Байыркы кыргыз дарыгерлиги

“Тарыхы болбой, эл болбойт, тамыры болбой, бак болбойт” дегендей, улуу кыргыз элинин тарыхы, кытай жазма булактарына таянып айтсак, Орто Азиядагы, деги эле түрк тилдүү элдердин арасынан эң байыркы болуп эсептелет. Байыркы кыргыздардын маданий мурастарынын көпчүлүк бөлүгү жоголуп кеткен. Буга миң жылдык тарыхындагы ар кандай факторлор, айрыкча көчмөндүк турмуш, тышкы жана ич ара уруш-талаштын көпчүлүгү таасир берген. Байыркы кытай ж. б. кошуна элдерде өздөрүнүн салт-санаасын кагазга жазып калтыруу салты болгон болсо, кыргыз элинде улуу даанышмандык, рухий байлыктар, салт-санаа устаттан шакиртке, атадан балага муундан муунга оозеки түрүндө өтүп сакталып келген. Байыркы кыргыз дарыгерлиги эл арасында сакталып, бүгүнкү күндө кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготпой келет. Тээ байыртан көчмөн турмушта жашап, өздөрүн табият менен тыгыз байланышта сезишип, жаратылышка терең урмат-сый менен мамиле кылган кыргыз эли ар кандай дары дармектерди минералдык суулардын, курт-кумурскалардан, айбанаттардын айрым бир бөлүктөрүнөн жасап келишкен. Айрым бир окумуштуулардын маалыматтарына таянсак, ушундай эле көрүнүш Тибет элинде байыртадан пайдаланып келүүдө. Тарыхый булактарда азыркы Кытай, Индия, Иран ж. б. кошуна өлкөлөрдүн аймактарында байыркы элдер Улуу Жибек жолу аркылуу келип, кыргыздардан ар кандай буюм-тайымдарды, ошонун ичинен дары чөптөрдү да ар түрдүү буюмдарга, жибек, ок дарыларга алмашып кетишкен. Мында бабалардын дарыгерчилик өнөрүн, жогоруда айтып өткөн азыркы Кытай, Индия, Иран, Тибет дарыгерлигине кандайдыр бир деңгээлде таасири бар же негизин түзгөн деп айтсак аша кетпестирбиз. Анткенни, ооруну аныктоодогу тамыр кармоо ыкмасы, кандай оору менен ооруганда кандай тамактарды ичиш керек же кандайча диета сакташ керек ж. б. Тибет медицинасына окшоштугун айтсак болот. Ушундай эле көрүнүш Байыркы Индиянын “Аюрвеза” жазмасында да ачкачылык менен дарылоо, диета кармоо сыяктуу эмдөө жолдору кездешет. Биз мындан ары ушул журналдын ар бир санында байыркы медицинанын бир бөлүгү болгон дары чөптөр тууралуу, алардын түрлөрү кайсы ооруга пайда, кандай пайдаланылат, кайдан, качан, кантип жыйналат, кайсы аймактарда өсөт, айрым жаныбарлардын майларынан, ар түрдүү бөлүктөрүнөн, минералдык суулардын жана ошондой эле ооруну обон менен күү, сөз аркылуу жана ушул сыяктуу түркүн пайдалуу кеңештер, элдин медицинанын өкүлдөрү менен кызыктуу маектерибизди, дегеле байыркы жана азыркы учурдун медицинасына тийиштүү маалыматтарды ж.б.у.с. ден-соолукка пайдалуу кеңештерди колдон келишинче берүүнү туура көрдүк.

Кызыл мыя Адам баласы өз жашоосунда өсүмдүктөрдүн дарылык касиетин, аны тамак-ашка пайдалануунун жол-жобосун тынымсыз үйрөнүп келген. Бара-бара өсүмдүктөрдү изилдөөнүн системалаштырылган илими пайда болгон. Майдай дарылык касиети бар өсүмдуктөрдүн бири – Кызыл мья. Кызыл мыя көп жылдык өсүмдүк. Ал буурчактуулар түрүнө кирет, боюнун узундугу 1-1,5 метрге чейин жетет. Гүлү кызгылт келип, жалбырактары колго жабышкактуу келет. Кызыл мыянын тамырын биздин доорго чейин Кытай элдик медицинасында кеңири пайдаланып келишкен. Азыркы учурда андан жасалган дарылар менен бронхит, өпкөнүн учук ооруларын, ашказандын дартын дарылашат. Ошондой эле эт жана козу карындан жасалган тамак аштан ууланган учурда колдонушат. Тамырларынын ширесин организмди жашартуу үчүн ичишет. Кызыл мыянын дарылык касиети кыргыздарда да эзелтен белгилүү болгон. Кыргыздар кызыл мыяны жөтөлгөндө какырык чачыраганга колдонушкан жана ашказандын ооруларын дарылашкан. Азыркы учурда биздин окумуштуулар тарабынан кызыл мьянын касиеттерин, анын тамак-ашка колдонуу зарылчылыктарын изилдөөнүн үстүндө иштеп жатышат. Кызыл мыя Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде өсөт. Өзгөчө Чүй өрөөнүндө өтө көп таралган Кызыл мыянын тамырын эрте жазда же күздө казып алышат. Аны таза жууп, 10 сантиметрге чейинки бөлүктөргө бөлүп, аны ортолорунан жара төрт бөлүккө бөлүп, суу куюп кайнатып, анын ширесин дарылыкка пайдаланса болот. Алсак, ашказандын жарасын күнүнө 40 миллиграмдан 4 жума тынбай ичип дарыланса бобот. Анын запастары биздин республикабыздын экстракт жасоочу ишканаларын курууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби, андан жасалган дары-дармектерди өзүбүздүн керектөөлөргө жумшоо менен экспортко чыгаруудан да бир топ киреше алууга болот. Чет өлкөлөрдө белгилүү болгон Кызыл мыяны биздин республикабызда өндүрүүгө оңой, запасы көп болгондугуна карабастан, таптакыр көңүл бурулбай жаткандыгы өкүнүчтүү.

Жүгөрү, жүгөрү чачыгы Бир жылдык эгилме өсүмдүк. Сотосу бышып жетилгенге чейинки жүгөрүнүн чачысы дары катары пайдаланылат. Анын тундурмасы жана суюк экстракты боор ооруларына (хаецистит, холангит, гепотит), о. э. кан токтотуучу, заара айдама дары катары колдонулат. Майда чачыгын (10-15 грамм) бир стакан кайнак сууга демдеп ичүү керек.

Каз таман Көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы жакшы өрчүгөн. Каз таман ачык нымдуу жерлерде, бадалдардын арасында өсөт. Медицинада тамыр сабагы жана тамыры колдонулат. Аны күзүндө (август-сентьябрь айларында) же жазында (март, май айларында) жыйнап алат. Андан алынган препорат ичеги-карындын сезгенүүлөрүн дарылоодо, ангина, оозул болгондо оозду чайкоодо жана кан токтотуучу зат катары о. э. түрдүү гинекологиялк ооруларда колдонулат. 20 грамм кургатылган, майдаланган тамыр сабагын 0, 5 литр сууга 10 минут кайнатып, чыпкалап, күнүнө 3 жолу 1 кашыктан ичишет.

Ит мурун Жапайы жана эгилме өсүмдүк. Токой четинде, бадалдардын арасында, суу жээктеринде өсөт. Дары сыресу катары пайдаланылат. Аны күздөн баштап кышка чейин жыйнап алса болот. Мөмөсүндө С ж. б. витаминдер бар. Ит мурун препараты витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат, боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат.

Азамат Турсунбаев, “Шоокум”, 01.04.2006-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий