Сафед-Булан — Ак аял

Кыргыз эли тарыхта ислам динин тутунганга чейин теңирчиликти тутунушуп, отко, сууга жана ыйык жерлерге, мазар, мүрзөлөргө сыйынып келишкен. Кийин ислам динин кабыл алганда да кыргыздын бул адаты калган эмес. Отко, сууга сыйынууну токтотушса да мазарга, жер сууга сыйынууну уланта беришкен. Бул салт элдин рухий принциптерине азык болуп, Көк теңирге, кудайга болгон ишенимин чыңдап жүргөн. Кыргыз эли азыр дүйнөлөшүп, цивилизациянын принциптери менен жашап турган чакта да ата-баба тутунуп келген андай салттарын муундан-муунга калтырып улантып келет. Дегеним, бүгүнкү күндө да арабызда мазарларга зыярат жасап сыйынып жүргөндөр жок эмес. Мазар демекчи, бул жайлар башында ыйык жерлерге тургузулган күмбөздөрдү түшүндүрчү экен. Азыр мазар деп, булактар, тоолор, токойлор, үңкүрлөр, касиеттүү таштар, көлдөр, күмбөздөр, байыркы курулуштар эсептелет. Мындай жайлардын касиеттүүлүгү жөнүндө эл арасында көп эле айтылып жүрөт. Алардын көптөрү элге жакшы маалым. Бирок, алардын катарына кирген эң ыйык мазарлардын бири Сафед-Булан жөнүндө маалымат аз. Себеби бул мазар түштүк аймактарынын чет жеринде жайгашкан. Ага баруу үчүн Өзбекстандын да чек араларынан өтүүгө туура келет. Баса, буз ыйык мазардын Фергана өрөөнүнө Ислам дининин орношунда орду, мааниси зор.

 

Сафед-Булан мазарынын тарыхы

Сафед-Булан Кыргызстандын аймагындагы эң чоң мазарлардын катарына кирет. Себеби, бул мазарда 2772 адамдын сөөгү жашырылган. Ээлеген территориясы да чоң, архитектуралык курулушу менен да башка мазарлардан айырмаланып турат.

«Сафед-Булан» деген сөз — ак аял дегенди түшүндүрөт. Эмне үчүн бул мазар мындай аталышка ээ болуп калаганы жөнүндө өзүнчө тарыхый уламыш бар.

Орто кылымдарда ислам динин таркатууну көздөгөн Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жарир азыркы Фергана өрөөндөрүнө келет (азыркы Ала-бука районунун аймагына). Ал Ферганага келээри менен исламды орнотуу үчүн өзү менен ала келген 3000ге жакын аскери менен Шах-Жарир жергиликтүү калкты ислам динине үгүттөй баштайт. Анда жергиликтүү калк артында аскери бар пайгамбардын небересинин айтканына көнүп, исламды кабыл алмай болушат. Бирок, кийинчерээк арадан исламды кабыл албайбыз дегендер чыгып, жашыруун Шах-Жарир менен анын аскерин өрөөндөн кууп чыгууну же баарын кырып өлтүрүүнү пландашат. Анүчүн алар Шах-Жарирге багындык демиш болуп, жашыруун түрдө аларды өлтүрүүнүн жолун издей башташат. Өлтүрүүнүн амалын издеп таппаган соң, динге ишеними жок жергиликтүү эл алар менен кошо келген бир аялдан «булар кайсы убакта куралдарын чечишет»-деп сурашат. Анда аял «биздин аскерлер бир гана убакта алсыз болушат. Куралдарын чечишет, ал-намаз убагы»-деп жооп берет. Ошентип, алар өлтүрүүнүн амалын аялдын жообунан табышат. Ал арада Исламды бул жерде да орноттук деп кубанган арабдар куралдарын чечип, намазын окууга киришкен убакта, динге ишенгилери келбеген каапырлар пайгамбардын аскеринин башын бирден кыя башташат. Исламга өтө берилген Шах-Жарир менен анын аскери ошондо намаздан башын көтөрүшпөй, аларга каршылык көрсөтүшкөн эмес экен. Аңгыча намаз бүтүп, каапырлар баарынын башын кырганга жетишпей калышат. 2772 аскердин башын кыйганга жетишишкен каапырлар менен ошол жерде мусулмандар ортосунда айыгышкан согуш чыгат. Согушкан эки тарап ошондо бири бирин кырып салышкан делет. (ошол согуш болгон жер азыр Кыргын талаа деп аталып калган). Уламышта Ферганага келген аскерлеринин арасында Шах-Жарирдин аялы Исбид –Булан да болгон делет. Ошол аял кыйылган баштардын арасынан күйөөсүнүн башын издеп аларды бүтүндөй жууп, кандан тазалап чыкканы айтылып жүрөт. Исбид-Булан өзү өңү кара аял болуптур, баштарды жуугандан кийин жараткан аны аппак аялга айлантып ажарын ачып койгон экен. Бирок, Исбуд Булан ошондо күйөөсүнүн башын таппаптыр. Көрсө пайгамбардын небересинин башын каапырлар кыйганга жетишпей калышып, Шах-Жарир өз мекенине качып кеткен экен. Кийинчэрээк кайра ошол жерлерге кайтып келип, ислам динин орноткон дешет. Ал эми кара аялдан аппак айымга айланган Исбид-Булан кыйылган баштарды бир мазарга көөмп, көзү өткөнчө мазарды көздүн карегиндей сактап келиптир. Ак аялдын көзү өткөндө анын сөөгү ошол 2772 баш көмүлгөн мазарга коюлуп, анын наамына мазар Сафед –Булан (Ак аял) деп аталып калыптыр.

 

Мазардын кабырлары тууралуу

Азыр мазардын ичинде намаз убагында кыйылган баштардын жыйындысы көмүлгөн чоң кабыр бар. Анын айланасы фарсы тилинде чегилип жазылган таштар менен курчалган.Таштардын биринде колдун изи бар. Зыяратчылар ошол колдун изине колун коюшуп тилек айтышат. Жергиликтүү калктын айтымында бул таштын өзгөчө касиети бар. Себеби, чын дили менен ишенип тилек айткан адамдын тилектери орундалат экен. Мазардын кире беришинде бел оорудан арылткан таш, андан ары «камыр туруш» таш жайгашкан. Зыяратчылар ал ташка акчасын шыбап алышса, байып кетишет деген ишеним бар. Андан ары Исбид буландын кабыры жайгашкан. Ал жерде аппак аялга арналып атайын көшөгө тартылган. Кабырга эркек кишилер киргизилбейт, аял кишилер гана киришип ага белек ирээтинде жоолук жана башка аялга таандык буюмдарды таштап кетишет. Мазардын айланасында дагы бир уникалдуу үңкүр бар. Кызыгы үңкүрдүн оозу бир адам батаарлык кууш, андан ары кеңейтилип, оюлуп жол салынган. Бул үңкүргө турмуштан өтө кыйналып, кудайдан жардам сураган зыяратчылар кирип сыйынып, ыйлашат. Жергиликтүү калк арасында бул жай адамдын ыйын туура кудайга жеткирет деген аңыз кеп айтылат.

Ислам дининин жайылышында орду чоң бул мазар көп жылдар бою реставрацияланбай келген. Акыркы 10 жыл аралыгында анын маанисин түшүгөн жарандар атайын каражат бөлүп, Сафед Буландын айлана тегерегин оңдоп түзөй башташты.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, “Эркин тоо”, 01.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий