Табышмактуу Кудаяр хан чеби

Кудаяр хандын чеби деп аталган тарыхый жана табышмактуу коргон Баткен районунун Кан айылында жайгашкан. Жергиликтүү калк чептин курулганына 200 жылга чамалап калса керек деген божомолдорун айтып келет. Курулушка миңдеген адамдар иштеген деп тарых барактарында жазылуу.

Кудаярхан чебинин курулушу

Чеп курулган убакта ал жерде аккан суунун жоктугунан улам , хан кол алдындагылардын баарын төмөнкү өзөндө аккан сууга чейин катар тизип, керектелүүчү сууну колмо кол узатуу менен челектеп алдырып турган. Тактап айтканда, Нары Тунук-Суу айылынан Коргонго чейинки аралыкта эки катар адамдар тизилип туруп, биринчи катарда бош чака түшүп кетип турса, экинчи катардагыларга чакаларга толтурулган суу чыгып турган. Эгерде чаканы төгүп же жалкоолонсо ал адамды эч нерсеге карабай туруп, дубалдын ичине тирүүлөй, курулуп жаткан дубалдын үстүнө узунунан жаткызып, ылай менен кошо чаптап салууга буйрук берген деген кептер айтылат. Бул сөздө чындыктын бар экендигин дубалдын ураган жерлеринен адам сөөктөрүнүн табылгандыгы далилдеп турат.

Чептин ар бир жеринде мылтык сала турган көзөнөктөр бар. Атайын душмандан коргонуш үчүн курулган коргон экендигинин далили. Мындан сырткары, чептин ичинен жерди оюп жасаган тандырлар жана бышкан кирпичтен курулган үйлөр кездешет. Коргонго киргенде аскер кароолдо тура турган кароол да бар.

Кудаяр хан чеби – тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой дөңсөө жерде атайын тегиздеп салынган чеп. Бул чептен төмөндү көзөмөлдөп турууга ыңгайлуу болгон экен.

Чеп курулуп бүткөн соң Кан айылында бир канча мал союлуп, чоң казандарга эт кайнап, калың эл чогулуп, оюн күлкү, шаан шөкөт менен чепти пайдаланууга берүү салтанаты белгиленип, бул салтанатка Кудаярхандын өзү да келип катышкан деп айтылат.

 

Кан чеби табышмак бойдон калууда

Чеп тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыровго барып, аталган чеп жөнүндө толугураак маалымат алдык.

– Бул эстелик боюнча тарыхый маалыматтарга таянсак, Кокон хандыгынын чеби 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын орто ченинде Кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө тургузулган. Дубалдардын бийиктиги 2,7 метрге (алгачкы бийиктиги 3,2 метр), туурасы 1 метрге жетет. Бажыкана чептин айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Кийинчерээк орус армиясы ээлик кылып, кыргыздардын көтөрүлүштөрүн басуу үчүн горнизонго айланткан. Кыргызстан Орусияга кошулгандан кийин бул чеп пайдаланылбай калган.

Чептин аянты

Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Эки коргон тең пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, карооканалар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу эркин баткандай көзөнөктөр жайгашкан. Кандай болгон учурда да бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду толук далилдеп турат. Анткени тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Сохтон Кара-Тегинге карай маанилүү жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Ооганстан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган.

Кудаяр хан чебинин дагы бир аталышы – Кан чеби. Себеби аталган чеп Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылында жайгашкан. Андыктан Кокон хандарынын бири Кудаяр курганы тууралуу маалымат бир аз жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат тактала элек. Эгерде ушул маалыматка токтолсок, анда чепти ким курганы белгисиз боюнча калат. Анын «элден зекет жыйноо үчүн курулган» дегендиги бир аз чындыкка жатпайт. Анткени 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башында бул жерлерде эл сейрек отурукташкан. Кыскасын айтканда, Кан чеби дагы деле табышмак бойдон калууда.

Кудаярхан ким болгон?

Кудаяр хан (1829–1879) – Кокон хандыгын 1845–58, 1862–63, 1865–75-ж. бийлеген хан. Таластагы саруулардын айылында атасы Шералы Базар баатырдын үйүндө жашап жүргөн мезгилде туулган. Апасы Жаркын-айым аксылык саруу бийи Токтоназардын кызы болгон. 1842-ж. атасы Шералы ордодогу белгилүү мамл. ишмер Нүзүптүн жардамы менен хан көтөрүлгөндөн кийин Коконго келген. 1844-ж. Шералы хан ордодогу козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин 14 жаштагы Кудаяр балакай кылып алган Мусулманкулдун эркине баш ийип, Кокон хандыгына хан көтөрүлгөн. Ордодогу ыйкы-тыйкы, так талашуунун капшабынан ал үч жолу тактыдан куулган. Кыргыздардын жээни Кудаяр хан алгач таекелерине жан тартып жүрсө да, ордо турмушуна көнгөн сайын кыргыз бийлерин кысымга алып, эзүүнү күчөткөнү элетке кадыры кеткен. Натыйжада, ага каршы 1873-ж. Фергана өрөөнүндө кыргыздар башында турган элдик кыймыл башталган. 1875-ж. 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги Ташкенге келген. Орус бийликтери аны үй-бүлөсү, жакындары менен Оренбург шаарына жөнөтүп жиберишкен. 1877-ж-га чейин Оренбургда жашаган Кудаяр Бухара эмирлиги аркылуу Ооганстанга качып өтүп, Мекеге зыярат кылат. 50 жашка толгон Кудаяр Мекеден Багдад аркылуу Түркстанга кайтып келе жатып, Ооганстандын Мазари-Шариф деген жеринде каза болуп, ошол жердеги көрүстөнгө коюлган. Кудаяр хан башкарган мезгилде хандык – феодалдык эзүү күчөп, ич ара чабыштар, кошуна хандыктар, Россия менен уруштар күчөгөн экен.

«Чеп» жоголуп кетүү коркунучунда

Жергебизде жайгашкан баалуу, тарыхий чептин азыркы акыбалы жөнүндө билүү максатында биз аталган чеп жайгашкан Кан айылынын башчысы Манас Шадыбековдон маалымат алдык.

Манас Шадыбековдун айтымында, Кудаяр хандын чебин сактап калуу, аны тарыхый жерлердин катарына кошуу жана туристтерди кызыктырууга мындан көп жыл мурда жакшы эле көңүл бурулган экен. СССР убагында Баткенде исполком болуп иштеп турган Бусурманкул Ходжаевдин демилгеси жана буйругу менен бул тарыхый жерди көрктөндүрүү иштери жүргөн экен. Ошол кезде жалпы эл жапа тырмак бак тигип, суу чыгарып иштетишкен экен. Бул жумуштун аткарылышына айылдагы Ормонов Заил жана Шадыбеков Саитбурхан аттуу кишилердин эмгеги зор.

Ошол тигилген өрүк, жаңгак, терек көчөттөрү азыр чоңойуп, калың бакка айланган дейт. Болжол менен 400 түптөй бак дарак бар дейт айыл башчы. Бүгүнкү күндө ал жерди айылдын тургундары Таалай Амиралиев жана Арзымат Ормоновдор ижарага алып, бак дарактарды суугарып карап турушат деп кошумчалады.
Ал эми чептин жыл өткөн сайын урап, жаан чачында дубалдары жибип түшүп жатканына айылдыктар тынчсызданат. Союз убагында биздин аймакка чепти көрүү үчүн келген туристтер болоор эле. Акыркы учурда туристтер жокко эсе. Ошондуктан биздин мындай тарыхий, баалуу мурастарыбызды сактап калуу аракетин көрүүгө мамлекет көңүл бура турган убак келип жетти деп ойлойм,- дейт М.Шадыбеков.

Адылбек Акматов, Баткен облусу, “Эркин тоо”, 19.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий