Шайлообек Дүйшеев. “Көлөкөлөр”

Кайран гана көлөкөлөр!.. көрсө батып бараткан Күн менен кошо батып, кошо жок болооруңарды анда ким билиптир. Айылдын кыпкызыл нурга бөлөнгөн кечинде тоо чокулары эндиктей тымылжып, топу үймөк токол тамдары бышкан токочтой албырып, очоктон булаган түтүнү ийигин ийирген желге шоонадай созолонуп… Күнбатыштан Күнчыгышка куш агып… Ошондо көлөкөбүз Күндү кармап келчүдөй упузун болуп… Узарып, узарып кетер эле…

Көлөкөм агып барат. Бозала болуп суу жээкте турам. Жадагалса жээк да бөлөк. Мен да бөлөк.

Өз көлөкөсүнөн коркуп жүрүп көлөкөсүн жоготуп, бирөөнүн көлөкөсүнө айланган жандын көргөн күнү курусун!

Энемдин көлөкөсү жөнүндө: Бала кезде… Ойноп жүрүп, кеч киргенин билбей, багалегим шалбырап суу болуп, илкип-калкып, кардым ачып, ачкадан өлөйүн деп келатып, эски тамдын алдынан энемдин көлөкөсүн көрө коюп, шарт тирилип чуркап кетер элем. Анын көлөкөсүнөн ажыраганыма да көп болду…

Өзүмдүн көлөкөм жөнүндө: Бир жолу кагазды жипке, жипти бутуна байлап туруп от коюп жиберген чымчык жанталашып учуп барып биздин бастырмага конуп… анан андан от тутанып, чөпкорук өрттөнүп, байланып турган уй өрттөнүп… анан көлөкөм мени менен кошо жыгылып, жер таянып, өр таянып чуркап келсем… жалын чөпкө атылып, көккө атылып… чамгарактар күйүп жаткан экен. Ошондо мени таштап, мени аяп, өрткө өзү кирип, кызыл жаян болуп калтырап-титиреп, өрттөнүп аткан көлөкөмдү көрүп, бу дүйнөдө андан жакын эч ким жок экендигине көзүм жеткен. Жалган дүйнө бар кезинде сени жалгыз гана көлөкөң таштабайт. Ушуну эсиңе тутуп кой.

Сенин көлөкөң жөнүндө: Эсиңде калды бекен? Сабактан тарап чыгып, жаңы эле жаап салган аппак кардын алигиче адам буту баселек аруу таза жолунда ак кагазга калем сап калтырган жазууга окшош, сен экөөбүз кош из калтырып кетип баратып, сага бүгүн сөзсүз айтам деген сөзүмдү айталбай айтмак түгүл жаныңа жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан көлөкөңө көлөкөмдү тийиштирип басканга жетине албай, төбөм көккө жетип, ысып-күйүп, өзүмдү дүйнөдөгү эң эле бактылуу жан катары сезген күнүм!.. Эсиңдеби? Сенин көлөкөңдү да жоготтум…

Ал кезде сүйүү да таза эле. Сүйүүнүн көлөкөсү тийген жандар өзүнөн өзү эле бактылуу болуп кетишчү. Кыздар да таза эле. Кыздардын көлөкөсү тийген жигиттер өзүнөн өзү эле кызарып, супсулуу болуп кетишчү. Бир ирет бир кызга кат жаздым. “Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил” деп жаздым. Ошол бир кезде мен сүйгөн кыз азыр кандай болду экен? Аны күйөөсү мен сүйгөндөй сүйүп, баркына жете алды бекен? Биз агезде кыздарды жамандык ойлобой туруп сүйчү элек. Азыркы жаштар адегенде жамандык ойлоп алып анан сүйүшөт экен.

“Көлөкөм” деп жалынткан балдарды, көлөкөсүз жандарды сактай көр дедим. Бирок, ким сактарын билбедим. – Кудай! – дешти. – Кайсы Кудай? Бүгүн Кудайлар да көбөйүп кетти. Кимисине ишенериңди билбейсиң.

Күн алдында көлөкөсүн жоготуп алып таппай келаткан кары картаңдар менен карып-мискиндерди, кайырчы селсаяктарды көрдүм. Булар мурда кайда жүрүштү эле?

Көлөкөсүз эркек жолбун итке, көлөкөсүз аял жол боюндагы бейитке окшош болот экен.

Ош базарынан таштанды челектеги жугундуну сугалактык менен сугунуп жеп жаткан кемпирди көрдүм. Өтүп бараткан кыз он сом сунду эле, бир колу менен бата беримиш болуп, бир колу менен жугунду жегенин улантып жатты. Орто Сай базарынан өлүк көрдүм. Иттин эмес, кишинин өлүгүнүн. Жанында кайыр-садага чогулткан кепкасы жатты. Адамдардын жүрөгү муздап, жер ысып баратабы?

– Ыйман түгөндү, деп келди, акем бир күнү.

– Түгөнгүдөй ал эмне, ун же талкан беле? – дедим.

– Ыйман качты? – деп келди, акем да бир күнү.

– Кайда качты? – дедим.

– Кайда качканын билсем айтпайт белем – деди.

– Ыйман кетти, – деп келди акем бир күнү.

– Кайда кетти аке? – дедим.

– Башка жакка кетти. Аны биз кыргыздар күтөлбай койдук. Ал бизге таарынып кетти. Ал эми бизге кылымдап келбейт, — деп, жер муштап, боздоп жиберди.

Арча-Бешиктеги бир ууч орус көрүстөнүн ороп-чулгап, төрт тарабынан кычкачтай кысып, кыргыздар үй салып жиберишти. Ошондон кийин маркумдар жаткан жерди адамдын да, айбандын да буту тепсей бштады. Жакында өлгөндөр кордолбосун деп орус туугандар айланта чырпык тигишти эле, кыкеңдер анын да уурдачусун уурдап, жулчусун жулуп баса берди. Кыргыз тукуму качан ушунчалык карөзгөй, ыймансыз, ачкөз болду эле, карангүн? Ушинткен элдин тукуму эртең кимден жакшылык көрөт? Кимден жөлөк сурайт?

– Атып салчу адамдар көп, – деди мага акем келип.

– Аларды эмес, окту аягын, – дедим.

Адамдар эмне себептен Акүйгө киргенден кийин айбанга айланып кетишет?

Көлөкөлөр, акырында сага жазган мынабул ырымды эстедим.

Көлөкөлөр карааны калдаңдаган,
Көлөкөлөр айланган, айланбаган.
Түшүп турат көлөкө түндөн дагы,
Түшүп турат көлөкө айбандардан.

Жалгыз мектеп… Аяздын аптабында,
Жалын дүрт деп алдымда, арт жагымда.
төбөм көккө жетчү эле ошол кызга,
Көлөкөмдү тийгизип басканымда.

Күн батарда булуттар кызаруучу,
Күн батыштан чыгышка куш агуучу.
көлөкөбүз ошондо күүгүм кечип,
күндү кармап келчүүдөй узаруучу.

Кездер болот достор да каттабаган,
Кездер болот тууган да кас санаган.
Баары жалган жасалма жалгыз гана,
Жаныңдагы көлөкөң таштабаган.

Сен кичирсең кичирип кичинеден,
Сен өрттөнсөң өрттөнүп титиреген.
Көлөкөдөй жакынды табалбайсың,
Көргө чейин бир кеткен киши менен.

Көлөкө бар көңүлдө, чөлдө, күндө,
Көлөкө бир мүрзөдө, дөңдө, гүлдө.
Көөдөнүмдү таш менен жанчып чыгам,
Көлөкөсүз жандарды көргөнүмдө.

“Көлөкөм!” деп күн сайын жалбарынган,
Түшүп турсун көлөкө балдарыңдан.
Адамдарды сактай көр, Кудай, Кудай,
Көлөкөсүз куу жондо калганынан.

Өзүңөрдөн өзүмдү бөлгөн кезде,
Кайран башты кара жер көмгөн кезде.
Көлөкөмдү жайына жөн койгула,
Мени менен бир жатсын өлгөн кезде!..

Жети кабат Жер үстүнө эч ким түркүк болгон эмес. Көлөкөңдү эстей жүр! Өмүрлүү болгуң келсе, өлүмдүн көлөкөсүн эстей жүр!

«Шоокум»

Ш.Дүйшеевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий