы бир өзгөчөлүгү – ар бир адамга өз алдынча эркиндик берилип, «не кааласаң ошону жаса, болгону мыйзамды бузба!» деп жай жайына койгону экен. Теңдемечил, бир беткей заманда өсүп-өнгөн эл алгачы жаңы түзүлүштүн аки-чүкүсүн түшүнө албай кыйналып кысталды, арыды ачты. Бирок турмуш деген турмуш, анын сабактары канчалык татаал болсо да ага көнбөскө чара жок экен, толкуп чайпалып, кыйналып чайналып жатып акыры ар бири өз багытына баш койду көрүнөт.

Ошентип заман өз нугуна түшүп, элдин жашоо-тиричилиги жогорулаган сайын алардын менчик малдары жылдан жылга арбып, жакадагы чектелүү жайыттарга батпай үч-төрт жылдан бери сырт деп аталган ушул өрөөнгө төрт-беш түтүндөн биригишип үч-төрт короо болуп келе башташкан. Жылыга болбосо да эки-үч жылда бирден короо кошулуп турат. Жылкы, ири мүйүздүү субай малдар өзүнчө. Элеттиктер үчүн бул дагы жакшылыктын жышааны го.

Азыркы оторчулардын бир өзгөчөлүгү өрөөндө калып баштагыдай кыштап калуу деген жок. Койлордун дээрлик баары тубар, анын үстүнө көпчүлүгүнүн балдары мектепте окушат. Жакада жылуу короо жайлары, атайын даярдап алган кышка жетээрлик тоюттары бар. Талаачылык иштери кычап турган жай мезгилинде малдарынын кайсы жайыттарда болсо да ээн эркин багылып, күзүндө аман эсен толугу менен короосуна келип бергени алардын ээлери үчүн абдан манилүү чоң иш да. Анын үстүнө күзүндө бирин эки малын соодалап акча-тыйын кылышат, кыштык согумун даярдашып, башка керектерине жумшашат. Дегинкиси малды ошон үчүн багат эмеспи, айыл жеринде.

Жар түбүндөгү таш короонун дал маңдайындагы жондо топ төө куйруктун далдоосуна жашынып карышкыр жатты, демин ичине алып. Анда санда тумшук көтөрүп ылдый көз жүгүрткөн болот. Кулак мурун кескендей дымырап тынч короо ичи. Четтеги жалгыз ооз үй тараптан да эч кыймыл байкалбайт. Карышкырдын тынчы кетип өзүнчө эле кыйналып жатты – анын желини толуп төшүнөн тартып тиги эле чандырына чейин тирсийген эмчектерин сүт тээп жанын коёрго жер таппай турган. Жүлүнүнөн бери зыркырап, тарамыштары тартылып көздөрүнөн от чачырайт. Кечээтен бери толгон сүт же желинин жарып , же тирсийген эмчектерден атылып чыкпай не кылаар айласын кетирет. Мындай кыйналууну ал мурун билчү да, сезчү да эмес, кайда жүрбөсүн убагында келип сунала жатып бөлтүрүктөрүн эмизип, ага кошуп курсагына сактай келген этин кулгуп берип аларды тойгузчу. Ирденип келаткан күчүктөрүнө мээрими төгүлүп, алардын ойнун ыракаттана карап жатып өзү да магдырап көзү илинип көшүп кетчү. Деги эле эне үчүн мындан артык бакыт барбы?! Ошентип ушул учурга чейин жедеп адатка айланып, көндүм болгон жашоо ыргагы өз иретинен жаңылып-жазбай бир калыпта уланып келаткан. Канча жылдан бери тукум улоо вазийпасын табыйгаттын жазылбаган мыйзамынын негизинде эне катары так жана өз мезгилинде аткаруунун үстүндө эле. Эч бир жан ага тоскоол болчу эмес. Үч-төрт жыл мурун бул өрөөнгө адам баласы каттабай, жапайы жан жаныбарлар ээн эркин жайлап да, кыштап да чыгышчу. Ар биринин өз тиричилиги, өз түйшүгү бар эле да чоң кичинеси дебей кимисинин болсо да көздөгөнү өздөрүнөн кийин тукум калтыруу эле. Ошон үчүн жашоонун бардык сыноолорун баштарынан өткөрүп, алсызы алдуусуна жем болуп жатканына карабай тирүү калгандары белгисиз өжөрлүк менен өмүр жолдорун улантышып келатышкан.

Эне карышкыр да ошолордун бири эле…

Ээн өрөөндүн жандыктары күтпөгөн убакта уу-дуу болуп колго асыраган малдар келип калды күндөрдүн биринде, алар менен кошо адамдар да пайда болушту. Эчки, теке, кулжа, аркар окшогон жапайы кайберендер бийиктеп кетишти. Аларга кошулуп башка жандыктар да жер которушту.

Ой-кырларды салып уруп эркин аралап көнүп калган карышкырга да заматта кең дүйнө тарып, эми баса турган ар бир жолун, бара турган багытын аярлап, өтө этияттык менен талдачу да, тандачу да болду. Антпеске аргасы жок эле. Өткөн күздө ансыз карып алдан кетип калган дөбөтү байкоостон каманга чалдырып алып андан ажырап калган. Ушул сырт өрөөнүндө канча жылдардан бери бирге болуп, канчалаган тукум калтырышты эле, экөө. Дөбөтүнүн чындап эле жоголгонун эне карышкыр кышында, чилде түшүп үйүр башталганда билди. Алибетте, мурун деле анын жанында жүргөнү өзүнө чоң таяныч –жөлөк экенин билип да, туюп да, өзгөчө аң уулагандабы, ымтыраган жаңы туулган бөлтүрүктөрүн багып өстүрүүдөбү түгөйүнүн көмөгүн көп эле көрчү, ушу ээн тоо арасында караан тутканы да, ишенгени да ошо дөбөтү эле. Өзүнүн ички туюмунда эч убакта андан ажырабачудай, жылдын кайсы учру болсо да ар дайым аны менен бирге жүрчүдөй сезчү. Ошентип бул жашоонун күңгөйү да, тескейи да болоору менен иши да жок эле. Көрсө, армансыз дүйнө болбойт тура, эми аны ээрчиген дөбөтү жок. Суук күчүнө кирип чилде башталгандан тартып аны кыйнаган күнүмдүк жашоонун өзү гана билген купуя бир иши болду: кандай дөбөт менен үйүгүшөт? Кимисинен тукум алат? Өз түгөйүндөй татыктуусу барбы? Эне карышкыр адыр кырларды аралап көпкө жүрдү. Жондорго отуруп алып канча улубады. Түгөй издеди. Таап таанышканы менен көңүлү түшүп моюн алышып жалашып – жытташып биротола жанашып кеткен жок. Өз түгөйүнө бири да окшободу, дөбөтүнүн жыты да, кыймыл аракети да жада калса өзүнө болгон мамилеси да башка эле. Ошентип жүрүп мерчемдүү мезгилдин бир далайы өтүп кетти, бошко.

Ал аргасыз жер которду. Салып уруп бел ашып башка өрөөнгө өтүп ал тараптан да түгөй издеди. Чилде аяктап жаз жыты келип калган. Жаратылыш ыроологон өзүнүн ышкысы күчөп кумары артты – мындан ары созууга, дагы бирөөлөрдү тандоо менен алектенүүгө убакыт калбай калган. Туулган бөлтүрүктөрдүн да көздөрүн ачып жарыкчылыкты таанып, бой тартып ирденип анан энесин ээрчип сыртка чыгып өз алдынча тамак табууга аракеттене башташына байланышкан мезгил ченемдери, убак өлчөмдөрү дегендери да бар эле, андан кечиктирүүгө мүмкүн эмес болучу. Булардын баары эне карышкырга белгилүү болсо да өзүнүн ички туюмуна баш ийип, көңүлүнүн тереңиндеги өз түгөйүнүн элесинен арыла албай аргасыздан убакытты өткөрүп жиберди. Бул ирет көптө барып өтө кеч көз жарды. Болгону эки күчүк түштү, муштумдай. Мурунку жылдары беш алтыдан, кээде андан да көп күчүктөчү эле. Арга канча, ушуга да ыраазы. Анпеске башка чарасы барбы ? Эптеп ошо экөөнү чоңойтуп алса болду, карандай суук түшкөнчө.

Дегинкиси, башка жандыктардай эле карышкыр да балдарына өтө кароо, өзгөчө камкор болушат. Күнүгө таза, жаңы эт жеп, кан ичип кубаттуу сүткө желинин толтуруп, ал сүтү аз келгенсип ийинге келээри менен курсагындагы этти жылуу бойдон бөлтүрүктөрүнө кулгуп берет. Өзү ачка калса да балдарын эч убакта тамактан өксүтпөйт, алардын тезирээк өсүп жетшине кылдат көз салып турат.

Бул кезде ал өтө аяр, сак. Кичине эле шек туула калса түн жамынып болсо да күчүктөрүн башка уяга көчүрүп кетет. Өз кара башын, кан жанын аябай караганы да, кайтарганы да бөлтүрүктөрү, анткени эртеңки күнү эле алардын баралына жетип өзү окшоп тукум улап кетишээрин эне карышкыр абдан жакшы билет. Акыл калчап, аң-сезимдин таасири менен болбосо да бул ыйык ишти кан-жанын, болгон дитин жумшап аткарары айдан ачык эле – жаратылыштын жазылбаган мыйзамына баш ийбеске жер жүзүндөгү жашаган жанжаныбарлардын эч биринин акысы жок. Ошондон улам бул жарыкчылыкта жашоо-тиричилик деген эч кынтыксыз уланып келе жатпайбы.

Бирок ал ойлогондой болгон жок, өзүнөн башка да акыл эси тетик, айла амалы артык, бардык тарабынан өзүнөн ашып түшкөн жандык бар экенин ал терең талдап көңүлүнө алган эмес экен, башта. Билбептир. Ошого алдатты, аяган, болгон аракетин жумшап сактаган бөлтүрүктөрүн ошо жандыкка алдырды. Ал – адам эле! Көп жылдардан бери бетме бет келип жолугушпаган тарс этмесинен тартынып, коркуп-үркүп качып көрбөгөн, айоо дегенди билбеген эки аяктуу мерес жандык болучу.

Кичине кезинде жазем басып алып, тик жардан кулап баратып куураган арчага туш келип анын сынган учу кашынын үстүн жара тилип кеткен. Көздүн ээси бар деген чындык болсо керек, дагы жакшы көзү аман, көрүүсү соо бойдон калды. Кашынын жырыгы акырындап бүтүп, аны эмнегедир агала кылдар басып, сол көзү өйдө тартылып бир караганга саал кыйшайып көрүнүчү.

Ошондон улам болсо керек тиги адам ага Көкчекир деп ат коюп алды. Карышкыр адамдын өзүнө ат койгонун кайдан билсин көнгөн тиричилигин улап жүрө берди, күн өткөрүп.

А бу кишинин аты Качы болучу. Элдикиндей көп деле малы жок, онго жетпеген кою, саан уйу менен минген аты эле болгон байлыгы. Айыл өкмөтү болуп иштеген эки ата өтүшкөн агасынын малына өз уй, койлорун кошуп, ага каралашкан болуп сырт ачылгандан бери келип жүрөт, бул жакка. Окуп же үйрөнүп алган эч деле кесиби жок, чабанга жардамчы болуп коюн кайтарышып, кышкысын сакмалына барып жанын бакчу учур-убагында, эгемендик тийгенден бери ал дагы эркиндикке ээ болгон. Кийин сырт тарапка мал көчө баштагандан тартып мергенчиликке өткөн: канча жылдардан бери ээн, ээсиз жаткан алыскы өрөөндө аң деген быкбырдай эле жайнап жатса керек, аларга аңчылык кылганга киши жок болуп. Мергенчиликтин жаккан дагы бир жакшы жагы өзүңдүн эркиндигиң, эч ким сени тигинт, минт деп жумшабайт, кайда жүрөсүң, эмне кылып жатасың бир да бирөөнүн иши жок. Кыдырып, каңгып адыр кырларды каалаганча аралап жүрө бер, өзүңдү өзүң билип. Бир аз көнө түшкөндөн кийин мактанганга да өттү:

— Мергенчинин бир үйү тоо – токой, аң уулап анын кызыгына батып калсаң конуп түнөп жүрө бересиң, ой кырларда. Түн кирип кетсе ээрди жазданып, тердик менен көрпөчөнү астыга жая салып кериле жатып уйку кандырсаң не деген рахат аласың. Ой-боой, аралап бастырган жердин кооздугу, алардагы жанжаныбарлар, кайберендер, сансыз куштар деги өзүнчө эле бир керемет го, чиркин. Эмнесин айтасың! Ал эми ошондой жерде жүрүп ачка калган киши мергенчи деле эмес! — Өзүн билерман сезип төштү керип кол шилтеп койчу.

Күзгө жакындап жакага көчөөргө жакын отургандарга кобурап калды:

— Жакында бир кашабаңды байкап калдым. Ийни ушу тегеректе көрүнөт, кайсы жерде экенин так биле элекмин. Бир жолу тиги күңгөй бетте дүрбү салып отуруп көрдүм, торпоктой болгон чоң карышкыр экен, суналган сулуу сынын айт. Бир көзү чекир. Ок жанып өткөнбү же тыттырып алганбы анысын билбейм. Дүрбүдөн абдан так көрдүм. Мен ага Көкчекир деп ат коюп алдым. Өтө аярлык менен эки жакты карап, бирде токтоп кайра басып караганды аралап келип эле көрүнбөй калды. Аралык алыс да, анын үстүнө күнгөй бет мени байкаган жок көрүнөт. Бөлтүрүктөрү бар окшойт. Эми анын уясын таап күчүктөрүн алуу керек, алары да чоңоюп калгандыр.

Отургандар каршы чыгышты.

— Бөлтүрүктөрүн алып кетсең анда баарыбыз малдан айрылдык дей бер! Карышкыр тим калбайт, баары бир өчүн алат.

— Туура! Аны айтты койду дебе.

Качы башын көтөрүп тегерегиндегилерге өйдөтөн көз жиберип алды.

— Алгачы Көкчекирди жайлап туруп анан анын күчүктөрүнө кол салам! Туура болобу ошондо? Анда ошентем!

Эч бири үн каткан жок, иштин жөнүн билген киши менен талашуунун пайдасы не, ошонуң туура дешгендей баш ийкешип тим болушту.

Эки күн өтпөй мал айдалды жаканы көздөй.

Карышкырдын эки көзү короодо, андан шектүү караан издейт, балким көзүнө урунушуп калаар күчүктөрү. Алар дагы ачка болушту го, же эмчек эмишпей, же эт жешпей. Буга чейин эч убакта карышкыр өзүнүн бөлтүрүктөрүнөн ажырап калган эмес, ар дайым алардан алыстабай дээрлик жанында болучу. Желини да жанын кыйнап мынчалык катуу ооруганы эсинде жок. Эки көзү короодо болсо да арга издеп арткы буту менен көкүрөк боорун аяр сылайт, аз да болсо басылаар бекен ооруганы, эбепке себеп болсо кана? Кайдан? Канчалык сыйпаласа да жеңилдей турган эмес. Ошентсе да ооруунун бирден бир шыпаасы өзүнүн бөлтүрүктөрүндө экенинен шек албайт. Кандай болсо да ошолорго жетиши керек.

Окуянын тездик менен ушинтип өзгөрүп кетээрин ал күткөн эмес. Канча жылдардан бери калыптанып калган жашоосунун бир калыптагы ыргагын улап, аралап жүрүп жедеп өзү көнгөн адыр түздөрдүн аяк башына чыгып, буйурган жандыгын кармап жеп өзүнүн да аны менен катар күчүктөрүнүн да курсактарын тойгузуп, аларды өстүрүп, эптеп чоңойтуп келаткан. Эртедир кечтир башкалардай эле аларды да баралына жеткирип, учуру келгенде өз үйүрлөрүнө кошооруна шек кылчу эмес. Бирок ал ойлогондой болгон жок.

Болгону жарым күнгө кечигип калды.

Аркы күнгөй бетте, өз уясына маңдайлаш тушта кандайдыр бир шектүү кыймылдын пайда болгонун байкап, андан коркунучтуу тарс этменин күнгө чагылып жылт эткени көзүнө урунуп бул чөлкөмдөн тезирээк күчүктөрүн башка, коопсуз алыстыктагы ийинге көчүрүп кетүүнү ниеттенген. Салып уруп алгачы адырдын аркы бетиндеги өзү жакшы билген ийинди көздөй жөнөдү. Бул жерден алыс, анын үстүнө жалама жардын капталында калың караган чер баскан буйткада эле ал уя. Алыстыгы кайра жакшы, эң башкысы коркунучсуз, демек бөлтүрүктөрү аман болот.

Жарыкта баары бир аларды ташып кете алмак эмес, мындай учурда түн ооп, болбосо таң карачкысы каптап калган кезде гана ишке киришсе болот. Ошол убак ыңгайлуу, баарынан да коопсуз. Өзүн аңдыган адамга шек билдирбөө максатында уясына жарыкта келалган жок, өзүнүн кыйналганына карабай күн батып түндүн киришин күттү, эне карышкыр.

Жакага караганда сырт өрөөнүнө күз эрте келип, суук да эрте түшөт. Эртели кеч ой кырды текши кыроо басып, асман челген зоока баштары калың карга малынып, айлана чөйрөнү көрккө бөлөгөн жашыл ирең кайтып эми бүтүндөй саргыч тартып, күңгөй тескей боз ала болуп көрксүз. Жайдагы белден бураган тулаң чөп да басырылып куурап бараткан. Ээн жайылган малдардан арылып, эртең эле кылычын жалаңдатып кирип келүүчү кышты күтүп жаткандай өрөөн ичи ың-жыңсыз дымырайт. Кылымдарды тизмелеп кыймылсыз жаткан тоо арасы бул сапар да эч өзгөрүүсүз өз жашоосун улантуунун үстүндө…

Кашкарарып түн өз ээлигине ээ болгон кезде дабыш чыгарбай ийнине жакындап келди. Оозго жетип эле жамандыкты алдын ала сезгендей туруп калды, айлана кооптуу жытка толуп туруптур. Адамдын, ага кошул ташыл болуп каңырсыган ок даарынын жыты. Келген экен! Карышкырдын жүрөгү опколжуп бир эсе сестенип, кайра таш болуп түйүлө калды: желке жүндөрү дүгдүйүп, дене боюндагы бүткүл тарамыштары тартылып, жаалы келип кимдир бирөөгө ызырынды. Ушул тапта өз коопсуздугу унут калып ийнине суроо – сопкутсуз келген немени кирип барып алкымдан алып көтөрүп чаап, кардын жарып канын кызыл жаян кылып чачкысы келди. Уясына жулунуп кирип барды: күчүктөрүнүн тааныш коңур жыттары калып өздөрү жок. Булуң-бурчтарды шимшилеп жыт улады. Мүмкүн сыртка чыгып алышып бир жерде эки буттуу адамдан жашынып жүрүшпөсүн? Ошентишсе экен, күчүктөрүм… Заматта тегеректи айланып чыкты. Дабыш да чыгарды, каңырыгы түтөп. Жок. Эч шек билинбейт. Муун-жүүнү бошоп сенделе басып кайра уяга кирди: эки бөлтүрүгү эки жерде отурушчу эле өзүн күтүп. Кээде уктап да жатышчу колу буттарын сунуп. Муздак уянын ичи бош аңгырап, дегеле жандык турбагандай. Ал кайрадан сыртка чыкты.

Жыт кууп тээ, далай жерге чейин барып келди соёлонуп. Түз эле короого кирип бара алган жок, топураган калың мал көчүп кеткени менен кишилердин жыты күч болучу. Алар кетише элек экен. Андан да ок дарынын жыты урунду буркурап, баарыдан да ошол коркунучтуу эле. Канча кылган менен жүрөксүдү, өлүм кимди коркутпайт.

Эне карышкыр бөлтүрүктөрүнөн биротола айрылганына эми гана ишенди. Бул ачуу сезим жүрөгүн кансырата тилип, ары бери чуркап бүлүккө түшүп, өзүн коёрго жер таппай жатты. Аргасы кеткенде асманды карап муңкана улуп жиберди.

«Оо каргыш тийген эки буттуу адам! Неге сен мага эрегишип калдың?

Эине үчүн менин бөлтүрүктөрүмдү алып кеттиң! Сага эмне жамандык кылышты алар? Күнөөсү эмнеде, ошо жарыкчылыкты жаңы таанып келаткан күчүктөрдүн? Мени неге мынча боздоттуң? Оо, мыкаачы таш боор адам, эзели жакшылык бетин көрбө! Ач бел куу жондо кал, тилегиң таш капсын!..»

Таң атып келатты. Мелмилдеп ой тоону текши басып жаткан караңгылык акырындап этегин тартып боз чаңгыл жарыктын жышааны алгачы мөңгү баскан зоокаларды чалып, акырындап андан ылдыйлап жон кырларды каптады. Бозомук болсо да жарык тараганча али көп бар, ошентсе да карышкырдын төмөндөгү короо тарапка тигилгени тигилген, кандайдыр бир шектүү, өзүнө жакын карандарды издегени издеген. Кайда болушту экен? Курсактары да ачты го. Аман болушкай эле… Өз жанынын кыйналганын унутуп жаңы гана бой тартып чоңоюп келаткан бөлтүрүктөрүн көз алдына келтирип, эт жүрөгү эзилип аянычтуу кыңшылап да алат: кайдасыңар күчүктөрүм? Кандай абалдасыңар? Тирүүсүңөрбү? Же таш боор адам өлтүрүп салдыбы силерди?

Орун таппай канча жерди которду. Жөргөлөп жылып улам бир караган, төө куйруктун далдасына жашынат. Кичине эле караан көрүнө калса чымын куюн болуп, учуп болсо да тиги таш короого жетип баргысы бар. Жек көргөнү да, шекшигени да шоңшойгон калпак, шөлбүрөгөн суулук кийген адам эле. Ошол! Ошо адам гана алып кетти, анын бөлтүрүктөрүн. Бул чөлкөмдө андан башка аң уулаган адам жок, баарынан коркунучтуу тарс этме да ошондо гана бар.

Кокусунан эле карышкыр комдоно калды: жалгыз ооз үйдүн алдынан көгүлжүм тарткан кыбыраган караан урунду көзүнө.

Али үрүл-бүрүл болучу теребел, алыс тарап күүгүмдөп көзгө анча илешпей турган, ошентсе да карышкыр кандайдыр бир жандыктын кибиреп басып жүргөнүн даана байкады. Ал эмне жаныбар, чын эле анын бөлтүрүгүбү?

Өпкө жүрөгү алеп – жалеп болуп турган эне карышкыр кайталап, далдап тактап ал караанды караганга чамасы жеткен жок, ордунан атып туруп калың караган черди жиреп төмөн карай, таш короону көздөй бой урду.

Бул учурда эч бир күч аны токтото да, жолун бууп ага тоскоол да боло алмак эмес. Болгон күчүн үрөп тиги короодогу көзүнө илинген өзүнүн бөлтүрүктөрүн көздөй жөнөдү. Азыр эле жетип барып кандай болгон күндө да күчүктөрүн бошотуп алып эч бир жан шек албаган аркы беттеги жаңы ийинге ташып кетет.

Демейде айланып, аярлап өткөн калың чер эми ага буюм болбой, көгөргөн жону күржүң-күржүң этип анда-мында бир көрүнүп, ал канатсыз учуп баратты. Мына, көздөн учкан короо! Анын бөлтүрүктөрү да ушул жерде, алар аны күтүп жатышат…

Эне карышкырдын акыркы үмүтү ушу таш короо, жалгыз ооз үй эле.

 

* * *

 

— Эй, бөлтүрүктөрдү алып келиптир… Карагылачы!

— Экөө экен.

— Ай-ий, кичинекей турбайбы…

Балдар Качыны тегеректеп калышты. Суулугунун этегине ороп келген бөлтүрүктөрдү ал бош коё берди эле тегеректеп турган балдар чуулдап жиберишти.

— Качып кетишет!

— Тиштеп алат!

— Энеси келип калса кантебиз?

Качы күлүп колун шилтеп койду.

— Эч жакка качып кетпейт, булар азыр али кичине, кол салганды да билишпейт. А энеси келип калса абдан жакшы болот эле, канча күндөн бери аңдып жатып көзгө илиндире албай койдум. Абдан митайым карышкыр экен.

Мал бүт бойдон жакага айдалып, үч короонун үй эмеректери, аялдар балдары менен калышкан. Буларды көчүргөнгө чиркегичи менен трактор анан Азаматтын агасы Чыңгыз өзүнүн жеңил машинеси менен келмек.

Эки жылдан бери ушул тартипте көчүшөт. Жол алыс, анын үстүнө көп жылдан бери каралбай таш-кум басып, кээ бир жерлерин суу жеп ары бери жүргөнгө оор, трактор же жип деп аталган жол тандабаган жеңил машине болбосо жөн салды унаа жүралбайт. Жолдо баратканда жаан да жаашы мүмкүн, эртели кеч суук да күчөп калган.

— Ээй Акбар! Күчүгүңдү алып кел, бул бөлтүрктөр менен алыштырабыз. – Эригип отурган балдарга эрмек табылды.

Аялдар дагы атайы басып келишип кызыга карап жатышты.

— Э кокуй, булар али кичине турбайбы? Сүт эмишет го.

-Энеси келип эле таппай калды го, күчүктөрүн. Байкуштун эмчектери зыркырап жатса керек, сүтү тээп.

— Бекер кылыптыр кенедей немелерди алып келип. Энеси зарлап жүрөт го, балдарынан айрылып.

Канча кылган менен алар да эне эмеспи, ар кандай сөздөрдү айтып өздөрүнчө шыпшынып жатышты.

Нары короодо жакага ала кетчү отун-жыгачтарды Качы агаларынын уулу Азамат экөө жыйнаштырып жүрүшкөн, аялдардын кебин угуп өзүнчө үн салып калды ачуулана:

— Аларга эмне бооруңар ооруп жатат? Булар деген карышкыр, жырткыч!

Аёо жок, аларга. Деги эле түп тамыры менен кырып салуу керек, мал жанга тынчыраак.

Аялдар басып кетишти, аны менен айтышып отурушабы.

Жайында козу, улак камаган күпкө бар эле зым тор менен тосулган, бөлтүрүктөрдү ошого кийришти. Алар туш тарабын карашып аң – таң, курсактары да ачып калган көрүнөт улам бир нерселерди жыттап, жалап көрүп жегенге тамак издешип жатты. Тегеректеген балдарга да карап коюшат, энесинен башка жандык көрүшө элек эмеспи, азыр аларга баары кызык. Акбар күчүгүн көтөрүп келип калды.

— Менин күчүгүм кыйын деп эле мактайсың, эми көрөбүз го кандай экенин!

— Эй Акбар, чүпүрөк камдап ал күчүгүңдүн көтөнүн ачыганга!

— Колу менен эле аарчыйт. Ха-ха.

Баары шаракташып күлүп калышты.

Акбарлардын канчыгы быйыл үчтү тууган. Абдан сак, акылдуу ит. Короого башка малдарды кийирбет, өздөрүнүкүн бүт тааныйт. Быйыл жайлоого келген де күчүктөдү. Мурунураак түшкөнбү же өзү эле туулганы ушундайбы бул күчүгү көгүш тартып берки экөөнө караганда кырдуу да, өтө эле тың экен.

— Күчүгүңө эмне деп ат койдуң?

Акбар ийнин куушурду. Агасы күчүктү алып эки кулагынан өйдө көтөрдү эле ал чыйылдап чыңырып ийген жок, болгону буттарын тыбыратып туйлаган болду.

— Оо, бул күчүгүң чын эле мыкты дөбөт болчудай баралына келгенде. Кана, эмне деп ат коёлу?

— Бөрүбасар же Короочу десек болобу?

— Жо-ок, андай ат жарашпайт, бу күчүгүңө. Башкача ат коёлук. Эч кимден, эч нерседен тайбаган, тайманбаган дөбөт болот, буйурса.

Акбар кыйкырып жиберди.

— Анда Тайбас деп коёбуз! Тайбас! Ме, ме… Күчү, күчү. Тайбас!..

Ошондон баштап Акбар андан ажырачу эмес, экөө абдан ынак. Бирге ойношот куушуп, Акбар кайда барса кошо барат, томполоңдоп. Берки жатындаштарындай кечке энесинин жанында болуп эмчек да эмбейт, сөөмдөй куйругун чычайтып көтөрүп алып короону кыдырып, коно калган канаттууларды кубалап эрмек кылат же Акбарды издеп жөнөйт.

Тайбасты күпкөнүн ичине кийрип жибришти. Күчүк кантсе да чочулады көрүнөт башын кыйшайтып тигилерди кунт коюп карап калды. Бөлтүрүктөр да орундарынан жылбай ага көз салышууда. «Бу ким? Кандай неме? Кокус кол салса экөөлөйбүз!» дешкендей бир бирине сүйөнүшүп ыкташып калышты.

Ушул кезде үй тараптан Актан агай келип кошулду, балдарга. Мугалим. Ден соолугу начар, оорулуу, кымыз, бээнин сүтүн ичкени атайы жайлоого келет жыл сайын. Азыр жакшы, канча кылган менен жайлоонун абасы жагып, жаңы жаш эт, кымыз өз тасирин тийгизген көрүнөт.

Качыга жардам берип бүтүп Азамат да келип калды. Колунда таяк. Эч ким деле ага көңүл бөлгөн эмес. Өздөрүнүн малын каралашкан болуп жакын агасы Качылар менен бирге.

Саамга бөлтүрүктөрдү карап турду да таяк сойлотуп алардын бирин каңк эттирип башка чаап калды. Тиги мындай соккуну күтпөсө керек кыңшылап кайда качаарын билбей ары бери теңселе түшүп акырында түгөйүнө жетип ага корголоду, андан жардам күткөндөй. Экөө тең бүжүрөп бир бирине ыкташып дагы кимиси чаап жиберер экен дегенсишип жашылданган көздөрүн жылтыратып тегеректеп тургандарга карашат.

Бул жерде турган жаш балдар Азаматтан коркуша турган, бир нерсе болсо эле Качы абасына айтып аларды бөйдө жерден тилдетүчү, ал дагы кадимкидей эле ага болуша турган.

— Эй, эмнеге чабасың? Ал сага эмне жамандык кылды?

Актан агайы аны жекире карады. Азамат мурдун шор тартып алып таягын кайра көтөрдү.

— Булар деген жырткыч да, аябаш керек. Дагы чабам, керек болсо!

Актан агай аны кармай калды.

— Токтот!

Колунан таякты жулуп алып тизесине салып сындырды да сыртка ыргытып жэиберди. Бөлтүрүктөр менен алыштырам деп алып келген күчүгүн карап Акбар чете турган, Азамат экөө ага ининин балдары, чогуу окушат. Окуянын ушундай өзгөрүп кетээрин ойлогон эмес, кантсе да Качынын айткандары ага таасир эткен көрүнөт.

— Жырткыч болуп кандай зыян келтирди, булар сага? — Актан агай ачуусу келип Азаматка тике карады.

— Чоңойгондо малдын баарын кырат да!

— А чоңойгондобу? А азырчы? Кимге зыян кылды? Кана айтчы!

Азамат кабагын бүркөп жер карады.

— Азыр алардын эч күнөөсү жок, кичинекей. Өздөрүн да коргошо алышпай алсыз алар. Чоңойгондо башка кеп. Ким мурун ушундай бөлтүрктөрдү көрдү эле? Кана, айткылачы.

Турган балдар чурулдап жиберишти.

— Мен биринчи көрүп жатам, — деди Мыскал аттуу кыз, баарынан оозунуп.

— Мен дагы.

— Мен да.

Калгандары да карышкырдын балдарын биринчи ирет көрүп жатышкандарын айтышты. Актан агай тегерете аларга көз жиберип алды.

— Мына көрдүңбү Азамат, биз тоо арасында жашайбыз, бу бөлтүрүктөр да биздин жерибизде туулушкан. Мындайча айтканда булар дагы биздин жердешибиз. Ошондой болсо да көпчүлүгүбүз буларды биринчи жолу көрүп жатабыз, силер эмес тиги апаңар дагы биринчи ирет көрүп жатышыптыр. Алар кандай жандык болушат экен, иттерден кандай өзгөчөлүктөрү бар, эмне жеп, өздөрүн кантип алып жүрүшөт, булардын баары көрбөгөн адамга кызык да. Чынбы?

Ал эми жер бетинде канча элдер жашашат, билесиңерби! Миллиондогон киши лери бар шаарлар бар. Эмне, андагы адамдардын баары эле карышкырды анын буларга окшогон күчүктөрүн көрүшүптүрбү? Жок. Шаарларда биздикиндей тоолор да болбойт. Карышкыр, ага окшогон жапайы жаныбарларды алар китептен окуп, телевизордон же зоопарктан гана көрүшөт. Башка мүмкүнчүлүктөрү жок.

Демек, бул бөлтүрүктөрдү бир аз чоңойтуп туруп анан атайын жырткыч жаныбарларды кармаган жайларга алып барып өткөрүп жибергенге неге болбосун? Алибетте болот! Бекер алышпайт алар, акча төлөшөт. Анан андай мекемелер башка шаардадагы зоопактарга жөнөтүшөт. Эгер байланышып калса ошондой мекемелерге түздөн түз жиберсе пайда андан да көп болот. Баарысынан да кайда барышса да Кыргызстандын карышкырлары экен деп таң калып көрүшөт. Бул жаманбы? Кана айткылачы.

Балдар колдоп кетишти, Актанды.

— Алибетте, жакшы!

— Сөзсүз таң калышат!

-Туура.

— Экинчиден, — деди Актан тегерегиндегилерге карап. Жүктөрүн таңып жолго даярдап койгон аялдар да келип турушкан.

— Эч бир жандык бекер, жөн эле жаралган эмес. Жаратылышта баары керек, алар бирин бири толуктап, биринин аркасы менен экинчиси өсүп-өнүгүп ошонун негизинде жер жүзүндөгү жанжаныбарлар, а түгүл адамдар да жашоо – тиричиликтерин улап келатышат. Мен бир мисал келтирейин… — Актан кышылдап жөтөлүп калды, оорусунан биротола айыгып кеталган эмес көрүнөт.

— Улгайып калган адамдардын эсинде болуш керек, өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын аягында бу, Кытай мамлекетинде кадимки эле боз чымчыктарды жогото башташкан…

— Таранчыныбы? Э кокуй, алардын зыяны эмне экен?

Актан жөтөлүн басып алып сөзүн кайра улады.

— Окумуштуулары эсептеп чыгыптыр… өстүргөн дандын, эгиндин көпчүлүгүн ошо таранчылар жеп коюшат, ошондуктан аларды тукум курут кылыш керек деп мамлекет башчысын ишендиришкен. Анан өлкө боюнча мектеп окуучуларынан баштап чоң кишилерге чейин баары чымчыктарды жоготуу менен алек болушкан.

— Учуп жүргөн немелерди кантип кармашыптыр? — тургандардын айрымдары дале ишене албай жатышты көрүнөт. Актан күлүп башын ийкеп койду.

— Бүтүн өлкө боюнча элдин баары үйлөрүнүн үстүлөрүнө чыгып алышып илеген, чака-чука, башка темирлерди ургулап калдыратып кондурбай койсо эле учуп жүрүп чарчаганда өздөрү эле жерге кулап түшүшөт экен. Анан аларды өлтүрүп салуу кыйын эмес да.

— Анык мыкаачылык да! Ошончо жандыктарды бүтүндөй кырып салуу эмне деген тамтык? Алардын убалы кимге?! — аялдын бири өзүнчө шыпшынып алды. Тургандар жер тиктешип үн катышкан жок, кыязы ар кимиси ошо өлгөн чымчыктар жөнүндө ойлоп жатышты окшойт.

— Анан… эгиндери көбөйүп кетиптирби?

Актан башын чайкады.

— Биринчи жылы жакшы болуп, андан кийинки жылдары эгиндерин чегиртке, башка бир курттар жеп кетип эл ачарчылыкка учурап натыйжада

өлкө боюнча отуз миллиондой киши кырылып калыптыр…

Тургандардын ооздору ачылып, эч кимиси сүйлөгөн жок.

— Көрсө… таранчылар ошо чегиртке, курттардын көбөйүп кетишине жол бербей учурунда терип жеп алышат экен.

Балдар дуулдап калышты.

— Ой, азамат чымчыктар!

— Таранчыларга: Ура!

— Ура-а! Уре — е.

Бир кыйладан кийин Акбар Актанга кайрылды.

— Агай, анан азыр Кытайда чымчык жокпу?

— Бар. Азыр жетиштүү болуш керек. Мамлекет башчылары ачарчылыктын негизги себебин билишкенден кийин башка өлкөлөрдөн алтынга тете акчага кадимки эле боз чымчыктарды сатып алууга аргасыз болушкан.

— Ха-ха! Хе–хе.

— Сооп болуптур. Эч күнөөсү жок ошончо жандыктарды кырып салышса алардын да убалы бар го, акыры. Ар кимиси ар кандай сөз айтып өздөрүнчө талкуулап жатышты, уккандарын.

— Бул кенедей чымчыктардын эле адамдарга келтирген пайдасы. — Актан тургандар тынчыгандан кийин сөзүн улады.

— А карышкырлардын да пайдасы андан кем эмес. Жер бетинде көптөгөн жаныбарлар бар, чоңу-кичинеси болуп. Алар дагы оорушат, карышат, акыр аягында өлүшөт. Ошолордун эттерин убагында жоготуп турбаса алар чирип-ирип эмне деген зыяндуу курттар, микробдор пайда болушат эле да аба менен туш-тушка тарап коркунучтуу оорулар жугуп, алардын кесепетинен адамдар, башка жандыктар абдан чоң зыянга учурашы мүмкүн болучу.

Жаратылыш андайга жол бербей ошого окшогон ыпластарды жоготуп туруу үчүн карышкыр, түлкү, чөөлөрдү жаратып койгон. Ошон үчүн аларды жер бетинин санитары башкача айтканда тазалагычы деп коюшат…

Агайынын көкүрөгүн басып эс ала калганынан пайдаланып Азамат бурк этип калды.

— А карышкырлар деген малдарга кол салып жатышпайбы…

— Туура! Ээн жүргөн малга төрт буттуу бөрү эмес, эки аяктуу «карышкырлар» да тийип, керек болсо топ-тобу менен айдап кетип жүрүшпөйбү. Чынбы?! Демек, кайтарыш керек мал дегенди! Эгер карышкырлар өтө көбөйүп кетип колдогу малга тие турган болушса алибетте, андай убакта аларды атып же башка жолдор менен жоготууга туура келет. Чоңоюп ошондой учурларга жеткенге чейин бу кичинекей бөлтүрүктөр эч зыянсыз, айоо керек аларды.

Актан бүрүшүп, эч коргонуусу жок бүжүрөп турган бөлтүрүктөргө боору ооруй карады. Абдан коркуп калышкан көрүнөт, балдардын бири кокус кыймылдап койсо кыңшылашып дене бойлору дирт-дирт этип бир бирине ыктай калышат. Ишенген, аларды ар кандай коркунучтардан сактап, аларга болуша турган энелери жок, мурун кийин көрбөгөн чоочун чөйрөдө калышып не кылышаарын билбей тегеректеп турган балдарга жалооруй карашат: «Эмне үчүн бизди урасыңар? Биздин күнөөбүз эмнеде? Апабыз кайда? Апабызды таап бергилечи. » — дешип аянычтуу суранып жатышкандай. Тилдери гана жок.

Аялдардын бирөө бөлтүрүктөргө боор ооруй карады, канча кылган менен эне да.

— Булар өтө эле жаш, кичине экен. Энесинин сүтүнөн башка тамакка көнө алышпай өлүп калышы да мүмкүн. Бекер эрте алып коюптур, эми бир эки айдан кийин деле энеснен ажыратып алса туура болмок. Карачы абалдарын, байкуш энеси да кыйналып жүрөт го.

Турган балдардын көңүлдөрү чөгө түштү. Жанында турган балдар оолактап кетишипп Азамат жалгыз туруп калыптыр. Эч ким аны менен сүйлөшкөн жок. Акбар күчүгүн түрткүлөдү.

— Тайбас! Бар, тиги бөлтүрүктөр менен тааныш. Көрдүңөрбү, менин күчүгүм алардан корккон жери жок. Ал коркпойт, а түгүл талап да коюшу мүмкүн, тигилерди.

Күчүк ордунан жылган жок. Башын кыйшйтып дале тигилерге таң кала карайт: Булар кимдер? Кайдан келишкен немелер? Бөлтүрүктөрдүн көздөрү Тайбаста, аларга да кызык көрүнүп жатты көрүнөт.

Кичинекей тумшуктарын көтөрүп жыт улаган болушат, башка жыт. Мындай жандыкты мурун көрүшкөн эмес. Алардын билгендери, жакшы таанышканы өздөрүнүн энелери гана болучу, башка эч бир жандык алардын уясына келчү эмес. Коркунучтуубу? Тиштебейби?

Бөрүнүн күчүктөрү өздөрүнчө кеңешип жатышкандай тумшуктарын тийгизишип бир бирине карап алышты. Чочулай турган немеге окшобойт, жанына барып жыттап көрсөкпү? Мүмкүн ал бизден коркуп жаткандыр…

Артынан түрткүлөгөндөн улам Тайбас тигилерди көздөй кадам таштады.

Бөлтүрүктөр сестейип баш көтөрүп туруп калышты: «Кыйын неме го. бизге карай келатат! Мейли, күтүп туралы» — дешкен сыңары.

— Бар, бар Тайбас! Коркпо, биз барбыз.

Балдар биринен сала бири шыкактайт. Жакындашканда кантишээр экен? Алыша кетишеби же кайра бир биринен качышабы?

Тайбас тигилерге саал жетпей туруп калды, экөөнү тиктеген бойдон.

— Коркуп атат күчүгүң!

— Азыр кыңшылап кайра качат, көрөсүң го

Балдар күткөндөй болгон жок, бөлтүрүктөрдүн бири ишенимдүү кадам шилтеп күчүктүн жанына келди. Экөө жытташып туруп калышты.

— Канча кылган менен жырткыч да, күчүктөн корккон жери жок.

— Аларга да кызык көрүнүп жатса керек.

Анча деле көп убакыт өткөн жок, бир учурда Тайбас келип экинчи бөлтүрүк тү жыттай баштады эле кокусунан ар-р этип аны тиштеп алды, капталынан. Күчүк да тим калган жок, эки аркы буттарына тура калып тиги менен алыша кетти. Бөлтүрүктүн да күчү оңой эмес экен бирде бурдап жулкулдатып, кайра качырып күчүктү туш келди талап жатты. Акбар шашып экөөнү ажыратууга аракет кылды эле оңтою келе калдыбы күчүгү бөлтүрүктүн кулагынан тиштеп алды. Тиги да аны омуроолоп ары бери жулкуп бошонууга аракет кылат. Тиштери карышып калгандай Тайбас аны коё берген жок, акырында күчкө салып бир силкинүү менен бошонуп алды, бөлтүрүк.

— Сенин күчүгүң да оңой эмес экен!

— Эй карагылдачы, бөлтүрүктүн кулагы жырылып калыптыр, шалаланып.

— Азамат Тайбас!

Экөө эки жерге отуруп калышты тетир карашып. Беркиниси четте, кимисине болушаарын билбей экөөнө алмай телмей көз жүгүртүп коёт.

Ушул учурда Мыскал упчусу бар бөтөлкөгө сүт куюп келип калды.

— Келгиле, ичирип көрөлү.

— Уйдун сүтү ичтерин албайбы?

— Эч нерсе болбойт! Антпесе ачкасынан өлүп калышат.

Акбар дагы бир бала ичке кирип бөлтүрүктүн бирин кармап бөтөлкөнү анын оозуна такады эле алгачы кежеңдеп оозун ачпай жаткан, жаагын күч менен ачып сүт куюла баштаганда тамшанып алып кылт-кылт жута баштады. Абдан ачыгып калган экен бир бөтөлкө сүттү бүт ичип алды. Экнчиси да андан кем калган жок. Кабырылган капталдары борсоюп экөөнүн тең баскандары тыңый түштү. Үчөө жөөлөшүп, тиштегилешип саам өтпөй куушканга киришти.

Алардын таанушуусу ушинтип башталды да бир убакта чарчашты көрүнөт акырында моюндашып жатып алып уктаганга киришти.

Бөлтүрүктөрдүн кулагы жырылганына Шара, экинчисине Шер деген ат коюшту балдар.

— Баралына келгенде чынында эле Каракулак Шер болчулөдай экен.

— Эркек тура!

Үч күчүк эбактан бери тааныш болуп бирге жүрүшкөндөй бир бирине артылып эч капарсыз уктап жатышты. Эч ким алардын уйкусун бузган жок.

Күн түштөн ооп бешим тартып калган кезде жип машинесин зыпылдатып айдап Чыңгыз келип калды.

— Чай даяр, үйгө кир!

Аялдардын бири Чыңгызды чакырып кетти, чайга.

Азыр айылга кетебиз деген ой менен буюм тайымдарын жыйнап баары камынышып калган.

Окуянын мындай болуп кетээрин эч ким күткөн эмес.

Балдардын бири кыйкырып калды:

— Азамат жок!

— Кайда кетип калды?

Аңгыча эле Актандын чоң сууну көздөй чуркап баратканын тургандар көрүп калышты. Эки үч бала анын артынан чуркашты.

— Э кокуй, эмне болуп кетти?

— Азамат кайда? Актан эмнеге сууну көздөй чуркап баратат?

Баары жабылып делдейишип туруп калышты. Үндөрдү угуп ичтен Чыңгыз да атып чыкты. Тигиндейректен калдайып Качы басып келди.

— Аба, Азамат сиз менен жүргөндөй болбоду беле? –Чыңгыз ага жетип барды.

Тиги көнгөн адаты менен колун силкип алды.

— Ой… чунак бала десе… тиги бөлтүрүктөрдү коё берели же уясына таштап келели деп эртеден бери кулак мээмди жеп. Такыр жанымды койбогонунан «Бар ары!» деп түртүп койсом жыгылып калып анан туруп кеткен… Ошо! — ал этек-жеңин каккан болду.

— Ок, кокуй аба! — Чыңгыздын чыйпыйы чыга түштү, өз инисинин кыял жоругун жакшы билсе керек, — Ал өтө ызакор бала. Соо болгой эле.

Чымын куюн болуп ал дагы бурулуштун нары жагындагы күргүштөп агып жаткан өзөндү карай чуркады. Анын артынан дабырашып улуу кичүү дебей баары кетип баратышты.

Акбар бул учурда короодо жүргөн. Күпкөгө кирип бөлтүрүктөрдүн арасынан Тайбасты алып келип, жалгыз ооз үйдүн тепкичинин алдындагы эки күчүгү менен бейкапар жаткан канчыктын койнуна салды. Башын көтөрүп уйкулуу көздөрү менен күчүгүн тумшугу менен секин түртүп койду, энеси.

«Кайда жүрөсүң эртеден бери?» деген көз караш.

«Ушундай эле, жаңы келген күчүктөр менен ойноп…» — дегендей Тайбас энесин бир карап алып жатындаштарын арасына кирип кетти. Алар энесинин жылуу койнунда магдырап уктап жатышкан.

— Болду дос, бөлтүрүктөр менен ойноп бүттүң. Эми энеңдин койнунда жата бер, трактор келсе ошону менен жакага, үйгө кетесиңер. Мен силерди ошо жактан күтүп алам. Сүйлөштүкпү? Кош.

Короодон чыга берип элдин баары жабылып өзөндү карай чуркап баратканын көрө койду. Эң артында калпагын колуна алып калдалактап Качы да баратат. Эч нерсеге түшүнбөй саамга тура калып Акбар да алардын артынан түштү.

Эмне болуп кетти?

Өзөн бир кыйла алыс болучу, Качыдан, аялдардан оозуп Акбар жээкке жетип барды. Баары ылдый түшүп кетишиптир өзөндү бойлоп.

— О кудай, сактай көр!

— Аман болгой эле.

Аялдардын бир экөө ыйлап алышыптыр, бышакташып.

— Эмнеге балага тиесиң, ия?! Колуң эле сынып калсачы. — Балбаалаган жашын аарчыганга алы келбей аялы Качыга айкырат. Тигинде үн сөз жок, жер тиктеп. Ушул каргашалуу окуяга өзү күнөөлүү экенин эми гана сезип не кылаар айласын таппайт. «Ушунча да ызакор болобу, мурдуңду урайын десе!»

Жээк анча деле бийик эмес. Күз келип суу да кыйла тартылып калган. Жай айында күн ысып турган маалда жээгине келип балдар болуп сууга түшүп кетишчү. Нары барышчу эмес, тайыз көрүнгөнү менен агыны катуу, таш аралап доошу да күркүрөп капчыгай ичин жаңыртып турат. Башка мал жан деле бул тарапка келишчү эмес, өрөөндө суу жетиштүү.

Актан агайы кимдир бирөөнү салбырата көтөрүп бурулуштан чыга келди. Өзүнүн үстү бүтүндөй суу шөлбүрөп. Көтөргөн баладан да шыркырап суулар агып жатты.

Аялдар о кудайлдап жиберишти, чуулдашып.

— Тогуз токоч баабедин, кудай! Аман кыл көр.

— Атаны шайтан ай-е, ушунча ызакор болобу!

«Азамат? Ага эмне болгон?» Акбар аны эми гана тааныды. Ар кайсы жерди бир аттап заматта суу боюна жетип барды.

Бул кезде Актан менен Чыңгыз Азаматты түзөң жерге жаткырып кол менен дем алдыруунун аракетин жасап жатышты. Оозу мурдунан суу кетип эриндери көгөрүп Азамат кыймылсыз, жууган чүпүрөктөй өңү купкуу.

Акбар отура калып анын колдорун кармалады, жан жоктой шалак-шалак этет, муздак.

Актан менен Чыңгыз көпкө алышты, дем алдырганын токтотуп жүрөгүн тыңшашат. Экөөнүн тең кабактары түшүп баш көтөршпөйт, ошондон гана айла болчудай кайрадан дем алдырууга киришишти, көкүрөгүн басып. Оозу мурдунан суу дээрлик чыкпай калды.

Бир нерсе эсине түшкөндөй Актан агай ички чөнтөгүнөн көз айнегин алып чыгып Азаматтын мурдуна тозду.

Күн кыйла ылдыйлап өзөн бойлоп муздак сыдырым жүрүп калган. Баары үн сөзсүз мелтирешип көздөрү дале кыймылсыз жаткан балада.

«Кантип эле?» дегенсишип бир бирине кароодон тартынышат.

Актан көз айнегин алып алгачы өзү карап анан Чыңгызга көрсөттү. Бир аз бууланып калыптыр айнек, демек акырындап болсо да жүрөк иштеп дем алып жатат. Антпесе буу кайдан пайда болсун?!

О жараткан, сактай көр, баланы! Өзүң жар боло көр!

Бат эле жыйналышып алар жолго чыгышты. Жакага тезирээк жетип догдурга көрсөтпөсө Азамат оңой менен өзүнө келчүдөй эмес.

Жол өтө эле начар болчу, бирок Чыңгыз ага караган жок, эки жүз аттын күчү бар кубаттуу машине аң дөңдү, өйдө ылдыйды кенедей да сезип койбой

алып учуп келатты. Артындагы толтура жүк салынган чиркегич ага буюм болчудай эмес. Бекеринен аны жол тандабаган, кандай оор шарт болсо да моюн сунбай жүрө бере турган техниканын акыркы үлгүсүндөгү машине деп атабаган чыгаар, отурганга жайлуулугун, жумшактыгын, ичинин мелмилдеп жылуугун айтпа, сырт менен айылдын ортосундагы жүз чакырымга чыкпаган жолду биякка кой күнү кечке жүрсөң да чарчаганыңды сезе турган эмессиң, мындай унаа менен.

Бир четинен Чыңгызга рахмат! Ал белгилү ишкер, тактап азыркылардын сөзү менен айтканда ири бизнесмен. Сүттү кайра иштетүү боюнча атайы эле зооту бар, шаарга жакын жайгашкан айыл-кыштактардагы элдердин сүттөрүн жый нап кетип андан сыр, каймак, быштак окшогон азыктарды даярдап дүкөндөр гө чыгарып, балдар бакчаларын, ооруканаларды камсыз кылып турат. Мурда мындай иш менен мамлекеттик ишканалар алектенчү эле, эми жеке менчик ишкерлер колго алышкан, ушуга окшогон өндүрүш иштерди.

Айылдагы апасынын малдарына каралашып көз салган да өзү.

Жайчылыкта, көч көчүрүп келаткан учурда Чыңгыз машинесин жол ортосу деп эсептелген Орто – Бел ашуусунун түбүндөгү суу жээгине токтотуп, анан дасторкон жайылып аны тегерете кийиз, төркөрпөлөр салынуучу. Атайын жолго деп ала чыгышкан тамак –аштарын жайнатып, аялдар балбакташып самоор коюп жадырап жайнап уй мүйүз тартып отуруп калышчу. Тамактан анча-мынча шам-шум этип алып балдар чуулдашып суу бойлошуп оюнга киришишээр эле. Шаардан Чыңгыз атайы ала келген ичкиликтерин, таттуу-паттууларын жайнатып андан көчмөндөр улам кайрып сеп этишип баарынын көңүлдөрү ачылып, дуулдашып тээ, далайга отурушчу. Ашып-шашып кайда барышмак эле, айыл болсо тургандыр ордунда, көч деген көч анын да шаан-шөкөтү болот, эмне күнүгө эле көчүп жатышты беле? Ата-бабадан келе жаткан салт! Эмне, илгерки көчүү бекен өгүз, төө, жылкыларга артынып-тартынгандай. Ошондо да алар эс алып көңүл ачканды унутушкан эмес. Унаабыз деги бар. Карагылачы, эмне деген машине менен көчүп баратабыз?! Чыңгыз сага рахмат айланайын, дегеле кар болбо! Сен да балдарыңдын убай-сыйын көр! Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин деген, бир аз ойноп күлүп алууга неге болбосун? Ансыз да ээн тоонун арасында мал менен кошо мал болуп, ысыкка күйүп, суукка тоңуп эл журттан, маданияттан алыс калып куурап жүрсөк… ушуга окшогон далай сөздөр кайта-кайта айтылып, ортодо капчыгай ичин жаңырткан ырлар ырдалчу. Самоор кайра коюлуп, алагүү аялдар тер баскан чеке-моюндарын аарчышып, отуруп алып чайдан кана ичишчү. Мал айдагандар оолжуй аттарына минишип, бакылдашып келген жолдоруна түшүшө турган. Чыңгыз да эч бирин шаштырчу эмес, жарпы биротола жазылып, көңүлдөрү ачылсын, күндө эле көчүп жатышыптырбы. Бир жылда болгону эки ирет көчүшөт экен: жайдын башында бир, анан күзүндө. Өзү болсо жатып алып уйкусун кандырууга киршчү. Атаганат, бу дагы өзүнчө бир шаңдуу учур эле, далайга эсте кала турган.

Бул сапар анын бири жок, томсорушуп ар кимиси ар кыл ойго баткан, бир бирин карабай, көздөрүн алакачышат. Улам убакыт өткөн сайын кооптонушуп астыртадан Азаматтын өңүнө тигилишет. Аны алдына алып отурган Качынын аялы бирде үшкүрүп бирде ыйламсырап кудайга жалынат:

— О секетиң кетейин Алла Таалам! Балабыздын өмүрүн сактай көр, жаңы гана жетилип эл катарына кошулуп келе жатты эле. Чымындай жанын алып кала көр!..

Кайрыла калып арткы орундукта үңкүйүп отурган эрине акырая карайт:

— Колуң эле сынып калсачы. Кайдагы карышырдын бөлтүрүктөрүн алып келдиң эле, алардан айланамбы. О, шорум, жок жерден балээни издеп таап азапка салганын карачы. Карышкыр да соо эместир, каргышы ушу сенин кара башыңа тийип калгысы бардыр.

Аялдар бышакташып аны соороткон болушат:

— Кой эми сабыр кыл!

— Кудайым сактагысы бардыр..,

— Токтотчу, машинеңди! — Качы Чыңгызга кайрылды,

Ал тормозун басты. Катуу келаткан машине сүрдүгүп барып четке токтоду.

— Эмне болуп кетти, аба?

Качы машинеден атып түштү.

— Деги эле ушунуку өтүп кетти! Суболучтун тили…

Ал шарт-шарт басып чиркегичке жетип кузодун бурчуна кол сойлотуп бөлтүрүктөр салынган мүшөктү сууруп чыкты.

Жол жар боорлоп бийиктеп, тэ төмөндө өзөн күр-шар. Кирген сайын жээктерин жей берип нугу кыйла кеңейип кеткен. Азыр суу чакан, антсе да агымы күч, мал-сал түшүп калса аласалдырып жөн гана агызып кетчүдөй.

— Аба, аларды эмне кыласыз?

Чыңгыз анын алдын торой басты.

— Ыргытам сууга! Ушулардын айынан…

Бул маалда машинедегилер чубап түшө башташкан.

Анын сөзүн кулактары чалып калган аялдар чырылдашып жиберишти:

— Э кокуй, аларда эмне күнөө?

— Убал да, байкуштарга!

Жөтөлү күчөп калган Актан акырын басып келип Качынын колунан мүшөктү алды.

— Буларда эч күнөө жок аба, күнөөнүн баары өзүңүздө. Эми болоор иш болду. Баары бир буларды уяларына кайра жеткире албайбыз. Сууга аларды ыргытууга да болбойт! Андан көрө…

Ал жөтөлү басылганча тымып калды да жанына келип калган Акбарды бир карап алып сөзүн улады.

— Бу бөлтүрүктөрдү бирөөгө берип салыңыз, үйгө барганда дагы чатак башталат. Аны айтты койду дебеңиз.

Аялдар да коштоп кетишти.

— Туура айтат Актан!

— Ошенткениң оң.

Бул сөздөрдү угуп отурган аялы ичтен кыйкырды.

— Ошо кенедей күчүктөрдү ыргытканча өзүң ошо сууга агып өлсөңчү! Береке таппагыр.

Акбар ортого түшө калды, чырылдап.

— Ата, мага бериңиз бөлтүрүктөрдү! Алар менин Тайбасымдын достору, жана эле чогуу ойношуп, бирге жатып алышып укташкан. Мобу балдардын баары билишет, бардыгы көрүшкөн.

Балдар анын сөзүн колдоп кетишти.

— Чын. Үчөө достошуп алышкан!

— Тура айтат, Акбар

Дал ушул учурда түтүнүн буркуратып алды тараптагы бурулуштан трактир чыга келди, калдыр-салдыр чиркегичин сүйрөп.

Ал жай сурашып учурашкандан кийин ал тургандарга кайрылды:

— Журтта эмне жүктөрүңөр калды? Көппү?

— Эки үйдүн эмереги анан отундук жыгач-таш. Чиркегичиңе батат го.

Такторис Качыга карады.

— Жүгүңөр көп турбайбы, анын баарын жалгыз кантип жүктөм? Кеч да болуп калды, жүр сен мени менен, кайра чогуу келебиз.

Качы дароо макул болду, аялынын жемесин угуп отурабы. Көңүлү да көтөр үлө түштү көрүнөт. Мүшөктү Акбарга кармата салды:

— Ме уулум, сен ал! Күчүгүңдүн да достору экен, булар. Өлтүрбөй жакшы бак!

Акбардын кубанычын айтпа, мүшөктүн оозун ачып будаланып жаткан бөлтүрүктөрдү карап алды.

— Во! Эми бир аз чыдагыла, үйгө жетебиз. Анан Тайбас досуңар да келип калат. Үчөөңөр каалашыңарча ойнойсуңар.

Качы Чыңгызды жеңден тартып четке басты.

— Бирдемең бар беле, тиги тракториске бергенге? Анпесе уят го.

Тигинден да өзүнүн кулкуну кургап турганын билген иниси мыйыгынан күлүп машинесин көздөй басты.

Мүшөктү чиркегичке салып болуп трактирге жаңы көтөрүлгөн Качыга жетип барды Акбар.

— Ата, жалгыз ооз үйдүн тепкичинин алдында канчык бар, үч күчүгү менен.

Ошолорду сала келиңиз, унутпай! Күчүктөр үчөө. Үчөө, ата!

Эңсегени колуна тийип андан да катынын жемеснен кутулуп көңүлү шат болуп турган Качы кайрылып Акбарга карады:

— Эй уулум, сен мага өтө көп карыз болуп калдың айт, магарыч болобу?

Акбар «магарыч» деген сөздү укпаптыр, кантсе да акча жөнүндө айтып жатса керек деп ойлоп башын ийкегилеп жиберди. Бөлтүрүктөр деги колуна тийди эми жакшы көргөн күчүгү келсе болду да.

— Болот, болот ата! Сөзсүз ала келиңиз, күчүк үчөө.

Дыр коюп трактир жүрүп кетти. Чыңгыз да машинесин от алдырды.

— Машинең бир аз жеңилдей түштү го?

Аялдардын бири Чыңгызга үн катты эле ал күлүп баш ийкеп койду. Бир адамдын салмагы канча дейсиң, жүктүн оор жеңили бу машинеге кеп боло турган эмес. Бийик болуп абасы суюк, жол деген дээрлик жок, өйдө ылдыйы арбын тоо арасында ылдамдыгын басаңдатпай алкынган бойдон кетип баратышы кимдин болсо да купулуна толуп ушундай унаа бар экенини аргасыз көңүл көрөт. Не деген кыжалааттан чыгарат. Өзгөчө Азамат эсине келалбай, жака көздөн учуп келатканда анын жулкунуп ылдам жүрүп баратышы отургандарга айтып түгөткүс чоң ишеним пайда кылды. Эми бат эле жетебиз, Орто–Бел ашуусун ашып алсак андан ары эңкейиш, жол да жакшыраак, четки айылга да аз эле калат. Догдурду үйүнөн болсо да таап керектүү уколун куйдуруп баланы эптеп эсине келтирсек деген ойдо болушту баары.

Үмүт деген кыйын, ансыз жашай албайт адам. Бекеринен эл «Үмүтсүз – шайтан!» деп айтпайт да. ошо кудурети күчтүү сезим жакшылыкка гана багыттал ган. Амандыктан, жакшылыктан үмүт кылат киши. Ансыз болбойт!

Кокусунан, өз сезимине ээ боло албай ызасы менен агыны катуу тоо суусуна боюн таштаган Азаматтын өмүрүн, анын эс учун жыйып тели-теңтуштарынын катарына тезирээк кошулушун тилеген жердештери улуу кичүү дебей улам баштарын буруп анын өңүнө көз жиберишет, мүмкүн жүзүнө кызыл жүгүрө баштагандыр. Балким дем алуусу жакшырып калгандыр? Жүрөгүнүн согушу кандай?

Ар кимиси ар кандай ой жоруйт. Өзгөчө ушундай кооптуу учурда жакшы тилек-жарым ырыс деп жараткандан жакшылык, амандык тилеп, жака кармашат, ага жалынышат адамдар. Антпегенде не кылышмак? Аргасы жок алсыздык, айласыздык адамды акыл эсинен ажыратып, мокотуп ого бетер мөгдүрөтүп коёру кимге дайын эмес, кимге белгисиз?

Машине кесек таштарды туш тарапка кумдай чачып ылдамдыгынан жазбай катуу кетип бараткан. Жолдун көп бөлүгү артта калып ашуунун белине жакындап, тик өр, ой чуңкурлар тоскоол болбой жапондук бул жип дал ушундай жолдорго эсептелип чыгарылганын иш жүзүндө дагы бир ирет далилдеп не бир кебелип койсочу, тик да, эңкейиш да ага бирдей экен! Эки жүздөн ашык аттын күчү бар дешет моторунда, эмне деген кубаттуулук?! Айтканга оңой, ошончо жылкыны топтоп туруп үкүктөй мотордун ичине батырып көрчү, эр болсоң. Деги эле жапондорго рахмат! Баарынан да жүргөнүн кара, жол тандабай. Отургандар, баарынан да балдар бул ченемсиз машинеге ичтеринен тан берип, сыймыктанып келатышкан. Алдыда дагы бир бурулуш, анан жол түз эле белге чыгат. «Бир аздан кийин белди да ашабыз. Андан ары эңкейиш, жол ылдый карай кетип түз, анча таштуу эмес жүргөнгө да жеңил. Эми бат эле жетебиз!» — деген ойдо болушчу дээрлик баары. Анан эле… Асты тараптан бир башкача дабыш чыгып капысынан машиненин ылдамдыгы бастай түштү.

Така так! Так так. Чыңгыз бир ирет обдулуп алып башын чайкады, мындай болуп кетет деп ал дагы күткөн эмес окшойт, каптал айнегин түшүрүп сыртка баш бакты да дароо эле моторду өчүрдү. Кулакка жагымсыз угулган такылдаган дабыш да басылды.

Машине белге саал жетпей бир кичинекей түзөңчөгө токтоп калды. Эгер дагы бир аз жүргөндө ашуунун жонуна чыгып андан ары эңкейишке карай далай жерге чейин түшүп кетишмек, өз жүрүшү менен. Кыйчалыштап турганын кара, иштин… Эч ким эч нерсеге түшүнгөн жок, томсорушуп бир бирине карашат, суроолуу: «Эмне балекет болуп кетти? Жакшы эле зымырап келатпадык беле?!» Баарысынын көздөрү Чыңгызда. Машиненин алды артына чыгып, капотун ачып мотордун асты-үстүнө көз жүгүртүп, бир нерселерин бошотуп кайра бекитип жүрүп кыйла убакта ордуна келип отурду. Кабагы бүркөө, алда неге нараазы болгон түрү бар.

Демек машиненин олуттуу бир нерсеси бузулса керек, болбосо дароо эле от алдырмак. Аргасы түгөнгөндөй колдорун ушалап отуруп калды, үн сөзсүз.

Чыдай алган жок көрүнөт, Качынын аялы чырылдап жиберди:

— Ээ айланайын уулике, эмне болду машинеңе? Жүрөбү деги?!

Чынгыз баш чайкады.

— Мотор эрип кетиптир.

— «Эрип?» Эмне болуп, кокуй?

Баарынын ооздору ачылып калды: эзели мындай сөздү угуп көрүшпкөн эмес.

«Эрип кеткени эмнеси? Муз, май дегендер эрип кетет, а темир кантип эрисин жүрүп келатып? Же ошончо эле ысып кеттиби мотор, көлкүлдөп эрип кеткендей?» — түшүнгөн бир да бирөө жок. Бир бирине карашып ийиндерин куушуруп, эриндерин бүйрүшөт.

Актан өз билгенинче кобурады. Анын айтуусу боюнча мотор деген бир бүтүн чулу темирден эмес, көптөгөн ар түркүн тетиктерден чогулуп алар бири бири менен айланышып, кыймылда болуп турушат да тегеренип сүрүлүшкөндө желип – жешилип кетпес үчүн атайын майлоочу май да куюлат экен. Анан ошо май кандайдыр бир себеп менен жетпей калса эле бүттү, тийишип – айланышып жаткан тетиги «эрип» кетет да мотор биротола иштен чыгат.

— Эми жүрбөйбү, машинең? — Качынын аялы дале ишенбей жатты көрүнөт.

— Э кокуй, моторуңа жетиштүү эле май куюп алсаң болмок экен.

— Май жетиштүү эле. Катуу келаткагнда таш тийип бир түтүкчөнү жарып кетиптир да ошондон улам болгон май бүтүндөй агып калыптыр…

Чыңгыз өз алдынча күрсүнүп, кыйгач бурулуп инисинин жүзүнө үңүлө карап алды. Азаматтын абалы тынчын көбүрөөк алып турган көрүнөт, анын чекесин аяр сылап, салаңдаган колун көтөрүп анын алаканын өзүнүн бетине басты: аз да болсо жылуулук келип жатты бекен?

— Анан… эмне кылабыз?

Баарысынын жүргүн өйүгөн ушул суроо эле.

— Тиги трактирди күтүп ошону менен сүйрөтүп кетепесек башка арга жок. — Чыңгыз колун жайды.

Качынын аялы ыйлактап, көз жашын аарчыганга алы келбей эринин жер–жебесине жетип аны каргап шилеп жатты. Кой-ай деген киши болгон жок, мүмкүн ичке толгон бугун чыгарып алса ага да жеңил болоор, баса ага да оңойбу? Агасы менен жеңеси аларга ишенип болгон малдарын ага кошуп эс тартып калган уулу Азаматты атайы жиберишпеди беле, колунан келген жардамын берсин деп? Качы жөн эле кутуруп жүрбөйбү мергенчимин деп. Бекерпоз десе, оңбой кал! Мергенчиликтен айлангыр. Кенедей бөлтүрүктөрдү башыма урамбы, энесинен ажыратып алып келип. Ошо энесинин каргышы тийип отурат! Байкуштун андан башка амалы канча? Ал дагы жараткан Алланын макулугу, жөн эле жаратып койбогон чыгар, аны да. Чынында эле же ары кетпей, же бери кетпей ач бел, куу жон дегени ушул жер эмеспи, кокуй?! Ушул азап тартканыбыз бекер жерден чыккан жери жок, мен билип эле турам, ошо менин эр сөрөйүмдүн кесепетинен, кайберенге жасаган кесиринен келип минтип биздин башыбызга тийип отурат. Ай, айбан десе! Оңбой кал! Боор ооруу дегенди билбейт, каргыш тийгир. Дагы түштөн кийин бөлтүрүктөрдү сууга ыргытып жиберем деп жулунганын кантесиң?! Жакшылык бетин көрбөгүр!

Ошо карышкырдын каргышы карабашыңа тийгиси бардыр, акмак.

Аял дагы көпкө чейин эрин оозуна келген жаман сөздөр менен каргап-шилеп жатты. Аны кой-ай деген киши болгон жок. Баса айтпаса төгүнбү, ушу түн түшүп, караңгы кирип келе жатканда алыскы тоо арасындагы ашуунун белине эшик төрдөй жетпей ушундай заманбап машиненин болбогон жерден бузулуп калышы жөн жерден боло калган окуя эместир, балким анын да купуя сыры, алигиден бери кеп кылып жаткан карышкыр эненин да тиешеси бардыр. Ким билет? А мүмкүн кыйчалышкан кош кырсыктын катталыша калганы тек гана кокустуктан пайда болгондур, Азаматтын күтүлбөгөн жерден сууга боюн ташташы, агасы Качынын орой мамилеси менен баланын өзгөчө ызакор, намыскөй мүнөзүнөн улам чыгып, ага кошул-ташыл болуп минтип алып учуп келаткан машиненин бузулуп, ара жолдо калышы жөн гана техникалык себептендир. Баланын кылык-жоругун айтпаган күндө да, темир деген темир, кайдан, кимдин колунан жасылып чыкканына карабай саат, мүнөтү туура келип калса тоо арасын, анын ашуусун карап отурмак беле бузулгусу келсе бузула берет, токтоп жүрбөй калат. Аны дагы кайдагы бир карышкырга байланыштырууга болобу? Ушунун өзү туурабы, деги? Ал бөрүнүн ошончолук эле касиети болсо убара тартып антип каргап боздоп отурбай жексен кылчусун биротола жайлап, жүргүзбөчүсүн ордунан жылдырбай салбайт беле, бая эле тыкыйтып?!.. Анте албайт да, болбосо.

Айтор ушинтип ар кимиси ой жоруп, өз өзүнчө мелтирешкени менен негизги, чыныгы себеби эмнеде эч бири ачык айталган жок. Болгону ийиндерин куушуруп тим болушту. Баса эмне деп айталат?

Толгонуп сарсанаа тарткандары Азамат, анын абалы, астыртадан ага көз жиберишет, үмүткөр.

Анан оо кудайлап тынбай жалынган Качынын аялына кошулушуп Алла Тааламдын боорукерлигине, анын кең пейилдигине ишенишет, андан арга күтүшөт, тиленишет.

Белде майда карларды учуруп ызгырылган шамал уруп турган экен. Зыркыраган суук коюн – кончко кирип дене калчылдатат, саамга да бет алып тура албайсың. Уюган коюу караңгылыкты асман көтөрө албай биротола жер бетине түшүрүп жибергенсип теребел көзгө сайса көрүнгүс, эч жактан жылт эткен учкун да байкалбайт, балким тоо башы ушундай караңгы болобу, түнү?

Машиненин мелмилдеген жылуу ичи акырындап сууп, суук аба ыркырап кирген жылчык-тешиги жок, кынапталып эшик терезеси бекем жабылса да сырттагы ызгардын илеби менен отургандар кийиз, жууркан-төшөктөргө оронушуп алгандарына карабастан чыйрыга башташты. Чыдабашка башка арга жок, Машиненин ичине жылуулукту мотор берет. Бир дыр этип айланууга чамасы келбей калган кыймылдаткычтан эмне пайда, сынган темирден кайдагы жылуу тап келсин?

Трактирди күтүүдөн башка арга жок.

Чиркегичин калдыратып сүйрөп алып трактир журтка күүгүм кире жетип келди. Азыркы трактирлер мурдагыдай эмес, мындай тоо аралап кеткен таштуу жолдо ылдамдыгы жагынан кээ бир машинелерден кем калышпайт, айрым ой-буйтка, тик өрлөрдөн ашса ашып да кетет. Анын үстүнө трактир жеке менчик, ээсинин жер иштетсе күч берген да, жүк тартып калса талып-ташыркабаган бирден бир ишенимдүү унаасы да. Сылап сыйпап, көз карегиндей сактаган кыймылдуу мүлкү, ишенгени да, иштешкени ушул трактир.

Журтка жетээри менен Качы иниси Чыңгыздан сурап алган шишени койнунан сууруп чыкты.

— Мындан бирден сеп этели!

Тиги дулдуюп анын үстү башына бир карап алды:

— Өзүң сеп эте бер! Мага болбойт, жол жаман.

— Кудай сактасын! Ме, тартып ал. Кел!

Тракторис ачуусу келгендей кол шилтеп алды.

— Ичкиң келип турабы, иче бер өзүң! Кишини азгырба! Бол тез, караңгы түшө электе жолго чыгалы.

Башка сөз болгон жок. «Итке сый жарашпайт!» деген чын. Мүнөзү кырс, эшектей тээжик неме . Мейли, кайра мага жакшы! — Качы өзнүчө күңкүлдөп кырдуу стаканга аз бөксө арак куюп бир дем менен тартып алды. Арак дагы ичкен оозго жарашат, керсейгендер жүрө берсин, тишинин кирин сооруп.

— Баса, ити да бар эмес беле, күчүктөрү менен. Мен азыр…

Эмерек, отундарды жүктөп бүтүп аларды таңышып жатып эстей койду Качы.

Мүшөк тепкичтин үстүндө экен, канчыкты эки күчүгү менен дароо эле салды. Ит жоош, анын үстүнө Качыны башынан тааныйт, кыңк эткен жок. Өзү деле сезип жаткан көрүнөт, көчүп жатышканын.

— Күчүктөрү үчөө деп жатпады беле, бирөөсү кайда? – Эңкейип тепкичтин алдына көз жүгүртсө үйдүн жертөлөсүнө кире турган жеңдей тешик бар экен, ошо аркалуу кирип кеткен өңдөнөт, көздөрү жылтылдайт.

— Ме, ме. Күчү, күчү.

Күчүк чыга турган эмес, же колунда бир сындырым наны жок, бери таштап алдап чакырып алганга. Күчүлөгөнгө боло турган эмес, дагы чаңк-чаңк үрүп коёт, жашабагыр.

Аңгыча тракторис кыйкырып калды.

— Эй, болбойсуңбу?! Сени эмне ошо жерге байлап койдубу?

— Бир күчүгү чыкпай.

Мүшөктү суна берди эле тиги аны ашата сөгүп алды.

— Ошо күчүк экөөңөрдү, эн-неңди… Керек болсо мобуларын да ыргытып жиберем. Отур, далдырабай!

Качы үн катпай кабинанын эшигин ачты. Трактористен чыны чочулады, каяша айтканга жараган жок. Отура берип бөтөлкөнүн оозунан кылт-кылт жутуп алды:

— Өзүнө жаман! – деп койду, чыйт түкүрүп. Кимге карата айтканын өзү деле билген жок,

Саам өтпөй түтүнүн буркуратып тарактаган бойдон трактир жүрүп кетти.

Жайлы жайлата чуру–чуу түшкөн малдар, аларды тосмологон адамдар бары текши көчүп кетип өрөөн ичин өлүмсүк тынчтык басып мемиреген караңгылыкка чөмүп баратты.

Эч нерсе менен иши жок, көнгөн жайында бейкапар уйкусун улантып Тайбас ошентип алыскы сырт өрөөнүндөгү эски журтта жалгыз калып калды.

Эртеси чоң шашке болуп калганда трактир, чиркегич, машине болуп сүйрөшүп айылга жетишти, көчмөндөр. Бийик дабандын суугубу а балким ушунчалык узарып кеткен жол азабы таасир эттиби күн чыга Азамат элдир селдир кыймылга келип акыры сүзүлүп көзүн ачты. Келаткандардын кубанычын айтпа! Дароо дарылоо пункутуна барышып ага керектүү уколун сайдырып, дары-дармегин беришти.

— Эки-үч күн кыймылдабай жылуу жатсын! Мен өзүм да барып карап турам — деди догдур келин.

Акбар ыңгайы келе калганда бөлтүрүктөр жөнүндө Азаматка акырын шыбырады: — Аларды экөөлөп багалы ээ, сен макулсуңбу?

Тиги башын ийкегилеп азыр эле бөлтүрүктөргө жетип барчудай ордунан ынтылды эле тургандар чуулдап жиберишти.

— Кайда? Сага турууга болбойт азыр! Жат.

Баарысы тынчыгандан кийин Акбар кайра келди анын жанына, үңкүйүп. Кабагыгына кар жаайт. Үнү да муңайым чыкты.

— Тайбас калып калыптыр, сыртта…

Азаматтын оозу ачыла түштү.

— Кантип? Кандайча?

— Билбейм. Качы атама жакшы эле айткам.

Акбар сөзүн улай албай солуктап, көздөрүнөн мөлтүлдөгөн жаштар төмөн карай кулап жатты: — Ө — өлүп калат го… байкуш күчүгүм. Тай-бас-ым. Уу – уу.

Күчүктүн сыртта калып калганы менен эч кимдин иши болгон жок, бардыгы дүрбөшүп Азаматтын жакшы болуп кеткенине сүйүнүшүп, түлөөнүн камын көрүп жүрүштү.

 

* * *

 

Карышкыр жулунган бойдон короого кирип келди.

Бул кезде күн али чыга элек, анын нурлары жаңы гана тоо чокуларына тийип ээн өрөөн эми биротола төшүн керип дал уйкунун кучагында жткансыйт, мемиреп. Муздак жел аргынын гана аягы тынбайт, кокту-колот, ой кырларды аралай чаап. Тээ бийик асман бетинде өңүт чалган бүркүт айланат, жай. Ээн калган өрөөн ичи аны да таңкалдырып жатса керек. Чыркылдашкан майда куштардын үнү, Ташкороого дароо эле учуп келалышпай алгачы дубалдарга конуп, эки жакты абайлап карашып: «Сен башта! Жо. Сен башта..!» дегенсишип бири бирин шыкактагандай чыйпылдашат. Мемиреген тынчтык да опурталдуу, аларга. Дал ушинтип дабыш угулбай туруп эле күтпөгөн жерден алардын өмүрүнө коркунуч алып келген жырткыч пайда боло калат, заматта. Абайлабаса болбойт! Буларда да мына ушундай кооптуу жашоо! Бир эсе баары пыр-р этип көтөрүлүп учуп кайра тамга конушту, бир нерседен шек алды көрүнүшөт.

Уйкусу чала канган Тайбас чыкты, короого. «Кайда кетип калышкан, баарысы? Энеси, бир туугандары, баарынан да досу Акбар кайда? Эмне үчүн ал жалгыз?» Оозун арандай ачып эстеп алды. «Кайда башкалары?»

Чыркылдашкан куштар да тымып калышты: «А бул баягы шок күчүк тура! Ал бизге тийбейт» дегенсишип бир –экиден шашылбай учуп келишип конуп жатышты, короого.

Таңга жуук Тайбас жертөлүнүн астынан чыгып энеси жаткан жерге келген. Жалгыз жатып чыйрыгып калыптыр. Анын үстүнө курсагы да ачып. Энесинин эмчектерин соро жатып уйкусун улантууну көздөгөн. Мурун деле ушундай учурлар көп болучу. Кызык. Энеси да, бир туугандары да жок. Алар кайда кетишти? Эч нерсеге түшүнбөй муздакта көпкө туралбай кайра ордуна кирген. Эч кимиси жок, короодо. Кечөө кечке жуук бирөөнүн чакырганын ал капарына да алган эмес, эгер Акбар досу болгондо анда иш башка эле.

Тайбас энеси жаткан тепкичтин алдына келип жаңы гана бүк түшкөн. Ушул учурда короо ортосуна конуп алышып, андан бир нерселерди чокулашып жеп жатышкан куштар дүр-р этип учуп, көз ирмемге жетпей лөкүйгөн карышкыр кирип келди, короого. Ал токтоп калган жок, жыт улап алгачы кечөө эле өзүнүн бөлтүрүктөрү камалып жатышкан күпкөгө жетип барды. Жыт ошолор дуку! Бирок өздөрү жок. Дайындары да билинбейт. Кана алар? Жана эле өз көзүнө чалдыккандай болбоду беле? Кайда житип кетти? Саамга делдирей түшүп тегерегин искеди эле өзүнө тааныш жыт үй тарапка кетиптир. Ал жактан адамдардын, малдардын а түгүл иттин да жыттары келип жатты. Аларга көңүл бурган жок, ал өз күчүктөрүн издеп келди, аларды табышы керек! Башка эч нерсенин кереги жок ага.

Жыттан тумшугун албай тепкичтин жанына жетип барды. Башка дагы жаңы жыт кошулуптур.

Карышкырдын оттой жанган саргыч көздөрү кенедей тумшугун койнуна катып бир ууч болуп бөгүп калган күчүккө урунду. Ал өзүн кармай албай калды, жини келип, ызасы заар болуп канын кайнатып жиберди. Бөлтүрүгү деп иттин ушу күчүгүн көрүп алдыбы?! Демек жаза көрүп алган экен да. Эмне үчүн эки аяктуу мерес адам анын бөлтүрүктөрүнүн ордуна ушу муштумдай күчүктү калтырып кетет? Анын сүйүктүү күчүктөрү кайда? Карышкырдын азуулары арсайып араандай ачылган оозуна Тайбас буюм да болмок эмес, чайнап да, чайнабай да кулк эткизип жутуп коймок. Анда-санда тишине урунуп калган коёндун чуркап жүргөн бөжөктөрү мындан чоң болдбосо кичине эмес го, алар деле буйдамга келбей курсагына кирип кетип жүрүшпөйбү.

Анын капкара тумшугу күчүктүн жонуна жаңы эле тийип, эми оозун ачып сугунуп аларда денесине ток тийгендей зырп этип токтой калды. Башын кескин

көтөрүп өз көзүнө өзү ишенбей жаткандай жалдырап ага тигилди .

Ачылган жаактары жабылбай дагы бир ирет искеди аны. Жок. Жаңылбаптыр!

Дале өзүнүн өлүү же тирүү экенин сезбей жүрөгү түшүп бүрүшкөн күчүктөн карышкыр бөлтүрүктөрүнүн жытын искеди. Ошолордун жыты! Демек бул күчүк ошолор менен бирге, чогуу жүргөн экен да. Анда алар кайда?

Күтүлбөгөн жерден напсиси кайт болуп карышкыр кыймылсыз туруп калды, Тайбастан алыстап басып да кете алган жок. Канча кылган менен андан өзү эңсеген жагымдуу жыттар келип жатпайбы. Дале шектенүүсү таркабай эне карышкыр тээ бир кыйлада барып эңкейип күчүктү кайрадан жыттады. Тумшугу менен түртүп капталына оодарып коюн, курсагын искеди эле баягы эле жагымдуу, жедеп каңылжаарына сиңип бүткөн жыт. Ошондо гана күчүктүн бөлтүрүктөрү менен бирге болгонуна биротола ишенди. Ылым саноосу артып башын кыйшайтып ага көз кыйыгын жиберип коёт, жанынын кыйналганына андан ылаажы издеп кандайдыр бир ымала күткөндөй.

Өлүм коркунучунан арыла албай алиден бери чала өлүк болуп, дени сууп калган күчүк жылтыраган көздөрүн жүлжүйтө ачып өзүнөн анча алыстабай солуктап турган карышкырга карады. Алгачы эле анын тирсийген эмчектери көзүнө урунуп, ичтейи кабырылып өзөгү карарып турган неменин дароо эле обору ачылып сугу артыла түштү. Энесинин дал эле ушундай эмчектерин ээмп курсагын тойгузчу эмес беле?! Ачкалык болгон кыймыл аракетин ээлеп алып, ага аргасыз баш ийип акырын баш көтөрдү, кантип болсо да желинге жылып жетип, тирсийген эмчектерди бирден оозуна салып соруп-соруп алгысы келди. бирок даай алган жок. Канча кылган менен башка, өтө коркунучтуу жандык болучу, ошондон улам ордунан козголо алган жок. Карышкыр башын буруп аны карап да койбой, тескерисинче желини жер тартып жаткансып арткы буттары бүгүлүп көчүгү менен отуруп калды, шоңшойуп. Өзү деле билген жок эмнени күтүп отурганын. Коркунучтуу адамдардан ээн, бош чөйрө ал үчүн табылбаган жай эле да мындай жерде өзүн эркин сезип каалагандай тиричилигин улантчу, желе жортуп адыр-кырларды аралап алдынан жолуккан жандыктарды баса калып жеп курсагын толтуруп, анысын уяда калган бөлтүрүктөрүнө жылуулай кулгуп берүүчү, сүткө толгон желини алар үчүн кошумча тамактануунун булагы эле. Ушинтип бейгам өткөрүп келаткан жашоосу чарт үзүлгөн тасмадай, кечөөкүсү бүгүн кайталанбай өзү көнгөн тиричилик ыргагы нугунан тайып эне карышкыр ушул тапта чынында эле айла-амалы куруп не кылаарын билбей турган. Экинчи жактан эмчектери да чыңалып сыздап ооруп, мурда кийин сезип көрбөгөн кыйналуудан кантип кутулуунун аргасын табалбай акыл эси мокоп, башы маң эле.

Дегинкиси бөрүлөр кыйын учурда өздөрүн да аябайт. Кокус капканга илинип калса аңчыга тирүүлөй түшүп берүүнүн ордуна ошо чаптырган колу-бутун чайнап салып бошонуп кете беришет. Бул дагы акылдуулук, анткени колго түшүргөн адамдар аны сөзсүз өлтүрүп салышат, андан көрө аксагына карабай аман калганы алда канча артык эмеспи. Жарык дүйнөдө тирүү жүргөндөн өткөн бакыт барбы?! Болгону ошол өмүрдү татыктуу жашай гана билиш керек! Төшүнөн тартып чандырына чейин жеткен желинин кантип тиштеп, канткенде аны бүтүндөй сыйрып салалат? Антүүгө эч мүмкүн эмес.

Көкчекир бөрү эне кокусунан эле эмчектери аяр сорулуп жан жыргаткан жагымдуу сезим акырындап дене боюн бүтүндөй каптап келатканын туйду, алгачы эч нерсеге түшүнбөй, ошентсе да чочутуп албоодон тартынып саал башын буруп алды тарабына көз жиберди. Оңбой ка-ал! Күчүк анын тирсийген эмчектерин ээмп жатыптыр! Кош ууртунан ак көбүк буртулдайт, мурунтан бери эле эмип жүргөндөй биринен сала бирин сорот, эмчектин.

Көкчекир акырында бир тарабына кыйшайып сунала боюн керип жатып берди: кайдан жайдан пайда болгон иттин күчүгү аны кыйнаган азаптуу ооруудан арылтып, жан жыргаткан бейпилдикти тартуулап жатса кантип аны жек көрүп, ага кол салат?!

Ошентип, эч убакта элдешкис душманынын күчүгү күтүлбөгөн жерден анын эмчегин ээмп, бөлтрүктөрүнүн ордун ээлеп анын эң жакын жандыгы болуп калды!

Мындай окуянын күндө болбосо да айрым бир учурларда кездешип калышы анча деле таңкалычтуу болбосо керек, анткени жер жүзүндөгү бардык эле жанжаныбарлардын жалпы энеси касиеттүү жаратылыштын өзү го…

Тайбас тээ, далайда ойгонду. Жарык дүйнөгө келгени ушунча таттуу уктап көрбөгөн чыгаар: жаңы энесинин кубаттуу сүтү, түндө үшүп жалгыз калып энесин, бир туугандарын издеп улам сыртка чыгып уйкусунун чала болгону өз таасирлерин тийгизди көрүнөт.

Керилип, чоюлуп оозун араандай ачып эстеп бир далайга кыймылсыз отурду, кантип аман калды, ичтейин өзөөрткөн ачкалыктан эмне болуп кутулду ал жөнүндө ой жүгүртө алган жок, андай жөндөмдүүлүктөн алыс эле, тек гана жаңы энесинин сүтү өзгөчө даамдуу экенин сезип кайра кайра шилекейин кулк-кулк жутат. Эки капталы торсойуп курсагын тээп, ансыз да ныгырылып сүткө күптү болуп турган, баскысы келген жок, башын буруп туш тарабына көз жүгүрткөн болот. Жалгыз баскандан эринди, эртели кеч бу короо түгүл тегеректин баарын кыдырышчу эмес беле, Акбар экөө. Кызык, эми ал дагы жок. Кайда? Энеси, жатындаштары жана досу Акбар эсине түшүп өзүнчө кыңшылап койду. Эмне үчүн таштап кетишти, аны?

Короодо жайылып жайнаган куштар жүрүштү, мал жандардын көчүп кетип, тегеректин ээн калышы аларга да эркиндикти кенен берген экен. Кантсе да ар жандыктын жашоо тиричилиги ар кыл эмеспи, бири өзүнүн кубаттуу, ылдам аягынын жардамы менен курсагын тойгузса, канаттуулар жемдүү, дандуу жерлерди бийиктен байкап көрүп анан келип конуп жемсөөлөрүн толтурушат.

Чөп чарлуу жерге караганда короо ичи алар үчүн коопсуз, айлана тегерек даана көрүнүп ээн эркин жайылып оттогонго, канат куйруктарын жайып салып эс алганга өтө ыңгайлуу эле. Жумшак, жылуу кык дагы жагымдуу жай болуп алардын купулуна толчу, канаттары менен бырыксыта чапкылап, кагынып силкинип алышчу, жемсөөлөрү толгондон кийин.

Бул кезде күн түштөн ооп, сургулт ала булуттар асман бетин каптап келат кан. Жел аргы күчөп муздак шамал көтөрүлүп калган. Сырт өрөөнүндө аба ырайы тез өзгөрүп турат. Күрткү баскан калың кар жаабаганы менен карандай сууктун деми күч, колго көнгөн малга оор эле.

Тайбас кайрадан уйкуга кирген. Курсагы деги ток, тепкич алды атайы туш тарабы тосулгандыктан шамал тийбей ыктоо, кыйла жылуу болучу. Асты да жумшак, жатындаштары менен энесинин койнунда жатканда суук эмне экенин билчү да эмес.

Кандайдыр бир шыбырттан ал ойгонуп кетти. Баш көтөрүп көз жүгүрттү эле денеси дүр этип жүрөгү опкоолжуй түштү. Мурун мындай жандыкты көргөн эмес, тура калып үнүн бардыгынча чаңкылдап үрүп жиберди. Азыр бул жайга а түгүл бүтүндөй короого ал ээ, өзү кожоюн. Башка жандыктардын келүүгө акысы да жок. Кандай неме ээн баш? Энеси же үй ээлери болгондо бу короого башбакмак да эмес. Короо жай ээн, аны кайтарган эч ким жок деп ойлосо керек, жаңылышат. Мына мен бармын! Мен ээсимин! — Өз үнүнө эрдемсип күчүк болгон деми менен үрүп жатты.

Тиги шиш тумшук, көзү ойноктогон узун куйрук шыпылдаган неме экен чаңк-чаңк этип күчүктүн үнү чыкканда чочуганынан бир эсе ордунан түйүлүп секирип кетти. Бул кадимки эле түлкү болучу. Бул жерден кыйла алыс эки-үч адырдын аркы бетинде ийни, анда беш –алты бачикилери бар. Кишилер бар кезде чыны бул тарапка каттачу эмес, балдары али жаш, аларды коргоп өз ийнине да өтө аярлык менен кирип чыга турган. Адамдар, андан да алардын иттери түлкүнүн коркунучтуу душмандары эле да бар айла-амалдарын колдонуп алардан алыс болууга, деги эле алардын көздөрүнө илинбөөгө аракеттенүүчү.

Эки-үч күндөн бери өрөөн ичи уу-дуу болбой теребел тымып калгандан улам шимшилеп аң уулаганга чыккан.

Түлкү күчүктүн жалгыз экенин сезип аны колго түшүрүүнүн айласын издеди, эң башкысы анын кандайдыр бир жакка жылт этип кире кача турган жолун тосуу керек, калганы өз колунда. Үй алдындагы жеңдей тешик күчүктүн жашына турган бирден бир ишенимдүү жайы экенин ал дароо эле сезе койду. Башка эч жакка кача албайт.

Тайбас болгон ачуусун үнүнө чыгарып кулактарын тикчийтип, куйругун чыгырык кылып ырылдап да, үрүп да жаткан. Ошентип жатып учурду өткөрүп жиберген экен тиги лып секирип келип анын жолун тороп калды:

«Аа балакай, колго түштүңбү? Эмнеге мынча катуу чаңкылдайсың, ия?! Сен мени тааныбайсың го. Мени билбесең да керек, а балким биринчи жолу көрүп жаткандырсың. Ушундайбы? Ким экенимди эми билип ал! » — деген кейипте эле.

Түлкү күчүктү курч тырмактары менен чапчып тепкич алдынан сыртка ыргытып жиберди. Каңшылаган бойдон тигиндей кулап түштү. Этинин ооруганын да сезген жок, өлүм коркунучу бүтүндөй акыл эсин ээлеп, не кылар айласын табалбай бир ууч болуп бүрүшүп калды. А тиги болсо узун куйругун ары бери бурап, агыш жүн каптаган төшүн керип анын маңдайына чакчаңдап жетип келди.

Күчүк абалын толук түшүндү. Өзүнүн эч коргоосуз жалгыз экенине, ага болушаар, кандай коркунуч болсо да аны сактап калаар жакындары жоктугуна эми гана ишенди. Энеси да, Акбар досу да дайынсыз жок. Кишилер да, демейде короо аралап жүргөн башка иттер да көрүнбөйт. Карышкыр энеси аны таштап кетип калыптыр. Эми мынабу чакчарылган түрү суук желмогуздун алдында жападан жалгыз, өзү гана. Алыша кетсе ага алы да жетпейт. Тайбас ызасына чыдабай каңшылап үрүп жатты. Анын башка аргасы жок эле.

Тиги башын койкоңдотуп алдын тосту.

«Сен дос, эми менден кутула албайсың! Менин бачикилерим ачка отурушат, мени күтүп. Аларга тамак алып барышым керек. Тамак! Түшүнүп жатасыңбы, макоом?!» — дегендей ойсоңдоп ары бери секирип бир азга күчүктү оюн кылмак болду.Дегинкиси түлкүлөр мышыктарга окшоп өз курмандыгы менен ойногонду абдан жакшы көрүшөт. Бул сапар да көнгөн адатынан жанган жок.

Алибетте, бул чычкан эмес ошентсе да аны ары бери аласалдырып эрмектегенге неге болбосун? Сөзсүз болот!

Түлкүнүн тырмактары менен өзү обочо туруп алып колун сунуп күчүктү чапчып тигиндей ыргытты. Ай – асманга үнү жете чайылдаган Тайбас дагы кулап түштү. Анын топтой томолонгону кызык көрүнүп эми бир ирет чапчыганга умтулуп калган, түлкү.

Мындай болуп кетээрин ал күткөн эмес. Күчүк да акыркы демин тартып бул жарыкчылык менен кош айтуунун алдында эле. Күтүлбөгөн жерден түлкү «ча-й!» этип тигиндей учуп кетти. Алгачы эч нерсеге түшүнгөн эмес. Чубалган куйругу түбүнөн жулунуп, өзү көмөлөнүп барып кайра тура калды да этинин ооруганына кайыл болуп короодон атып чыкты. Ачуу үндөн күчүк көзүн жума калган эле, көздөрүн ачып караса карышкыр энеси маңдайында турат, түлкүнүн куйругун тиштеп. Өз энесин көргөндөй Тайбас муңкана кыңшылап жиберди. Канчалык ынтылса да денесин көтөрө алган жок, эки арткы буттары майышып шилтенбейт, чыгып же сынып кеткенби анысын айрып билген жок.

Түлкүнүн куйругун таштап Көкчекир бөрү энеси жакын келип башын кыйшайтып күчүктү карап калды. Тайбас өзүнүн болгон арыз муңун айтып жаткандай кыңшылаганын баскан жок, эптеп жетип энесинин буту колуна сүйкөнүп эркелегиси келди, ага. Жанагы желмогуз келип кол салганы жатканда бөрү энеси эсине да келген эмес экен, көрсө ал дагы ага болушуп, аны коргойт турбайбы. Күчүктүн кубанчын айтпа, ал кандай бактылуу!

Көкчекир энеси анын жонунан аяр тиштеп тепкичтин алдына алып келип

жаткырды. «Кыймылдабай жат, бутуң ооруйт!» дегендей тумшугу менен секин түртүп маңдайынан жалап койду.

Мына ушинтип Тайбас дагы бир ажалдан калды.

Ушу күндөн тартып карышкырдын түгөнбөгөн түйшүгү башталып эми анын караганы эле күчүк, желини толгондо келип анын жанына жатып каалашынча эмизет, андан тышкары курсагындагысын кулгуп берип аны жеп бүтмөйүнчө күтүп отурат. Өзү деле анча алыстап кетпей кулак түргөнү эле короо тарап. Өткөндө күчүктүн чаңкылдап үргөн үнү угулганда аркы бетте ийинге кирип кеткен кашкулакты аңдып отурган. Тайбастын аянычтуу каңшылаганын угуп чыдай алган эмес, аяк керип короону көздөй жөнөгөн. Дагы жакшы, үлгүрүп калды, болбосо шум түлкүдөн бардык нерсени күтүүгө болот.

Бөйдө жерден куйругунан ажырап, баарынан да кара башынын аман калганына сүйүнүп экинчи жолу бул тарапка баш бурбоону чечти.

Күндөр өтө берди. Аба ырайы тез-тез бузулуп, кээде майда карларды учуруп бороон улуйт. Тоо беттери калың карга басылганы качан. Тээ бийикте оттогон кайберендер ылдыйлап эми дээрлик баары түздө, ээн калган сырт өрөөнүндө аларды ким тосмоломок, бирде адыр аралап кайра бийиктеп шамал карын учуруп кеткен беттерге жайылып жүрө беришти,

Көкчекир энеси Тайбастан эч аянган жок. Түнү анын жанында, имерилип тепкич алдына кирип келет, катуу сууктан өз деми менен аны жылытып жатат. Таңга жуук жортуулга чыгып кетет да желе жортуп кокту–колот, адыр түздү аралап жүрүп курсагын толтуруп кайтат, түшкө жакын. Эбак эле байып, шалбыраган желининен сүт чыкпай калган, энеснин кулгуп берген жылуу, жаш эти Тайбаска күнүмдүк азык. Ошого өзү да көнүп курсагы ачканын сезген жери жок.

Күндө жеген жаңы жаш эт өз таасирлерин тийгизди көрүнөт күчүктүн сынган буттары, кабыргалары бүтүп алгачы көчүгүн сүйрөп анан акырындап аксаңдап баса баштады. Көкчекир ыраазы болгондой башын бир тарабына кыйшайтып карап калат, отуруп калса жакындап келип тумшугу менен түрткөн болот. Оюнда анын тез эле басып, өзүн ээрчип кетишин күтөт окшойт. Балким өз бөлтүрүктөрүнө теңештиреби, эгер алар жанында болгондо ушул тапта сыртка алып чыгып эмдигиче аларга баш тоголотуп, өз жандарын өздөрү багуунун көптөгөн ыкмаларын үйрөтө баштамак. Неге ыкчам басып кетпейт? Эмне үчүн мынча мажирөө? Көкчекир түшүнө албайт, ошентсе да энелик мээримин төгүп ага жасаган камкордугунун чеги жок. Бардык жандыктардын тиричилиги тамак-ашка байланган эмеспи, бул жагынан Тайбас эч үзгүлтүккө учураган жок, ар дайым курсагы ток эле. Энеси турганда тамак маселеси өзүнөн өзү чечилип калчу. Мындай шартка күчүк түлкү менен кездешип андан оор жаракат алгандан бери туш болуп, жашоо, өмүр өткөрүү ушундай болсо керек деген түшүнүктө жүргөн.

Күндөрдүн биринде Көкчекир энеси мурдагыдай эртелеп ордунан туруп кеткен жок, жылуу ордунан козголбой Тайбас менен бирдикте тепкич алдында жата берди.

Күн суук, ызылдаган шамал эбактан бери өчү бардай коюн-кончко кирип, тийген жерин заматта зыңкыйтып тоңдурганга өтөт. Тоо-таш, өрөөн ичин бүтүндөй кычыраган аяз ээлеп алган.

Күн жаңы гана көзүн жылтыратып тоо артынан көрүнүп калган кезде көнгөн адаттары менен топ-топ болуп жайнаган куштар учуп келишти. Короо ээн, коркуп-үркө турган башка жаныбар деле жок, кык арасынан өзүлөрүнө керектүү азыктарды чокулашып бейгам жайыла башташкан.

Карышкыр ордунан турду, талыкшыган дене боюн жазып керилип чоюлуп алып башын буруп эч капарсыз жаткан күчүккө көз кыйыгын жиберип койду. Уйкусу канып жөн гана сууктан корголоп жаткан күчүк бул сапар эне-синин башкача кыймыл аракетин астыртадан сезип, анын өзүн карап турганын да туйду. Эмне белги болот же күндөгүсүндөй туруп алып өз жортуулуна чыгып кетеби? Тайбас башын көтөрүп энесине карады.

Кийнки кездери буту колунун ооруганы мүлдө басылып, баштагысындай эле чуркап, аңсаңдан секирип өтүп өзүн кыйла жеңил сезип калган.

Эриккенде короодо жайылган куштарды кууп ойногусу келет. Андан анча коркушпай кайра учуп конуп аны эликтешип, бирок жандарына жакын жолотушчу эмес.

Бөрү энеси жамажайын тартып кандайдыр үн чыгаргандай болду. Күчүк эч нерсеге түшүнгөн жок, ошентсе да ордунан турду. Бир жакка чакырып жатабы? Көкчекир кылчайып карап койбой жылып короого чыкты. Тайбас да аны туурап дабыш чыгарбай энесин ээрчиди.

Бул кезде куштар чар жайыт жайылып жүрүшкөн. Тепкичтен өтө берип эле карышкыр бет алды качырып калды, бейгам жайылган куштар заматта бүлүк түшүп үлгүргөнү учуп чыгып, бир бирине урунушуп буйдалгандары бөрүнүн оозунда калып аларды буртулдатып чайнап жүрөт. Эки-үчөө жерде жатат тырпырап.

Тайбастын таңкалганына чек жок. Оозу чала ачылып тиги жаткандардан көзүн албай турган жеринде отуруп калды. Эмнеге энеси аларды кууп жиберди? Эмне үчүн бардыгы учуп кетпей, кээ бирлери жерде жатат? Күчүк эч нерсеге түшүнгөн жок.

Энеси аны карап койбой оозундагы куштарды чайнаган бойдон желе басып короодон чыгып кетти. Тайбаска эч белги берген жок. Ал былк этпей ордунда калды.

Куштар көпкө чейин келишкен жок, коркуп калышты көрүнөт. Тырпырап жаткандардын айрымдары буттарына туруп басканага аракет кылышса бирөөлөрү кыймыл какпай кулаган жерлеринде жатышат, Дымыраган короо ичинде ар жак, бер жагына көз жүгүртүп коюп Тайбас көпкө отурду. Күндөгүдөй жайнаган куштардын бири жок, алар ага эрмек эмес бэле.

Түш ооп күн ылдыйлап баратты. Муздак жел аргы күчөп аяз катуу. Асман бети тоңгон муздай көгөрүп, булут челген ак баш чокулар кол учу жетчүдөй жакын аралыктан менменсине заңкайышат.Үймөлөктөшүп тоо артына жашынып калышкандай көзгө урунаар үзүм булут жок, теребел тастайып тунуп турду Кыймылдабай отурганга Тайбас чыйрыгып акырында ордунан козголуп аргасыздан тепкичтин астын көздөй басты. Эмнегедир энесинен дайын жок. Бул маалда эбак эле келип, курсагындагы этин кулгуп берип андан тоё жеп күчүк магдырап кайра уйкуга кирчү. Курсагы ачканынан уктай алган жок. Кечөөтөн бери оозуна наар алалек, энеси да кечигип.

Күчүк кайра короого чыкты. Кызык, мурдагыдай эле жайнаган куштар жайылып жүрүшөт. Кыймыл какпай жатып калгандарын айланып өтүшүп, эч нерсе болбогондой күндөгүдөй эле бейгам, бир нерсе талашып чокуша кеткендери да бар. Тайбастын кабагына кар жаап, маанай пас. Күндөгүдөй тиги куштар да кызыктырган жок. Тегерегин кылчак–кылчак карап коюп тепкичтин алдына кайра келди, жатканга көңүлү чаппады. Деги энесине эмне болгон? Эч качан мынча кечикчү эмес, күрсүнүп алып шоңшойуп отуруду.

Курсак ток болсо көңүл да ачык, туш тарапты карап бир нерсеге алаксыса болот эле, ал эми өзөк карарып ооздон кара суу келип турганда эмнеге көңүл чабат? Ал кайра сыртка чыкты.

Күн батып бараткан. Куштар кайдадыр учуп кетип короо бош. Кыймылсыз жаткан эки куштун канаттарын күчөп келген жел аргы бырпыратып учуруп жан киргендей ордунан ары бери козгоп жатты. Тайбас аларды кызыга карап отуруп бир маалда ордунан туруп бирөөнүн жанына басып барды. Өзү күткөндөй тура калып учуп кеткен жок ал, канаттары бырпырап жата берди.

Эртең менен бөрү энесинин аларды жеп жүргөнүн көргөн. Күчүк аярдык менен кушту тиштеп көрдү эле тиштери анын денесине батып, кандын даамы тилине татыды. Ал эми өзүн токтото алган жок, куштун саксайган канат куйругуна карабай үзүп жулкуп кушту жей баштады. Кулгуп бергенге кара ганда анын эти өзгөчө башкача сезилди, Тайбаска.

Дал ушул учурда шып этип Көкчекир энеси короого кирип келди. Ал жакын эле жерде жаткан окшойт, балким күчүктүн өз алдынча тиги кушту жешин күтүп жатканбы, аны өзүнөн башка ким билет, сынагандай Тайбаска бир көз жүгүртүп алып тепкичтин жанына отуруп калды. Күчүктүн экинчи кушту жешин күттү көрүнөт.

Мына ушинтип учурунда өзүнүн андан кийин бөрү энесин ээмп, Акбар досунун колунан нан, Көкчекирдин кулгуп берген этин жеп ошо менен жанын багып келген Тайбас алгачкы ирет даап барып кушка тиш тийгизди, анын этинин даамын татты. Ошентип ал алгачкы ирет өз курсагын өзү тойгузду. Бул эң манилүү учур болчу да дал ушинтип өз курсагынын камын өзү көрүүгө аргасыз кылуу баарысынан да бөрү энесинн далалаты экенин билген да жок.

Эртеси бул иш кайрадан кайталанды, бирок жерге кулап түшкөн куштардын бирин калтырбай энеси баарын терип жеп алды. Күчүк андан көзүн алган жок, балким кайра кулгуп берер деп күттү. Көкчекир болсо анын бар жогун унутуп калгансып тескери караган боюнча дагы кыйлага отурду да бир маалда шашпай ордунан туруп Тайбасты карап койбой желген бойдон короодон чыгып кетти. Эч нерсеге түшүнбөй күчүк отурган бойдон ордунда кала берди. Дүркүрөп учуп кетишкен куштар бир топко асманда айланышып жүрүп эч нерсе болбогондой кайра келип конушту короого. Талаадагы эбак куурап, сөңгөгү менен зыңкыйып тоңуп калган куурайлардын дандарын моюн созуп чокулагандан көрө мизилдеп ээн жаткан короодон жемсөөлөрүнө жук болоор азык издөө кыйла оңой болсо керек.

Чынында эле коркуп калышкан экен Тайбасты тигиндейрээктен айланып өтүп, өздөрүнчө куркулдашып жайылып жүрүштү.

Тайбас куштарды карап отургандан жадап тепкчтин алдына барып жатып алды. Курсагы ачып турган. Эмне үчүн энеси аны тамактандырбайт? Ал өзү дагы эмнелерди жасашы керек?

Анткен менен бөрү энесинин өз билгени бар эле. Жапайы жашоонун шарты катаал дагы, ар бир жырткычтан өзгөчө билгичтикти жана жөндөмдүүлүктү талап кылат. Ээн тоонунбу же учу кыйырына көз жетпеген эбегейсиз кеңдиктинби жапайы жаныбарлары өз жанын өзү багат, аны башка бирөө тамак-аш менен камсыз кылбайт. Качан, кайдан азык таап, курсагын тойгузат ал ар кимиснин өз иши, ал эми өз курмандыгын издеп табуу, анын сактанып коргоноор айла–амалын алдын ала билип алып анан ага кол салуу ошол жырткычтын жөндөмдүүлүгүнө жараша.

Колдон тамак жеп көнгөн иттин күчүгү мындай касиеттен оолак экенин талдап билбесе да карышкыр ага өз бөлтрүктөрүндөй мамиле кылып ага жапайы жашоонун шарттарын үйрөтө баштады. Учурунда Көкчекирдин өзүнө деле анын энеси өз алдынча жан багуунун жол жобосун акырындап өздөштүртүп, өзүнөн алсыз курмандыкка кантип, кандай жол менен кол салуу керек экендигин баш тоголотуп жакшы эле үйрөткөн болуу керек. Ал эми жөндөмдүүлүк, ар кандай ыкма, айла-амал тиричиликтин ыргагында акырындап пайда болот тура. Ошентсе да мындай шартта жашоонун керектүү жол-жобосун өздөштүрүү курсак аркалуу гана болоорун, а бул өзгөчө таасирлүү сабак экенин Тайбас күн өткөн сайын көбүрөөк сезе баштады. Тамак табаарда бөрү энесинин кылганын сөзсүз дал өзүндөй жасашы керек экен, антпесе ачка калаарын күчүк нечен ирет сезип билди! Энесинде кайталоо – кайрып көрсөтүү деген жок, бир ирет көрсөттүбү бүттү, ачка калбайм десең дал ошондой кылып аткар! Көкчекир экинчи жолу кайталабайт.Үйрөнгүң келбейби, көңүл бурбай жалкоолоносуңбу анда өз убалың өзүңө. Сага кошулуп эч бир жан ачка болбойт. Ушуну эсиңе бекем түйүп ал деген мамиледе бөрү энеси.

Жапайы жырткычтардын эч жерде жазылбаган бул эреже-тартиби жөндөн жөн пайда боло калбаса керек. Катаал турмуш неге гана үйрөтпөйт!

Тайбас энесинин артынан келаткан. Ал эми короого конгон куштарды кууп жетип тырпырата баса калып жеп алганга да үйрөндү. Антпесе ачка калат. Бул сапар өтө эле эрте чыгып кетишти короодон. Куштар али учуп келише элек болучу. Көпкө жүрүштү жон-кырларды аралап. Күн түшкө жакындап Тайбастын курсагы ачып туш тарабынан жегенге ылайык нерселерди издейт.

Адыр боорлоп келатып кокусунан эле Көкчекир бүгүп калды, аны туурап күчүк да бүк түштү. Канчалык тиктегени менен алды тарабынан эч нерсени көралган жок. Баш көтөрүүдөн айбыкты, керек болгондо энеси белги берет. Анча деле көп убакыт өтпөй кокусунан эле тура калып энеси алга карай секирип барып бир нерсени баса калгандай болду.

Ушул күнгө чейин ал короодон алыс чыга элек болучу. Башка кандай жандыктар бар экенин да билүүчү эмес. Караса энеси кулактары узун бултулдаган бир жаныбарды тиштеп алыптыр. Өзү көрүп жүргөн куштардын бирине да окшобойт.

Көкчекир Тайбасты караган жок, желе басып каптал тараптагы тик өрдү көздөй жөнөдү.

«Эми курсагым тоёт, килейген немени бүтүндөй жей албайт, мага да берет» — деген ниетте шилекейин чала-була жутуп күчүк анын артынан жөнөдү. Көңүлү көтөрүлүп өзүн жеңил сезип калды. «Демек, бул жакта да жей турган азыктар бар экен!» — ушундай түшүнүк пайда болду сезиминде.

Энеси кырга чыгып тиштеп келгенин дароо эле жегенге киришти. Сугалактанып Тайбас жетип барды эле көзүнүн чаарын чыгарып энеси жекире карады. Анын мындай коркунучтуу көз карашын ал алгачкы жолукканда байкаган, күчүктүн деми буулуп артка кетенчиктеди. Тигиндейрээк барып бөгүп калды, демек энеси тамак жеп жатканда ага жакындоого болбойт экен, бул дагы өзүнчө сабак болучу, ага.

Көкчекир эч шашылбастан кумарлана тиги жандыкты жеп жатты, эти абдан ширин окшойт, узун кызыл тили менен эриндерин жалап коёт. Тайбаска көңүл да бурган жок, ал жөнүндө таптакыр эле унутуп калгандай. Күчүктүн ого бетер арааны ачылып, кыңшылап бирде жатып кайра тура калат, бирок жакындап келүүгө даабайт. Тартип деген тартип, аны бузууга акысы жок.

Жандыктын тулкусу бүтүндөй желип, шалпылдаган кулактары менен тоголок башы гана калыптыр. Көздөрүн албай тигилип турган Тайбаска карап алып башты тумшугу менен түртүп төмөн карай тоголотуп жиберди:

«Ал! Кууп жетип же, Ал эми сеники! »

Өзүн зорго кармап турган күчүк алып учуп баштын артынан түштү. Бет тоң, сыйгалак да болучу, ага караган жок эки-үч ирет жыгылып кайра туруп жатып акыры баш ойго жеткенде гана аны кууп барып баса калды.

Бул дагы негизги сабактардын бири экенин Тайбас аңдаган да жок. Эки күн өтпөй энеси аны кайрадан талаага ээрчитип чыкты. Өткөндөгүдөй кокту–колотторду аралап эртеден бери келатышкан. Бир кичирээк кырга чыгып энеси өңүт алып отурду. Тигиндейрек бөгүп жаткан Тайбастын көзүнө тоңгон чийлердин дүңгөсүнөн башка эч нерсе көрүнгөн эмес. Саам өтпөй энеси шалбыраган жамажайын тартып ага көз кыйыгын жиберип алып кайра алдына карады. Күчүк алда немеге камынгандай өзүнчө эле комдонуп төмөндөгү дүңгөлөргө тигилди. Энеси бекер белги бербептир, абайлап караса өткөндө өзү жеген узун кулактуу жандыктар жүрүшөт, бир нерселерди оттоп. Анын каны кызып турган, атылып барып тигилердин бирин баса жыгылгысы келди. Эми жаңы эле ордунан умтула бергенде бөрү энеси секин «Рр-р!» этип тыйып салды: «Кайда?! Эмнеге шашыласың. Жат! » Деми сууп Тайбас бөгүп калды, демек башка бир сыры болуш керек. Анткен менен энеси көпкө күттүргөн жок, төө куйруктарга далдаланып алдыга карай сойлоп жөнөдү. Минтип жылганын мурун көргөн эмес, аны туурап аракет кылып көрдү эле тоңуп катып калган куурайлар курсагын тытып ооруганынан чыдай албай бөкчөйүп туруп алды. Тигилер көрө койбос деген ойдо эле энеси байкай коюп азууларын арсайтып дароо белги берди: «Эңкей! Ылдый болуп жөргөлө!» Баш ийбеске аргасы жок, денесинин ооруганына карбай Тайбас сойлоп жөнөдү. Анча деле көп жерге барган жок, байкаса энеси алды жагына абайлап көз жиберип тымып жатыптыр. Акырын баш көтөрүп караса узун кулактар жакын эле жерде жүрүшөт, оттоп. Эч нерседен шек алышпай чоңу да, кичинелери да серең-серең секирип бир дүңгөдөн экинчисине өтөт.

Көкчекир көчүгүн көтөрүп комдоно калды, Тайбас да аны туурап салмагын арткы буттарына салып денесин жыйырды. Кайсынысын качырсам дегендей алды тараптагы коёндорго тигилди эле тим турбай аралашып, ары бери жылып бирин да тандай алган жок. Аңгычакты энеси алга карай ынтылгандай болду. Тайбас да секирди. Ары карап оттоп жаткан узун кулактын жонуна жармашып тумшугу тийген жерин тиштеди эле тиги катуу мөңкүп арткы буттары менен шалак-шалак тепкилеп алып заматта көздөн кайым болду.

Тайбас саамдан кийин эсине келип көзүн ачса чийдин дүңгөсүнүн түбүндө жатыптыр. Көкүрөгүнүн ооруганын сезди, алиги узун кулак далдап туруп аны төшкө тепкен көрүнөт.

Энеси андан алыс эмес жерде бир коёнду жеп отурган экен кабагын бүркөп ага кыйгач карап койду: « Алыңа карап кичинесин качырбайсыңбы, макоо. Кардыңды жара теппегенге сүйүн!?» деген тейде.

Жапайы жашоонун шарты Тайбаска көп нерселерди үйрөттү, курмандыкка чалынчу жандыкты алгачы абайлап карап анын ал абалын, турган турпатын, алы күчүн баамдап–талдап туруп анан кол салуу керектигин билди, энесине караганда ал алда канча кашаң болучу, майпалаңдап катуу чуркай да алчу эмес. Көкчекир бир секирүү менен алалбай калган жандыгын зыркыратып кууп жүрүп акыры жетчү да анан демин басканча жай отуруп алып жегенге киришчү. Али өсүп жетиле элекпи же анын дене түзүлүшү башкабы качырган жандыгынын эч бирине жеталбай кыйла жерге анын артынан салпактап чуркап барып анан калып калычу. Ызасына чыдабай чаңкылдап үргөнгө кирчү. Мындай аң улоонун далайын өткөрдү, бирок андан тийиштүү майнап чыкпагандан кийин ачкачылык деген дагы бир окутуучусу аны башкача ыкма колдонууга аргасыз кылды. Шериктеш бөрү энеси да четте калган жок, бакма баласынын өз алдынча жан багып кетишине ал көбүрөөк кызыкдар эле, өзү билген көптөгөн жол жобо, ыкмаларды көрсөтүп ага үйрөтүүнүн үстүндө болду. Ошентсе да мурдагы өз бөлтүрүктөрүндөй эмес анын кандайдыр ыкшоо, мажирөө андан да өзгөчө кашаң экенин сезип да, байкап жүрдү. Жадаганда: «болду, эми өз жаныңды өзүң бак, мен сага кечке үйрөтө албайм!» — деп аны таштап басып кетсе деле болмок, бирок ал анткен жок, тескерисинче ага түшүнүү менен мамиле кылып аны жалгыз калтырбай ар дайым ээрчитип алып бирге аң уулап, чогуу өңүткө чыгып жашоо тиричиликтерин удантыша берди.

Тайбастын айлана чөйрөгө болгон түшүнүгү кеңейип, таш короодон башка да басса түгөнбөгөн адыр, кырлар, ой тоолор бар экенине көзү жетип, аларда учуп конгон куштардан кескин айырмаланган коён, түлкү, ар түрлүү чычкандар, дагы көп жандыктар бар экенин билди. Аларды кармап жегенге үйрөндү. Көрсө, тамак-аш деген ээн тоонун арасында көп эле экен.

Бир ирет түн кирип караңгыда энеси экөө ээрчишип капчыгай башынан ылдый түшүп келатышкан. Энеси байкабай калды көрүнөт куркулдаган үндөн улам токтой калды Тайбас. Анча катуу эмес бирок жанталаша үн чыгарганынан килейген таштын түбүн жылып барып караса бир чоң кушту түлкү будалап жатыптыр. Ал дагы аңдып келип жаңы гана баса калган көрүнөт

Бул улар болучу. Ээн өрөндө эркин тукумдап жайлата балапандарын өстүрүп чоңойтуп эми суук түшкөндөн бери өз алдынча жашоосун улантып келаткан болуу керек. Бийиктеги бул чоң таштын түбү анын түнөгү экенин билип калган шум түлкү шимшилеп жүрүп ага жетип баса калган түрү бар. Тайбас токтоп калган жок, байкатпай жетип барып дароо эле түлкүнүн алкымына асылды.

Мындайды күтпөгөн түлкү «ча – ай!» этип четке каргыды, карышкан жаагы ачылбай Тайбас анын алкымында. Түлкү жанталашып ары бери силкип, толгоно бултактап кекиртегине жабышкан балекеттен эптеп кутулуунун аракетин жасап жатты.

Алгачы коёнду аңдып келип баса калганды, анда да нечен ирет мажирөөлүк кылып качырып жиберип канча жолу ачка калып жүрүп аң улоонун түркүн жол жобосун акырындап өздөштүргөн эле. Бара бара колго түшүрөр курмандыгын алыстан байкап, анын качаар жагын болжоп алып, анан эч шашылбастан ал күтпөгөн тарап менен көрүнбөй жылып барып капысынан качырып баса калып кол салуу Тайбас үчүн эми көндүм ишке айланып калган. Мындай ыкма менен өзүнүн ал-кубаты жете турган коён, арс чычкан, же канаттуу куш окшогон майда жандыктарды колго түшүрсө болот. Ал эми алда канча чоң да, күчтүү да жаныбарлар менен кармашуу ал өлүмгө тете экенин Тайбас жакшы билет. Жапайы дүйнөдө аёо, боор ооруу же кечирүү деген болбойт. Андай учурда же ал, же сен — башка жол жок! Алың, айла-амалың жетеби тартынба, качыр да басып жыгыл, ал сенин курмандыгың! Олку-солкулукка жол жок. Болбосо өз алыңды билип шүк жүргөнүң оң.

Буга чейин бөрү энеси аны эки-үч ирет түлкү менен кармаштырган. Биринчи жолу коёнго кол салгандай Тайбас чычкан аңдып отурган түлкүнү качырып барып баса калган болучу. Мындайды күтпөгөн неме болгон күчү менен асман-аяк секирип үстүнөн кулап түшкөн Тайбастын өзүн кайра качырып аз жерден чайнап таштай жаздаган, дагы жакшы энеси жетип келип түлкүнү алкымдап, кокосун бүтүндөй жулуп алган. Ошентип бул сапар Тайбас дагы бир өлүмдөн кутулган эле.

Капысынан түлкүнүн тишинен бошой түшкөн улар канатын күүлөп, төмөн карай куркураган бойдон учуп кетти. Ал дагы бир өлүмдөн калды көрүнөт, байкуш. Тиштери алкымга батып тилине жылуу кан куюлуп күчүк болгон деми менен колкону жулка тартты эле бирок биротола түп орду менен жулуп алганга күчү жеткен жок. Антсе да ач кенедей алкымга жабышып, белгисиз өжөрлүк менен жаагын ачпай анын алдында сүйрөлүп жүрө берди. Ушул тапта деми буулуп алы кетип түлкү теңселип зорго турду. Мурдагыдай кескин кыймыл да жасай албады. Тайбас анын сендиректей түшкөнүнөн пайдаланып кош аяктап тура калып кекиртекти бырча-бырча чайнап жиберди.

Кандай жандык болбосун анын алкымы өзгөчө талуулу жер, ал аркалуу аба да, тамак да денеге өтүп, кан да ары бери чуркап, канчалаган нерв кылдары коштоп анын тирүүлүгүн камсыз кылып турат, дене бойду алардан ажыратуу демек ал жаныбарды өлүмгө кыйуу дегенге барабар.

Бардык эле жандык капысынан качырган жырткычтан эң алды алкымын коргойт, анын арсайган азууларынан сактанат. Ыгы келе калса кайра аны омуроосу менен көмөлөтө уруп кутулуп кеткен учурлар да аз эмес. Аңдып келип баса калган уларга алаксып жатып түлкү байкоостон күчүккө алдырып койду, энесин туурап Тайбас байкатпай качырып келип түз эле анын алкымына асылган эле, жыйынтык өзү каалагандай болду, каршылык көрсөтүүгө алы келбей түлкү мүрт кетти. Бут да серпкен жок.

Алардын кармашканын карап бөрү энесинин алиден бери четте отурганын Тайбас эми гана байкады. Опол тоодой бир чоң ишти аткарып салгансып күчүк башын көтөрүп өлүп жаткан түлкүгө өйдөтөн көз жиберип койду:

«Ажалың ушинтип жетмек, акмак!» — деген сыңары. Тили болгондо энеси да аны мактайт беле, көңүлүн көтөрүп:

«Азаматсың! Андан өчүңдү эми алдың!» — деп.

Неси болсо да тоо арасындагы ээн короодо жалгыз калган Тайбастын жапайы жашоо тиричилиги ушинтип өтүп жатты.

 

* * *

 

Алгачы эле бөлтүрүктөргө зым тордон күпкө курушту Акбар менен Азамат, кой короонун бир бурчуна. Өздөрү кирип чыккандай эшик орнотуп, экөө эки бөлөк тамак ичишкендей идиштерин коюшту. Ысыкта көлөкөлөп же суукта корголоп жатканга чийки кирпич алып келишип чакан уя жасашты.

— Тайбас болгондо үчөө ойноп жата беришет эле – Акбардын өкүнүчү күч.

Азамат үн катпайт, жакын тууганы Качыны тилдейби, тилдегенден пайда чык са кана.

«Сырттан карышкырдын эки бөлтүрүктөрүн алып келишиптир!» деген кабар айыл ичине тез эле тарап эми аларды «Көрөбүз !» — дегендердин аягы басылбайт. Чоңу, кичинеси дебей эртели кеч ушу короодо, топурашып. Баары кызыгып алар жөнүндө көп нерселерди билгилери келишет. Жапайы жырткычтарды кээ бирлери китептерден окуп, кино-телевизордон көрүшкөндөрүн айтышса, айрымдарынын алар жөнүндө түшүнүктөрү да жокко эсе экен. Ким эле тоо таш, өрөөндөрдү кыдырып жапайы жандыктар менен аралашып жүрүптүр?

— Ий байкуштар, кыбыраган немелер тура. Уйдун сүтүнө көнүп жатышабы?

— Көнбөскө аргалары канча? Көнүшөт.

— Бир аз чоңоё түшүшсө анан этке өтүшөт да.

— Күнүгө эт кайдан табылат? Өлүп калышат го, ачкасынан байкуштар.

Буга окшогон сөздөр күнүгө айтылат, аларды уга беришип Акбар менен Азамат жадагандай да болушту көрүнөт.

Алгачы бөлтүрүктөр анча деле түйшүк алып келген жок. Алдыларына калыңдап саман салып жылуурак жатышсын деп койдун терисин таштап коюшту күпкөсүнө. Баарынан да тери абдан жакты экөөнө, энелерин издешеби алгачы жүндөрдү баштан аяк шимшилеп жыттап чыгып, бирден бучкакты тиштеп кичинекей майда тиштери менен мүлжүңдөп чайнашып чарчаганда аны соруп жатып уйкуга киришет. Көпчүлүк убакта ойноп эрмек кылгандары эле тери.

Эртели кеч сүт ичишет, акырындап нан кээде эт жешет. Берген тамактын баарын калтырышпайт, тандоо деген жок.

Күндөр өтүп чоңоё баштаганы мурдагыдай бучкактарды сорбой эми терини ары бери сүйрөп, бири биринен талашып жулкуп чет бучкагын үзүп алышчу да болду.

Акбар менен Азамат сабактан келгенден кийин ээн огородго чыгарып экөөнү ары бери чуркатып ойногонго киришет. Балдар келишет, күчүктөрүн көтөрүп алышып. Деги эле жапайылык мүнөздөрүнөнбү башка күчүктөр менен дароо эле алышып-күрөшүп ойноп кетишпейт, алгачы баштарын кыйшайтышып саамга карап турушат, булар кимдер, коркунучтуубу, ойноого болобу деген тейде. Өздөрүнө да жакындатышпайт, ырылдап сүр көрсөтүп.

Тэ, бир кыйла убакыт өткөрүп толук сыр алышкандан кийин анан акырындап жакындашып, ошондо да аяр, ойногонго киришишет. Кандай болгон күндө да кылык-жоругу, өздөрүнүн шамдагай, өтө сезгичтиги менен карапайым күчүктөрдөн кескин айырмаланып турушаарын байкашты, балдар.

Чынында эле бөлтүрүктөрдү багыш үчүн күнүгө аз болсо да эт азыктары талап кылынып, акырында Актан агайдын демилгеси менен мектеп окучулары ар кандай жолдор менен карга, таранчы, көгүчкөндөрдү кармап келүүгө өтүштү. «Көп түкүрсө көл» деп бекер айтышпайт да, бөлтүрүктөрдүн тамак ашы кенен, алгачы сугалактанышып бергендин баарын жеп алышчу. Мүмкүн алардын жартылышы ушундайбы, дегинкиси карышкырлар карды толуп, курсагы салаңдап кыйналып турушса да курмандыгын бүтүндөй жеп кеткенге аракет кылышат. Жегенинин жарым жартылайын балдарына кулгуп берген учурда да бир нече күн кыл кыркпай жүрө бергенге башынан көнүккөн. Жапайы жашоонун шарты оор да, катаал да.

Шара менен Шерге эртең менен анан кечинде өлчөп тамак берип калган убакта жөн коюшту. Ойношсун, укташсын, башка убакта айлана чөйрөгө, үй жандыктарына карап отура беришсин деген ойдо болушту, Акбар менен Азамат.

— «Бөрү баласы ит болбойт!» деген сөз бар, буларды бекер эле багып жатасыңар, убара болуп, — дешсе, башка бирөөлөрү:

— Туура эле иш кылып жатышат, бала-чака келип көрүшсүн, билишсин. Карышкырдын бөлтүрүктөрүн ким эле көрүп жүрүптүр, чоңоюшканда зоопарктарга өткөрүп жиберишсе деле болот — деп колдогондор да бар.

— Баккандары өздөрүнө да, башкаларга да жакшы. Колдон келсе бөлөк жандыктардын балдарын да багып өстүрүш керек, бу жапайы жаныбарлардын жашоолорун, кулк-мүнөздөрүн билип алышса жаманбы? Адам деген көп нерселерди билиши абзел, ал эми жаратылыштын сырлары абдан татаал, өзгөчө кызык. Аларды үйрөнүү мына ушинтип жапайы жандыктар менен аралашуудан башталат. Билсеңер, бүт өмүрүн жапайы дүйнөнүн сырларын ачууга арнап койгон адамдар бар, алар дүйнөгө аты чыккан мыкты окумуштуулар, алар менен эл сыймыктанат, мамлекеттик көптөгөн сыйлыктар берилген. Том-том болгон эмгектери бар, алардын. Мүмкүн биздин балдардан да келечекте атактуу окумуштуулар чыгаар. Ал эми бу жигиттер абдан туура иш кылып жатышат, демек буларды колдоо гана керек! — Актан агайдын айткан сөзү ар кандай ой жорууларга чекит коюп, кээ бирлерин ойлондуруп салды көрүнөт. Мына ушундан кийин бөлтүрүктөрдү багуу керекпи же жокпу деген кайчы пикирлер басылып, тескерисинче көргөнү келгендер алардын мүнөздөрү, кылыктыры жөнүндө сурашат. Билгилери келишет. Өзүң жашап турган жаратылыш чөйрөсүн, алардагы жанжаныбарлар дүйнөсүн, алардын сырларын билүү кимге болсо да кызык эмеспи. Мунун баары Акбар менен Азаматка да абдан эле чоң демөөр болуп калды.

Ошентип күндөр өтө берди. Шара да, Шер да тамак берер учурду билишет, убактысы келгенде оюндарын токтотушуп тор артынан моюндарын созуп Акбарды күтүп турушат. Бир аз кечигип калса бири бирин жактырышпай, ырылдашып а түгүл талашып кармаша да кетишет. Шара мурун түшкөнбү саал кырдуурак, Шерге оңой менен моюн бербей аны будалап жиберет бир паста. А курсактары тойгондон кийин эми эле урушкандарын эстеринен чыгарышып моюндашып жатып алышып уктаганга киришишет. Улам чоңойгон сайын экөөнүн өнөрлөрү чыгып Акбар менен Азаматка эрмек, окуудан келишкенден кийин алардын жанында. Огородго чыгарып алып жарыштырып, бир нерселерди алдырып, бир бирин алыштырып кечке оюн курушат. Бирок, канчалык аракет кылышса да экөө тең өз аттарын үйрөнүшө алышкан жок, атынан айтып бирин чакырса жарышып экөө тең чуркап келет. Урушса кайра аларга ыркырап жакын болсо тиштеп алганга аракет кылышат.

— Жапайы да! Ошон үчүн буларды жырткыч деп коюшат, абайлагыла, — дейт Актан агай.

Күндөрдүн биринде эски УАЗ менен үч киши келип калды. Шопурдун катарында отурган пакене бойлуу сары мурутчан, торсойгон толук адам үн-сөз айтпай түз эле короого кирип бөлтүрүктөр жаткан күпкөгө жетип барды. Жаш милиционер жигит аны ээрчип алыптыр.

Акбар сабактан жаңы келип түшкү тамагын да ичелек болучу.

— Ким буларга ээ болуп жүрөт? Кайдан, качан алынып келинди? — деп сурады жакындап келген Акбардан.

— Саламатсызбы? Сиз кимсиз? Арт жактан шашпай басып келген узун бойлуу кишиге көз жүгүртүп койду сары мурут, ээги менен Акбарды көрсөтүп. «Ким экенибизди айтып койчу, бул балага» — дегени окшойт.

— Уулум, биз областан келдик. Жапайы жаныбарларды коргоо жаатында иштейбиз, Бу киши ошо мекеменин баштыгы.

Акбар аз жерден күлүп жибере жаздады: торсоюп чын эле жем салган баштыкка окшош экен.

— Кана, жооп бер! — деп шаштырды милийса жигит.

Дал ушул кезде Азамат да жетип келди. Машинени көрүп чуркап келген көрүнөт, демигип алыптыр. Салам айтып четке туруп калды, сөз тыңшап.

— Сырттан ала келгенбиз. Энелеринен адашып өздөрүнчө жүргөн жеринен кармап келип багып жатабыз.

Тиги баштык Акбардын сөздөрүн уккан деле жок көрүнөт, колдорун чөнтөгүнөн чыгарбай күпкөнү айлана басып бөлтүрүктөрдү ынтаа коюп карап жүрдү.

— А энеси кайда кетиптир?

Акбар ийнин куушуруп койду.

— Анысын билбейм. Мобу балдарына да айпай кеткен окшойт, энеси.

Узун бойлуу киши күлүп Акбарды далыга таптап койду.

— Хе-хе. Энеси айтып кеткенде булар эмне жашынып калат беле, силерден?

— Биз буларды алып кеткени келдик! Эшиктин ачкычы барбы? — деди кодоо өкүм сүйлөп,

Акбар тайсалдап калды.

— Ачкычты билбейм. Апамда болсо керек.

— Апаң кайда? Алыспы?

Милийса жигит кулпуну кармалап көрүп:

— Буга ачкычтын деле кереги жок, кытайдын кулпусу тура — деди. Тартып көрдү эле ачылган жок. — Лом болсо.

Дал ушул кезде Актан агай да келип калды, кыязы Азамат дароо эле ага жетип барган көрүнөт. Саламдашып болгондон кийин тиги торсойгон кишиге кайрылды.

— Эмне үчүн күпкөнү ачканы жатасыздар?

«Сен кимсиң?» деген тейде торсойгон баштык Актандын үстү башына карап алып жанында турган узун бойлуусуна каш кагып койду. Өзү жөнүндө айылдык немеге айтып отурууну ылайык көргөн жок окшойт. Тамагын жасап алып шашылбай алиги сөзүн кайталап:

— Бу бөлтүрүктөрдү алып кеткени келдик! — деп кошумчалады.

— Эмне, кол менен ачылбайт бекен? — Тигилердин сөзүнө көңүл бурбай милийса жигитке кайрылды, баштык.

— Лом болсо ачылат!

— Азыр… Шопурду чакырчы!

Актан дароо эле тиги чоңдун жолун тороду, ал машинесин көздөй басып бараткан.

— Ломду коё туруңуз! Ага чейин али көп сөз бар.

Экөө бет маңдайлашып тиктешип калды.

— Эмненин негизде бөлтүрүктөрдү алып кетебиз деп жатасыз?- деп сурады Актан шашылбай. – Колуңузда кандайдыр бир кагазыңыз барбы?

Тиги чоң мындай каршылык болот деп күткөн эмес окшойт, алактап алгачы эле милийса жигитке карап алды.

— Биринчиден, — деди чыйылдаган үнү менен — Жапайы жырткыч жандыктардын ии… балдарын жеке менчикте багууга тыюу салынат! Экинчиктен, мына органдын кишиси турат, карышкырлар Кызыл китепке жазылган. Аларды атууга, жок кылууга болбойт! Түшүндүңүзбү?! Ушундай тууган! Сиз бизге жолтоо болбоңуз, ансыз да шашып жүрөбүз. Мындан башка да ишибиз чач-тан көп. – Быдылдап бат-бат сүйлөп бүтүп тиги шеригине акырая бир карап алды: «Сен да бир деме деп сүйлөбөйсүңбү, жалдырап карап тура бербей!»

Бейкапар турган неме шашып калды:

— Ооба, ооба. Кичинекей немелерди колго багууга болбойт, өлүп калышат…

Актан ууртунан жылмайып койду баш чайкап:

— «Ошо тыюу салынат!» деген кагазыңызды көрсөтөсүзбү?

Чоң жоопсуз калган жок.

— Көрсөтөм, только алар кеңседе. Бөлтүрүктөрдү азыр машинеге салабыз, жанына өзүңүз кошо отурасыз да биз менен базага жетип, андан кийин…

Актан анын сөзүн бузду, колун көтөрүп.

— Алгачы кагазды көрсөтөсүз, калганы андан кийин… Ушундай!

Тиги чоң туталанып кетти. Жини менен милийса жигитке атырылды.

— Эй, сен бир деме дебейсиңби?! Жапайы жаныбарлар – мамлекеттин менчиги! Аларды атууга, кармоого атайы руксат керек! Жеке адамдардын эч акысы жок, минтип үйүнө алып келип багууга.

Милийса жигит жонуна камчы тийген арабанын атындай селт этип өзүнчө итенип алды, честь берчүдөй колун чекесине алып барып эсине келе калды көрүнөт чыкыйын чукулаган болду.

— Бу абам, тоюсь башкармалыктын башчысы туура айтат, жаш карышкырларды алып келип бакканга атайы руксат керек. Аны лицензия деп коёт, андай руксат болбогондон кийин бөлтүрүктөрдү алып кетүүгө булардын толук акысы бар. Мына ушундай!

Ары бери өткөндөр топтоло берип короо ичи толо. Ар кимиси ар кайсы сөздү айтып жатышты, дуулдашып.

— Жапайы жандыкты үйгө алып келип багууга болбойт! Берип салганы оң.

— Убара тарткан өздөрү, мейли бага беришсин. Чоңойгондо зоопаркка өткөрүп жиберсе болот да.

— Туура, ошентишет!

Акбарлардын маңдайкы кошунасы соодогер киши эле, жума сайын базарга эт сатат, айылдаштарынан арзан мал алып. Бирөөдөн акча өндүрүү жагын өтө мыкты билет, бирок өзүнөн сокур тыйын да чыкпайт. Ошондон улам болсо керек аны Сапы-сараң деп коюшат көзү жокто, жердештери. Ортого кире калып кычы сүйлөгөнгө өтө маш. Алиден бери болуп жаткан окуяны өз коросунан байкап туруп эл көбөйгөндө акырын басып келген. Сөздөр тынчый калганда үнүн көтөрө чыгарды.

— Агайындар! Мен башкадан чочулап жатам: бу бөлтүрүктөрдүн энеси эмки

жылы көчүп барганда малдарыбызды кырат да кырат. Ал өч алат, жөн калбайт! Мен деген элди ойлоп жатам. Анча–мынча малдан көз көрүнөө айрылып калабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, тиги анын күчүктөрү чоңойсо малды тим кой, өзүбүздүн балдарыбызга да кол салышы мүмкүн. Чынбы ыя?!

Баары дуу дей түшүштү.

— Туура! Туура.

— Сапыкем ак сөз айтып жатат, бөлтүрүктөрдү берип салыш керек! – деди эле тургандардын бирөө, кээ бирлери кол чапкылап калышты. Алагүүлөрү да жүрүшөт, үнү катуу чыккандарга кошулуп.

— Ак сөз! Жырткыч деген жырткыч.

— Чоңоюшса кол салышаары турган иш дечи.

Өзүн колдоп кеткендерге ыраазы болуп аларга баш ийкеп койду, Сапы. Көкүрөгүн керип, тамагын жасап тегерегин карап алды, кыязы элдин көңүлүн өзүнө бурганга эрдемсине түштү окшойт.

— Алгачы сөз төркүнүн ачып коёюн туугандар, бөлтүрүктөр жөнүндө бул агайындарга кабарды мен айттым. Мына мен! Анткени жеке менчик иштен мамлекеттин башкача айтканда элдин кызыкчылыгын жогору коюш керек! Бул сөздү баарыңар эле жакшы билесиңер. Мен өзүм чындыкты сүйгөн адаммын. Ушундайбы агайындар?! Бөлтүрүктөр элге зыян келтире электе, а булар болсо адистер экен, ушуларга бериш керек дейм. Мен туура эле айтып жатам.

Тургандар бирин бири түрткүлөшүп өздөрүнчө күлүп калышты. Жаңы машинесин айдап Чыңгыз келип калды, ушул тапта. Азамат агасына да телефон чалган экен.

Тургандар менен учурашкандан кийин дароо эле сөзгө аралашып эмнеге кыжылдашып жатышкан себептерин тактап алды да тигидейрээк басып барып соткесинен кимдир бирөөгө телефон чалды. Аны менен бир аз сүйлөшүп алып милийса жигитке кайрылды.

— Ме, сүйлөш! Начальнигиң…

Алиден бери өзүн ушул маселени бирден бир чечүүчү адам катары сезип, тегерегиндегилерге үстүртөн көз жиберип капарсыз турган милийса жигит заматта алактап шашып калды. Телефон аппаратын кош колдоп кармап:

— Угуп атам жолдош начальник! — деди үнү калтаарып.

Айтуучу сөздөрү карматпай качып жаткансып тегерегин жалт-жалт карап кекечтенип оңдуу жооп бере албай жатты.

— Ооба, ооба. Бүгүнбү? Эс алууда болчумун…Суранганынан анан… Билем. Би… Макул. Сиз айткандай болот, жолдош начальник!

Заматта боз ала болуп өңү өзгөрө түшкөн жигит түз эле машинени көздөй басты.

— Кеттик, аба! Мени районго жеткизиңиз, начальник өзү күтүп жатат!

Тиги кодойгон адам басып баратып өзүнчө сөгүнүп алды да кайрылып Актанга карады.

— Президенттин өзүнө кирсем да «Жапайы жырткычтарды жеке менчикте кармаганга тыюу салынат!» деген кагазды алып келип колуңа карматам, жигит! Шашпа!

Актан күлүп калды, алаканын жайып:

— Ха-ха! Эч жакка шашпайбыз, биз дагы ошондо тиги бөлтүрүктөрдү сиздин колго карматабыз!

Тургандардын күлкүсүнө аралаш УАЗ силкинип алып тыртырап жүрүп кетти.

— Чыңгыз келе калбаганда күчкө салып алып кетмек экен ээ, бөлтүрктөрдү?

— Бу жактан кабар болгон турбайбы.

Аңгыча кимдир бирөө кыйкырып калды:

— Ой Сапыке, сиз каякка чуркап баратасыз? Баарыбир тигилерди кууп жете албайсыз.

Тургандар каткырып күлүп калышты.

Кулжуңдап үй тарбына шашыла кирип бараткан Сапы кайрылган жок, көздөгөн максатына жетпей калганы үчүн ичи күйүп өзүнчө сөгүнүп бараткан шекилдүү. Анын бүгүнкү жоругу айылдаштарына көпкө сөз болуп жүрдү.

Ич күйдүлүк, көрө албастык деген илдет айрым адамдарга тынчтык бербейт көрүнбөйбү.

Шашып келген экен Чыңгыз машинесине отуруп жатып Акбар менен Азаматты чакырып алып катуу эскертти:

— Бөлтүрүктөрдү абдан жакшылап бекиткиле! Кокус көчөгө чыгып кетишип

бирөөлөрдү коркутушса анда иш чатак болот. Абайлагыла!

Келгендерине үч айга жакындап мурдагы ымтырап колдон сүт ичип, берген тамакты да зорго түгөткөн бөлтүрүктөр эми таанылгыс, шыйшактары узарып, жүндөрү жылтылдап, кулактары тикчиет, карагандары да, баскан тургандары да башка. Энесинин карамагынды болгондо эмдигиче майда жандыктарга аз аздан кол салып калышмак. Бул жерде тамак даяр, оюнга карап майда үй жандыктарын куугандары болбосо алайын, жейин деген түшүнүктөн азырынча алыс. Ошентсе да жырткыч деген жырткыч, ага ишенүүгө болбойт.

Акбар менен Азаматтын караганы эле бөлтүрүктөр, огородго чыгарып алып келген балдар менен чогуу ойнотуп, дене бойлорун жазат, башка күчүктөр менен алыштырып аларга жасаган мамилелерин байкашат. Кээде тоокту кармап келип аны жыттаттырып бирок ага тигизбейт, тиштейин десе тумшукка чаап этин оорутуп коюшат: аны тиштегенге да, жегенге да болбойт. Билип ал!

Денесинде жырткычтын каны ойногон бөлтүрүктөрдүн мындай катуу айтылган сөзгө, жасаган мамилеге ынанганы канчалык экени азырынча эки доско белгисиз болучу.

Кыш келип, айлана тегеректи мелтиреген ак кар басып калган. Суук да күч, суулар тоңуп өйдө-ылдыйларды жылгаяк кылышып балдардын көбү бош убактыларын ошондой жерлерде өткөршөт.

Күндөрдүн биринде Акбарлардын үй тарабынан аялдын ачуу үнү чыгып калды.

— Коку-уй! Кокуй. Жеп салды-ы! Кырып салды-ы…

Эки дос да балдардын арасында чана тээп жүрүшкөн, дароо эле үйдү көздөй зуу коюшту. Алардын артынан балдар дагы жөнөштү чубап. Өтүп бараткандардын кайрыла калгандары да бар.

Экөө жетип келишсе бөлтүрктөр жок, күпкөдө. Тордун бир чети көтөрүлүп калыптыр, тытмалап жатып ошо жерден чыгышканы издеринен байкалат. Чуркап бакка чыгышса Шара менен Шер коңшу аялдын огородунда бир тоокту көкбөрү тартып жүрүшптүр. Бири тиштей качса экинчиси аны кууп жетип оозунан жулуп алып андан ары качат. Кайра куушат. Аппак кар бети сапырылган тоок жүнүнө толо. Тиги экөө оюндун кызыгына батып эч нерсеге карай турган эмес. Чакырган үндү да угушпайт, жумшак карларды буркуратып огороддун аяк башына чыгып деги эле карматбачудай.

Колуна айрысын кармап аял тамынын түбүнө туруп алып айкырып жатат, кокуйлап. Басып келип тоогун арачалап алса деле болмок. Карышкыр десе эле коркуп үркө беришет.

Акбар менен Азамат кууп жетип бөлтүрүктөрдү басып жыгылышты, карга будалап. Жүндөрү чала жулунган тоок какылыктап короосун көздөй качты.

Кызыгып карап турган балдар өздөрнчө кобур кагышат.

— Эмне үчүн жешкен жок, тоокту?

— Курсактары ток да. Болбосо…

— Эмнеси болсо да көкбөрүнү укмуш тартышат экен. Ха-ха!..

Акбар менен Азамат өздөрүнчө ой жорушат: эмне үчүн тиги тоокту бөлө тартып жеп алышпады же аларга оюн кызыкпы? А балким башка себеби бардыр. Чынында алар ушул күнгө чейин өлгөн жандыктардын даяр эттерин гана жеп, тирүү майда жандыктар менен али иштери жок болучу. Алардын азыркы тамагы өлгөн тоок, карга, көгүчкөн окшогон канаттуулар экенин алар кайдан билишсин. Жегендерине курсактары тойсо болду да. Ал эми ой тоону аралап алы жеткен жандыктарды кууп жетип жеп ошентип өз жандарын өздөрү бакканага али үйрөнүшө элек эле.

— Андай «өнөргө» үйрөтпөй эле коёлу.

— А өздөрү үйрөнүп алышпайбы?

Эки дос бирин бир карап ойлонуп калышты. Ким билет, канча кылган менен денелеринде жапайы жырткыч карышкырдын каны бар эмеспи. А кан аркалуу кийинки тукумдарына ата энесинин жорук-жосундары өтүп тураары жалпыга эле маалим го.

Акбар менен Азамат эми бөлтүрүктөргө аярдык менен шектүү карашат: жырткыч деген жырткыч, аларга ишенип болбойт.

Ошентип айыл ичинде кайрадан уу-дуу.

Үч кошкондо чогулуп турган бекерпоздорго эки күн өтпөй атайы басып барып Сапы – сараң бакылдап калды:

— Мен атпадым беле?! Бая өгүңкү келгендерге берип жибергенде мындай балээ болмок эмес. Эми бир-эки айдан кийин ал бөлтүрүктөр ошо жесир катындын өзүн жеп салышат. Айтты-койду дебегиле! Мен жөн киши эмесмин, мен билем. Тезирээк алардын көздөрүн тазалаш керек!

Дароо эле аны коштогондор чыкты.

— Абам туура айтат, чоңоё түшкөндө майда малдарды биякка кой, бала–чакага да кол салыштары мүмкүн.

— Карышкырдын тукумдары да, болсо болот…

Ээн ооздорго атайы эле бекер эрмек табылды.

Эки адамдын башы чогула калган жерде бөлтүрүктөр жөнүндө сөз, качандыр кайсы бир айылда болгон окуяны кеп кылышат.

— Бөлтүрүктөрдү айтасыңар, бир кемпирдин овчаркасы бошонуп алып конокко келген небересин жеп салыптыр.

— Туура. Мен дагы бир гезиттен окугандай болдум эле. Алардын да түбү карышкыр эмеспи.

— Мурун иттер деле жапайы болушкан да. Сак болуш керек.

Мындан эки-үч күн өтпөй Чыңгыз келип калды. Ага да сөз жеткен окшойт.

— Ии, тоокгун төлөп бердиңерби, тиги байбиченин?

Акбар менен Азамат жер карашты, эмне дешээрин билишпей.

— Тоогу тирүү эле. Жүндөрү эле жулунуптур – деди Азамат.

Чыңгыз чөнтөгүнөн акча алып Акбарга сунду.

— Баары бир, жүнү үчүн да төлөп бериш керек. Ме, барып кечирим сурап бул акчаны берип кел, чай ичип коюңуз деп.

Акбар бир кыйлада келди.

— Акчаны албай тоогум тирүү эле жүрөт деп, анан сизди айтсам алды. Ракмат, өркөнү өссүн деди. Чай ичип жаткан экен коё бербей… Сизди да чакырды чайына.

Чыңгыз башын ийкеп күлүп койду.

— Дагы акча беребиз, бөлтүрүктөр сатылганда.

Берки экөөнүн ооздору ачыла түштү. Буга чейин аларды сатуу жөнүндө сөз болгон эмес.

— А кимге сатабыз?

— Баягы келген кишилергеби?

Чыңгыз жакында Жапонияда окуп жаткан Акбардын агасы Сардар менен сүйлөшкөнүн, ал мамлекетте карышкырлар дээрлик жок, элдери аларды зоопарктардан гана көрүп билишээрин анан атайын фирмалар башка мамлекеттерди кыдырып жапайы жаныбарларды даярдашаарын айтканын кабар кылды.

— Эгер бул бөлтүрүктөрдү оорутпай, өлтүрбөй жакшылап багып жазга жеткирсеңер Сардар абаңар ошондой фирмалардын өкүлдөрүн ала келээрин айтты. Алар бекер албайт, сатып алышат.

Эки достун кубанычтарын айтпа, колдорун булгалап кыйкырып жиберишти.

— Ур-ра!..

— Ур-ре!..

 

* * *

 

Алар ийинден чыгып кетишкенде таң карачкысы болучу.

Кийинки кездери энесинин баскан турганы өзгөрүп кандайдыр бир олуттуу ишке кам уруп жүргөндөй сезилди, Тайбаска. Эрте туруп кетет да түн ооп калган кезде келет, бирөөлөрдү издейби же жөн гана адырларды аралап жүрүп жолдон курсагын тойгузуп алып, чарчаганда эс алганы кайтабы уяга, анысы күчүккө белгисиз. Мүнөзү да өзгөрүп, ага анча көңүл бурбайт, ал барбы бул чөлкөмдө же жокпу баары бир, шырп алдырбай ийинге баш багып өйдө да өтпөй кирген жерине жата кетет, күрсүнүп. Кайсы убакта уктайт, эмне үчүн колу буттарын созуп баштагысындай ээн эркин жайылып жатпайт Тайбаска табышмак. Бөрү энеси да эч белги берген жок.

Таш короодогу тепкичтин алдын таштап калың караган баскан жондун капталындагы башка бир ийинди баш паанек кылып жүргөндөрүнө бир далай болгон. Мурун эле бул уяга нечен курдай келип, а түгүл жатып жүргөнүн Көкчекир энесинин көптөн бери сакталып калган бүкшүгөн жытынан улам баамдады, күчүк. Жапайы дүйнөдө жашаган жанжаныбарларга багыт берүүчү да, сактанып коргонуудагы ишенип пайдаланган да бирден бир таасирдүү курал – бул жыт алуу экенине Тайбас канча ирет дуушар да, күбөө да болду. Бул сезим кайсы гана жандыкта болбосун өтө күчтүү өнүгүп анын жардамы менен алар өздөрүнүн жашоо тиричилигин улантышаарын билди. Жөн гана билип коюу эч нерсеге арзыбаары, тескерисинче эң башкысы ал сезимди мүмкүн болушунча өөрчүтүп, өнүктүрүп күнүмдүк турмушта аны билгичтик менен пайдалануу гана өз жемишин берери, ансыз өмүрдү улантып кетүү өзгөчө кыйынга турары Тайбаска дайын болду.

Катаал шартта жашоо нени гана үйрөтпөйт…

Алар көпкө жүрүштү. Созулуп жаткан кеңири өрөөндү кош тарабынан тозуп жаткан тоо кыркаларын ичке капчыгай аркалуу кесип өтүп жанаша кеткен башка бир чөлкөмгө чыга келишти, күн көтөрүлүп калган кезде. Бул жакта да кар өтө эле жука экен, кычыраган суук эркинче ээлик кылып , как этип учкан карга, кыбыр–сыбыр кыймыл каккан жандык жок бардыгы ушул тапта катуу аяздан биротола зыңкыйып тоңуп калган шекилдүү.

Жайылган түздүктү теңге бөлгөн өзөн шамдын билигиндей болуп ийрилип созулуп жатат, андагы суунун кай тарапка агып жатканын болжоо кыйын – үстү көз уялткан туташ музга басылган. Жээгиндеги майда караган, малдардын туяктары тийбеген учурунда белден буралган тулаң чөп эми зым тикендей чытырап бура бастырбайт, бул да сууктун күчүнөн болсо керек.

Күн түшкө жакындап калган кезде Тайбас курсагынын ачканын, буттары да талыкшып чарчай баштаганын сезди. А энеси жүрүшүн басаңдатпай, кайрылып артка карап койбой жалтыраган музду басып аркы жээкке өтүп кетти. Мындай кеңдиктеги муз үстү менен өтүп көрөлек эле, бирде тайып көчүгү менен отуруп калып, кайра туруп аярлап аяк шилтеп жатып өйүзгө чыкты.

Эми жатып саамга болсо да эс алабыз го деп күттү эле андай болгон жок, энеси кескин бурулуп маңдайдагы тик жарды көздөй багыт алды.

Буттары чалыштап Тайбас зорго аяк шилтеп келет, эки көзү айлана тегерегинде.

Демейдеги узун кулактарын сереңдетип чуркап калчу коёндар да көрүнбөйт, мүмкүн чычкындар, чаар күсөндөр да жүрүшкөндүр, чыйпылдашып. Түлкүлөр болсо оңой менен жакындатышпайт, капысынан эле жолугуп калбаса. Аларга аңчылык кылып курсак тойгузганга убакыт керек да. Куштар кайкып учуп тэ, бийикте. Аларга жетүү каякта. Кашкулак, суур, аюуулар суук түшө баштаганда эле чээнге кирип бул тапта кычыраган кышкы аязга тоңбой кызуу уйкунун үстүндө. Аларга жаз келип, жер бетине жайнап чөп чыкканча тамактын кереги жок, өткөн жайда жыйган ички азыктарын пайдаланып уктап жата беришет. Башкасын айтпаган күндө да эгер аюу баласы чээнге кирбей кыштап калганда курсагын тойгуза албай алгачкы эле суук түшкөндө ачкасынан өлүп калмак экен. Ошондой эле башка жандыктар да өтө эле оор абалга тушугуп, мүмкүн бара бара бүтүндөй тукум курут болуп кетишмек.

Деги эле жаратылыштын кубулуштары таңкаларлыктай кызык. Балким касиеттүү табыят өз сыйкыры менен койнундагы жандыктардын жашоо-өмүр сүрүү шарттарын атайы өзгөртүп, бирин жылдын катаал учурунда кышкы уйкуга кийрип, башкаларын жыл бою салып-уруп өз жандарын өздөрү бакканга арга сыз кылып койгондур. Мүмкүн башка сыры бардыр. Ким билет?

Неси болсо да жанжаныбарлардын тиричилиги токтоп эч убакта үзгүлтүккө кептелбей өздөрүнө тийиштүү тукум улоосун өз учур-мөөнөтүндө жүргүзүп, ошону менен жаратылыштын бир өзөгүн түзгөн жандыктар азып-тозбой ээн-эркин жер бетинде жүрө беришет белем.

Бул тарапта дагы Көкчекирдин эбактан бери эле билген ийни бар экен. Тик жардан бир аз көтөрүлө бергенде үйдөй чоң таштын далдоосунда жапыз өскөн арчанын түбүндө сырттан караган көзгө анча байкалбаган ичкерээк оюк сойлоп кирме уя болуп чыкты, Анча кенен эмес, бирок бөрү энеси экөө толугу менен батчудай.

Карышкыр бул сырт өрөөнүндө канча жылдардан бери жашап, анын бу тоо арсында баспаган адыр кырлары, түзөңдөрү, бийик да, жапыз да белдери калбаган чыгаар. Ага ар бир кокту – колоттун, ой чуңкурдун, алардагы өйдө ылдыйыш, буктурма-буйткаларынын баары тааныш эле да, аларды күн болобу же түн болобу нечен ирет жойлоп да, өңүт да алып, өзүнүн алы жеткен жандыктарды кууп же капысынан баса калып жеп өз курсагын тойгузуп ошентип тиричилигин улап келген.

Учурунда ал жалгыз эмес, аны корштоп да, ага жөлөк-тирек да болуп жүргөн дөбөтү бар эле да андан күчүктөп, ушул чөлкөмдөгү бөрүлөрдүн бир далайы алардын тукумдары, балдары. Жылыга беш-алтыдан бөлтүрүктөрдү тууп, дөбөтү экөөлөп чоңойтуп эки жылча алар га баш көз болушчу. Эми алардын баарысы өз алдынча тиричиликтерин улап жүрүшөт. Ошентсе да суук күчөп, айлана чөйрө зыңгырап тоңуп, бу чөлкөмдө жашаган жандыктар арыктап, эттеринен тайып калган кезде башка кокту-колот, бөлөк өрөөндө жүрүшкөн өз тукумдарын чакырып алат. Мурда дөбөтү кошо улушуп, ага кошулуп өңүткө чыкчу, өзү менен чогуу чабуулга түшүп жеткендерин жара тартып бирге тамактанышчу. Бирге жашоонун рахатын татып, табыйгаттын жазылбаган мыйзамына баш ийишип көптөгөн жылдары тукум улап келишкен. Кийинчерээк, тагдыр деген ушундай экен, каалайсыңбы же каалабайсыңбы ага карап койбой өмүр бою бирге жүрүп жашоо-тирликтерин бирге өткөргөн жанына жакын түгөйүн андан көз көрүнөө бөлүп кетти. Ошондон бери Көкчекир жалгыз.

Ийиндин төр жагына Тайбасты кийрип жиберип өзү оозго сунала жата кетти, Көкчекир. Экөөнүн деми менен чакан уя сыртка караганда кыйла жылуу эле чарчап чаалыгып келген күчүк дароо эле уйкуга кирди.

Курсагынын ачканына да караган жок, анын үстүнө караңгы да кирип калган.

Канча убакыт өткөнүн Тайбас билген жок, уйкусу канып дене бою жайылып жазылып калган экен. Баш көтөрүп ооз тарапка көз жиберсе энеси жок, бая эле чыгып кеткен көрүнөт. Анын да курсагы ач, тамак издегени кетсе керек деген ниетте болду күчүк. Аңгычакты жакын эле жерден энесинин улуганы угулду. Чытыраган муздак абада үн катуу жаңырып, зыңкыйып тоңгон аска – зоолор коштоп, мемиреген уйкуга чөмүлгөн өрөөндү аралап алда кайда кетип жатты. Энеси басылып калган жок, саамга демин тартып токтой калат да кайрадан баштайт.

Үнү өкүм да, кимдир бирөөлөргө буйрук кылып кабар берип жаткансып узакка созулуп жатты.

Уу- ууу!.. У- ууу!.. Ууу- у!..

Энесинин улуганын тыңшап жатып Тайбас акыры ордунан турду. Бул сапар анын улуганына өзүнүн эч кандай тиешеси жок экенин ичтен сезип кырга көтөрүлө берип ага жетпей көчүк басты. Көкчекир энеси ага эч көңүл бурган жок, бурулуп карап да койбоду. Талыган колу буттарын улам алмаштырып түйшөлүп алат да кайдандыр башка тараптан жооп күткөндөй кыйлага тымып турат, кулак төшөп.

Карышкырдын улуганы басылганы менен маңдайкы зоокалар коштоп көпкө жаңырып жатышты, зуңулдап.

Канча күтсө да башка жактан жооп угулган жок. Улуй берип чарчады көрүнөт Көкчекир бир маалда ордунан турду эле ага кошулуп Тайбас да козголду.

Дароо эле кыр менен жогору карай багыт алышты. Кайда баратышат? Максаттары эмне? Күчүк билген да жок, катуу желиш менен энесин ээрчип жүрө берди.

Тоңгон кар кычырап экөөнүн баскан дабыштары алда кайда угулат. Суук да күч экен. Улам бийиктеген сайын аяздуу шамал жол бууйт, зырылдап.

Алыс жактан катуу суукка чыдабай «Ка-арс!» этип карагай, талдын жарылган үнү угулат.

Тик өйдөдө будаланып жатып жетип келсе энеси бийик дөбөдө отуруптур, башын буруп карап койду: «Келдиңби?» деген ниетте.

Шамалдан корунуп Тайбас таш түбүнө корголоду, суук тим эле өпкөдөн өтөт.

Көкчекир кайрадан улуй баштады. Үнү да, анын созулушу да мурдагыдай эле.

Уу-ууу!.. У-ууу!..

Күчүк энесинин кимдир бирөөлөрдү издеп өзүнө чакырып жатканынан шек алган жок. Кимдерди, эмнеге чакырып жатат Тайбастын иши жок болучу.

Улуп-улуп алып тымып калган Көкчекир энеси бир маалда өзүнчө үн чыгаргандай болду, ырылдадыбы же кыңшыладыбы ызылдаган шамалдан улам күчүк аны ажырата алган жок, неси болсо да кандайдыр бир нерсеге ыраазы болгондой добуш болучу.

Баш көтөрүп ал дагы кулак түрүп демин ичине алып тымып калды, жогор жактан соккон шамалдын добушунан айырмаланып кайдадыр алыс тараптан башка бир карышкырдын созолонуп улуганы үзүл–кезил угулду.

Энеси ордунан козголгон жок, дабыш тыңшагандай баш көтөрүп дагы кыйла га отурду.

Тайбастын колу буттары зыңкыйып тоңуп, ачкалык да күчөп өзөгүн үзө тартып жатты, бирок ордунан козголо алган жок. Кантсе да энесинен чочулады, анын үстүнө жакын арада ал кире калгандай ийин да жок эле.

Мындан көп өтпөй башка тараптан дагы бир карышкырдын улуганы угулуп, көп өтпөй ага эки-үчөө кошулуп кетти.

Көкчекирдин бул чакырыгы улуу куугунга көргөн даярдыгынын башталышы эле.

Үкөктөй таштын далдоосунда жанашып жатышкан, аз да болсо бир биринен жылуулук алып, кандайдыр бир дабыш эшиттиби энеси шашыла тура жөнөдү, күткөндөрү келип калышкан го.

Күндүн жаркыраган нурлары жаңы гана бийиктеги аска-зоокалардын учтарына чачырап, өрөөн ичи кыйла жарык болуп калыптыр. Сууктун деми дале болсо басаңдачудай эмес. Шамал гана токтоп, теребел дымырап тынч.

Энесин ээрчий чыккан Тайбас маңдайкы кырда үч бөлтүрүктөрүн ээрчитип эки карышкырдын жүрүшкөнүн көрө койду. Башка жакта тигилерге окшогон бөрүлөр барбы күчүк аны билген жок, баарынан да ага өзү курактуу бөлтүрүктөрдүн жүргөндөрү кызык көрүндү, көзүнө. Ушу кезге чейин энеси нен башка карышкырларды да, алардын балдарын да көрө элек болучу. Өзүнө караганда тиги үчөө кырдуураак көрүндү, кармаша кетсе алы жетчүдөй эмес. Алар дагы күчүккө ынтаа коюп карап калышты: бу кандай неме, бизге окшобогон?

Тайбас энесине жакыныраак басты. Ким билет, кандай немелер?

Көкчекир желген бойдон кыр менен өйдө көтөрүлдү, үстү жакта тегерек тарткан түзөң бар экен. Эки тараптан тең бөлтүрүктөрүн ээрчитишип төрт-беш карышкыр чыга келишти.

Тайбас чынында эле коркуп кетти, тиги бөлтүрүктөр андан чоң да, кулактарын тикчийтишип коркунучтуу да көрүндү. Куйругун кыпчып энесине корголоп анын далдоосуна качырды эле ал кайрыла калып баары уккандай катуу «Ар-рр!» этип үн чыгарды, башын буруп:

«Кимден коркуп жатасың?! Коркпо, сага эч ким тийбейт! Кал, ушу жерге!» Күчүк артка кетенчиктеп турган ордунда кала берди, энесинин айтканын эки кылууга акысы жок да. Калган карышкырлар да өздөрүн ээрчиген бөлтүрүктөрүнө дал ошондой буйрук беришкенби, баары кыймыл какпай турган орундарында. Эч бири козголгон жок.

Бөрүлөр болсо таруудай чачырап бири оңго салып, экинчиси кыр ашып, дагы бири жыбыт өрдөп жабыла жогору карай жөнөп беришти. Энеси баарысынын алдында экенин Тайбас көрүп турду, демек ал калган бөрүлөрдү кайдадыр бир жакка баштап баратат. Тигилердин да ар бири өз ата энелеринин кантип, кайсы жерде баратышканын байкап жатышты көрүнөт. Баарынын караганы жогор жак. Анча деле көп убакыт өткөн жок, жарышка түшкөнсүп тоо башын карай зуу коюп кетип бараткандардын карандары да көрүнбөй калды.

Алар кайда, эмнеге кетишти? Эмне үчүн чогулуп алып баратышат? Качан кайтып келишет? Бул суроолордун бирине да жооп таба алган жок Тайбас. Ындыны өчүп энеси кал деген жерде башын жерге салып үңкүйүп отура берди, тиги топтошкон бөлтүрүктөр да аны кызыктырган жок. Курсагы ачып колу бутары талыкшып, сууктан үшүп жатты, бирок орун которууга дааган жок – энеси ушул жерге кал деген да.

Акырын көз жүгүртсө тигилер да аны карап отурушуптур, аларга да кызык көрүнүп жатса керек. Тайбас өзүнүн тигилерге окшобогонун, алардын өң-түстөрү гана эмес турган турпаттары, баскан тургандары башкача экендерин алгачкы ирет көргөндө эле байкаган.

Алар кимдер? Коркунучтуубу? Тийишишпейби?

Тайбас бир ирет басып барып алар менен жытташып, каршы болушпаса жалап-жуктап көрүүгө да ниеттенди, а түгүл алар тарапка баш буруп аяк шилтеп ынтылып да калган. Чыны ал корккон деле жок, тигилерден. Канткен күндө да энеси башкарып жүрбөйбү, баарын. Демек тигилер да анын энесинен коркушат, андыктан өзүнө тийиштик кыла алышпайт.

Бул учурда күндүн мурду тоо артынан көрүнүп анын нурлары өрөөн ичине төгүлүп калган. Лепилдеген аяздуу жел аргы басаңдап, чытыраган муздак аба да жылый түшкөнсүдү. Тэ-э, бийикте жорусубу же башка тарп аңдыган айбанаттарыбы ак булуттардын арасында шашылбай айланып жүрүштү. Алар бекер кайыбайт, асманда. Билген сезгени бар, демек жемсөөсүн толтуруп, жанын багаар күткөн тамагы бар, алдыда.

Кокусунан эле Тайбас токтоп калды, элейип кулак түрдү: зыңкыйып тоңгон жер белгисиз үндөргө толуп, өзүнчө эле дүңгүрөй баштады.

Эмне деген дабыш? Кайдан чыкты, кайда барат?

Анча деле көп убакыт өткөн жок, жер бүтүндөй солкулдап, дабыраган добуштар улам жакындап, коркконунан бүрүшө калган Тайбас жогор жактан ичке узун буттары жерге анда – мында бир тийип өзүн карай учуп келаткан тири укмуштуу жаныбарларды көзү урунду. Мурун мындай жандыктарды көргөн эмес, баштарында каркайган мүйүздөрү, агыш төш, күн нурундай жылт-жылт эткен коңур кызгылт жүндөрү бар жаныбарлар экен. Тумшуктарынан аппак буулар буркурап, тостойгон көздөрү чыгып кетчүдөй чакыраят. Өтө эле коркуп алышкан түрлөрү бар.

Күчүк жашынганга да үлгүргөн жок, жайнаган жаныбарлар бир заматта жер үстү менен кайып төмөн карай көздөн кайым болушту.

Тиги бөлтүрүктөргө көз жиберсе алар дагы бул укмуштуу жандыктарды алгачкы ирет көрүп жатышканбы үрпөйүшүп, бир бирине ыкташып алардын артынан карап калышыптыр. Анткен менен кулактары тикчийишип, көздөрү жылтылдайт, оюна коюшса тигилердин артынан кууп жөнөшчүдөй. Өздөрүнчө үн чыгарып обдулуп да коюшат, орундарынан.

Тайбастын кабынан чыга каччудай түрсүлдөгөн жүрөгү бастап, эми гана мурдагы ордун көздөй кадам койгон. Аңгычакты эле биринен бири өтүп жогор тараптан эртең менен кетишкен карышкырлар келе жатышыптыр. Энеси орто ченде экен, калгандары да ооздорун араандай ачып, бирде тоңгон кардан тайгаланып сүрдүгүп , кайра туруп, бирин бири жөөлөп алдуулары алга секирип эңкейиш карай умтулушууда . Ошентишсе да төмөнгө карай жакшы күүлөнө алышпай тоголонуп кетчүдөй күдүрөңдөп келатышкан бөрүлөр түзөңгө келгенде ылдамдыктарын арттырышып алып учуп жөнөп калышты – алардын баары алиги алдыга кеткен кайберендерди кууп баратышкандарын ички сезими менен күчүк туюп турду. Демек, энеси кечөөтөн бери башка бөрүлөрдү бекеринен жыйнабаптыр да аларды чокуларды көздөй жөндөн жок жерден баштап кетпептир. Анын Көкчекир энеси эмне кылышты, кантип тамак табышты жакшы билет.

Тайбас дал эле тик жардын кырында турган экен, төмөнгө көз жиберсе

тиги кызыл күрөң жаныбарлардын алды күзгүдөй жалтырап жайылып жаткан дариянын боюна жетип калышыптыр. Чачырап качышпай негедир тобу менен чубашып жок жолду талашышат, суу бойлоп качышса деле кутулуп кетишчүдөй. Алдыдагы төрт-бешөө музга туяктары тиери менен коньки байланып алышкандай тайталаңдап барып саам өтпөй сыйгаланып кулап түшүштү.

Күү менен бараткандары биринин үстүнө бир жыгылып, чанда бирлери гана

аркы жээке өтүп кетишти, үркүп кайра качкандары да бар.

Жыгылып, буттарына туралбай кайра кулап жаткан жаныбарларга карышкырлар жетип барышты. Дароо эле бир бирден ээлеп алкымдаганы чабалактап жан талашкандардын коко-кекиртегин бурдай чайнап, чандырдан алгандары ичек кардын чубап заматта кенен муздун бетин кызыл жаянга айландырып жиберишти.

Тайбас бөлтүрүктөрдү караса алардын бири да жок, бая эле эне-аталарынын артынан жөнөшкөн окщшойт. Алыс болсо да өз энесин жаземдебей тааныды: килейген бир жандыктын жанына бүк түшүп, жулкуп тартып аны жеп жатат.

Бөлтүрүктөр да отурушат, четте. Чоңдордун курсактары тоюп, мындай чыга беришмейинче алар этке жакындап бара алышпайт – тартип ошондой. Оозу мурундарын жалап коюшуп өз кезектерин күтүшөт. Тайбас да муну жакшы билет. Жаңы гана ордунан козголуп ойго түшүп энесине жакындап барууну

көздөгөн эле кадам шилтегенге да үлгүргөн жок, өйдө карай зымырылып алиги кайберендер келатышыптыр. Бөрүлөрдөн кутулуп калгандар болуш керек. Тайбас кайда качаарын билбей ордунда буйдалып калды, оң тарабы ачык жайык түзөң, ал эми сол тарабы болсо тик жар.

Коркуп калган немелер күчүктү байкашкан жок көрүнөт, курч туяктары тоңгон карды буркуратып, мүйүздөрүн каркайтып эшик төрдөй аралыкты бир аттап заматта көздөн кайым болушту.

Эмне болуп кеткенин Тайбас билген жок, тиги алып учуп баратышкан кайберендердин эпкиниби же алардан качам деп өзү байкабай оң тарабына ынтылып алдыбы анысын так ажырата албады, бир ирет чыңырып алып анан коркконунан алгачы өзүн жоготуп койгон экен. Этинин катуу ооруганынан улам көзүн ачып караса тик жардын касаба кар баскан түбүндө ойдо жатыптыр. Тегереги калың караган, сойлоп өскөн арча. Анча алыс жерден муз астынан чыккан суунун шары угулат. Ысык, жаш этти кызуу майкандап жатышкан карышкырлардын дабыштары угулбайт, алар кыйла өйдө окшойт.

Тайбас ордунан турууга аракет кылды эле, эки алдыңкы колдорун тарталбай какшап ооруганына чыдабай каңшылап жиберди. Кыязы, жар башынан учуп келип тоңгон карга колдору менен катуу урунган көрүнөт. Сынганбы же чыгып кеткенби анысын билген жок, түшкөн ордунан козголо албай аргасы кеткенде бүк түшүп отуруп калды. Кичине эле кыймылдаса көздөрүнөн от чагылышып өзүн кайда коёрун билбей жалооруй карайт, айланасына. Ким ага жардам бере алат? Ал тоңгон кардын үстүндө отурду, тигиндейрээк калың тулаңдуу жээкке дагы бир топ бар. Ал жакка кантип жетет? Бөрү энеси анын кайда экенин да билбейт.

Бул учурда карышкырлардын алды тоюп четке чыгышып кезекти бөлтүрүктөрүнө берип калышкан. Көкчекир баш болгон бир эки бөрү гана баштарын көтөрүшпөй улам майлуу быкын жерлерин бурдап сугунушат. Килейген теке, кулжалардын жарым-жартылай эттери желип, эми ал жерге асмандагы куштар менен чөөлөр, ач күсөн, арс чычкандар окшогон майда чоңу болуп жайнаган жандыктар толуп кетишиптир. Караган талдарга далдааланып түлкүлөр жүрүшөт, даяр эттен көздөрү өтүп. Неси болсо да бул өрөөндөгү эт менен азыктануучу жандыктарга чынында эле той түштү көрүнөт. Кычыраган кыш күч алып, үзүмчүлүк өкүм сүрүп турган кезде Көкчекир баш болгон бөрүлөрдүн тоо башында ээн эркин жайылып жүрүшкөн кулжа текелерди түзгө айдап келип алардын беш алтоосун минтип жара тартып беришкени баарысына табылбаган олжо, мындан ары тиричиликтерин улантып кетүүгө чоң эле дем болду окшойт.

Көкчекир өзү баса жыгылган эңгезердей зор кулжанын денесинен башын көтөргөндө андан башка бөрүлөр бая эле четке чыгып, балдарына орун бошотуп беришкен экен. Баарысынын кабактары ачык, курсактары тоюп зорго

аяк шилтешет. Шалаланып чачылып жаткан эттерди кызганган бирөө жок, баары кең пеил, бардар. Бири чокулап, экинчиси үзө тартып жан алекетке түшүп этке жабышкан жандыктарга кайдигер көз жүгүртүшөт, бөрүлөр: «Мына, биз силерге той түшүрүп бердик. Эми каалашыңарча жегиле, тойгула! Силердин да үлүшүңөр бар!» — деген ниетте. Тигилер дагы: «Ишенгенибиз силер эмессиңерби! Рахмат! Аман болгула!» -дешип көз кыйыктарын жиберип раазы экендерин билдиришкендей.

Кандай болгон күндө да өз койнундагы жандыктарга жасаган жаратылыштын бул жагымдуу ишараты жөндөн жөн пайда болгон эместир.

Бир нерсе эсине түшкөндөй Көкчекир баш көтөрүп эт жеп жатышкан бөлтүрүктөрдү карап алды. Курсагы тойгондон кийин кардын зорго көтөрүп тигин дейрээк барып жата кеткен. Бөрүлөрдүн бир экөө бая эле уйкуга кетип, калгандары эрине баш көтөрүп эки жакка карап коюп өзү менен өзү эле.

Бул жердегилердин дээрлик баары Көкчекирдин тукумдары болучу, өз кезегинде алар да күчүктөшүп, өз өзүнчө үйүр болуп сырттын сандаган өрөөндөрүндө жашоо – тиричиликтерин өткөрүп келатышкан.

Эне деген ыйык жан го, кандай болгон күндө да өз канынан жаралган

перзентин эч убакта эсинен чыгарбайт, анысы эбак эле өзү окшоп эне болуп, укум-тукум улап улгайып калса да эне үчүн ал дале жаш, эс токтото элек эселектей көрө берет. «Арыды го, ачты го» деген жан кейүү сезими ар дайым көңүлүнүн түпкүрүндө…

Бул сапар да Көкчекир энени ушул сезим түйшөлткөн, жоон ичкерип, ичке үзүлөйүн деп калган жылдын катаал маалында баардык эле жандыктар үчүн тиричилик улоо өзгөчө оор экенин карт бөрү жакшы билет.

Эненин мындай камкордугун анын балдары да туура баалашып, кай жерде жүрүшпөсүн анын улуп чакыруусун угушаары менен учуп-күйүп аны көздөй жөнөшөт. Мындай жолугушуу жыл сайын болуп, эң башкысы ага жаңы боор көтөрүп өсүп келаткан жаштардын катышышы эле. Демек, илгертен бери келаткан салт мындан ары да уланып кете берет!

Көкчекир баш көтөрүп эт жеп жатышкан бөлтүрүктөргө көз жиберди, өзүнүн Тайбасы да алардын арасында болсо керек. Мейли, курсагы ач неме этке карк болсун, тойсун. Келерки ушул маалда куугунга түшкөнгө жарап калат. Ал ордунан турду, күчүгү тигилердин арасында жок экен.

Кайда? Эмне үчүн этке келбейт? Же өзү калтырып кеткен жерде отурабы аны күтүп? Макоо десе. Көкчекир тура жөнөдү.

Желип-жортуп кырга чыгыш оор болучу, курсагы салаңдап арымы арбыбайт. Антсе да тез эле эртең менен өзү калтырып кеткен жерге келди, болжолдоп. Күчүктүн жыты бар, бирок өзү көрүнбөйт. Калтырган жеринен башка жакка кетпептир. Анда кайда? Алда нерседен шексингендей жар ылдый төмөнгө көз жиберди. Тээ, касаба аягында караргансыйт.

«Рр-ррр!» деп үн чыгарды: «Ал жерде эмне отурасың?»

Тайбас бөрү энесинин үнүн эшитип ызалана каңшылап жиберди:

«Апакебай! Мен ушинтип… колдорум ооруп басалбай жатам. Келип жардам берчи!» — деген таризде.

Туубаса да тутунган, өз сүтүн берип өстүргөн баласы да, Көкчекир анын абалын түшүндү: колу буту соо эмес, болбосо.

Ал күчүктү желкесинен аяр тиштеп көтөрүп барып арчанын түбүнө таштады, тизеге чыккан тулаң чөп карга басылбаптыр. Тоңгон карга караганда алда канча жылуу да, жумшак да эле. Бөрү энеси кеткен жок, ансыз да оозунан чыга жаздап турган эттен күчүккө кулгуп берди: «Ме, буларды жеп курсагыңды тойгуз!»

Ушул күндөн тартып Көкчекир Тайбастын жанында болду. Ары бери жортуп убакыт өткөрөт да муз үстүндө калган эттен тоё жеп келип күчүккө кулгуп берет. Жапыз арчанын түбү эми экөөнө уя, кыналыша жатып түндү өткөрүшөт.

Кайберендердин эттери мүлдө түгөнүп калган кезде алыстан келген бөрүлөр да бөлтүрүктөрүн ээрчитип алышып өз жолдоруна түшүштү. Канча күн өтсө да муздун үстүндөгү кандарды жалап-жуктап, терилердин үзүндүлөрүн кемиришип майда жандыктар дале толуп жүрүшөт. Түлкү, чөө, арс чычкандар айланышып ушул тегеректе. Асманда жай кайкыган жорулар, башка майда-чоң канттуулар үмүттөрүн үзбөй дале муз бетине тигилишет.

Бекер тамак кимди гана азгырбайт.

Кийинки кездери энесинин мүнөзү өзгөрүп, көбүрөөк өзүнчө болуп, түндүн бир оокумунда кырга чыгып алып кайрадан улуганды адатка айландырды. Өткөндөгүдөй кимдир бирөөлөрдү чакырып жаткандай жөн гана үн салуу эмес, кандайдыр куса болуп, бирөөлөрдү издеп аны күткөндөй, алда нени самап бирге болууну эңсегендей кумардуу добуш. Үндүн ыргагы да, созулушу да башка. Көмөкөйдүн тереңинен чыгып, кандайдыр бир купуя сырын айтып белгисиз бирөөгө тымызын кайрылып жаткан шекилдүү.

Тайбаска эмне шаң, тынымга энесинин улуганын тыңшап жатат да саам өтпөй таттуу уйкунун кучагына чөмүлүп кетет. Ага уйку кызык. Энеси неге мынчалык наздана улуйт — анын себебин билген да, ага кызыккан да жок.

Алардын таш короого кайтып келишкенине бир топ болуп калган. Жалгыз ооз үйдүн тепкичинин алды, кичинесинен жатып көнгөн жылуу уясы.

Бул короонун Тайбаска жаккан жери тастайган короого эртелеп куштардын келип конушу эле. Колдору дале ооруксунат, мурдагыдай катуу чуркай да албайт, ошентсе да аңдып жатып жайылган куштарга кол салганга жарап калган. Эки күн мурун түш жарым чийдин түбүндө аңдып жатып бир коёнду басып жыгылды. Короого тиштеп келип тепкичитин жанына таштап койду, энеси көрсүн дегениби же кийин жейм деп сактаганыбы белгисиз. Кеч келген энеси коёнду карап да койгон жок, күрсүнүп алып саамга отурду да тез эле кайра ордунан турду.

Тайбас да козголду, Көкчекирдин мындай кыймыл аракети аны эмнегедир шектендирип, неси болсо да аны менен бирге болууну чечти. Короодон чыга берип энеси отура калып катуу улуп жиберди. Баягы эле кулака сиңип калган кумардуу улуш. Саамга үн катпай калды эле кайдандыр алыс жактан башка бир карышкырдын улуганы угулду.

Кулактарын делдейтип күчүк да тымып калды. Дагы биргелешип ууга чыкканы жатышкан тура, демек, баягы анда-мында бир тийип канатсыз учкан жандыктар кайрадан келишет экен деп түшүндү күчүк. Мейли, эт көп болот.

Бирок ал күткөндөй болгон жок, энесинин мүнөзү заматта өзгөрүп куйругун созуп өзүнчө эле керилип-чоюлуп алды да, кескин күчүкө башын буруп жамажайын тартып акырын үн чыгарып азууларын көрсөтүп койду: «Сен… ушул жерде эле калчы, мени ээрчибечи». Энесинин мындай мамилеси бир эсе таңкалтырса, кайра ага кызык көрүндү: эмне эле мынчалык жумшак, наздуу болуп калган? Тайбас эч нерсеге түшүнгөн жок, башын кыйшайтып, артын карап койбой шашыла кетип бараткан энесин карап кала берди, ордунда.

Тукум улоо вазийпасынын башаты түгөй табуудан, эт жүрөгү элжиреп ага жанашуудан башталаарын жаш күчүк кайдан билсин?!

Энеси эртеси да, андан кийинки күнү да келген жок.

Курсагын тойгузуп алгандан кийин Тайбас таш короонун маңдайындагы жардын башына чыгып, төөкуйрукту далдааланып көпкө отурду. Бул жерден өрөөндүн кыйла жерине чейин көрүнүп, энесинин желе жортуп келатканын байкоого болот. Андан да короо ичи алаканга салып койгондой төшүн керип андагы чачылган майда корголдорго чейин көрүнүп, учуп–конуп жандары тынбаган куштар ага эрмек. Дээрлик күнүгө алардын бири анын эртең мененки тамагы, курсагын тойгузган азыгы, ошого карабай учуп келе беришет. Азайып да калбайт. Балким башка тараптан да учуп келишеби күчүктүн аны менен иши жок. Анын өз түйшүгү да аз эмес.

Капысынан эле Тайбас баш көтөрдү, кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз бир түлкү шыпылдай басып короого кирип келди. Эбактан бери эле ушул короодон аңчылык кылып жүргөндөй жалгыз ооз үйгө далдаланып жайылган куштарга бир азга көз салып туруп калды, ыгын келтире албай жатты көрүнөт.

Тайбас кетенчиктеп артка жылып жардын аркы чети менен сойлоп түшүп үйдүн артына жетип барды. Түлкү аркы бурчта, байкаса жел башка тараптан согуп жатыптыр, демек андан шек албайт. Аңгыча эле куштар дүр-р этип учуп калышты, кол салды көрүнөт. Кармадыбы же жокпу Тайбас билген жок, боору менен жылып бурчка жетти эле түлкү бир кушту тиштеп алып бери карай бурулуп калган экен.

Мындай кездешүүнү ал күтпөсө керек, селт этип чочуп ордунан секирип кетти, бирок кушту коё берген жок. Күчүктүн анча деле чоң эмес экенин, кокус кармаша кетсе ага алы жетээрин заматта баамдады окшойт дароо эле өзүн колго алып шуштуйган ичке тумшугун жыйрып арсак тиштерин ырсайтты:

— Көрдүңбү?! Жакындасаң чайнап таштайм!

Ушул учурга чейин Тайбас түлкү менен бетме бет жалгыз кездеше элек эле. Энеси жанында болуп, алы жетпей баратса анын болушаарын билчү да ошондон улам өзүн дайым эр көкүрөк сезе турган. Керектүү учурда анын жок болуп турганын карачы, болбосо. Ошентсе да кайра тарткан жок, бул короо жай ага тиешелүү, анын менчиги, анда эмне үчүн мына бу шүмшүк ээн жайкын бул жерде өз билгениндей аңчылык кылып жүрөт?!

Үнүн болушунча катуу чыгарып Тайбас түлкүнү качырып калды.

— Арр-рр! Афф –афф!

Түлкү тигинин оозунуп кол салаарын күткөн эмес, анын үстүнө башка короо жай, ким билет, балким дагы башка бирөөлөр бардыр. Оозундагы куштун кантип ыргып кеткенин да сезбей түлкү бет алган тарабын көздөй дыр койду.

Кетип калсам кутуламбы корооңон деген ойдо болду окшойт.

Кантсе да уурунун көчүгү кууш деген сөз айбанаттарга да тиешелүү белеем.

Түндүн бир далайы болуп Тайбас кызуу уйкуда эле, энеси дабыш чыгарбай басып келип жанына жатканын күчүк сезген жок, уйкусун улай берди. Түлкү тиштеген кушту жеген эмес, тигинин коңурсуган сасык жыты напсисин бузуп койду көрүнөт. Таңга жуук ойгонсо жанында энеси жатат, ошончолук тердегенби же дарыяны кечкенби тулкусу бүтүндөй суу, жон тарабы тоңуп да калыптыр, муз болуп. Абдан чарчаган көрүнөт төрт аягын иретсиз сунуп жиберип башы жерде, үстүндөгү жүндөрү уйпаланып кимдир бирөөлөр менен алышкан түрү бар.

Энеси демейдегисиндей эрте ойгонгон жок, күн шашкеден өтүп калганда баш көтөрдү. Шалдырап бут тарталбай кыйналганы көрүнүп турат, бирок курсагы ач окшойт тигиндейректе жаткан кушту лып алып бир паста чайнабай эле сугунгандай болду. Жытынан улам байкадыбы чете отурган Тайбаска шектүү көз жүгүртүп, ордунан шашпай козголуп короо ичин айлана басты.

Башка жандык келгенин, аны күчүгү кууп жибергенин ичтен сезди көрүнөт көөдөнүнө толгон демин чыгарып алып тастайган короо ортосуна жата кетти.

Ушул күндөрдөн баштап Көкчекир баягысындай тик салды өйдөгө чыкпай, кандайдыр өзүн сактагандай көпчүлүк жортуулун түзөң, ойлордо жүргүзүп, алкынып жулунганын да азайтты.

Баягы кайберендер тээ бийик, аскалуу зоокалардын түптөрүндө, аларга эми ким жетип, өткөндөгүдөй тобу менен ойго ким айдап түшөт? Андай мүмкүнчүлүк жок эми. Болду, өттү кетти. Эми андай тойдун убагы алыс. Анын үстүнө күн жылымчы тартканы суу көөлгүп муз үстүнө чыгып жайылып ага баштаган.

Жылдын ар мезгили бир биринен өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгү менен айырмаланат эмеспи. Тоңгон муз эч убакта эрибөөчүдөй, ызылдаган муздак шамал эзели басылбачудай сезилген кыш айлары белгисиз күчкө баш ийип, сууктун деми кайтып, адыр-кырлар, деги эле бүтүндөй жер бети үстүндөгү тоңгон катмар ларды сүрүп салып эми аны жаңы жашоонун жышаны катары көрүнгөн жыбыраган жашыл өсүмдүктөр текши каптап келатты. Күн да узарды, анын жылуулугу артып, кокту-колот, кырлады өрдөп тиги эле мөңгү баскан чокуларга чейин жетти.

Жаз айы жакага караганда алда канча кеч келсе да өз өкүмүн жайып , эми өрөөн ичи таанылгыс, асманда куштар сайрап, чээнге киргендер кышкы уйкуларынан ойгонуп, жанжаныбарлардын алды тукум улоонун камын көрүп, ошентип тоо арасында жаңы тиричиликтин түгөнбөгөн түйшүгү башталып калган.

Көкчекир да орун которду.

Эртеби, кечпи акыры жакадан жайнаган мал, аларды айдаган кишилер келет. Малдарды, короо жай, башка буйюм-тайымдарын кайтарышып бир топ иттер да келишет, аларды ээрчишип. Ошентип, тээ күздөн бери ээн жаткан өрөөнгө бир паста ээ болушуп, ойду тоону өз билгендериндей аралап, күнбү, түнбү уу-дуу басылбай бир башкача тынчы жок турмуш башталат.

Дегинкиси, кийинки үч төрт жылдан бери бул өрөөндү байыр кылышкан жандыктар кичине чоңу дебей ушундай өзгөрүүгө көнүп, алар менен жанаша жашоо кимисине коркунучтуу болсо андайлар өз учурунда эле эртелеп орун которуп, өз коопсуздугун камсыз кылып тоо аралап оолактап кетишкен.

Жаңы ийин кийинки өрөөндө анча чоң эмес, бирок сырттан караганда эч байкалбаган караган арча баскан буйткалуу жерде экен. Алгачы өзү кирип саамга жата кетти. Канча жылдардан бери ушул чөлкөмдө жашагандан кийин андагы ар бир таштын коңулу, уңкул-чуңкул үңкүрлөр бүтүндөй дайын болсо керек ага, керек болгон учурда эч кыйналбай көнгөн адаты менен желип-жортуп келип каалаганын ийин кылат чыгаар.

Тайбас да баш багып көрүп анын тар экенин байкады. Эмнеге таш короо догу тепкичтин алдынан кетип калышты? Ал уя алда канча ыңгайлуу эмес беле… Күчүк түшүнгөн жок. Энесине жаккандан кийин ага да жагат, канча жол басып таш короодон алыс кетип бул өрөөнгө келишкенден кийин демек, анын да олуттуу себеби бар деген түшүнүктө болду.

Бири биринен айырмаланбаган күндөр өтүп жатты.

Эми түнкүсү да жылуу, ийинге корголобой сыртка жатып таң атырса деле болот.Тайбас энесин туурап кээ бир учурларда түнкүсүн чыгып жүрдү өңүткө, күндүзгүгө караганда түнү кыйла жемиштүү болот көрүндү, аң улоо.

Айрым жандыктар караңгы киргенден кийин тамак издегенге чыгышат экен, түнү алар үчүн да коопсуз болсо керек.

Бир жолу төө куйруктун түбүндө жатса жанынан коён секирип чыга калды эле Тайбас үлгүргөнчө кайдан жайдан учуп келгени белгисиз көздөрү оттой жанган калдайган куш келип илип кетти. Күндүзү мындай кушту көргөн эмес экен, оозун ачып ал учуп кеткен тарапка карап кала берди. Эмне деген куш? Кайда, кандай шартта жашайт? Күчүк билген да жок.

Энесинин курсагы салаңдап, кыймылы өтө эле жайлап калганын Тайбас мурун эле байкаган, бирок эч көңүл бурбай мурдагысындай эле аны менен бирге болуп, анча алыс барбай ушу тегеректен аңчылык кылып курсактарын тойгузуп келишчү.

Бул сапар Көкчекир сыртка чыккан жок, бирде сунала жатып анан кайра туруп, үч кошкону түшө калгандай бүрүшүп отура калып анда да чыдай албай чоюла ордунан козголду. Тайбас дал эле маңдайында болучу.

Эмне болду? Неге мынча катуу кыйналат? Эмне жардам керек?

Кунт коюп башын кыйшайтып ага карап отура берди.

Саамга сергий түштүбү ооруган жери басылып, күчүктү эми гана көрө койгон дой ачуу үн чыгарып ага атырылды:

«Арр-рр! Рр-рр!»

Тиштеп алчудай жаактары шакылдап кетти.

Тайбас энесинин сүрүнөн чочуду, тура калып тигиндейрээк барып көчүк басты эле ал кайрадан аркырады, качырган болуп: «Рр-рр! Арр-рр!»

«Кет! Жогол бул жерден. Кет!» — деген өкүмүн жарыя кылган шекилдүү.

Эч нерсеге түшүнбөсө да энесинин ишаратына көнүп башын шылкыйтып, куйругун кыпчып алып ташкороону көздөй жөнөдү Тайбас. Анын башка барар жери жок болучу.

 

* * *

 

Дарбаза тарсылдап калды.

Күн али чыга элек, Акбардын апасы уйун саап келип жаңы эле үйгө кирген. Сүтүн да куюштура элек болучу.

— Кимиси болуп кетти? Акбар, чыгып карачы!

Тамагын ичип болуп Акбар мектепке даяданып жаткан, китептерин алып.

Дарбазаны ачса кошунасы Сапы туруптур, өтө кыжалат болгон түрү бар.

— Апаңды чакыр! – деп дароо эле үнүн көтөрө чыгарды, алик алуунун ордуна. Суроого жооп берген жок.

— Ие, айланайын келин балам, — деди кобурдан улам чыга келген Акбардын апасына. — Биз деле оокат кылып, жан багалы деп жүрөбүз! Бекеринен карганда базарчылап жүрөт дейсиңерби ия, мени?! Э кокуй, азыр деген заман башка айланайын.

Акбардын апасы чыдабай кетти көрүнөт, анын наалыган сөзүнө.

— Аке, эмне болуп кетти? Деги тынчылыкпы? Айтыңызчы!

— Тынчылык болсо таңатпай эмнеге тынчыңарды алайын?.. Ушу карганда элдин мал-мүлкүн коргойм деп жүрүп баарыңа жаман көрүнмөк болдум окшойт. Эми минтип өзүмдүн даярдап алган…

Бир нерседен шек ала түшкөн Акбар дароо эле бөлтүрүктөргө чуркады. Жок! Каргыш тийгирлер зым тордун астын оюп жиберип чыгып кетишиптир.

— Ата, силердин короого барышыптырбы, бөлтүрүктөр?

Абышка Акбарды жаңы көрүп жаткансып аны баштан аяк карап алды.

— Эк-к! Ошо барганы менен куруп калышсынчы, аларың. Баарын жайлап, баарын бүлүндүрүп… Мага ишенбесең айланайын келин бала, өзүң барып көрчү. Базарга сатканга даярдап койгон этти бүтүндөй десем мобу сакалым өрттөнүп кетпейби жарымынан көбүн жеп алышыптыр аларың. Жанагы кичүү уулум айдайын десе экөө эки жагынан качырып. Айланайын келин бала, бу бөрүнүн тукумдарынын көздөрүн тезирээк тазалабасаңар айтты койду дебегиле өзүңөргө кол салышы мүмкүн. Бул чын, айланайындар.

— Аке, мен ишиме шашып жаттым эле, бүгүн Чыңгыз да келмек. Мен ага айтайын.

Наалыган бойдон Сапы үйүн көздөй басты,

— Бу, эл дегениң жакшылык кылганды баалабай калган тура.

Үйүнө кирип баратып артынан келаткан Акбарга бурк этти.

— Аларың короонун сыртындагы сарайда! Тезирээк алып кет!

— Базарга чыгарчу этиңиз кайда эле, ата? — деген Акбардын суроосуна жооп берген жок, кичи эшигин ачып кулжуңдаган бойдон ичке кирип кетти.

Аңгычакты Азамат келип калды, ага да кабар жеткен окшойт. Акбардын айтканына ишенген жок.

— Булардын дарбазасынан чычкан да киралбайт! Жөн эле жанын жеп жатат.

Ушул учурда ичтен Акбарлар менен чогуу окуган Сапынын кичүү уулу чыгып калды, мектепке бараткан окшойт.

— Эй. бөлтүрүктөр кайда? Алар сени качырыштыбы?

Тиги экөөнө таңгала карады.

— Мени эмнеге качырмак эле кенедей немелер? Түндө дарбазаны кыңшылашып тырмалашканынан эшикке чыгып карасам экөө турушуптур. Кечинде атам абам экөө торпок союп этин сарайдын алдына жайып койгон, кыроо бассын деп. Ошонун жытын алып келишкен окшойт. Абам экөөбүз карамап алып тиги эски сарайга байлап койгонбуз. Ошо жерде эле болсо керек.

Акбар менен Азамат экөө бирин бири карап алышып күлгөн бойдон сарайды көздөй чуркашты. Сапы аксакалдын айткандарына бир эсе таңкалышса, бир эсе түшүнүшкөн жок.

Эки күндөн кийин Чыгыз келип калды.

— Бөлтүрүктөрдүн курсактары жакшы тойбой жатышы мүмкүн, ошон үчүн жаңы эттин жытын алышаары менен эптеп тиги короого кирип барышкан да — деген бүтүм чыгарды ал.

— Этин жебептир, короосуна да киришпептир.

— Баласын деле талабаптыр, ал өзү айтты.

Чыңгыз кол шилтеп койду.

— Бул сөздү силер айтып жатасыңар, а киши болсо көрүнгөн жерге барып арызданып жүрөт, этимдин баарын жеп кетти деп. Кантип далилдейсиңер? Силердин сөзүңөрдү ким угат? Азамат сен барып билип келчи, үйүндө бекен ал киши?!

— Тигине, өзү келатат! — Азамат ага жек көрө карады. Чыңгыздын келгенин терезесинен байкаганбы же өзү эле чыгып келатканбы Сапы чал какырынып-түкүрүнүп үй тарабынан бери басты.

— Ээ, айланайын Чыңгыз уулум, келип калдыңбы? Иштериң жакшыбы? Үй бүлөөң аман-эсенби? — деп дагы далай сөздөрдү айтып тигинин колун коё бербей өзүнчө кобурай берди.

— Аба, бөлтүрүктөр сиздин короого киришиптирби?

Чыңгыз учурашып ал жай сурашкандан кийин суроо салды. Абдан өкүнгөн кишидей үшкүрүп алып, алы кетип тургансып катар турган машинеге жөлөнө кетти абышка.

— Киришкени менен да куруп кетсинчи. Өхг-г!.. – Тумагын алып тердебесе да чекесин сүртүп койду. – Балам, менин эмне оокат кылып жан багып жашап жүргөнүмдү башкасы болбосо да сен жакшы билесиң. Алты айдан бери борго байлап жүргөн ноопазым бар эле кечөө ошону союп этин сарайдын алдына жайып койгом. Эртеси базарга алып чыкмакмын. Карышкырдын тукуму эмеспи дароо эле жыт алып сарайга кирип барышып ойда майкандашыптыр…

— Ата, сиздин дарбазадан бөлтүрүктөр кире алышпайт. – Азамат чырылдап жиберди эле Сапы чал аны кабагын түйүп жаман көзү менен карап алды.

— Сакалдуу киши сүйлөп жатканда шүк тур, балам. Мен деген сенин атаңдан да уулу кишимин, билсең.

Чыңгыз да кол көтөрүп инисин тыйып койду.

— Аба айтыңызчы, канча этиңизди жеп алышыптыр бөлтүрүктөр?

Абышка түзөлө калды.

— Канча дейсиңби? Эми айланайын, чыны аны өлчөгөнүм да, таразага тартканым жок. Жүрөгүм ооруп а күнү базарга да чыгалбай калдым. Улуу балам айтты элүү килдей деп.

Акбар менен Азаматтын ооздору ачыла түштү.

— Оу-у!

— Кантип эле?

Чыңгыз каткырып жиберди.

— Ай аба, өздөрүнүн салмагы он төрт — он беш килден ашпаган кичинекей бөлтүрүктөр анча эт жей алышпайт. Уулуңуз жалган айтат! Ашып эле кетсе он кил эт жешкендир. Эми сиз ага капа болбоңуз! Бул жүз доллар, алып коюңуз.

Акчанын санатын да, баркын да билген Сапы жемин көрө койгон бүркүттөй көздөрү чачырап сунулган долларга умтулду.

— Ыр-р… ракмат уулум! Өмүрү. — Калтырап кеткен колу менен жашыл кагазды шып ала коюп койнуна салды да кош айтпастан короо тарабын көздөй жөнөдү.

Жакшы жери Чыңгыз бөлтүрүктөрдүн тамак-ашын биротола чечип берип кетти: өзүнүн май зоотунан чыккан калдыктар бар экен ошолорду жумасына бир жолу жеткиртип, андан тышкары колбаса чыгарган цехтин ашкан калдыктары жөнүндө сүйлөшмөк болду.

— Чоңоюп калышты, кичине эле курсактары ачса канчалык камасаңар да баары бир тешик таап чыгып кетишет. Алар ээн жүргөндү жакшы көрүшөт, убактыңар болуп калса көбүрөөк сыртка алып чыгып тургула! Качырып жибербегиле…

— Качканды билишпейт. Бош койсо короодо жүрө беришет, ойноп, шимшилешип.

— Иттерден да коркпойт.

Бөлтүрүктөр чындыгында эле бош жүргөнгө аракет кылышып, өздөрүнүн ачка – тогуна карабай Акбар менен Азамат жакындаса эле эшикти тытмалашат, эси-дарты эле сырт. Огородко чыгышаары менен бири бирин куушуп, кандайдыр бир теринин бучкактарын же кийиздин үзүндүсүн таап алышса болду, ал экөөнө керээли кечке эрмек. Өзгөчө Шара оюнкарак, Шерге караганда шамдагай да, алыша кетсе күчтүүлүк кылат, андан да өтө амалдуу. Тамак ичкенде да биринчи ага бербесе Шерди баса калып талап жиберет. Буларда улууларга жол берүү абдан күчтүү өнүккөн көрүнөт, бара бара Шер дагы ошондой тартирке көнүгүп Шара ичимейинче тамакка батынбайт. Чоңоюп, колу бутары тартайып узарып калганга кичинекей күчүктөр алар үчүн жөн гана оюнчук болуп калды. Бири куйругунан тиштесе экинчиси желкеден алып ары бери сүйрөшүп айласын кетирет. Мурдагыдай күчүктүн ою менен болуш жок, эми өзүлөрүн бул жерде кожоюн катары сезишет. Кокус алыстан тоок же башка куштар көрүнүп калышса бүттү, аларды куушуп кармаганга аракет кылышып, баса калып жегенди билишпесе да карга будалап, кайра коё берип кыскасы аларга кечке оюн.

— Эркиндикте болгондо энеси эки айдан кийин эле баш тоголотуп, башка жандыктарга кол салганды үйрөтүп, эмдигиче булар жырткычка айланып калышмак. Кичинелеринен бери колдон тамак ичишкендиктен алигиче башка жандыктарга кол салганды билишпейт, ошентсе да абайлаш керек. Буларга ишенүүгө болбойт! — Актан агай келип эки доско кеңешин айтып турат.

Күндөрдүн биринде Токиодон Сардар агасы телефон чалып калды Акбарга.

Шаарда окуп жүрүп кийин Жапонияга кеткен эле окуусун улантканы, ал деле тирүү карышкырды көргөн эмес. Бөлтүрүктөр жөнүндө угуп аларга кызыгып калган экен, сурай берет:

— Чоңоюп калыштыбы? Өңдөрү кандай? Кишиге кол салбайбы? Аттарынан чакырса келеби? — деп дагы көптөгөн нерселерди сурап тактайт.

Айтымында жергиликтүү зоопарктарга жапайы жаныбарларды даярдаган атайын фирмалар бар экен, ошолор угуп алышып тийиштүү кагаздары даяр болсо келип сатып алмак болуп жатышыптыр.

— Оорутпай жакшылап баккыла! Алар барарда дагы телефон чалам — деди акырында.

Мындан көп өтпөстөн Чыңгыз видиоаппаратын алып келип бөлтүрүктөрдүн ар кыл түрдөгү кыймыл аракетин тартып Сардарга жиберип ийди.

Бул кабар айыл ичине бат эле тарап дуулдаган ар кыл сөздөр көп. Баарысынын кызыкканы бөлтүрүктөрдүн баасы, алар койгон шарттар.

— Миң доллардан кем бербеш керек!

— Баарынан да бул бөлтүрүктөрдү жактырышаар бекен?

— Эгер сатып кетишсе жапондуктар «Кыргызстандын карышкырлары экен!» дешип таңкалышат турбайбы, укмуш ээ?!

Качыга бул кабар жеткен экен эртеси эле келип калды, оолжуп.

— Силер… балдар! Жанагы жапандар келгенде сөз… сөзсүз мени чакырып койгула! Уктуңарбы? Мен алар менен өзүнчө сүйлөшөм. Болду! Эмне кылышты өзүм билем. Менин колумдан келет! Айтты-койду дебегиле.

Неси болсо да эки доско Сардар айткан жагымдуу кабар кошумча дем берип экөөнү сүйүнтүп койду.

Бу кезде күн кыйла жылып, кар эрип талаа бети жылаңач. Көк жаңыдан кылтайып элдер кой-эчкилерин арык-чөнөктөрдүн бойлоруна жайып калыш кан. Бир чети ансыз да тартылып калган чөп-чарга үнөм болсо, экинчи жагы энелерин ээрчип ары бери басып, торолуп калгандары ойноп да, жерден бир нерселерди ирмелеп отуккандарына да жакшы. Мындай жаш малдар дегинкиси тың да, чыйрак да келишип тез чоңоюшат.

Огордун кары бактардын көлөкөсүнөн кургабай баткак эле, анын үстүнө чейрек жакындап Акбар менен Азаматтардын колдору бошобой кийинки учурда бөлтүрүктөрдү күпкөдөн дээрлик чыгарышпай калган.

Эртели кеч тамактарын тойгончо жешип өз өзүнчө жатып алышып уктаганга киришет. Оюнду көпчүлүк убакта Шара баштайт. Уктап жаткан Шерге жакын барып, башын кыйшайтып аны карап турат да эгер ал баш көтөрүп даяр турбаса «Арр-р!» этип качырып келип баса калат. Туш келди жеринен тиштегилеп анын айласын кетирип, акыры экөө айыгышкан алышууга киришет. Улам чоңоюп эс тарткан сайын бирин бири аёо деген жок, оюндары өтө катуу.

Ушундай күндөрдүн биринде дагы бир окуя болду.

Тышка көп чыгышпай бөлтүрүктөр да көнүп калышкандай болушкан. Тамак кенен, күндүзү сарайдагы малдар да сыртка айдалып короодо экөө гана калышчу, өздөрү менен өздөрү болуп.

Чыңгыздын шаардан жиберген тамак-аштары майлуу болуп, борго байлангандай жылтылдашып эттүү да, мурдагыдан да ирденип калышкан. Акбар менен Азаматка оңой менен бой беришпей, кууса жеткиришпейт. Бир жакшысы тиштегенди, айбат кылып кайра качырганды билишпейт, экөөнөн айбыгып, коркушат шекилдүү. Канча кылган менен алардын колдорунан тамак жеп, бирге ойноп жүрүшпөйбү. Канчалык жапайы болушса да түшүнүшөт окшойт.

Ушинтип дагы бир азга чыдашканда Жапониядан алчу кишилер да келип калышмак. Сардар да кабар кылган:

— Беш-он күндөн кийин окуумду аяктап каникулга чыгам, ошондо тигилерди да ала барам. Өзүңөр да даяр тургула! – деп.

— Бөлтүрүктөр талаадан бир козуну жеп алышыптыр! – деген кабарды Акбар менен Азамат класста отуруп угушту.

Экөө учкан бойдон келишсе шумпайлар жок орундарында, тордун бошоңурак жерин таап, жүткүнүп жатып суурулуп чыгып кетишиптир. Деги эле аларга дабаа жоктой.

Кимдин козусу? Кайдан, кантип жешти?

Канал тарапта элдер жүргөнүнөн ошоякты көздөй чуркашты.

— Тигине карышкырларыңар! Эмне кылышканын өз көзүңөр менен көрүп алгыла!

Арасында Сапы абышка да жүрөт.

— Булар эми кишилерге кол салышат. Бала-бакыраны кудай сактагай эле..

Кичинекей козу экен, ич эттери желип башы, колу бутары аман экен же жегенге үлгүрбөй калышканбы.

Аңгыча козунун ээси келип калды атын минип. Учурунда колхоздо бригадир

болуп жүрчү эле, пайгамбар жашына барып калган салабаттуу киши.

Козуну бир карап алып турган элдин арасынан кимдир бирөөнү издегендей болду.

Акбар менен Азамат жер карап калышты, кантсе да өздөрүн урушат деп ойлошту көрүнөт.

— Эй, сен кайда жүрөсүң? Бу жарым жан козуну эмнеге чыгардың, короодон?

Тиги киши элдин арасында турган кичине балага кайрылды, сыягы небереси окшойт. Мурдун шор тартып бала кекечтенип калды:

— Мен чыгарбай эле. Өзү эле козуларды ээрчип.

— Анан ажыратып калбайсыңбы, тигилерден?!

Бала бөлтүрүктөргө көз жиберип алды. Аларды жетип келишип эле Акбар менен Азамат кармап алышкан.

— Эң мурун үчөө ойноп жатышкан. Анан койлор кетип калганынан мен аларды тосуп кайра келсем козуну экөө жеп жатышыптыр. Ажыратайын десем ыркырашып. Коркуп жакын барганым жок, –деди бала жер карап.

Тиги киши атын моюнга чаап кайра тартты:

— Бу козуну короодон өзүбүздүн ит талап курсагын жарып таштаптыр эле. Ичегилерин кайра кийрип таңып койгом, шүүшүндөп кан агып жүрчү. Энеси да өлүп калган. Баары бир мал болмок эмес, ырас болуптур. Балдарымдын башынан садага! — Бастыра берип кайрыла калды. – Эй достор, эми болор иш болуптур, кайгырбагыла! Силердин бөлтүрүктөрүңөр күнөөлү эмес, ойноп жатышып козунун курсагынан аккан кан ооздоруна татый түшкөндө, канча кылган менен бөрүнүн тукумдары эмеспи, карап турмак беле жегенге киришкен да. Тиги козунун калган этин алып барып бөлүп бөлүп алдагыларыңарга берип салгыла!

Камчыланган бойдон бастырып кетти.

Өкүттө калгандай Сапы чал нарытан унчукту.

— Кол салат деген ушу! Эми чоң малдарды да жайлай башташат, булар. Сыртка көчөт-көчөт болуп жатышат, ал жакта калган булардын энеси да бу балдары үчүн өч алат эмеспи. Ал турган иш! Быйыл малдардан кол жууйбуз. Аны айтты – койду дебегиле.

Мындан эки күн өтпөй Акбар менен Азаматты бул айылдын учаскалык милийсасы чакыртыптыр, кеңсесине. Мындай болоорун экөө тең күтүшкөн эмес, чочуп калышты элейишип.

— Ии достор! Келгиле. Кана чынын аткылачы, баккан бөлтүрүктөрүңөр элдин канча тоогун, канча козусун жеп, дагы кимдерге кол салып качырып жүрүшөт? Кимдин базарга дайындап койгон этин жеп алыптыр? Калп айтууга болбойт! Чындыкты гана айтышыңар керек. Түшүнүктүүбү? Эмесе сүйлөгүлө!

Бири токтоп, экинчиси толуктап жатып экөө күздөн бери болгон иштерди бүтүндөй айтып беришти.

— Ушундайбы? Калп айткан жоксуңарбы? Мм-м. — Ал ойлонуп туруп алдында жаткан кагазды экөөнө сунду. — Окуп көргүлөчү.

Азамат бул катты Сапы чалдын кичүү баласы жазганын анын колунан дароо эле тааныды.

— Ошонун эле колу. «Ж» тамгасын «Т» тамгасына окшотуп жазат, «К» да ошонуку.

Милийса жигит катты кайра алды.

— Кемпирдин тоогун жешкени ыраспы?

— Жешкен эмес. жөн эле ойношкон көкбөрү тартып.

— Көкбөрү? Аны тартканды силер үйрөттүңөр беле, аларга?!

Дагы ушуга окшогон суроолорду берип милийса жигит шашпай отурган, аңгычакты капталдагы телефону шыңгырап бирөөлр менен сүйлөштү да шак эле ордунан турду.

— Эмесе мындай жигиттер! Мен силерге эскертип коёюн: атайын шартыңар болбогондон кийин жапайы жырткыч жаныбарларды үйгө багууга болбойт.

Түшүнүп жатасыңарбы? Бөлтүрүктөр чоңоюп калышты, мындан ары кармоо опурталдуу. Мен силерге бир жума мөөнөт берем, ушул убактын ичинде кандай кылсаңар дагы алардын көздөрүн тазалайсыңар, тактап айтканда бул жерден жоготосуңар. Түшүндүңөрбү? Болбосо… бир жумадан кийин өзүм барам да мына бу тапанча менен экөөнү эки жерге атып таштайм. Ошону менен алар жок болот, эң башкысы эч ким арызданбай калат, мага. Ушундай!

Сурооңор барбы?

Милиция жигит тапанчасын көрсөтүп койду.

— Жок.

— Анда бара бергиле! Менин айтканымды унутпагыла. Сүйлөштүкпү?!

Азамат келээри менен Сапы чалдын кичүү уулун алдап үйүнөн чакырып алып тамдын түбүнө көтөрүп уруп басып алды:

— Айт чыныңды, милийсага катты сен жаздың беле? Кана, айтасыңбы?! Болбосо тумшугуңду талкалайм…

Бойу узун болгону менен сөлдүрөп алы жок эле, ары бери кыйшактап жатып күнөөсүн мойнуна алды, акыры.

— Атам. Болбой жатып ошо жаздырган… Мен жазайын деген эмесмин!

Азамат аны май куйрукка бир тепти.

— Жогол! Күнөөңдү мойнуңа алганыңды атаңа айта бар! Макулбу?!

Эки достун күткөнү эле Жапониядан келүүчү Сардар. Тезирээк бөлтүрүктөрдү сатып ала турган фирмачтарды ала келсе экен! Бир жума болгону жети күн, бат эле өтүп кетет. Экөө отуруп алып күн санашат. Милийса деген мыйзамдын кишитси, эки жолу кайталап отурбайт. Айтты, бүттү. Аны аткарыш гана керек.

Чыңгыз болсо бөлтүрүктөрдү чет мамлекеттик жарандарга сатуу боюнча керектүү кагаздарды дайындаганы борборго кеткен. Күткөндөн башка арга калган жок, экөөндө.

Айдап себүү жумуштары аяктап калган кезде алыскы жайлоого көчүү камылгасы көрүлүп, короо-короо кылып малдарды топтошуп, ооруу-сыркололорун бөлүп, дарылоочуларын даарылап, баруучулар эмерек-шаймандарын даярдап калышкан. Көчүү да өзүнчө машакат.

Окуу жылы аяктап, балдар да каникулга тарай баштаган эле.

— Быйыл кар оор түштү, жолдун көп жери бузулуп калса керек. Эртелеп чыгалык! — дешип эки-үч күн мурун беш-алтоо аттанып кетишкен, жарак-жабдыктарын алып.

Ушундай күндөрдүн биринде Чыңгыз Сардарды баш кылып дагы эки кишилерди салып келип калды. Бөлтүрүктөрдү сатып алуучулар экен. Акбар менен Азаматтын кубангандарын айтпа! Милийса берген мөөнөттөн үч күнгө ашып кетип, эми качан келип бөлтүрүктөрдү атып салаар экен дешип чочулап да жүрүшкөн.

— Кыргыздарга окшош турбайбы!

— Сөздөрү эле башка болбосо.

Актан өз билгенин айтып калды:

— Буларда дагы кыргыз сөздөрү бар, мисалы: киши, тебетей, кайчы, кой, той таберик, Каникей, Семетей деген.

Жапондуктун бири тааныш сөздү уга коюп:

— Киши, киши — деп өзүн анан Актанды көрсөтүп күлүп калды.

— Ой-ээй, илгери ошо деңиздин ары жагындагы аралдарга өтө качып жапайы болуп кеткен кыргыздар го, булар?!

— Болсо болот. Дүйнө жүзүндө кыргыздар жүрбөгөн жер жок турбайбы.

Аңгычакты соода жүрүп, бөлтүрүктөрдүн ал абалын көрүшүп Сардар айткан баага жапандар дароо эле макул болушту.

— Бир жарым миң доллардан болду ар бир бөлтүрүк!

— Оо-уу! Экөө үч миң! Эмне деген акча?

— Пай! Пай!

Сапы чал да эл арасында болучу. Үнүн баарынча бакырып калды:

— Соогат айланайын Сардар! Соо-гат!

Бул сөздү биринчи ирет угуп жатса керек, түшүнө бербей агасы Чыңгызга карады эле, ал көзүн ымдап: «Эптеп раазы кылып кой!» дегендей ишарат кылды.

— Мына ата, сизге жүз доллар! Акбар менен Азаматка көп эле жардамыңыз тийсе керек…

Тургандар дуу этип каткырып калышты.

— А киши элдин баарына жардам берет.

Тааныш сөздү угуп жапандар да өздөрүнчө ырсайып калышты: – Киши.

 

* * *

 

Тайбас бир жума зорго чыдады таш короодо, ордунан эртелеп туруп алып энесин издеп жөнөдү. Бул тегеректе андан жакын жан жок болучу.

Сегиз-тогуз айдан бери чогуу аралап жүрүп бул чөлкөмдөгү ой кыр, адыр капчыгайлардын текши баары көңүлүнө жат болуп тааныш эле, ичке өрөөндү басып өтүп кырдын капталынан орун алган жаңы ийиндин үстүнөн чыкты.

Күн биротола жылып, көк чөп жашыл тукабадай кулпуруп тоо белинен өйдө өтүп калган, жайылган мал кенен тоёт. Караган талдар да бүрдөп, эртелеп урук чаччу өсүмдүктөр гүлдөрүн бирин серин ачып теребел эми күн санап өзгөрүүдө.

Ошентип жер бети менен бирге ага кошулуп жанжаныбарлар да бүлүнүп тукум улоонун түйшүгүндө, ал ар бир жандык үчүн ыйык парз эмеспи. Жаратылыштын жазем дебей түбөлүк жаңырып, жашарып турушу да ушундан улам болсо керек.

Тайбас дароо эле ийинге кирип баралган жок, кантсе да энесинен чочулады. Ачуусу тарадыбы, баштагы калыбына келдиби анысын тактап биле албай арсар болуп оозго жакын көчүк басты.

Башынан көнгөн тепкичтин алдына түнөп короодо жүрө берсе деле болмок. Күн да, түн да жылуу. Курсагы деги ток, учуп конгон куштарды кууп эрмек кылып убактысын өткөргөнү менен энесинин кийинки мамилеси бир эсе аны таңгалдырып, бир четинен чочутуп да койгон эле.

Каарданып, ийинден куугандай ал эмне күнөө кылды? Себеби эмнеде?

Ойлонуштуруп талдоого жөндөмсүз болсо да энесинин аркырап качырганы көңүлүнө уюп калыптыр, аны унуталган жок. Ачулуу мамиле эмес катуу айткан сөз да оңой менен көңүлдөн кетпейт эмеспи.

Бир маалда энеси ичтен чыга келди.

«Саламатсызбы? Жакшы турасызбы, апаке?» деген тейде күчүк шыйпаңдап ордунан тура калды. Сөөмдөй куйругун тынбай булгалактатып, кулактарын жапырып өзүнүн сүйүнүп турганын жашыра албады. Сагынып да калыптыр, ага жетип барып анын үстү-башын аз жерден жалап-жуктап жиберген жок. Энесинин жагымдуу жыты каңылжарын өрдөп анын көңүлүн ого бетер көкөлөтүп турду. Канткен күндө да аны нечен өлүмдөн, канчалаган опурталдуу учурларда сактап, жан боору менен тең болуп калган энеси эмеспи, аны кантип сагынбасын?

Жо-о. Энесинин да көңүлү жайдары экен, күчүктү жылуу ырыйы менен карап койду. «Ии, келдиңби? Ичке кир!» дегендей түр көрсөттү уя тарапка башын буруп. Тайбас тартынган жок, энесинин ишаратын илгиртпей түшүнүп түз эле ийинге баш бакты. Төр тараптагы бир бирине оролушуп, кыналышкан майда жандыктарды карап калды, башын кыйшайтып. Көзүнө кызык көрүндү.

«Булар кимдер? Кайдан келишти?

Энеси кирип келди жөөлөп. «Ии, көрдүңбү! Булар сенин бөбөктөрүң, жакшы лап кара ал!» — дегендей ымтыраган немелерди жалай кетти. Саксайган жүндөрү да кургай элек экен. Көздөрүн жылтыратып жаңы ачышкан түрлөрү бар, оңдуу да баса алышпайт, жыгылып кайра туруп.

Тайбас ийинден оолактап барып тигиндейрээк жата кетти. Ушулардын кесепетинен улам энеси аны ийинден алыс кууган экен да. «Кайдан, кантип келип калышты, ымтырашып?»

Көңүлүнө жагабы же жакпайбы алар менен бирге жашоого Тайбас аргасыз болучу. Энеси үчүн бул көндүм көрүнүш эле. Буга чейин нечен ирет күчүктөп,

толгоосу күчөп кыйналып турганда кара жанынын айласын таппай көзүнө урунган жандыктын баары ошолор гана күнөөлүдөн бетер анын каарын келтирип, жек көрүүсүн артырчу. Колунан келсе чидээрип көз көрүп, кулак укпаган жакка качып кетсе кана, ошондо балким жеңил болоор беле боюнан бошонуш.

Табыйгаттын бул катаал сыноосу бардык эле ургаачы жаныбарларга тийиштүү болсо керек да ушинтип кыйналып–кысталып жатып көз жарып алган перзенти ичтен чыккан ийри жылан дегендей боор эти менен тең болуп, анын өсүп эрезеге жетишине болгон аракетин жумшап ал үчүн керек болсо кара жанын да аябай калат тура, эне деген.

Тайбастын бөрү энеси да өз өмүрүндөгү эң бактылуу учурларын өткөрүп

дене бою коргошун болуп эрип көшүп жатты уясында, бөлтүрүктөрүн эмизип.

Аркы өрөөнгө малдар менен кишилер көчүп келишип, уу-дуу түшүп калганын Көкчекир ичке капчыгайды аралап чыга берип кокусунан байкады.

Тайбас экөө конуп-жатып жүргөн таш короого али алыс болучу. Ал бийик кыр менен бир далай жерге барып кайра тартты. Дагы тереңдеп баруудан чочулады, бөлтүрүктөрү али жаш, жаңы гана өз алдынча басып бири бири менен ойногонго аракеттенип калышты, эми анын милдети ошо күчүктөрү жөнүндө эч бир жанга шек бербеши керек. Анын кайтарганы да, сактаганы да өзүнүн перзенттери, алардын амандыгы. Эптеп чоңойтуп алса гана, атаганат.

Өткөн жылы шоңшойгон калпак кийген эки буттуу адамга байкоосуздан эки бөлтүрүгүн алдырып жибербедиби. Алардын азабын канча тартты. Дагы жакшы алардын ордуна иттин чаңкылдаган күчүгү туш болуп аны көптөгөн кыйналуудан арачалап калды. Эми ал өз алдынча жанын багып кете алат, дагы бир жылча чогуу болуп, анан биротола жетилип баралына келгенде мурдагы бөлтүрүктөрү сыяктуу ал да өз үйрүн таап алаарына шек кылган жок, бөрү эне. Карышкыр Тайбастын адамдар менен бирге жашап, алардын эң бир жакын көргөн жаныбары – иттин күчүгү экенин анча деле аңдаган эмес учурунда, жаны кейип кыйналып турганда жолукту, бөлтүрүктөрүнүн ордуна анын эмчегин ээмп, бир жылга жакын убактан бери чогуу жүрөт. Ишенген дөбөтү болбогондон кийин эми өзүнө кошулуп тиги бөлтүрүктөрдү экөөлөп чоңойтууга жардам берүүгө тийиш деген ниетте болду Көкчекир.

Бул эбактан бери келаткан шарт, ушундай болгон, мындан ары да ал адат эч өзгөрбөстөн уланып кете бермекчи.

Деги эле бөрү тукумунун жашоо-тиричилиги чогуу биргелешип, ымалашкан мына ушундай тартипте өтөөрү алардын өтө оор, катаал жапайы турмушунан улам келип чыккандыр. Антпесе, өзгөчө карышкырлар үчүн тукум курут болуп кетүү коркунучу ар дайым өкүм сүрүп турары белгилүү эмеспи да бул дагы касиеттүү табыйгаттын өз койнундагы жанжаныбарларынын өсүп-өнүгүшүнө көргөн камкордугу го.

Кантсе да жаратылыштын мээрими чексиз белем.

Күндөрдүн биринде кырдын үстүндө калың карагандардын арасында жатып тээ ой менен менен бараткан шоңшойгон калпак кийген кишини көрүп калды, Көкчекир. «Ошо! Эми мени, менин бөлтүрүктөрүмдү аңдып келген экен!» — деп сезди ал, өз ниетинде. Кыжыры кайнап, көздөрүнөн учкун чачырап өзүнчө ыркырап да алды. Асынган мылтыгы болбогондо соёлонуп жетип барып ат үстүнөн сүйрөп түшүп өз билгенин жасабайт беле, атаганат. Мылтык деген өтө коркунучтуу курал, аны этибарга албоо башты өлүмгө байлоо менен барабар. Бөлтүрүктөрү али кичине, ошолор үчүн ал өзүн сакташы керек!

Тумшугун жерге катып өзүн кармады, антсе да тиги кишинин кайда, эмне максат менен баратканына көз салып тымып жата берди.

Бийиктен бу чакан өрөөндүн баш аягы даана көрүнүп андагы жандыктардын өзгөчө кашкулак, суурлардын, ары бери сереңдеп жаны тынбай чуркап жүрүшкөн коёндордун баары тааныш, алардын ар кыймылы ага белгилүү болучу, көзүнө урунуша берип жедеп көндүм болуп бүткөн. Буйуруп тишине илинген жандык анын күнүмдүк тамагы, түгөнбөгөн азыгы болучу да карышкыр эч кандай эрен-төрөөнсүз эле алгачкы жолукканын баса калып өз кардынын камын көрчү. Тандоо дегенди да билчү эмес. Деги эле жаныбарларды бир бирине жем кылып, ошону менен алардын өмүрлөрүнүн уланышына тийиштүү шарт түзүп берүүсү бир эсептен жаратылыштын чектен чыккан адилетсиздиги катары бааланса, ошол эле маалда жапайы жашоонун ченем–чектөөлөрүн теске салып, сан-өлчөмдөрүн теңдеп талдап турган кандайдыр бир ыйык күчтүн таасири өкүм сүрөөрү жалпыга эле белгилүү эмеспи. Антпегенде алсыз көп жандыктар эбак эле тукум курут болуп, жер бети сансыз илбесиндерден ажырап калбайт беле, бирок бир жакшы жери эч качан андай болбойт, касиеттүү табыят ага эч убакта жол бербейт.

Көкчекир боору менен артка сойлоп кырдын тескейине түшүп кетти, бирок өз ийин жагына барган жок. Адамдар жүргөндө ал тарапка баш буруу өтө опурталдуу, ийиндеги жаңыдан жетилип келаткан бөлтүрүктөрүн тобекелге салуу менен барабар. Тескерисинче ал жактан канча болсо да алыстап, деги эле ийиндин бар экенин эч жанга шек бербеши зарыл. Карышкыр өзүнүн изин жашырып, аңдып артынан сая түшкөндөрдү адаштырып, келген жолун аярлык менен кайта басып багытын өзгөрткөн болуп туңгуюктан билгизбей чыгып кеткенге маш, андай амалдарды жасаганга анын акылы жетет.

Жапайы турмуш неге гана үйрөтпөйт…

Ойго түшүп чийдин калың дүңгөлөрүн аралап отуруп кыйлада аркы адыр бетине көтөрүлдү. Өгүз белиндей кенен жон төө куйрукка текши басылган экен, бул өсүмдүктүн кашабаңа жаккан бир жери көгүлтүр тартып өзүнүн тулкусуна өңдөшүп турганында эле, андан калса анча бийик эмес, арасына кирип жатып алса жанынан өткөн жан да байкоос албайт. Жашырына турган накта мыкты жер.

Көкчекир төө куйруктун арасынан төмөнгө көз жиберди. Алиги киши жок, кайда бурулду, же тиги жондогу өз ийинине багыт алдыбы?. Чынында эле тиги атчан аркы кырды көздөй бараткандай сезилип, заматта

карт бөрүнүн жүрөгү кабынан атып чыга жаздады. Демек, мурунтан эле байкап жүргөн экен да! Анын бөлтүрүктөрүнүн кайда жатышканын билет турбайбы… Бүткүл тулкусу калч-калч этип сойлоп отуруп дөңдүн кырына жетти. Эгер тиги киши чынында эле ийинди көздөй баратса анда эле ордунан атып туруп ага атайы көрүнүп, ал байкагандан кийин анын атканына да, качырып кууганына карабай теңирден тетир багытка баш урмак. Кандай болсо да аны өз бөлтүрүктөрүнөн тезинен алыстатып, алаксытып башка жолго салганга аракет кылмак. Күчүктөрүнүн амандыгы үчүн бул сапар өз жанын кечип койгондон да кайра тартпайт болчу, карышкыр. Аларды сактап калууда анын башка айла-амалы калган эмес…

Далайда барып анын жүрөгү кайра ордуна келди: тиги адам тетир бурулуп жапыз адырга жетип калыптр. Тик жардын далдоосунан саамга көрүнбөй калган экен, аттын чаткаягына жете суулугу шөлбүрөп, кыска камчысын шилтеп ансыз да илгиртпей желе басып бараткан атын теминип коёт. Күн кечтеп калганга үй тарабына шашылган түрү бар.

Тайбас таттуу уйкуда жаткан.

Энесинин кайда, эмне кылып жүргөнү менен иши жок, бир маал сыртка чыгып ой-кырларды аралап ал ортодо курсагын тойгузуп алат да бөлтүрүктөргө кошулуп алар менен оюнга кирет, чарчаганда колу бутун сунуп салып уйкуга чөмүлөт. Алыс кетип калуу жок, күчүктөр өтө шок, куушуп жүрүшүп тышка кантип чыгып кетишкенин да билбей калышат. Аларды кайтарган да, баш көз болуп караган да Тайбас. Көкчекир анча алыс кетпей кез-кези менен келип бөлтүрүктөрдү тамактантып, аз да болсо жатып эс алат.

Жайлоо ачылганы өрөөндө мал, жан көп, ушул тарапка чейин өрүп-өрдөп кирип келишет. Аларды издеп карап келген кишилер, салпакташып ээрчиген иттер.

Бир ирет ийинден анча алыс кетпей жондо жаткан, дүпүрөгөн дабыштан улам төмөнгө көз жүгүртсө бир киши топтошкон жылкыларды ызгытып айдап баратыптыр. Артында өзү окшогон жандыктар, түлкүгө да, чөөлөргө да окшошпойт. Куйруктары салбырап, кулактары шалпаят, кээ бирлеринин жүндөрү да узун экен. Тиги кишинин артынан калышпай, а түгүл озо чуркап арс-арс үрүп жылкыларды тоскон болушат. Өзү да дал ушинтип үн чыгарат эмеспи, Тайбаска абдан эле кызык көрүнүштү тиги жандыктар.

Кырдан соёлоно түшүп заматта аларга жетип барып, көчүк-башын жыттап-сынап алардын ким жана кандай жандыктар экенин билгиси келди. Үндөрү, баскан тургандары окшош болгондон кийин алар анча коркунучтуу эмес болуш керек, ордунан эки-үч ирет обдулуп кайра бүк түштү. Дааган жок, балким энеси жанында болгондо… анда башка кеп эле. Анын үстүнө жылкыларды айдаган адамдан да айбыкты. Алыстан гана кез-кези көзү чалып калбаса жакындан бет маңдайлашып көрө элек. Энесинин да алардан алыс болуп, алар менен жолукпоого, көздөрүнө урунбоого аракет кыларын жакшы билет. Демек эки аяктуу адамдар коркунучтуу, аларга кездешүү өтө опурталдуу болу керек.

Тайбас энесинин дабышынан ойгонуп башын көтүрдү.

Түндүн кай убактысы экени билинбейт, өтө эле караңгы экен. Көкчекир күндөгүсүндөй күчүктөрүнүн катарына келип жата кеткен жок, бут да бүкпөй саамга моюндашып жатышкан бөлтүрүктөрүнө көз жиберди. Аларды эми гана көрүп жаткансып бир экөөн куйрук башынан жалап, эркелеткендей тумшугу менен чала–бучук түртүп койду. Алардын эч бири энелеринин келгенин сезишкен жок, кайра бир бирине ыкташып моюн алышып уйкуларын улай беришти.

Көкчекир бир күчүгүн аяр желкеден тиштеди. Четте отурган Тайбас үңүлө карап калды энесине. Эмне кылган жатат? Бир жакка алып барабы? Кайда?

Күчүктү тиштеген бойдон сыртты көздөй жөнөдү, энеси.

Заматта көздөрү умачтай ачылып Тайбас дагы бир бөлтүрүктү желкесинен тиштеп алып анын артынан чыкты эле энеси атайы күтүп турганбы жамажайын тартып секин ыркырап койду: «Сен кал! Мен өзүм эле» деп түшүндү.

Тайбас кайра тартты, демек мындай ишти энеси өтө жооптуу деп сезсе керек да, ага анча ишене бербеши мүмкүн. Канча кылган менен өз кан – жанынан жаралган бала да. Желкеси ооруксуна түшкөнбү күчүк нааразы болгондой кыңшылап келип боордошунун жанына жатып алды.

Таңкарачкысы тарайын деп калганда акыркы бөлтүрүгүн тиштеп алып, ийин которуп кетти Көкчекир. Эгер кечөөкү киши чынында эле анын бөлтүрүктөрүн аңдып жүргөн болсо эми кур жалак калсын! Таш капсын ойлогон ойу.

Көңүлү биротола жайланып түзөңчөгө барып жата кетти.

Анткени менен жаңы ийин алда-кайда алыс, төмөн тараптагы бийик жардын алды жагындагы корум таштардын арасында экен, сырттан караган көзгө анча деле байкалбайт, болгону оозу бир аз тар болуп чыкты. Эч нерсе эмес, Тайбас экөө кезектешип кирип чыгалышат. Эң башкысы адамдардан алыс, бул тарапка алар оңой менен келишпейт. Малдары болсо аркы өрөөндө, аларга ошол жердеги эле тоют жетиштүү. Ээн эркин жайылып жүрө беришет, бул жакка аларды айдап эле келбесе. Демек, бул тарап мал – жан келбей коопсуз. Күчүктөрүн аман-эсен биротола торолтуп, чоңойтуп алса болду, күзгө чейин. Башка ага эмне керек?

Жашоо–тиричилиги болсо өз нугу менен эч өзгөрүсүз өтө берет. Багып алган күчүгү да баралына келип калды, күзүндө ал дагы өз түгөйүн таап бөлүнүп кетээри шексиз. Анын да өзүнүн түгөйү, үйрү болот. Бул турган иш, тирүү жан болгондон кийин ал дагы артына тукум калтыруусу керек.

Мына ушинтип Көчекир бөрү азга болсо да бөлтүрүктөрүнөн санаасы тынып, өзүнүн түйшүктүү турмуш жолун бир калыпта улап келаткан.

Анан күндөрдүн биринде эле…

 

* * *

 

Качы көчүп келгенден бери өздөрү жашаган өрөөндү толугу менен кыдырып чыкты. Кырларды ашты, кокту-колотторду аралап жылгаларды өрдөдү. Кашкулак, суур, коёндор… Түлкү да жүргөнсүйт, куйругун булактатып. Кекилик, чил, кыргоолдор көбөйүп калышкан өңдүү. Улардын үнү угулат, тээ бийиктен. Аякка чыгып барыш каякта, бул тегеректеги эле аңдар жетишет го, азырынча. Бул күндөрү тапкан олжосу эки коён, бир кыргоол болду, андан чоңдору кароолго илинген жок. Кийик, аркар, кулжалар алигиче тоо башынан түшө элекпи канчалык дүрбү салса да атайы эле жашынып калышкансып көзүнө урунушпады.

Дегинкиси, быйылкы аңчылыкка жигердүү даярданган эле, Качы мерген.

Колхоз убагында анда ал чабанга жардамчы болчу, жаш да убагы, ок-дары да кенен жайлоого келгенде мылтыкты алып тоого чыгып кетчү. Дасыккан мергенчилерге аралашып, алардын сөзүн угуп аңчылык боюнча көп нерселерди билип да, үйрөнүп да калган. Илбээсин аткан убагы да болгон. Анан эле союз, колхоз тарап заман өзгөрдү, эл эти эмес табагын таппай калган учурга туш келип, бардыгы жакшы түштөй артта кала берди.

Аңчылык эмес мал менен жайлоого баруунун өзү эске келбей, ар ким өз тирлиги менен алек, кечээки кененчилик убак кайрылгыс болуп артта калган. Көрсө заман тез өзгөрүлмө болот тура, бүгүн көргөнүң эртең жок дегендей. Ошентсе да эл дегениң агыны катуу суудай белем, кептелген жарга уюп тура бербей, акыры каягынан болсо да бир тарабын жырып-бузуп чыгат экен, жол таап. Акырындап турмуш оңолуп элдин малы арбып, а түгүл жакынкы жайыттар жетшпей сырт өрөөнүндөгү жайлоолор жөнүндө кеп–сөз боло баштады.

Кеңешип отурушканда Качы өз оюн айтып калды, анткени алыскы жайытка көчүп бара турган үч короого баш көз болучу улуулардын бири өзү эле:

— Ата-а. бир мылтык болсо ээ?! Канча кылган менен сырт деген сырт, жырткыч жандыктар көп эле болуш керек: карышкыр, илбирс, каман дегендер.

Чыңгыз иниси ал оозун жыя электе эле:

— Аба, мылтык бар! Болгондо да кош ооз! Ок-дары деген да жетиштүү. Жада калса дүрбү да бар. Андан көрө мине турган атыңызды жакшылап камдаңыз, даярдаңыз!- деген.

Мал көчүрүүгө отургандардын баары кызыкдар эле.

Ошентип курал жабдык менен шайма-шай камсыз болуп, кунан чыкмасын сылап-сыйпап өз билишинче таптай баштаган, ага Тайкашка деп ат коюп.

Өткөн жылдар өттү дечи, мына быйыл жакшылап аракет кылып, орчундуу майнап чыккандай аңчылыкты колуна албаса болбойт. Анын мындай чечимге барышына өз колу менен кармап алган бөрүнүн кенедей күчүктөрүн тиги эле жапоныядан атайы учуп келишип американын жашыл акчасына сатып кетишкени, андан да чынын айтуу керек, бир эсе өзөгүнө өрт койгондой ичин күйгүзүп ардаткан аялынын сөзү бирден бир түрткү болду.

Баарынан да: «Жамансың! Ошон үчүн өз шыбагаңдан өзүң кур калдың! Болбосо жаныңды оозуңа тиштеп бөрүнүн бөлтүрүктөрүн кармап алып келген сен болсоң, сатып акчасын алган тигилер болсо. Деги эркектик арың барбы, сенин?!» — дегеничи.

— Эй, алар деле өз балдарыбыз го?!

Басылсачы, алкылдап: «Түтүнү башканын түйшүгү башка, кана колуңа бир сом карматканы?! Ошол акчага мал сатып алып биз дагы элчилеп байысак жаман болот беле, ыя? Канчага чейин бирөөнүн көзүн карайбыз?!» Опе-ей , сөздүн баары бу жакта жаткан турбайбы? Ат-таңдын көрү десең. Дагы аялдарды чачы узун акылы кыска деп коёбуз. Балээни кара, айткан сөзүн каапырдын… Ошондо Качыкең ичинен кекенген: шашпа-а байбиче, биздин үйдө да той болот. Тайкашка экөөбүз турганда Көкчекир бөрү аман болуп күчүктөсө эле, калганын кудай ала койсун. Айтты-койду дебе буйурса да, буйурбаса да болгон бөлтүрүктөрү меники! Сардар аркалуу жапон өлкөсүнөн алуучуларды бул жакка чакыртып туруп өз колум менен урдуруп жиберем. Шуудураган жашыл акчалар коюн- кончко толуп эле калсын. Ошонун эки миң долларына бери болгондо эле элүүгө жакын ургаачы козуларды сатып алсам, жыл айланбай алар кочкордон качып келеркиде койдун саны жүзгө чамалап барып калат. Ох-хоо! Мына байлык деген. Анын эмне кыйынчылыгы бар?! Баары эле өз колумда турбайбы. Кысталактын катыны мурда кайда жүргөн?! Ошентип ал быйылкы аңчылыкка катуу даярдана баштаган.

Эми анын дагы бир түйшүгү Тайкашкасы эле, кайда жүрсө да аны оозунан түшүрчү эмес, мактаганы мактаган.

— Бу менин Тайкашкам айтып коёюн, өзүнчө эле бир дулдул, канчалаган тоо ташты, кокту колотторду аралап тик зоолрго чыгам, ойго түшөм, аркыраган агыны катуу сууларды кечем деги бир моюп койсочу, жаныбар. Ооздугун карс карс чайнап алкынганы алкынган, жулкунганы жулкунган. Анан да эстүүсүн айт, айдап жибермеинче жанымдан кетпейт, айланчыктап. Деги бир кудай берген жылкы. Ушу менин багыма жаралган жаныбар экен…

Анын сөздөрүн уккандар да баш ийкешип ага макул болуша турган, жакшы ат экени жал-куйругунан эле көрүнүп турбайбы. Сындуу да, сан булчуңдары буртуюп кубаттуу да экен. Буюрсун, өзүңө дешчү алар.

Сыртка көчөөргө аз калганда устага барып Тайкашканын эскирген такасын алдырып таштап жаңысын такалатты. Мерген деп аты айтылып калгандан бери Качыкеңди баары сыйлайт, анын сөзүн эки дешпейт. Аң улоо ар кимдин эле колунан келе бербейт, ага да жөндөмдүүлүк керек. Жапайы жандыктардын жүрүш-туруш шарттарын, айла-амалын билүүнүн өзү эле эмне деген эмгекти, зээндүүлүктү талап кылат? Андай ишке чыдаган гана киши чыдайт. — Качы азамат! — дешчү айылдаштары. Уста дагы мамилеси жакын достордон эле:

— Көптөн бери катып жүргөн элем, ушу сенин аргымагыңа буюрган экен! — деп көмүркөйүнүн түбүнөн жаңы такалардын бир байлоосун алып чыгып Качынын алдына жая таштады. — Мына, өзүң байкап көрчү: жөн таканын четкилери менен ортоңку эмчектери түз, тик болот, а булардыкы башкача: эки тарабындагысы сыртын карап кыйгач да ортоңкусу ийилип жаа порумунда. Мунун да өзүнчө сыры бар, бул бир. Экинчиси, буларды башкача кылып сугардым, а кантип сугарганымды айтпайм, анын да өзүнчө сыры бар, башкаларга чоң секрет. Он дебейин бери болгондо эле алты-жети жыл атыңдын туяктарын карабайсың. Жалаң ташка салсаң да жешилбейт! Андан көрө кайра кайтканда шыралганы унутпа!

Өзгөчө эрдигин даңазалап салгандай уста балкасы менен дөшүсүн бир уруп төшүн керип койду.

— Ал турат дечи! Кантип эле куру кол келейин?! — Качы кол шилтеди кайдигер. Качыкеңдин сөздүн кишиси экенин бул досу да биле турган.

Экөө бир шишени бөлө тартып ичип, акырында өбүшүп-жытташып жатып көптө ажырашты.

Тоо арасы эми Качы үчүн өз үйү, өлөң төшөгүндөй эле болуп калды. Күнбү, түнбү кош оозун асынып алып шарт-шарт баскан Тайкашкасынын оюна коюп адырдан адыр аралап жүрө берет. Шаштырган, сен тигинт-минт деген киши жок өз эрки өзүндө, не кааласа ошону жасайт.

Бүгүн тоого чыгайын деген анын ою жок эле.

Малы менен быйыл жаңы кошулган дагы бир коңшусу баласынын туулган күнүн белгилейм деп кой союп калды. Шылтоого шынаа да, болбосо экиге араң толгон баланын да ошондой        күнүнө килейген коюн соёбу. Аш көп болсо каада көп дегендей жайлоодогуларга кудай берип, балага белек-бечкек, атайы дасторкон даярдап барып анын жапырайган палаткесинин тескей жагын чоңу-кичинеси дебей баары бапырашып ээлеп калышты. Дасторкон үстү толо аш, ичкилик кайда болсо да бар дечи. Кымызга кызыккандар аз эле, алардын арасында оорулуу Актан анан балдар.

«Жер көрөм, эс алам!» деп Сардар да келген. Шаарда өсүп окуган немеге баары кызык. Балдарды ээрчитип алып тоого чыгат, атайын тосмолоп көлмө жасап сууга түшөт. Чоңдорго кошулуп тайларды үйрөтүп, «Көк бөрүгө» да аралашып кетет.

— Аба, аңчылыкка мени да ала барсаңыз?! — деп бир ирет Качыдан суранды эле ал аны ээрчиткенден чыны чочулады. Тоо деген тоо, тик жар, бийик аскалар барар жери, кесек таштарды аралап, агыны катуу сууларды кечүүгө да туура келет. Алардын эмнеси кызык? Анын үстүнө мурун-кийин тоо арасын кыдырып жүрбөгөн соң ал үчүн опурталдуу эле.

— Кийинчерээк. Убагы келгенде өзүм айтам — деп койгон.

Сардарга алыстан болсо да ээн жайылган арка, кулжаларды, эчки текелерди көрүү кызык болучу. Бийиктеп бармайынча аларды көзгө илиндирүү кыйын.

Ыр да ырдалып, не деген сөздөр айтылып гүү-шаа болуп отурушкан.

Аңгычакты эле өзүнүн жакын жеңелеринин бири шаңкылдап калды, градусу жетчү жерине жетип калган көрүнөт:

— Ай, мерген уул! Мына, жайдын кап ортосу болду, сен качан бизди кайберендин этине тойгузасың ыя? Жанагы алып келгениң коёнуңдун этиби же мышыктыкыбы, ыя? Чыныңды айтчы, ай уул! Ушу сенин башка үй-бүлөөң бар го деп чочуйм, аткан кайберендериңди ошоякка таштап бизге жалаң эле коён, чил, кыргоолдорду алып келесиң. Же катып койгон башка жериң барбы ыя?!

Аялды колдогондор четтен чыкты.

— Чын эле! Кайберен дегендер толуп эле жүрүшсө керек. Мыкты мергенчиге тоодогу аркар, кулжа кеппи?!

— Антпей эле Качыкем аларды эт алып семирсин деп жатат! Алар азыр арык, териси менен сөөгүн жемек белек? Шашпагыла!

Алагүү болгондор сөз тыңшайбы? Ушу азыр мүйүздөрүн чыгырык кылып каркайткан кулжаны атып келип алдыларына таштасаң да ыраазы болоор бири жок, напсиңер бузулгулар.

Качы да бир топ кызып калган, анын сөзүн угар бир адам жок. Ордунан туруп палаткени айлана басты.

— Ой, сен кайда?

— Ага эле эмне асылып калдыңар? Табарсыгы деле ооругандыр, алиден бери отуруп.

— Мергенчинин шейшеби бек болот!

— Сен эмне, аны менен дааратканага чогуу барып жүрөсүңбү? Дагы бирөө сөз айтты эле баары каткырып калды. Күлкүлүүбү же жөн эле бура айтылган сөзбү азыр аларга баары бир болучу.

Тайкашка аркы ойдо оттоп жүрүптүр, Качы чынында эле табарсыгын бошотуп алып атын чакырды.

— Мо! Мо! Кел жаныбарым, кел!

Суулугунун чөнтөгүнөн бир ууч кант аралаш арпа алып чыкты колу менен сапырып.

— Кел! Кел! Мына, өзүң көрүп турбайсыңбы?! Мо! Мо. Алиден бери көз жиберип турган ат колдон колго куюлушкан жемди көрүп окуранып ээсин карай кадам шилтеди. Жайлоонун тулаңына караганда кант кошулган жем алда-канча таттуу эмеспи?! Ээси да аны эч убакта алдаган эмес. Аттанаардын алдында бир ууч жем жеп жүрүп Тайкашка да жедеп көнүп бүткөн эле.

— Ой, Качыке! Эт бышып калды, бир аздан кийин чыгарабыз.

— Эй! Кайнап жаткан казанды таштабайт! Ал кесир болот.

— Ой койсоңорчу, ага эмне эт жокпу?! Жалаң тоо жаныбарларынын этин жеп жүргөн неме койдун этин карамак беле.

Качы кайрылган жок, артынан айтылган сөздөрдүн бирин укса, бирин укпай башын ийкеген болуп атын теминип бастыра берди.

«Силерге эт эле керекпи?! Андай эле болсо мен силерди бир жолу этке карк кылайын! Өлөөр-өлгөнчө эстей жүргүлөчү.. А менин курсагым жөнүндө кам көрбөй эле койгула. Силерсиз эле».

Анын оюнда, көңүлүнүн тереңинде эмне деген максат бар экенин ким билет, кандай киши баамдай алат? Чыны жанагы акылдуусунган аялына да ооз ачкан эмес. Бардык иштин өз убагы бар, шашпасын ал катын…

Көпчүлүгү аны аң уулоону жөн жай гана эрмек кылып, убакыт өткөрүп көңүл ачып жүрөт деп ойлошсо керек. Мейли, каалагандай ойлоп, оозуна келгендерин оттой беришсин. Эмнени көздөп жүргөнүн Качыкең билет, болгону ал азырынча өзүнүн гана ички сыры. Ар иштин өз майнабы бар, пайда алып келбегенден кийин неге ага убакыт кетирип максатсыз алектенет?

Качыкең андай эмес.

Бир текени сулата атып буларга алып келип берсең эле бүттү, сенден өткөн мыкты киши жок, бакылдашып эле мактап, даңазалап жатып калышат. Ашып эле кетсе бир жума жешээр, ал кайберендин этин. Анан? Ошо менен токтоп калышабы, эч нерсе сурабай? Балээнинби? Адамдын апсиси алалга келгенде ачылат, кайра күчөшпөйбү.

Ушуга окшогон чалды – куйду ойлорго басылып отуруп өзүнүн кай тарапка баратканын да баамдаган жок, көнгөн-көргөн тоо арасы адашып кетмек беле жүрө берди, кызуу неме бирде үргүлөп шылкылдап кайра ойгонуп. Жолду өз билишинче аты улап баратты. Кайда баратышат, барар жери алыспы же жакынбы Тайкашкага да баары бир эле. Тизгин кай тарапка тартылса ошо жакка бурулат, токто деген ишараат болсо токтойт. Чү десе тик өр болсо да жөнөп берет, тайгаланып – тайып койбой. буга ал көнүп бүткөн.

Качы дүрбү салып көпкө отурду.

Ал кайрылган эмес, Тайкашканын оозун буруп кенен жылганы өрдөп жогору чыгып кеткен. Канча бийик көтөрүлгөнүн өзү деле баамдаган эмес, аты жаш ал күчкө толуп турган убагы, азыр ага тоо да, ой да бирдей эле. Такалары жаңы курч, ташпы, тайгакпы быркырата батыра басып, ооздугун тиштеп алып алга карай жүткүнгөндөн талбайт.

Ээси мактагандай эле бар.

Акыры колу аягы талыды окшойт чөбү калың түзөңчөгө көтөрүлгөндө Качы аттын оозун тартып жерге түштү. Төмөнгө көз жиберсе оголе бийиктеп кеткен экен өрөөн алакан отундай даана көрүнөт. Башы салмактанып көөнү эч нерсеге чапкан жок, күүгүм кирип баратканынан улам тердик менен көрпөчөсүн астына салып ээрин жазданып уйкуга баш койду. Тайкашканы үч буттап тушап, октолуу мылтыгын баса жатты, тоо ичи ээн, не бар, не жок.

Качынын көңүлүн көтөрүп маанайын жазган дагы бир жагымдуу түйшүгү бул өзүнө тамак даярдоо эле. Бу жагынан ал чоң адис болучу да эч кимди алдына чыгарчу эмес. Баса. төрт-беш жыл бекеринен чабанга жардамчы болуп жүрүптүрбү? Ал кезде үйлөнө элек, бой кези.

Тоодо, кой кайтарып жүргөндө майда жандыктарды атып алып далай эле жолу алардан таш кордо, шишкебек а түгүл тоо пиязын аралаштырып туз, мурчун кошуп куурдак кууруп да жечү. Талаа тамагынын даамы өзгөчө эмеспи.

Күн кыйла көтөрлүп калган.

Жайдын толуп турган убагы болсо да бийикте салкын, канча кылган менен эзели эрибеген мөңгү тараптатан соккон жел аргынын илеби муздак эле. Түндө чыйрыгып калган экен, туруп алып ары бери басып жүрүп көптө өзүнө келди. Кечөөкүнүн кээриби тамакка көңүлү келген жок, бетин чайыганча жогортон агып түшүп жаткан муздак суудан кана жутту.

Тайкашка тушалган жеринен алыс кетпептир, кайберендер гана болбосо мал келбейт да бу тарапка, оту жакшы эле экен. Ээсин көрүп саламдашкандай окуранып койду, башын чулгуп.

Качы да ыраазы боло үн чыгарды.

— Так, так жаныбарым! Курсакты тойгуз, эс ал. Сен дос, кечөө мени башка өрөөнгө алып келген турбайсыңбы. Мейли, бул тарапты да байкаштырайын

Жогор тарапка дүрбү салса тээ, куш айланган бийик зооканын үстүнөн сүрөткө төшчүдөй кайкайган текенин карааны көрүнөт, кыязы кароолдо турат окшойт. Демек, башка эчки текелери ошол тегеректе жайылып оттоп жүрүшсө керек.

Качы ордунан туруп чоң таштын далдоосу менен жогору жөнөдү. Атайы келгенден кийин бир кайберендин этин ала барбаса болбос, анын үстүнө кечөө алардын азилин көтөралбай кызуулугу менен бастырып кете бербеди беле, жол карап күтүп жатышкандыр. Өзүнүн аялы го анын келген келбегенин анча деле эрен-төрөн албайт. Бир нерсе десе: — Ишиң болбосун мени менен, казан-аягыңды билип шүк отур! — деп күрсүлдөп койчу

Өгүз белиндей кырды ашып аркы бетке өттү. Болжогон жерге көп бар, анын үстүнө баса турган жолу караган, талы жок жайдак экен, бийикте турган текеге кылт эткени көрүнүп калчудай. А балким аны атайы кароолдогу неме бая эртеден бери эле көрүп байкап тургандыр. Аралык болсо алыс, үйрү жапсырда, ал жакындап келгенче дагы көп бар деп камаарабаганы да ошондондур. Кичине эле шек билине калса бүттү, кароолдо турган теке бышкырыппы же чүчкүрүппү кабар берет да ээн эркин жайылган кайберендер заматта көздөн кайым болушат, канаттары бар немедей. Тик боорду таталап жыгылып–туруп жан кыйнап чыгып барган гана убараң.

Таш түбүнө эс алып отуруп бет маңдайдагы жыбытка дүрбү салса топ-топ болуп өскөн карагайлардын далдоосунда чаарчыгын эмизип бир элик турат, өз көзүнө ишенбей саамга көз салып турду. Баласына каралап үйүрүнөн бөлүнүп калган окшойт. Чаарчык энесин жөн эмбей бир эки соруп алат да шоктонуп кетенчиктеп артка кетип, элдир-селдир секирген болуп кайра келип эмчекке жабышат. Кош уурту балбырап ак көбүк, антсе да болбой желинди кенедей тумшугу менен кайра-кайра түрткүлөйт. Эркелегени го, эки эли чычаңы тынбай серең-серең. Энеси секин мекиренип чаарчыгынын тумшугу желинине тиери менен дене бою жазыла кырт-кырт кепшегенге кирет, оолактай түшсө туш тарабын элтең карап жан алы калбай артынан ээрчийт. Өзүнөн жарым кадам алыстаткысы келбей көчүк-башынан жыттап, кайра-кайра жалагандан жадабайт.

Өзгөчө кичине кезинде бала энеге баарынан ысык көрүнсө керек…

Качы өзүнчө күбүрөнүп алды:

— «Берейин деген кулуна белен кылат жолуна!» деген ушу. Аска-зоону аралабай ырас болбодубу.

Качы дүрбүнү көзүнөн алып баамдап көрсө эликке чейин оголе көп аралык бар экен, аткан огу жете турган эмес. Төмөнгө сойлоп түшүп караган–черлерди аралап отуруп үстү жактан чыкты, анткени жел аргы эпилдеп ылдыйдан согуп калган. Эң башкысы жыт алдырбоо, өзгөчө дабыш билгизбөө керек.

Бул жагынан алар өтө сак. Шек алып калса бир паста буйтка аралап кутулуп кетиши да мүмкүн, улагы деги торолуп калыптыр.

Кыйлада жакындап келип казандай ташка жашынып мылтыгын сунду.

— «Ажардуу жигиттин алдынан ажалдуу кийик жолугат!» Буйурган аштан бурулуп кеталбайсың да. Чаарчыгын үйгө жеткирип берсем уй, койдун сүтүн берип аялым деле багып алаар. Баралына келгенде аны да сатып жиберем, чет элдиктерге. Тоо жандыктары деле баа экен, аларманын тапса.

Аралык бир топ алыс болучу, бирок кош оозго чек эмес эле Качы демин

ичине алып:

— Ээ кудай, бере көр! — деп күбүрөнгөнчө курокту басып калды.

Эч нерседен капарсыз чаарчыгын эмизип турган элик бүрдөмгө келген жок, октун күүсү менен артка серпилип башы капталына чабыла түштү. Ок дал чекеге тийген экен шүүшүн кан төмөн кулады, тамчылап.

Дегинкиси Качы мындан алыс жерден деле жаземдебейт, кароолго илинсе болду, мээлегени.

Чаарчык жер жаңырткан катуу добуштан чочуп, ошол эле учурда энесинин эпкини менен кошо учуп барып тигиндей жыгылды. Эмне болуп кеткенине түшүнгөн жок, кенедей жүрөгү көөдөнүн тээп чыкчудай түрсүлдөп тура калып чыңырып маарап энесине карай умтулду, бирок анын демейдеги көңүл соороткон жумшак мекиренгенин эшите алган жок. Аргасы түгөнүп күтүлбөгөн коркунучтан ошо гана сактап калчудай тизелей калып энесинин желинине тумшугун катты. Башка аргасы канча эле?

Саам өтпөй жер дүңгүрөткөн дабыштан баш көтөрүп өзүн карай жакындап келе жаткан эңгезердей узун жандыкты көрө койду. Бир билгени энеси гана болучу. Атып туруп чамасынын келишинче четке чуркады эле бирок калың бадалга кептелип ага тереңдеп кирип кеталган жок. Бүтүндөй тулкусу калч-калч этип титиреп алы куруп туруп калды.

Тиги неме аны карап да койбой өзүнчө каңгыр-күңгүр үн чыгарып түз эле кыймылсыз жаткан энесине багыт алды.

Качы эликтин эти менен машакаттанып отурган жок, адалдап мууздап терисин сыйрып анан дароо эле ичин жарып ичеги кардын алып салды, аларды ким артып отурмак эле, тоонун башында.

Бир паста от тутантып боордон кесип алып жалынга кармай берди, чоктун түшүшүн күткөн жок.

— Быссымылда! Бул сапар эликтин боору буйурган экен. Аш болсун!

Каны шүүшүндөп чала бышкан боорду ары бери чапкылап, күйгөн чет бучкагын кырып салып анан шашпай отуруп алып тамшана жегенге кирди.

Качы үчүн мергенчиликтин бирден бир рахаты ушул эле.

Күн узун дечи, антсе да ойго түшүп капчыгайды айланып отуруп тиги короого жеткенче качан? Анын үстүнө башка өрөөнгө түшүп кетиптир, кыязы кечөө үргүлөп келатканда тизгиндин бирин катуурак тартып алган окшойт. Тайкашка элпек, кай тарапка багыттаса басыгынан жазбай ошо тарапка кете берет.

— Ээ дос, кел эми мага! Энең жок, мындан ары аны издебе да, сагынба да.

Түшүнүп жатасыңбы? Кел эми, келе гой. Түшө! түшө…

Анткен менен чаарчык аны жанына жакындаткан жок, эми жетип шап кармап аларда булт этип секирип же ойт берип качып кетет. Калың бадалга камап тосмологонго болбой, аны кармайм деп бир ирет сүрдүгө жыгылып тизесин да оорутуп алды.

— Ат-таны жашабагыр – ае, бул мени оюн кылат тура! Мен сени…

Жакшылап аракет кылса колу деле жетмек, бирок антип отургусу келген жок, нарыта жаткан мылтыгын ала койду, анны менен ойноп отурабы.

— Карматпасаң мейли. Өз убалың өзүңө!

Жашынмак ойноп жаткансып чаарчык карагайдын далдоосуна туруп алып бир кулагы менен муйтуйган тумшугунун жармы көрүнүп топчудай капкара көзүн жылтыратып Качыны тиктеп турган.

Тарс!

Мылтыгын таштап Качы шашпай басып барды. Балта менен жара чапкандай баштын теңи жок, мээ бүтүндөй чаачырап, эки элиге жетпеген кулагы жулунуп куурайга илинип калыптыр, эми эле сереңдеп ойноп турбады беле…

Шашылбай куржундун эки көзүнө эттерди бөлүштүрө салып канжыга менен чытырата байлады. Өйдө-ылдыйышта бошоп кетиши ажеп эмес.

Оголе жогору чыгып кеткен экен. Ичкиликтин күүсү болсо керек. Эңкейиш тик, бирде кырды кыялап жар боорлоп, бирде атынан түшүп Тайкашканы жетелеп ылдыйлап келатты, Качы. Ойго дейре деги канча аралык бар, түз түшүп барган күндө да далай жол басыш керек. Кечөө башка жылга менен чыгып келген окшойт. Анча тик көрүнгөн эмес, канча жүргөнү да эсинде жок. Анткен менен бекерге мынча бийикке көтөрүлбөптүр, жолу болду. Дагы жогорулаганда жар үстүндөгү алиги сүрөткө түшчүдөй керилген текени атып алмак экен, ат-таңдын гөрү…

Ооз учунан өзүнчө кобур кагып коёт, колун шилтеп: — Көчөргө жакын жанагы Сардар баштаган балдарды ээрчитип келип бир кызыкка батырайын, эзели эстеринен чыкпай жүрсүн. Жылуурак кийинтип койсо учкашып-чиркешип келе беришет да. Тоого чыгыш аларга сонун го. Мага да кол кабыш кылышаар.

Неси болсо да Тайкашка өкүмдүк кылган экен. Анча-мынча ат оңой менен мынча бийикке чыгалбайт. Бар бол, жаныбарым!

Тизелери талып бели түшө калат, тик ылдый басыш да оор. Аргасы кеткенде жонду ашып аркы жапызырак көрүнгөн адырды капталдады. Кыялай басыш кыйла жеңил эле.

Акыры дем алганы бир түзөңчөгө келип көчүк басты. Чылбырын чубалтып атты бош койду:

— Бар! Бир аз оттоп эс ал.

Кырдана жатып үргүлөп алганды жакшы көрөт, башынан. Көнгөн куш уйкусу, саамга кыр этип алса кадимкидей сергий түшөт. .

Бул кезде күн түштөн кыйла ооп, бийикте салкын күчөп калган.

Төмөн жактан өзөндүн шары угулат. Жай чилдесинин деми тиги эле мөңгүлөргө чейин жетип, эми кокту – колот, жылга-жыбытардын ичи жылт–жылт эткен майда сууларга басылган. Өрөөндү теңге бөлгөн өзөндүн да кулун тай агызып кирип турган убагы. Теребел ой-кыр дебей жашыл тулаңга басылып малдардын кенен тоюнуп эт алаар маалы, жыл мезгилинин берекелүү айларынын бири.

Чарчап калган экен Качы бир далайда көзүн ачты.

Тайкашка кокту таманына жетип калыптыр чылбырын чубап, ээри ордунда, этке толгон куржундун эки көзү тең торсоёт, демек баары жайында экен. Кийинки кездери жата калып оонаганды өнөр кылып алды Тайкашка, семирген сайын эти кычышабы же башка себеби барбы Качы анысын айрып билген жок. Ансыз деле эртели кеч бели – жонун тырмап каткан баткак, чылалардан тазалап турат.

Тоого чыкканда анын дагы бир эрмеги дүрбүсү эле.

Шашпай отуруп алып курчап турган чөйрөнү айланта караганды кызык көрөт, не деген ажайып көрүнүш деп тамшанып да алат, өзүнчө. Кимдин болсо да сугун арттырган тоонун сулуулугу анын да ышкысын козгосо керек. Канча кылган менен эс тартканы тоо арасында болуп, жашоо тиричилигин ушул чөлкөмдө өткөрүп келатпайбы. Өсүп-өнгөн жер жүрөккө жакын болот го, негизи.

Кокусунан эле Качы алда кимден жашынгандай бүк түшүп, кол жеткендей аралыктагы корум таштын далдоосуна шашыла сойлоп жетти. Шоңшойгон калпагын башынан шыпырып алып кайрадан дүрбүгө үңүлдү. Демин ичине алып кыймыл какпай саамга жатып анан ооз учунан өзүнчө күбүрөндү:

— Ошол! Көкчекир…

Эски таанышын көргөндөй көңүлү ачылып, желбик баскан эриндерин кайта-кайта жалап жылмайып коёт.

— Ээ дос, ушул жакта жашынып жүргөн экенсиң да. Хе-хе.

Ал артка сойлоп тигиндейрээкте жаткан мылтыгына кол сунуп сызмасынан өзүнө тартып алды.

— Бул сапар дос, менден кутулалбайсың. Демек ийниң да ушул тегеректе болуш керек. Курсагыңды кампайтып алып эми бөлтүрүктөрүңө келе жатасың — да, мен ал аракетиңди билем.

Кырынан жаткан бойдон мылтыгын жаңылап октоду.

— Сүф-ф! Кудай – арбак өзүңөр колдой көргүлө…

Бул кезде Көкчекир жанаша кырдын капталы менен майда караганды аралап

чынында эле ийнин көздөй келаткан. Ал бир өткөн жолу менен сейрек басып кээде башка кырга салып же ойго түшүп кайра көтөрүлүп чийлердин дүңгөлөрүн аралап из жашырып келчү. Ар кайсы мерчемдүү жерлерге токтоп жыт искеп, дабыш тыңшап айлана тегеректен эч нерсенин шеги билинбегенден кийин гана андан ары жолун улантчу. Бул сапар дагы дал эле ошентип, бирде кадамын жайлатып эки жакка кулак түрүп, көзү жеткен жерге дейре акмалап байкап, антсе да башка адырдын карагандуу капталы менен шашылбай келаткан. Жел аргы жогортодон согуп адамдын да, өзгөчө ок дарынын да жытын сезген эмес.

Аралык бир топ болучу. Кароолго алып көрдү эле карышкырдын карааны үл-бүл, боз ала болуп даана тартылган жок. Курокту басып калса ок жетээрин жетет, бирок каерине тиет, тиеби деги? Качы ойлоно калды. Бул жөн салды жандык эмес, октун күүсү менен оңко – чоңкосунан кеткен, муну бекеринен кашаба дебейт, акылдуу-арамзаа да алдуу-күчтүү, өтө чыдамкай жырткыч, ал анча-мынча окту тоготуп да койбойт. Капканга кыпчылган шыйрагын көз ирмебей туруп чайнап салып бошонуп кете берет. Кандай жаныбар ушундай жолго баралат?! Бул анын чыныгы кашкөйлүгү эмеспи!

Качы тобокелге салгысы келген жок.

Көкчекир бөрүнү ал көптөн бери издеп жүргөн, алдына максат кылып анын көңүлүнүн чордонунда эле. Алгачы энесин жолуктурсам, аны колго түшүрүп анан анын бөлтүрүктөрүн кармап алсам деген ойдо болчу, өткөн күздөн бери. Энеси ушул арада болгондон кийин анын уясы да жакын эле тегеректе, издесе оңой эле таап алууга болот, аларды.

— «Ойлогон ой ишке аша турган касиетке ээ!» — деп калчу, жанагы оорулуу Актан мугалим, демек менин алдыма койгон максатым чынында эле аткарылайын деп калган экен. Эмнеси болсо да бекеринен айтылбаган чыгаар. Мен да жөн адамдардан эмесмин го, акыры. Карачы, минтип маңдайыма келип отурганын…

Оо, атыңдан айланайын Кудай, мунуңа да шүгүр… — дагы бир нерселерди кобурап бөкчөңдөп чуркап өзү отурган кырдын аркы капталына түшүп кетти.

Мындай мүмкүнчүлүк төлүй эле боло бербейт, аны акмак, эси жок келесоо адам эле пайдаланбай калбаса…

Төмөнгө карай мүдүрүлүп жыгылып кайра туруп жатып бир далай жерге чейин жүгүрүп барды. Мурда кийин чуркабай жүргөнгө тез эле демигип көкүрөгү ачышып чыкты бирок ага караган жок. Анын максаты Көкчекир бөрүдөн мурдарак ылдыйлап, ыгын келтирип алдын тосуу эле.

Болжолдоп туруп кырга кайра көтөрүлдү, топтошкон төөкуйруктарга далдаланып дүрбүнү көзүнө кармады. Атаңдын көрү, аркы кырга өтүп алганда нака оңтойу келет эле, кашабаңдын дал маңдайынан чыгып. Кайда булт этип кирип кетти? Же шек алдыбы?

Кокусунан эле Качы апкаарыгандай далдырай түштү, көз ирмемге. Алиден бери көзгө илинбей жаткан Көкчекир багытын өзгөртүп, ойго түшүп эми өзү жаткан кырды кыялап келе жатыптыр, майда желишке салып. Амалын кара оңбогурдун, заматта башка жолго түшө калган тура. Түз, бир беткей жүрүү деген болбойт окшойт. Сагызгандан да сак экен, бу көкжал. Эч нерсе эмес, бардык иштин аяктаар учуру бар, түбөлүктүү эч нерсе жок.

Дүрбүнү аяр бошотуп мылтыкты колуна алды. Көзгө анча көрүнбөгөнү менен карышкырдын жазы маңдайы кароолго илингендей болуп бирок курокту басканга үлгүргөн жок.

Кандайдыр бир коркунучту сезе койгондой бөрү капкара тумшугун көтөрүп жыт искеп алды да жалт берип ылдый каргыды. Чынында эле байкап калган көрүнөт. Мүмкүн дарынын жытын искегендир… Суналган сындуу денеси созулуп, эки алдыңкы колдору өйдө көтөрүлүп көз ирмемге такыр колтук ачыла түштү, кароолго алып турган мергенге ошо гана жетиштүү болучу. Илеп тартып демин ичине алып кош курокту басып калды.

Тарс! Тарс!

Карышкыр жыгылган жок, буттары майышып мүргүп барып кайра тура калды да ошол жери гана күнөөлүдөн бешбетер «Ар-с!» этип ок тийген капталын аткый тиштеди. Андан деле жеңил болбоду көрүнөт, кайра алга карай умтулду эле заматта алы куруп сендиректей түштү. Ошондо да акыркы ал-күчүн үрөп чымыркана салмагын төрт аягына салып туруп калды. Эми Көкчекир катынган да, октон качкан да жок — ага азыр баары бир болучу, жээрин жеп тиер ок тийди, өмүрүнүн акыркы деми тартылып бул дүйнө менен кош айтышып кайтпас сапарына узап баратканын ал ушул тапта даана сезип турду. Кайрылууга, мурдагыдай жашоо жолун кайрадан улап кетүүгө эми мүмкүн эмес, бүттү. Ажалга моюн сунбаска арга жок, ошентсе да өз жанынан да жаңы гана жарыкчылыкты таанып, боор көтөрүп келаткан күчүктөрүнүн амандыгы, алардын сак-саламатта болушу аны көбүрөөк түйшөлттү көрүнөт ушул көз ирмемде, башын буруп мындан анча алыс эмес ийнинде бейкапар жатышкан бөлтүрүктөрүн издеп, аларды акыркы ирет көрүп калууну самагандай төмөнгө көз жиберип алды. Тунарып мунарыктаган көздөрүн улам калыңдап келаткан туман басып оңчулуктуу эч нерсе көралган жок, өзү да эркинен тышкары кайдадыр түпсүз туңгуюкка чөмүп баратты.

Өпкө жүрөктү жарып өткөн мылтыктын кошоктошкон октору анын демин бууп, заматта канын токтотту көрүнөт карышкырдын кайрадан баш көтөрүүгө дарманы келген жок. Өзөгүн өрттөгөн өкүнүчү ичинде калып күрсүнө оор дем чыгарды да тумшугу менен жер сайып кыймылсыз жатып калды…

Качы шашпай ордунан турду. Мылтыгын ийнине илген бойдон карышкыр га анча жете бербей тигиндейректен көз салып турду, анын кыймыл какпай биротола зыңкыйып катып калганына толук ишенгенден кийин гана басып келип бүк түшүп жаткан Көкчекирди капталына оордарды. Бөрүнүн жумулбаган көзүнө тигилип кош ооздун учу менен түртүп койду, өлүп жатса да бөрүнүн сүрү коркунучтуу эле.

Качы карышкырдын шылкылдаган жансыз башын басып, анын тулкусуна көз жүгүртүп алды. Былтыркы күздөн бери оюнан кетпей кездешүүнү күтүп жүргөн бөрү минтип анын бут алдында өлүп жатат, демек бул деген алдына койгон чоң максатынын ишке аша баштаганы, жакшылыктын жышааны, көңүлү көтөрүлүп ал эми кантип кубанбайт, керек болсо калпагын асманга ыргытып ары-бери чуркап алса да өз эрки. Көөдөнүн тиреген жагымдуу сезимдин таасириби дем бошоткончо өзүнчө эле каткырып жиберди:

— Ах-ха-ха! Ха-ха!

Анын шаңдуу күлкүсү дымыраган тынчтыкты бузуп алда – кайда тарап жатты. Тээ ойдо, бейкапар оттоп жүргөн Тайкашка да силкине баш көтөрүп алды, ээсинин мынчалык катуу күлгөнү ага да жетти көрүнөт.

— Ээ дос! Көкчекир деп атты сага мен койдум эле эми ошо атыңды мен өчүрдүм. Мен! Бүттү! Көкчекир деген бөрү жок, бул чөлкөмдө. Ошентип мен өз масатыма жеттим! Сенин күчүктөрүң кайда? Алар кайсы үңкүрдө? Мага ошолор керек, эми!

Качы эңкейип карышкырдын жүндөрүн сылады, ичке зымдай тикчийип кылдары катуу экен. Өзүнчө ой жүгүртүп койду: «Чет өлкөдө мунун териси да баа болуш керек. Атаңдын көрү, бир жакшы аларман табыса. Балким Сардар таап берер, жапондордон…»

Качы карышкырды төмөнүрөөк жактагы түзөңчөгө сүйрөп келип анын терисин сыйыра баштаганда күн бешимден өтүп калган. Эс тартканы мал союп жүрүп көнүп калган Качыкеңе бул иш кыйынга турган жок, бир четинен кызык да көрүндү, ким эле кашабаңды атып алып анын терисин сыйрып жүрүптүр? Ырас, койдукуна караганда бир аз машакаттуурак: эрикпей отуруп алып шыйрактарын тырмагыгына, кулак, куйрук менен тумшугун учтарына чейин сыйруу керек, анткени андан кеп да жасалып калышы мүмкүн. Андан тышкары бөрүнүн териси өзүнүн бүтүндүгү менен көрктүү да. Аны да эске албаса болбойт. Качы өзүнүн ишине маашырланып отурду: мындай учур дайым эле боло бербейт, андан да ага окшоп ийне учундай жерине бычак мизин тийгизбей сыйрып көрсүнчү. Ал үчүн чоң чеберчилик талап кылынат!

Терини сыйрып бүтүп, тумшуктан алып өз боюна теңеп көтөрө берген Качы

кокусунан эле бакырып бүк түшө калды: түзөңчөнүн ылдый капталындагы төөкуйруктун арасынан кандайдыр бир анча чоң эмес жандык аркырып атып чыгып араандай оозун ачкан бойдон жетип келип арсайган тиштери менен бутун бурдап өттү. Эмне жандык экенин да билбей, тери колунан түшүп аргасы кетип айласын таппай бүткүл дене бою калч-калч.

— Аа-а! Оо кудай, өз-зүң сактай көр. Эсине келип, тигиндейректе жаткан мылтыгын көрүп ага умтулду. Ишенген куралы да ошол эле.

— Өхг! Бул эмне деген шумдугу? Кара тер баскан чекесин жеңинин учу менен сүрүп, туш тарабын акмалап өзүнчө кобурайт: «Бу эмне балээ? Же Көкчекир бөрүнүн колдоочусубу? Капырай, анык жүрөк түшүрчү неме го. Ээн тоонун арасында дагы эмне деген жандыгы бар? А балким өзүнүн бөлтүрүгү болуп жүрбөсүн?! Ошондой неме го? Болбосо…»

Багалеги айрылып кетиптир, балтырынын эки-үч жеринен кан тамчылап жүрөт. Балээ баскырдын тиштери курч неме окшойт.

Качы ордунан туруп эки жакка көз жиберди.

Тегереги жыш төөкуйрук, анын арасынан шектүү эч нерсе көрүнгөн жок. Мүмкүн, дагы бир ирет кол салуунун ыңгайын күтүп анча алыс эмес жерде жашынып жатып жүрбөсүн?! Ал айланасынан көзүн албайт, чочуганы тарабай. Мылтыгын октоп көзгө көрүнө калса курогун басып калганга да даяр. Жер жутуп кеткенсип алигиден дайын жок. Неси болсо да ок чыгарып коёюн деген ниетте өйдө каратып мылтыктын курогун басты.

— Эр болсоң эми келип көр! Балекет болуп кетсең да…

Бул кезде күн кыйла ылдыйлап кеч кирип калган. Батыш тараптан сур булуттар каптап келатты. Жаан жаачудай. Жел аргы да күч. Эртелебесе болчудай эмес, жаанга да, караңгыга да кала турган. Таш короого мал келе электе жетсе бүгүнкү олжолорун жайып таштап кечөөкү өзүн мазактагандардын көздөрүнө бир көрүнөйүн деди эле, оюнда.

Качы шашыла басып Тайкашкасын көздөй жөнөдү. Не бар, не жок деген ниетте кош оозду ийинге илип алды. Алиги өзүн бурдап өткөн жандык балким дагы алдынан чыгып калаар. Аралап жүргөн эле тоо арасы, баары көзгө тааныш, ошентсе да ким билет анын койнунда дагы кандай ал көрөлек жандыктары бар? Абайлабаса болбойт.

Ат анча алыс кетпептир, ээри да, канжыгага байланган куржун да ордунда экен, мылтык менен дүрбүнү ээрдин кашына илип Тайкашканы жетелеп алып өйдө чыга келди.

Эптеп карышкырдын терисин артынып алса болду, ойго түшүп текирең-таскакка салып кете берет. Мал келип, каш карарганча таш короого жете барар. Кечөөтөн бери аң уулап тоо башында жүрөт, качан келет дешип жол карап жатышкандыр, үйдөгүлөр. Эч нерсе эмес эми аз калды.

Бул сапар анын табылгасы арбын: куржун толо эт, болгондо да улагы менен жаш эликтин чүйгүн эттери, ага кошуп торпоктой болгон көкжал карышкырдын териси.

Ох-оо! Мындай олжого анын биринчи жолу туйтунушу. Мына, аңчылык деп ушуну айтыш керек! Баарысы таң калып, Качыкеңдин кандай мерген экенин ушу бүгүн даана билишээр, баалашар. Жанагы кер ооздор басчу жерин басып, кысчу жерин кысып калышаар, мындан ары.

— Чү! Чү Ат-таны айбаным-айе.

Тайкашка кырга чыга берип кошкуруп кетенчиктеп туруп алды, карышкырдын жыты келип жатты окшойт.

— Эй, сен коркпогун да! Андан эми чочулабай эле кой, аны Качыкең деген эбак эле жайлап салган. Түшүнүп жатасыңбы?! Хе! Хе! Бас эми.. Чү! Чү.

Канчалык тартып жетелесе да ат кежеңдеп болгон жок, аргасы түгөнгөндө аттын чылбырын топтошкон төөкуйруктун сөңгөгүнө күрмөй салып терини көздөй басты.

Аралык эшик төрдөй калган, ат кыйыктанбаганда бөрүнүн терисин шарт арта салат эле да эки жагынан канжыга менен тырыштыра байлап алып жолго чыкмак. Суу тери жылбышчаак, шыпырылып да калышы ыктымал, өйдө-ылдый жолдо, анын үстүнө катуулап кетпесе жолдон жаанга да сайдыра турган.

Качы бөрүнүн суналган жылаңач тулкусуна карап койду:

— Кош, эми Чекирим! Жазуу буйрук ушу экен. Таарынмай жок. Ар кимдин пешенесине жазып коёт дейт турбайбы, жараткан. Ажалың бүгүн жетиптир, кантебиз. ал дагы буйруктан. Былтыркы күчүктөрүңдүн бактары бар экен, тиги эле жапон мамлекетине кетишти. Бу жердеги бөлтүрүктөрүңөн да кам санаба, эртең эле балдарды ээрчитип келип ийиниңден алдырып кетем, аларың да жаман болушпайт. Ошо Көкчекирим, башка эмне дейин?! Кош, ыйманың саламат болсун. Адамдар мындай учурда ушинтип айтышат. Баса, териң өзүңдөн мага эстелик болсун, жаман көрбө! Билсең ал өтө сыйлуу жерде илинип турат, бу да сыймык, экөөбүзгө. Макул анда. Кош!

Дале кобураганы басылбай жерде жайылып жаткан терини бүктөп суулугуна далдаалап алып атын көздөй басты…

Качынын жүрөгүн түшүрүп, аны бурдай качкан алиги жандык Тайбас болучу.

Бөлтүрүктөр менен ийинде эле. Энеси эрте чыгып кетип кайда жүргөнү белгисиз. Аңгычакты эле жерди солк эттирген катуу үн чыгып бөлтүрүктөр бүрүшүп кайда катынышаарын билишпей калды. Тайбас да мындай үндү уккан эмес, коркконунан караңгы бурчка корголоду тигилер менен.

Энесине эмне болду? Ал неге мынча кечигип жатат?

Тайбас көпкө жатты ийинде. Акыры чыдаган жок, бөлтүрүктөр биротола тынчып калышкандан кийин сыртка чыкты. Аба кандайдыр каңырсыган жытка толуп турган экен. Ал эч убакта мындай жытты искеп көргөн эмес.

Ийинден анча алыс эмес жерден дабыш чыккансыйт, ар кыл жыттар да келип жатты.

Бийигирек ташка көчүк басып айланага көз жүгүртүп кыйлага отурду. Дабыш чыккан тараптан жаңы эттин жыты келип, анын сугун арттырды. Ал дагы тамактана элек болучу. Балким бөрү энеси бир чоң жаныбарды жеп жаткандыр. Жаланып алып Тайбас калың төөкуйрукту аралап жыт келип жаткан тарапка карай аяр басты, түз эле жетип баргандан айбыкты. Чынында эт жеп жаткан болсо баары бир өзү тоймоюнча энеси аны жанына жолотпойт, күтүүгө туура келет.

Адамдарды Тайбас элес-булас билет, алар анча коркунучтуу эмес экени, тескерисинче качандыр бир кезде алар менен аралашып жүргөнү да чала-була эсинде. Бирок андан бери көп убакыт өтүп, унут болуп ага эми энесинен башкалардын баары чоочун көрүнүп калган. Анын түшүнүгүндө жер бетинде чуркап жүрүшкөн жандыктардын баарысы энеси экөөнүн жей турган тамагы, чоңу же кичинеси болобу, а түгүл асманда учуп жүрүшкөн канаттуусубу ага азык катары гана сезилүүчү. Каалаган убакта бас да курсакты тойгуз, алар үчүн атайы жаралган жандыктар деген түшүнүктө эле ал.

Тайбас жакындап келип бадал арсынан көз жиберди. Энесин көралган жок, бир лөкүйгөн зор адам күшүлдөп-бышылдап бычак менен эт кесип жаткансыйт. Тааныбаган чоочун адам, кокус байкап калса аны кармап алышы да мүмкүн. Апсисин тыйып жөн гана карап отурууну чечти, күчүк.

Анда-санда шилекейин кылт жутуп коюп бөгүп жата берди, балким эттен артып калар ага же этти таштап коюп кетип калаар… Неси болсо да күтүүнү чечти, бирок ал ойлогондой болгон жок, тиги адам бир аз ары бери басып турду да анан капысынан эле эңкейип анын Көкчекир энесинин тумшугунан алып жогору көтөрдү. Тайбастын оозу ачыла түштү, ишенгиси келген жок. Кантип эле энеси ушунчалык узарып кетсин?! Эмнеге үн чыгарбайт? Тигинин колунан жулунуп бошонуп алып эмне үчүн кайра өзүн качырбайт? Тулкусу, куйругу салбырап колу – буттары жанысыз шалактайт. Жок, энеси соо эмес! Ага эмне болгон? Кандай болгон күндө да энесинин ушинтип калганына мына бу киши гана күнөөлүү.

Канча кылган менен адам сүрү коркунучтуу. Чала – була болсо да эсинде, эки аяктуу адамдардан кандай гана жандык болбосун чочулап, анын алдынан туура чыкпай эмнегедир андан ачык эле жазганышчу, кимдир бирөөлөрдүн ага тийишип кол салганын да көргөн эмес. Эки аяктуу адамдын дагы бир өзгөчөлүгү анын баарын башкарганы, андан да өз колу менен тамак бергени эле. Бир кичине адам аны дайыма ээрчитип да жүрчү, ан менен ойногону да эсинде. Эми анын баары артка жылып, акырындап унут болуп эс тартканы анын билгени да, эң жакын деп эсептегени да өзүнүн карышкыр энеси эле да дүйнөдө андан артык, чын дили менен жакшы көргөн башка жандык жок болучу.

Бирок энесин ушунай абалга алып келген адамды ал эч качан кечирбейт, кантип чыдап карап турат, Тайбас эми өзүн кармай албай калды, атылып барып тигинин бутуна асыла түштү. Керек болсо бул адамдын колуна өлүп берет энеси үчүн, кандай болгон күндө да аны сактап калуу анын бирден бир милдети.

Былтыр күздөн бери адамдар менен кездешпей алардын үндөрүн да дээрлик эсинен чыгарып койгон, бутунан тиштеп алганда тиги киши жүрөк түшүрө бакырып жиберди. Тайбас өзү да чочуп кетип болгон күчү менен четке каргыды. Белгисиз жаныбардын жылаңач тулкусу, энесинин эпсиз чубалган денеси, андан да тиги эңгезердей зор адамдын «Тарс!» эттирип мылтык атканы күчүктүн жүрөгүн түшүрүп, коркутуп салды.

Ал болгон деми менен аяк керип ийинге кире качты. Буга чейин мындай кооптуу учурга туш боло элек эле, көпкө чейин калтыраганын баса алган жок.

А бөлтүрүктөр болсо бүрүшүп бир бирине ыкташып калыптыр, алар дагы коркуп калышкан экен, Тайбасты көрүп тынч алган болушту. А мурун болсо жамбаштары талыса туруп кайра алмашып жатып, курсактары тойсо андан кийинки көргөн камылгалары уйку анан оюн эле.

Тайбас көптө өзүнө келди. Энеси эми келет го деген ниетте болуп кулак түрүп дабыш тыңшайт, жыт искейт тумшугун көтөрүп. Балким аны алиги киши коё бербей жатабы? Эмне үчүн? Күчүк эч нерсеге түшүнгөн жок. Канча күтсө да келе турган эмес. Акыры чыдай албай кайрадан ийинден чыкты, эмнеси болсо да энеси бар эмеспи ошо жакта.

Ал караган бадалдарды аралап отуруп алиги жерге барып топтошкон төөкуйрукту далдаланып туруп калды. Эт ордунда экен, бүтүн бойдон. Энеси көзүнө урунган жок. Нары жакта ат турат, бир нерседен чочулап корккон түрү бар. Анда санда жер чапчыйт, кошкуруп. Киши үнүн катуу чыгарып жоошутуп жатты:

— Так! Так. Кантет эми. Эстүү жаныбар эмессиңби?! Так! Так! Мына азыр.

Тайбас кокусунан эле энесин көрө койду,. Эмнегедир абдан эле кичирейип калыптыр, аны тиги киши суулугу менен далдалап көтөрүп келип аттын жонуна арта салды.

Күчүк ордунан түйүлүп кетти: анын Көкчекир энесин чочун адам алып кеткени жатат! Кантип эле ушундай болсун? Бөлтүрүктөр болуп ал энесиз калышабы? Кайда алып кеткени жатат. энесин?

Коркунуч канчалык бийлеп турса дагы Тайбас тартынган жок, учуп жетип терини оңдоштуруп жаткан тиги кишинин балтырына тиштерин матырып алды: «Мына сага! Ташта энемди! Аны кайда алып барганы жатасың?!» Жаалы келип болгон ачуу үнү менен арсылдап үргөнгө кирди. Кайра – кайра качырып, энесин талашат: «Ташта дейм, энемди! Ташта!»

Көздөрүнөн от чагылып балтырын басып Качы отура калды. Ал алиги көрүнбөгөн желмогуз кайрадан кол салат деп ойлогон да эмес. Териге алаксып жатып эсинен да чыгып кетиптир.

Башын көтөрө берип Качынын оозу ачылып көздөрү алая түштү. Тайбас арсылдап үрүп маңдайында турду, улам кайра качырып.

— Ээ-й! Бу баягы журтта калган күчүк го?! Ат-таны жашабагыр – айе, — бул таптакыр эле жапайы болуп кеткен турбайбы. Сени элеби! — Колуна тийген таш менен жаза – буза уруп калды.

Тайбас таштан буйтап кетти, бирок арсылдап үрүп алыстаган жок.

Ушул учурда Тайкашка өзүн каптап алган коркунучтуу коңурсуган жыттан кантип кутулуунун аргасын таппай кошкурук атып, дене боюн калтырак басып бир орунга туралбай ойдолоп жатты. Канчалык бошонууга аракет кылса дагы күрмөп байлаган кыл чылбыр анын ою менен болуп коё бере турган эмес. Ээси болсо «Так! Так!» деп коюп жерде отурат, күчүк тиштеген жерин кармалап, ал оңбогурдун тиштери ушунчалык курч белем, балтырынын жумшак этин алып түшүптүр, кан тамчылайт. Үйгө жетсе кийиз күйгүзүп басып эптеп канын токтотуп алар, тоо башында кайдагы дары – дармек. Бет арчысы менен таңып эми гана козголо берген, ордунан…

Деги эле кырсыкты кайдан деп болбойт тура.

Жыгылаар жагыңды алдын ала билсең эч болбогондо үстүңдөгү чапаныңды чечип төшөй салат элең го . Көрсө, андай болбой кырсык кокусунан, капысы нан, киши күтпөгөн жерден пайда болуп, таасиринин күчү менен адам тагдырына балчайта өз чекитин коюп өтүп кете берет тура.

Бул сапар да ошондой болду. Кыйгап, буйтап өткөн жок, балким кандайдыр бийик белгисиз күч анын багытынын өзгөрүшүнө кызыкдар эместир… Ким билет?

Негизи жылкы баласы өзүнүн баш сөөгүнүн түзүлүшүнө жараша алды-артын дээрлик бирдей көрөт, кокусунан эле Тайкашканын көзүнө өзүнүн жону ылдый жылмышып түшүп келаткан карышкырдын териси уруна калды. Чылгый терини ат карышкыр деп билди, анын экинчи тарабын ээси канжыга менен байлаганга үлгүргөн эмес.

Жан алекетке түшкөн Тайкашка үстүнө жармашкан жаналгычтан кутулуунун аргасын издеп чакчарылып асман – аяк түйүлүп, жаш кулундай чыңырып, мөңкүп туш келди тарса-турс тепкиленип жиберди.

— Так! Так! Канте-ет!

Ушул учурда туйлап, мөңкүп жаткан Тайкашканын такалуу туягы шашыла ордунан козголуп көтөрүлүп келаткан Качынын дал чекесине кадала түштү. Ал мындай болуп кетет деп күткөн эмес, оюна да келбеген. Күлтүлдөп семирип турган аттын такалуу туягы эбегейсиз зор күч менен ээсинин как маңдайыга орной түшүшү тирүүчүлүктөн үмүт үзүп койгон менен барабар эле . Колдору эки жакка серпилип, болгону «Ык-к!» этип үн чыгарды да чалкасынан шалак кулады. Шоңшойгон калпагы ыргып кетти. Кайра баш көтөрүүгө алы келген жок, тээ кыйлада барып, үшкүргөндөй «Өх-ггү!» деп дем чыгарып алды да, чекесин сыйпалайм дедиби көтөрүлүп келаткан колу жүзүнө жетпей кайра жерге чабылды. Саам өткөн жок, дене бою жазылып – жайылып көк шибер баскан майсаңда суналып жатып калды. Ошо бойдон тил оозго келбей, чүңүрөйгөн көздөрү гана батып бараткан күндүн акыркы нурларынан улам кан чачырагандай кызыл ала болгон асман бетине тигилип калды, жумулбай.

Тайкашканын өз ээси менен иши болгон жок. Ага бул кооптуу көз ирмемде бошонуп мүмкүн болушунча коркунучтуу ушул жерден тезирээк алыстап кетүү, ошентип өз жанын сактап калуу баарынан артык эле да ал үчүн бүткүл күч аракетин жумшап, дале тынбай тепкилнип башын ары бери чулгуп жатты. Акыры кыл чылбыр да чарт үзүлдү, ат эми аңга-дөңгө карабай карагай талдарды жөөлөп, караган төөкуйруктарды шабырата аралап атырылган бойдон заматта ойго түшүп кетти. Биротола бошонгонуна ишенгиси келбегендей дале мөңкүп асман-аяк туйлап, жал куйругу шамалга желбиреп жүрөгүн түшүргөн каргашалуу жерден улам алыстап баратты.

Басмайылы чарт үзүлгөнбү ээр токумдан, анын кашына илинген мылтык менен дүрбүдөн дайын жок. Ташка тийип быркырап кеттиби же жөн эле түшүп калдыбы билүү кыйын. Куржундун кайда калганы да белгисиз. Тизгин, чылбыр да бутак-шакка илинип үзүлгөн көрүнөт, жалгыз жүгөн гана аттын башында калыптыр…

Тайбас тигиндейрээк качып барып кайрылып токтой калды. Эч нерсеге түшүнбөй аң-таң. Ат болсо учкан бойдон алыстап кетти. А тиги киши эмне козголбойт? Балким өзүн аңдып жаткандыр. Убакыттын өтүшү менен андан да чочулабай калды, кыймыл какпай калган неме анчалык коркунучтуу эмес да. Баарынан да эмне үчүн энеси ордунан турбайт? Ага эмне болду? Айланчыктап алыс кеталган жок.

Ийинге барып бөлтүрүктөрдү карап, саамга алар менен бирге болот да кайра келип энесинин дөмпөйүп бүктөлүп жаткан терисин жыттап, анын баш көтөрүп ордунан тура калышын күтөт. Эч нерсеге түшүнбөй күн- түнү тыным албай эк ортодо жүрө берди.

Аялдар, кичине балдар-кыздар болуп үйдө калышып, мен эркек дегендин баары эки күн издеп жүрүп үчүнчү күнү гана Качынын сөөгүн табышты. Ага да Тайбастын кимдир бирөөгө жини келгендей арс-арс үрүп, кайра басылып, анан алда-кимге арыздангандай өзүнчө муңдуу улуганы издегендерге жардам берди. Болбосо өздөрү турган өрөөндүн ой кыр, кокту-колотун аңтара тинтип тиги эле мөңгүнүн алдыларына чейин барып келишкен таба алышпай. Качынын бел ашып башка өрөөнгө өтүп кеткени кимдин оюна келиптир. Ажалы айдаса керек.

Издеп жүрүшкөндөр жабалактап өлүктү тегеректеп калышты да, мусулман – чылык шарт менен үн чыгарышты, алгачы.

— Эсил кайран бир боорум оой!

Оо, эми кайдан көрөмүн, оой!

Чолок көз жаштарын аарчышып суналып жаткан өлүккө тигилишти, жабыла.

— О кокуй! Муну маңдайга ким чапкан?!

Качынын дал чекесиндеги жаадай ийилген тырык даана байкалып турду. Ага да шүүшүн кан толуп катып калыптыр.

Актан мугалим элдин арасында эле, ойлуу карап туруп акырын үн катты:

— Ээн тоонун арасында ким менен чабышмак эле? Бул таканын эле изи! Өзүнүн атына тептирип алган тура…

Ишенбегендер жакын келишип чалкалаган айдын порумундай ийилген оюкка үңүлө карап жатышты.

Ар кимдин сөзү ар башка.

— Дал чекеге тепкен экен ээ, кара ашына союлгурдун малы! Дегеле ага Тайкашка деп ат коюп, аны жаш баладай бапестеп бакчу эмес беле, атың өчкүр десе?!

Тургандардын бирөөсү ага каршы чыкты:

— Атта эмне күнөө?! Жазуу буйрук деген ушу, пешенеге жазып койсо андан качып кутулалбайт, эч бир жан. Ичэр суусу, көрөр күнү бүткөндө адам да, айбан да өлөт. Качыкеңдин ажалын өз атынан жазып койгон тура, Алла Талам, а биз болсо ар кайсыны айтып ой жоруй беребиз…

Дагы бирөө тигинин сөзүн бөлүп кескин кол шилтеди:

— Бул жөн эле кокустук! Өзү байкабай калып капысынан тептирип алды да, шордуу. Болбосо…

Актан гана үн каткан жок.

«Кокустук? Чын эле бу кокустукпу? Жо – ок, капысынан адам өлбөйт» Көңүлүнө келе калган суроолорго жооп издегендей өзүнчө эле түйшөлүп алды.

— Кандай болгон күндө да өз жазасын алган экен, Качыкең. — деди бир маалда. Үн чыгарып сүйлөп алганын өзү да байкабай калды окшойт.

— Жаза дейби? Кандай жаза?

— Кайсы күнөөсү үчүн? Андан да ким жазалап жүрөт аны?! Ачыгын айткылачы! Кана?! — Ошо жазалаган неменин азыр эле түбүнө жете койчудай дагы бирөө жулунуп калды. Түбү Качыга туугандашып кетет, ичкилик жагынан ажырагыс досторунан.

— Жаратылыштын өзү деле оңой жоо эмес, ага аяр мамиле жасаш керек, антпесе… — Актан тигилер менен талашкысы келбесе да удулу келе калганынан сөзүн улап келаткан. Айтканынан кайтпаган мүнөзү бар, өзү билген нерсени ичине сактап калалбайт, бирөөнүн көңүлүнө да карабайт. Өлүктү көрпөчөгө ороп таңып, оңдоштуруп жаткан неме баш көтөрүп анын сөзүн бөлүп силкинип кетти.

— Болбогон сөздү токтоткулачы! Жаратылыш деген мына бу тоо-таш. тиги өзөн менен мал жайылган өрөөн да. Чынбы?

Дагы бирөө үнүн пас чыгарып өз билгенин кошумчалады:

— Ошолордогу жанжаныбар, өсүмдүк, караган, кайың талдар.

— Мейли, ошондой эле болсун! — Ачууланган тейде тиги кайрадан сөзүн улады. – Эмне, ошонун баары Качыга жоо болуп калыптырбы ыя, аны жазалагандай? Сүйлөйт десе эле оозго келгенди оттой бересиңер. Токтоткула, келжиреген сөзүңөрдү! Андан көрө өлүктүн камын көрөлүк. Күн да кечтеп баратат, кайсы атка жүктөйбүз ? Кана, жетелеп келгиле, бери!

Өлүк үстүндө сөз талашмак беле, кол шилтеп коюп нары басып бараткан, сөөктү атка жүктөшкөнгө жардам керек болуп аны кайра чакырып калышты.

— Кел, аттын башын карма!

Неси болсо да тоо арасын өз үйү, өлөң төшөгү катары сезип, андагы жанжаныбарларды жеке менчигиндей көрүп, өзүн ушул чөлкөмдүн ээси катары эсептеген Качы мерген мына ошентип күтүлбөгөн ажалга моюн сунуп кайтпас сапарына узап кетти. Эми анын өлүмүнүн чыныгы себебин териштирип талдап отуруунун кажети не, кимге кереги бар? Өлөөр адам өлдү, эми эл журту, тууган уругу чогулуп өз шарты менен аны жер астына жашырышса болду да, өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей.

Көп убакыт деле өткөн жок, Качынын сөөгүн атка жүктөп алып келгендер шарт – шарт бастырып жөнөп кетишти.

Бул кезде Сардар, Акбар, Азамат баштаган балдар кууп жүрүшүп үч бөлтүтүрүктү эптеп кармашып, Тайбасты алдап чакырып өздөрүнө жакындата албай жатышты. Чаңкылдап үргөнү менен алардан анча алыстаган жок күчүк, карышкырдын сүтүн ээмп чоңойгону менен каны үй итиники эмеспи.

Соц тармактар:

Добавить комментарий