Жусуп Баласагын кыргызбы же уйгурбу?

Парламенттин 2014-жылдын 12-ноябрындагы жыйынында ЮНЕСКОнун колдоосу менен Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейин өткөрүү жөнүндө долбоорду талкуулоо учурунда, депутат Курмантай Абдиев: «Жусуп Баласагын кыргызбы, же уйгурбу? Жакында уйгур коому «Иттипак» аттуу китеп чыгарыптыр. Ал китепте Баласагын уйгур деп жазылыптыр. Бул маселени тактоо керек», – деди. Депутат К.Абдиевдин суроосунун негизинде КУУнун ректоратына тиешелүү комитеттен кат келип, ал катта маселени тактап берүү өтүнүчү айтылган. Мен Жусуп Баласагынды изилдөөчү катарында ага төмөнкүдөй жооп бермекчимин.

Филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаев 1967–2003-жылдар аралыгында Жусуп Баласагын тууралуу илимий изилдөөлөрүн республикадагы гезиттерге жазып, Кыргыз улуттук университетине анын атынын берилишине себепчи болгон. Изилдөөлөр басма сөздө жарыяланып турган ошол учурда уйгур окумуштуулары эмне үчүн К.Артыкбаевге каршы чыгышкан жок? Негизинен, уйгур туугандар же окумуштуулар эч бир тарыхый далилдерге таянбай эле Баласагынды «уйгур элинин акыны же аалымы» деп жазып жүрүшөт. Буга А.Нарынбаевдин «Из истории общественной мысли древних и средневековых уйгуров» аттуу эмгегиндеги мындай деп жазган оюн келтирүүгө болот: «Всему цивилизованному миру хорошо известно уникальная дидактическая поэма «Кутадгу билиг» выдающегося уйгурского поэта, мыслителя и общественного деятеля Юсуфа Хас Хаджиба Баласагуни, такой значительный памятник средневековья как «Дивани лугат ат-тюрк» крупного уйгурского ученого М.Кашкари».

Андан ары: «Утверждение о том, что Ю.Баласагуни и М.Кашкари являются выдающимися учеными и мыслителями уйгурского народа содержатся в работах, изданных в СССР, и в Китае», – деп айтып, аягында «Тарыхый мурас «Кутадгу билиг» жөнүндө талкуу жана баян» аттуу 1986-жылы Кытайда уйгур тилинде чыккан макалалар жыйнагын; А.Н.Бернштамдын «Очерки древней и средневековой истории уйгурского народа», Д.Ш.Тихоновдун «Хозяйство и общественный строй уйгурского государство X–XIII вв.», Р.Р.Рахимовдун «Судьбы неханских народов в КНР», М.М.Алиевдин «Жанры уйгурского фольклора» аттуу эмгектерин санап өтөт. Бирок профессор А.Нарынбаев тарабынан келтирилген илимий китептерди карап чыккандан кийин, булар дагы «Баласагын уйгур окумуштуусу» деген гана позицияны көздөп, тарыхый фактыларсыз жазылганын көрүүгө болот. Ал айрыкча, «Тарыхый мурас «Кутадгу билиг» жөнүндө талкуу жана баян» аттуу макалалар жыйнагында байкалат. Анда авторлор Баласагынды «уйгур окумуштуусу» деген атоо менен гана чектелишет. А эмне үчүн андай экендиги жөнүндө бир да далил келтиришпейт. Негизинен, бул дастан тилдик жактан уйгур тилине жакын деген көз караш окумуштуулар арасында көптөн бери талаш болуп келе жатат. Маселен, уйгур окумуштуулары Вахиджан Гупур, Аскар Хусейин, А.Нарынбаев «Кутадгу билиг» дастанынын тилин байыркы уйгур тили дешсе, академиктер Б.Юнусалиев, Б.Жамгырчинов, Т.Сыдыкбеков, профессорлор К.Артыкбаев, Ж.Бактыгулов, З.Эралиев дастан орто кылымдагы кыргыз тилинде жазылган деп эсептешет. Профессор К.Артыкбаев 1969-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине түрколог В.В.Радловдун «Кутадгу билиг» жөнүндө жазган акыркы сөзүн Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетиндеги немец тили кафедрасынын башчысы Абдыкерим Жолдошбековго немец тилинен кыргыз тилине котортуп, жарыялаткан. Анда дастанды изилдөөгө 20 жылдык өмүрүн арнаган түрколог В.В.Радлов анын уйгур тилинде эмес экендигин ырастай турган эки орчундуу көз карашын жазып кеткен:

1. 1891-жылы мен Вамберинин көз карашы менен толук макул болуп, «Кутадгу билиг» байыркы уйгур тилинде жазылган деген пикирде элем, бирок «Кутадгу билигде» уйгур деген бир да сөз кездешпейт.

2. «Кутадгу билиг» уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме дагы бир нерсе – автордун өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп отурат”.

Дастандын тили тууралуу В.В.Радлов мындайча жыйынтык чыгарат: «Бул эмгек Баласагун шаарында колдонулуучу түрк наречиесинде жазылган, анткени ал наречие автордун өз эне тили катары колдонулат». В.В.Радлов дастан уйгур тилинде эмес деген оюн Жусуп Баласагындын дастанынын ыр жана кара сөз түрүндө жазылган кириш сөзүндөгү маалыматтар менен далилдейт. Анткени Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» дастанынын, Махмуд Кашкари «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» эмгегинин кириш сөзүндө биз талашпай турган ойлорун жазып кетишкен.

Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» дастанынын кириш сөзүндө мындай деп жазат: “Буграхан тилинде жана түрк сөзү менен (эч ким) мындан жакшыраак китепти дегеле жазган жок”. Ыр түрүндөгү кириш сөзүндө: “Китепти окуй турган окурманым, Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың”, – деп жазган. Ал эми Махмуд Кашкари «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» аттуу эмгегинин кириш сөзүндө: «…кыргыз, кыпчак, огуз, тукси, ягма, чигил, ыграк, чарук тилдери нукура түркчө», – деп бир жеринде белгилесе, бир жеринде: «Мен түрктөр, түркмөндөр, огуздар, чигилдер, ягмалар, кыргыздардын шаарларын, кыштактарын жана жайлоолорун көп жылдар кезип чыктым, лугаттарын (сөздөрүн) топтодум. Ар кыл сөз маанилерин үйрөнүп, аныктап чыктым. Мен бул иштерди тил билбегендигим үчүн эмес, бул тилдердеги ар бир кичинекей өзгөчөлүктөрдү да аныктоо үчүн иштедим», – деп эскертет. Тилдердин тектештигин, ошол бир тайпага кире турган тилдерге тиешелүү болгон тарыхый жазма эстеликтердин тилдери азыркы тилдерге фонетикалык, лексикалык, грамматикалык жактан жакындыгын салыштырма-тарыхый метод аркылуу байкоого болот.

Бул методду Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанынын тилинин азыркы кыргыз тилине канчалык жакын экендигин байкоо үчүн колдонуп көрөлү. Буга чейин Ү.Асаналиев менен К.Ашыралиев «Кутадгу билиг» эстелигинин тилдик өзгөчөлүктөрү» деген эмгегинде: тай, кайда, кир, кеч, кел, чык, көк, арык, лакап, карма, кызыл, кул, бел, муң, сен, мен, мүлк, күмүш, унут, көп, сан, жок, китеп сыяктуу көп сандаган сөздөрдү азыркы калыбында, маанисинде дастанда бар экендигин белгилеп өтүшөт. Чынында эле, бул саналып өткөн сөздөрдү ушул калыбында дастандын көптөгөн саптарынан жана уйгур, өзбек, казак тилдеринде да кездештирүүгө болот. Бирок дастандын оригиналындагы кээ бир сөздөрдүн жазылышы кыргыздар тарабынан байыртадан айтылып, жазылып жүргөндөй берилген. Маселен: терс, сегиз, төрт, тогуз, эки, тишиң, ишиңе, түштү, башында, кокус, эриксе, ачык, кырмачы деген өңдүү сөздөр. Мына ушул кыргыз тилиндегидей берилген сөздөр поэтикалык котормолордо түрк элдеринин тилдик өзгөчөлүктөрүнө (өзгөчө уйгур тилиндеги котормолордо) жараша которулган. Оюбузду далилдөө иретинде кээ бир сөздөрдү азыркы котормолордон байкап көрөлү. Мисалы, дастандын түп нускасында мындайча берилген.

Түп нуска: Билик бирле йазлур камуг терс түгүн. Билик бил укуш ук тирилгил өгүн.

Кыргызча мааниси: Билим менен жазылат бардык терс түйүн. Билимди ал, акылыңды ук, жашооңду ойло.

Уйгурча котормодо: Билимле йешилген пүтүн тес түгүн. Билим бил, акыл ук, аңлык йашагын.

Мындан бул кош саптын түп нускасы азыркы кыргыз тилине канчалык жакын экендиги өзүнөн-өзү байкалып турат. Бул кош саптагы «терс» деген сөз кыргыздарга жакын экендигин ырастагандай. Анткени, биринчиден, «терс» деген сөз оригиналда байыртадан кыргыздар жазып жүргөндөй жазылган; экинчиден, уйгурча котормодо «тес» деп берилип, «р» үнсүз тыбышы түшүп жазылган. Мында «р» үнсүз тыбышынын түшүп калышы котормочулар тарабынан кеткен күнөө эмес. Уйгурларда «терс» деген сөз жок. Демек, Жусуп Баласагын азыркы кыргыздар жазып жүргөндөй «терс» деп жазгандан кийин, бул эстелик кыргыздарга көбүрөөк жакын экендиги өзүнөн-өзү далилденип турат. Ошондой эле, «тогуз», «сегиз», «эки» деген сандардын жазылышы да кыргыздар тарабынан байыртадан айтылып, жазылып жүргөндөй берилген. Мындай мисалдарды көп эле келтирүүгө болот.

Жусуп Баласагын темир устаны, өтүкчүнү, жыгач устаны, кырмачыны, сүрөтчүнү жана окчу-жаачыларды атап өтөт. Мында «кырмачы» деген сөз азыркы уйгурча котормодо: «теричи» деп алмаштырылып которулган. Бул сөз тыбыштык түзүлүшү жана мааниси боюнча кыргыз тилинде берилген. Ал эми уйгурча мындай сөз жок. Европа окумуштуулары да Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашкарды кыргыз элине көбүрөөк жакындаштырышат. Маселен, «Кутадгу билигди» жана Орто Азия элдеринин ырларын, макал-лакаптарын орус тилине которгон акын Наум Гребнев: «Кутадгу билиг» силерге көбүрөөк тийиштүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондон эмес, анын мүнөзү да, дүйнөсү да силерге жакын», – десе, «Самарканд асманындагы жылдыздар» деген көп томдуу романдын автору, мамлекеттик сыйлыктын жана Өзбек ССРинин Хамза атындагы сыйлыгынын лауреаты, Орто Азияда жашаган элдердин тарыхын жакшы билген жазуучу Сергей Бородин: «Силер, кыргыздар, эң эле камырабассыңар. Жадаса, өзүңөргө тийиштүү энчини алуудан жалтайлайсыңар…Деги байыркы адабий эстеликтерде силердин эмгегиңер чоң экенин билесиңерби? Кыргыз — түрк элдеринин ичинен байыркыларынан. «Манас» сыяктуу улуу баянды силердин бабаңар жаратканы бекер эмес! Өз мурасыңардан куру жалак калбагыла!», – деп жазат (Т.Сыдыкбеков. Улуу сөз жөнүндө ой/”Кыргызстан маданияты”,1969, 28-май — 4-июнь). А биз азыр өз алдынча мамлекет болгондон кийин энчибизди тарттырып жатабызбы?

Назгүл ТУРДУБАЕВА, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун
кыргыз филологиясы факультетинин
кыргыз адабияты кафедрасынын доценти,
филология илимдеринин кандидаты

“Кыргыз Туусу”,№38, 12.05.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий