Ж.Осмонкулов: «Балдар чыгармасын жазуу үчүн бала болуп жашаш керек»

Балдар десе эле, балдар чыгармасы эмес. Ал деле абдан кыйынчылык менен жазылат. Ал үчүн балдардын турмушун билүү аздык кылат. Бала болуп жашоо керек. Жетимиштеги адам дагы бала болуп жашабаса, балдар түшүнө тургандай чыгарма чыгара албайт.

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында КРнын өкмөтү балдар адабияты боюнча сыйлыгын тапшырды. Анда балдар үчүн эң мыкты поэзиялык чыгарма номинациясында балдар акыны Байтемир Асаналиев, балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгарма жаатында жазуучу Жапарали Осмонкулов, ал эми дүйнөлүк балдар адабиятын кыргыз тилине эң мыкты котормо жаатында жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай өкмөттүн сыйлыгын алышты. Сыйлыктарды Премьер-министр Темир Сариев өзү тапшырды.

«Улут уюткусу» программасында деги эле бүгүнкү күндө өлкөдө балдар адабиятынын абалы, өнүгүшү тууралуу кеп кылдык. Суроолорубузга жазуучу, КРнын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуунун отличниги Жапарали Осмонкулов жооп берди.

— Быйылкы жылкы сыйлык тапшыруу эмнеси менен өзгөчөлөндү, кандай артыкчылыктар болду?

— Сыйлыкты өткөн жумада Өкмөт башчы Темир Сариев өзү тапшырды. Бул дагы биз үчүн абдан кубанычтуу нерсе болду. Маданият жаатындагы жакшы жаңылыктардан деп эсептесек болот. Бул сыйлыктын жобосу боюнча эки жылда бир тапшырылат. Поэзия, проза жана котормо жаатындагы чыгармалардын конкурсу болуп эсептелет. Ага 20-30дай авторлор катышкан. Бул сыйлыкты берүү менен кыргыз өкмөтүнүн балдар адабиятына болгон камкордугун сезсе болот. Себеби, эки жылда бир болсо дагы балдар адабиятын айтып, сыйлык тапшыруу дагы жакшы нерсе. Бүгүнкү күндө балдарга такыр көңүр бурбай калдык. Мурда балдарга тиешелүү «Балдардын келечеги, балдардын багыттуу келечеги, келечек балдарга таандык» деген сыяктуу лозунгдар болоор эле. Азыркы балдарга келечек таандыкпы, таандык эмеспи ушуга көңүл бурулса жакшы болмок. Албетте сыйлык көп нерсеге шыктандырат. Бул үчүн өкмөткө рахмат айтабыз. Бул сыйлыктын дагы бир жакшы жагы котормо жаатына берилип жаткандыгы. Турусбек Мадылбай башка дүйнөлүк адабияттагы мыкты балдар чыгармаларын которгондугу үчүн берилди. Өнүккөн өлкөлөрдө балдар адабиятындагы мыкты, маанилүү деген чыгармаларды, поэзияларды башка дүйнө элдеринин тилдерине атайын каражат бөлүп котортот экен. Биздин өкмөт дагы ушундай иштерди жасаса жакшы болот эле. Себеби, бизде дүйнөлүк адабий-маданий казынанын башында турган «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Курманбек», «Эр Төштүк» эпостору, макал-лакаптар, көптөгөн жөө жомоктор турганда биз дагы котормого көңүл бурушубуз керек. Ал үчүн ошол жолго багыттап мыйзам жазышыбыз зарыл.

— Өкмөттүн көңүл буруп жаткандыгын жакшы көрүнүш деп айтып жатасыз. Буга чейин эгемендүүлүк алган жылдардан бери деги эле балдар адабиятына кандай көңүл бурулуп келген?

— Адабият тармагы солгундап кетти деген сөз дайыма айтылып келген. Учурда деле республиканын алыскы райондоруна чейин барып, ар кандай жолугушууларды өзүбүздүн күчүбүз менен уюштуруп келебиз. Кыргыз адабияты, анын ичинде балдар адабияты жоголду, китептер чыкпай, акын-жазуучулар жазбай калды, базарга чыгып кетти деген сөздөр калп. Баары эле базарга чыгып кеткен жок. Балдар адабиятында мыкты жаңы чыгармалар жазылып атат. Мамлекеттин сыйлыктарын алып атышат. Мурда эки жылда бир бериле турган сыйлык жок болчу. Балдар адабияты боюнча сыйлык берүү тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынган.

Акын-жазуучулар чыгармасын биринчи өзү кыйналып жазат, ал чыгармасын бирөөдөн карыз алып, ага басынып, акча таап басмадан чыгарат. Үчүнчү түйшүк, чыгарган китебин окурман журтуна таратуу. Бирок ал чыккан китептер болгону эң көп дегенде 1000ге чейинки нускада чыгат. Бул кыргыз окурмандары үчүн деңиздеги бир тамчыдай эле сезилет. Учурда китепти издеп окуган окурман чынын айтканда аз. Ушул окурмандарды тартуу, балдар адабиятын кеңейтүү кыргыз өкмөтүнүн жумушу. Эгерде биз «келечек балдардын колунда» деген сөздү түз мааниде кабыл алган болсок. Чындыгында акын-жазуучуларга болгон салкын көз карашыбыз ушул кезге чейин чечиле элек. Бул мамлекеттик дэңгээлде чечиле турган нерсе. Республикалык Жазуучулар союзу бар. Ал учурунда абдан чоң, таасирдүү, идеологиянын башаты эле. 90-жылдардын башында бул союз ыдырап, мамлекеттин эсебинен акча бөлүнбөй, чыгармачылык клубга айланып калган. Жазуучулар жөнүндө сөз болгондо улуттук идеология, улуттун көрөңгөсү жөнүндө сөз болот деген таасир калтурчу эле. Ал эми азыр эң эле байкуш — акын, жазуучу, котормочу.

— Акыркы учурларда жаш калемгерлердин чыгып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, алардын дээрлик бардыгы поэзияга көбүрөөк ыктап жатышат. Аларды кара сөзгө, балдар адабиятына кызыктырууга мүмкүнбү?

— Албетте, поэзия абдан чоң жанр. Поэзияда ыр жазуу абдан оңой көрүнөт дагы, элге таанылуу жеңилдей сезилет. Ал эми проза андай эмес. Аны жазмак тургай, окуганга дагы бир топ убакыт кетет. Ошондуктан, ыр жагына ыктап кетип жаткандыгы бир четинен туура. Учурда ырды деле, прозаны деле жазгандар бар. Кээ бир адабиятчы, сынчылар сугатчысы деле, базарчысы деле жазуучу болуп кетти деген сөздөрдү айтып атат. Менин жеке оюмда ким болбосун жазууга акылуу. Канчалык көп жазса, ошончолук жакшы. Анткени көптүн ичинен окурман жакшысын тандап, иргеп алат. Бул «кой аксагы менен миң» деген нерсе. Көп киши болсо, атаандаштык болот, бири-бирин сындайт, жаман болсо жакшы жазууга, бийиктиктерге умтулат. Кыргызстанда «Манас» айтуу боюнча, ыр токуу боюнча атайын мектептер бар, бирок, проза боюнча мындай чыгармачылык ийримдер аз. Адабият жаатындагы мектептерди ачсак жакшы болот эле. Бирок ага биздин чыгармачылык демилгелүүлүк жетишпей турат.

— Жогоруда сиз дараметине жараша жазып жаткан жаштар бар деп айттыңыз. Ошолордун арасынан балдар адабиятына салым кошоюн, жол көрсөтүңүз, кеп-кеңешиңизди айтыңыз, -деп артыңыздан ээрчиген жаштар барбы?

— Албетте бар, көп. Бизге ырларын, прозалык чыгармаларын алып келишет. Аларды оңдоп-түздөп, гезит-журналдарга сунуш кылган күндөрүбүз бар. Китептерди басмага даярдоо дагы өзүнчө чоң түйшүк. Китепти кайра жазып чыккандай эле болосуң. Анан алар 2-3 жолу китеби чыккандай кийин өзүлөрүн гений сезип калышат. Себеби өзүлөрүнүн деңгээлин билбейт. Бир ыр жазып алып, эртеси чуркап келбей, ыр жасасыңбы, аңгеме жазасыңбы абдан бышырып туруп жазып, чыгарыш керек. Мисалга, мен бир аңгемени алты ай, бир жылда араң жазып бүтөм.

— Бизде азыр балдар адабияты, жомок десе эле балдарга тиешелүү нерсе деген түшүнүк бар. Бирок адистер жомок окууну чоңдорго дагы сунушташат экен…

— Бул нерсени абдан колдойм. Балдар десе эле, балдар чыгармасы эмес. Ал деле абдан кыйынчылык менен жазылат. Ал үчүн балдардын турмушун билүү аздык кылат. Бала болуп жашоо керек. Жетимиштеги адам дагы бала болуп жашабаса, балдар түшүнө тургандай чыгарма чыгара албайт. Кээ бирлердин жазган чыгармаларын көрсөң, ал чоңдор үчүн жазылган анекдот болуп калат. Ал эми бизде балдар адабияты болгон үчүн, кыргыз адабияты дүйнөгө тарап атат. Чоңдор балдар адабиятын колуна алса, балдар үчүн чыккан журналды окуса, келечек балдардыкы экен деп, балдар үчүн камкордукту өнүктүрөт эле. Балдар адабиятын окуган киши, балдардын дүйнөсүн, алардын маселелерин түшүнөт эле. Ошон үчүн чоңдор балдар үчүн жазылган чыгармаларды жөн эле эмес, абдан сүңгүп, маңызын түшүнүп терең окушу керек. Биз келечекти кимге өткөрүп беребиз? Орус тилдүүбү же англис тилдүү балдаргабы?

Кыргыз адабияты, балдар адабияты жоголгон жок, бар. Мыкты чыгармалар жазылып атат. Бирок бизде адабият, маданият жаатында иштеген меценаттар жок. Ошондуктан, колунда бар адамдарга айтаар элем, адабияттагы, маданияттагы деңгээли жакшы деген адамдарды колдоп, сүрөп, китептерин башка тилдерге котортууга жардам берсеңиздер абдан жакшы болот эле. Бул нерсе бизде болуш керек. Келечек балдардыкы. Биз алар үчүн жакшы нерселерди жасап, мурас кылышыбыз керек. Аз нускада чыккан адабият менен биз эч качан дүйнөлүк деңгээлге чыга албайбыз. Ошон үчүн буга коомчулуктун, меценаттардын чоң колдоосу керек.

Каныкей Бозгунова, “Марал ФМ”, 27.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий