Салижан агайды эскерүү: Адабий мурас

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги “Салижан агайды эскерүү” долбоорун улантат.

Долбоордун максаты Салижан Жигитовдун адабиятчы, сынчы,публицист жана коомдук ишмер катары бейнесин толук ачып, калың кыргыз журтчулугуна жеткирүү. Агайыбыз калтырып кеткен руханий мурасты жыйнап, келечекте жыйнак кылып чыгаруу. Бул кадам элибиздин маданий көрөңгүсүн байытууга түрткү болоору шексиз.

Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүн – коомдук ишмерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, илимпоздорду, адабиятчыларды, Салижан агайды таанып-билген бардын жарандарды ушул долбоорго үн кошууга чакырабыз. Эскерүүңүздөрдү kabar@kabar.kg почта дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Төмөндө Салижан агай жаратып кеткен поэтикалык саптарына назарыңыздарды бурабыз.

ЭЛЕГИЯ

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган чоочун үйдө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай жабыла күү чыгарып.

Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк – уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
1964

«Кабар», 14.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий