Кылым карыткан элдик каада-салттар

Кылым карыткан кутман кыргыз эли каада-салтка өтө бай. Алмустактан бери аздектелип муундан-муунга чейин уланып, дүйнөнү дүңгүрөткөн үрп-адаттарын, каада-салтын өтө аздектеп, жогору баалашы менен дүйнөдөгү көптөгөн улуттарга үлгү болуп келет десем аша чапкандык болбойт. Төмөндө мына ушул кыргыз элинин улуу салттарын, үрп-адаттарын бүгүнкү муундар да унутпай эстерине бекем тутуп, урпактарына узатса деген ниетте – улуттук оюндар – алардын түрлөрү жана аларды өткөрүү эрежелери жөнүндө айтылат.

Ат чабыш

Бүгүнкү бизге чейин жеткен маалыматтарга караганда, күлүктөрдү – узак аралыкка (60-100 чакырымга) чейин жердин шартына ылайык чабышкан. Мындай ыкма менен саяпкерлер өздөрү таптаган жылкылардын ичинен эң мыкты аргымак – тулпарды эл сыноосуна алып чыккан. Экинчиден, чабышта күлүккө жеңил болсун деген ниетте өспүрүм чабандеске ишеним артышып, аттар жайдак чабылган.

Ат чабыштын үч түрлүү өзгөчөлүгү бар: сүрөп чабуу, сүрөбөй чабуу, айлампада чабуу. Сүрөп чабууда күлүктөрүн сүрөшкөндөр марага 1-2 чакырым калганда сүрөөсүн токтотушуп, качан гана чапкан күлүктөрү келген кезде өз урууларынын же жалпы элдин ураанын салып, күлүгүн катуу сүрөөнгө алышат.

Бул улуттук оюндар көп жылдардан бери калыптанып калган эреже – 1912-жылы Шабдан баатырдын ашы өткөндө бузулуп, ат чабыш Батыш эрежелеринин алкагында өтөт. Ашта өткөрүлгөн ат чабыштын аламан байгесине алыс-жакындан келген 172 күлүк чабылып, 25 атка байге сайылып, 1-орунга 5000 рубль байге коюлган.

Марага Борончу Өтөгөн уулунун күлүгү чыгып келет. Ат чабыштын эрежелери республикада 1952-жылы тартипке келтирилип, мурда колдонулган күлүктөрдү сүрөө алынып салынат. Бүгүнкү күндө күлүктөр көбүн эсе айлампада гана чабылып, чабышка 3 жаштан жогорку күлүктөр чабылып, ат чабуунун аралыгы жана жеңүүчүлөргө берилген байгелер бул мелдешти өткөргөн уюмдар тарабынан белгиленип, күлүктү 12 жашка толгон чабандестер чабышат.

Кунан чабыш

Кунан деген сөз монгол тилинен алынган. Бизче “Гун” деген сөз, ал 3 деген санды билдирет. Тактап айтканда, 3 жашар жылкы баласы (эркеги) кунан, 3 жашар уй баласы (ургаачысы) кунажын деп аталат. Ушул себептен, кунан чабышка 3 жаштагы жылкы баласы гана чабылып, аралыгы, байгеси да чоң күлүктөрдөн эч кем болбойт.

Мындан сырткары, элибиз “Тай чабыш” мелдешин да өткөрүп келген. Атынан эле билинип тургандай тайлар өтө кыска аралыкка чабылган. Бирок, белгилеп кетүүчү жагдай, тайлар чоң тойлордо эмес, жылкычылар өздөрүнүн көңүлдөрүн ачуу үчүн гана өткөрүп келишкен. Ушул себептен элибиздеги аралыкты – “Тай чабым”, “Кунан чабым”, “Ат чабым” деп бөлүштүрүү салты бүгүнкү күнгө чейин эл арасында колдонулуп келет.

(Уландысы бар)

Бактыбек ИМАМАДИЕВ, “Эркин тоо”, 17.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий