Адамзатка шоола чачкан Мевлана

2007-жыл Бириккен улуттар уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча бөлүмү (UNESCO)тарабынан Мевлана Желаледдин Руми жылы деп кабыл алынган.

Башат

Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы азыркы Ооганстандын Балха шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты – Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынган бул сөз «эгебиз», «кожоюнубуз» дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммед Желаледдин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон. Башкача айтканда, өзгө элдер Мевлана жашап өткөн бүгүнкү Анадолу чөлкөмүн ал кезде Рум жергеси деп аташчу.

Желаледдин Руми бала кезинен тартып эле өзү төрөлүп-өскөн Борбордук Азия аймагындагы фарсий жана түркий элдердин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан-жанына сиңирип, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган.

Натыйжада сабаты эрте жоюлуп, руханий жактан калыптанып калган Мевлананын андан ары өсүп-өнүгүүсүнө атасы Бахаддин Велед өзгөчө салым кошкон. Жондотуп айтканда, медреселерде дарс окуп дасыккан, «Аалымдардын султаны» деген жогорку наамга татыган, терең билимдүү Веледдин таалим-тарбиясы болочоктогу даанышмандын “жолчырагына” айланган.

 

Чексиздикке кеткен жол

Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик ээлери менен айрым философтордон ыдык көрүп, өлкө ичиндеги саясий окуялардан тажап турган Бахаддин Веледди монгол баскынчыларынын желаргысы түйшөлтө баштайт. Ушундан улам журт которууга аргасыз болгон Веледдин үйбүлөсү Батышты көздөй багыт алып, акыр аягында азыркы Түркиянын Конья шаарына токтолот. Ал кезде Түрк Селжук мамлекетинин борбору болгон Конья дубаны муфтий, мударис жана диндар аалымдардын очогуна айланган. Анан калса, Чыңгыз хандын аскерлеринен качкан Бахаддин сыяктуу даанышмандар дал ушул чөлкөмгө келип баш калкалашкан.

Тагдырдын буйругуна жараша, Коньяда жашап калган Желаледдин ал жерден араб, перси, грек жана түрк тилдерин үйрөнүп, ошол тилдердин баарында сабаттуу жазганды өздөштүрөт. Дин илимин терең изилдеп отуруп, сопучулук (суфизм) агымына сүңгүйт.

Бүткүл өмүрүн Кудай таанууга жумшап, өлкөнүн эң бир таанымал аалымына айланган Бахаддин Велед 1231-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат. Ошентип, 24 жашында атасынан айрылган Мевлананын мойнуна ислам динин даңазалоо жана сопучулуктун сырларын карапайым элге жайылтуу жумушу жүктөлөт.

Рухий жактан бир кыйла телчигип, атак-даңкы алыска угула баштаган Мевлана медреселерде дарс окуп, шакирттерине жол көрсөткөндөн сырткары, өз билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө көбүрөөк эмгек сарптайт. Атасы менен үзөңгүлөш жүргөн Саид Бурханеддин өңдүү мартабалуу аалымдардын «булагынан» суу ичет.

 

Көкүрөк көз

Айтор, ар тараптан бышып жетилген Желаледдин Руми 1244-жылы жүзүнөн нур төгүлгөн Шемси Тебризи (Тебриздик Күн) аттуу дербишке кезигет. Ошол жолугушуудан соң бардык жумуштарын токтотуп коюп, бир бөлмөнүн ичинде Тебризи менен күндөп-түндөп сырдашкан Мевлананын дүйнөтаанымы кескин өзгөрүп, «көкүрөк көзү» ачылат. Дербиштин жүзүндөгү Теңирдин шооласына суктанган Желаледдин ал ансайын ага тартылып, жанынан карыш чыкпайт. Эки көсөмдүн кызыктуу маеги улам тереңдеп, убакыт учкан куштай өтө берет. Тилекке каршы, улам дербишке ык тартып, диний чөйрөдөн алыстап бараткан Мевлананын бул жоругу шакирттери менен жакын санаалаштарын тынчсыздандырат. Анан алар Шемси Тебризиге карата кутум уюштурушуп, ал жөнүндө эл арасына ар кандай ушак-айыңдарды таратышат. Мындан кабардар болгон Шемси бир күнү дайын-дарексиз жоголот. Кээ бир жазма булактарда аны Мевлананын караөзгөй шакирттери тымызын өлтүрүп, денесин бекитип коюшкандыгы тууралуу айтылат.

Айтор, шоола жүздүү дербиштин дайын-дарексиз жоголушу Желаледдин Румини катуу кайгыга салат. Эки мертебе Шамга чейин издеп барып, ал жерден табалбаган соң, көкүрөгүн күйүт каптап, өзөк-жанын муң чалат. Натыйжада Шемси Тебризиге арналган Мевлананын «Дивани Кебир» («Улуу диван») аттуу кырк миң бейттик көлөмдүү чыгармасы жаралат. Касыйда, газал жана рубаилерден түзүлгөн бул жыйнак кээде “Дивани Шемси Тебризи” (“Шемси Тебризи Дивандары”) деп да аталып жүрөт.

 

Караңгыда жаркыраган шам-чырак

Мындан сырткары Румиге таандык дагы төрт салмактуу чыгарма бар. Алар: «Месневи», «Межалис-и Себа», «Мектубат» жана «Фихи Мафих».

«Межалис-и Себа» – Мевлананын жети осуятын өз ичине камтыган карасөз түрүндөгү чыгармасы.

«Мектубат» Мевлананын жакын санаалаштарына, досторуна жана айрым аалымдар менен өкүмдарларга жазган каттарынан турган китеби.

«Фихи Мафих» – Мевлананын маек-сукбаттарынан түзүлгөн жыйнагы.

Бул чыгармалар Желаледдин Руминин шакирттери менен уулу Султан Велед тарабынан кагазга түшүрүлгөн.

Аталган асыл мурастардын баары фарсы тилинде жазылган. Булардын ичинен Желаледдин Румини өзгөчө атак-даңкка бөлөп, аны дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкону – «Месневи».

Чыгыш адабиятында эки сап уйкаш бейттерден турган ыр түрүндөгү чыгармаларга месневи деген орток ысым берилет. Бирок, бүгүнкү күндө «Месневи» дегенде элдин эсине, эң оболу, Мевлананын алты томдук үлкөн ыр жыйнагы келет. Бул китеп Руминин жакын досу жана шакирти Хусамеддин Челебинин өтүнүчү боюнча жазылгандыгы белгилүү. Башкача айтканда, жыйнактын киришүү бөлүмүндөгү «Сыбызгынын муң-зары» аттуу он сегиз бейт Мевлананын өз колу менен жазылып, калган бөлүгү баштан-аяк Хусамеддин тарабынан кагазга түшүрүлгөн.

“Куран” аяттары менен рухий икаяларды, эл арасында оозеки айтылып жүргөн тамсил, анекдотторду кайрадан өз алдынча иштеп чыгып, аларды поэзиянын сыйкыр тилине салган Желаледдин Руми куюлушкан ыр түрмөктөрүн баскан-турган жеринде токтолбой айта берген. Ал эми Хусамеддин Челеби болсо устатынын оозунан төгүлгөн кошмок саптарды ирети менен кагазга түшүрүп турган. Ошентип, болжол менен, жыйырма алты миңге жакын бейтти өз ичине камтыган, алты томдук «Месневи» жети жылда (1260-1267-жж.) жазылып бүткөн.

Мына ошол күндөн тарта караңгыда жол табалбай карбаластаган көрпенделердин колчырагына айланган «Месневи» учурда тек гана түрк-мусулман элдеринин эле эмес, жалпы адамзаттын руханий гүлазыгы болуп калды.

Ырас, адам баласы кайсыл гана доордо жашабасын, ар дайым чындыкты, акыйкатты жана өзүнүн “түпбашатын” табууга муктаж. Ал эми буларга жетүүнүн көмүскө сырлары дал ушул «Месневиде» катылгандыгын мезгил сыны эң сонун далилдеп отурат.

Андыктан, азиз окурманым, ушул чакан макаланы аяктап жатып, “Месневиге” кирген айрым ырлардын кыргызча таржымасынан үзүндү келтирүүнү эп көрдүм. Балким, “көз байланган” учурда жолчырак өңдүү аздыр-көптүр пайдасы тиер…

 

Сөйкөсөздүк

Шам – Азыркы Сириянын борбору Дамаск шаары.

Диван – бир же бир нече автордун белгилүү бир эреже-норма боюнча түзүлгөн китеби же колжазмасы.

Бейт – туташ уйкашкан эки саптан турган ыр түрмөгү.

Касыйда – Чыгыш элдеринде, айрыкча араб жана фарсы поэзиясына кеңири тараган көркөм форма. Ода сыяктуу салтанаттуу, мактоо мүнөзүндөгү поэзиялык чыгарма болуп, ал айрыкча орто кылымда аябай өнүккөн, аны көбүнчө ырчылар хандарды, аскер башчыларды мактоо, мартабасын көтөрүү максатында чыгарышкан.

Газал – Чыгыш элдеринин поэзиясындагы лирикалык жанр. Анда адегенде басымдуу түрдө сүйүү сезими ырдалган болсо, кийинчерээк тематикасы кеңейген. Бул формада философиялык ойлор да берилгени менен,махабат маселеси негизги орунду ээлеген.

Рубаи – төрт гана саптан турган лирикалык ыр. Рубаилер араб, фарсы, түрк тилдеринде жазылып, философиялык, сүйүү, диний мазмунга ээ болгон. Төрт саптан турган ар кандай эле ыр рубаи боло бербейт, ал үчүн жалпылаштырылган философиялык ойдун болушу зарыл.

 

СЫБЫЗГЫНЫН МУҢ-ЗАРЫ

Сезимдерди селт эттирип козгогон,
Сыбызгынын муң-зарын ук боздогон:

«Кесилген соң аял-эркек, кыйланы,
Камыш денем муңкандырып ыйлады!

Эгер сени «мекен» кылса кусадар,
Эшит менден анын сырын бу сапар!

Ким болбосун “түпбашаттан” айрылган,
Күндү самайт кайра ага кайрылган!

Курдаш күтүп, дос, душман деп ылгабай,
Күү тараттым көздүн жашы кургабай!

Жандап жүрчү жоро-жолдош арбыды,
Жан сырымды билбейт, бирок, бардыгы!

Бүт дартымды күүгө салдым өзгөрбөс,
Бирок, ар бир кулак угуп, көз көрбөс!

Жан денеге сыр жашырбайт көмүскө,
Жанды, бирок, уруксат жок көрүшкө!

От деп түшүн, чоор үнүн жел дебе,
«Отсуз жандар» жолобосун жергеме!

Сүйүү, «шарап» шаңга бөлөйт дүйнөнү,
Сыбызгыны күүгө салган сүйгөнү.

Сыйрып турчу бет кабыңды жамынган,
Сыбызгы – дос алыс кетпес жаныңдан!

Уубу, балбы же дарыбы дабышы?
Уккан билет, сырдаш курбу – дал ушу!

Кандуу жолдо кимдер гана баспаган,
Кайран камыш, Мажнун болуп какшаган!

«Кулак тилге, түркөй киши акылга
Кардар болот» деген ой бар ак ырда!

Ой-сезимге жалын бүркүп айрылуу,
Оттой күйгөн күндөр өттү кайгылуу!

Асыл жандар алдастабайт азадан,
Алкыш сага, дили тунук, таза адам!

Көз кызартат «өлүк дүйнө» алдагы,
Көрчү, балык такыр сууга канбады!

Ойчул кебин түркөй укпайт «бышпаса»,
Ошондуктан, сүйлөш керек кыскача!»

 

АРЗУУ ЖАНА АЗАТТЫК

Азат жаша, жаның кымбат алтындан,
Ач көздөрдү асат «дүйнө» алкымдан!

Эгер көлдөн кумурага куйса агым,
Эки ууртам суу толтурат курсагын.

Көз жүгүртүп чексиздикке узактан,
Куткар жанды кара ниет тузактан!

Тыткан болсо сүйүү кимдин күрмөсүн,
Таза деп бил, демек, анын дүйнөсүн!

Ким жашаса махабатка карап суз,
Куш сыяктуу учалбайт ал канатсыз!

Анык сүйүү – Жаратканга жанашуу,
А калганы уруш — жаңжал, талашуу!

Көңүл – күзгү, көз уялткан бетинен,
Көрсөң болот көп нерсени четинен.

Каптап, бирок, канча жылдык «кара чаң»,
Кирдеп турат, күзгүңдү сен карасаң!

Тазаланса эгер күзгү чаңынан,
Туш тарапка нур чачырайт жаныңан!

 

КАРАҢГЫ ТАМДАГЫ ПИЛ ЖӨНҮНДӨ

Көрсөтөм деп индус пилди далайга,
Камап салды капкараңгы сарайга.

Агын суулар толтургандай кобулду,
Анан пилге кызыккандар чогулду.

Кайран сарай, бирок, көөдөй караңгы,
Көрүп болбойт көзгө сайган адамды!

Айла канча, аса кылып акылын,
Алар пилди сыйпалашты акырын.

Тумшугунан кармап көрүп бирөөсү:
«Түтүк сымал жандык, – десе, – пил өзү»,

Бирөө айтты сылап-сыйпап кулагын:
«Бу пил деген желпигич го, чырагым!»

Анда минтет бут кармаган такалбай:
«Ай, койсоңчу, жандык экен бакандай!»

Жондон сылап, да бирөөсү муңайган:
«Жок, тактыга окшош, – деди, – бул айбан!»

Айтор, пилдин сыйпалап бүт денесин,
Ар ким айтты окшоштурган элесин.

Ар кыл элес пайда кылып талашты,
Анан алар келишалбай тарашты!

Бирөө-жарым шам жакканда шарт ушу,
Болмок эмес мындай талаш-тартышуу…

Алтынбек Исмаилов, “Шоокум”, 2007-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий