Роберт Ли Фрост

(1874-1963)

АКШнын тарыхындагы эң ири акындардын бири, Пулитцер сыйлыгынын төрт жолку ээси.

 

Ырлар

ЫР ЖАНА ШАМАЛ

Адам демин ичине кере алды эле
Шамал демин озунуп бүрктү сыртка:
Жапан жел бүлүк салып теребелге
Аркырап жортту күн-түн ойдо, кырда.

Айтты Адам каталыгын Шамалга анда
“Пайдасыз коротулду албуут желиң.
Ичке дем алуудагы максат -ЫРДА
Эмесе тыңда ырдын эмне экенин…”

Деди да оозго бир аз демин жыйып
Далысы тосуп түндүк- Шамал жакты
Паанага — түштүк жакка жүзүн буруп
Ашыкпай өлчөм менен дем агытты…

Сөз кыналган бу керемет обон эле
(Эрин менен өңгөчтөн чыккан сызып
Шамалдын бир бүркүмү болсо деле.)
Түшүндү ыр максатын Шамал угуп…
СУРОО

Суроо салып жылдыздан мындай дешти:
“Жооп берчи, эй, Жердеги алыс адам-
Туулбай койгон деги жакшы эмеспи
Туулуп мынча азапка тушуккандан?”

 

ЖАЙЛОО

Тазалап коёюнчу булак көзүн
чөп-чарды ширеп калган шилеп салып
(саамга тунуктуктан кубат алып).
Көпкө мен кармалбаймын. — Сен да келчи.

Кийирип коёюнчу торпокту да
болгондур энесин ээмп. Кечээ туулган,
жаласа кулай жаздап турат араң.
Көпкө мен кармалбаймын. — Сен да келчи.

 

АРМАНДУУ ЧЫМЧЫК

Үй жанында чымчык тынбай безелеп…
“Муң чакырбай учуп кетсе кана!..” деп.

Кол чапкылайм эшигимден ага улам-
Ый ширеген ырын чыдап угалбайм.

Муң чакырган, балким, — өзүм… А бирок
чымчык муңду менден көрөөр түрү жок.

Акырында улутунам ынанып:
Ыр жеримей — жосунсуз иш, бул анык…

 

КИРЧИ!

Мынакей, мен токойго жетип калдым,
ободо чымчык ыры!
Токойдун сыртында азыр күүгүм талаш,
ичинде капкараңгы…

Каптаган караңгыда көзгө сайгыс
эптелбейт салт конолго.
А чымчык болчу дале ыкластуу
эргип бир ыр созгонго.

Бүгүндүн эң акыркы күн шооласы
Батышта житти түнгө.
А бирок жарыгы бар да бир ырдык
Чымчыктын көөдөнүндө.

Түркүктүү каран түндүн тереңинен
шойкондуу ырдайт чымчык.
Ал мени түнгө, ээнге, касыретке
“Кирчи!” деп чакыргансыйт.

А менин жылдыздарда иштерим көп!
Токойдо жумушум жок-
Кирбесмин чакырса да атымды айтып.
Айтпады эч ким бирок…

 

ОЮНКАРАК КАРГА

Өтүп жатсам каргажан
Сынап мендей билбести
Өзү конгон дарактан
Кар жаадырып ийбеспи!

Келген өңдүү бала чак
Кар салышчу моюнга
Өчүп дилде кара так
Күлкү толду коюнга!

 

БААРЛАШУУ МААЛЫ

Теңтуш мага үн салса тизгин тартып
тээ жол жактан баарлашуу ниетинде
туруп калбайм каранып, терим аарчып,
дың адырда кетменге өбөк артып,
кыйкырбайм турган жерден: “Эмне болду?
Колум бош эмес эле ушул ченде…”
Кетменим сайып коём алчылантып,
сергилең топуракка сабы менен.
Анан шашпай, чарчаңкы түшүп келем
утурлай теңтушумду…

 

ТАНДАЛБАГАН ЖОЛ

Экиге бөлүндү жол бара жатып…
Экиге  бөлүнө албай жайып колду
турдум  саргын токойдо ойго батып.
Карасам, жашырынтты ала качып
алп чынар сол тарапка кеткен жолду…

Оң жакка кеткен жолго ыкласым ооп
бурулдум  жансыз жолду жаңыртмакка-
ээн калган жол экен басып чырмоок.
Сол жактагы жол деле ээн бирок,-
андагы издер өчкөн тээ эчакта…

Эки бирдей жол жатты эртең менен,
экөөсү тең алтынсаак жалбырактуу.
Сол жаккы жолду сактайм оюмда мен:
“Болбосо кайра буга кайтып келем! ”
А бирок  күмөн эми  артка кайтуу…

Нечен жылдар өткөн соң дээрим анык:
«Тээ илгери кеч күздө бир токойдо
жол экиге айрылып, салааланып
тандалган  эл каттабас оң жак багыт…
Тагдырым салааланган мына ошондо…»
ЭСКИ КАРДЫН АЙРЫГЫ

Былтыр бороон тескей бурчка шилеген…
А тескейге үлбүрөк  Жаз даай албай
Эски кардын айрыгы жатат дале
окуп бүткөн китептин айрыгындай…

Кардын бети миң сырдуу темгилденет
Капкайдагы кайыптан жазуу сымак-
Мен сагынган дастан бар ушул карда
Окуй алаар болсомчу, атаганат!…
ОТ ЖАНА МУЗ

Оттон, дешет, Дүйнө-Күндүн акыры…
Кээси: “муздан” дейт.
Отко күйүп, болгом кумар ашыгы
От-Кыямат, бул чын, кептин ачыгы…
Оттун күчү келбей калса бул ирет
Анда Ааламды  музга  айлантчу аяз бар
Макулмун мен: “Жашоо өчөт муздан” деп-
Муздап да көргөм, жарандар,
Жек көрүүмдөн титиреп…

 

БҮТПӨСТҮК  ИРМЕМИ

Курч жалбырак учунда аруу, тунук аяндай-
угутунда желаргынын  дир-дир этип токтоду…
Ал март нурун  серпти дагы туруп калды аярдай-
Шок кыялга ишенүүгө ниеттенген окшоду…

Деп жибердим: “ Бул курак- Бейиштеги гүлбурак!”
Чынында эле толукшуп, гүл ырдаган кез эле…
Гүл бетинен дилиме шүүдүрүмдөй ыр кулайт
Майга мүнөз тунуктук мартта козгоп делебе…

Турдук бир саам чайканып бул ажайып ирмемге-
Бүтпөстүктөн күдөр үзбөй, күтпөстүктү тыялбай.
Чыным айттым акырында ( бура бастык бул ченде).
Карт  жалбырак  калтырайт ак кайыңын кыялбай…
КЕЧКИ СЕЙИЛ

Чабыкта солдун изин ашкан чөптөр,
баралдуу шүүдүрүмчөн,
жарымын бакка алпарчу жолдун каптап
камыштай тегиз өскөн.

Чабыктан  бакты көздөй барчу жолдо
чымчыктын чуру-чуусу
угулат көөнө  чырмоок арасынан
армандай аянычтуу…

Жылаңач дарак туру дубал жандап…
Бир күрөң жалбырагы
жөнөдү учуп ылдый секин каалгый-
ойлорум чоочутканбы?

Токтодум ары барчу жолдон айнып-
гүлдү үздүм сага деген,
санаачыл бул көгүлтүр астайымды
кайрадан сага берем.

 

ТҮКШҮМӨЛДҮҮ ТҮШ

Токойдомун. Обон создум… Обондорум
сиңип жатты оңгус жашыл жалбыракка.
Токойго жакын келдиң сен да аңгыча
(Бул түш эле.) Торунда миң бир ойдун
көп туруп тартылсаң да кирбей койдуң,
баш чайкап дегенсидиң: “Ичкер жакка
даай албайм- мени тапчу жолдор башка,
адашыптыр алсыз мажнун, алыс мажнун.”
Бирок жакын болчумун – сени көрдүм
Артынан сейрек өскөн бутактардын
Элжиреп, ширин онтой эт-жүрөгүм
Күттүрдү айттырбастан:“жаныңдамын.”
Кайдыгер карап турчу мен эмесмин,
Ойгонот азыр токой, ишенесиң…

 

ТОКОЙДОГУ КАРДУУ КЕЧ

Токойчу тааныш болчу тээ бир чакта
Үйү анын мындан алыс бир кыштакта.
Турубуз карап кардын жааганын биз
Токойчу келбейт азыр бул тарапка

Аргымак түшүнө албай ал сереңдейт:
“Эмне үчүн үй жок жерге токтодук ?” деп.
Тоңгон көл, кардуу токой — ортодо биз,
Коюулайт күүгүм улам, жол кечеңдеп.

Унчугуп кошкурганда коңгуроосу,
“Кеч болду, кетпейлиби?”- бар суроосу.
Текебер аяз тескеп теребелди
Кирпиктен угулгансыйт кардын доошу.

Токой ээн, токой күңүрт, токой башка…
Антым бар, айласызмын аткарбаска-
Көп жолду басуум керек жатааргача,
Көп жолду басуум керек жатааргача…

 

ЭЭН ЖЕРЛЕР

Кар жаайт — бат жаайт. Ах, мынча бат жаайт!
Түн жаайт — түз жаайт.Түндөгү талааны айт!-
Тептегиз кар басып, отоо чөп, чабык чөп
ар жерден эрбейип ак кардан баш багат.

Дарактар кардыкы… Бүт токой  кардыкы…
Бар жандык ийинге жашынган бардыгы
Кимдигин унуткан кишидей келатсам
Ээледи  бүт бойдон Ээндик кандыгы.

Ээндик – шериксиз… Ээндик – бу жалгыз
Ээндик –касырет Жалгыздык буза алгыс
Түн чапкан ак кардын актыгы ал туру —
Айтаарга сөзү жок, айтканга ал алсыз…

Чоочутпайт эч мени Ээндик жердеги,
Телегей кеңдиги,  жылдыздар ээндиги
Үйүмдүн жанында турсам да чоочутат
Боштуктар мендеги, Ээндик дилдеги…

 

ЖАЗМЫШ

Килейген ак жөргөмүш арбалаңдап
салпактаган жансыз аппак көпөлөктү
сүйрөп түштү аппак гүлдөн дары делчү-
азгырык  ажал менен жуурулушмак
ал мастендин сааргы борщу сымак;
тууралган ак капуста — көпөлөгү,
ак пиязы-жөргөмүш, ак көбүгү —
аппак гүл… анан үлпөт башталмак !

Аппак болуп гүл деги эмне тапмак?
Дарылыгы жол четинде кимге керек?
Түспөлдөш жөргөмүштү гүлгө аппак,
ким жеткирди көпөлөк конор замат?
Жазмыш-бар, аныкталган өлчөп-ченеп
Чоң-кичүү жазмышка бүт башын иет…

 

ЫНАКТЫК

Ынагына берилбес эч бир ынак
Деңизине берилген Жээк сымак:
Толкунун тосуп бирдей ал чарчабайт,
Жадатпайт аны бүткүс толкун санак…

Кыргызчалаган Шаамерчем

Соц тармактар:

Добавить комментарий