Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «Кудаяр хандын гареминде 50дөй өңдүү-түстүү кыздар кармалып турган»

– Кудаяр хан (1829–1879) – Кокон хандыгын 1845-1858, 1862-1863, 1865-1875-жылдар аралыгында бийлеген. Кудаяр 12 жашына чейин Таласта таякелеринин колунда жүргөн. Орус саякатчылары Кудаярга жолукканда анын кыймыл-аракетин, өӊү-түсүн кыргыздарга окшоткону да ошондон улам болуш керек. Ал сарайда камалып жатканды жактырган эмес. Тоого чыгып, аӊчылык кылып, кымыз ичип, жайлоодо жүргөндү жактырган. Көчкөндө да жөн көчпөй 20-30 араба менен көчүп, кыдырып жүргөнүн айтышат. 1842-жылы атасы Шералы күтүүсүздөн хан болуп келгенден тартып ордого келет. 1845-жылы атасы өлтүрүлгөндөн кийин Мусулманкул тарабынан 15 жашында хан көтөрүлөт. Тарыхчы Зиябидин Максым Кудаярды бир туугандарына караганда ар дайым жылдызы жанып, кеӊ пейилдүү болгонун сыпаттайт. Ага караганда Малабектин ичи тар, көрө албас жаман адаттары болгонун жазганы бар. Кудаяр балакатка жеткенче Мусулманкул хандыкты жетектеп турган. Качан ал бой жеткенде ага жакындашуу үчүн өзүнүн карындашын алып берип, баласы Абдырахманды ага кумганчы кылып коёт. Кудаяр Мусулманкулдун катуу тартибинде тарбияланат. Аны көөп кетпесин деп чектеп, тыгыз көзөмөлдөп, кайтарууга алып турушкан. 1850-жылдан тартып Кудаяр өз алдынча хандыкты башкара баштайт. Мусулманкул аталык кылып турган учурда кыпчактардын тескери аракеттерин, зомбулуктарын байкайт. Анын Сарымсак (айрым булактарда Абдырахман) баш болгон эӊ жакын адамдары Мусулманкулдун колунан каза тапкандарын көрөт. Ошондуктан апасы Жаркынайымдын да, анын да кыпчактарга болгон кеги, таарынычы сакталып калат. Натыйжада 1853-жылы Мусулманкул баш болгон кыпчактарга чоӊ кыргын салып, 20 миӊдей кыпчак кыргынга туш болгону тарыхта маалым.

Кудаяр бара-бара бийликке мас болуп, соодагерликке ыктап, базарларга, күркөлөргө ээлик кыла баштайт. Мындан сырткары ал катынпоз болуп, гареминде 40-50 чамалуу өӊдүү-түстүү кыздар болгон. Карапайым элди ашыкча кыйнап, эзген учурлары 1850-жылдардын аягына туура келет. Анын элге, айрыкча кыргыздарга болгон зулумдугунун натыйжасында үч жолу тактан түшүп, кайра хан болгон. 1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги Ташкенге келген. Орус бийлиги аны үй-бүлөсү, жакындары менен Оренбург шаарына үй камагына жиберген. Москвадагы аскердик архивден Кудаяр Түркстан генерал-губернаторуна, Оренбург генерал-губернаторуна «Коконго барып жашаганга уруксат болбосо, Москвада жашаганга уруксат бергиле» деп жазган каттарын окудум. Эмнегедир орустар анын Москвада жашашына уруксат берген эмес. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде ал Оренбургдан качып, Индия аркылуу Меккеге барып, бир-эки жылдай жашап калат. Ферганада кордук көргөн адамдар Кудаяр ханды ал жактан көрүп калганда сабагандыгын айтышат. Түркиялык Абдырахман эфендиге «мен элди зулумдук менен башкарган экенмин, Ферганага бара албайм» деген өкүнүчүн айткан. Абдырахман эфенди «кайрадан Коконду ээлеп, хан болуу ниетиӊ барбы?» деп сураганда, «бар, эгерде түрк султаны жардам берсе ээлеп алсам жакшы болот» деп жооп берген. Бирок ал тилеги ишке ашпай, 1881-жылдары Ооганстанга келип Корух деген айылда жугуштуу оорудан улам каза болот. Көргөн адамдардын айтуусу боюнча, ал каза болгондо жанында жүз дилдеси (тилла) калыптыр деп айтышкан. Анын жыйнаган байлыктары Кокон хандыгында калган. Оренбургдан качып кеткенде кыймылсыз мүлкү, 12 миӊ дилдеси калгандыгы айтылат.

Кыяс Молдокасымов менен баарлашкан Султан Төрөбеков,
“Супер-инфо”, №656 29-май-4-июнь, 2015-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий