«Сынган кылыч» туурасында 12 кызыктуу факт

Биз бүгүн салмагы оор, убарасы узак, окурмандар жата калып окуган, кыргыздын тарыхый чыгармаларынын бири – атактуу «Сынган кылыч» романы туурасында сөз кылабыз. Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун Орто Азия өлкөлөрү менен Россиянын, ары жагы Түркиянын архивдерине чейин жетелеткен бул чыгармасына байланышкан кызыктуу 12 фактыны сунуштайбыз.

Бизге бул жаатта ОшМУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты, окумуштуу Бактыгүл Темирова жардамчы болду.

1.Жаңыртылган, кошумчаланган 15 пайыз. «Сынган кылыч» романынын акыркы ирет оңдолуп, толукталган редакциясында анын 15 пайызга жакын бөлүгү толукталып, жаңыланган. Бул өзгөчө Бекназар баатырдын бейнесине тиешелүү. Бактыгүл Темированын айтымында, бул каарман автордун ата-бабаларынан болгон.

2. «Сынган кылычтагы» каармандардын саны 180ден ашуун. Алардын ичинен 40ка чукулу тарыхый инсандар болсо, калганы окуянын сүрөттөп берүү үчүн адабиятта колдонула жүрчү ыкмага ылайык, автордун оюнан чыгарылган образдар.Тарыхка байланыштырыш үчүн тарыхый фактылар, документалдуу, архивдик материалдар жана ошол доордо жашап, окуяга күбө болгон тарыхый инсандар. Алар Кудаяр хан, Алымбек датка, Курманжан датка, Исках-Болот хан, Насирдин бек жана башкалар.

3.Кырк жылга жакын жазылган чыгарма. Эгерде романга киришүү 1960-жылы башталып, басылып, оңдоо киргизилген варианты 1998-жылы чыкканын эске алсак, анда ал автордун 40 жылга чукул чыгармачыл өмүрүн алган.

Роман жазыла башталганда төрөлгөн бала, ал автор өзү ыраазы болгон вариантка жеткенде 40 жашка чыгат.

Ал эми анын уулу Райкан Төлөгөнов атасы романдын 1-2 басылышын он бир жылга чукул жазгандыгын айтат.

4. Архивдерге кеткен чейрек кылым. Касымбеков «Сынган кылычты» жазуу үчүн 25 жылдан ашуун Өзбекстандын Ташкент шаарындагы, Россиянын Москва жана Санкт-Петербуг шаарларындагы, андан сырткары, Казакстандын, Тажикстандын архивдериндеги материалдарды иликтеп, таанышып чыккан. Автор бул боюнча Түркияга чейин баргандыгын айтканы бар.

5. Романда камтылган 76 жылдык тарыхый доор. XVIII кылымдын акырынан тарта XIX кылымдагы тарых баяндалган. Негизинен окуя 1842-жылы Шерали хандын тактыга отурушу менен башталат. Кокон хандыгы мезгилиндеги кыргыздардын, өзгөчө түштүк кыргыздардын коомдук, социалдык, саясий абалы чагылдырылган. Тарыхый фактыларга караганда, Кокон хандыгы 75,5 жыл өкүм сүргөн. Эң акыркылардан болгон Исках-Болот хан көтөрүлүш чыгарып, жеңилип, 1876-жылы Россия империясынын бүтүндөй Фергана өрөөнүнө кириши менен бул доордун аяктайт.

6. Китептин эски-жаңы басылыштары. Романдын биринчи бөлүгү совет заманында 1966-жылы, экинчиси 1971-жылы басылган. Ал эми толукталгандан кийинки варианты 1998-жылы китеп болуп чыккан.

7. Лакапка айланган – «Шералинин чокою». «Тээтиги жаман көөнө чокой… Шерали, сен тааныйсыңбы ошону? Ал сенин өткөн күнүң, Шерали… Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун… Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайыма маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин…»,— дейт Нүзүп бий Шералини тактыга отургузуп жатканда.

Бул сөздөр азыркы кыргыз коомунда өтө көп колдонулуп келет.

8. Тилдик өзгөчөлүгү. «Сынган кылычты» башка тилге которуу абдан кыйын. Эл турмушун сүрөттөгөндө сөзсүз архаикалык сөздөр колдонулат. Касымбеков кыргыз тилин эң жакшы өнүктүргөн жазуучулардын бири. Чыгрма макал-лакап, көөнө сөз, фразеологизмге абдан бай. Андыктан Касымбековдун бул чыгармасын башка тилдерге которуу өтө татаал. Окумуштуу Темирова романдын түп нускасы менен орус тилине которулган «Сломанный мечтин» ортосундагы айырма асман менен жердей экендигин айтат. Автор «ясаулбашы», «абтабачы», «паңсат», «сарбаз», «саркер» сөздөрүн азыркы кыргыз окурмандарга жеткиген.

9.»Сынган кылыч» онго жакын чет тилдерине которулган. Кыргыздардын бул тарыхый романы казак, түркмөн, тажик, өзбек, уйгур, украин, орус, англис тилдеринде чыккан. Андыктан чыгарманы котором деп бел байлагандар азаптуу ишке кабылганы айкын көрүнүш.

10. Автордун табылгасы.Касымбековдун кайталангыс адабий табылгасы «көөнө чокой» сөзү. Ал Чыңгыз Айтматовдун «маңкурт» түшүнүгү сыяктуу символикалуу мүнөзгө ээ. «Көөнө байыркы деген түшүнүктү билдирет», — дейт окумуштуу Темирова.

11. Масштабдуулугу. Жазуучу Кокон хандыгы кантип түзүлүп, анда кимдер бийлик кылгандыгын баяндайт. Чыгармада Бабур Захиредин Мухаммад туурасында кеңири айтылган. Негизи эле анын тагдыры талаштуу болуп эсептелет, жана анын кыргыздардын тагдырына түздөн-түз тийгизген таасири бар экенин айткан жазуучунун баяндары санжыра түрүндө берилет. Касымбеков мындай байланыштыруу менен кыргыздар жөн эл эместигин, байыркы, түптүү калк экендигин белгилегиси келген. Санжыра менен тээ Бабурдун дооруна чейин алып барып жаткандыгын баамдоо кыйын деле эмес.

12. «Сынган кылыч» – кыргыз үрп-адаттарынын энциклопедиясы. Романда кыргыз элинде байыртадан бери келе жаткан аш берүү салты жазылат. Жаманкулдун ашында кыргыздын болгон бүткөн салттары – ат чабыш, эр эңиш, кыз куумай, кол күрөш, айтор, бир канча оюндар сүрөттөлөт. Андан сырткары, кыргыздын дагы бир өзгөчөлүгүг – меймандостугун автор тажабай берип отурган. Жаманкулдун ашы сүрөттөлгөн бөлүмдө мейман келгенде ордунан туруп, астына сөзсүз төшөк салып, албетте, анан төргө отургузуу салты мыкты берилген. Кыздардын улууларга адеби, күйөөнү сыйлоо ири салмактуу каармандар аркылуу мыкты чеберчилик менен ар бир ылайыктуу эпизоддо ар өңүттө сүрөттөлүп отурат.

Sputnik Кыргызстан, 23.11.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий