Мариям Буларкиева

(1937-2015)

Мариям Буларкиева 1937-жылы 1-майда Талас районундагы Козучак айылында туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1963–1965-жж. Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1959-жылы Кыргызокуупедмамбаста редактор болуп иштөөдөн баштап,
1966-жылы «Жаш ленинчи» журналынын катчысы,
1980-жылдан башкы редактору,
1987-жылдан Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары боюнча Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий кеңешчиси болуп иштеген.
1953-жылдан анын ырлары басма сөздөрдө басыла баштайт. 1958-жылы «Тамчы» деген ат менен алгачкы китеби жарык көргөн. Акындын чыгармалары орус, украин, тажик, өзбек, казак тилдерине которулган. М.Буларкиеванын көптөгөн ырларына обон чыгарылган.
1958-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын мадания-тына эмгек сиңирген ишмер. Жазуучу аялдар ассоциациясынын жетекчиси.

Уикипедия

 

Мариям Буларкиева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Көңүл чөгөт эстеп күндүн батарын…»

 

Ырлар

XX КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ

Саякбай Манас айтканда
Жансызды дагы ырдатып,
Сакалы ылдый жаш кетип,
Буркурап, элди ыйлатып,
Ээрчитип башка дүйнөгө
Кайрадан келчү, жыргатып.

Саякбай Манас айтканда
Алакан жайып күркүрөп.
Сар жайлоо… толо сансыз мал…
Жылкылар чубап күтүрөп…
Кайыктай көлдүн үстүндө
Калкылдап калчу күн-түндөп.

Саякбай Манас айтканда
Шыпырып терди, чекени.
Байкалып турчу кыргыздын —
Байыркы, чоң эл экени.
Ажайган аппак Ала-Тоо
Болгону — Ата Мекени…

Саякбай Манас айтканда,
От болуп күйүп… Кыргыздар.
Төбөдөн ылдый шыркырап,
Төгүлүп турчу жылдыздар.

Саякбай Манас айтканда
Түн-күнгө ооп, күнүгө.
Коңурбай келе жаткандай
Кол жаңсап, алыс үңүлө.
Жан салып ийчү баарына
Жабылуу, тунуп… турса да
Жаркырай түшчү дүнүйө.

 

АЙЫБЫҢ ЖОК

Эргип көңүл, элесиңе кубангам,
Булуттарың чуудалардай чубалган.
Алтын туткам, аппак бойдон элесиң,
Айыбың жок, алакандай кылайган.

Канат байлап, жаңылбасам сөзүмдөн,
Бакыт таптым, таалай таптым өзүңдөн.
Кусалантып сагынтасың көбүрөөк,
Көрбөй калсам, учуп күндө көзүмдөн.

Аруу өстүм, айтпай койсом жарабас,
Азабыңа, жыргалыңа аралаш.
Аптабыңа куйкаланып туурулуп,
Ак сырыңды бөлүштүрүп санаалаш.

Тууган жерим — асылзатым, ардагым,
Ыйык мага, тоо, таш, жапан талдарың.
Тутам эске, туюп турам өзүм да,
Турпагыңдан жуурулушуп калганым

 

ЭНЕМДЕЙ ЫСЫК КӨРҮНӨТ

Коңур күз, жыттуу айылым
Коюнуң жылга-жыбыттуу.
Кол менен шилеп бүтө алгыс
Коюнуң толо ырыскы.

Күн чыкса күлүп ободон
Күлпөткө мен да ороном.
Албырып кызыл боёкко
Аскалар жүзүн боёгон.

Көргөндө көңүл кубанып,
Көз кадайм сага, бул анык!
Ак булут сүзөт алдыңда
Ак чууда болуп чубалып…

Өмүрүм сендик, жүрөгүм
Өчпөгөн үмүт, тилегим.
Карааның — мага күч-кубат,
Кадиксиз, чындап сүйөөрүм.

Сенде жок, эч бир бөксөлүк
Турмушуң гүлдөп өзгөрүп.
Кыртыштар таман алдында
Эленет миң бир, өлчөнүп.

Табият — дүйнө, ал, жаңы
Турмуш ал, түлкү айлалуу.
Жашоо бул — күрөш бүтпөгөн,
Күргүчтөп аккан сайдагы.

Бейпил түн басып мемиреп,
Берекең ташып төгүлөт.
Бал кымыз ашып сабадан
Баржактап, чертип көбүрөт.
Энчиме бүткөн айылым,
Энемдей ысык көрүнөт.

 

ЫНАГЫМ

Бир нерсени сезесиңбы, ынагым
Кол тийбеген буюм таза турарын.
Жашоо үчүн пайдаланып урунсаң
Же кирдээрин же болбосо сынаарын.

Ойлоп көрсөң, жашоо жолу табышмак,
Турмуш өзү карап көрөр калыстап.
Же жүрөрбүз өмүр бою сыйлашып,
Же кетербиз, кол шилтешип алыстап.

Көңүл чөгөт эстеп күндүн батаарын
Адамдардын аз мезгилге жашаарын.
Сезип кээде селт дей түшөм эстесем,
Эстеп сенин бир күн четтеп басарың.

 

ТИРҮҮЛҮК

Тирүүлүк — түркүн обон кайрыгында
Чалкыган күр жайлоолор…айдыңында.
Чоң бакыт, сени менен катар жүрүш,
Уч бийик, бир күүлөнүп алгының да

Эске албай, кээде тепсеп тепселерди
Кыдырып ой, талааны, кеңселерди.
Жанындай жакшы көрөт бардык адам,
Бүркүттөй бийиктикти эңсегенди.

Болбоско болбойт дечи теригишке
Туш болуп жеңиштерге, жеңилишке.
Алышып өмүр бою түйшүктөргө
Келебиз, бизге жол жок эригишке.

Тирүүлүк — ажайып бир дүйнө күлгөн
Таңдары — сулуулуктун алган күндөн.
Арстандын арстандыгы мындай калып,
Акыры утуп чыгат тирүү жүргөн.

 

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий