Нарк-нускалуу китеп экен

«Турар» басмасынан жарык көргөн Айдарбек Сарманбетовдун «Мекенсиз» китебин окуп чыгып өтө жакшы ойлордо калдым. Көртириликтин айынан жер кезип, аалам кыдырып кеткен кыргыздардын турмушу менен башталыптыр. Антпегендечи, бул азыркы мезгилдин, ушул күндүн тарыхы. Ошол, «Айбанталаадагы адам» аңгемесинде азап чеккен чыныгы адамдын образы жаралыптыр. Намысына, болгондо да кыргыздык намысына таянып, өлүмгө баш ийбей, аны жеңүү бери дегенде эрдик. Башкы каарманы (азыр көзү тирүү) Эсенбектин өлүм алдында жатып да бардык рухий кайратына таянып жатышы окурманды дароо жүгөндөп алып бул чыгарманы окууга, аягына тезирээк чыгууга шаштырып, мажбурлап олтурат. Улам эмне болот, бул бир боордошумдун тагдыры деген кабатыр ой алга жетелеп олтуруп аңгеменин акырына чыгып калдым. «Жаман ит деле кара башын багып алат, балам, кайда болбо, кандай кайгыга кабылба, адамдык парасатың менен алтын башыңды бийик тутуп, дайыма эл ичинде бол, өз элиңдин намыс кадырына шек келтирбей ажалды да татыктуу кабыл алгын, Сен Бүргө баатырдын тукумусун, Сыймыктан! Ага татыктуу бол!» мына ушул чоң атасы Качыбектин сөзү кулагында калган экен, ошондон от алган Эсенбек өлүм менен күрөшүп олтурбайбы. Китепти окуп жатып мына ушундай нускалуу сөздөр азыркы жаштардын кулагында калар бекен, азыркы жаштар аталардын сөзүн угар бекен деген бүдөмүк ойдон кутуласың, көрсө угат экен. Укпаса Эсенбек жеңилмек. Өлмөк. Ал, кыргыздын намысы үчүн өлгөн жок. Жазуучу Айдарбек Сарманбетов дал мына ушул өтө татаал, мезгилинде аба менен суудай керек болуп турган АДАМ, ыйман, намыс деген бийик түшүнүктү чоң чеберчилик менен бере алган. Мына, кыргыздын түпкү идеологиясы.

Китепти бир дем менен окуп чыктым. Анткени «Чынгызхан. Жазылбай калган каргыш» повестин окуп жатып, элибиздин басып өткөн татаал да, сыймыктуу да, өлүм менен өмүрдүн ортосунда канжыгасына башты байлап, намыска таянып жашап өткөн, ошол татаал турмушта да сүйүү адамды алга жетелеп турганын жазуучу жөнөкөй, жатык, көркөм тил, тарыхий чын окуялар менен таамай бере алган. Жалгыз адам баатыр болбойт деген нускалуу сөздү далилдеп, аталар баскан жолдо аныктап, ага аруу, тунук махабатты айкалыштырып, бул турмушта аялдын ордун ачып берип, окуяны татаалдаштырып, тереңдетип бара бергендиктен, чыгарма маанилүү да, мазмундуу да болуп, окурманды өз кучагына сиңирип, жетелеп, жүгөндөп алып олтурат. Айрым жерлерин жаттап алгың келет. Аруулукка арбаласын, таза махабатты көрөсүн, сулуулукка суктанасын. «Ай чырай апакай жүздүү, карлыгач каш, көлдөй көгүлтүр көздүү кыз аны жалт бир карап алды. Өктөм да, баш ийбес эркин да, ошол эле учурда терең мухиттей акылгөй көз караштан Батый жалтана түштү» мына ушундай санжыра кылып айтып жүрөр саптар чыгармада арбындыгы менен чыгарманын күч-кудуретин арттырып, окурманды жеңип алып олтурат. Сулуулук менен нускалуулук айкалышкан жерде аталардын улуулугу ачык көрүнөт. Мисалы, ушул чыгармада бир сөз көңүлүмө кыт куйгандай орноду. «Канчалык жанына жакын болсоң, төбөлүңдөн ошончолук алыс, оолак болгун». Бул чындык, ошол оолак боло албай, бутка көп чалынып, хандарыбызды жаман атты кылып жиберип, өзүбүздү кошоматчы көрсөтүп алганыбыз даана айтылган. Кыргыз ушундай акылман эл белек деген уйгу-туйгу суроолорго алып келип такайт. Дүйнөнү дүңгүрөтө чапкан хан Батый бир сулуунун эркине жеңилип олтурбайбы, дал ошондон «Дүйнөнү сулуулук сактап калат» деген нускалуу сөзгө дагы бир ирет ынанып калдым. Батыйды жазуучу бир гана кара мүртөз, айтканынан кайтпаган, кан ичкич гана эмес, ошол эле мезгилде зор максатка умтулган эрктүү адамдын да сүйүүнүн алдында алсыз экендигин таасын көрсөтө алган.

«Чынгызхан. Жазылбай калган каргыш» повести мындай таамай-таасын, нускалуу баяндоолордун коштоосу менен күч алып олтургандыктан, анын аягына кантип чыгып калганыңды байкабай калып, дагы эмнеге кеңири жазбады, улантпады деген өкүткө кабыласың. Чыгармада жаңы, мурдатан айтылбаган тарыхий фактылар арбын. Аларды жазуучу “Москвада, Николай Лугинов деген якут-саха жазуучусунан “Моңголдордун жашыруун тарыхы” деген Чыңгызхандын доорунда жазылган жылнааманы, орус тилине которулган түп нускасын окуп чыгып, алдым” дейт. Демек, повесттеги окуялар, инсандар, айтылган тарых таза чындык.

Ал эми китептеги дагы бир өзөктүү аңгеме бул «Мекенсиз». Ушул сөздү окуганда эле, алгач өз мамлекетин жоготуп, ар кайсыл элдин этегине эрмешип, жакасына жармашып жашап келе жаткан улуттар жөнүндө ойлоносуң. Бир карындашым базарда соода кылгандыктан ошол сатып жаткан товарыңдын жанына ушул китепти коюп сатчы, ала тургандар чыгар бекен деп беш китеп берип жибердим. Арадан эки үч саат өтүп-өтпөй эле кайра ал карындашым китепти көтөрүп келди. Бир келин менен урушуп кеттим деп. Эмнеге десем? «Силер бизди мекенсиз деп жатасыңарбы, бизди жазып, дагы эл ынтымагын бузуп жатасыңарбы деп эле ыйлап, жаңжал салып кетти», коюң ага, бул китепти сата албаймын деп алып келип мага кайрадан берип кетти. Чын эле Айдарбек агай “Мекенсиз” деп кимдерди жазды болду экен деп, окуп жаткан жеримди токтотуп коюп ошол «Мекенсиз» дегенди окуп кирдим. Көрсө, биздин өзүбүздүн элдин ичинде деле мекенсиз калыш эч кеп эмес турбайбы! Адам тарбияны дал ошол мекенден баштап, анын топурагынын жытынан тарбияланып, туулуп-өссө, ошондо гана ата-журттун кадыр-баркы болорун дал мына ушул повесттеги Кетмен-Төбөлүк жигиттин турмушунан даана көрдүм.

Адамдарды ар дайым мекендин кусалыгы курчап турарын, Мекен деген маңкуртка да ыйык экендигин жазуучу даана, таасын, жеткиликтүү берип олтурганын карачы! Дегиңкиси, мындай окуяга бир нече жолу кабылсам деле маани бербегендигим, анан ушул «Мекенсизди» окуп алып өткөн турмуштагы айрым атка минерлердин көшөкөрлүгүнөн жогору карап сөз кайрып айта албагандыгынан канча адамдар жабыр тарткандыгын мына ушул аңгеме айтып берип, эми чындап кыжырланып олтурбаймынбы. Ал келин эмес, биз ыйлашыбыз керек тура деп калдым.

Айдарбек Сарманбетов агайдын мына ушундай чеберчилигине таң бербей коё албадым. Дал ошондуктан бул китепти кайра-кайра окуп, кастарлап алчу чыгарма болгондугун белгилеп кетейин дедим. Жакында эле киндик каны таамп, ата-бабасы өнүп-өскөн жерин калтырып, ал жер Өзбекстандын аймагында калды, биз өз элибизге кетебиз деп Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп чыккан беш-алты үйлүү боордошторумдун тагдыры көз алдыма келди. Аларга Кыргызстанда жер берилип, там салынып, кыргыз элинин камкордугуна алынып жатса да ата жайдын, ата конуштун канчалык кымбат болорун сезип, кейип турдум. Бир күнү алар деле ошол таштап келген жерин эңсеп, бир ыйлап алары бышык турбайбы деген ойго келип калдым. Мына, адамды түркүн ой-санаага салган жазуучунун күчү, керемети дал мына ошол деп түшүнөмүн.

Китептеги «Кара шаршемби» аталышындагы жүрөк титиреткен бул аңгемеде карапайым кыргыз адамын намыска келтирген 7-апрелдеги кандуу төңкөрүш, мамлекет башчысын кууган элдик окуя таамай таасын, жөнөкөй тил менен берилгендиги менен абдан маанилүү болуп олтурат.

Бул макаламын атын эмне үчүн «Нарк-нускалуу китеп» деп койгонумду да айта кетүүм керек болуп турат. Турмушта аталар баскан жол, алардын санжыргалуу тарыхы бизди шердентпесе биз эл болуудан алда качан эле калмакпыз. Манас атабыздын арбагына сыйынып, андан шык, эрдик, намыс-ар, нарк-нуска алып келе жатканыбыз бекеринен эмес экенин «Бабалар баянынан» окуп дагы бир ирет ынанып калдым. Көрсө, биз мектепте, балдар бакчаларында балдарга билим-тарбия берүүдө дал мына ушул бабалар баянына маани берберстен аны билбегендигибизден аксап да өксүп да келе жатыптырбыз. Дал мына ушул бабалар баянын бакчадан баштап, керек болсо бешиктен баштап баланын кулагына куйсак, ырдап да, айтып да, күү менен да берип турсак гана биз элдигибизди, мамлекетүүлүгүбүздү сактап калмак экенбиз деген ойго келип такалдым.

Китептеги кайсыл аңгемени, кайсыл публицистикалык макаланы алып окуба, тарбиялык мааниси терең, нарк-нусканы көзгө сайып көрсөткөн, терең мааниси менен баалуу чыгармалары топтолуптур. Китептин акыр жагында орун алган эсселерди окуп алып чындыгында турмуштан тамган тамчылар экендигине ынанасын. Күндөлүк эле баштан өткөн окуялар, жөн гана биз ага маани бербей койгон учурлар. Алардын тереңдиги канча?!

Китепке олтуттуу сын-пикир айтып, эч кандай доомат коё албадым. Анткени, китептеги аңгемелер биринен сала экинчиси кызыктуу болуп олтуруп адамды өзүнө тартып алгандыгынан улам кемчиликтерин байкай албай калдым окшоду.

Негизи, бул китепти жалпы окурман журтуна, айрыкча жаштарга окугула деп айтуу менен бирге жазуучу агам Айдарбек Сарманбетовго чоң чыгармачылык ийгилик, чын ден-соолук каалап, ушул жазыгыңыздан жазбай иштеңиз, чыгармачылык күч-кубатка толгон куракка эми келдиңиз демекчимин.

Абдымомун Калбаев,
акын, жазуучу,
«Арча» адабий сыйлыгынын лауреаты

Соц тармактар:

Добавить комментарий