Келек – кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими

kelek1Кыргыз кийминин, анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышы элдин этникалык тарыхы менен ажырагыс байланышкан. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табигый жагдайлар, кыргыздын урук-уруу топторунун көчүп конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашоо кийимдин өнүгүшүнө да таасирлерин тийгизбей койгон эмес. Башкача айтканда кыргыздардын элдик кийимдеринин узун тарыхы бар. Алар негизги эки булакка таянып өнүккөн. Алсак элдин турмуш шартына, эстетикалык ыкка, турмуштук керектөөлөргө ылайыкталып кабыл алынган бөтөн элдик булактан келип чыккан. Мындан сырткары кийимдин өнүгүшүнө диний көз караштар да өз таасирлерин тийгизген. Бирок, ХIX кылымдагы кыргыздарга карата алардын таасирлери өтө аз болгон.

Материалдык маданияттын бардыгы сыяктуу эле кыргыз кийимдеринин башаттары өтө терең, Евроазия талааларынын байыркы көчмөн дүйнөсүнө барып такалат. Байыркы кыргыздардын кийимдери жөнүндөгү алгачкы маалыматтан Тан династиясынын дооруна тийиштүү кытай булактарында кездешет.

Кыргыздардын этностук аялдар кийими тууралуу сөз кылганда алардын көп түрдүүлүгүнө көңүл бурбай коюуга болбойт. Аялдардын баш кийимдери ошол мезгилдери ар түрдүү келген. Мисалга, баш кийимдин эң эски түрү шөкүлөнү алалы. Аны адатта кызыл ноотудан, баркыттан конус кейпинде шоңшогой кылып тик бурч түрүндө жаакчалары жана аркасы үч бурчтуу, эндүү куйрукча түшүрүлүп тигилген. Шөкүлөнүн такыясы сыртынан астары менен кошо майда жыш шырылган. Сыртынан караганда чий баркыт сымал кырдуу кездемеге окшоп тургандай болот. Шөкүлө турнанын же көк кытандын канаттары, кымбат баалуу бермет, седеп, парча күмүш же алтын жалатылган жалпак оймо темир буюмдар менен шөкөттөлүп, сайма түшүрүлгөн. Болжол менен ХIX кылымдын экинчи жарымынан тартып, шөкүлө кыз турмушка чыкканда кийүүчү салттуу кийимге айланат.

kelek

 

kelek3

 

Аны келин күйөөсүнүн айылына баратканда кийген. Ал барган жеринде бир топ мезгилге чейин башынан түшүрбөй кийген. Кийинчерээк кийим которуу ырымы аткарылып, келин элечек оронгон.

Элечек (илеки, келек) – негизинен баш кийимдин татаал түрү. Элечек өзүнүн оролушу боюнча көп мүнөздүү. Түштүк тараптагы элечектин көпчүлүгү түндүк тарапка жана Памир аймагында жашаган найман уруусуна мүнөздүү ээк алгычы болгон эмес. Памирдик кыргыздарда болгон саякатчы Б.Громбчевский “Бардык ушул өзгөчөлүктөрүн билип алсаң кыргыз аялын жолуктурганда анын элечегинин оролушу, бийиктиги, аркасындагы куйругунун саймасынын кайсы уруудан экенин жазбай аныктаса болот. Эгер аял бир уруудан болсо кийимдери да бирдей окшош” болот деген.

Бай, оокаттуу айымдар элечекке 30-50 метрдей өтө жука ак кездеме же тайпы орогон, натыйжада ал көлөмдүү чыккан. Түндүк тарапта негизинен аялдардын жашына карай элечек оронуунун үч ыкмасы жолугат.

20 жашка чейинки жаш келиндер элечекти маңдай жагы үч-төрт бүктөлгөн жыгымдуу, ээк алгычы бар, каптал же арка жагына турнанын же үкүнүн үлпүнчөктүү канатын тагынышкан.

kele4Элечекке айланта күмүш кыргак шуру же сайма тасма тагышкан. Отуздардан өтүп калган аялдардын элечегинин жыгымы артында болуп маңдайы түз тартылып, кооздолгон куйрукчасы чыгарылат. Ал эми элүү жана андан аркы курактагы аялдар ээк алгачы, куйрукчасы бар элечек кийишип, үстүнөн бүктөмөсү артына түшүп тургандай жоолук жабынышкан.

Аялдар элечекти жайдыр-кыштыр оронушкан. Аны жатаар алдында гана башынан алышкан. Мындай баш кийимди кыргыз аялдарынан башка көчмөн өзбек, казак, каракалпак аялдары да оронушкан. Дегеле чалма сымал баш кийимдердин келип чыгышы Орто Азиянын тарыхынын кушан дооруна туура келет деген божомол бар.

Элечектин астына, негизинен түштүк тарапта туулга сымал кеп такыя же чач кеп кийишкен. Алар да көп түрдүү болгон. Кеп такыя башты толугу менен жаап, чачты да калкалап турган. Аны колго токулган ак кездемеден, бөздөн маңдайын түз, жаакчаларын түшүрүп тигишкен.

Анын ар бир жаакчасына шуру тизилген узун сагак тагынышкан. Такыянын желкесинен болсо чачты жаап тургандай куйрукча түшүрүлгөн. Жаактарына терскайык же илме менен сайылган өзгөчө оюулар бастырылган. Куйругунун саймалары, оюулары башкача болгон. Такыянын бет маңдайына бермет, шуру, седеп жана тоголок күмүш жылаажындар бастырылган. Анын келип чыгышы эң байыркы туулга сымал баш кийимдер менен үндөшкөн.

ХХ кылымдын баш чендеринде элечекти жоолук сүрүп чыгара баштайт.

Орто Азиянын бардык аймактарындай эле кыргыздарда да зооттон жасалып чыккан чачысы бар түстүү жүн жана жибек жоолуктар кеңири тарайт. Түштүк тараптагы кыргыздардын баш кийимдеринин татынакай түрү катары жазы дүрүя жоолук эсептелген.

Анын бир булуңунда жибек жип менен көркөмдүү сайма түшүрүшкөн. Ушул эле мезгилде аялдардын баш кийимдеринде ар түрдүү түстөгү бир байлам жоолуктар орун ала баштаган.

Ал эми кыздардын баш кийимдери жазы тери менен айланта тигилген тебетейден турган. Анын төбөсү ар кандай түрдө же конус сымал шоңшогойроок же жалпак тегерек келген.

Мындай баш кийимдердин чокусуна дайыма бир нече үкүнүн жүнү кадалган. Мындан сырткары саймаланган, седеп жана башка нерселер менен кооздолгон топчуларды да тигишкен. Ак элечекке толугу менен окшошкон баш кийим кыргыздардын кошуналарында кездешпейт. Болгону казактарда гана эч кооздуксуз, саймаланбай жасалган топу болгон. Бул болсо кыргыздардын байыркы элдерден экендигин дагы бир жолу далилдейт.

ХХ кылымдан баштап чоң өлчөмдөгү бийик элечек көлөмдүү, кыйла ыңгайлуу ак жабуу, же жоолук менен алмашылган. Баш кийим катары салынган сайма жоолуктун эки тарабы тең сонун саймаланган же тасма чачы айрым учурларда гравирленген күмүш илмектер менен кооздолгон. Мындай жоолук акырындык менен бардык аялдардын үйдөн чыккан мезгилдеги зарыл жасалга кийими болуп калган жана анын ар кандай түрлөрү азыркыга чейин популярдуу.

Мындай жоолукту салынуунун бир нече ыкмасы бар жана алардын ар бири белгилүү район үчүн мүнөздүү болуп эсептелинет. Ошону менен бирге аялзатынын үй-бүлөлүк абалын көрсөтөт. Жоолуктун өңү жаш өзгөчөлүгүнө жараша тандалып алынат. Ачык түстөгү жоолуктар келиндер үчүн, актары улгайган байбичелерге мүнөздүү.

Махабат КУДАЙБЕРДИЕВА, “Адеп”, 2011-жылдын жай мезгили

Соц тармактар:

Добавить комментарий