Куттумидин БАЗАРКУЛОВ: “Сезимден сызылып чыккан чыгарма…”

– Куттумидин мырза, жакында чыккан детективдүү романыңызга кайрылгым келип жатат, китеп эмне жөнүндө жана эмне үчүн “Шамал уюлу” деп аталды?

– Чыгарманын аталышы мазмуну менен шайкеш болушу. “Шамал уюлу” деген аталышын чечмелесем, бороон-чапкын бир жерге уюлгуп келип уюкту, куюнду түзөт. Биз бала чакта куюн келгенде: “Тү, мени каптабай таздын үйүнө бар!” – деп койчу элек. Ошол сыяктуу, адам баласынын башына да бир олуттуу окуя бороон-чапкын сыяктуу уюлуп келип, анан барып жазылат эмеспи. Детективдүү турмушта окуя так ушундай уланып, кульминациясына чыгат.

– Каармандары кимдер?

– Милициянын кызматкери менен журналист. Тактап айтсам, милициянын кызматкери Уран менен журналист Өмүр бала кезден чогуу өскөн кыйышпас достордон болгон.

– Эмне үчүн милиция менен журналистти карман кылып алдыңыз?

– Сиз туура суроо бердиңиз, анткени калайык-калк башына иш түшкөндө милицияны, калыстык болбой жаткан жерде прессаны эстейт. Бул экөөнө түздөн-түз кайрылууга мажбур болушат. Анткени эки кесипте тең иликтөө аракеттери бар. Бири мыйзам алдында иликтөө жүргүзсө, экинчиси коомчулуктун алдында журналисттик иликтөө жүргүзөт. Өзүңүз деле жакшы билесиз, өлкөбүздө эки революция болгондо түйшүктүн баары милиция менен журналисттерге түшпөдүбү. “Шамал уюлу” романында кылмыш дүйнөсү тергөөчү Уран менен журналист Өмүрдүн колдорунан өтөт. Алтынга тойбой, алкымын созгон ач көздөр, өгөй кызына асылган өгөй аталар, кичинекей баласынын кулагына курт салып өлтүргөн өгөй эне Калый… Каармандар ушул сыяктуу окуялардын изин куушат.

– Жакшы. Бул чыгармаңыз аркылуу эмне дегиңиз келет?

– Китеп – бул билим, илим, ойчулдук, таалим-тарбия, керек болсо тарых. “Шамал уюлу” – детективдүү роман десе эле, бирөөнү жыга койду, балталап салды деген кеп эмес. Бул жерде логика, башкача айтканда, сөз төркүнү – философия, мистика, сүрөттөмө, көз караш, кыял жорук, анан ыйманга чакыруу сыяктуу нерселерде жатат. “Сен киши өлтүрсөң, киши колдуу болосуң”, “Баары айланып башыңа келет” деген идеялар камтылат. Тил маселеси да козголот. Мисалы, сүйлөп келе жатып эле орусча кошуп кеткен жерибиз бар го, китепте бул дал өзүндөй берилет. Анткени чындык ушундай. Качандыр биздин сүйлөө речибизде ушундай болгону көрүнүп туруш керек да. Ким билет, элүү жыл өткөндөн кийин орусча кошпой, англисче кошуп сүйлөп каларбыз. Ошондой эле “31-10 в” үлгүсүндөгү “Волга” автоунаасы модага айланганы да жазылган. Бул тарых. Бүгүнкү күндү эртеңкиге хроника, тарых катары беришибиз керек. Сиз өзүңүз деле жакшы билесиз, орустун улуу жазуучулары В.Гоголь, А.Толстойдун чыгармаларында француз тилдеринде берилип кеткен жерлери бар.

Анткени 1800-жылдары французча билген адам орустарда аристократ болуп эсептелген. Кыскасын айтканда, “Шамал уюлунда” бүгүнкү жазма да, эртеңки тарых, саясат да козголгон.

– Менин баамымда, бул милиция менен журналисттин кадыр-баркын көтөргөн, анын түйшүгүн сезген биринчи чыгарма болот окшойт.

– Күндөлүк турмушубузда жардам сураганы деле, асылганы деле, сындаганы деле, негизинен, ушул эки тармак. Чыгармада элдик адам кандай болуш керек, ушул маселе да көтөрүлгөн. Акчага, дүнүйөгө берилген адамда сезим жоголот. “Киши болор адамдын киши менен иши бар”. Баарынан жогору адамгерчилик турат. Айтор, китеп окурманды таалим-тарбиялуулукка чакырат.

– Мурун кандай чыгармаларды жараттыңыз эле, дагы кандай чыгармаларды жаратсам деген тилек бар?

– “Шамал уюлу” – онунчу китебим. Буга чейин “Бир атанын эгиз балдары”, “Сүйүү жана ый”, “Табышмактын жандырмагы”, “Жалгыз жылдыз” пьесаларым, “Жүрөк сыры”, “Репрессия” аттуу повесттерим жарыкка чыккан. Тарых – таржымал гана эмес, тажрыйба да берет. Биз өткөнгө көз салып, келечекке умтулушубуз керек. Муну айтып жатканымдын себеби, Тогуз-Торо районунун тарыхын изилдеп китеп жазуу менен бирге, ал өрөөн жөнүндө даректүү фильм тарткам. Жалал-Абад шаарынын да тарыхын изилдеп, “Тарых издери” аттуу китебим 2007-жылы жарыкка чыккан. Кудайга шүгүр, көп эле китептерим жарык көрүп, окурмандарымдын колунда. Биздин кыргыз элибиз аябай рух дөөлөттүү, сөзмөр эл келет. “Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар” демекчи, азыр идеяны да жашырыш керек. Мейли, кандай болгон учурда да, маани-маңызын айтпасам да, темасын айтып коёюн – “Күмбөз” аттуу роман жазып жатам. Күмбөз – бул эстелик, баскан из…

– Кайсы авторлорду окуйсуз?

– Кайсы жазуучунун чыгармасында философия, ой-толгоо болсо, ошол чыгарманы баса калып окуйм. Орустун улуу жазуучусу Тургеневдин “Му-Му” деген чыгармасын окусаңыз керек, ошондо тил-ооздон калган дудук Герасимдин адамкерчилиги байлыктуу кожойкесине караганда бийик турат. Ошондой эле 1825-жылы Гоголь “Текшерүүчү” деген чыгармасын жазган. Мына ошол мезгилде эле текшерүүчү органдардын өзүндө коррупция жатканын белгилеп кеткен. Помещик, соодагерлер айылга келген өтүкчүнү текшерүүчү деп жандары көздөрүнө көрүнүп, коноктой беришет го. Бул жерде бүгүнкү коомго байланышкан да көп нерсе жатат. Албетте, аалам адамы Чыңгыз Айтматовдун акыркы “Тоолор кулаганда” романын окудум. Ушул жерде Арсен Саманчин деген журналист- котормочу менен Жаабарс тоо койнундагы үңкүргө кептелип, камалып калган жеринде үч абзацты окусам, Айтматов мындай деген түшүнүк берген экен: “Кудай-таалам бергени менен, аны таразалачу тагдыр деген болот…” Чындыгында, Кудай-таалам тоо-таштуу алтынды бергени менен, байып кеткенибиз кана? Канчалаган таланттарды бергени менен, баалай алганыбыз кана? Өз учурунда төкмө акын Токтогул Сатылгановду сүргүнгө айдап, каматып жибериптирбиз. Кыргызга Таттыбүбүдөй сулууну, таланттууну берсе, ичи тарлар, алысты көрө албагандар ага өмүр берген жок да. Дегеним, өмүрдөн эрте өтүп кетүүсүнө өбөлгө түзүп жатышты… Элдин кыйналганы жазуучунун жүрөгүнөн өтөт турбайбы.

– Бүгүн сиз Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио компаниясын жетектеп келесиз, жамаатыңызда кандай жетишкендиктер бар?

– Бүгүнкү күндү эмес, келечекти ойлоп, арканды алыска таштаганыбыз оң. Учурда Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио берүү компаниясы жаш кадрларды даярдаган, аларды таптаган мекеме-ишкана аталып калды. Республикалык телеберүүлөрдө, жеке менчик телеканалдарда да биздин кадрлар иштеп жатат. Телеберүү – бул технология. Ал эми технология – өсүп-өнүгүү, жаңы көз караш, жаңы талап. Ошондой эле жаңычылдык болуш керек. Ага жаңы жүз болушу шарт. Мода менен келген кийим сыяктуу. Телеберүүдөн баары көрүнүп турат. Биздин жамааттын 90%га жакынын жаштар түзөт. Биз жаштарды тарбиялап өстүрүп, аларга иш беришибиз керек. Өлкө келечеги жаштардын колунда, жакында санариптик көрсөтүүлөрүбүздү баштайбыз.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 09.06.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий