Нооруз — жаз алып келген «Жаңы күн» майрамы

Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жыңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.

Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.

Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова бул күндөрү адатта майрам болгон жерде Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылат:

Алас, алас, алас!
Ар балээден калас.
Жаңы жыл келди,
Нооруз келди!
Жер жаңырып, чөп чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты!
Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.
Оо, жараткан!
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабызга нан толсун,
Дасторконубузга нан толсун.
Үлүшүбүзгө мал толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун,
Байбичелерибиз мээрман болсун!
Келин-кыздар ыймандуу болсун,
Жигиттербиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу!
Алас, алас, алас!

Бул майрам кайдан келип, эмнеден улам пайда болгон?

Анын символдору эмнени билдирет? Ритуалдары кайдан чыккан?

Жер бетиндеги эң байыркы Нооруз майрамынын башатын Чыгыш Ирандагы Хорасан шаарынын аты, ал жерден таркаган жер ишетүү маданияты менен байланышта карашат.

Нооруз майрамы кездешкен эң байыркы булак зороастризм доорунун ыйык китеби “Авеста”.

Адамдар бул ыйык китептин окуусуна жараша Жер үстүндөгү жашоонун пайда болгонун ар жылы жазында белгилеп келишкен.

Китепте Жер бетиндеги жашоо асман, суу, жер, өсүмдүктөр, айбанаттар жана адам деп алты түрдө аталат. Адам турмушундагы жамандык /жакшылык күрөшүнө байланыштуу ритуалдар да ушундан улам калган.

Нооруз алды үй-жайды тазалоо, короо-жайды иретке келтирүү, жакшы тилек менен дасторкон жайып тамак берүү салты совет доорундагы 70 жылдык солгундоодон кийин акыркы 20 жылдан бери кулачын улам кеңири жайып, азыркылардын да парзына кайрадан айланып келатат.

Бишкек тургуну Райхан бул күнү үй-жайын тазалап, арча күйгүзүп ырымын кылат. “Бул майрам аябай маанайды көтөргөн, жаздагы жаркын майрам.”- дейт. Райхан үй-бүлөсү менен Нооруз күнү боорсок жасайт. Кой союп, кан чыгарат. Бала-чакасын, бир туугандары менен кошуна колоңун чогултуп дасторконун жаят. “Бул күнү бири-бирибизге жакшы каалоо-тилектерибизди айтабыз. Дасторконго коюлгандын баарын боорсок-нанымды жакыш тилек менен жейбиз”,-дейт ал.

Нооруз табиятынан дыйканчылык майрамы. Андыктан эзелтен келаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго 7 түрлүү даам: алма, көк чөп, дан азыктары, чычырканактын ашы, чеснок, нан, сумах даамы ден-соолук үчүн коюла турган.

Бул майрамдын өзгөрүүсүз келаткан дагы бир символу – өнгөн буудай. Өнгөн буудайды бир катар эл жаңырган жашоонун белгиси катары жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачмакка коюшат.

Бирок, кыргыздар Нооруздун мындай эзелки дасторкон жайуу салтын өз жашоо шартына ылайык өзгөртүп алган. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова бул күнү адаттагы эле эт кошулган кыргыз даамдарын даярдайт: “Эми бул күнү боорсок сөзсүз болот. Анан, эми мен адатта иште болом да… Бирок, баягы кыргыздын бешмармагы болобу, палоосу, же оромосу болобу, колумун келишинче жасайм. Жашылча-жемиш, таттуу болсо кудайга шүгүр базарда бар. Кандай болсо да дасторкондун жайнап турганы жакшы эмеспи”,-дейт ал.

Ноорузга байланыштуу ырым-жырымда деги эле көп. Мындай ырым-жырымдарды улуу ойчулдар Беруни, Махмуд Кашгари менен Омор Хайамдын саптарынан кездештирүүгө болот.

Алсак, Берунинин байыркы бакшылардан жазып алганы бар. Анын биринде,

“Нооруз күнү таң алды менен үч кашык бал жеп, шам жакса оорудан куткарат” деп жазылса, экинчи жазма “Нооруз күнү таңкы намаздын алдында кичине кант жеп, олива майы менен сүйкөнүп алса, жыл бою адам сак жүрөт” дейт.

Фарсы булактарындагы ырымдар көбүнесе денди соо сактоого прагматикалык көрсөтмө болсо, кыргыз ритуалдарында аруу тилекти улуу сөз аркылуу жеткирүү байкалат. Кыргыз эл артисти, Балбай Алагушев Нооруз күнү берилчү байыркы кыргыз баталарынын айтып берди:

“Арыба, Нооруз!
Келе бер, Нооруз!
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!
Талаабызга ак нан берсин!
Алдыбыздан ак дасторкон,
Башыбыздан бак-дөөлөт,
Ырыс-кешик, ынтымак,
Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!”

Балбай Алагушев Ноорузда айтылчу кыргыздын бата сөзүн улады:

“Кыргыздар Нооруз күнүн Улустун күнү деп:
Улусуң оң болсун,
Ак мол болсун,
Улус күн бакты алып келсин,
Төрт түлүк малды алып келсин
Улус күн береке берсин!
Балаа, жалаа жерге кирсин!
Күлүгүң миништүү болсун!
Көңүлүң улустуу болсун!
Пейилиң жугуштуу болсун!
Ар бир нерсени азыр берсин!
Кеткениңди келтирсин!
Кемтигиңди толтурсун!
Бак-дөөлөттү кудайым,
Насип этип болтурсун
Оомийийн”,- деп ак бата берилген экен деди.

Нооруздун дагы бир симолу — от. Байыркы грек тарыхчысы Страбон “Эң байыркы мезгилден тартып ушу күнгө чейин азыркы Сыр-Дарыя менен Амур Дарыясын жээктеп жашаган эл бул күнү От сактаган касиеттүү жайга чогулушчу. Бул күнү соодагерлер базарын жаап, усталар ишин токтотуп, бири-бирине отко жасалган тамак, суусундук берип чер жазышат”,-деп жазган.

Азыр өздөрүн мусулман катары тааныган кыргыздардын жашоосунда зороастризм доорунан бери келаткан отко таазим кылуу, отту – ыйык от деп атоо, шам жагуу, арча түтөтүп аластоо Ноорузда эле эмес күнүмдүк жашоосунда деле байкоого болот.

Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.

Сагын Алаева, «ВВС»нин Кыргыз кызматы, 21.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий