Кыргыздын кийими ислам динине каршы эмес

Өткөн аптада Президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү Кеңешинин алгачкы жыйыны өтүп, анда өлкөнү өнүктүрүүдө улуттук маданиятты сактоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчө орду бар экендиги дагы бир жолу баса белгиленди. Жыйында омоктуу ойлор ортого салынып, арасынан залкар инсаныбыз, аксакалыбыз Бексултан Жакиев азыркынын бир көйгөйүн ачык айтты.

Эл жазуучусу ислам динин тутунган биздин элдин кийинүү маданиятынын убакыт өткөн сайын өзгөрүп бараткандыгы кыргыз маданиятынын түпкүлүгүн сактоого таасирин тийгизерин белгиледи. Негизи бул маселе диний жана мамлекеттик көз караштан алып караганда, өтө кылдат эле. Ошондуктан да социалдык тармактарда бул ойду туура же туура эмес деп сындагандар көп чыкты. Алар кайсы улут болбосун шарият жол берген гана кийимдерди кийүү туура дешти. Деги эле диний фанатизм пайда болгондон бери бул талаштын бүтпөгөнү бүтпөгөн. Анткени менен көптү көргөн аксакал туура айтты да. Кыргыз канчалаган кылымдар бою өз маданияты бар калк жана анын каада-салттары, айрыкча кийинүү маданияты эч качан ислам динине каршы келген эмес. Кыргыз маданиятынын түпкүлүгү эң эле кылдат ойлонулуп колдонулгандыктан, кийим кийүү жагынан да эч кандай ката кетирген эмес.

Азыр бизге диний агымдардын, убакыттын таасири менен таңууланып жаткан арабдаштырылган кийимдерди кийүү боюнча ар ким өзүнчө түшүнүктө жана ойдо. Чын чынына келгенде, табияттын өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылган араб кийимдерин биздин климатта кийүүгө болбосу чын эмей эмне. Элестетиңиз, азыркы кыштын чилдесинде Нарында дамбал кийип жүрсө болобу? Бул жөнөкөй эле мисал. Ал эми кыргыздын илгери Кошой, Манас аталары кийген кыжым менен баркыттан тигилген дамбал шымдар суукка да, башкасына да туруштук берет эмеспи. Кыргыз дамбалынан араб дамбалынын айырмасы анын кездемесинде жана тигилишинде экендигин эч ким деле танбаса керек. Дамбал демекчи XIX к. башында эркектердин ич кийим катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Башкача айтканда, ак дамбалды кыргыздар ич кийим катары кийишкен. Бул тарых чындыгы. Көйнөктү ак бөздөн же матадан кементайга окшош бычып, этегин тизеден төмөн түшүрүп, жеңин колдун учун жапкандай балбырата тигишкен. Алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон. Азыр ушул эле үлгүдөгү кийимдерди сыртта кийгендер көбөйдү.

Туура, кыргыз аялдарынын кийинүү маданияты, айрыкча жаштардын кийингенин ислам жана биздин маданиятты да сынга ала турганлай абалга келди. Дал ушундай кырдаалда аксакал айткан кептерди жакшылап угуп коюшубуз керек. Мисалы, кыздар келин болгон соң гана жоолук салынат дегени чындык эмей эмне. Салтта келин жоолугун башынан түшүрбөшү керек. Бул биздин маданият, аны эч ким тана албайт. Ал эми такыя, элечек, топулардвн негизги функциялары төмөндөгүчө.

ТАКЫЯ

Кыз бала узчулук өнөргө колуна ийне алар менен аралашып кетпеген, алгач ага жүз аарчы сайдырышып, анын жашоого даярдыгы башталгандыгын туюшуп, ага такыя кийгизишкен. Такыя аппак кийизден жасалган. Качан кыз баланын өнөрү жетилип, өз себин өзү даярдай баштаганда, анын даярдыгына жараша такыяга оюмдар түшүрүлгөн. Бул бир караганда кыздын уздук чеберчилиги жетилип келе жаткандыгын көрсөтсө, экинчиден, анын өз камылгасы канчалык бүтүп жаткандыгын элге туюндуруп турган.

ҮКҮ ТОПУ

Мына ошентип, кыздын даярд ыгы толук бүткөнгө чейин, эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн жүнү сайылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экендигин да түшүндүрүп бере алышкан. Бул топуну кыз турмушка чыкканча кийген. Эгер кыз турмушка чыкпай калса, анын үкүсү алынып салынган.

ШӨКҮЛӨ

Кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө чолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен.

Шөкүлө кыз турмушка чыгары менен жоолукка алмаштырылган. Ал эми эжеси шөкүлөсүн сиңдисине өткөрүп берген.

ЭЛЕЧЕК

Молдолор оронгон селделердин маани маңызын изилдеп келгенде биздин элечектин өзүн элестетесиң. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. Бул баш кийим кыргыздардын көчмөн турмушунда кепин катары жана жабык баш кийимдин ролун аткарганы айтылып жүрөт.

Кыргыздын улгайып бараткан аялдары башына элечек кийишип, бир өрүм чачын таштап, койгон болсо анын үстүн да жабылуу кармашкан. Бул азыркы хиджаптан айырмасы деле жок дегендик. Ал эми көйнөктөрү ар дайым жабык болгон кыргыздар, салтка каршы дешип ачык кийинишкенден уялышкан.

Азыр ким эмнени кааласа, ошону киймей. Коркунучтуусу, түпкүлүгүбүз жоюлуп, башка элдердин маданиятына баш-отубуз менен кирип баратканыбызда. Заманбап дизайнерлер бул теманын кылдат экендигин эске алып тарыхка кайрылып, илгеркини азыркыга ылайык кылып кийим тигип деле жатышат. Бирок, агым, багыт деген өз үстөмдүгүн көрсөтүп, айтор абалыбыз азыркыдай. Ошондуктан да маданиятыбызды сактайлы деген чакырыктардын айтылып жатканы туурадай. Кандай болбосун ушул маселеге салым кошолу деп жаткан дизайнерлердин аракетин четке какпашыбыз зарыл. Кылымдар бою сакталып келе жаткан кыргыз кийимдерибиздин үлгү-нускасын сактасак эле шариятка ылайык кийинген болобуз да калабыз. Албетте хиджап, дамбалдын түрү бул исламдын ажырагыс бөлүгү, бирок кыргыз кийимдери ага каршы чыкпаса эмнеге андан баш тартуу керек. Азыркы шартка ылайык тигилген өзүбүздүн эле кийимдерибизди кийгенге неге болбосун. Анын үстүнө аалымдарыбыз да ушул маселеге түз көз карашта. Андыктан кийинүү маданиятына кылдат карайлы.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, “Эркин тоо”, 08.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Кыргыздын кийими ислам динине каршы эмес: 1 комментарий

  • 20.08.2016 в 02:52
    Permalink

    Саламатсыздарбы мен да кыргыздын улуттук кийимин заказ берейин дедим эле .Мен Москвада жашайм андай кийимдерди кайдан тапсам болот. Эгер билгендер болсо звандагыла сураныч 89256615542

    Ответ

Добавить комментарий